Том 3 № 3 (2024): ЕВРАЗИЯЛЫК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖУРНАЛЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2024-09-25

Бардык чыгарылыштар

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КУРЧ КАЛЬКУЛЕЗДУУ ХОЛЕЦИСТИТ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫН ПЕРИОПЕРАЦИЯЛЫК БАЙКООДОГУ FAST TRACK SURGERY ЫНГАЙЛАШТЫРЫЛГАН КЛИНИКАЛЫК ПРОТОКОЛДУН ИШКЕ АШЫРУУСУН ТАЛДОО

    К.Ж. Ташиев
    15-20 50
    Аннотация

    Fast Track Surgery (хирургиялык тез жол) же ERAS (операциядан кийин тез калыбына келтирүү) - илимий далилденген медициналык дарылоо жана профилактикалык компоненттерди колдонууга негизделген хирургиялык бейтаптарды периоперациялык башкаруу үчүн заманбап мультимодалдык жана дисциплинардык стратегия. Изилдөөнүн максаты: курч калькулездуу холецистит менен ооруган бейтаптарды операциядан кийинки башкарууда адаптацияланган Fast Track Surgery протоколунун клиникалык ишке ашырылышын талдоо. Изилдөө дизайны: бир борборлуу, келечектүү, рандомизацияланбаган. Бул макалада 109 курч калькулездуу холецистит менен ооруган бейтаптарды хирургиялык дарылоодо Fast Track Surgery клиникалык протоколунун компоненттерин ишке ашыруу талданат. Бардык изилденген бейтаптардын 27 (24,8%) эркектер, 82 (75,2%) аялдар.
    Бейтаптардын орточо жашы 47 жаш (25-65) болгон. Бардык бейтаптар холецистэктомия ыкмасына жараша 2 топко бөлүнгөн. Биринчи топко лапароскопиялык холецистэктомия жасалган 56 (51,4%) бейтап кирген. Экинчи топту кичине кесүү жолу менен холецистэктомия жасалган 53 (48,6%) бейтап түзгөн. Эки топтогу бейтаптар жынысы жана жашы боюнча салыштырылган. 16 компонент ыңгайлаштырылган жана иштелип чыккан Fast Track Surgery протоколуна киргизилген. Талдоо Fast Track Surgery протоколун клиникалык ишке ашыруунун жогорку даражасын көрсөтөт, бул жеткиликтүү жана ишке ашырылуучу компоненттерди ыңгайлаштыруу жана тандоо менен шартталган.

  • ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ХОЛЕЦИСТЭКТОМИЯДАН КИЙИН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ООРУУ СИНДРОМУН АЛДЫН АЛУУ

    К.С. Ысмайылов, К.Ж. Ташиев, А.Ж. Рысбаева
    21-26 34
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты: лапароскопиялык холецистэктомиядан кийин пациенттерде операциядан кийинки оору синдромунун даражасы боюнча алдын алуучу анальгезия ыкмасынын эффективдүүлүгүн баалоо. Материал жана методдор: Бир борбордон турган рандомизацияланган келечектүү изилдөө жүргүзүлүп, ага курч калькулоздук холецистит менен ооруган 109 бейтап кирген. Бардык бейтаптар 2 топко бөлүндү: алдын ала анальгезиянын иштелип чыккан ыкмасы колдонулган негизги топ (n=56) жана алдын ала анальгезия жүргүзүлбөгөн контролдук топ (n=53). Операциядан кийинки оору синдромунун интенсивдүүлүгү операциядан кийин 2, 6, 12, 24, 36 жана 48 сааттарда катталган.
    Жыйынтыктары жана талкуулоо. Операциядан кийинки оору синдрому алдын ала анальгезия колдонулган группада олуттуу (p<0,001) минималдуу болгон. Бардык топтордо операциядан кийин 12 сааттан кийин операциядан кийинки оору синдромунун олуттуу кыскарышы катталган. Ооруну изилдөө боюнча эл аралык ассоциация (International Association for the Study of Pain) лапароскопиялык холецистэктомиядан кийин 12 сааттын ичинде биринчи топто жетишилген ВАШ боюнча 3 ммден аз оору деңгээли үчүн хирургиялык операциядан кийин анальгезия даражасынын адекваттуулугун көрсөтөт. Экинчи топто, 3 мм кем ВАШ маанилери операциядан кийин 48 сааттан кийин жазылган. Корутундулар. Лапароскопиялык холецистэктомия учурунда интраоперациялык алдын алуучу анальгезиянын иштелип чыккан ыкмасы операциядан кийинки оору синдромунун даражасын ишенимдүү минимумга түшүрүүгө жана операциядан кийинки анальгезиянын жыштыгын төмөндөтүүгө жана опиоиддик анальгезиядан баш тартууга мүмкүндүк берет.

НЕЙРОХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • РЕЗУЛЬТАТЫ ХИРУРГИЧЕСКОГО ЛЕЧЕНИЯ ДЕТЕЙ СО СПИНАЛЬНЫМИ ДИЗРАФИЯМИ

    Ж.М. Арзикулов, М.М. Ахмедиев, У.М. Давлетярова, Т.М. Ахмедиев
    27-32 31
    Аннотация

    Цель исследования: изучить результаты хирургического лечения и качество жизни детей с врожденными спинномозговыми грыжами.
    Материал и методы. В исследовании были изучены результаты лечения 191 пациента с врожденными спинномозговыми грыжами. Для оценки качества жизни детей использовались неспецифическая шкала Lansky и новая разработанная шкала "Оценка качества жизни детей со спинномозговыми грыжами", которая позволила объективно оценить результаты лечения. Наличие гидроцефалии у больных со спинномозговой грыжей усугубляло клиническую картину заболевания, выражаясь в нарастающей неврологической симптоматике, отставании в психомоторном и физическом развитии.
    Результаты. Применение алгоритма диагностики и лечения также привело к улучшению результатов хирургического лечения, что выразилось в регрессе неврологического дефицита и повышении качества жизни пациентов. Разработанный алгоритм ведения больных со спинномозговыми грыжами позволил дифференцировать подход к хирургическому лечению, и как следствие, улучшить результаты лечения и качество жизни больных. Выбор метода и этапов хирургического лечения при сочетанных аномалиях нервной трубки достоверно улучшал результаты хирургического лечения в виде регресса неврологического дефицита и улучшения качества жизни.
    Выводы. Объективным методом количественной оценки качества жизни до операции и в послеоперационном периоде является шкала, разработанная нами, которая помогает оценить результаты лечения. Применение алгоритма диагностики и лечения привело к улучшению результатов хирургического лечения, проявившемуся в регрессе неврологического дефицита и повышении качества жизни пациентов.

  • ООР БАШ МЭЭ ЖАРАКАТЫНДАГЫ ДЕКОМПРЕССИЯЛЫК ТРЕПАНАЦИЯНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    А.Т. Бакасов, Б.К. Ырысов, А.Б. Идирисов, О.М. Артыков
    33-41 25
    Аннотация

    Изилдөө максаты: декомпрессиялык трепанацияны өөрчүтүү жана оптималдык техникасын тактоо, аны колдонуунун дифференциялык көрсөтмөлөрүн негиздөө жана операциядан кийинки динамиканы изилдөө жолу менен оор баш-сөөк мээ жаракатынан жабыркаган беййтаптарды дарылоо натыйжаларын жакшыртуу.
    Изилдөө материалы жана ыкмалары. Баш мээнин оор жарааттык кысылуусунан жабыркаган 170 бейтаптардын (эркектер - 89, аялдар - 18) дарылоо натыйжаларына сереп жасалган. Жабыркагандардын жаш курагы 16 дан 84 жашка чейин. Бейтаптардын орточо курагы 42,78±5,8 жашты түздү. Декомпрессивдик баш-сөөк трепанациясы бейтаптардын баардыгына жасалды.
    Изилдөөнүн натыйжалары. Алгачкы жолу Кыргыз Республикасында баш-сөөк ичиндеги гематомалары жана мээнин эзилүү очоктору бар бейтаптардагы декомпрессиялык трепанация ыкмасын колдонууга арналган проспективдүү рандомизацияланган изилдөө жүргүзүлгөн. Мээнин шишүүсү менен коштолгон оор баш мээ жаракатында декомпрессиялык трепанацияны колдонуунун көрсөтмөлөрү жана каршы көрсөтмөлөрү такталган. Декомпрессиялык трепанациядан кийин оор баш мээ жаракаты бар бейтаптарда жагымсыз акыбеттерге алып келүүчү тобокел факторлор аныкталган.

  • РАЗРАБОТКА ДИФФЕРЕНЦИРОВАННОЙ ХИРУРГИЧЕСКОЙ ТАКТИКИ ПРИ ЛЕЧЕНИИ ДЕГЕНЕРАТИВНОГО ЗАБОЛЕВАНИЯ ПОЯСНИЧНОГО ОТДЕЛА ПОЗВОНОЧНИКА У ПРОФЕССИОНАЛЬНЫХ СПОРТСМЕНОВ

    В.А. Бывальцев, А.А. Калинин, Ю.Я. Пестряков, М.А. Алиев
    42-49 19
    Аннотация

    Отсутствие объективно обоснованной стратегии лечения, которой мог бы руководствоваться спинальный хирург при лечении профессиональных спортсменов, побудило нас изучить опыт лечения таких пациентов. Цель: провести анализ результатов нейрохирургического лечения профессиональных спортсменов и имеющих дегенеративное заболевание поясничного отдела позвоночника, разработка клинико-инструментального алгоритма дифференцированной хирургической тактики.
    Материал и методы. Произведен анализ результатов нейрохирургического лечения 114 профессиональных спортсменов и имеющих дегенеративное заболевание поясничного отдела позвоночника, которым проведено: (1) микрохирургическая/ эндоскопическая дискэктомия (n=35); (2) PRP терапия дугоотростчатых суставов (ДС) (n=41); тотальная артропластика межпозвонковых дисков (МПД) (n=11); ригидные декомпрессивно-стабилизирующие
    вмешательства (n=27). Оценены послеоперационные клинические исходы и предоперационные инструментальные результаты.
    Результаты. Установлена корреляционная зависимость способа хирургического лечения с предоперационной клинической симптоматикой, выраженностью дегенеративных изменений в МПД и ДС, сроками возврата в спорт, отдаленным уровнем болевого синдрома, качеством жизни по SF-36 и степенью толерантности к физическим нагрузкам. Для оптимизации результатов оперативного лечения анализируемых пациентов разработан алгоритм планирования тактики нейрохирургического лечения, основанный на индивидуальных предоперационных неврологических проявлениях и морфологических изменениях в поясничных сегментах.
    Заключение. Применение персонифицированного способа нейрохирургического лечения в группе пациентов, профессионально занимающихся спортом, способно обеспечить: быстрое восстановление дооперационной спортивной активности, снизить риск формирования периоперационных осложнений, сократить финансовые затраты на непрофильное лечение.

  • БАШ-СӨӨК ИЧИНДЕГИ МЕНИНГИОМАЛАРДЫН АКЫБЕТТЕРИНИН ПРОГНОСТИКАЛЫК АСПЕКТИЛЕРИ

    А.Р. Дуйшобаев
    50-57 19
    Аннотация

    Менингиомалар көп учурда шишиктин жана резекциянын даражасына карата башка өзгөрүлмөлөрдөн ажыратылып стратификацияланат.
    Иштин максаты: демографиялык, клиникалык, рентгенологиялык жана патологиялык маалыматтарды интеграциялоо.
    Материал жана ыкмалар. Бир мекемеде 2013-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде менингиоманы алуу боюнча операцияга дуушар болгон 257 бейтаптын маалыматын камтыган ар тараптуу маалымат базасы иштелип чыккан. Байкоо медианасы 4,3 жылды түзгөн, резекция үлгүлөрү кайталанып заманбап диагностикалык критерийлерге жараша каралып, анын натыйжасында 128 Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) классификациясы боюнча II даражадагы менингиома менен 25 III даражадагы менингиома табылган. машиналык окутуунун алгоритмдик сериясы моделдерди түзүү үчүн алынган кайталоо тандоосунун жардамы менен иштелип чыккан, ал операцияга чейинки функциялар, операциядан кийинки функциялар же экөөнө тең негизделген.
    Натыйжалар. Маалыматтарда камтылган уникалдуу мааламатты жана ар кандай алгоритмдердин тактыгын салыштырдык. Демографиялык маалымат жана рентгенологиялык мүнөздөмөлөр сыяктуу операцияга чейинки маалымат менен чектелген машиналык окутуу моделдери менингиоманын резекция даражасына негизделген моделдердей өңдүү локалдык жетишпестик же жалпы жашап кетүү прогнозунун тактыгына ээ болгон. Демографиялык, клиникалык, рентгенологиялык жана патологиялык маалыматтарды камтыган интеграцияланган моделдер көбүрөөк тактыктагы баа берүүгө мүмкүндүк берди. Ушул моделдердин негизинде менингиомалары бар бейтаптардын локалдык жетишпестик же жалпы жашап кетүү тобокелине баа берүү үчүн чечимдер дарагын жана номограммаларды иштеп чыктык.
    Корутунду. Клиникалык маалымат тарыхый жактан караганда менингиомалардын акыбетин прогноздоо үчүн жетишсиз колдонулуп келген. Операцияга чейинки клиникалык маалыматтар негизиндеги прогностикалык моделдер менингиоманын резекция даражасы боюнча моделдер менен салыштырмалуу иштейт. Бардык жетиштүү маалыматтар айкалышы менингиомалары бар бейтаптарды так стратификациялоого жардам бериши мүмкүн.

  • ЭЛЕКТРОЭНЦЕФАЛОГРАФИЧЕСКИЕ АСПЕКТЫ ФУНКЦИОНАЛЬНОГО СОСТОЯНИЯ ГОЛОВНОГО МОЗГА ПРИ БОЛЕЗНИ МОЙЯ-МОЙЯ

    Е.К. Дюсембеков, А.Р. Халимов, Р.М. Кастей, К.А. Никатов, А.С. Жайлаубаева
    58-63 17
    Аннотация

    Болезнь Мойя-мойя относится к идиопатическим хроническим цереброваскулярным заболеваниям, и характеризуется прогрессирующим двусторонним стено-окклюзирующим поражением дистальных частей внутренних сонных (ВСА и/или проксимальных частей средних (СМА), передних (ПМА) и, реже, задних мозговых артерий (ЗМА), в сочетании с компенсаторным развитием базальной сети коллатералей. Наиболее  часто встречается ишемическая форма течения заболевания, которая может протекать по типу инсульта, преходящего неврологического дефицита (транзиторных ишемических атак, ТИА), хронической недостаточности церебрального кровообращения с возникновением дисциркуляторной энцефалопатии, пароксизмальной симптоматики. Геморрагическая форма заболевания встречается примерно в 30% случаев. Основная причина внутричерепных кровоизлияний – разрыв хрупких коллатеральных сосудов мойя-мойя и разрыв мешотчатых аневризм, образующихся на коллатеральных сосудах.
    Электроэнцефалография (ЭЭГ) обычно не используется как метод диагностики болезни Мойя-мойя. Однако он может сыграть относительную роль в дифференциальной диагностике ТИА-подобных симптомов на амбулаторном уровне и предотвратить развитие прогрессирующих нарушений мозгового кровообращения.

  • БАШ-СӨӨК КӨЗ ЧАНАГЫНЫН ЖАРАКАТЫНДАГЫ КӨЗ ЧАНАГЫНЫН ВИЗУАЛИЗАЦИЯСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ (АДАБИЯТКА СЕРЕП)

    А.А. Ибраимова, К.К. Джеембаев
    64-71 22
    Аннотация

    Көз чанагынын жаракатындагы диагностика рентгенологдор үчүн белгилүү кыйынчылыктарды жаратат, ал эми жаракат мээ жана баш сөөктүн жаракаты менен коштолсо, диагностика андан да оорураак болот. Баш-сөөк көз чанагынын жаракатында көпчүлүк учурда алдыңкы камеранын, хрусталиктин, көз алмасынын жаракататтары, көз торчосунун ажырап кетүүсү, көз чанакгынын ичиндеги бөтөн нерселер, каротиддик-каверноздук тешикчелер жана көрүү нервинин жабыркоолору учурайт. Унаа каражаттарынын кагылышуусу жана спорт менен байланышкан жаракаттар көз чанагынын кеңири тараган себептери болуп саналат. Тилекке жараша, бул эки себептин алдын алса болот. Көрсөтүлгөндөй, коопсуздук курлары көз жаракатарынын 50% көбүрөөк төмөндөтөт; коопсуздук жаздыктарын колдонуу андан көп төмөндөтөт. Профилактикалык чаралар спорт менен байланыштуу көз жаракаттарын бир кыйла кыскартууга алып келди. Мисалы, канадалык жаштар хоккейинде бет тосмолорун колдонуу көз жаракаттарын 68% азайтты. Тилекке каршы, мурдагыдай эле жаракат көз оорууларынын маанилүү себеби бойдон калууда. 1990-жылдагы эсептөөлөр боюнча Кошмо Штаттарындагы монокулярдык сокурдуктун 40% учуру жаракаттан улам болгон.

  • СОВРЕМЕННЫЕ АСПЕКТЫ КРАНИОПЛАСТИКИ

    С.Д. Карибай, А.Е. Кыдыров
    72-79 13
    Аннотация

    Исследование методов краниопластики началось еще в древние времена, согласно данным археологических исследований применение краниопластики датируется 7000 годом до нашей эры. Так, краниопластика применялась многими древними цивилизациями, включая инков, бриттов, азиатов, жителей Северной Африки и полинезийцев.
    Показаниями к краниопластике является защита подлежащей паренхимы головного мозга, так как отсутствие костного лоскута и деформация головного мозга в послеоперационном периоде могут привести к развитию посттрепанационного синдрома, включающего различные проявления такие как головную боль, возникновение судорожного синдрома, поведенческие расстройства, метеозависимость. Закрытие дефектов костей черепа путем реконструкции приводит к нормализации внутричерепного давления, восстанавливая ликворо- и гемодинамику, улучшает мозговой метаболизм. Краниопластика оказывает весомое влияние на качество жизни пациентов, помогая им в восстановлении социальной активности и помогая вернуться в трудовую деятельность.
    Авторы пришли к выводу, что данная проблема на сегодняшний день продолжает оставаться актуальной, несмотря на разработку новых методик и использование новых материалов для краниопластики, зафиксировали, что не существует общепринятых определённых алгоритмов и рекомендаций по выбору материалов и методик.

  • БЕЛ ОМУРТКАЛАР АРАЛЫК ДИСК ЧУРКУЛАРЫН ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА КЛИНИКАЛЫК-НЕВРОЛОГИЯЛЫК АСПЕКТИЛЕРИ

    Л.Х. Келиева, У.А. Каримов, А.А. Каныев, Б.К. Ырысов
    80-87 16
    Аннотация

    Акыркы мезгилде остеохондроздо жүрүүчү патогенездин, агымынын, жүлүндүн жана анын байлоо аппаратындагы биохимиялык өзгөрүүлөргө болгон изилдөөчүлөр менен практикалык дарыгерлердин көз карашында маанилүү динамика байкалууда. Бул диагностика арсеналында компьютердик томография (КТ) жана магниттик-резонанстык томографиянын (МРТ) пайда болуусу менен келген жаңы мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу. КТ жана МРТ практикага киргизилгенден бери маалыматтардын ишенимдүүлүгү 82 - 93% чейин жогорулады.
    Эмгектин максаты: клиникалык сүрөттөмө жана колдонулган изилдөө, дарылоо ыкмаларынын натыйжасын жакшыртуу жолу менен бел омуртка диск чуркусунан жапа чеккен бейтаптардын хирургиялык жол менен дарылоосун жана диагностиканын өркүндөтүү.
    Материал жана ыкмалар. Эмгек нейрохирургия бөлүмдөрүндө (оперативдик 97 (80,8%) жана консервативдик 23 (19,2) стационардык дарылоо алган бел омуртка чуркусунун кабылдоолорунан жапа чеккен 120 бейтаптын клиникалык, диагностикалык изилдөөнүн, хирургиялык дарылоо комплексинин маалыматтарын талдоону камтыйт.
    Натыйжалар. Жогорку маалыматтуу МРТ ыкмасын колдонуу аркылуу ооруу синдрому жана сезүү бузулуулары дисктин деңгээл санынан, омуртка каналында жайгашуусунан жана өлчөмүнөн көз каранды экендиги анкыталды. ооруу синдромунун жана сезүү бузулууларынын деңгээли пролапс болгон дисктердин санына байланышта болгон. Баса белгилей турганы, омуртка аралык дисктер канчалык көп дегенеративдик-дистрофиялык процесске кабылса, ооруу синдрому ошончолук күчтүү болуу мүмкүнчүлүгү бар.
    Корутунду. Бел омуртка дисктеринин дегенеративдик-дистрофиялык процесстерин ну аркылуу диагностикалоодо эң маалыматтуу болуп магниттик-резонанстык томография эсептелет, ал ыкма диск чуркулардын санын, жайгашуусун, өлчөмүн тактоого жардам берет. Бел омурткасындагы диск чуркулары бар бейтаптарды изилдөөдөгү оптималдык алгоритм нейрохирургиялык кийлигишүү жасоодон мурун чечим кабыл алууда бел омурткасынын рентгенографиясынан, жүлүндүн жана омуртка устунунун МРТсынан, жана көрсөтмө болсо магниттик-резонанстык миелографиядан турат.

  • РАЗРАБОТКА И АПРОБАЦИЯ ПЕРВОГО УЗБЕКСКОГО НЕЙРОЛИНГВИСТИЧЕСКОГО ПРОТОКОЛА ДЛЯ ОЦЕНКИ РЕЧЕВЫХ ФУНКЦИЙ

    Д.M. Мамадалиев, У.М. Асадуллаев, Г.M. Кариев, Ж.Б. Якубов, Д.Н. Ходжиметов, T.M. Ахмедиев
    88-97 18
    Аннотация

    Цель: освещение тестовой системы, оценивающую речевую деятельность пациентов с различными патологическими состояниями, включая опухоли головного мозга, расположенными в функционально важных центрах головного мозга, а именно в речевом центре, до, во время и в послеоперационном периоде.
    Материал и методы. Тест был апробирован на 25 здоровых лицах и с 2024 года также был протестирован на пациентах, перенесших хирургическое лечение глиом полушарий головного мозга доминантного полушария в отделении хирургии основании черепа.
    Результаты. Узбекский тест афазии успешно был апробирован у 25 здоровых лиц и был рекомендован к внедрению в клинико-неврологическую диагностическую практику в нейрохирургии и в неврологии.
    Вывод. Узбекский нейролингвистический тест служит удобным речевым протоколом для оценки речевой функции пациентов. Тест позволяет мониторировать речевую деятельность пациентов как до, так и интра/послеоперационном периоде, своевременно выявлять функциональный дефицит.

  • ГЕМОРРАГИЯЛЫК ИНСУЛЬТТУ ДАРЫЛООНУН ДИФФЕРЕНЦИЯЛЫК ЫКМАСЫ

    Г.Т. Мамражапова, М.Б. Ырысова, Н.У. Гайпов, А.А. Джамгырчиева
    98-107 21
    Аннотация

    Изилдөө максаты: мээ ичиндеги гематомаларды алууда залалсыз пункциялык ыкманы ѳркүндѳтүү жана оптималдык хирургиялык техниканы иштеп чыгуу, аларды колдонууда дифференцирленген кѳрсѳтмѳлѳрдү аныктоо жана операциядан кийинки динамиканы изилдѳѳ жолу аркылуу геморрагиялык инсультту дарылоонун натыйжаларын жакшыртуу.
    Изилдөө материалы жана ыкмалары. Геморрагиялык инсульттан жабыркаган 140 бейтаптарды (эркектер - 82, аялдар - 58) дарылоонун натыйжаларына жасалган серептик талдоо келтирилген.
    Изилдөөнүн натыйжалары. Жарааттык эмес супратенториалдык мээ ичиндеги кан куюлууларда лобардык жана латералдык жайгашууда кѳлѳмү 40 см3, ал эми аралаш түрүндѳ 30 см3 ден ашык болсо хирургиялык дарылоо кѳрсѳтүлгѳн. Мээ ичиндеги жарааттык эмес кан куюлууларды хирургиялык пункциондук ыкма менен алып салуу ѳркүндѳтүлүп, баш мээнин кан тамыр патологиясын дарылоодо перспективдүү багыт катары бааланган. Операциядан кийинки кайталануучу кан куюлуулардын жана дислокациялык бузулуулардын алдын алуу ыкмалары иштелип чыккан.

  • СУПРАТЕНТОРИЯЛЫК ИНСУЛТТУК МЭЭ ИЧИНДЕГИ ГЕМАТОМАЛАРДЫН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ӨЛҮМ КОРКУНУЧУНУН ШКАЛАСЫ

    М.М. Мамытов, А.А. Байматов, А.А. Акматалиев
    108-116 14
    Аннотация

    Документте 2019-жылдан 2023-жылга чейин 5 жыл аралыгында Улуттук госпиталга жаткырылган инсульттук мээ ичиндеги гематомалары (МЧС) менен ооруган 186 бейтаптын хирургиялык дарылоонун жыйынтыгы берилген. Изилдөөнүн максаты дарылоо тактикасын тандоо үчүн операциядан кийинки өлүмдүн алдын алуу шкаласын түзүү болгон. Операция жасалган 186 бейтаптын 46сы каза болгон. Инсульттук мээ ичиндеги гематомаларын алып салуу менен хирургиялык дарылоонун натыйжалары гематоманын көлөмүнө, жайгашкан жерине, дислокация даражасына, хирургиялык дарылоонун башталуу мөөнөтүнө, жаш курагына, аң-сезиминин оордугуна жана карынчага кан агуунун болушуна жараша талданган. Жогорудагы критерийлерди эске алуу менен пациенттердин операциядан кийинки өлүм коркунучунун шкаласы иштелип чыккан, бул шкала менен ооруган бейтаптарды дарылоо тактикасын тандоодо хирургиялык тобокелдикти болжолдоону аныктоого мүмкүндүк берет. Тирүү калган бейтаптарда шкала боюнча операциядан кийинки өлүм коркунучу орточо 7,2 баллды, ал эми каза болгон пациенттерде 11,1 баллды түздү. Анализ көрсөткөндөй, операциядан кийинки өлүм коркунучунун шкаласы боюнча баллдар канчалык жогору болсо, операциядан кийинки өлүмдүн деңгээли ошончолук жогору болот. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча операциядан кийинки өлүм коркунучунун 4 даражасы аныкталган, бул хирургиялык дарылоонун натыйжаларын алдын ала айтууга мүмкүндүк берет.

  • АРТЕРИЯЛЫК МЭЭ АНЕВРИЗМАЛАРЫН КЛИПС МЕНЕН КЫПЧЫТУУНУН НЕЙРОХИРУРГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРҮ

    М.М. Мамытов, У.У. Козубаев
    117-125 17
    Аннотация

    Мээнин артериялык аневризмасын аныктоодогу диагностикалык ыкмалардын жана микрохирургиялык техникалардын өркүндөтүлгөнүнө карабастан эмгекке жарамдуу калктын арасындагы өлүм жана туруктуу майыптуулук жогорку деңгээлде сакталып калууда. Бул илимий эмгекте Улуттук госпиталдын нейрохирургия клиникасында 2017-2023-жылдар аралыгында мээ тамырларынын артериялык аневризмасы боюнча операция жасалган 86 бейтаптын хирургиялык дарылоосунун натыйжалары берилген. Оорулуулардын жашы 23 жаштан 78 жашка чейин (орточо жашы - 47±1,7 жаш), алардын ичинен 48 (55,8%) эркектер, 38 (44,2%) аялдар. Бардык бейтаптарга мээ тамырларынын МРТ же КТ ангиографиясы жүргүзүлдү, 47 (54,6%) бейтапта мээ аневризмасы тандалма мээнин ангиографиясы менен тастыкталды. Аневризмалардын өлчөмү боюнча милиардыктан баштап (3,0 мм 25,0-30,0 мм), чоң өлчөмгө чейин болушкан. Бардык бейтаптар хирургиялык дарылоого дуушар болгон. Бул патологиясы менен ооруган бейтаптарды хирургиялык дарылоонун жана натыйжалары, башкаруу тактикасы терең баяндалган.

  • БАШ МЭЭ УРУНУУСУН ДИФФЕРЕНЦИЯЛЫК КОНЦЕПЦИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН ДАРЫЛОО

    М.М. Мамытов, Б.Ж. Турганбаев, Э.И. Эсенбаев, Т. Абдыкапар уулу
    126-131 17
    Аннотация

    Авторлор тарабынан Бишкек шаарындагы стационарларда 2017-2022-жылдар убагында дарыланган 2750 бейтапка эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Очоктуу жабыркоолор үлүштүк жайнашуусу боюнча төмөнкүдөй болду: маңдай үлүшү – 47,1%, чыкый үлүшү – 40,6%; төбө үлүшү – 12,6%; желке үлүшү жана каракуш – 2,1%. Алардын 72си хирургиялык кийлигишүүгө кабылган, ал эми интенсивдүү терапия мене бирге 44ү консервативдүү дарылоо алган. Аларда клиникалык жана урунуу, эзилүү жана гематома сывяктуу очоктуу жабыркоолордун компьютердик-томографиялык трансформациясы изилденген. Өзгөрүүлөр төмөнкүдөй жүргөн: перифокалдык жана үлүштүк шишиктин күчөөсү – 2-6 сутка ичинде; урунуу жана эзилүү очокторунун кеңейүүсү – 7-9 суткага чейин; баш-сөөк мээ ичиндеги басымдын регресси – 3-4 апта ичинде; менингеалдык симптомдордун регресси жана ликвордун санациясы – 2-3 апта ичинде; неврологиялык жана психикалык статустун толук же маанилүү нормалдашуусу – 5-7 аптада; гематоманын гиперденсивдик фазадан же урунуунун геморрагиялык очогунун изоденсивдик фазага өтүүсү – 3-4 аптада; изоденсивдик фазадан гиподенсивдик фазага өтүүсү – 4-5 аптада; кистозду көңдөйгө өзгөрүү менен гематоманын резорбциясы – 2-3 ай аралыгында. Мээнин урунуусун жана анын түрлөрүн дарылоодо жаңы дифференцирленген ыкманы тандоо сунушталат.

  • ЖАРААТТАН КИЙИНКИ БАШ СӨӨК ДЕФЕКТИЛЕРИН ЖАБУУНУН ЗАМАНБАП АСПЕКТИЛЕРИ

    Ш.Ж. Машрапов, А.А. Чожонов, М. Авазали уулу, С.К. Каримов
    132-139 14
    Аннотация

    Бул илимий эмгектин максаты краниопластиканын трансплантаттарды колдонуу менен жасалуучу эң жөнөкөй жана рационалдуу ыкмасын өркүндөтүү, объективдүү изилдөө ыкмаларынын негизинде титан торчолорун пластикалык материал катары колдонуу мээге жагымдуу таасир берип, бузулган функциялардын маанилүү нормалдашуусуна алып келеээрин далилдөө болгон.
    Эмгек жарааттан кийинки баш сөөк дефектилери менен жабыркаган 98 бейтапты ар кылдуу ыкмалар менен хирургиялык даарылоонун жыйынтыктарын салыштырууга негизделген. Изилденген 98 бейтаптын 50нө протакрил пластинасын колдонуу менен, ал эми 48 бейтапка титан торчолорун колдонуу жолу менен краниопластикалык операциялар жасалган. Жарааттан кийинки баш сөөк дефектилери менен жабыркаган 98 бейтап. Жабыркагандардын жаштары 17 ден 82 ге чейин, алардын арасында 92 (93,9±5,4%) эркек жана 6 (6,1±2,3%) аял болгон.

    Операциялардын жакынкы жана алыскы жыйынтыктары жарааттан кийинки баш сөөк дефектилерди даарылоодо титан торчолорун колдонуу эффективдүү жана ыңгайлуу экендигин көрсөттү.

  • АНАЛИЗ ЛЕТАЛЬНОСТИ ПО НЕЙРОХИРУРГИЧЕСКОЙ СЛУЖБЕ ПО НЕКОТОРЫМ РЕГИОНАМ КАЗАХСТАНА

    М.Ж. Мирзабаев, Е.К. Дюсембеков, А.Р. Халимов, З.М. Турдиев
    140-144 14
    Аннотация

    Нейрохирургия - одна из сложных и деликатных областей медицины. Ошибки в этой специальности могут привести к разрушительным последствиям, включая стойкую инвалидность или смерть. Работа основана на анализе летальных исходов по данным ФОМС РК, рассматриваются виды нейрохирургических ошибок и возможные решения для предотвращения данных ошибок. В повседневной практике термин – «медицинская ошибка», подразумевает отсутствие признаков умысла и неосторожности, а имеют ошибки, связанные с различными причинами, ведущими к неблагоприятным исходам. Проблема неблагоприятных исходов зависит от качества лечебно-диагностического процесса, от пола, возраста, нозологических форм, сроков госпитализации и др.
    Проведен анализ летальных случаев по некоторым регионам РК по нейрохирургической службе. Выборка проводилась сплошным методом по данным ФОМС (Фонд обязательного медицинского страхования) РК. В основу выборки были взяты летальные исходы лечения пациентов с нейрохирургической патологией находившихся на лечении в различных клиниках республики. Оценка качества лечения проведена по табличному формуляру ФОМС с включением паспортных данных, объективного статуса, клинических методов обследования и методов лечения. Исход лечения оценивался по трёхбалльной системе соответствия или не соответствия стандартам и протоколам лечения. По итогам анализа определялось наличие дефекта лечения, присутствие или отсутствие «медицинских ошибок» и др. Проведение подобных исследований поможет предотвратить и неблагоприятные исходы в нейрохирургии.

  • ЭРТЕ ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДА ЖАРАКАТТЫК СУБДУРАЛДЫК ГЕМАТОМАЛАРДЫ АНЫКТОО ЖАНА ДАРЫЛОО

    М.С. Назаралиев, Б.Т. Ооганбеков, М.К. Базарбаев
    145-149 14
    Аннотация

    Мээнин магниттик-резонанстык томографиясы жана нейросонография субдуралдык гематомаларды аныктоодо маалыматтуу ыкмалар болуп, дарылоо тактикасын тандоодо маанилүү болуп саналат. Эрте курактагы жаш балдарда субдуралдык гематомаларды дарылоодо эң ыңгайлуу нейрохирургиялык ыкма болуп мээ эмгеги аркылуу субдуралдык пункция эсептелет.
    Материал жана ыкмалар. Мээнин субдуралдык гематома менен кысылуусу 7 балада аныкталган. Алардын ичинде 3 балада анамнезинде борбордук нерв системасынын перинаталдык жабыркоосу табылган. Калган 4 жабыркаган бала жаракатты өтө жогору эмес бийиктиктен жыгылуудан улам алышкан – керебет жана арабадан жыгылуудан. Ал эми 3 учурда жаракаттын себеби жол-унаа кырсыгы болгон.
    Натыйжалар. Мээнин магниттик-резонанстык томографиясында орок сымал өзгөрүлгөн тыгыздык зонасы (процесстин курч фазасынын тыгыз зонасында, төмөн тыгыздык зонасы процесстин хроникалык агымында), жайгашуусу баш-сөөк менен мээ затынын ортосунда болгон. Орто түзүмдөрдүн жылышуусу бардык учурда байкалган. Борбордук нерв системасынын перинаталдык жабыркоосу бар жаш балдарда жаракаттык өзгөрүүлөр менен катар 3 учурда маңдай үлүштүн атрофиясы жана мээ карынчалар системасынын чоңоюусу 4 учурда табылган.
    Корутунду. Субдуралдык гематомасы бар эрте курактагы жаш балдарды дарылоодо сөөк- пластикалык трепанациядан тышкары хирургиялык эффективдүү ыкмалар катары фрезолук тешикчелерди жасоо менен агып кирип-чыгып турган дренаж системасын орнотуу, ал дренаж аркылуу субдуралдык мейкиндик санацияланып турат, ошондой эле мээ эмгеги аркылуу нейросонографиянын контролу менен пункция жасоо жолу менен субдуралдык мейкиндик жуулушу эсептелет.

  • ХИРУРГИЧЕСКОЕ ЛЕЧЕНИЕ ПОРАЖЕНИЙ ЛОКТЕВОГО НЕРВА НА УРОВНЕ ОДНОИМЁННОГО СУСТАВА

    А.Р. Халимов, Е.К. Дюсембеков, М.Ж. Мирзабаев, Ж.Б. Садыкова, Г.Г. Абдуллаева
    150-155 19
    Аннотация

    Практически во всех случаях поражений костно-суставно-мышечного аппарата на уровне локтевого сустава, поражается, в той, или иной степени, локтевой нерв. Проанализированы результаты хирургического лечения 71 пациента с поражением локтевого нерва на уровне одноимённого сустава, оперированных в период с 2017 по 2024 гг. Большинство пациентов – 59 (83 %) мужчины, 12 (17%) составили женщины. Пациенты были в возрасте от 20 до 66 лет, преимущественно в диапазоне 30-59 лет, составивших 55 (77,4%) пациентов. Преобладала бытовая и уличная травма – у 55(77,4%). У большинства пациентов— 42 (59,1%) были выявлены закрытые повреждения. В 16 (22,5%) наблюдений травма локтевого нерва возникала при открытом повреждении, 13 (18,3%) повреждений были ятрогенной этиологии. 45 пациентам был проведен невролиз и передняя подкожная транспозиция локтевого нерва по поводу туннельной нейропатии, у 10 пациентов наложен шов, у троих – аутопластика. Всем оперированным пациентам, с целью уменьшения диастаза между концами нерва, проведена передняя подкожная транспозиция нерва. Результаты после проведенных операций по международной шестибалльной шкале MS 0-5 позволили поднять показатели М4- М5 с 19,7% до 67,6%, S4-S5 – с 19,7% до 60,6%. Передняя подкожная транспозиция локтевого нерва с закрытием его мягкотканно-жировым лоскутом является оптимальным решением при компрессионной нейропатии и при наложении шва нерва. При внутрисуставных переломах как костными отломками, так и ятрогенными причинами, рекомендуется при операции остеосинтеза одновременно проводить переднюю подкожную транспозицию нерва.

  • АЛГАЧКЫ ШИШИКТИН ЖАЙГАШУУСУНА ЖАРАША ОМУРТКАНЫН МЕТАСТАТИКАЛЫК ЖАБЫРКООЛОРУН АНЫКТОО

    К.Б. Ырысов, Д.Ж. Жообасарова, И.Т. Ыдырысов
    156-162 16
    Аннотация

    Органдар менен ткандардын метастатикалык жабыркоосу онкологиялык оорууларды дарылоодогу башкы маселелердин бири болуп саналат. Салтту түрдөгү регионардык лимфатикалык түйүндөргө тараган метастаздар сыяктуу эле, алыскы органдар жана системаларга тараган метастаздар да аныкталуусу мүмкүн. Өпкө жана боордон кийинки жайгашуу жыштыгына карата үчүнчү орунду ээлеген скелеттин метастатикалык жабыркоосу да чоң мааниге ээ.
    Иштин максаты: омуртканын метастатикалык жабыркоосу бар бейтаптардын диагностикасынын жана дарылоосунун натыйжаларын талдоо.
    Материал жана ыкмалар. Иште Ош областында 2008-жылдан 2023-жылга чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн матариалдарына жасалган талдоо келтирилген. Алынган маалдыматтарга таянып, рактын ар кандай түрлөрүндөгү омуртканын метастатикалык жабыркоосунун жыштыгы, алардын алгачкы шишикти аныктоого байланышкан аныктоо мөөнөттөрү, клиникалык сүрөттөмөсүнүн өзгөчөлүктөрү талданган. Омуртканын ар түрдүү бөлүктөрүнө тараган метастаздардын жайгашуу жыштыгы, аларды аныктоо жана дарылоо ыкмалары изилденген.
    Натыйжалар. Алгачкы шишиктери аныкталган бейтаптарда (n=66) омуртканын метастатикалык жабыркоосунун белгилери алгачкы шишиктерди тапкандан кийинки ар кандай мөөнөттөрдө диагностикаланган. Ошентип, 16 бейтапта (24,2%) алар 6 айлык мөөнөттө, 18 бейтапта (27,3%) – 1 жылдан 3 жылга чейин, 7 бейтапта (10,6%) – 4-5 жылдан соң табылган.
    Корутунду. Омуртканын метастатикалык жабыркоосун эрте жана өз убагында табуу үчүн бейтаптарды изилдөөнүн эң оптималдык алгоритми зарыл. Жумшак ткандардагы өзгөрүүлөрдү табуу максатында омуртканын магниттик-резонанстык томографиясы сөзсүз түрдө, сөөк түзүмдөрүнүн патологиялык өзгөрүүлөрүн аныктоо үчүн омуртканын компьютердик томографиясы жасалуусу керек.

  • ОМУРТКА-ЖҮЛҮН ЖАРАКАТЫН АНЫКТООНУН ЖАНА ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    К.Б. Ырысов, Ж.Т. Ташибеков, М. Бактыбек уулу, А.Б. Казыев
    163-171 26
    Аннотация

    Бул илимий эмгекте омуртка-жүлүн жаракаты бар оорулууларды хирургиялык дарылоо ыкмасы менен түзмөгү иштелип чыккан. Омуртка менен жүлүндүн жаракаттык оорунун татаалдашуулары такталып, талданып жана системалаштырылды. Бул татаалдашууларды алдын алуу жана дарылоонун комплекси сунушталды.
    Материал жана ыкмалар. Оперативдик дарылоонун натыйжаларын талдоо жалпы 102 бейтаптын ичинде, жакшыруу 49 (48,0%) бейтапта байкалган, ошол эле учурда 53 (52,0%) бейтапта жакшыруу болгон эмес. Жакшыруунун эң жогорку пайыздык көрсөткүчү 20 жашка чейинки курактагы бейтаптарда - 4 (80,0%) аныкталган, ал эми начар натыйжалардын эң жогрку көрсөткүчү улук курак тайпасында (60 жаш жана улуураактар) - 6 (66,7%) байкалган.
    Натыйжалар. Оперативдик дарылоонун жыйынтыктарын жана ар кайсы даражадагы жабыркоонун натыйжасын талдоо төмөнкү маалыматтарды көрсөттү: моюн бөлүгүнүн жабыркоосу менен болгон 38 оорулуунун арасында 11(28,9%) жакшы болуу, өзгөрүүсүз калганы - 22 (57,9%), жабыркагандардын 5 (13,2%) каза болгон. Көкүрөк бөлүгү жабыркаган 12 пациентте жакшы болуу 8 (66,7%), өзгөрүүсүз калганы - 4 (33,3%), өлүм белгиленген эмес. Көкүрөк-бел бөлүгү жабыркаган 40 оорулуунун ичинен 21 (52,5%) жакшы болуу, өзгөрүүсүз калганы - 19 (47,5%), каза болгону жок. Моюн бөлүгүнүн жаракаты менен болгон 38 оорулуудан 11 (28,9%) жакшы болгон, абалы өзгөрүүсүз калганы – 22 (57,9%), каза болгону – 5 (13,2%) бейтап. Көкүрөк бөлүгү жабыркаган 12 бейтаптан 8 (66,7%) жакшы болгон, абалы өзгөрүүсүз калганы – 4 (33,3%), ал эми каза богондор жок. Көкүрөк-бел бөлүгү жабыркаган 40 оорулуулардан 21 (52,5%) жакшы болгон, абалы өзгөрүүсүз калганы – 19 (47,5%), каза болгондор жок. Бел бөлүгү жабыркаган оорулуулардан 7 (58,3%) жакшы болгон, 5 (41,7%) – абалы өзгөрүүсүз калган, өлүм учурлары болгон эмес.

ЖАЛПЫ ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРЫ

  • НЕЙРОХИРУРГИЯЛЫК ДИАГНОСТИКА – НАКТА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

    М.М. Мамытов
    172-177 18
    Аннотация

    Бул эмгекте нейрохирургиялык диагноз коюудагы чыгармачылык маселеси ачылган. Мээнин ар кандай жабыркоолорун изилдөөдөгү заманбап теоретикалык-методологиялык жактары талданган. Клиникалык ой-жүгүртүү аркылуу диагностика жана дарылоо кантип ишке ашырылары көрсөтүлгөн. Өзгөчө орунду нейрохирургиялык оорулардын диагнозун туура коюу ээлейт. Чыгармачылыктын мааниси жана нейрохирургдун ролу ооруну эмес, бейтапты хирургиялык дарылоонун максаттуулугу жана өз убагында жасалуусу жөнүндөгү чечимди кабыл алуучу катары өзгөчө негизделген.