Том 1 № 1 (2024): ЕВРАЗИЯЛЫК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖУРНАЛЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2024-04-25

Бардык чыгарылыштар

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК РЫНОГУНДАГЫ АНТИДЕПРЕССАНТТАРДЫ ТАЛДОО

    А. Кубанычбек к, А.А. Зурдинова
    15-21 53
    Аннотация

    Психикалык бузулуулар жалпы глобалдык оорулардын олуттуу бөлүгүн түзөт, депрессия жана тынчсыздануу 10 жаштан 49 жашка чейинки майыптыктын он негизги себептеринин катарына кирет. Депрессиялардын, тынчсыздануу бузулууларынын фармакотерапиясында көбүнчө антидепрессанттар колдонулгандыгына байланыштуу, биздин изилдөөнүн максаты Кыргыз Республикасында антидепрессанттардын фармацевтикалык рыногун сегментациялоо болуп саналат. Талдоо үчүн Кыргыз Республикасында катталган жана медициналык колдонууга уруксат берилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин мамлекеттик реестринин маалыматтар базасы колдонулган. Мазмунду талдоо, байкоо, салыштыруу, топтоо, рейтингдөө ыкмалары колдонулган.

    Азыркы учурда Кыргыз Республикасында антидепрессанттар тобундагы 24 дары-дармекке медициналык колдонууга расмий уруксат берилген. Өлкөгө антидепрессанттардын акчалай жөнөтүүлөрдүн максималдуу саны 2021-жылы 42 210 339 сомду же 496 523 АКШ долларын түзгөн. Антидепрессанттар тобунан сатуу лидерлерине амитриптиллин, пароксетин (рексетин®) жана эскиталопрам (севпрам®) дары-дармектери кирди. Изилдөө өлкөдө антидепрессанттардын физикалык жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөрдү аныктады.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • УПРАВЛЯЕМОЕ ПРОГРАММИРОВАННОЕ МЕДИКАМЕНТОЗНОЕ ЛЕЧЕНИЕ ОСТРОГО ДЕСТРУКТИВНОГО ПАНКРЕАТИТА

    Ж.А. Доскалиев, К.Р. Рустемова, С.К. Кожахметов, Ж.Г. Жалгасбаев, А.А. Гадылбеков, С.Т. Оразбаев
    22-31 35
    Аннотация

    Актуальность. Острый деструктивный панкреатит – это состояние, в ходе которого происходит сложный механизм развития, включающий несколько этапов. Осложнения, возникающие в результате воспаления в поджелудочной железе, могут включать в себя панкреатическую некротизирующую инфекцию, перитонит, абсцессы и системные воспалительные ответы, что может привести к множественной органной недостаточности и даже смерти. Понимание этого механизма развития подчеркивает важность своевременной диагностики и эффективного лечения, чтобы предотвратить тяжелые осложнения и улучшить прогноз для пациентов. Цель исследования. Основной целью было выяснить, может ли комбинация лекарственных веществ улучшить исходы при остром деструктивном панкреатите. Материалы и методы исследования. Разработана программа введения лекарственных веществ непосредственно в орган мишень, путем катетеризации селезеночной артерии. Проанализированы результаты лечения 144 пациентов с острым деструктивным панкреатитом, поступивших в 2020-2023 гг. в хирургическое отделение Городской многопрофильной больницы № 2 города Астана. Возраст больных от 30 до 63 лет. Было преобладание возрастной группы трудоспособного периода с 41 до 63 лет (81,9%). Мужчин было 86 (59,7%), женщин – 58 (40,3%). Результаты исследования. Отсутствие септических осложнений было отмечено у 42 из 72 пациентов в основной группе и у 36 из 72 пациентов в контрольной группе. Срочное хирургическое вмешательство потребовалось у 7 из 72 пациентов в основной группе и у 24 из 72 пациентов в контрольной группе. Уровень смертности составил 4 из 72 в основной группе и 8 из 72 в контрольной группе. Средняя продолжительность пребывания в стационаре была короче у пациентов основной группы. Вывод: исследование показало, что комбинация препаратов, выбранная нами более эффективна в профилактике септических осложнений и снижении смертности при ОДП, чем внутривенная терапия.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • CLINICAL OBSERVATION OF A 5-YEAR-OLD PATIENT WITH CHRONIC GRANULOMATOUS DISEASE ASSOCIATED WITH A MUTATION IN THE CYBB GENE

    N.A. Belykh, A.V. Zakharova, I.V. Pisnyur
    32-38 43
    Аннотация

    Chronic granulomatous disease is a congenital primary immunodeficiency caused by a genetic defect of phagocytosis, characterized by the inability of leukocytes to synthesize reactive oxygen species and phagocytize microorganisms due to a defect in the enzyme NADP oxidase, which leads to a high susceptibility of the patient to bacterial and fungal infections. The frequency of occurrence of this pathology ranges from 1:100 thousand to 1:200 thousand people. In about 60% of cases, the disease is inherited linked to the X chromosome, and in 40% it is autosomal recessive. The most common and frequently occurring form is X-linked chronic granulomatous disease caused by a mutation of the CYBB gene, which explains the significantly higher prevalence of the disease in males. Chronic granulomatous disease is characterized by recurrent infections of any organ (lungs, skin, liver, lymph nodes, urinary system, intestines) with the formation of inflammatory granulomas, abscesses and fistulas; the development of severe pneumonia with extensive damage to the lung tissue involving the pleura. The article presents data on the prevalence, clinical manifestations and treatment of chronic granulomatous disease, as well as own clinical observation of the course of this disease in a 5-year-old child. The difficulties of diagnosing a primary immunodeficiency condition in routine pediatric practice are described, when the pediatrician must include primary immunodeficiency in the differential diagnosis plan.

ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АЙЫКТЫРУУЧУ ТАМАКТАНУУ ГЛЮТЕН МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ООРУЛАРГА (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)

    С.С. Абазбекова, М.К. Эсенаманова, Ф.А. Кочкорова, Т.А. Цивинская, Р.М. Атамбаева
    39-47 32
    Аннотация

    Бул серепте биз глютен-ассоциацияланган ооруларга анализ жүргүздүк (целиак оорусу, буудайга аллергия, герпетиформалык дерматит, глютендик атаксия, глютенге целиак эмес сезгичтик). Адабий булактарды изилдөөнүн жүрүшүндө биз акыркы жылдары типтүү клиникалык көрүнүштөрдүн ордуна, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында глютен оорусунун жашыруун жана субклиникалык формалары менен ооругандарды табуу кеңири жайылгандыгын аныктадык. Буга байланыштуу бул ооруларда дарылоо тамак-ашын дайындоо зарылчылыгы келип чыгат, анткени бүгүнкү күндө аглютен диетасы (АГД) дарылоонун негизги ыкмасы болуп саналат. Маалыматтарга караганда, диетаны сактоо маанилүү азык заттардын жана витаминдердин жетишсиздиги, ошондой эле ичеги микробиотасынын бузулушу менен коштолушу мүмкүн. Ошентип, глютен менен байланышкан оорулар менен ооруган бейтаптар гастроэнтерологдордун жана диетологдордун медициналык көзөмөлүн талап кылышат, эгерде пациенттин негизги азык заттарга жана энергияга болгон жеке муктаждыгын эске алуу менен, ошондой эле кыйынчылыктар пайда болсо.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАНА БИШКЕК ШААРЫНДА ВИРУСТУК ГЕПАТИТ А ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫН БААЛОО

    З.О. Абдрахманова, З Ш. Нурматов, А.А. Зулпуева, С.Т. Суранбаев, Г.Ж. Саттарова
    48-55 34
    Аннотация

    Отчеттук маалыматтар боюнча 14 жашка чейинки ооруган балдардын үлүшү Бишкек шаарында вирустук А гепатитине чалдыгуунун жалпы түзүмүндө 74%ды, ал эми Кыргыз Республикасы (КР) 88%ды түздү. Кыргыз Республикасында оорунун жаш курагы боюнча эң жогорку деңгээли 3 жаштагы (835,0 100миң калкка) жана 4 жаштагы (868,0 100миң калкка) балдарда байкалат. Статистикалык көрсөткүчтөр 2018-жылы Бишкек шаарынын ҮМБ, 11 аймагында жашаган катталган калктын ичинен бардык курактык категориялардагы кадамдык тандоо боюнча тандалып алынган 995 адамды бозэпидемиологиялык изилдө менен тастыкталды. ВАГ антителолордун титри (Канда өздүк каражаттардык болунуш иммундук-ферменттик анализ методу менен изилдешкек (ИФА) ымыркай курагынан баштап аныкталат жана 10-14 жашка чейин 62% чейин жетет, андан ары жаш курактын өсүшү менен серопозитивдүүлөрдүн үлүшү параллелдүү өсөт. Жалпы ВАГнин преваленттүүлүгү 82,8%ды түздү.

  • КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАКТАРЫ БОЮНЧА ЖАНЫБАРЛАРДАН АЛЫНГАН АЗЫКТАРДАГЫ НЕГИЗГИ МАКРОНУТРИЕНТТЕРДИ ИЗИЛДӨӨНҮН АНАЛИЗИ

    А.М. Аксупова, М.К. Эсенаманова, Р.М. Атамбаева, Ф.А. Кочкорова
    56-61 17
    Аннотация

    Макалада Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында тандалган негизги макронутриенттердин (белоктар жана майлар) курамына жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарын изилдөөнүн жыйынтыктары берилген. Бул изилдөөлөр Кыргыз Республикасындагы тамак-аш азыктарынын химиялык курамы боюнча маалымат базасын түзүүгө багытталган жана «Тест-Экспертиза» окуу-консалтинг борбору тарабынан жүргүзүлгөн. Бул изилдөөлөр Азиянын Азык-түлүк жана Айыл чарба Кызматташтыгынын Демилгеси (AFACI), Айылды өнүктүрүү башкармалыгы, Корея Республикасы тарабынан колдоого алынган. Россия Федерациясынын Илимдер академиясынын Тамактануу институтунун россиялык окумуштууларынын маалыматтары менен Кыргыз Республикасынын аймактарынан алынган эт жана сүт азыктарында макронутриенттердин
    камтылышынын салыштырма сыпаттамасы берилген. Изилдөөнүн максаты: Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан алынган эт жана сүт азыктарындагы макронутриенттердин иш жүзүндөгү камтылышын талдоо жана алардын камтылышына Россиянын Федерациясынын Илимдер академиясынын Тамактануу институтунун россиялык окумуштууларынын маалыматтары менен салыштырма сыпаттама берүү. Материалдар жана
    ыкмалар. Төмөнкү тамак-аш азыктарынын курамындагы белоктун жана майдын курамы изилденген: Кыргыз Республикасынын беш облусунан алынган эт жана сүт. Изилдөөлөр Kъельдаль UK-4005 жана Сокслет аппараттарын колдонуу менен жалпы кабыл алынган ыкмаларды колдонуу менен жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн натыйжалары. Кыргыз Республикасынын калкынын тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүндөгү белоктун жана
    майдын курамы боюнча берилген жыйынтыктар. Корутунду. Изилдөөнүн салыштырма талдоосу көрсөткөндөй, толук протеиндин жогорку мазмуну бар биологиялык баалуу продуктылар бардык эт азыктары (уй, козу, жылкы, тоок), сүт азыктарынын ичинен сары май (72% май) өлкөнүн ар кайсы аймактарынан алынган. Кыргыз Республикасы.

  • ЖЕРГИЛИКТҮҮ АНЕСТЕТИКТЕРГЕ ДАРЫ АЛЛЕРГИЯСЫНДА ЦИТОКИНДЕРДИН ПРОФИЛИ

    А.Д. Алымкулова, К.А. Айтбаев, А.Э. Мергенов
    62-66 15
    Аннотация

    Биз цитокиндердин сезгенүүнү жогорулаткан жана сезгенүүгө каршы туруштук берген цитокиндердин таасирин тиш оорусунда колдонулуучу жергиликтүү анестетиктерге жогорку сезгичтиги бар 42 бейтапты изилдедик. Ошондой эле чаңчаларга тамак - аш жана курт- кумурскага сыяктуу аллергиянын башка түрлөрүнө сезгичтиги бар бейтаптардын болушуна изилдөөдө жол берилген . Кандын суюктугундагы ИЛ-4 жана ИФН-γ цитокиндеринин концентрациясын аныктоо иммуноферменттик анализ (ИФA) аркылуу ишке ашырылган. Бейтаптар бир эле учурда бир нече түрдөгү аллергенге аллергиясы бар экени аныкталды: тамак-аш менен айкалышкан дарылык, чаңча менен айкалышкан дарылык жана чаңча жана тамак-аш менен бирге дарылык аллергиясы. Изилдөөнүн натыйжасында интерферондордун кысылышы жана дары аллергиясы менен чанча аллергиясын кошпогондо, аллергиянын калган баардык түрлөрүндө ИЛ - 4 азайгандыгы аныкталган.

  • МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН КҮН ТАРТИБИНДЕ УЙКУНУН МААНИСИ (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)

    Ж.А. Аманова, Р.М. Атамбаева
    67-71 21
    Аннотация

    Мектепке чейинки балдардын күн тартибинде уйку алардын ден соолугуна таасир этүүчү маанилүү аспектилердин бири болуп саналат. Бул изилдөө мектепке чейинки мекемелерде балдардын күн тартибинде уктоонун маанилүүлүгү жөнүндө илимий маалыматтарды жалпылоо максатында жүргүзүлдү. Макалада акыркы беш жылдын ичинде балдар билим берүү мекемелериндеги мектепке чейинки балдардын уктоо режимин талдоонун жыйынтыгы келтирилген. Изилдөө «уйку», «күн тартиби», «күндүзгү уйку», «балдар», «мектепке чейинки жаш курак», «мектепке чейинки билим берүү мекемелер» ж.б. сөз жана алардын айкалыштарын заманбап “Google Scholar”, PubMed.gov, e-library, Wiley маалымат базаларынан издөө аркылуу жүргүзүлдү. Илимий-изилдөө жумуштарын кылдат талдап чыгуунун натый-жасында бул темадагы изилдөөлөр ар түрдүү өлкөлөрдүн, ошондой эле биздин республикабыздын окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөндүгүн көрсөттү. Бирок, бул маселе дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да актуалдуу бойдон калууда. Себеби, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин күн тартибинде күндүзгү уйку өзүнчө маанилүү компоненти катары жетиштүү изилдене элек.

  • КЫРГЫЗСТАНДА АИВтин ПАРЕНТЕРАЛДЫК ЖАНА ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН БЕРИЛИШИНИН МААНИСИНЕ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК БАА БЕРҮҮ

    Д.А. Байызбекова, А.У. Исакова, А. Кубатова, А.Д. Исмаилова, А.Ш. Карагулова
    72-79 18
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты Кыргызстанда АИВтин парентералдык жана жыныстык жол менен берилишинин маанисине эпидемиологиялык баа берүү болгон. Материалдар жана ыкмасы. Талдоо жүргүзүү үчүн КР ССМ кан менен жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун АИВ учуруна көзөмөлдүн электрондук тутумунун маалыматтары колдонулду. Натыйжасы жана талкуу. АИВ-инфекциясынын жугуу жолдорун ретроспективдүү талдоо көрсөткөндөй, акыркы жылдары жаңы учурлардын арасында инъекциялык баңги затын колдонуучулар эмес, жыныстык катнаш аркылуу жуккан адамдар көбүрөөк катталат. АИВтин жаңы учурларын каттоо көбөйүүдө. АИВтин жаңы учурларынын эң көп саны 2018-жылы катталган (818 учур же 100 000 калкка 12,8). Белгилүү өсүш тенденциясы жыл сайын өсүү темпи менен баңги заттарын ийне аркылуу колдонбогон АИВ менен жабыркаган адамдардын каттоосу менен байланыштуу (Тприроста= +9,8 %). Ал эми баңги заттарын ийне аркылуу колдонуучу АИВ менен жабыркаган адамдардын жаңы учурларын каттоонун төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө (Тснижения= - 5,8 % в год). Негизинен БЗИАК эркектер болгондуктан, 2014-жылга оорунун жыныстык жол менен жугуусуна краганда парентералдык жол менен жугуу басымдуулук кылган. Бирок, 2015-жылдан баштап эркектерде АИВ-инфекциясын кан аркылуу жугузуп алуусу 45%дан 3%га чейин төмөндөгөн (2022 г). Республикада АИВ-инфекциясынын эпидемиясына байкоо жүргүзүүнүн бардык мезгилинде баңги затын ийне аркылуу колдонгон аялдарда да жыныстык жол менен жугуу басымдуулук кылганына карабастан, акыркы жылдары парентералдык жугуу жолдун үлүшү да азайган. Алардын басымдуу бөлүгү 18-49 жаштагы активдүү репродуктивдүү куракта экени кырдаалды курчутат. Жыйынтыгы. Жаштардын аярлуу топко же жалпы калкка кирээрине крабастан, аларга алдын алуу программаларынын артыкчылыктуулугун кайра карап чыгуу керек.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЛКЫНЫН Д ВИТАМИНИ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШУНА БАА БЕРҮҮ

    А.И. Буюклянов, Р.М. Атамбаева, М.К. Эсенаманова, Ф.А. Кочкорова
    80-88 18
    Аннотация

    Актуалдуулук. Организмдин иммундук жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштешинде, ошондой эле ар кандай физиологиялык процесстерде, анын ичинде клетканын өсүшүндө жана нерв-булчуң өткөрүмүндө D витамининин маанилүү ролу белгилүү. Организмде анын жетишсиздиги инфекциялык, жүрөк-кан тамыр, рак жана башка оорулардын пайда болуу коркунучун жаратат. Ушуга байланыштуу Д витамининин жетишсиздиги
    дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы коомдук саламаттыкты сактоонун актуалдуу көйгөйү болуп саналат. Изилдөөнүн максаты: Кыргыз Республикасынын калкынын ар кандай топторун мезгил боюнча витамин D менен камсыз кылуу деңгээлин изилдөө. Материалдар жана ыкмалар. Гемотест лабораториясы 2019-жылдын январынан 2023- жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген 6274 адамдардын организминин D витамини менен камсыздалышын изилдөөгө талдоо жүргүзгөн. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн электрохемилюминесценттик иммуноанализ (ECLIA) ыкмасы колдонулган. Натыйжалары: Д витамининин (деңгээлинин) жынысы, жыл боюнча
    жана Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча натыйжалары келтирилген. Корутундулар. Изилдөөнү талдоо көрсөткөндөй, бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча суралгандардын 35,48%ы гана Д витамининин адекваттуу деңгээлине ээ. Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында), негизинен аялдар жана өспүрүмдөр көбүрөөк.

  • БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ БАКТЕРИАЛДЫК МЕНИНГИТ ООРУСУНУН 2000-2023-жж. ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ

    М.Б. Кайкиева, М.К. Уралиева, А.Б. Рыскулбекова, К.У. Кундашев, К.А. Ногойбаева
    89-94 16
    Аннотация

    Макалада 2000-2023-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын калкынын бактериалдык менингит оорусуна эпидемиологиялык анализдин жыйынттыгы берилген. Коп жылдык динамика менингиттин эки жолку көтөрүлүшү жана 2022 жылга салыштырмалуу оорунун өсүшү менен мүнөздөлөт. Оорунун мезгилдүүлүгү кыш-жаз мезгилине туура келет. Тобокел тобун 14 жашка чейинки балдар тузгон, ошондой эле жашы өткөн жана кары адамдар дагы ооруга кириптер болгон. Менингиттин эң көп катталганы жана 2023 жылы оорунун көбөйгөнү Бишкектин Первомай районунда байкалган. Бишкек шаарында менингит менен ооругандардын гендердик бөлүштүрүлүшү эркектердин басымдуу экенин көрсөтүп турат. Леталдуулук көрсөткүчү 2022 жана 2023 жылдары 9,6% түздү.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА БӨЛҮНҮП АЛЫНГАН БРУЦЕЛЛА ШТАММДАРЫ БОЮНЧА САЛЫШТЫРМА МҮНӨЗДӨМӨ

    Ж.С. Казыбаева, К.Б. Бектурдиев, К. Кыдышов, З.Ш. Нурматов
    95-99 10
    Аннотация

    Макалада Кыргыз Республикасынын аймагында бруцелла штаммдарынын адамдар жана айыл чарба жаныбарларынын арасында таралышы боюнча маалыматтар келтирилген. Ар кайсы авторлор тарабынан жүргүзүлгөн молекулярдык-генетикалык анализдердин натыйжалары боюнча адамдардан бөлүнүп алынган бруцеллалар B. melitensis түрүнө гана таандык экени аныкталды, айыл чарба жаныбарларынан бөлүнүп алынган изоляттар бруцелланын эки түрүнүн тең циркуляция болуп жатканын көрсөттү. Кой эчкилерден алынган 443 штаммдын 427си (96,3%) B. melitensis жана 16 (3,6%) штамм B. abortus катары аныкталган. Ийри мүйүздүү малдан алынган бруцелланын 30 штаммынын түрү боюнча 11 (37%) B. abortus жана 19 үлгү (63%) B. melitensis катары классификацияланды. Ошондой эле B. melitensis бодо малга жана B. abortus кой эчкилерге миграция болору жөнүндө маалыматтар берилди. Ал эми адамдардан бөлүнүп алынган толук геном тизмегинин натыйжалары боюнча B. melitensis түрү аныкталды жана бруцеллездун козгогучунун штаммдары Түркмөнстан, Туркия, Ирандын штаммдарына эң көп окшоштугу бар Чыгыш Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрүндө жүргөн штаммдары менен бирдей экендигин көрсөттү.

  • МУЗЫКАЛЫКМЕКТЕП-ИНТЕРНАТТЫН ЖАНА ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙДЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ДЕНСООЛУГУН КОРГОО: ТАМАКТАНУУ ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮ ТАЛДОО

    И.Б. Керимбаева, М.К. Эсенаманова
    100-107 10
    Аннотация

    Өсүү жана өнүгүү процессии болгон физикалык өнүгүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугунун эң маанилүү жана жагымдуу көрсөткүчү болуп эсептелет. Балдардын өнүгүүсүнө жана ден соолугуна таасир этүүчү факторлордун арасында саны жана сапаты боюнча физиологиялык муктаждыктарга жооп берген дени сак жана тең салмактуу тамактануу маанилүү ролду ойнойт. Бул жагынан алып караганда, биздин изилдөөнүн максаты изилдөө жана музыкалык мектеп -  интернатынын жана балетмейстср мектеп окуучуларынын дене тарбия жана тамактануу салыштыруу болгон.
    Музыкалык мектеп-интернатта жана хореографиялык окуу жайда 10-17 жаш курактагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене-бой өнүгүүсүн изилдөө стандарттуу өлчөөчү приборлорду колдонуу менен бирдейлештирилген методика боюнча антропометриялык маалыматтарды пайдалануу менен жүргүзүлдү. Физикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн баалоо үчүн ДССУ (2007) сунуш кылган ченемдерди колдонуу менен физикалык өнүгүүнүн регионалдык стандарттары жана Кетле индекси (БМИ) колдонулган. Эсептөө ыкмасы колдонулган тамак-аш рационун баалоо үчүн. Табылгалар андан кийин балдар жана өспүрүмдөр үчүн сунушталган тамак-аш жана энергия керектөө ченемдери менен салыштырылды.
    Жыйынтыктар физикалык өнүгүүнүн орточо көрсөткүчтөрү кадимки ырааттуу өнүгүүгө дал келерин көрсөтүп турат. Бирок, балдардын тамак-аш изилдөө дене салмагынын индекси (ими) жана физикалык өнүгүүсүнө таасир этиши мүмкүн белок, май жана карбонгидрат боюнча сунуш кылынган нормалардан четтөөлөрдү белгилейт. Бул жыйынтыктар диетаны оптималдаштыруу жана булл билим берүү мекемелеринде окуучулардын ден соолугун сактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн негиз боло алат.

  • КАРЫЛАРДЫН ДЕН-СООЛУГУН САКТООДО ЖАНА ЧЫҢДООДО ТАМАКТАНУУНУН РОЛУ (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)

    Ф.А. Кочкорова, Э.Дж. Сомкулова
    108-116 22
    Аннотация

    Карылардын жана улгайган адамдардын ден соолугун сактоо проблемасы 60 жаштан ашкан дүйнө калкынын үлүшүнүн өсүшү менен өзгөчө мааниге ээ. Макалада тамакаш өзгөчөлүктөрү, тамактануу колдоо, улгайган жана улгайган курактагы адамдардын тамакаш куруу өзгөчөлүктөрү жөнүндө жалпыланган колдо болгон адабий маалыматтар, улам жаш курагына, алардын организминде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен берилет. Рационалдуу эмес тамактануу жүрөк-кан тамыр оорулары, метаболизм синдрому, семирүү, 2- типтеги кант диабети, анемия, цереброваскулярдык бузулуулар, мээ кан айлануусунун курч бузулушу, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, залалдуу шишиктер жана башкалар үчүн олуттуу коркунуч фактору болуп саналаарына көңүл бурулат. Улгайган адамдардын тамак-аш рационун оптималдаштыруу алардын тамак-аш статусунун бузулушун оңдоонун, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун жана реабилитациялоонун, демек, эрте картаюунун алдын алуунун багыттарынын бири катары каралышы керек. Мындан тышкары, карыганда тамактануу фактору геропротекция фактору болуп саналат, карылык процессин эскертет же жайлатат, татаалдашуунун өнүгүшү, жашоонун негизги категорияларынын бузулушу, демек, эрте картаюунун алдын алуу каражаты болуп саналат.

  • КЫРГЫЗДАРДЫН ТАМАК МАДАНИЯТЫНЫН ЖАНА УЛУТТУК АШКАНАСЫНЫН ӨЗГӨЧҮЛӨРҮ (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)

    Ф.А. Кочкорова, М.К. Эсенаманова, Э.Дж. Сомкулова
    117-124 17
    Аннотация

    Тамактануунун улуттук каада-салттары, айрыкча азык-түлүк топтомунун структурасы башка улуттардыкынан алынууга, сырттан таасир этүүгө, жаңыланууларга оңой шарттар түзүлөт. Ошондуктан бул иштин максаты улуттук, ырым-жырым, жаратылышклиматтык жана башка шарттарды эске алуу менен кыргыздардын тамак-аш маданиятынын тарыхый калыптанган салттарын изилдөө болгон. Сереп макалада кыргыздардын тамак-аш жана азык-түлүк топтомунун өзгөчөлүгү жөнүндө көптөгөн окумуштуулардын кыскача тарыхый маалыматтары берилген. Кыргыз ашканасынын негизин ун, сүт жана эт тамактары түзгөн. Орус-украин калкынын таасири астында Ысык-Көл регионунун жашоочуларынын тамак-аш системасына куурдак, борщ, манты, картошка тамактары жана үй канаттууларынын этинен жасалган тамактар кирген. Ош облусунун тургундарынын суткалык рационуна негизинен кыргыз жана өзбек салттуу тамак-аш системасына мүнөздүү тамактар кирген. Бул эттен жасалган түрдүү тамактар - шорпо, палоо, кесме, лагман, манты, оромо, мастава ж.б. Ошол эле учурда Нарын регионунун калкынын рационунда кесме, гүлчатай, беш бармак кошулган эт тамактары басымдуулук кылып, жана шорпо, лагман, манты, оромо кеңири таралган. Макалада салттуу кыргыз тамак-ашына ун, сүт, эт тамактары жана дан өсүмдүктөрү кошулган тамактар мүнөздүү экенин көрсөткөн адабий анализдин негизинде изилдөөнүн жыйынтыктары берилген.

  • 2020-2022-ЖЫЛДАРЫ БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КОРОНАВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯНЫН ЭПИДЕМИЯСЫ ЖАНА АНЫН ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН СТРУКТУРАСЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    К.У. Кундашев, А.Б. Рыскулбекова, А.А. Насырынбекова, В.С. Тойгомбаева
    125-130 10
    Аннотация

    Коронавирус инфекция пандемиясы ооруунун санынын өсүшү, өлүмдүн жогорку деңгээли жана социалдык-экономикалык кыйроо менен мүнөздөлдү. Вирустун чыгышы биринчи жолу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталган. 2020-жылдын 30-январында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемияны эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жана 11-мартта пандемия деп жарыялаган. Дүйнө жүзү боюнча 770 миллиондон ашык учур катталып, 6.9 миллиондон ашуун адам өлүмү тастыкталып COVID-19 пандемиясы тарыхтагы эң өлүмгө учурагандардын бири болуп калды.
    Макалада Бишкек шаарындагы коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү талкууланды. 2020-2022-жылдардагы эпидемия мезгилиндеги оорулардын динамикасы, жаш курагы жана контингенттер боюнча таралышы, очоктук таралуусу келтирилген. Ошондой эле коронавирус инфекциясынын Бишкек шаарындагы жугуштуу ооруларды каттоого тийгизген таасири боюнча маалымат берилди.

  • БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЭХИНОКОККОЗ ООРУСУНУН 2012-2022-ЖЖ. ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ

    К.У. Кундашев, А.Б. Рыскулбекова, Г.Т. Орокчиева, К.Э. Эркинбаева
    131-136 14
    Аннотация

    Макалада 2012-2022-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын калкынын эхинококкоз оорусуна эпидемиологиялык анализинин жыйынтыгы берилген. Эхинококкоз оорусунун узак мөөнөттүү динамикасы төмөндөө тенденциясына ээ. Эхинококкоз оорусу 14 жаштагы балдарда катталып, озгочо коркунуч туудурат, 2021-жылы-23%, ал эми 2022-жылы 21,6%. Оорунун санынын кобойушу эпизоотологиялык кырдаалдын начарлашын далилдейт. Эхинококкоз оорусу баардык кесиптин ээлеринде катталган, озгочо иштебеген адамдар коп оорушат-52,5%ды тузду, ошондой эле мектеп жаштагы балдарда коп катталган. (22,2%). Тобокел тобуна 20-50 жаштагылар жана иштебеген калк кирди. Эхинококкоз оруусу Бишкек шаарынын Ленин районунда көп катталып, ал эми адамдын органында жайгашуусу боюнча боордун эхинококкоз кистасы менен көбурөк жабыркашкан.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОШ ОБЛУСУНУН КАЛКЫНЫН АРАСЫНДА ЭХИНОКОККОЗ ООРУЛАРЫ МЕНЕН ЖАБЫРКАШЫНА ЖАНА ЖҮРҮМ-ТУРУМ ТОБОКЕЛДИК ФАКТОРЛОРУНА БАА БЕРҮҮ

    К.М. Раимкулов, В.С. Тойгомбаева, О.Т. Куттубаев, А.Э. Мергенов
    137-145 16
    Аннотация

    Бул макалада Кыргыз Республикасындагы (КР) Ош облусунун 7 районунун калкынын (8823 адам) арасында эхинококкоз ооруларынын деңгээлин аныктоо максатында каралуучу спецификалык антителолордун бар-жоктугунун, сурамжылоонун, ультра үн (УЗИ) жана иммуноферменттик анализдин (ИФА) изилдөөлөрүнүн жана жүрүм-турумдук тобокелдик факторлорунун жыйынтыктары талкууланат. ИФАнын жыйынтыгы боюнча 12,0 ± 0,3% (1060) жана УЗИде 8,0 ± 0,4% оң (703) жыйынтыктар алынды. Көбүрөөк альвеококкоз оорусу УЗИ менен да – 334 ± 0,3% (3,78%), ИФА менен да 74,3 ± 0,4% (788) аныкталган. Эң эндемикалык аймак бул Алай району болуп чыкты, анда текшерилген 1535 адамдардын ичинен оорулууларынын деңгээли – 50,2 ± 0,9%ды (771) түздү, тобокелдүүлүк тобуна 14 жашка чейинки балдар да кирген – 74,3 ± 0,4% (788). Эхинококкоздун очокторунун пайда болушуна жана сакталышына: калктын үй жаныбарларын багуу эрежелеринин сакталбагандыгы, респонденттердин 83%ы иттерди ээн-эркин бош багуусу, 85%ы иттердин заңын тазалабоосу, чоңдордун 57%ы иттер менен байланышта болушу жана балдардын 63%ы алар менен ойногондугу эсептелет. Респонденттердин 49%ы гана ветеринардын кызматка кайрылат жана төмөнкүдөй иттерди мите курттан арылуу иш-чараларын жүргүзүшөт: 70%ы жылына бир жолу, 20%ы жылына 2, 3 жана сейрек болсо 4 жолу гана жасашат.

  • БИШКЕК ШААРЫНДА 2012-ЖЫЛДАН 2023-ЖЫЛГА ЧЕЙИН БЕЙТАПТА АР КАНДАЙ ЭТИОЛОГИЯДАГЫ МЕНИНГИТТИ КАЙТАЛАП КАТТОО ПРАКТИКАСЫНАН БИР ОКУЯ

    А.Б. Рыскулбекова, М.К. Уралиева, Р.Т. Чыналиева
    146-149 9
    Аннотация

    Макалада 2012-жылдан 2023-жылга чейин Бишкек шаарында ар кандай этиологиядагы менингитти бир нече жолу каттаган бейтапка карата эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы берилген. Эпидемиологиялык иликтөөдө бала 8 жолу менингит менен ооруганы аныкталган. 2011-жылы август айында маңдай, самай жана желке сөөктөрү сынып, баш мээсине травма алган. Субарахноидалдык кан куюлуу. 2019-жылдын март айында бейтапка Москвада операция жасалган. 2012-жылдан 2023-жылга чейин бейтап менингит менен жабыркаган.

  • БИШКЕК ШААРЫНЫН ӨСПҮРҮМДӨРҮ АРАСЫНДА ТАМЕКИ ЧЕГҮҮНҮН ТАРАЛЫШЫ

    Ж.С. Сыдыков, И.Б. Керимбаева, Ж.А. Аманова
    150-155 13
    Аннотация

    Азыркы шартта балдар жана өспүрүмдөр арасында, аныни чинде Кыргызстанда оорулардын көбөйүшү байкалууда. Изилдөө жогорку класстын окуучулары арасында тамеки тартуунун таралышын изилдөөгө, тамеки тартууга түрткү болгон себептерди аныктоого жана мектеп окуучуларынын тамекинин организмге тийгизген зыянын баалоо деңгээлин баалоого багытталган.
    Максатка жетүү үчүн 318 мектеп окуучусуна сурамжылоо жүргүзүлдү. Анын тамеки тартуу маселелери боюнча сурамжыланган ыкмалары, тамеки чегүүнүн жыштыгы жана саны, тамеки чеккендерге алардын катышуусунда жана тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндө маалымат булактарын көрсөтүшкөн.
    Изилдөөнүн натыйжалары жогорку класстын окуучуларынын арасында тамеки чегүүнүн жогорку деңгээлин көрсөттү (25%). Өспүрүмдөрдүн тамеки тартуусуна көмөктөшүүчү негизги фактор-жакындарынын тамеки чегүүсүнүн таралышы (айрыкча кыздар арасында жогору). Сурамжылоого катышкан айрым студенттер организмге тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндө жетиштүү билишпейт.

  • ГИГИЕНИЧЕСКАЯ ОЦЕНКА КАЧЕСТВА ПОЧВЫ г. ТАШКЕНТ

    Г.Ф. Шеркузиева, Ф.И. Саломова
    156-160 18
    Аннотация

    Перечни основных источников загрязнения почвы на территории Узбекистана определяются комплексом народнохозяйственных, социально-экономических, почвенно- климатических и санитарно-гигиенических местных условий, сложившихся в связи с особенностями развития сельского хозяйства и промышленности, организации санитарной очистки населенных мест республики. Современное состояние почвы вызывает тревогу потому, что за последние 30-50 лет почва подверглась засолению, водной и ветровой эрозии, загрязнению тяжелыми металлами, фторидами и агрохимикатами. Особое значение придается вопросам охраны земель сельскохозяйственного назначения и охране почв населенных мест. Целью исследования явилась гигиеническая оценка санитарного состояния почвы в различных регионах г. Ташкент. Материалы и методы. Для изучения санитарного состояния почвы отобраны пробы из следующих 4-х точек г. Ташкент: почва из мест производство растениеводческих продукций; почва из территории промышленных предприятий; почва в зоне влияния промышленных предприятий и транспортных магистралей; почва из селитебной зоны, в том числе из территорий детских учреждений и детских площадок. Проведены исследования на содержание в почве пестицидов, солей тяжелых металлов, радиоактивных веществ, и бактериологические показатели по общепринятым методам. Результаты исследования: представлены результаты исследования санитарного состояния почвы в различных регионах г. Ташкент. Выводы. Большинство отобранных проб почвы по бактериологическим показателям не соответствовали гигиеническим требованиям. Остальные показатели - количество содержания пестицидов, солей тяжелых металлов и радиоактивных веществ, количество гельминтов во всех пробах почвы соответствовали гигиеническим требованиям.

ЮБИЛЕЙЛЕР ЖАНА ЭСТЕН ЧЫКПАС ДАТАЛАР

  • И.К.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН «МЕДИЦИНАЛЫК АЛДЫН АЛУУ ИШИ» ФАКУЛЬТЕТИНЕ 70 ЖЫЛ!

    Р.М. Атамбаева, М.К. Эсенаманова, В.С. Тойгомбаева, А.А. Бурабаева, Ф.А. Кочкорова
    161-168 11
    Аннотация

    Кыргызстанда октябрдык революцияга чейинки мезгилде калктуу пункттардын санитардык абалын жакшыртуу, калктын санитардык маданиятын жогорулатуу, экономикалык жана демографиялык оор кесепеттерге алып келген эпидемияга каршы күрөштү уюштуруу маселелерин чечүүчү мамлекеттик орган болгон эмес. Калктын эмгек жана турмуш-тиричилик шарттары да өтө канааттандырарлык эмес бойдон калган. Совет бийлиги орногондон кийин гана санитардык-эпидемиологиялык кызмат мамлекеттик медициналык иштин бир формасы, жугуштуу оорулардын алдын алууга жана өлкөнүн санитардык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын системасы катары пайда болуп, өнүккөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун санитардык-гигиеналык факультети 1953-жылы уюштурулуп, анда биринчи 77 бүтүрүүчү болуп аяктаган. Акыркы 70 жылдын ичинде факультет өлкөнүн алдын алуу иши тармагынын негизин түзгөн 3000ден ашык квалификациялуу адистерди даярдаган.

  • И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАнын «МЕДИЦИНАЛЫК АЛДЫН АЛУУ ИШИ» ФАКУЛЬТЕТИНИН АЧЫЛЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ

    Г.О. Бапалиева
    169-173 12
    Аннотация

    Берилген илимий макалада И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынынын түзүмдүк курамында «Медициналык алдын алуу иши» факультетинин пайда болуу, калыптануу жана өнүгүү тарыхы боюнча жүргүзүлгөн кеңири изилдөө анализинин жыйынтыгы көрсөтүлдү. Бул макала аркылуу автор жогоруда аталган факультеттин тарыхый аспекттерин тереңирээк иликтеп чыгып, анын түзүлүү жана өнүгүүсүнүн негизги себептерин көрсөтүүгө аракет кылды. Мындан сырткары макалада адистикке өзгөчө көңүл бурулуп, анын коомдук саламаттык сактоо системасындагы маанилүү ролун жана ордун ачып көрсөтүүгө мүмкүн болду.
    Ошондой эле изилденген маалыматтар аталган «Медициналык алдын алуу иши» факультетинин өнүгүүсүнүн тарыхый контекстин жана аны менен бирге коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы маанисин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берип, ага карата кошумча маалымат катары айтылган факультеттин өнүгүүсүнүн тарыхый аспекттери, анын республика боюнча саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы тууралуу түшүнүктү кеңейтет.
    Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (КР БМА) жана И.К.Ахунбаев атындагы КГМАнын архиви тарабынан алынган буйруктар, токтомдор, отчеттор, жоболор жана статистикалык маалыматтар сыяктуу ар түрдүү документтерди кылдат талдоого таянган.