Том 3 № 3 (2017): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-11-23

Бардык чыгарылыштар

АНДРОЛОГИЯ

УРОЛОГИЯДА КОЛДОНГОН ХИРУРГИЯЛЫК Ж ОГОРКУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

БАЛДАР УРОЛОГИЯСЫ

  • БАЛДАР ТАБАРСЫГЫНЫН НЕЙРОГЕНДИК ДИСФУНКЦИЯСЫ

    К.А. Узакбаев, И.М. Штрафун, Б.И. Эсембаев
    81-83 7
    Аннотация

    Корутунду. Табарсыктын нейрогендик дисфункциясы менен ооруган балдардын нерв системасынын абалын баалоо жана табарсык дисфункциясынын тибине анын таасири өткөрүлдү.

  • АРТКЫ ГИПОСПАДИЯ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫН УРЕТРАПЛАСТИКАСЫ

    А.Ч. Усупбаев, Р.Е. Кузебаев, Р.М. Курбаналиев, М.Б. Абдыкалыков, М.К. Байсалов, У. Асилбек уулу
    84-88 13
    Аннотация

    Бул макалада 3 жаштан 26 жашка чейинки курактагы арткы гипоспадия менен жабыркаган 96 бейтаптардын хирургиялык дарылоонун жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Бардык бейтаптар (96) үч топко бөлүндү: 1-топтогу 30 бейтапка буккалдык уретропластика ыкмасы колдонулган, 2-топто 35 бейтапка Дюплей жана 3-топто 31 бейтапка Ландерер ыкмасы колдонулган. 3-топтогу бейтаптардын кабылдоолорун анализ кылууда төмөнкүлөр аныкталды, эрте жана кеч операциядан кийинки кабылдоолор кездешти. Биздин бейтаптарда кездешкен негизги кабылдоолор булар: уретранын свищи, уретранын ичине жүн өсүү, уретрит жана кечки операциялык мезгилде психогендүү эректилдик дисфункция. Гипоспадия оорусун дарылоодо 3 хирургиялык ыкмасын колдонуп биз буккалдык уретропластикага салыштырмалуу Дюплей жана Ландерер ыкмаларында көбүрөөк кабылдоолорду кездештирдик.

ОНКОУРОЛОГИЯ

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА УРУК БЕЗИНИН РАК ДАРТЫНЫН ТАРАЛЫШЫ ЖАНА УРУК БЕЗИНИН РАК ДАРТЫНАН БОЛГОН ӨЛҮМ

    А.Т. Токтомушев, М.Ж. Сулайманов, Б.М. Ибраев
    89-93 13
    Аннотация

    Бул макалада Кыргыз Республикасында урук безинин рак дартынын таралышы жана урук безинин рак дартынан бказа болуу маселеси каралат. УБР ооругандар аз болгонуна карабастан, УБР менен жабыркаган бейтаптардын өлүмү жогору болуп жатканы белгилүү болду. Урук безинин рак дарты аныкталган оорулуулардын 2/3 бөлүгүнөн ашыгы шишик процессинин III-IV баскычында катталат. Өлкөдө урук безинин-өзгөчө антигени (УБӨА) пайда болуп, оорунун I-II баскычы менен жабыркаган адамдарды аныктоо мүмкүнчүлүгү жогорулады. Республикада урук безинин рак дартына скрининг жүргүзүү үчүн бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстанда скринингди колдонуу урук безинин рак дарты менен ооругандарды активдүү аныктоо үчүн шарт түзөт, бул болсо оорунун баштапкы баскычтарында дарты аныкталган рак менен жабыркаган адамдардын санын көбөйтүүгө алып келет. Демек, УБР дарылоонун натыйжасын жакшыртуу үчүн УБР дартынан жабыркагандарды оорунун алгачкы баскычтарында аныктоо зарыл. Бул категориядагы оорулууларды активдүү издеп, аныктоо маселеси жаралууда. 

  • ПРОСТАТА БЕЗИНИН ТРАНСРЕКТАЛДЫК МУЛЬТИФОКАЛДЫК БИОПСИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    А.Ч. Усупбаев, М.Б. Кылычбеков, Н.К. Курманбеков, Н.А. Исаев, С. Акылбек, Ж.Т. Джапаров, Н.А. Акматов, К.Т. Иязалиев
    94-96 13
    Аннотация

    Корутунду: Простата безинин биопсиясы, простатанын залалдуу шишигин морфологиялык верикациялоодо негизги ыкма болуп саналат жана дарттын даражасынан ыктап, даарылоонун тийиштүү ыкмаларын колдонууга жардам берет. Бул илимий макалада 2013-жылдан 2016-жылга чейинки Республикалык илимий урология борборунун бөлүмдөрүндө жасалган простата биопсиясынын жыйынтыктары чагылдырылган.

ЗААРА ТАШТАР ООРУСУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

ЖАЛПЫ ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРЫ

  • ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛЫП КӨП УБАКЫТ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ЗААРА КАНАЛДЫН КЫСЫЛЫШЫНЫН РЕЦИДИВИНИН ПАЙДА БОЛУШУНУН ПАТОГЕНДИК ФАКТОРЛОРУНУН КЭЭ БИР ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    М.Б. Абдыкалыков, В.Н. Евсюков, А. Оскон уулу , У. Асилбек уулу
    114-117 9
    Аннотация

    Корутунду: Бүгүнкү күндө, жогорку технологиялык даарылоо жолдордун өнүгүшүнө карабастан, заара каналдын кысылышынын рецидиви азайышы байкалбайт. Көпчүлүк учурда, заара каналга жаракат алган кезде өз убагында тажрыйбалуу хирургиялык даарылоо болбогондуктан, заара каналдын кысылышына жана бүтөлүп калышына алып келет. Бул илимий иште заара каналдын кысылышына алып келүүчү этиопатогендик факторлор чагылдырылган.

  • БАЛА ТОНУНУН ЖАБЫШУУ АНОМАЛИЯЛАРЫ АКУШЕРЛИК КАН АГУУНУН КООПТУУ ФАКТОРУ КАТАРЫ

    Э.К. Асанкулов, Д.М. Субанов, Т.Х. Теппеева, М.М. Омурбекова
    118-122 12
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада 2016-жылы Шаардык Перинаталдык Борбордо, бала тонунун жабышуу аномалиялары менен төрөгөн аялдардын төрөт баяндарына ретроспективдүү талдоо жүргүзүлгөн. Адабияттык маалыматтар, бала тонунун жабышуу аномалиялардын жыштыгы, кош бойлуулуктун жана төрөттөрдүн натыйжалары боюнча талдоо жүргүзүлгөн.

  • ТУБАСА ЖАНА НЕОНАТАЛДЫК ПНЕВМОНИЯНЫН КЛИНИКАЛЫК АГЫМЫНЫН САЛЫШГЫРМАЛУУ АНАЛИЗИ

    С.Дж. Боконбаева, С.Т. Нуржанова, А.А. Какеева, Т.М. Бектурсунов
    123-126 8
    Аннотация

    Корутунду: Тубаса жана неонаталдык пневмониянын клиникалык агымынын өзгөчөлүктөрү изилденди. Ымыркайлардын тубаса жана неонаталдык жана рентгендик көрсөткүчтөрү чагылдырылды.

  • КАМТАМАСЫЗ ДАРЫ КОЛДОНУУ ТУУРАЛУУ БЕЙТАПТЫ МААЛЫМАТТООНУН САПАТЫН ИЗИЛДӨӨ

    А.У. Джакубекова, А.А. Усупбаева
    127-132 11
    Аннотация

    Корутунду: бул макалада жасалган изилдөөлөрдүн натийжасында, бейтаптардын ойлору боюнча, аларды маалыматто жалпы жолунан орточо жолго коюлган. Бирок, айрым кемчиликтер – дары дармектин терс таасири жана аларды сактоо эрежелери жөнүндө маалымат жокко эсе. Жана дагы дарыгерлердин төмөнкү даражадагы терапевтикалык коммуникация сапаттары, ошондой эле бейтаптардындары менен дарыланууга макулдугу жогорку даражада белгиленген.

  • ЭНЕЛИК БЕЗДЕРИНЕ ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ПОЛИКИСТОЗУ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КЕЛЕМИШТЕРДИН ВАГИНАЛДЫК ЭПИТЕЛИЙИНИН ЦИТОМОРФОЛОГИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН ЭСТРАЛДЫК ЦИКЛЫНЫН

    Ч.С. Жылкичиева, Р.Р. Тухватшин, К.И. Асекова
    133-137 7
    Аннотация

    Корутунду: Алгачкы жолу энелик бездерине эксперименталдык поликистоз жүргүзүлгөн лабораториялык келемиштердин вагиналдык эпителийинин эстралдык циклынын бузулушундагы өзгөрүүлөрү изилденди. Тажрыйбалык топтогу келемиштердин вагиналдык эпителийинде цитоморфологиялык көрсөткүчтөрүндө өзгөрүүлөр аныкталды.

  • ЧРЕСКОЖНАЯ ПУНКЦИОННАЯ НЕФРОСТОМИЯ ПРИ ТУБЕРКУЛЕЗНОМ УРЕТРИТЕ: ДИАПЕВТИЧЕСКИЕ ВОЗМОЖНОСТИ

    О.Н. Зубань, А.Н. Муравьев, Л.В. Арканов, С.Н. Скорняков , Б.И. Новиков, Р.М. Чотчаев
    138-142 10
    Аннотация

    В работе приводятся результаты обследования, этиопатогенетического и оперативного лечения 146 больных нефротуберкулезом, осложненным туберкулезным уретеритом. Установлено, что длительная этиопатогенетическая терапия туберкулеза почки и мочеточника не приводит к регрессу ретенционных изменений, при этом функциональная гибель органа наступает в большинстве случаев. Своевременное отведение мочи  путем чрескожной пункционной нефростомии позволяет сохранить функцию почек в 84,3% случаев. А также повышает возможности бактериологической верификации диагноза на 21,4%. Комбинация раннего дренирования почек с полихимиотерапией существенно превосходит результаты только консервативного лечения, приводит к быстрой редукции хронической почечной недостаточности (ХПН), и позволяет в последующем выполнить большее количество реконструктивных операций. Таким образом, при туберкулезном уретерите своевременная декомпрессия почки улучшает ее функцию и уродинамику верхних мочевыводящих путей, приводит к снижению количества органоуносящих и увеличению числа реконструктивно-восстановительных операций, оптимизируя результаты комплексного лечения.

  • ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫНЫН ТУБАСА ООРУЛАРЫНЫН МОНИТОРИНГИ

    Р.М. Курбаналиев, А.Ч. Усупбаев, А.А. Еркович, И.В. Колесниченко
    143-148 4
    Аннотация

    Корутунду. Мына ушул билдирүүдө заара кана жыныс системасынын тубаса каталыктыгынын Кыргызстанда таралыш суроолору каралып, анын Россияда жана Борбордук Европадагы катталышына салыштырмалуу мүнөздөмө берилди. Адамдын заара жана жыныс системасынын түйүлдүк генетикалык тыгыз байланышынын негизинде, 15-30% пайыздык байкоолордо заара бөлүп чыгаруу жана гениталык системасынын жаш толгон тубаса каталыктары, а 20-30% учурда-CAKUT синдром, а 28-42% учурларда зара бөлүп чыгаруу системасынын тубаса каталыктары башка органдардын же болбосо системалардын тубаса каталыштары менен коштолгон.

  • НЕФРОПТОЗДУН ВИСЦЕРОПТОЗ МЕНЕН АЙКАЛЫШКАН БЕЙТАПТАРДЫН БӨЙРӨГҮНҮН КЛИНИКАЛЫК АТКАРУУ АБАЛЫНЫН АР КАНДАЙ ДАРАЖАДАГЫ КАТААЛДЫГЫ

    Ж.С. Мамбетов, Ч.М. Иманалиев
    149-153 7
    Аннотация

    Корутунду: патологиялык бөйрөктүн ылдыйлашынын ички органдар менен айкалышындагы хирургиялык түзөө урология, хирургия, гинекология адистиктеринин көңүл чордонунда, бирок бул көйгөйлөр туура эмес чечилгенине байланыштуу, бейтаптардын абалына терс таасирин тийгизип жана жашоо шартынын сапатын төмөндөтүүдө. Бул макалада нефроптоздун висцероптоз менен айкалышкан бейтаптардын бөйрөгүнүн клиникалык аткаруу абалынын жыйынтыгы чагыдырылган.

  • ЖАРААТ АЙЫГЫШЫ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ЖАНА ТООЛУУ АРТКА ЫЛАЙЫКТАШТЫРУУ КӨНҮҮ (сереп адабиятты)

    Б.С. Ниязов, О.Р. Динлосан, Н.К. Абдылдаев, Ж.И. Ашимов, С.Б. Ниязова, Б.А. Эраалиев
    154-159 12
    Аннотация

    Кыскача мазмуну: Бул макалада бийикте жараяндарды жана артка ылайыкташтырууда организмди кайра өзгөчөлүктөрүн эске жараат жүрүмүнүн өзгөчөлүктөрү, адабияттар жөнүндө обзор берилген.

  • УРАН КАЛДЫКТАРЫ ЖАЙГАШКАН РЕГИОНДУН АЯЛ ТУРГУНДАРЫНЫН ВАГИНАЛДЫК БЫЛЖЫР ЧЕЛИНИН ЭПИТЕЛИАЛДЫК КЛЕТКАЛАРЫНЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНДӨГҮ ЦИТОМОРФОЛОГИЯСЫНА НЕГИЗГИ МҮНӨЗДӨМӨ

    Т.М. Топчубаева, Р.Р. Тухватшин, К.И. Асекова
    160-162 7
    Аннотация

    Корутунду: Алгачкы жолу уран калдыктары жайгашкан региондун 52 аял тургундарынын вагиналдык былжыр челинин эпителийине цитморфологиялык анализ жүргүзүлдү. Изилдөө учурунда, негизги группанын изилденүүчүлөрүнүн вагиналдык эпителийинде өзгөчө түзүлүштөгү ядро жана микроядролору менен клеткалар кездешери байкалды.

  • КЫРГЫЗСТАНДА АШКАЗАН АСТЫНДАГЫ БЕЗИНИН ЗАЛАЛДУУ ШИШИК ОРУУСУНУН КЛИМАТТЫК ЖАНА ГЕОГРАФИЯЛЫК ТАРКАЛУУСУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    А.М. Туманбаев
    163-167 11
    Аннотация

    Корутунду. Акыркы жылдары эпидемиологиялык изилдөөлөрдө жашоо шарттарына жараша дартка чалдыгуу көрсөткүчтөрүн изилдөө милдеттүү болуп саналат. Көптөгөн илимий, анын ичинде чет элдик иштерде, элдердин жашоо шарттары залалдуу шишик оруусунун көп түрлөрү басымдуулук арымына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Азыркы учурда чет элдик жазууларда жашоо жана коомдук шарттарына, тамак-аш, жана башка шарттарга байланыштуу ири илимий-изилдөөлөрдө эбегейсиз чон мегаполистерде же айыл чарба аймактарында жүргүзүлгөн эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары кеңири таралган.

    Бул макалада Кыргызстанда ашказан астындагы безинин залалдуу шишик дартынын, өлкөнүн региондорундагы, шаар же айылдардагы интенсивдүү жана стандартташтырылган көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.

  • КЛИНИКАЛЫК ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК АГЫМЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ, ПОСТМЕНОПАУЗА МЕЗГИЛИНДЕ ЦИСТИТ ДАРТЫН АНЫКТОО ЖАНА ДАРЫЛОО

    А.Ч. Усупбаев, Т.З. Кожоналиев, В.Н. Евсюков, А.Д. Абдырасулов, Т.Э. Тургунбаев, Б.Т. Токонов
    168-171 7
    Аннотация

    Резюме: Жыл сайын менопауза мезгилине өткөн аялдардын саны өсүп бара жатат. Постменопауза мезгилиндеги аялдардын арасында кеңири тараган сезгенүү ооруларынын бири болуп  цистит саналат. Цистит уропатологиялардын жалпы санынын 30-40% түзөт.

    Менопауза мезгилиндеги аялдардын заара чыгаруусунун бузулуу дартын аныктоо жана дарылоо заманбап урогинекологиядагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болууда.

  • УРОЛОГИЯЛЫК ТАЖРЫЙБАДАГЫ ОПЕРАЦИЯ МЕЗГИЛИНДЕ АНТИБИОТИК МЕНЕН АЛДЫН АЛУУ

    А.Ч. Усупбаев, Б.А. Кабаев, А.А. Усупбаева, А.С. Иманкулова, Н.Ж. Садырбеков
    172-176 10
    Аннотация

    Резюме: Саламаттык сактоо жагында заманбап жетишкендиктерге карабастан, операциядан кийин медициналык жардам менен байланыштуу инфекциянын өнүгүүнүн көйгөйү тенденциянын төмөндөтүү байкалбайт. Операция мезгилинде антибиотик менен алдын алуу МЖБИнин пайда болуунун жыш-тыгын төмөндөтөт. Ушул иште операция мезгилинде антибиотик менен алдын алуудан кийин залалсыз простата безинин гиперплазиясынын бейтаптарда МЖБИнин жыштыгы төмөндөгөнүн көрсөтөт.

  • ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ЗААРА АККЫЧТЫН ЖАНА ТАБАРСЫКТЫН КАБЫЛДООЛОРУНУН ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ОӉДОО ЖОЛДОРУ

    А.Ч. Усупбаев, У.К. Кулукеев, В.Н. Евсюков, А.Д. Абдырасулов, Т.Э. Тургунбаев
    177-181 6
    Аннотация

    Корутунду: Заара чыгаруу, жыныс органдарына операция убагындагы кабылдоосу кээ бир учурларда өзүнүн кенендиги менен таасирлентет жана абдан ар түрдүү мүнөзгө ээ. Заара чыгаруу, жыныс жолдорунун кабылдоосунун дартынын кеч аныкталышы зааранын жайылышына, тешик пайда болушуна, уретерогидронефроз,өнөкөт пиелонефрит, өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин өнүгүшүнө алып келет, булар болсо кайра калыбына келтирүү операцияларынын жыйынтыгын түздөн түз төмөндөтөт жана операциядан кийинки бейтаптып калыбына келүүсүн оорлотот. Бул иште ушундай учурларды хирургиялык жол менен ондоо көрсөтүлдү.

ПРАКТИКАДАГЫ ОКУЯ

  • КӨПҮРӨЧӨ ТИШ ПРОТЕЗДИН ТУЛКУСУН ТУУРА ЭМЕС ЖАСАЛЫШЫНЫН СЕБЕБИНЕН ПАЙДА БОЛУУЧУ БЫЛЖЫР КАБЫКЧАНЫН ООРУСУ ЖАНА АНЫ ДАРЫЛОО

    У.А. Амираев, С.М. Эргешов, Р.У. Амираев
    182-184 7
    Аннотация

    Корутунду. Пациенттер үчүн тиштердин мааниси өтө зор. Ошондуктан тиштердин узакка кызмат кылуусун кассыздандыруу үчүн, аларды дайыма таза күтүү үчүн аракеттенүү зарыл. Тиштин катуу тканы кариес менен ооруп калгыдай болсо, аны тез арада кыттоо керек. Шартка байланыштуу тишти өз убактысында дарылабагандыктан сактоого мүмкүн болбой калганда тишти жулуу менен, тиш катарында кемтик пайда болот. Кемтик чектелген жана чектелбеген болуп бөлүнөт. Тиш катарындагы чектелбеген кемтикте кийме тиш протездери жасалат. Алар тактачалуу жана доголуу болуп бөүнөт. Ал эми тиш катарынын чектелген кемтигине бекилме көпүрөчө протези жасалат. Бул макалада көпүрөчө тиш протезинин туура эмес жасалуусунун натыйжасында пациенттердин көп кыйналуусуна дуушар болушуна алып келет, ал тургай протезди мөөнөтүнөн мурда алынышына шарт түзөт. 

  • ЖАМБАШ ДИСТОПИЯСЫ МЕНЕН СОЛ БӨЙРӨКТҮН МУЛЬТИКИСТОЗДУК ДИСПЛАЗИЯСЫН СИМУЛЬТАНДЫК ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ДАРЫЛОО (клиникалык ишин талдоо)

    А.Т. Байгазаков, Н.А. Маманов, Б. Усон уулу
    185-188 11
    Аннотация

    Корутунду: макалада ички органдардын полиоргандык аномалиянын (жамбаш көңдөйүндө жайгашкан сол бөйрөктүн мультикистоздук дисплазиясы, бир мүйүздүү жатын) өт баштыкчасынын полипозу жана ич көңдөйүнүн жабышып калуу оорусу менен айкалышкан оорулууну симультандык лапароскопиялык дарылоонун ийгиликтүү байкоосу каралды. Симултандык лапароскопиялык операция – адгезиолизис, холецистэктомия, сол нефрэктомия, тубэктомия – жасалды. Операциядан кийинки мөөнөтү татаалдыксыз өттү. Оорулуунун операциядан кийинки бейтапканада жатуусу 4 сутканы түздү. Симултандык хирургияда лапароскопиялык технологиялардын дарт аныктоодо жана дарылоодо жогорку натыйжалуулугу көрсөтүлдү.

  • ФУРНЬЕ ДАРТЫ – ХИРУРГДУН ИШ ТАЙЖРЫЙБАСЫНДАГЫ ЭӉ ООР ИНФЕКЦИЯЛАРДЫН БИРИ

    Э. Колбай уулу , М.К. Жаманкулова
    189-192 8
    Аннотация

    Корутунду: Макалада Фурнье дартына чалдыккан 4 бейтаптын дарылоо жыйынтыгы берилди. Бул дарттын кесепетинен өлүм деӊгээли жогору сакталууда. Бейтаптардын баары эркектер болгон жана шашылыш түрдө операцияга алынган. Операцияга чейин бейтаптардын оор абалын турукташтыруучу даярдыктар өткөзүлгөн. Эки бейтап инфекциондук-токсикалык шок абалында бейтапканага түшкөн. Бир бейтап өлдү. Хирургиялык операция – Фурнье дартын дарылоодогу негизги ыкма.

  • ПРОСТАТА БЕЗИНИН ЗАЛАЛДУУ ШИШИК УЧУРУНДАГЫ ПРОСТАТАНЫН АРТЕРИЯСЫНЫН ХИМИОЭБОЛИЗАЦИЯНЫН БИРИНЧИ ТАЖРЫЙБАСЫ

    Н.Б. Табынбаев, О.Б. Жуков, С.П. Боровский, Ж.Д. Жумагазин, Н.Б. Малаев, Т.А. Курманов
    193-197 19
    Аннотация

    Резюме: Макалада простата безинин залалдуу шишик учурундагы бейтаптарга химиоэмболизация пайдаланган ыкмалар баяндалган. Простатанын артерияларга жүктөлгөн микросфералар менен суперселективдык химиоэмболизация аткарылды. Даарылонун жыйынтыгы бир айдан кийин бааланган. Эндоваскулардык ыкмалардын өзү заара кылуу, зааранын калдыгы төмөндөгөнү, простата спецефикалык антиген төмөндөгөнү түрдүү натыйжасы көрсөтүлдү.

  • РАДИОЧАСТОТНАЯ АБЛЯЦИЯ ЗЛОКАЧЕСТВЕННОГО НОВООБРАЗОВАНИЯ ТРАНСПЛАНТИРОВАННОЙ ПОЧКИ. КЛИНИЧЕСКИЙ СЛУЧАЙ

    Н.Б. Табынбаев , Мантас Тракимас, С.П. Боровский, Н.Б. Малаев, Ж.А. Абишева, Д.Р. Оразбаева
    198-202 6
    Аннотация

    Резюме: В статье на клиническом примере показана безопасность и эффективность радиочастотной абляции опухоли трансплантированной почки у пациента с хронической почечной недостаточностью.