Том 3 № 3 (2021): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-02-14

Бардык чыгарылыштар

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • ООЗ КӨҢДӨЙҮНYН МИКРОБИОТУНДАГЫ ЛОКУСУ

    Д.А. Адамбеков, Б.Д. Хамзаев, А.Д. Адамбекова
    10-19 134
    Аннотация

    Анотация. Ооз көңдөйүнүн микробиоту адамдын эн, маанилүү бөлүгү болуп саналат жана бир нече жүздөн бир нече минге чейин ар кандай түрлөрдү камтыйт. Адамдын ооз көңдөйүнүн микроб чөйрөсүн изилдөө, микрооргаизмдердин түрлөрүн, курамын сүрөттөө саналат жана микроорганизмдердин зат алмашуу процесстеринин астында келип чыккан жалпы адам организминин тийгизген патологиялык терс таасири эсептелинет. Бул макалада ооздун кадимки микрофлорасынын сүрөттөмөсү келтирилген жана HOMD программасынын маалымматтары, ошондой эле шилекейдин микробдор үчүн азык берүүчү чөйрө катары кыскача сүрөттөлгөн.

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • БИЙИК ТООЛУУ АЙМАКТЫН ЖАШООЧУЛАРЫНДА ООРУТПАГАН ИШЕМИЯНЫН ПАЙДА БОЛУШУНДАГЫ ГЕНДЕРДИК АЙЫРМАЧЫЛЫКТАРЫ

    К.Ш. Машалаева, И.А. Бейшеналиев
    21-29 115
    Аннотация

    Корутунду. БИМ Ата Мекендик жана чет элдик кардиологдордун клиникалык изилдөөлөрү боюнча жүрөктүн ишемиялык ооруларынын начарлашын божомолдойт. БИМ оорусу менен оруган оорулуулар жогорку коркунучта турган топко киришет, ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары менен оруган адамдардын оорусун күчөтөт. А.И. М артынов жана авторлор (1995) кергезгендей БИМ менен ооруган  адамдардын капыстан өлүмү 5-6же көбүрөөк, миокард инфаркты менен өнөкөт жүрөк кетишсиздиги- 1,5 эсе, көбүнчө реваскулиризацияны кысуу талап кылынат же хирургиялык кийлигишүүнү талап кылынат.Кээ бир изилдөөгүлөр “дудук”ишемияны божомолдун начар белгисине киргизишет, анткени анын болуму туруксуз стенокардиянын, миокард инфарктынын жана күтүлбөгөн өлүмгө дуушар кылат. Себеби “дудук” ишемия көп учурда билинбейт. 

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БИЙИК ТООЛУУ ЖАНА БӨКСӨ ТООЛУУ ЖЕРДЕ ЖАШАГАН, ӨТТYН ТАШ ООРУСУ МЕНЕН ООРУГАН АДАМДАРДАГЫ ЖАРААТ ПРОЦЕССИНИН ЖYРYШY

    М.Н. Макеева, Т.Б. Оморов
    30-34 122
    Аннотация

    Корутунду. Иштин максаты - мурда бийик тоолуу шарттарда жашаган жана Бишкек шаарында (бөксө тоо) операция кылынган оорулууларда жана туруктуу бексе тоолуу аймакта жашаган бейтаптарда жараат процессинин жүрүшүнүн жыйынтыктарын берүү. Өнөкөт өт баштыгынын сезгениши (холецистит) менен оордошкон, өт таш оорусуна байланыштуу операция кылынган, бийик тоолуу жерде жашаган 27 оорулуудагы жана бексе тоолуу аймакта жашаган 26 оорулууда изилдөөлөрдун жыйынтыктары берилди. Жыйынтыктарды баалоо операциялык жарааттын клиникалык жана эхоморфометрикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлдү. Изилдөө операциядан кийин 1, 3 жана 5-суткада аткарылган. Жараат процессинин оордошуусу байкоого алынган бийик тоолуу шартта жашаган 27 оорулуунун ичинен 6 адамда, бөксө тоолуу аймакта жашаган 26 адамдын ичинен экөөндө белгиленген. 

  • ИЧКЕ ИЧЕГИ ТОСКООЛДУКТАРЫНДА ГАСТРОГРАФИНДИН КОЛДОНУЛУШУ

    А.А. Сопуев, М.К. Ормонов, О.А. Умурзаков, К.Е. Овчаренко, А.К. Мамбетов, З.К. Кудайбердиев, К.Н. Мамытов
    35-47 542
    Аннотация

    Максаты: Консервативдүү дарылоодон ийгиликсиз өткөндөн кийин, ичеги-карындын жабышчаак тоскоолдуктарын дарылоодо Гастрографиндин терапиялык маанисин баалоо.
    Кыскача маалыматтардын жыйындысы: Гастрографин-сууда ээрүүчү гиперосмолярдык контрасттык зат. Хирургиялык кийлигишүү талап кылынганда анын дарт аныктоо маанисинен тышкары, балким, бул контраст затынын ичке ичегинин жабышуусунда терапиялык ролу да бар.
    Критерийлер: Ичке ичегинин странуляциясына шектенYY болбогондо, жабышчаак ичеги тоскоолдугунун клиникалык керүнүштөрү бар бейтаптар консервативдүү дарылоодон өтүшкөн. Он, таасири бар бейтаптарда консервативдүү дарылоо алгачкы 48 саатта улантылган. Биринчи 48 саатта клиникалык же рентгенологиялык жакшыруу байкалбаган башка бейтаптар, Гастрофрафинди колдонууга же хирургиялык кийлигишүүгө рандомизацияланган. Гастрографиндин жоон ичегиде 24 сааттын ичинде пайда болушу ичегидеги тоскоолдук катары каралып, консервативдүү дарылоо улантылган. 24 сааттын ичинде контраст жоон ичегиге жетпеген бейтаптарда ичегинин толук тоскоолдугу бар деп эсептелип, хирургиялык дарылоодон өткөн. Эгерде Гастрографин менен консервативдүү дарылоо же ансыз дарылоо 48 сааттан ашык ийгиликсиз болсо, операция жасалган.
    Алынган натыйжалар. Изилдөөгө 84 бейтап катышкан. Гастрографинди изилдөө тобуна 13 бейтап туура келди, ал эми хирургиялык дарылоо тобуна - 11 бейтап. Гастрографин алган 13 бейтаптын 10унда ичеги тоскоолдугуоперациясыз чечилген. Гастрографинди колдонуу хирургиялык кийлигишуу муктаждыгын кыйла төмөндөткөн (76,9%га). Гастрографиндин ичеги тоскоолдугунда дайындалышы консервативдүү дарылоонун натыйжасыздыгынан кийин деле коопсуз болгон. Ичеги тоскоолдуктарынын толук чечилиши гастрографинди алгандан кийин орточо 41 ,0 ± 3,5 сааттан кийин болгон.
    Жыйынтык. Гастрографин ичке ичеги тоскоолдугу үчүн колдонуу коопсуз жана консервативдүү дарылоо ийгиликсиз болгон учурда хирургиялык кийлигишуу зарылдыгын азайтат. 

  • УЛГАЙГАН КУРАКТАГЫ АДАМДАРДА КУРЧ ХОЛЕЦИСТИТТИ ДИАГНОСТИКАЛОО ЖӨНҮНДӨ МАСЕЛЕГЕ КОШУМЧА

    А.А. Сопуев, С.А. Бакиров, М.М. Бигишиев, С.А. Турдалиев, К.Е. Овчаренко, Н.О. Талипов
    48-59 118
    Аннотация

    Корутунду. Бул изилдөөнүн максаты курч холецистити диагнозу коюлган улгайган жана жаш курактагы оорулуулардын клиникалык-диагностикалык белгилерин салыштырып баалоо болду.
    Материалдар жана ыкмалар. Бул изилдөөгө 2019-жылдары оң кабыргасынын асты оору кечиктирилгис хирургия бөлүмдөрүнө жаткырылган 426 пациент кирди. Пациенттердин ретроспективдик белгилери чогултулгандан кийин жаштарына ылайык топторго бөлүндү: <65 жана >65 жаш. Курч холецистит диагнозу ультрадобуш изилдөөсүнүн негизинде коюлду.
    Алынган жыйынтыктар. Курч холецистит диагнозу I топтогу 301 пациенттин 52 сине жана II топтогу 125 пациенттин 48 ине коюлду. Курч холецистит менен аялдар менен эркектердин катышы I топто 2,25 жана II топто 0,71 болду (р = 0,016). I жана II топтордо курч холецистит менен пациенттерде лейкоциттердин орточо саны, ылайыгына жараша 9907х109/л (± 4,437) жана 17083х109/л (± 7485), болду (р <0,001).
    Жыйынтыктар. Курч холецистит - оңкабыргасынын асты ооруган улгайган пациенттердин көп коюлган диагнозу. Бул аялдарда жаш убагында кеп кездешет, бирок гендердик айырмачылык жаш өткөн сайын өзгөрүп турат. Курч холецистит менен ооруган улгайган пациенттерде жаш пациенттерге караганда лейкоциттин жогорку деңгээли кеп кездешет. Клиницистер курсактын жогорку оң бөлүгү ооруган гериатриялык пациенттердии баалоодо белгилүү билим деңгээлине ээ болуш керек.

  • БАШ СӨӨК-МЭЭ ЖАРАКАТЫ УЧУРУНДАГЫ НЕЙРООФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДYН НАТЫЙЖАЛАРЫНЫН ДИАГНОСТИКАЛЫК ЖАНА ПРОГНОСТИКАЛЫК МААНИСИ

    А.А. Токтобаева, Г.А. Файзуллаева, У.А. Шамуратов
    60-71 109
    Аннотация

    Корутунду. Баш сөөк-мээ жарааты жарандардын эң активдүү бөлүгүн жабыркатат. Көз патологиясы баш сөөк-мээ жараатынын көбүнесе татаалдануусу болуп саналат. Көз симптоматикасын баш сөөк-мээ жараатынын өткөөл мезгилинде аныктоо маселеси чечилбей келет.
    Иштин максаты: Баш сөөк-мээ жараатынын өткөөл мезгилинде кез патологиясын изилдөө жана патогенентикалык дарылоо амалдарын иштеп чыгуу аркылуу көз нервинин атрофиясынын алдын алуу.
    Изилдөөнүн материалы жана методдору: Жеңил баш-мээ жараатын алган 110 оорулуу. Жапа чеккендердин жаш курактары 17 ден 82 жашка чейин камтыган. Эркектер 77 адам (77,0% ),аялдар 23 (23,0%).
    Жыйынтыктар: Көрүү талаасынын ченемдүү чек аралары ажыратылган жеңил баш сөөк-мээ жараатында 84,4% да, ал эми айкалышкан жеңил баш сөөк-мээ жараатында 69,1% да аныкталган. Церебралдык жана орбиталдык гемодинамиканын изилдөөлөрү 
    жеңил баш сөөк-мээ жараатынан жапа чеккендерде резистенттүүлүктүн анык (р<0,05)
    көбөйүүсү айрыкча оптикалык нейропатиялуу пациенттердин тобунда каттала тургандыгын көрсөттү.
    Корутунду: Баш сөөк-мээ жараатынын өткөөл мезгилинде оптикалык нейропатия 19,6% учурда аныкталган, көз нервинин сенек дисктеринин өөрчүү жыштыгы 9,8% и көз торчосунун ангиопатиясы 25,5% учурда байкалган. Мээнин жана көздүн гемодинамикасын изилдөөлөр жабыркагандарда резистенттүүлүк индексинин ишенимдүү (р<0,05) жогорулашы өзгөчө оптикалык нейропатиясы бар бейтаптарда
    катталгандыгын көрсөттү.

АКУШЕРДИК ЖАНА ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • УБАГЫНА ЖЕТПЕЙ ЖАНА УБАГЫНА ЖЕТИП ТӨРӨЛГӨН ЫМЫРКАЙЛАРДЫН НЕОНАТАЛДЫК ПАТОЛОГИЯЛЫК САРЫ ООРУ МЕНЕН ООРУШУНУН КЛИНИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛYКТӨРY

    С.В. Зейвальд
    72-80 218
    Аннотация

    Биздин изилдөөбүздүн максаты, узакка созулган неонаталдуу патологиялык сары оорулардын структуралык түзүлүшүн жана клиникалык өзгөчөлүктөрүн изилдөө эле. Изилдөөнүн обьектиси, патологиялык гипербилирубинемия менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар: убактысынан эрте төрөлгөн (198 бала) жана убактысына жетип төрөлгөн (205 бала) болду. Сары оорунун клиникалык өтүүсү, оордугу Крамер, АГБО жана Глазго шкалалары боюнча билирубин көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү менен бааланды. Анализдерден кийин, узакка созулган патологиялык неонаталдык сары оорунун структуралык түзүлүшүндө аралаш генездин гипербилирубини, көп учурларда ВУИ менен айкалышуусунда басымдуулук кылаары көрсөтүлдү. Убактысынан эрте төрөлгөн ымыркайларда эрте, убактысына жетип төрөлгөн балдарда оорунун кечиктирилген диагностикасы байкалууда. Убактысынан эртерээк төрөлгөн ымыркайлардын оорусу ооруураак eтYШYн, оорулуулардын клиникалык- лабораториялык абалдарынын баалоолору тастыктайт. Бирок убактысына жетип төрөлгөн ымыркайлардын кечеңдетилген диагностикасы госпитализация учурунда гипербилируминемиянын жогору экендигин аныктоодо.

  • АРТЕРИАЛЫК ГИПОТОНИЯ ФОНУНДА БИЙИК ТООЛУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДАН ТӨРӨЛГӨН ТYЙYЛДYКТYН ЖАНА ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛYКТӨРY

    А.И. Субанова
    81-88 104
    Аннотация

    Корутунду. Артериялык гипотония менен ооруган аялдарга, Ош шаарынын эки башка климаттык региондорунда жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун бийик тоолуу аймактарында жашаган аялдардан төрөлгөн түйүлдүктүн патологиялык абалынын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында изилдөө жүргүзүлдү. Артериялык гипотензиядан улам пайда болгон кош бойлуулуктун татаалдашуусунун патогенезинде кош бойлуу аялдын организминдеги системалуу гемодинамикалык өзгөрүүлөргө алып келген кан тамырлардын бузулушуна жана микроциркуляциянын бузулушуна негизги орун берилет. Тоолуу аймактарда артериялык гипотензия жана экзогендик гипоксия эне плацента-түйүлдүк-жаңы төрөлгөн системасына таасир этип, эненин дем алуу, кан айлануу жана кан түзүүчү органдарына жүктү көбөйтүп, ошондой эле плацентардык функциянын начарлашына алып келери аныкталды.

  • ЖАҢЫ ТААЖЫ ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯСЫНЫН ПАНДЕМИЯСЫ ШАРТЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН АЛЛЕРГИЯЛЫК ДАРТТАРЫ

    Ш.А. Сулайманов, Ж.К. Муратова
    92-105 208
    Аннотация

    Аннотациясы . SARS-CoV-2 вирусун анкелип чыккан коронавирустук инфекция - COVID-19 (CoronaVirusDisease - коронавирустук оору - 2019), бүткүл адамзат үчүн чыныгы кырсык болуп калды. Бүгүнкү күндө бул дартты аныктоо, айыктыруу, алдыналуу, анын ичинде инфекцияга каршы эмдөө маселелери актуалдуу болуп турат. Ошондой эле, кишинин ар кандай иммунологиялык реактивдүүлүгүнүн фонунда COVID-19 инфекциясынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн, дарт үчүн коркунучтуу факторлорду аныктоо маанилүү. Аллергиялык жана жугуштуу оорулардын коштошуусу иммундук жооптун жалпы гуморалдык жана клеткалык механизмдерине негизделген. Аллергиялык оорулардын өнүгүшүнө көбүнчө таасир этүүчүлөргө кызамык, чечеквирустары, грипп, парагрипп, риновирустар, энтеровирустар, респиратордук синцитиалдык вирустар, коронавирустар жана башкалар кирет. Аллергия менен жабыркаган бейтаптардын көпчүлүгү курчреспиратордук вирустук инфекцияларга чалдыгышат. COVID-19 0,39-12,3% балдарда кездешет. Балдар бул дарт менен чоцдорго караганда жеңилирээк оорушат жана аларда өлүмдүн деңгээли төмөн. Ошол эле учурда, өнөкөт оорулары бар бейтаптарга жетиштүү колдоо көрсөтүү жөнүндө унутпашыбыз керек, алардын арасында аллергиялык оорулар менен ооруган балдар да бар. Пандемия менен байланышкан вирустар жана профилактикалык гигиеналык чаралар көбүнчө бронхиалдык астманын жана атопиялык дерматиттин күчөшүнө түрткү берет. Эл аралык ассоциациялар жана коомдор COVID-19 пандемиясы учурунда аллергиясы бар балдарды медициналык жактан тейлее максатында керсетмелердY иштеп чыгышты. Бронхиалдык астмага каршы ингаляциялык глюкокортикостероиддер (ИГКС) SARS-CoV-2 вирусунун негизги максаттуу рецепторлорунун гендеринин экспрессиясын төмөндөтөт. Астмага каршы сезгенүүгө каршы дарылоо, биринчи кезекте ИГКС, астманы контролдоого жетишкенге чейин улантылышы керек. Мындай кадам COVID-19 инфекциясынын коркунучун азайтууга жардам берет. 

  • МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРYY МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН КҮН ТАРТИБИН ГИГИЕНАЛЫК БААЛОО

    Ж.А. Аманова, Р.М. Атамбаева
    105-111 143
    Аннотация

    Корутунду: Мектепке чейинки курактагы балдардын ден-соолугунун абалын изилдөө буга чейин жана азыркы учурда да актуалдуу бойдон калууда, анткени ушул мезгилде баланын организминин үсүшүнүн жана өнүгүүсүнүн интенсивдүү процесстери жүрөт, жана балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн биологиялык жана функционалдык жактан жетилүүсү жүрөт. Буга байланыштуу, макалада акыркы жылдардын аралыгындагы (2005-2020) кунумдук режимдин жана анын компоненттеринин гигиеналык маанисинин актуалдуу маселелери боюнча ата мекендик жана чет элдик адабияттардан алынган маалыматтар келтирилген - тактап айтканда:уйку, тамактануу, балдардын физикалык активдүүлүгү, билим берүү процесси ж.б. Жогоруда келтирилген адабий маалыматтардын талдоосу жана актуалдуу маселелердин структурасы, билим берүү уюмдарынын шарттарында мектепке чейинки курактагы балдардын ден-соолугуна жана физикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин көрсөтөт. Авторлор физикалык өнүгүүнүн жагымсыз динамикасын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде күнүмдүк режимдин жогорудагы айрым компоненттерин сактабагандыктан, балдардын ден-соолугунун абалындагы бузулууларды белгилешет.

ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • СОТТУК МЕДИЦИНАЛЫК МАТЕРИАЛДА COVID-19 -ДАН КАЗА БОЛГОНДОРДУН ӨПКӨСYНYН ПАТОМОРФОЛОГИЯСЫ (2020-жылдын март-декабрь аралыгы)

    А.Э. Турганбаев, А.Д. Ибраева, А.Б. Ибраимов, М.Ш. Мукашев, Ж .Т. Турганбаев, Б.Н. Айтмырзаев, Б. Токтосун у., Т. Омурбеков, Б.А. Асанов, Н.Ж. Абдыкасымова
    112-121 91
    Аннотация

    Корутунду. Макаланын максаты: дарылоо мекемелеринен тышкары тымызын болгон COVID-19 -дан каза болгондордун соттук медициналык изилдөөлөрүнөн болгон материалдардын негизинде жургузулген өпкөнүн патоморфологиялык өзгөрүлүштөрүн аныктоо. 2020 жылкы март-декабрь аралыгында Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун танаталогия бөлүмүндө изилденген 232 секциялык материал изилденди. Анын ичинде 89 (38%) учуру полимераз-чынжыр реакция анализы менен такталган, 53 (22,8%) аныкталбады, 90 учурда (38,8%) аныкталбаган бронхопневмония коюлду. Өлгөндөрдүн жашы 37 60 жана 60-тан ашкандар, эркектер-151 (65,1%), аялдар-81 (34,9%) учурду тузушту. Өпкөдөгү патоморфологиялык өзгөрүүлөр альвеолалардык диффуздук бузулушунун өсүшүнүн түрлүү фазаларына дал келери аныкталды. Экссудативдик фазасында суулануу, альвеолдук эпителийинын сыйрылышы, гиалин мембраналарынын жана тромбогеморрагиялык көрүнүштөрүнүн басымдуулугу аныкталды. Пролиферативдик фазасында альвеолаларда фибрин жана фибринге окшош заттардын чогулушу, альвеолалар арасындагы тосмочулардын калындашы, байлап кошучу ткандардын өсүшү көбүрөөк кезиккен. Боордо боор клеткаларын май басуу, миокардда- абдан коп суулануу (нымдашы).

  • COVID-19 ДАН КАЗА БОЛГОНДОРДУН ӨПКӨСYНYН ЖАНА ЖYРӨГYНYН МАКРОМОРФОЛОГИЯЛЫК СYРӨТТӨМӨСҮ (соттук-медициналык изилдөөнүн негизинде)

    М.Ш. Мукашев, А.Э. Турганбаев, Б.Н. Айтмырзаев, Б. Токтосун у., Б.А. Асанов, А.Б. Ибраева, А.Б. Ибраимов, Т. Омурбеков
    122-130 103
    Аннотация

    Корутунду. Макалада 2020 жылы март-декабрь аралыгында COVID-19 дан каза болгондорду соттук-медициналык изилдөөнүн негизинде болгон анализ берилген. Танатология бөлүмүндөгү 2020 жылы изилдөөдөн өткөн 1361 өлүктүн 232 си COVID-19 каза болгон. Эң, көп өлүм (149 учур) июль айында болгон (262 учурдун ичинен). 89 учур (38,4%) полимераз-чынжыр реакциясы менен тастыкталган, 52 учурда (22,8%) полимераз-чынжыр реакциясы менен тастыкталган эмес,аныкталбаган бронхопневмония (J 18.0)-90 учурда (38,8%) болду. Эркектердин арасында өлүм 61,1% да (151учур), аялдардын арасында 34,9 %-да (81учур) кезикти. Yйлөpүнөн  43,5% (101 учур), көчөдөн 9,9% (23 учур), убактылуу коломто жайынан 4 учур (1,7%) өлгөндөрдүн денеси моргко алып келинген.
    Орган-мишень-өпкө- макроскопически көргөндө көкүрөк көңдөйдү толугу менен жапкан, көлөмү чоңойгон, висцералдык плевра калыңданган, кара-көгүш өңдө, кол менен басканда өпкө жер-жеринде катууланган, жер-жеринде көпкөнсүп турат, салмагы 1400,0 жетет, кескенде өпкөнүн ткандары майда чекиттердей, жер-жеринде кошулушуп кара-кызыл түстөгү тегиз чектери менен кан куюлган жерлер, бронхиололорунун капталдары калынданган, ичинде кара-кызыл түстөгү тромбдор, өпкөнүн тканын басканда кан аралаш көбүк сыгылып чыгып атат.
    Миокард - кескенде, өнгөчө сол бөлүмүндө, сызыкчадай, тегеректей болгон бозомук өңдүү жерлердин фонунда кара-кызыл түстөгү кан куюлуулар. Жер-жерлерде бул кан куюлуулар кошулуп, тегиз кара-кызыл түстөгү аянтча болуп калган.

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ