Башкы редактор
Том 4 № 4 (2025): Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
Боордун альвеолярдык эхинококкозу менен ооруган бейтаптардага операцияга чейинки мөөнөтө 3D моделдөө менен КТ-волюметрияны колдонуу
АннотацияБоордун альвеолярдык эхинококкозу-инфильтративдүү өсүү мүнөзүнө ээ болгон өнөкөт
паразитардык оорусу, ал боор паренхимасынын прогрессиялык бузулушуна, ошондой эле кан тамырдык жана өт жолдорунун жабыркашына алып келет. Оорунун узакка созулган жүрүшүндө боордун жалпы көлөмүнүн компенсатордук чоңоюшу байкалат, бул резектабилдүүлүктү баалоодо жана хирургиялык тактиканы аныктоодо маанилүү диагностикалык көрсөткүч болуп саналат. Операцияга чейинки пландаштырууда негизги параметрлердин бири – операциядан кийин калуучу боор көлөмү, ал боордун морфологиялык резервин чагылдырып, операциядан кийинки боор жетишсиздигинин пайда болуусунун коркунучун алдын ала баалоого мүмкүндүк берет. Изилдөөнүн максаты – боордун альвеолярдык эхинококкозу менен ооруган бейтаптарда компьютердик томографияга негизделген волюметриянын жана виртуалдык резекциянын операцияга чейинки пландаштыруудагы диагностикалык маанисин аныктоо. Изилдөөгө 2023-2025-жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы медициналык борборлордо текшерүүдөн өткөн, диагнозу тастыкталган 59 бейтап киргизилди. Бардык бейтаптарга контрасттык күчөтүү менен мультиспиралдык компьютердик томография жүргүзүлүп, алынган маалыматтар LiverAnalysis+ программалык комплекси аркылуу иштелип чыкты. Боордун жалпы көлөмү, жабыркаган ткандардын көлөмү, болжолдуу резекция көлөмү жана операциядан кийин калуучу боор көлөмү эсептелди. Операция жасалбаган бейтаптарда боордун орточо жалпы көлөмү 2008 см³ түзүп, оорунун узакка созулган өнүгүүсүнө мүнөздүү компенсатордук гипертрофияны чагылдырды. Мурда хирургиялык кийлигишүү жасалган бейтаптарда бул көрсөткүч төмөн болуп, орточо 1635 см³ түздү. Операция жасалбаган топто келечектеги калуучу боордун орточо көлөмү 1162 см³ (57,9 %), ал эми операция өткөн бейтаптарда 774 см³ (49,7 %) болду. Операция өткөн бейтаптардын үчтөн биринде келечектеги калуучу боор көлөмү критикалык деңгээлден (<30-40 %) төмөн болуп, операциядан кийинки боор жетишсиздигинин пайда болуусунун жогорку коркунучун көрсөттү. Алынган жыйынтыктар
компьютердик томографиялык волюметрия жана виртуалдык резекция боордун альвеолярдык эхинококкозун хирургиялык дарылоону пландаштырууда хирургиялык коркунучтарды баалоонун маанилүү жана милдеттүү куралы экенин тастыктайт

