Том 4 № 4 (2017): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2017-04-14

Бардык чыгарылыштар

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • АЛМАТЫ ШААРЫНЫН КӨП ПРОФИЛДҮҮ ООРУКАНАЛАРЫНЫН, ФЕРМЕНТТЕЙ АЛБАГАН ГРАМ ТЕРС БАКТЕРИЯЛАРЫНЫН МОНИТОРИНГИ

    Д.А. Адамбеков, А.Л. Бисекенова, Б.А. Рамазанова, Ш.М. Нурмолдин
    10-15 15
    Аннотация

    Корутунду: 2015-2016 ж.ж. арасында, Алматы шаарынын (Казахстан) D тобундагы молекулалардын карбапенемаза жана металло-β-лактамазанын ферменттей албаган, грам терс бактериялардын эпидемиологиясы жана таркалышы жөнүндө маалымат ушул эмгекте чагылдырылган. Этиологиялык жактан эң негизги хирургиялык тармакта 14,5 % ферменттей албаган грам терс бактериялары тузгон. Эң негизгиси болуп, Р.aeruginosa жана A.baumanii түзгөн. Ал эми 33,3% A.baumanii бактериясында карбапенемаз D тобундагы (ОХА -23) тубаса гени табылган. A.baumanii көбүнчө пиперациллинге (100%), цефтазидимге (100%), цефепимге (100%), гентамицинге (100%), ципрофлоксацинге (100%), левофлоксацинге (100%) туруктуу экендиги аныкталган. Эң жогорку активдүүлүктү карбапенемге: имипенем (66,7%) жана меропенем (55,6%),ал эми аминогликозиддерге : тобрамицин (77,8%) түзгөн. Р.aeruginosa 20% болсо металло-β-лактамазага VIM -2 түрүнө болгон. Р.aeruginosa көбүнчөсү фторхинолонго: ципрофлоксацинге (80%) жана левофлоксацинге (50%), аминогликозидерге: гентамицинге (50%), тобрамицинге (80%), цефалоспоринге: цефтазимге (60%) жана цефепимге (40%) туруктуу эместиги аныкталган.

  • ПИПЕРИДИНДИН ӨНДҮРҮМҮНӨН КАЙРА СИНТЕЗДЕЛГЕН ИНФИЛЬТРАЦИЯЛЫК ЖАНА ЧУБАЛГЫЛЫК ЖАНСЫЗДАНДЫРУУНУ ИЗИЛДӨӨ

    М.К. Амиркулова, У.М. Тилекеева
    16-19 8
    Аннотация

    Корутунду. Макалада пиперидиндин жергиликтүү анестезиялоочу жаңы өндүрүмүнүн активдүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыгы берилген жана салттуу жергиликтүү анестезиялоочу дарылардын активдүүлүгү менен салыштыруунун мүнөздөмөсү көрсөтүлгөн.

  • КӨП ООРУГАН МЕДИК-СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДАГЫ МУРУН ЖАНА ТАМАК КӨӉДӨЙҮНӨН АЛЫНГАН S.AUREUS БАКТЕРИЯСЫНЫН ПАТОГЕНДИК КАСИЕТИ

    А.М. Бармакова, Д.А. Адамбеков, Б.А. Рамазанова , Д.Б. Буркитбаева
    20-23 9
    Аннотация

    Корутунду: Стафилококк бактериясын алып жүрүүчү касиетин аныктоо үчүн, медик-студенттер арасында изилдөө жүргүзүлгөн. 463 медик-студенттер арасында 301 штаммы S.aureus бактериясынын патогендик касиети аныкталган. Гемолизин – 301 (100%), лецитиназа – 301 – (100%), ДНК – аза – 301 – (100%), коагулаза – 281 – (93,3%), гиалуронидаза -301- (100%), АЛА – 271 – (90,7%),АИА – 301 – (100%) түзгөн. 90,7% ден 100% чейин S.aureus патогендик касиетке ээ экендиги далилденди. Ал эми S.aureus бактериясын алып жүрүүчү касиети болсо, күбүн эсе камтыган.

  • ИРИҢ ХИРУРГИЯ БӨЛҮМҮНӨН БӨЛҮНҮП АЛЫНГАН, ГРАМТЕРС ШТАММДАРЫНЫН АНТИБИОТИКЕ БОЛГОН ТУРУКТУУЛУГУНУН МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    А.Л. Бисекенова, Б.А. Рамазанова, Д.А. Адамбеков, О.А. Корох
    24-31 15
    Аннотация

    Корутунду. Төмөнкү статьяда ириң хирургиясындагы бейтаптардан грамтерс бактерияларынын антибиотиктерге болгон сезгичтиги жана этиологиялык структурасы берилген. Ириң козгоочу бактериялардын көпчүлүк бөлүгү грамтерс бактериялар болуп эсептелет (57,8% n=128). Enterobacteriacaea 33,6% ферменттебеген грамтерс (НФГОБ)-21,1%. Алардын арасынан E.coli, K.pneumoniae, P.aeruginosa, A.baumannii көп кездешкен.

    Алардын арасынан E.coliге таасир болгон карбопенема жана амикацин (91,7-100% жана 75,0% штамм сезгичтиги) ал эми тобрамицин жан гентамицинге 42,7%-62,5% түздү. II-III катардагы цефолоспоринге 54,2% туруктулугу алардын беталактамаз бөлүп чыгаруусу менен түшүндүрүлгөн (ТЕМ1,СТХ-М жана ОХА) түрлөрү.

    K.pneumoniae бактериясы карбопенема жана амикацинден башкасынан, бардык антибиотиктерге туруктуу болгон. Эртапенемага – 40% сезгичтиги аныкталды, меропенемага-20% жана амикацинге – 40%. 60% K.pneumoniae изоляттарын ПЧреакциясында bla тем1 жана bla оха бөлүп чыгаргандыгы аныкталган.

    P.aeruginosa бактериялары жогорку активдуулукту карбапенемаларга көрсөттү: имипинемге (87,5%), меропенемге (75%), аминогликозиддерден амикацинге (75% штаммдар сезгичтиги болду), фторхинолондон левофлоксацин(50%). 25% III-IV катардагы цефалоспоринге туруктуу штаммдар, ТЕМ1 генин алып жургондугу аныкталды. P.aeruginosaнын МБЛ VIM-2 гени табылган түрлөрү антибиотиктендин бардык түрүнө туруктуу экендиги билинди.

    A.baumannii бактериялары карбопенем жана тобрамицин (55,6-66,7% жана 77,8%) башка антибиотиктерге 100% туруктуулугун көрсөткөн. A.baumannii 3 изоляты (D класстагы карбопенемаз гени табылган) III-IV катардагы цефалоспоринге каршы туруктуулугу аныкталган, 2 изолятта ТЕМ1 генин алып жүрүшү аныкталган.

  • КЫРСЫКТУУ МҮРТ ӨЛҮМДӨН КАЗА БОЛГОНДОРДУН БӨЙРӨК БЕЗИНИН МОРФО-ФУНКЦИОНАЛДЫК ӨЗГӨРҮҮСҮ

    С.Т. Джанболотов
    32-35 10
    Аннотация

    Корутунду. Макала кырсыктан мүрт каза болгон 23 эркектин бөйрөк безинин морфологиялык, морфометриялык өзгөрүүлөрүнө арналган. Изилдөөнүн негизинде оӊ жана сол бөйрөк бездеринин морфологиялык жана морфометриялык өзгөрүүлөрү аныкталды. Алардын ичинде оӊ жана сол бөйрөк безинин салмактары салыштырмалуу көп айырмаланбайт. Ошондой эле клубок, пучок, сетка зоналарындагы жана бездин мээче катмарындагы клеткалардын параметрлери, кандуусу анчалык айырмада болбойт. Ошондуктан кырсыктан мүрт каза болгондордун бөйрөк безин изилдөөдө салыштырмалуу «контроль» катары колдонууга болот.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА APB ПРЕПАРАТТАРЫНА МУКТАЖДЫКТЫ БОЛЖОЛДОО

    С.Т. Карымбаева , А.Д. Мураталиева , Д.Н. Исмаилова
    36-39 10
    Аннотация

    Корутунду: Болжолдоо – ВИЧ-инфекциясы же антиретровирустук терапия программасынын алкагында, келечекте белгилүү бир мезгилде калкты медициналык кызмат (дарылоо, алдын алуу, текшерүү ж.б.) менен камсыз кылуу үчүн медициналык товарлардын (препараттар, тест-системалар, реактивдер жана башкалар) кандай өлчөмдө керектүүлүгүн баалоочу процесс. Болжолдоо, пландоодо белгисиздиктин деӊгээлин азайтуу, товарлардын сатылбай жыйылып кетишин жана колдонуу мөөнөтүнүн эскиришин болтурбоо үчүн, ошондой эле турмушта маанилүү дары каражаттарынын дефицитин жана убагы менен камсыздоо үчүн колдонулат.

  • ЖАШЫЛ ЭРМЕН ЧӨБҮНӨН СУУ ҮЗҮНДҮСҮН ДАЯРДОО ТЕХНОЛОГИЯСЫ

    А.Д. Мураталиева , Д.Н. Исмаилова, Г.А. Жоробаева
    40-42 21
    Аннотация

    Корутунду. Тундурма – бул суюк дары-дармек формасы, дары өсүмдүктүн чийки материалынан даярдалган суу үзүндүсү. Тундурма расмий түрүндө, ошондой эле элдик медицинада кенири колдонулат. Өсүмдүктүн чийки материалынан даярдалган суу үзүндүлөрү бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу болуп келет. Ошол себептен биз РФ ГФ XII нин жаны талаптарына жооп бергендей кылып жашыл эрмен чөбүнөн суу үзүндүсүн даярдоо технологиясын жасап чыктык.

  • БИЙИК ТООЛУУ ШАРТЫНДАГЫ ӨПКӨНҮН ӨНӨКӨТ ОБСТРУКТИВДИК ООРУЛАРЫНДА КАН ТАМЫРДЫН ПАТОГИСТОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮСҮ

    Н.К. Райымбеков, Б.М. Дюшеева, Т.К. Кадыралиев
    43-48 9
    Аннотация

    Жыйынтык. Изилдөөнүн максаты болуп өпкөнүн обструктивдик өнөкөт оорусунун өпкөнүн кан тамырларынын өзгөрүүсү. Патогистологиялык, морфометриялык жана электронно-микроскопиалардык ыкмалар колдонулду. Изилдөөнүн натыйжасы: обструктивдик өнөкөт оорусунун өпкөнүн кан тамырларынын өзгөрүүсү жана өпкөнүн ультраструктуралык компонентеринин өзгөрүүсү, оорунун бийик тоолуу шарттарында тааталдыштырат.

ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • СУТКАЛЫК ЭКГ-МОНИТОРИНГИНИН МААЛЫМАТТАРЫ БОЮНЧА CLC, WPW, КАРЫНЧАЛАРДЫН ЭРТЕ РЕПОЛЯРИЗАЦИЯСЫНЫН, БРУГАДА СИНДРОМДОРУН АНЫКТОО

    А.Н. Даниярова, Б.К. Сарлыков, А.А. Омурзакова
    69-73 82
    Аннотация

    Корутунду. Максаты. P-Q кыскартылган аралык синдромун (CLC), Вольф-Паркинсон Уайт синдромун (WPW), карынчалардын эрте реполяризация синдромун (КЭРС), Бругада синдромун изилдөө, ошондой эле алардын ритмдин жана өткөргүчтүгүнүн башка бузулуулары менен айкалышын табуу.
    Материалдар жаны ыкмалар. Изилдөөдө 2016-жыл ичинде текшерилген 9 жаштан 87 жашка чейинки 824 бейтаптын суткалык ЭКГ-мониторингинин маалыматтары талданган, ал бейтаптардын ичинен 339 эркек жана 485 аял. Эң көп КЭРС катталган, туруктуу формасы 60 бейтапта, өтмө форма 121 бейтапта. 24 саат ичинде 10 электроддордон потенциалдар катталган. Натыйжалар жана аларды талкуулоо. Тарабыбыздан текшерилген бейтаптардан суткалык ЭКГ-мониторингдин чечмелөөдө 215 бейтапта (26%) жогоруда көрсөтүлгөн синдромдор табылган.
    CLC туруктуу формасы 13 бейтапта, өтмө формасы 11 бейтапта, WPW синдрому 8 бейтапта, Бругада синдрому үч бейтапта аныкталган. Жогоруда текшерилген бейтаптарда ритмдин жана өткөргүчтүктүн айкалышкан бузулууларын аныктоо өз убагында консультативдик жана дарылоо жардамын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

  • ГЕПАТОПРОТЕКТОРЛОРГО ЗАМАНБАП КӨЗ КАРАШ (МЕТА-АНАЛИЗДЕРДИН НЕГИЗИНДЕ)

    М.С. Молдобаева, Р.М. Аттокурова, Г.А. Турусбекова, Г.К. Джороева, Б.К. Кадырбеков
    74-78 54
    Аннотация

    Корутунду: Максаты: тастыктоо медицинанын көз карашы боюнча гепатопротекторлордун натыйжалуулугу жана коопсуздугу. Материалдар жана ыкмалар: журналдар, мета-анализ, РКИ, Кокрейн серепи. Жыйынтыктар: Азыркы убакытка чейин бир да кемчиликсиз гепатопротекторлор жок. УДХК, ЭФЛ, аминокислоталар гана, ар кандай илимий тастыктоого ээ болушкан. Силимарин болжолдуу, бирок тастыкталбаган гепатопротектор болуп саналат, ошол үчүн шарттуу катары колдонулуш керек.

  • АЗЫРКЫ КӨРҮНҮШТӨГҮ ӨНӨКӨТ БӨЙРӨК ООРУЛАРЫНЫН МАСЕЛЕСИ: ЦЕРЕБРОВАСКУЛЯРДЫК ООРУЛАРЫ

    И.Т. Муркамилов, З.А. Айдаров, К.А. Айтбаев, Ф.А. Юсупов
    79-94 23
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий иштин максаты өнөкөт бөйрөк жана мээ ооруларынын байланышы нефроцеребралдык патогенетикалык механизмдеринин өнүгүшү коомдук-экономикалык жактан талдоо.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ОШ ОБЛУСУНДА АЛЬВЕОКОККОЗДУ ИЗИЛДӨӨ ЭКСПЕДИЦИЯНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    Р.А. Оморов, Б.К. Осмоналиев, А.Т. Байгазаков, А.М. Абдиева, Ш.Б. Абдыкайымов
    95-98 10
    Аннотация

    Корутунду: Иштин максаты экспедиция жүргүзүү аркылуу альвеококкоздун диагностикасы жана алдын алуу болгон. 1246 жашоочу каралып, 82синин боорунда так пайда болгону байкалып, 33чу башка боор оорулары менен аныкталган. 8 бейтап операциялык дарылоого жөнөтүлүп (так 30 мм жогору), 15и компьютердик томографияга (КТ) жана магнитно-резонанстык томографияга өткөндөн кийин химиялык дарылоо курсу берилген. 58 бейтап 1, 3, 6 жана 12 айларында УЗИ изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Эпидемиологиялык изилдөөлөр эрте диагностика жана альвоекоккозду табуу зарыл экендигин тастыктайт. Алдыӊкы стадияларында диагностикага УЗИ жана реакция Кацонини колдонуу натыйжалуу.

  • ӨТ БАШТЫКЧАНЫН ТАШ ООРУСУН ДАРЫЛООДО МУЛЬТИМОДАЛЬДЫК ПРОГРАММА – FAST TRACT SURGERY

    Р.А. Оморов, Б.К. Осмоналиев, Ж.Т. Конурбаева, М.Ч. Алымкулов, А.У. Айтикеев
    99-104 8
    Аннотация

    Резюме: Бул иште мультимодалдык программа Fast track surgery (FTS) «хирургияда тез жол» програмассын пайдалануу боюнча 297 оорулуу өт баштыкчанын таш оорусу менен лапароскопиялык дарылоодон өттү. FTS программасы периоперациялык терапиянын бардык тармактарын камтыган. Оорулуулардын жаш курагы 25-75 жашка чейин болду, алардын ичинен аялдар 253 (85,2%), 44 эркектер (14,8%), 6 айдан 5 жылга чейин оору узактыгы менен. 37 (12,4%) оорулу дагы башка кошумча оорулары менен болчу. Бардык бейтаптар лапароскопиялык холецистэктомиядан өткөн. Операциядан кийинки кыйынчылыктар 6 (2%) бейтапта болгон. Өлүм болгон эмес. Конверсияга 7 (2,3%) учурда өттүк. Орточо ооруканда жатканы 3,9±0,92 күн болду. Программаны колдонууда операциядан кийинки учурда калыбына келтирүүдө, жашоонун сапатын жакшыртууда, ооруканада аз убакытта болууну жана дарылануу үчүн материалдык чыгымдарды азайтуу үчүн колдонсо болот.

  • ОРТОҢКУ КУЛАКТЫН ӨНӨКӨТ СЕЗГЕНИШИНДЕГИ УГУУ ТҮТҮГҮНҮН МИЛДЕТИ ЖӨНҮНДӨГҮ СУРООЛОР

    В.В. Пак, А.А. Исмаилова
    105-107 9
    Аннотация

    Корутунду: Угуу түтүгү татаал анатомиялык функционалдык системанын бир бөлүгү болуп саналат жана бүгүнкү күндө толугу менен түшүндүрүлө элек. Өнөкөт ортоңку кулактын сезгенишинин патогенезинде жана балдарды дарылоодо кийлигишүү ролду ойнойт.

  • КУРСАК КӨНДӨЙҮНДӨ ЖАБЫШМА ПРОЦЕССИНИН КАЛЫПТАНУУСУНА АНТИБАКТЕРИАЛДЫК КАРАЖАТТАРДЫН ТААСИР ЭТҮҮСҮН БААЛОО

    А.А. Сопуев, Н.Н. Маматов, Э.Э. Кудаяров , Д.Ш. Ибраев, Н.Ж. Сыдыков
    108-111 10
    Аннотация

    Корутунду. Параллелдик рандомизировалык изилдөөдө курсак көңдөйүндө жабышма процессинин калыптануусуна антибактериалдык каражаттардын таасир этүүсүнүн жыйынтыктары сунуш этилди. Эксперименталдык изилдөө 80 пародасыз келемиштерде өткөрүлдү. Канамицин, Цефтриаксон, Метронидозол жана Ципрофлоксацин каражаттары торт эксперименталдык топто колдонулду.

  • СПОНТАНДЫК ГЕМОТОРАКСТЫН ЭТИОЛОГИЯСЫ ЖӨНҮНДӨГҮ МАСЕЛЕГЕ КАРАТА

    А.А. Сопуев, М.З. Султакеев, Т.А. Акматов, М.Б. Искаков
    112-118 44
    Аннотация

    Корутунду. Спонтадык гемоторакс (СГ) жаракат же башка себептер алууга болгон мамилеси жок көбөйө оюктун кандын топтолушун камтыйт гемоторакс бир подкатегорияны болуп саналат. СГ клиникалык сүрөт айлануу туруксуздук болсо, өмүрү коркунуч болушу мүмкүн көкүрөк кайгы жана дем кыстыгуу, жана гиповолемиялык шок камтыйт. Гемоторакс сүрөттөлүшү СГ илимий булактарда кыйла аз башка түрлөрүнө салыштырмалуу. Адабият карап бул клиникалык абалы бардык себептерин аныктоо жана жалпылоо боюнча жүргүзүлөт.

  • АЙНЕК ЧЕЛ КАБЫКЧАСЫНЫН БУЛЛЕЗДУК КЕРАТОПАТИЯСЫНЫН ДАРЫЛООДО, ТЕРЕЗ КАТМОРДУУ КЕРАТОПЛАСТИКА МЕНЕН КРОССЛИКИНГДИН КОЛДОНУУСУНУН ТАЖЫРЫЙБАСЫ.

    Н.А. Тургунбаев, А.И. Островерхов
    119-120 10
    Аннотация

    Резюме: Айнек чел кабыктын буллездук кератопатиясы же эндотелий-эпителиялдык дистрофиясы айнек чел кабыктын ооруларынын арасында маанилүү бир орундуу. Буллездук кератопатияда тереӊ катмандуу кератопластиканын кросслинкинг менен эффективдүү колдонуусу изилденди жана аныкталды. Сапаттуу донордук материал жок мезгилде, сунушталган методика бул ооруда өзүнүн перспективдүү жана эффективдүү экенин аныктады.

СОТТУК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН КАЛЫП КАЛГАН БӨТӨН НЕРСЕЛЕРДИН ТААСИРИН СОТТУК МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН БААЛОО (практикада болгон окуя)

    М.Ш. Мукашев, С.В. Яксанова, М.Б. Будайчиев
    121-123 25
    Аннотация

    Корутунду. Макалада акушер-гинекологиялык практикада медициналык жардам берүүдөгү кемчиликтер келтирилген. Операциядан кийин жатында бөтөн нерсе (даки тыгынчыгы) калып ал жатындын эндометрийинин катмарына таркап кеткендиктен, аны чыгарууга мүмкүн болбой калып, жатын оперативдик жол менен алып салынган.

  • АЛКОГОЛДУК КАРДИОМИОПАТИЯДАН КАЗА БОЛГОНДОРДУН ЖЫШТЫГЫ, ТУТАМЫ ЖАНА ДИАГНОЗДУ МОРФОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДӨӨ ЖОЛУ

    З.Н. Сидоренко, А.М. Мукашев, А.А. Бречко , М.Ш. Мукашев
    124-128 9
    Аннотация

    Корутунду. Макалада 2012-2014-2015-жылдары алкоголдук кардиомиоиатиядан каза болгондордун жыштыгы, тутамы жана диагнозду морфологиялык негиздөө жөнү жазылган. Бардык эксперттик изилдөөлөрдүн арасынан 2012-жылы алкоголдук кардиомиоиатиядан 12,4%, 2014-жылы – 9,82% жана 2015-жылы – 9,96% киши каза болгоп. Алардын ичинен эркектер 428 (77,81%), аялдар 122 (22,18%) түзгөн. Жаш курамы боюнча өлгөндөрдүн көпчүлүгү 31дөн 69 жашка чейин туш келген. Ай боюнча күз-кыш (ноябрь-декабрь-январь) убактысында өлүм көбүрөөк болгон. Өлгөндөрдүн арасында жеӊилден оорго чейинки деӊгээлде мас абалы табылган. Алкоголдук кардиомиоиатия диагноздун аныктоо үчүн көбүнчө жүрөктүн салмагы, жүрөк этинин жумшактыгы, жүрөк этинин түсү, боордун май басышы, жүрөк көӊдөйүнүн кеӊириши.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ

  • СЕМИРҮҮ МЕНЕН КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДА ФЕТОПЛАЦЕНТАЛ КОМПЛЕКСИНИН АБАЛЫНА БАА БЕРҮҮ

    Р.С. Асакеева, Ч.К. Калканбаева, Ф.Р. Ниязова
    129-132 17
    Аннотация

    Корутунду: Кош бойлуулуктун учурунда ар кандай менен семиз аялдардын фетоплацентал системасын изилдөө. Ал кош бойлуулук учурунда аялдар семиз экенин көрсөтүп турат түрү жана начар тамактануудан түйүлдүктүн macrosomia жемиши чыкмайынча кан агымынын бузулушуна жана жасалышы бузуу менен байланышкан FPN иштеп чыгат. Бул жыйынтык сапат Панданг түйүлдүктүн УЗИ көрсөткүчтөрүнүн динамикасы өзгөртүүлөр менен тастыкталган. Кош бойлуу аялдар менен FPN туудуруу менен Pathogenetic мааниси семиздик чыкмайынча lactogen азайтуу жана estriol (1,4 жана 1,8 эсе) семирүү II жана III даражадагы боюнча курама hypercholesterolemia жана холестриндин, hyperinsulinemia, инсулин каршылыгына тоскоол болот.

  • АЯЛ МЕНЕН ООРУГАН КОШ БОЙЛУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ КӨБӨЙҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН СЕЗГЕНҮҮ ООРУЛАРЫ МЕНЕН

    Ч.А. Орозова, Ч.К. Калканбаева
    133-136 9
    Аннотация

    Корутунду: Кош бойлуулуктун мен абортко көбөйүү системасынын сезгенүү оорулары менен аялдар көбүнчө өтүшүп эрте токсикоз жана стихиялуу аборт коркунучу болуп саналат. Кош бойлуулуктун II триместринде көбүнчө кош бойлуулук жана кош бойлуулуктун кан токтотуу коркунучу өнүктүрүү менен татаалдашат, өзгөчө жумшак преэклампсия түрүндө. Кош бойлуулуктун III чейрегинен менен көбүнчө экөөнүн ортосунда болуп эрте коркутушту фетоплацентал комплекси жетишсиз, жатындагы өсүштүн.

  • ИЧИНДЕ ТӨРӨТ ЖАНА ТӨРӨТТӨН КИЙИНКИ МЕЗГИЛДЕ БЕЙТАПТАРДЫ КӨБӨЙҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН СЕЗГЕНҮҮ ООРУЛАРЫ МЕНЕН

    Ч.А. Орозова , Ч.К. Калканбаева
    137-140 11
    Аннотация

    Корутунду: Көбөйүү системасында олуттуу 2,6 жана 2,5 эсеге тарабынан сезгенүү оорулары бар аялдар менен көп патологиялык алдын ала мөөнөтү аныкталат жана эмгек негизги алсыз, мембраналардын перинаталдык айрылышы (3,8 эсеге), жатын түйүлдүктүн гипоксиянын (3.1), төрөт учурундагы гипертензиялык бузулуштар (2,3 эсеге). Тондун жана эрте бөлүнүп тыгыз тиркеме гана сезгенүү оорулары менен ооруган бейтаптар байкалган. Төрөттөн кийинки мезгил ичинде, алар (2,6 эсеге) лохиометра, энелеш субинволюция көп (3,3 эсеге) болгон, эндометриттер (3,4 эсе).

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • 2014-2015-ЖЫЛДАРЫ КЫЗАМЫК ООРУСУНУН КӨТӨРҮЛҮШ МЕЗГИЛИНДЕ КЫЗАМЫККА ОКШОШ ООРУЛАРДЫ АНЫКТОО

    Л.Х. Алиева, Г.К. Сейдакматова, С.В. Чечетова, З.К. Джолбунова, О.Ю. Журавлева
    141-146 19
    Аннотация

    Корутунду: Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында 2014-2016-жылдары дарыланган кызамык жана кызамыкка окшош оорулар менен ооруган 150 бейтаптын бейтап баяны изилденген. Бейтаптар 3 бөлүккө бөлүнгөн: 1-бөлүк – кызамык, 2-чи – кызылча жана 3-чү – дем алуу органдарындагы вирус козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары + аллергиялык дерматит. Бул бөлүктөрдүн арасында клиникалык жана лабораториялык өзгөчөлүктөрү аныкталган. Биздин өлкөдө экспресс-аныктоонун жоктугунан кызымыкка окшош оору менен ооруган бейтаптар негизсиз антибактериялык, кан тамырга тамчылатуу жана гормон дармектерин алгандары аныкталган.

  • ЫМЫРКАЙ БАЛДАРДЫН ФЛЕКСНЕР ДИЗЕНТЕРИЯСЫНЫН МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    З.Р. Алиева, И.К. Джусупбаева, P.M. Кадырова
    147-149 8
    Аннотация

    Корутунду: 2016-жылы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын ич өткөк бөлүмүндө дизентерия Флекснера диагнозу менен дарылынган36 баланын бейтап баяны изилденди. Оорунун негизги козгогучу дизентерия Флекснера 2а (66,7%) түрү деп табылып, тамак-аш аркылуу (75,0%) жугары далилденди. Балдардын преморбиддик фону татаал болбогондугуна карабастан оору көпчүлүк балдарда (94,0%) орто оор түрүндө өтүп, антибиотиктер менен даарылоого дуушар болду. Көзөмөлдө болгон балдардын баары бейтапканада 4,2±1,4 кун даарылануудан соӊ, башка жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн үйлөрүнө сакаюу менен жөнөтүлдү жана пробиотиктер менен андан ары даарылануусу сунушталды.

  • ЖАШ БАЛДАРДАГЫ НУТРИТИВДИК МАРКАБАНЫ ТУУРАЛООНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ

    Г.К. Кожоназарова, Э.Ш. Алымбаев, Х.Р. Ахмедова, В.Д. Джалилов, К.У. Сейитова
    150-154 22
    Аннотация

    Корутунду: козголгон нутритивдик маркабасы бар жаш балдардын табитин көтөрүүнү колдонуу ыкмаларынын анализи жүргүзүлдү. «Жетишсиз салмак» чени боюнча нутритивдик козголууга ылайык дартты айыктырууда 2 жумалык кыска мөөнөттө ципрогептадин, балдар сиропту колдонуу дене салмагынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуусу аныкталды.

  • БАЛДАРДАГЫ А ВИРУСТУК ГЕПАТИТ ИЛДЕТИНИН ООР ТҮРЛӨРҮ

    У.У. Сулайманов , А. Абдылда к., А.М. Балабасова
    155-158 17
    Аннотация

    Корутунду: Шишик-асцит синдрому менен коштолгон А вирустук гепатиттин оор түрү менен ооруган 115 баланын бейтап баяны ретроспективдүү изилденген. Бейтаптар Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында 2010-2014 жылдары дарыланышкан. А вирустук гепатит илдети көбүнчө 4 жаштан (78,4%) улуу балдар арасында кездешкен, ошол эле убакытта 4-7жашка чейинки бейтаптарда (P<0,05) курч мүнөздө башталган. А вирустук гепатит менен ооруган (93,9%) бейтаптар саргарган убагында шишик-асцит синдрому менен бейтапканага жаткырылган, бул А вирустук гепатитке тийиштуу эмес болуп эсептелген. 91,3%-ичеги карын арасында аз жана орточо көлөмдө суунун бар экендиги УДИ изилдөө менен тастыкталган, 8,7% – көп көлөмдөгу суу объективдүү оңой эле табылган. А вирустук гепатит оор түрү менен жабыркаган бейтаптардын арасында 3,5% де ДВС-синдрому кездешип, терс жыйынтыкка алып келген.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАН КЫЗМАТЫН УЮШТУРУУ ЖАКТАРЫ

    Б.Б. Карабаев , М.Б. Искаков
    172-178 15
    Аннотация

    Корутунду. Бул кан кызмат негизги ролду ойнойт жана шайкеш, жогорку сапаттуу жана коопсуз кан менен камсыз кылуу, ошондой эле клиникалык пайдалануу үчүн жооптуу экендиги белгилүү. Кыргыз Республикасынын Изилдөө башкаруу кан кызмат болуп өттү, ал толугу менен кан жана анын компоненттерин жана продукт коопсуздугун талап кылынган сапатын камсыз кылуу мүмкүн эмес деп табылган.
    Өлкөдө кан кызматтарды өнүктүрүүнүн келечеги, эл аралык мыкты тажрыйбалар, маалымат технологияларын ишке ашыруу талдоого негизделүүгө тийиш, дарылоо жараяндарды, өндүрүштү жана кан сактоону жакшыртуу. Заманбап жол-жобосу лабораториялык изилдөөлөрдү абдан баалуу болуп саналат.
    Жакшы башкаруу, ошондой эле кан клиникалык пайдалануу менен, ошондой эле иштен коопсуз пайдалануу жана стерилдештирүү жол-жоболорун, мониторинг, окутуу да кирет.

  • РЕСПУБЛИКАЛЫК КАН БОРБОРУ – КӨЙГӨЙЛӨРҮ, КЕЛЕЧЕГИ, ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ

    Б.Б. Карабаев, М.Б. Искаков
    179-184 10
    Аннотация

    Корутунду. Донордук кандын кан куюу, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн коргоо Борбор Азиядагы негизги коомдук саламаттыкты сактоо маселелер болуп саналат
    Дары-жылы, кийин куйдуруу үчүн эки маанилүү элементтери болуп төмөнкүлөр саналат: кандын жана анын компоненттеринин бир жугуштуу жана иммунологиялык коопсуздук, кан буюмдарды коопсуз пайдалануу.
    Клиникалык шарттарда кандын пайдалануу сапатын, коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан учурдагы абалын жана кан куюу кызмат Кыргыз Республикасынын учурдагы технология, банк банктык кызмат менен өттү натыйжалуулугуна баа берүү үчүн изилдөөдө.
    Изилдөө ары кан азыктарын түшүп клиникалык пайдалануу донорлордун түрткү баштап, "куюу"чынжырчанын бардык этаптарында жаңылоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды токтоосуз Кыргыз Республикасында кан кызматтары менен учурдагы кырдаал, толугу менен кан сапатын, коопсуздугун жана жеткиликтүү көйгөйлөрүн чечүү жана киргизүү талап эмес экенин көрсөткөн.

МЕДИЦИНАЛЫК МЕКТЕПТЕ ПЕДАГОГИКАЛЫК СУРООЛОР