Том 3 № 3 (2025): ЕВРАЗИЯЛЫК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖУРНАЛЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2025-11-25

Бардык чыгарылыштар

ОНКОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ХОЛАНГИОКАРЦИНОМА (АДАБИЯТКА СЕРЕП)

    Н.Ю. Алимжонов, А.К. Кенешбеков
    155-165 0
    Аннотация

    Холангиокарцинома боор жана өт жолдорунун эң агрессивдүү залалдуу шишиктеринин бири болуп саналат, прогнозу начар жана өлүмдүүлүгү жогору. Бул адабий обзордун максаты – холангиокарцинома боюнча азыркы учурга чейинки эпидемиологиялык маалыматтарды, тобокелдик факторлорун, клиникалык белгилерин, диагностика ыкмаларын жана хирургиялык дарылоону талдап, негизги көйгөйлөрдү жана келечектүү изилдөө багыттарын аныктоо. Маалымат изилдөөсү PubMed базасында жүргүзүлдү. 2018–2025- жылдар аралыгында жарыяланган, негизинен рецензияланган макалалар каралды. Тандоо критерийлери клиникалык же эксперименттик маалыматтардын болушу, методологиялык жана статистикалык ишенимдүүлүк, англис же орус тилдеринде жеткиликтүүлүк болду. Обзорго оригиналдуу изилдөөлөр, метаанализдер, системалуу обзорлор, клиникалык сунуштар жана клиникалык учурлар киргизилди. Молекулярдык биологиянын, визуалдык технологиялардын жана хирургиялык ыкмаларынын өнүгүшүнө карабастан, холангиокарциноманы эрте стадиясында аныктоо кыйын бойдон калууда. Бул радикалдуу дарылоонун мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектейт. Азыркы учурда хирургиялык резекция жана андан кийинки адъюванттык терапия гана узак мөөнөттүү жашоону камсыздай алат. Бирок радикалдуу операциядан кийин да рецидивдердин көрсөткүчү жогору бойдон калууда, жалпы жашоо узактыгы канааттандырарлык эмес. Заманбап изилдөөлөр эрте диагностика үчүн жаңы биомаркерлерди аныктоого, операцияга чейинки резектабелдүүлүктү тактоого жана системалуу терапиянын персоналдашкан схемаларын иштеп чыгууга багытталган. Айрыкча таргеттик терапия жана иммуннотерапия онкологиялык натыйжаларды жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн ачууда. Жыйынтыктап айтканда, холангиокарциноманын канцерогенезинин молекулярдык механизмдерин терең изилдөө, жаңы диагностикалык жана терапевтик ыкмаларды интеграциялоо, ошондой эле көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү бул ооруну дарылоонун натыйжалуулугун жана прогнозун жакшыртуунун негизги шарттары болуп саналат. 

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АЛЫСТАН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖААТЫНДА КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)

    А.А. Ашырбаев
    23-30 0
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты: алыскы медициналык кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын аныктоо.

    Изилдөөнүн максаттары: дүйнө жүзү боюнча алыскы медициналык чөйрөлөрдө иштөөгө медициналык адистерди даярдоонун заманбап ыкмаларын аныктоо жана Кыргыз Республикасында медициналык адистерди алыскы медициналык чөйрөдө иштөөгө даярдоонун заманбап жолдорун аныктоо.
    Материалдар жана методдор. Изилдөө бул тема боюнча атайын адабияттарды талдоо камтылган. Изилдөө ыкмаларына хронологиялык, баяндоочу жана аналитикалык ыкмалар кирген.
    Натыйжалар. Россия Федерациясында медициналык адистерди алыскы медициналык тейлөө үчүн даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү программалары ишке ашырылууда, виртуалдык реалдуулук жана телемедицина ыкмалары кеңири колдонулат. Учурда Кыргыз Республикасында медициналык адистерди алыскы медициналык тейлөө үчүн даярдоо боюнча өзүнчө программа жок. Алыскы ондуруштук участоктордо иштеген врачтар Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун тез жардам керсетуу боюнча типтуу курсун бутушет.
    Корутунду. Дистанттык саламаттыкты сактоо учурда саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселе болуп саналат. Эмгекке жарамдуу калктын саламаттыгын чыңдоо жана сактоо мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Бул максатка жетишууде медицина кызматкерлеринин ролу чоц. Ошондуктан, Кыргыз Республикасында алыскы саламаттыкты сактоо үчүн медициналык адистерди даярдоо системасын өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди.