Том 3 № 3 (2018): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2018-03-21

Бардык чыгарылыштар

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ HAEMOPHYLUS INFLUENZAE ТАЯКЧАСЫНЫН АНТИБИОТИККЕ ТУРУКТУУЛУГУ БОЮНЧА МОНИТОРИНГИ

    А.М. Джумаев, Д.А. Адамбеков, И.Ш. Альджамбаева, А.Т. Алымкулов
    10-15 60
    Аннотация

    Корутунду. 2013-2018-жж. аралыгында Кыргыз Республикасында Hib-инфекциясынын кездешкендиги маалым болгон. Hib-инфекциясына каршы алдын алуу чараларды колдонгондон кийин бул өнөкөт оорунун азайганы аныкталган. Hib таякчасынын антибиотикке каршы касиетин изилдөөдө бир Р-лактамдык антибиотиктерге туруктуулугу аныкталган. Бирок, Hib-өнөкөтүнүн таркалышынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу антибиотиктерди колдонууда бүткүл микробдук топторго берген таасирин эске алыш керек.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА ӨСКӨН САМАРКАНД БОЗУНАЧ ГYЛYНYН ДАРЫЛЫК КАСИЕТТЕРИН АНЫКТОО

    А. Камал к., Б.М. Капаров, Ш.Ж. Торобеков
    16-18 158
    Аннотация

    Корутунду. Кыргыз Республикасынын аймагында өскөн самарканд бозунач гүлүнүн дарылык касиетин аныктоо чоң мааниге ээ. Самарканд бозунач гүлүнүн дарылык таасири кыргыз элдик медицинасында айтылып келет. Ал булактарда самарканд бозунач гүлүнүн жасоо ыкмасы жана анын колодонулушу сүрөттөлгөн. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын аймагында өскөн самарканд бозунач гүлүнүн дарылык касиетин аныктоо илимге жана практикалык медицинага чоң кызыгуу жаратат жана 6үгүнкү күндө актуалдуу.

  • МЭЭ ИНСУЛЬТУ KYЧ АЛЫП ӨТКӨНДӨ КИЧИ КАН АЙЛАНМА НУГУНУН ПАТОМОРФОЛОГИЯСЫ

    Д.Д. Тургумбаев, А.М. Мурзалиев, Ч.Т. Токтомушев
    19-24 45
    Аннотация

    Корутунду: Мээнин күч алган ишемиялык бузулууларында, кичи кан айланма нугунун реакциясынын өзүнчө өзгөчөлүктөрү болоорун жүргүзүлгөн изилдөөлөр даана көрсөттү. Кан тамыр нугунун аянттык кесилишинин жылчыгынын, жыштык санынын өзгөрүүсүндө өзгөчөлөнгөн динамика байкалды. Венанын стандарттык санынын туурасынын кесилишинин суммалык аянтын вена кан топтолмо болуунун деңгээлин аныктоо негизги дарттапма көрсөткүчү катары колдонсо болот. 233 учурду камтыган патоморфологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Каза болгон бейтаптарды ачып көрүү өлгөндүгү шексиз болгондон 6-12 саат өткөндөн кийин ишке ашырылды.

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • КУРЧ ЖАНА КУРЧУП БАРА ЖАТКАН ЖӨТӨЛДY ДАРЫЛООДО ВАЙФЕКС СИРОБУНУН ЭФФЕКТИВДYYЛYГYН БААЛОО

    А.И. Акылбеков, М.Ж. Мадемилов, Т.М. Сооронбаев
    25-31 1552
    Аннотация

    Корутунду: УКжТБ (академик М.М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия бор­бору) базасында Вайфекс жетелге каршы сиробунун пульмонология стационарындагы курч/курчуп бара жаткан орточо жана күчтүү жөтөлдөн жабыркаган оорулуулардын жалпы абалы жана жашоо сапатына таасирин баалоо максатында рандомизацияланган клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн. Көзөмөл тобунан айырмаланып, негизги терапия режимине Вайфекс сиробун кошкон учурда дарылоонун 5-күнүнөн тартып жөтөлдүн статистикалык жана клиникалык күчү ВАШ шкаласы (жыштыгы жана интенсивдүүлүгү) боюнча, ошондой эле ЖСИТТТ боюнча жөтөлдүн бир күндүк интенсивдүүлүгү, ЛЖС боюнча бейтаптардын жашоо сапатынын физикалык курамдык белYГY олуттуу темендеген. Алынган маалыматтар узакка созулган кыйнаган жана дүүлүктүргөн жөтөлдөн жабыркаган бейтаптарды даарылоодо Вайфекс сиробунун жагымсыз симптомдордун күчүн салыштырмалуу тез төмөндөтүүдө эффективдүүлүгү жана коопсуздугун, ошондой эле алардын жалпы абалын, түнкү уйкусун жана жашоо сапатын олуттуу жакшыртканын көрсөтөт.

  • ТАМАК АРКЫЛУУ УУЛАНГАН БОТУЛИЗМДИН ООР ТYРЛӨРYНYН КЛИНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    Д.В. Бородулина, Т.В. Цой, Э.А. Медетова, А.К. Саркина, А.Ш. Джумагулова
    32-36 38
    Аннотация

    Корутунду: Мамлекет боюнча ар жыл сайын ботулизм оорусу менем ооруган дарт катталат, кээде оор түрүндо жана өлүм менен аяктаган жыйынтыкта. Бул макалада ботулизмдин оор формасы менен ооруган 24 оорулуунун ооруу баянынын анализи жасалды. Клиникалык,эпидемиялык жана лабораториялык чычкандарда нейтралдаштыруу рекциясы менен биологиялык пробалар менен такталган. Ботулотоксиндин А, В, С, Е типтери аныкталды.Ботулизмдин оор түрүнүн клиникалык мүнөздөмөсүндө жутуу жана дем алуунун бузулушу белгиленди, ошондой эле кеч дарт аныктоо. Ботулизмдин оор түрүндө ооруунун 2-3 жумасында жалпы абалы жакшырып жана неврологиялык кайра калыбына келүсү.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КОЙ ЖАНА ЭЧКИЛЕРДИН ЭМДӨӨСYНYН АДАМДАРДЫН БРУЦЕЛЛЕЗУНУН КЛИНИКАЛЫК- ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК БАГЫТЫНА ТААСИРИ

    А.А. Джангазиева, Г.З. Джакыпбекова, К.Б. Бектурдиев, А. Окенаева, Б. Касымова, Н. Нурланбек к.
    37-42 40
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада Кыргыз Республикасында 2010-жылдан баштап кой жана эчкилердин эмдөөсү киргизилгенден кийин адамдардын бруцеллез оорусунун динамикасынын мүнөздөмөсү берилген. Бодо малдын эмдөөсүнүн жоктугу дагы эле ооруну бийик деңгелде колдоп турат, ал жөнүндө акыркы эки жылда бруцеллездун өтө курч формаларынын осүшүү далилдейт. Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу орууканасынын (РКЖО) жаткан орулуулардын мисалында клиникалык көрүнүшү изилделген.

  • ВИРУСТУК САРЫКТАРДЫН ООР ТYРЛӨРYНYН ЭТИОЛОГИЯЛЫК ТYЗYЛYШY ЖАНА КЛИНИКАЛЫК АНАЛИЗДЕРИ (РКЖОнун РЕАНИМАЦИЯ БӨЛYМYНYН МАТЕРИАЛДАРЫ БОЮНЧА)

    А.А. Джангазиева, С.К. Кочкорбекова, В.П. Рачинский, А.М. Аширова, А.М. Зикиряева, А.Ж. Карыпбаева
    43-47 39
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында (РКЖО) дарыланган бейтаптардын мисалында вирустук сарыктын оор түрлөрүнүн этиологиялык түзүлүшүнүн анализи жүргүзүлдү. Оорулуулардын жаш курак аспектилери, эпидемиологиялык анамнези, клиникалык белгилери, кошумча оорулары, лабораториялык анализдердин жыйынтыктары кеңири изилденди. Аныкталбаган вирустук сарыктардын (37%) башка этиологиядагы сарыктардын алдында үстөмдүк кылганы аныкталды, ошондой эле өлүм менен аяктаган жыйынтыгы көп кездешти (92,9%).

  • ИДИОПАТИКАЛЫК ТРОМБОЦИТОПЕНИКАЛЫК ПУРПУРАСЫ МЕНЕН ООРУЛАРДЫ ДАРЫЛОО YЧYН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛУУ КЛИМАТЫН КОЛДОНУУ

    Э. Маришбек к., А. Эсенгелди к., А.А. Махмануров
    48-51 50
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада идиопатикалык тромбоциопеникалык пурпура менен ооруган балдарды орто тоолуу шартта жандандыруу жана андан ары бийик тоолуу Төө-Ашуудагы (3200 м) дарыканада дарылоонун жыйынтыгы берилген. Бийик тоолуу климаттык терапия алган 12 баланын ичинен, 2 бала толугу менен, 7 бала толук эмес, 2 бала клиникалык гематологиялык көрсөткүчүнүн жакшырышып убактылуу гана болду. Бир балада эч кандай жакшыруу болгон жок. Бийик тоодо жетишкен жакшы клиникалык жыйынтык андан кийин узак убакытка (6 ай жана бир жыл) сакталды. Клиникалык-гематологиялык ремиссия 75% балдарда жана 62% чоң кишилерде жетишилди.

  • 2-ТИПТЕГИ КАНТ ДИАБЕТИН ДАРЫЛООДОГУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАҢЫ БАГЫТТАР

    М.С. Молдобаева, А.В. Виноградова, Р.Э. Тургумбекова, Н.М. Эсенгелдиева
    52-57 62
    Аннотация

    Корутунду: 2-типтеги кант диабетин кабылдоолорун алдын алууда дарылоону оптимизациялоо аркылуу нормогликемияга жетуу керек. Алардын бири жаны муундагы дары-дипептидилпептидаза-4 ингибиторун дарылоодо колдонуу. Артыкчылыктарынын бири метоболикалык бузулуулардан арылуу гана эмес, уйку без клеткаларынын активдуулугун сактап калуу менен бирге инсулиндин болуп чыгаруусун стимуляциялоо. Илимий макалада заманбап дары дипептидилпепетидаза-4 ингиботорунун дарылоодогу эффективдуулугу, коопсуздуулугу жана колдонуудагы тажырыйбалар келтирилген.

  • ИЕРСИНИОЗ ООРУСУНУН КЛИНИКАЛЫК –ЛАБОРАТОРИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨCҮ

    И.И. Полотов, Е.Е. Логинов, Г.М. Муканбеткеримова, А.Ш. Джумагулова
    58-61 33
    Аннотация

    Корутунду: Иерсиниоз жугуштуу оорусу кенен жайылган, анын ар кандай клиникалык белгилери түрдүү органдардын жабыркашы менен мүнөздөлөт. Бул макалада республикалык клиникалык жугуш­туу ооруканасындагы 2015-2017-жылдар аралыгында дарыланган 30 оорулунун псевдотуберкулез ме­нен ичеги иерсиниоздун клиникалык, лабораториялык жана дарт аныктоонун өзгөчөлүктөрүнүн анализи көрсөтүлгөн. Жугузуп алуунун себептери тамак азыктарына мөмөлөрдү, салаттарды колдонуу болуп саналган. Клиникалык көрүнүшү анын классикалык өзгөчөлүктөрүн өз убагында дарт аныктоодо өзгөрткөн жок, ошондой эле этиотроптуу дарылоонун шайкештиги кийинки калыбына келтирүүнүн жылмакай өтүшү менен мүнөздөлгөн.

  • ЛЕПТОСПИРОЗДУН САРЫКСЫЗ ФОРМАСЫНЫН КЛИНИКАЛЫК ОКУЯСЫ

    Н.В. Фесенко, А.А. Абдубалиева
    62-64 156
    Аннотация

    Корутунду: Изилдөө максаты - клиникалык окуя менен сарыксыз лептоспирозду дианостикалоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү. Лептоспироздун диагностикасы эпидемиологиялык тарыхты толук чогултуудан, типтуу эмес клиникалык симптомторду терец изилдееден жана заманбап диагностика методунан (иммуноферменттик анализ, полимераздуу чынжыр жообу) көз каранды.

  • БӨКСӨ ТООЛУУ ТУРГУНДАРЫНЫН ИШЕМИЯЛЫК ИНСУЛЬТТУН ӨТӨ КУРЧ МЕЗГИЛИНДЕ ГЕМОСТАЗИОГРАММА ЖАНА НЕЙРОНЕЙРОВИЗУАЛДЫК КӨPСӨТКҮЧТӨРҮН ТАЛДООСУ

    Н.Т. Чекеева, А.Т. Жусупова
    65-69 35
    Аннотация

    Корутунду: макалада №1 ШКО ангионеврология бөлүмүнүн мээнин оор инфаркт оорусунун стационардык дарыланып жаткан бейтаптарынын гемостазиограмма жана нейровизуалдык анализинин жыйынтыктары келтирилди.

  • ЧОҢ КИШИЛЕР АРАСЫНДАГЫ ТЕПКЕ ЖУГУШТУУ ООРУСУНУН КЛИНИКАЛЫК ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    В.А. Шуленин, Э.Ю. Шабалина, А.Б. Эргешова, М. Шолпанбай у., А.Ш. Джумагулова
    70-74 47
    Аннотация

    Корутунду: Берилген статьяда 2015-2017-жылдар аралыгында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында тепке жугуштуу оорусу менен дарыланган 54 бейтаптын клиникалык жана эпидемиологиялык байкоолорунун жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Анализдин жыйынтыгы боюнча 15-20 жаш курактагы эркектердин арасында көп кездешкен, аралдаш бездүү түрлөрү көбөйгөн, анын ичинде 40,7% орхит менен коштолгон. Азыркы убакта тепкенин сезондуулугу көбүнчө кыш-жаз мезгилдерине туура келет.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • САКТАЛГАН КЕКИРТЕКТЕ ТУРУКТУУ ТYТYКСYЗ ТРАХЕОСТОМАСЫН ТYЗYY ЫКМАСЫ

    М.М. Кадыров, А.Ш. Шаршенбекова, Н. Эшболот к.
    75-78 66
    Аннотация

    Корутунду: Кекиртек тешигинин тарып кеткендеги туруктуу түтүксүз трахеостоманын аткаруу ыкмасынын негиздери, кекиртектин резекциясынын кеңейтилген түрлөрү, түтүктүү трахеостомасына тиешелүү эскертилген күчөтүүлөр тууралуу маселелер келтирилген.

  • БООР ЭХИНОКОККОЗУНУН АЗ ЖАБЫРКАТУУЧУ ОПЕРАЦИЯЛАРДАН КИЙИНКИ НАТЫЙЖАЛАРЫ

    Э.М. Мадаминов, М.Ш. Манасов, Э.Б. Исаев, М.Н. Макеева
    79-82 43
    Аннотация

    Корутунду: 180 бейтаптардын абдоминизация ыкмасы булалуу капсула иш салттуу органдын жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын баалоо. 77 бейтапка Р.П. Аскерханов боюнча ыкмасы менен жасалган жана 103 бейтапка абдоминизация ыкмасы менен жасалган. Операциядан кийинки сезгенүүлөр капитонаж жана инвагинация ыкмасы менен 15 бейтапта (19,5%), 10 бейтапта (9,7%) абдоминизация ыкмасы менен түзүлдү.

  • «НЫМДУУ ӨПКӨ» СИНДРОМУ. СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК БАА БЕРYY (секциялык практика)

    М.Ш. Мукашев, Н. Дукендер у., Ж.Т. Турганбаев, Т. Токонов
    83-86 67
    Аннотация

    Корутунду: Макалада эксперттик практикада аныкталган, кабыргасынан көптөгөн жаракат алып, 8-9 күндөн кийин өлүмгө дуушар болгондун себеби көрсөтүлөт. Бири-бири менен кыйыр байланышкан паталогиялык процесстерден алынган, жаракаттардан улам өлүмдүн себеби: кабыргалардын сынышы - оору синдрому, үстүнкү парадоксалык дем алуу - бронхто секреттин топтолушу - “нымдуу өпкө” синдромунун өнүгүшү - дем алуу функциясынын, кан айлануунун бузулушу, кичи айлампада токтошу - дем алуу жана жүрөк кан тамыр жетишсиздиги - өлүм.

  • ИЧЕГИ-КАРЫН АНАСТАМОЗУ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫ ДАРЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ТАЛДОО

    А.И. Мусаев, М.К. Жаманкулова, Б.О. Сайфулаев
    87-90 31
    Аннотация

    Корутунду: Ичеги-карын анастомоздору менен ооруган 67 оорулуунун оору баянына ретроспективдуу анализ жүргүзүлгөн. 42 эркек, 25 аял болгон, оорулуулардын курагы 25тен 78 жашка чейин термелген, орточо 62±1,7 жашты түздү. Бардык оордошуп кетүүлөр 11 (16,3%), анын ичинде жараат, инстра жана экстра абдоминалдык. Операциядан кийинки мезгилде 67 бейтаптын ичинен алтоондо (8,9%) ичеги-карын тигиштеринин кудуретсиздиги белгиленген, 2 (2,9%) оорулуу каза болгон.

  • ИРИҢДYY ПАНКРЕОНЕКРОЗ ДАРТЫ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫ ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ДАРЫЛОО

    А.И. Мусаев, Б.С. Ниязов, Д.С. Ибраимов, Б.О. Сайфулаев, Н.У. Ибраимов
    91-95 32
    Аннотация

    Корутунду: Операциядан мурун жана кийин медикаментоздук терапия колдонуу менен операция болгон ириңдүү панреонекроз дарты менен ооруган 22 бейтаптын дарылоонун натыйжасы көрсөтүлгөн. Байкоо тобунда (10 адам) салттуу түрдөгү терапия алган, ал эми негизги топтогу бейтаптарга антибио-тикалык лимфотроптук кошулма менен дарыланды, орундуу жана жалпы озонотерапия (12 адам). Жакшы натыйжа экинчи тобунан алынды.

  • БООРДУН ЭХИНОКОККОЗ ДАРТЫН ДАРЫЛООНУН РАДИКАЛДУУ ЖАНА МYЧӨСАКТООЧУ ОПЕРАЦИЯЛЫК ЖОЛДОРУ, АЛАРДЫН БААЛУУЛУГУ

    Б.С. Ниязов, М.Ж. Алиев, К.А. Гапуров, Т.А. Калыбеков
    96-99 48
    Аннотация

    Корутунду: Боор эхинококкоз дарты менен жабыркаган 188 бейтапка операциялык дарылоонун жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Анын ичинен 42 бейтапка радикалдуу, 146 бейтапка мүчөсактоочу операциялар жасалган. Радикалдуу операциядан кийинки жакынкы аралыктагы кабылдоолор 4 (9,5%) бейтапта, ал эми мүчөсактоочу операциядан кийин 18 (12,3%) бейтапта өөрчүдү жана эхинококкоз дартынын кайталанма түрү 2 жылдан кийин 3 (2,1%) бейтапта пайда болду.

  • АХАЛАЗИЯ КАРДИЯНЫ ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    Р.А. Оморов, Б.К. Осмоналиев, Б.А. Авасов, Н.А. Маманов, Д.К. Кушубеков
    100-105 51
    Аннотация

    Корутунду: Геллер-De Brune Groeneveldt боюнча 18 жаштан 66 жашка чейинки курактагы кардиинин жетишсиздиги (КЖ) менен ооругандардын зофагокардиомиотомиясынын натыйжалары берилди. Эркектери - 6, аялдары - 10, ооруунун узактыгы 1 жылдан 6 жылга чейин. Ооруунун 3- стадиясы 12 оорукчанда, 2-стадиясы 4 оорукчанда аныкталган. Бул рентгеноскопиядан жана ЭГДСден тастыкталган. 13 пациентке биздин клиникада лапаротомдук жол менен жетуу аркылуу модификацияланган эзофагокардиомиотомияда аткарылган. Yч оорукчанга эндовидеохирургиялык технологияларды колдонуу аркылуу Дор боюнча алдьщкы гемиэзофагофундопликациялар менен эзофагокардиомиотомия аткарылган. Операция учурунда жана операциядан кийинки мезгилде операцияга байланыштуу өзгөчө өтүшүп кетүү болгон эмес. Өлүмгө алып барган учурлар болгон эмес. Айрым натыйжалар 10 оорукчандан (6 айдан 5 жылга чейин) иликтенген. Баары өздөрүн канаатандырарлык сезишкен, дисфагия жана зарына болушкан эмес, салмагы калыбына келип, жалпы абалынын жакшырганы байкалган.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МЭЭНИН МЕТАСТАЗАЛЫК БУЗУЛУУСУ КЛИНИКАЛЫК ЭПИДЕМИОЛОГИЯ, ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО

    А.Т. Шамшиев, М.С. Абдрасулова, Н.Т. Качиев
    106-108 26
    Аннотация

    Аннотация: Бул изилдөөдө эпидемиялык берүүлөр, хирургиялык дарылоонун натыйжалуулугу жана акыркы үч жылдагы мээнин метастазалык бузулуусу менен жашоо боюнча статистикалык анализ колдонулган (2015-2017-жж.). Солитардык, милиардык жана майда метастазаларды өз убагында аныктоону камсыз кылган, эрте диагноздоонун жакшыртылышы бул жыйынтыкка алып барат, ошош бир аз мээ белгилери кайда болушу менен мээде метастазалар бар экендигин далилдоо үчүн изилдөө керек. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында мээнин метастазалары менен кайрылган бейтаптардын саны көбөйдү. Ошонтип, жашоосунун сапатын жакшыртууга туура жана аларды узактыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берген, мээдеги метастазалык шишиктерди хирургиялык дарылоо жандоо ыкмасын деп эсептесе болот.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ

  • ТӨРӨТТӨН КИЙИНКИ МАССИВДҮҮ ГИПОТОНИЯЛЫК КАН АЧЫЛЫП АГУУЛАРГА КАРАШТУУ НАТЫЙЖАЛУУ КИЧИ ИНВАЗИВДИК АЛДЫН АЛУУСУ

    А.А. Аскеров, А.А. Алтынбекова, Ж.М. Муталипова
    109-113 32
    Аннотация

    Корутунду: Гипотониялык ТККлардын 84 учурун проспекттик изилдөө жүргүзүлгөн, негизги топту 35 аял түзүшкөн, аларга стандарттык терапия менен катар жатындын баллондук тампонадасын (ЖБТ) колдонушкан, ал эми текшерүү тобуна 49 бейтап кирген, алар дарылоонун базалык протоколун алышкан. ЖБТнын натыйжалуулугуна баа берүүнү индикаторлор боюнча жүргүзүшкөн, ошондой эле бейтаптардын 10 баллдык шкала боюнча канааттануу деңгээлине баа берилген.

  • КАТУУ КАРМАГАН ӨПКӨ-БРОНХ ПАТОЛОГИЯСЫНАН ЖАБЫРКАГАН ЭМЧЕКТЕГИ ЖАНА НАРИСТЕ КУРАГЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН ТАМАКТАНУУСУНУН МОНИТОРИНГИ

    А.А. Ахметханова, Р.Р. Урумбаева, Ю.В. Борякин
    114-118 37
    Аннотация

    Корутунду: Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунан келип катуу кармаган өпкө-бронх патологиясына байланыштуу стационардык дарылоодон өткөн, эмчектеги жана наристе курактагы 100 балага изилдөө жүргүзүлдү. Айкын болгондой, изилдөөгө алынган топтордун көпчүлүгүндө тамактык макамдын бузулгандыгы жана алардын саны жаш курагына жараша өсүшү байкалууда. 0-6 айлык, 6-12 айлык, 1-2 жашар балдардын тамактануусун уюштурууда олуттуу катачылыктар такталган. Көп ооруган жана аз ооруган балдардын топторун салыштырганда, биринчи топтогу балдардын тамактануусун уюштурууда көп каталар кетирилгендиги такталган.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ