Том 1 № 1 (2009): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-02-17

Бардык чыгарылыштар

ТАРЫХТЫН СУРООЛОРУ

  • КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН ТАРЫХЫНАН ОЧЕРК

    А.З. Зурдинов , К.Б. Ырысов , К.У Акынбеков, С.М. Урманбетова
    7-9 9
    Аннотация

    Бул иште И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын калыптануу жана өнүгүү тарыхы чагылдырылган. Авторлор медициналык ЖОЖдун өнүгүү жолдору жана көрүнүктүү илимпоз-медиктер даярдаган көптөгөн жогорку квалификациядагы врачтар жөнүндө кыскача айтып берүүгө аракет кылышкан.

  • ИСТОРИЯ ОТКРЫТИЯ И ОРГАНИЗАЦИИ РАБОТЫ ПЕРВОГО МЕДИЦИНСКОГО ВУЗа В КАЗАХСТАНЕ (30-е ГОДЫ)

    А.А. Аканов , А.С. Саятова , P.P. Юсупов
    10-12 7
    Аннотация

    Историческим шагом стало Постановление СНК РСФСР от 10 июля 1930 года, где было впервые указано о наборе абитуриентов в КазГМИ. Директором нового вуза стал крупный госу­дарственный деятель проф. С.Д. Асфендияров, который приступил к обязанностям 2 декабря 1930 года. Подготовительные занятия 255 студентов начались с 1 февраля. Среди первокурсников было 51,9 % казахов, 11,4% лиц восточных национальностей, 36,7 % русских. К 1934 году штат ППС стал полностью укомплектован, но материально-техническая база вуза оставалась чрезвы­чайно слабой. В 1936 году состоялся первый выпуск врачей (66 человек).

  • КАФЕДРАНЫН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ ЖАНА БҮГҮНКҮ КҮНҮ

    Д.А. Алымкулов , Р.Д. Алымкулов , Г.М. Саралипова , С.С. Исраилова , Дж.К. Сманова , К.Б. Абдылдабекова
    13-15 9
    Аннотация

    Макалада кафедранын уюштурулган тарыхы, илимий иштери жана бүгүнкү күндөгү ахвалы берилет.

  • КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫНЫН СОТТУК МЕДИЦИНА КАФЕДРАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ

    М.Ш. Мукашев, Н.К. Исмаилов , Б.Н. Айтмырзаев
    41--43 7
    Аннотация

    Макалада КММАнын соттук медицина кафедрасынын түзүлүү жана өнүгүү тарыхы, анын илимий багыты тууралуу маалыматтар берилет.

  • КММАНЫН ГОСПИТАЛДЫК ТЕРАПИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА ИШИ

    Н.Н. Бримкулов , А.Р. Раимжанов , А.Ш. Курумшиева , Т.К. Мергенбаева , О.В. Лобанченко , О.А. Джакыпбаев
    19-22 24
    Аннотация

    Бул баяндамада И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун госпиталдык терапия, кесиптик жана кан оорулар кафедрасынын тарыхы жана кафедранын 70 жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтылган. Кыргыз мамтекеттик
    медициналык институтунун (КММИ) госпиталдык терапия кафедрасы 1941 жылы Улуу атамекендик согуш учурунда Кыргыз ССРнын Фрунзе шаарына Харьков жана Ленинград шаарларынан эвакуацияланган окумуштуулардын катышуусунда уюштурулган. Ошондой эле баяндамада 70 жыл ичиндеги кафедрада иштеген окумуштуулардын саламаттык сактоо кадрларын даярдоодогу, медициналык илим жана билим берүүсүнө кошкон чоң салымдары жөнүндө айтылат.

  • КЕСЕПТИК ООРУУ КЛИНИКАСЫ ЖАНА КУРСУ

    Ч.К. Чонбашева, Ч.Т. Сулайманова
    23-26 7
    Аннотация

    Кесиптик оору клиникасы жана курсу жонундо баяндама.

  • ДОЦЕНТСКИЙ КУРС ГЕМАТОЛОГИИ - ОСНОВА СОЗДАНИЯ КЫРГЫЗСКОГО НАУЧНОГО ЦЕНТРА ГЕМАТОЛОГИИ

    А.Р. Раимжанов , О.А. Джакыпбаев
    27-31 7
    Аннотация

    Макалада Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ички оорулар кафедрасынын гематология доценттик курсунун негизинде тузулген гематология илимий борборунун басып еткон жолдору жана келечеги чагылдырылган.

  • КММАнын КЛИНИКАЛЫК ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ПСИХИАТРИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ОНУУГУ ТАРЫХЫ

    Т.М. Кадырова , А.С. Ким
    32-35 33
    Аннотация

    Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун алдындагы психиатрия кафедрасынын тарыхы 1942 - жылы башталган. Анын өнүгүшүнүн тарыхынан көрүнүктүү клиницист профессорлор Н.В.Канторовичтин, А.И.Дурандинанын жана В.З.Соложенкиндин ишмердиги жана илимий мурастары менен байланышкан маанилуу үч мезгилди бөлүп көрсөтүүгө болот. Психиатрия кафедрасы бардык мезгилде психикалык ден - соолукту коргоо тармагында адистерди даярдоодо илимий -агартуучулук, усулдук жана дарылоо диагностикалык борбор болгон жана болуп кала берет. Кафедранын тарыхында анын негиз салуучулары түптөгөн кызматкерлерзш бир нече мууиу жана салт санаалары алмашкан менен терең изин калтырды.

  • РОЛЬ ПРОФЕССОРА С.К.КОЖОКМАТОВА В ФОРМИРОВАНИИ ТРАВМАТОЛОГИЧЕСКОЙ ШКОЛЫ В КЫРГЫЗСТАНЕ

    Г.С. Кожакматова
    36-37 8
    Аннотация

    Профессор Кожокматов Сатынды Кожокматович начал свою трудовую деятельность в шахтерском горо­де Сулюкта, Ляйлякского района, Ошской области, как хирург общего профиля. Много лет он заведовал хи­рургическим отделением, выполняя сложнейшие опера­ции на грудной и брюшной полостях. Выезжал на все вызовы, оказывая помощь и урологическим, и гинеко­логическим больным. Он же был и анестезиологом, впервые в г. Сулюкта внедряет эндотрахеальный нар­коз. Среди хирургических больных в отделении все же доминировали больные с повреждениями костей опор­но-двигательного аппарата, которые требовали особого внимания, знания, умения вовремя соориентироваться в обстановке и принять соответствующее решение. При­ходилось неоднократно спускаться в шахту, изучать обстановку под землей, выявлять причинные факторы травматизма при авариях, обвалах и т.д.

  • КАДИМКИ ФИЗИОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ӨНҮГҮҮ ЭТАПТАРЫ

    И.Е. Кононец
    38-40 9
    Аннотация

    Статьяда  кафедра  башчылары,  алардын  илимий  иигтеринин  жана  кийинки илимий муунду даярдоодогу негизги багыттары берилген.  Кафедранын кадрдык потенциалы жана соңку убакытагы илимий багыттары көрсөтүлгөн.

  • КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫНЫН КОМБУСТИОЛОГИЯЛЫК КУРСУ БАР АНЕСТЕЗИОЛОГИЯ ЖАНА РЕАНИМАТОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮҮ ЖАНА ӨНУГҮҮ ТАРЫХЫ

    Ж.Б. Бошкоев , А.А. Шерова , Y.A. Исмаилова , P.M. Хантимеров , З.К. Сейталнева
    16-18 15
    Аннотация

    Макалада КММАнын Комбустиологиялык курсу бар Анестезиология жана Реанима­тология кафедрасынын түзүлүү жана өнүгүү тарыхы, анын илимий багыты тууралуу маалыматтар берилет.

МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИ

ФУНДАМЕНТТИК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

КЛИНИКАЛЫК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗСТАНДА ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫНЫН ООРУЛАРЫНАН ООРУЛУЛУК ЖАНА ӨЛҮМДҮҮЛҮК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

    Н.Т. Абжалбекова , М.Г. Василевский
    141-144 10
    Аннотация

    Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу клиннкадан тышкаркы пневмония менен ооруган оорулуларды социалдык коргоо планы боюнча иш аракеттерин активдештирди. Натыйжада дайыма медициналык байкоодо турган (пневмония, бронхиалдык астма, КРВО) адамдардын саны көбөйдү, калктын улгайган адамдарына жана балдарга стационардык кызмат көрсөтүүсү жогорулады, бирок оорулардын көпчүлүк бөлүгү шашылыш абалга жана бригадалык медициналык тез жардамдын кызматтына муктаж болуп калууда.

  • ПРОБЛЕМА АЛЬВЕОКОККОЗА В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ

    А.У. Бодошева
    145-147 14
    Аннотация

    После развала союза произошло преобразование экономики в свободно-рыночные от­ношения. Эти изменения прямо и косвенно влияют на состояние медицины. В результате обсле­дования сельского населения Кочкорского района были выявлены больные с очаговой патологи­ей печени, что и подтверждает о гиперэндемичности данного региона по альвеококкозу.

  • СВЯЗЬ КУРЕНИЯ И РАБОТЫ В УСЛОВИЯХ ВЫСОКОГОРЬЯ с РАЗВИТИЕМ ОБСТРУКТИВНЫХ НАРУШЕНИЙ ВЕНТИЛЯЦИИ

    Д.В. Винников , Н.Н. Бримкулов
    148-152 8
    Аннотация

    Целью исследования было определение связи курения и работы на высокогорье с воз­никновением обструктивного нарушения вентиляции (ОНВ). Проведена оценка функции легких у 1484 работников, в том числе 1292 мужчин и 192 женщин, в возрасте 18-61 года (в среднем 38,0 ± 9,3 лет), высокогорного горнодобывающего предприятия Кыргызстана. Показатели функции лег­ких сравнивали у людей с различным стажем курения, работающих вахтовым методом на высоте 4000 метров над уровнем моря (N=1140), с работниками среднегорья (N=64), а также с работни­ками, никогда не работавшими на высокогорье (N=280). Хотя распространенность ОНВ (ОФВ|/ФЖЕЛ < 70%) не различалась среди работников высоко- и среднегорья и в среднем соста­вила 8,4%, скоростные показатели вентиляции, за исключением максимальной скорости выдоха (МСВ), работников высокогорья были меньше, а работа на высокогорье была достоверно связана с ОНВ - ОШ = 1,53. В то же время курение имело с ОНВ более выраженную связь и, в целом, уд­ваивало вероятность развития ОНВ. Таким образом, хотя функция легких работников высокого­рья была сравнимой с таковой у лиц, не работающих в горах, на развитие обструктивного нару­шения вентиляции у работников высокогорья существенное влияние оказывает фактор курения, тогда как воздействие самого высокогорья было менее выраженным.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЭКИ СОЦИАЛДЫК - ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРМАЦИЯНЫН КОШУЛУШУНДАГЫ ГЛАУКОМАНЫН СЕБЕБИНЕН АЛГАЧКЫ МАЙЫПТЫКТЫН ДИНАМИКАСЫ

    А.О. Джумагулова
    153-155 10
    Аннотация

    Азыркы мезгилде глаукома проблемасы учурдагы офтальмологиянын өтө орчундуу маселеси болуп калууда. Калктын глаукома менен ооругандыгынын башкы көрсөткүчтөрүнүн бири болуп алгачкы майыптык эсептелинет. Ушуга байланыштуу автор тарабынан ушул патологиянын негизинде 1989-2008 жылдар ичиндеги алгачкы майыптыктын динамикасы изилденген. Эгерде глаукома майыптыктын себептеринин ичинен 80-жылдары 4-даражадагы орунду ээлесе, 2001 жылдан баштап глаукома Кыргыз Республикасында биринчи орунду элөө менен майыптыктын башкы себеби болуп эсептелет.

  • АШКАЗАНДЫН ЖАНА 12 ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРА ООРУЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭПИДЕМИОЛОГИАЛЫК КЫРДААЛЫ

    А.А. Ибрагимов , Р.Г. Джуманова , М.Н. Джумабаев
    156-162 8
    Аннотация

    Бул эмгекте Кыргыз мамлекеттик медициналык-маалымат акыркы 5 жылдагы маалыматтарынан: жара оорулардын мамлекетте жана аймактарда таралышы, кеч кайрылуусу жана операциядан кийинки өлүмгө учурашы изилденди. Акыркы 5 жылда Кыргыз Мамлекетинде жана анын аймактарында айрыкча Бишкек, Ыссык-Кел облусунда бул оорулардын есушу, таралышы, жана оорулуулардын кеч кайрылуусу, операциядан кийинки өлүмү, ашказан-ичегиден кан агышынын көрсөткүчү жогорулаганы жана ичегинин тешилүүсүнүн төмөндөгөнү аныкталды.

  • ИСХОДЫ ТЯЖЕЛОЙ ЧЕРЕПНО-МОЗГОВОЙ ТРАВМЫ: ОПРЕДЕЛЯЮЩИЕ ФАКТОРЫ

    А.Б. Идирисов
    163-165 5
    Аннотация

    Анализировано влияние совокупного травматического патологического объема - перифокального отека головного мозга, ишемии и внутричерепных объемных образований на исход лечения больных с тяжелой черепно-мозговой травмой. Изучены данные у 57 больных в возрасте от 15 до 72 лет, находившихся на лечении в нейротравматологической клинике. Компьютерная и магнитно-резонансная томографии являются основными в диагностике тяжелой черепно­-мозговой травмы.

  • ГЕНИТАЛЬНЫЙ ЭНДОМЕТРИОЗ В ПЕРИМЕНОПАУЗЕ

    С.И. Иржанов , Э.Е. Искакова
    166 10
    Аннотация

    ГЕНИТАЛЬНЫЙ ЭНДОМЕТРИОЗ В ПЕРИМЕНОПАУЗЕ

  • ДИАЛИЗДЕГИ ООРУЛУУЛАРДЫН ЖҮРӨГҮН КАЙРАДАН МОДЕЛДӨӨ

    P.P. Калиев , М.Р. Байкелова , А.Б. Будайчиева , Б.А. Абдиев , Н.Т. Рахматуллаева
    167-171 6
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты - диализдеги оорулуулардын сол карынчасынын кеңейишинин (СКК) жана жүрөктүн геометриясынын өзгөрүүсүнүн кан басымдын деңгээлинен көз карандылыгын изилдөө. Материалдар жана ыкмалар. Диализдеги 40 оорулуулар артериалдык кан басымынын (АКБ)деңгээлине жараша 3 топко болүндү: АКБ темондер (АКБ= 100/60 рт.мм.мм. жана темон), АКБ нормалдуулар (АКБ=139/89 рт.мм.мм. чейин) жана АКБ жогорулар (АКБ=140/90рт.мм.мм. жогору). ЭхоКГ негизинде 55% оорулууда СКК аныкталды. Жыйынтыгы. Диализдеги оорулуулардын арасында көбүнчө СКК эксцентрикалык түрү көп байкалган. Аз кандуулуктун оор түрү артыкчылыктуу АКБ жогоруларда жүрөк булчуңунун СКК алып келгендиги тастыкталды. Диализ ортосундагы мезгилде көп суюктукту жыйноо АКБ төмөндөрдө сол карынчанын көлөмүнүн чоңойушуна алып келди.

  • ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРДА ТҮЙДӨКЧӨЛӨРДҮН ӨНӨКӨТ НЕФРЕТИТИНИН ТОО ШАРТЫНДАГЫ КЛИНИКА-ФУНКЦИАЛДЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    P.P. Калиев
    172-178 8
    Аннотация

    Азыр нефропатиялардын кандайдыр раса-этникалык, климат-географиялык тарашынын, начарлоо ылдамдыктары жана илдеттенген адамдардын дарылоого жообу боюнча айырмалары аныкталган. Бирок түйдөкчөлөрдүн өнөкөт нефрити (TӨH) ушундай өзгөчөлүктөрдүн мон­гол расалык өкүлдөрүндө, аларга таандык кыргыздарда ушуга чейин изилденбей келген.

  • АШКАЗАНДЫН КАКАНАК ООРУСУНУН КУРОРТТУК ФАКТОРЛОР МЕНЕН ДАРЫЛОО

    О.А. Калюжная , Д.А. Алымкулов , Г.М. Саралипова
    179-181 7
    Аннотация

    Гальванабаткак жана минералдуу суу менен дарылоодо ашказандын каканак оорусунун өтүшү изилденген. Клиникалык жана функционалдык өзгөрүүлөрүнүн оң динамикасы көрсөтүлгөн. Оорулар жогоруудагы дарылоо ыкмаларын жакшы көтөрүшкөн. Ыкмалардын дарылоо курсунун эффективтуулугу алты айга чейин созулган.

  • ПРИГОТОВЛЕНИЕ РАСТВОРА БРИЛЛИАНТОВОГО ЗЕЛЕНОГО И РАСТВОРА КИСЛОТЫ САЛИЦИЛОВОЙ В СПИРТАХ РАЗЛИЧНОЙ КОНЦЕНТРАЦИИ И ОПРЕДЕЛЕНИЕ ИХ БИОЛОГИЧЕСКОЙ АКТИВНОСТИ

    М.Д. Кияшев , А.К. Батыралиева , С.Б. Ахметова , Д.К. Кияшев
    182-185 12
    Аннотация

    Получены в различных концентрациях этилового спирта 1% раствор бриллиантового зе­леного и 1% раствор кислоты салициловой в 6 образцах и определены их противомикробные ак­тивности.

  • МИКРОБИОЛОГИЧЕСКИЕ ИССЛЕДОВАНИЯ СУППОЗИТОРИЕВ НА ОСНОВЕ ПИХТОВОГО МАСЛА

    К.К. Кожанова , С.Ш. Шакенов , Г.М. Кадырбаева
    186-188 8
    Аннотация

    Для лечения инфекционных заболеваний разработаны суппозитории на основе пихтово­го масла. С использованием микробиологических методов изучена антимикробная активность.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МАЛДАН ЖУГУУЧУ ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН ПРОБЛЕМАСЫ

    А.З. Кутманова , B.C. Тойгонбаева
    189-191 15
    Аннотация

    Биз сунуш кылган статьяда малдан жугучу жугуштуу оорулардын татаал эпизоотологиялык жана эпидемиологиялык ситуациясы көрсөтүлгөн, ал ветеринариялык секторунун оң болбогондуктун жана элдин малды багуу эрежелерди колдонбоктуктун натыйжасы деп эсептелет.
    Бул оорулар аябаган чоң экономикалык зыян келтиришет, анткени ооруу кишилер эмгекке жарамдуулугун жоготушат, малдар өлүмгө учурашат, ошондой эле кең түрдөгү малдардын арасындагы жугуштуу оорулардын жоюу чараларын өткөрүсүү керектикти келтирет.

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЧУЙ, ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ - АБАД ОБЛАСТТАРЫНДАГЫ ЭНДЕМИЯЛЫК БОГОК ООРУСУ

    М.С. Молдобаева , А.С. Ржевская , А.В. Виноградова , Л.К. Мурзакаримова , А.А. Елистратов
    192-194 15
    Аннотация

    Кыргыз Республикасынын Чуй, Ош жана Жалал-Абад областтарында эндемиялык богок оорусунун таралышы, ыландуулугу жана ички бездер ооруларына каршы адистери менен камсыздандыруу боюнча салыштырмалуу анализ жүргүзүлгөн. Ош областында эндемиялык
    богок оорусунун абалынын жакшыруусу аныкталган. Ички бездер ооруларына каршы адистеринин жетишпестиги, өзгөчө Чуй областында, сакталууда. Ошону менен ички бездер ооруларына каршы адистикти башка адистиктер менен бириктируу коэффициента жогору турат.
    Эндемиялык богок оорусун аныктоо жана дарылоо боюнча жумушту активдуу улантуу зарыл. Жогорку квалификациялык деңгээлдеги ички бездер ооруларынын каршы адистерине муктаждык сакталууда.

  • КЫРГЫЗСТАНДЫН, НЕПАЛДЫН ЖАНА ЙЕМЕНДИН БИЙИК ТООЛУУ АЙМАКТАРЫНДА ЖАШАГАН КЫЗ-КЕЛИНДЕРИНИН ЭТЕК КИРИНИН ТУРУКТАНЫШЫНЫН ЖАНА РЕПРОДУКТИВДИК ЖОНДОМДУЛУУГУНУН КЭЭ БИР АСПЕКТИЛЕРИ

    М.С. Мусуралиев, Ж.М. Насирдинова, С.А. Джетигенова , Ж.К. Исакова , Р. Продхананга
    195-198 14
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты: Тянь-Шань (Нарын ш. 1800-2200 м дец. дец.) менен Гималай аймагынын (Непал, Вактапур ш., 1402 -2791 м дец. дец.) жана Аравиялык жарым аралынын (Йемен, Аль-Гуера 2200 -2800 м. дец. дец.) бийик тоолу аймактарынд? жашаган кыз-келиндеринин биринчи этек кири келген жашын жана ал этек кирдин туруктанышын иликтеп, тереттун клиникалык журунгун жана анын узактыгын салыштырмалуу мунездоп, төрөттүн энеге жана балага болгон жыйынтык таасирин ич ара салыштырууда болду. Бул максатты иш жүзүнө ашырыш учун Вактапур ш. төрөт үйүнө 150 боюнда бар келиндер жана Аль-Гуера дуанындагы ооруканада 80 төрөчү аялдар, ошондой эле 60 төрөчү аял Нарын ш., текшерилген. Бийик толу аймактарда жашаган Непал, Йемендик жана Кыргызстан кыздардын этек кири салыштырмалуу кечирээк келери аныкталды 14,2±0,1; 14,8±0,1 жана 14,1±0,1жаш. Бийик тоолу аймактардагы жаша­ган келиндердин боюнан түшкөнү ылдыйкы бийиктикте жашагандардан 1,7 эсе көбүрөөк экени такталды (9,1%;5,3%). Бийик тоолу аймактарда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын Апгар боюнча болгон балоодо 6-7 балдык балдар салыштырмалуу көбүрөөк 40% болду. Аль-Гуера аймакта 35% тереген аялдардын гинекологиялык тарыхында менструалдык циклдын бузулганы иликтенди.

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТЕМИРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН АЗ КАНДУУЛУК ПРОБЛЕМАСЫ

    М.С. Мусуралиев, Ж.К. Исакова
    199-201 16
    Аннотация

    Киинки жылдардын аралыгында темирдин жетишсиздигинен аз кандуулук оорууларыньш саны төмөндөшү байкалбайт жана аны дарылоо маселеси курч бойдон калууда. Макалада аталган ооруу боюнча Кыргызстандагы маалыматтар берилип, аз кандуулукка каршы биокошулма жана темир камтылган дарылар менен дарылоо ыкмаларына жараша аз кандуулуктун кош бойлулука жана төрөткө болгон таасирлери изилденген.

  • ЙОДДЕФИЦИТТИК ООРУЛАРЫНДАГЫ ЙОД- АМПЛИПУСОЛЬФОРЕЗДИН ЙОДУРИЯГА БЕРГЕН ТААСИРИ

    Дж.К. Сманова , Р.Д. Алымкулов , Д.А. Алымкулов , С.С. Исраилова , Г.М. Саралипова
    202-203 7
    Аннотация

    Йоддефициттик ооруларындагы өткөргөн йод-амплипульсофорезтин курсу заарадагы
    йодтун камтылганын 3-6 айга чейин көтөрөт

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЙОДЖЕТИШСИЗДИКТИ ЖОЮУНУН СТРАТЕГИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

    Р.Б. Султаналиева , Г.С. Рысбекова
    204-206 6
    Аннотация

    Кыргызстандагы йоджетишсиздикти жоюунун стратегиясынын жыйнтыгы изилденди. 45,2% кош бойлуу аялдар дагы деле болсо йодтун жетишисиздигине душар болду, алардын йодурия медианасы 111 мкг/л туздуу. Тобокелдуу коркунуч группаларга индивидуалдуу профилактикалык йодчараларды зарыл улантыш керек.

  • О РОЛИ ГЕНЕТИЧЕСКИХ ФАКТОРОВ В РАЗВИТИИ ХРОНИЧЕСКОЙ ОБСТРУКТИВНОЙ БОЛЕЗНИ ЛЕГКИХ В КЫРГЫЗСКОЙ ПОПУЛЯЦИИ

    С.Ж. Сыдыкова , М.Ж. Алымбаева , Н.Н. Бримкулов
    207-209 7
    Аннотация

    Для оценки генетических факторов предрасположенности к ХОБЛ изучены уровень и фенотипы альфа-1-антитрипсина (ААТ) у 109 пациентов с хронической обструктивной болезнью легких кыргызской популяции. Сывороточный дефицит альфа-1-антитрипсика среди обследо­ванных лиц обнаружен у 10 человек (9,2%), составив в среднем 68,0±21,2 мг/дл. Среди пациен­тов этой группы один пациент имел фенотип PiZZ, а трое - PiMZ.

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИТЕ КУРТ ООРУЛАРДЫН ДИНАМИКАСЫ

    В.С. Тойгонбаева, А.З. Кутманова
    210-212 7
    Аннотация

    Статьяда азыркы мезгилге чейин республикада кездешкен мите курт оорулардын структурасы жана динамикасы аныкталат. Мите курт оорулардын динамикасы акыркы жылдарда өзгөрүлдү. Эхинококкоз, лямблиоз жана чучок оорулар өсүшүү аныкталат.

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЛГАЙЫП КАЛГАН ЖАНА КАРЫГАН АДАМДАРДЫН КАНТ ДИАБЕТИ ЖАНА УГЛЕВОДДУК АЛМАШУУНУН БУЗУЛУШУ

    Н. Файзулина , Т. Цой , С. Фомина, С. Асаналиев
    213-215 12
    Аннотация

    Биз 60 тан 91 жашка чейин 217 кишини текшердик. Баардык текшерилүүчүлөргө антропометриялык изилдөөлөр жүргүзүлдү (бою, салмагы, бел өлчөмщ). Кан басымын жана кандагы канты ченедик. АДА-нын суроо-тестинин жардамы менен кант диабетинин 2 тибинин пайда болу риски баланды. Углеводдун алмашуунун бузулушу 99 (50,5%) адамда табылды, анын ичинде анык кант диабет 56 (28,6%).

  • ЭЛЕКТРШИРЕТКИЧ АЭРОЗОЛДОН ПАЙДА БОЛГОН ТОКСИКАЛЫК ПНЕВМОНИТ

    Ч.К. Чонбашева , Ч.Т. Сулайманова , К.И. Ашырбаева , В.А. Скляров
    216-218 17
    Аннотация

    Электрширеткичтерде артурдуу бронхоопко оорулары кесиптик этиологияда жолугат. Озгочо дарттапма кыйындыктар опкону токсикалык жабырлатканда кездешет. Макалада, токсикалык пневмониттин клиникалык туру, кесиптик оорунун дартгы аныктоо принциптери корсотулгон.

  • ОРТОЧО OOP ЖАНА OOP ӨTҮҮЧY БРОНХ АСТМАЛУУ ООРУЛУУЛАРДА БЕКЛАЗОН ЭКО ОҢОЙ ДЕМ АЛУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

    Г.С. Юсупова , Е.Н. Порощай , P.P. Калиев
    219-222 9
    Аннотация

    Беклазон Эко Легкое Дыхание (БЭЛД) (Беклазон Эко оңой дем алуу) менен алты айлык дарылоонун натыйжасын изилдөө үчүн Бишкек шаарынын №7 ҮДТсында диспансердик учетто турган орточо оор жана оор өтүүчү бронха астмасы (БА) менен жабыркаган 26 оорулуу текшерилди. Алты ай бою бейтаптар БЭЛДди суткасына 500-1000 мг кабыл алышты. Дарылоо натыйжасына астманын күндүзгү жана түнкү симптомдорунун байкалышын, тышкы дем алуу (ФВД) функцияларынын параметрлерин, ACT (Asthma Control Test) жана кара куч басымына чыдамкайлыгын эсепке алуу менен баа берилди. БЭЛДди алты ай кабыл алуунун жыйынтыгында астманын күндүзгү, ошондой эле тунку симптомдорунун азайганы, ОФВ1/ЖЭЛ, ФЖЭЛ 25-75% кесигинде дем чыгаруунун максималдуу көлөмдүү ылдамдыгынын көрсөткүчтөру жана оорулуулар кадамдык тестте өткөн аралык анык көбөйгөндүгү байкалды. ACT суроолорунун бардык баллдары боюнча астмага көзөмөл жүргузүү деңгээлинин көрсөткүчтөрү бир топ өскөндүгү байкалды.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • СИНТЕТИКАЛЫК ПРОТЕЗДЕРДИ КУРСАКТЫН ЧУРКУСУН ЖАМАГАНГА КОЛДОНУУ

    Д.С. Абдуллаев , Ж.Т. Бектуров , А.А. Самаков , А.А. Мамбетов , Ж.Ж. Бектуров , Ж.Т. Сагынбаева , Н.С. Осмонбекова
    223-226 17
    Аннотация

    Курсак чуркусу бар 86 оорулуунун дарты алынып, жырыгы полипролен торчосу ме­нен жамалган. Чурайында чуркусу бар 21 оорулуунун 7-инде операциядан кийинки чурку болгон. Курсактын алдыңкы бетинин чуркусу менен 65 оорулуу операция болгон, 50 ооруда операциядан
    кийинки чурку болсо, алардын ичинен 19-да кайрадан пайда болгон чурку болчу. Чурайында чуркусу бар оорулардын 12-не Лихтенштейн ыкмасы менен операция жасалса, 5-не Дарси ыкмасы менен, эки тарабында чурай чуркусу бар 4 ооруга Стоппа ыкмасы менен жасалган. Операция­дан кийин бул ооруларда кабылдоолор болгон эмес. Курсактын алдыңкы бетинин тең ортосундагы операциядан кийинки чуркунун үстүндөгү терини
    астындагы майы менен жана операциядан калган тырыгы менен алып салып, курсактын сырткы кыйгач кеткен булчуңдарын чырымга өткөн жеринен эки тараптан тең Ramirez ыкмасы менен тилгенде, курсактын түз кеткен булчундарынын ички четтерин бири- бирине тигип, туурасы 20
    сантиметрге чейин жеткен жырыкты полипролен жиби менен оңой эле тепчип жапса болот. Үстүнө полипролен торчосун “On lay” ыкмасы менен жамап, терисин жабардан мурун теринин астына 1-2 пластик тутукчелорду калтырып соруп туруучу системага кошулат. Операциядан кийинки мезгилде 6 оорунун тери астына сары суу толгон, 2 оорунун жарасы ириндеп бүткөн. Оорулардын ооруканада жаткан күндөрү, курсактын алдынкы бетини чуркусуна операция болгондордо 10-12 күндөн, чурай чуркусуна операция болгондордо 7-8 күндөн ашкан эмес.

  • ХРОНИЧЕСКАЯ НЕПРОХОДИМОСТЬ ДВЕНАДЦАТИПЕРСТНОЙ КИШКИ ПРИ СОЧЕТАНИИ С ЯЗВЕННОЙ БОЛЕЗНЬЮ ЖЕЛУДКА И ДВЕНАДЦАТИПЕРСТНОЙ КИШКИ, ДИАГНОСТИКА И ХИРУРГИЧЕСКОЕ ЛЕЧЕНИЕ

    Д.С. Абдуллаев
    227-229 14
    Аннотация

    В статье представлены различные способы хирургического лечения хронической дуоде­нальной непроходимости у 253 больных ХДН в сочетании с язвенной болезнью желудка и 12-перстной кишки.

  • АШКАЗАНДЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИДЕГИ ЖАРААТТЫН ЖАРЫЛЫШЫН ДИАГНОСТИКАЛЫК АНЫКТООНУН 3АМАНБАП НЕГИЗДЕРИ

    Э.У. Алыбаев , А.А. Сопуев , М.Б. Искаков
    230-232 30
    Аннотация

    Ашказан жана он эки эли ичегидеги жараатгын жарылышын даарылоодо алдын ала жана туура аныкталган диагноз орчундуу орунду ээлейт. Толук (комплекстик) турдо колдонулган диагноздоодо, бейтаптын клиникалык озгочолугу эске алынып, рентгенологиялык, эндоскопиялык жолдору менен изилдоонун негизинде 100% пайыз туура диагноз коюлуп, 6,1% пайыз керексиз операция жасоо колдонулган жок. Ички органды рентген изилдоо менен бирге фиброгастродуоденоскопиянын жардамы менен ашказан жана он эки эли ичегидеги жараатка желуйлотуу жолу менен катар лапароскопиялык изилдоо туура диагноздоого шарттайт.

  • АШКАЗАНДЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАР ААТ ДАРТЫН ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ДАРЫЛООНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ

    Э.У. Алыбаев , А.А. Сопуев , М.Б. Искаков , Б.К. Орозобеков
    233-237 12
    Аннотация

    Азыркы учурда, ашказан жана он эки эли ичегинин жараат дартын айыктуруучу даарыларынын ийгиликтуу колдонулушун карабастан, хирургиялык жолдор менен даарылоону оркундотуу зарыл. Анткени, ашказан жана он эки эли ичеги дарттын отушуп кетуусу, бейтапты олум коркунучуна алып келуусуно шарттайт. Акыркы жылдары ашказан жана он эки эли ичегидеги жараат дартын операция жасоо жолдорунун ичинен мучоо сактоочу операция, ваготомия, пилоропластика, дуоденопластиканын ийгилиги аныкталып, кобуроок колдонулуп жатат. Бул операция жолдорунан кийин, бейтапт озун жакшы сезип кийинки жашоо денгеели жогорулайт. Туура жана ийгиликтуу операция жасоо, адамдын кийинки жашоосуна чон оболго тузот.

  • ТАЛМА СИНДРОМУ БАР ОЧОКТУУ КИСТОЗДУУ АРАХНОИДИТТЕРДИ ДАРЫЛООДОГУ КОПТӨГӨН СУБПИЯЛДУУ ТРАНССЕКЦИЯ ЫКМАСЫН КОЛДОНУУ

    М.М. Мамытов , P.M. Кадыров
    238-241 12
    Аннотация

    Баш мээнин очоктуу кистоздуу арахноидиттери (БМОКА) —баш мээнин дээрлик кээде кездешүүчү паталогиясы, көбүнэсе орой, медикаментоздуу резистенттик талмалык активдуулугу менен коштолот (16-60%га чейин учурларда). Талмалык синдрому менен БМОКА бар 92 бейтапты дарылоонун тажрыйбасында талмалык очокко тасир этүүнүн даарылык тактиканы жана ыкмаларды оптималдаштыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралган. 3 топ боюнча дарылоонун жыйынтыктарына баа берүүдө, көптөгөн субпиалдуу транссекциясы (КСТ) менен бейтаптардын тобунда жакшы жыйынтыктардын басымдуулук кылууусу ачылган, бул топто талма 20 бейтапта жок болгон же б.а. 62,5%ды тузген, ал эми операциядан кийинки мезгилде 9 бейтапта жогологон (20,1% байкоодо). КСТ колдонуусуз операция жасалган жана эски ыкмалар боюнча даарыланган топто, талманын жок болушу 13,3% жана 16,7%да гана байкалган. Фокалдуу пароксизмалдуу активдүүлүк менен күрөшүүдө БМОКА ыкмасынын натыйжалуулугу жана коопсуздугу аныкталган жана булл бейтаптарга тандап алууга сунушталган.

  • ГИПОФИЗ АДЕНОМАЛАРЫН АНЫКТООНУН ЖАНА ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ДАРЫЛООНУН МАСЕЛЕЛЕРИ

    М.М. Мамытов , К.Б. Ырысов , К.Т. Мендибаев
    242-244 9
    Аннотация

    Гипофиз аденомаларынан жабыркаган 63 бейтаптын компьютердик жана магниттик резонанстык томографиялык изилдөө жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Бейтаптардын ичинен 52си хирургиялык ыкма менен дарыланылган. Хирургиялык ыкмалар жана хирургиялык дарылоонун жыйынтыктары сүрөттөлгөн.

  • АКУШЕРДИК КАН АГУУНУ ОПЕРАЦИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ТОКТОТУУ

    М.С. Мусуралиев, А. Макенжан уулу
    245-248 7
    Аннотация

    Бул изилдөөдө төрөтгөн кийин  192 кан агууну a.  iliaca interna тамырын байлоо менен токтотуу  жана  анын  ичинде  (87  жолу)  орган  сактоочу  операция  жүргүзүү  мүмкүнчүүлүгү  (жатынды албастан канн агууну токтотуу) талкууланат.

  • АЯЛДАРДЫН АРАСЫНДА КУРТ СЫМАЛ ИЧЕГИНИН КЕСКИН СЕЗГЕНИШИНДЕ КЕТИРИЛГЕН ДИАГНОСТИКАЛЫК ЖАНА ДАРЫЛОО КАТАЛАР

    Б.С. Ниязов , Ж.И. Ашимов , С.Б. Ниязова , Г.Д. Айтмамбетова
    249-252 12
    Аннотация

    Сокур ичегинин кескин сезгинишинде операция жасалган 181 оорунун оору баянын иликтеп чыктык. Айрыкча ал оруулардын баянынан дарылоо мөөнөтүндөгү кетирилген каталарга коңул бурулду, андан башка операция жасалуу ар кандай жолдору аныкталды.

  • ӨПКӨНҮН ЧОҢ ЖАНА ӨТӨ ЧОҢ ЭХИНОКОККОЗ ФОРМАЛАРЫН ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ДАРЫЛОО

    Р.А. Хасанов , Т.Т. Кашкаров , К.А. Максутов
    253-255 11
    Аннотация

    Иш жүзүндө авторлор тарабынан 248 операциянын жыйынтыктары изилденген, алардын ичинде 225 оорулуу адамдарда чоң жана өтө чоң эхинококкоздордун формалары кездешкен. Мында авторлор кисталардын чоц болгонуна карабай ушул органдарды отө аёо жолу
    менен операция жүргүзүшүп, жабыр тарткан органдарды сактап калууга жетишишкен. Операциядан кийинки болуучу таасирлерди алдын алуу максатында, бронхиалдык жаракаларды бириктирип тигип кою жолун колдонууну максатка ылайыктуу деп табышкан.

  • ӨПКӨНҮН ЭХИНОКОККОЗУ ЧАНДА УЧУРООЧУ ЖАЙЛАР МЕНЕН БИРДЕЙ ЖАБЫР ТАРТКАНДА

    Р.А. Хасанов , А.И. Мусаев
    256-258 12
    Аннотация

    Жүргүзүлгөн  иште  авторлор  өпкөнүн эхинококкозу жана  өтө  чанда  учурай  турган жерлердин  бирдей  жабыркаганын  көрсөтө  алышкан.  Жабыркаган  жерлерди  нур  берүү  жолу менен  издеп  табууну  туура  деп табышкан.  Бирдей  жабыр  тарткан  органдарды дарылоодо биринчи  этапта  өпкөнүн  эхинококкозун  алгач  алып  салыш  дарылоо  максатта  ылайыктуу  деп табышкан.