Том 6 № 6 (2016): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-02-17

Бардык чыгарылыштар

САЛАМАТТЫК САКТООНУ УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДА ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДИН ЧАРЧОО ПРОЦЕССИ БААЛАНУДА

    А.А. Чонкоева, А.М. Сатаркулова
    4-7 15
    Аннотация

    Изилдөө иштин жыйынтыгында көрсөтүлгөндөй жогорку окуу жайда окуган биринчи жана үчүнчү курстун медициналык студенттердин психологиялык өзгөчөлүктөрү берилген. Студенттердин окуу жана көпфакторлуу өнүгүү проссециндеги чарчоо суроолору каралат. Эл аралык студенттердин чарчоо себептерин аныктоо үчүн жаңы заманбап технологиялары колдонулдуу.

  • ЖАЛПЫ ТАЖРЫЙБАЛООЧУ ДАРЫГЕРЛЕРДИН МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН ОТУУЛУУЧУ МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА ИЛДЕТТЕРГЕ ЧАЛДЫГУУСУ

    Л.Б. Сейдуанова
    8-11 14
    Аннотация

    Бул материалда жалпы тажрыйбалоочу дарыгерлердин Алматы шаарындагы бейтапканалардын терепевт дарыгерлери менен салыштыруунун натыйжалары,мезгил-мезгили менен медициналык кароодон отуудогу маалыматынын жыйынтыгы корсотулгон. Мында онокот оорулардын тузулушундо кан айлануу системасынын , тамак синируу органдарынын ,соок-булчун жана тутамдаштыргыч тканынын илдеттери биринчи орунга чыгат. Математикалык моделдештируунун негизинде изилденген адамдардын эмгек стажына жана жаш курагына карата аныкталган онокот илдеттеринин жана нозологиялык формаларынын кенири таралган корсоткучунун моделдери иштелип чыккан. Изилденген дарыгерлердин жаш курагына жана эмгек стажына жараша ишмердуулулугунун жагымсыз шарттарынын комплексине муноздолгон, онокот ооруларынын ыктымалдуулук жыштыгынын коз карандылык ийри сызыгы тузулгон. Алынган жыйынтыктар ондуруштук шартталган онокот соматикалык илдеттердин келип чыгышында эмгек шарттарынын ролун айтып чыгууга мумкундук берет.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА СУРРОГАТ ЭНЕНИН МОРАЛДЫК-ЭТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ

    А.К. Артыкбаева, Н.М. Темиров, Р.С. Розыева
    12-14 17
    Аннотация

    Макалада Кыргыз Республикасында суррогат эненин укугунун биоэтикалык аспектилери каралды, көмөкчү репродуктивдуу технологияларды колдонууда коомдун болгон ар түрдүү көз караштары, жана дагы, суррогат энени колдонуудагы көйгөйлүү меселелерин жеңип чыгууда мүмкүн болгон жолдору анализделди.

ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЕСИЛ ш. ИЧҮҮЧҮ СУУНУН ТАЗАЛЫГЫ

    К.З. Сакиев, Л.К. Ибраева, Г.Р. Хантурина
    15-17 7
    Аннотация

    Есиль шаарынын ичуугу суусунун хлориддерин изилдегенде 92% учурда Жогорку уруксат берилген концентрациядан (ЖУБК) жогору болгон, бул көрсөткҮч шаар боюнча алганда орточо 1,03 ЖУБК түзгөн. Жыттуулугунун көрсөткүчү санитардык нормалардан (ченемден) 58% изилдөөлөрдө арточо 1,3 жогору болгон. Суунун катуулугу (шардуулугу) бардык изилдөө түйүндөрүндө санитардык нормадан жогору, ЖУБКнын 1,9 түзгөн.

  • ДЕКУЛЬТИВАЦИЯ КЫЛЫНГАН УРАН КЕНДЕРИН ЖЕРИНИН НЕГИЗГИ МАЙЫПТУУЛУК КАЛКТУУ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК МYНӨЗДӨМӨСY

    К.З. Сакиев, Л.К. Ибраева, Д.Х. Рыбалкина, Н.К. Дюсембаева, Б.М. Салимбаева, Е.А. Дробченко
    17-22 45
    Аннотация

    Жыйынтык. макала оорулар МКБ классына менен бойго жеткен калкынын алгачкы майыптыкка түзүмүн сунуштайт. Таянсак, 10 жыл болгон (2005-2014). негизги майыптуулук шарттуу экологиялык оорулардын негизги себептеринин (респиратордук ооруларды жана коркунучтуу шишик) пайда болушу мүмкүн.

НЕГИЗГИ САБАКТАР МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЫМЫРКАЙ ЖАНА КАРЫГАН УБАКТАГЫ АДАМДАРДА ТИМУСТУН ӨЛЧӨМДӨРҮНҮН ТҮЗҮЛҮШҮНҮН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ

    Т.С. Абаева
    23-26 21
    Аннотация

    Тимус иммун системасынын борбордук мүчөсүнө кирет, ал биологиялык жактан жардам берет жана жоопту. Тимустун түзүлүлүшүн 17 ымыркай жана карыган убактагы адамдардын кадаверинен изилденген. Изилдөө ыкмасы: 1) Анатомиялыгк ыкма (препаровка,олчоо). 2) гистологиялык ыкма (препараттарды гемотоксилин-эозин жана Ван-Гизон менен боё). Изилдөөнүн натыйжасында тимус ымыркайда бөлүкчөлөрдөн турат. Бөлүкчөлөрдүн арасында эң назик байламталар бар. Гассел денечеси көбүнчө мээ затында жайланышат. Коллаген жана эластика жипчелери Ван-гизон менен боёгондо жакшы корунду. Лимфобластар көп кездешет. Карыган адамдарда тимустун деградациясы болгонго карата, Т лимфациттер азайып, кээде жок болуп кездешет. Карыган адамдарда тимустун тканы бүт бойдон май менен алмашат (көбүнчө). Тимус бөлүкчөлөрдөн турат, бөлүкчөлөрдүн өлчөмү ар кандай. Бөлүкчөлөрдүн арасында тутамдаштыргыч ткандар, көбүнчө эластикалык талчалар түзөт. Гассел денечеси орточо эсеп менен нормалдуу . Кээ бир жерлерде лимфобластардын жыйылып калганы көрүнөт. Карыган убактагы адамдарда бөлүкчөлөр ортосундагы дубалдар көбүнчө жок болот, лимфоцитдер азайган жана эластикалыгк талчалар кездешпейт.

  • ӨСПҮРҮМДӨРДYH ОҢ ЖАНА СОЛ БРОНХОӨПКӨЛҮК ЛИМФА БЕЗДЕРИНИН ЧЕЛ КАБЫГЫНДА ЖАЙГАШКАН МИОЦИТТЕРДИН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

    М.Т. Жанганаева
    26-29 15
    Аннотация

    Кириш сөз. Лимфа тамырларынын дубалдарындагы жана лимфа бездеринин чел кабыгындагы жылма булчуңдарынын жыйрылуусунун негизинде лимфанын жүрүүсү байкалат.
    Изилдөөнүн максаты: өспүрүмдөрдүн бронхоөпкөлүк лимфа бездеринин чел кабыгынын архитектоникасын жана миоциттердин коллаген жана эластикалык булалар менен байланышын изилдөө.
    Изилдөөнүн ыкмасы: Борисов А.В. сунуштаган метод менен тоталдык препараттар даярдалды Тистологиялык кесиндилер Ван Гизон жана Вейгерт боюнча боелду.
    Изилдөөнүн жыйынтыгы: бронхоөпкөлүк лимфа бездеринин чел кабыгынын ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан миоциттердин саны жана алардын коллаген жана эластикалык булалар менен байланышынын көрсөткүчтөрү белгиленген.
    Корутунду: өспүрүмдөрдүн сол бронхоөпкөлүк лимфа бездеринде миоциттердин саны үстөмдүк кылаары аныкталды.

  • ИНДУЦИРИЛГЕН КҮЙҮК ЖАРАСЫНА ӨСТҮРҮЛГӨН ДЕРМАЛДЫК АУТОФИБРОБЛАСТАРДЫН РЕГЕНЕРАЦИЯЛОО ПРОЦЕССИНЕ ТААСИР ӨТҮҮСҮ

    Е.В. Самаева, Г.С. Молдоташева, Л.Л. Ильина
    30-36 8
    Аннотация

    Бул изилдөө ишинин принципиалдык жаңылыгы: дермалдык аутофибробластарды өстүрүүнүн жаңы ыкмасы болуп тромбоцит менен байытылган плазманы жана “Глицирам” тамырынын препаратын колдонуу эсептелинет.
    Регенерация процессине тромбоциттер менен байытылган плазмада жана “Глицирам” тамырынын препаратында өстүрүлгөн дермалдык аутофибробласттардын таасири жана салттык куйук жарасын дарылоодо колдонулуугу “Левомеколь” майынын таасирине салыштырма анализ жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн объектиси болуп пародасыз, салмагы 150-200 гр. болгон лабораториялк чычкандар кызмат кылды. IIIА даражадагы термикалык күйүк контакттык ыкма менен тийгизилди. Өстүрүлгөн ДАФБ 1,5 – 2 эсе аз убакыттын игинде жаранын айыгуусуна алып келгени эксперименталдык жол менен далилденди.

  • БИЙИК ТООЛУУ БИЙИК ӨБӨЛГӨЛӨРҮ НУРЛАРДЫ КЕЛЕМИШТЕР МЕНЕН КАНДЫН ИЗИЛДӨӨ

    Л.Л. Ильина, Г.С. Молдоташева, Е.В. Самаева
    37-41 9
    Аннотация

    Тажрыйбалык иш үч катардан турган келимиштердин тобунун үстүнөн жүзөгө ашырылды. Биринчи көзөмөлдөө катары кадимки радиационндун фонунун ылдый тоолу (760 м) шартында болду. Экинчи көзөмөлдөө катары бийик тоолу шартында (2500 м) жана үчүнчү эксперименталдык катар жогорку радиационндун фонунун (35-36 мкР /саат) жогорку бийиктикте (2600m) изилденген. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй келимиштердин эксперименталдуу катары көзөмөлдөө катарына салыштырмалуу гипокоагуляциялык кан өзгөртүү иштеп чыгуу боюнча бир катар тажрыйбалуу экенин көрсөткөн. Эксперименталдуу катары 15 күндөн кийинки изилдөөсүндө өзгөчө билинди, 30-күндөн – орточо, кийин көпчүлүк деп белгиледи, ал эми 45 күн өткөндөн кийин - гипокоагулянттык майда өзгөрүүлөр.

  • УГЛЕВОД ЖЕҢИЛ ДИЕТАНЫН ЖАНА ОМЕГА-3 ТААСИРИ УРГААЧЫ КЕЛЕМИШТЕРДИН ЭСТРАЛДЫК ЦИКЛИНИН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ПОЛИКИСТОЗ СИНДРОМУНДА

    Ч.С. Жылкичиева, Р.Р. Тухватшин, А.А. Аскеров
    41-46 10
    Аннотация

    Омега-3 кармалган көп каныктырылбаган май кислоталарынын, лабораториялык ургаачы келемиштердин эстралдык циклинин калыбына келтирүүгө натыйжалуулугу изилденди. Углевод жеңил диетасындагы жана омега-3 алуучу келемиштер салыштырмалуу тобунда эстралдык циклинин калыбына келүүсү байкалган – кындын мазокторунда шапкалуу клеткалар коп санда кездешет. Углевод жеңил диетасы жана омега-3 эксперименталдык энелик бездердин поликистоз синдромундагы келемиштердин эстралдык циклин калыбына келтире алат.

  • ЭНЕЛИК БЕЗДЕРДИН ПОЛИКИСТОЗ СИНДРОМУ: ЗАМАНБАП КӨЗ КАРАШ БУЛ КӨЙГӨЙДҮ

    Ч.С. Жылкичиева; Р.Р. Тухватшин, А.А. Аскеров
    47-52 30
    Аннотация

    Илимий булактардан энелик бездердин поликистоз синдромунун (ЭБПС) патогенезине арналган сереп алып берилди. Заманбап илимий булактары теориялык жана клиникалык аспекттерди сүрөттөйт, инсулинрезистенттиги жана ЭБПС байланышын тастыктаган, ошондой эле метаболизмдин өзгөртүүлөрүн. Андан аркы изилдөөлөр ЭБПС молекулярдык жана генетикалык механизмдерин эң мыкты түшүнүүгө, этиологиянын жана патогенездин жаңы теорияларынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

  • СЕЗГЕНҮҮЭМЕС ГЛОМЕРУЛОПАТИЯЛАРДЫН МОРФОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    Н.Б. Тулепбергенов, Б.Р. Джаналиев, Г.С. Молдоташева
    53-56 13
    Аннотация

    Мембраноздуу нефропатия, фокалдык сегментардык гломерулосклероз/гиалиноз жана минималдуу өзгөрүштор дистрофикалык жана склеротикалык процесстерменен мүнөздөлушу изилдөөнүн натыйжасында корсотулду. Ошол гломерулопатиянын морфологиялык варианттарында сезгенүүнүн белгилери жок, ошол себептен булар сезгенуу эмес гломерулопатияларга кириш керек.

  • ИНФЕКЦИЯЛЫК ГЕНЕЗДЕН УЛАМ ЭРТЕ ӨЗ АЛДЫНЧА БОЙДОН ТYШYYДОГУ ЭНДОМЕТРИЙДИН КЫРЫНДЫЛАРЫНЫН МОРФОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    С.Т. Осмоналиева
    57-60 8
    Аннотация

    Өнөкөт гинекологиялык инфекциялар менен ооруган аялдардын кош бойлуулуктун 5-8 жумасында өз алдынча бойдон тушуусундо эндометрийдин негизги морфологиялык өзгөрүүлөру болуп спиралдык артериянын толук жетилбегендиги, хорион ворсиналарынын жетилуусунун бузулуусу, эндометрийдин децидуализация процессинин кечеңдеши жана цитотрофобласттын инвазиясынын начарлашы саналат.

  • СРАВНИТЕЛЬНАЯ ХАРАКТЕРИСТИКА НОРМАЛЬНОЙ МИКРОФЛОРЫ ПОЛОСТИ РТА У КУРЯЩИХ И НЕКУРЯЩИХ СТУДЕНТОВ

    Д.К. Кушубеков
    60-63 14
    Аннотация

    Статья тамеки чеккен жана тамеки чекпеген студенттердин ооз көӊдөйүндөгү микрофлоралардын сан жана сапаты жактан өзгөчөлүктөрү салыштырмалуу түрдө көрсөтүлгөн. Тамеки чеккен студенттердин оозунда ар түрдүү микро-организмдер (стрептококктор, стафилококктор, лактобактериялар ж.б.) тез-тез сан жагынан көбүрөөк тамеки чеккенине карата өзгөрүлүп турат. Ооз көӊдөйүндөгү былжыр чел катмарындагы багытталган коргонуу факторлоруна микробтордун ассоциацияларынын тийгизген ролу көрсөтүлгөн. Ошондой эле экзогендик химиялык жаратылыштагы – тамекинин түтүнүн ооз көӊдөйүндөгү шилекейдин коргонуу функциясына тийгизген чачылдырылган.

  • ТООДО ЖАШАГАН АДАМДЫН БОРБОР НЕРВ СИСТЕМАСЫНЫН ФУНКЦИОНАЛДЫК АБАЛЫН БААЛОО БОЮНЧА ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР

    Г.С. Джунусова, Н.У. Сатаева, С.Б. Ибраимов, Э.Дж. Мусаева, А.М. Сатаркулова
    64-68 16
    Аннотация

    Макалада 100 тоолук өспүрүмдөрдүн 16 дан 22 жашка чейин 3000 м бийиктике жашап жаткан нейрофизиологиялык параметрлеринин баалоо жыйынтыктары берилди. Электроэнцефалографиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары анализденди. Көнүгүү механизмдеринин түзүлүшүнө жана түзүк иштешине салым кошкон критерийлери аныкталды да жана ага таасир эткен коркунуч факторлор каралды.

  • КЕКИРТЕКТИН ҮН ЖИП РАК ЖАНА БАШКА КЕКИРТЕКТИН ООРУЛАРЫНДА АЙЫРМА ДИАГНОСТИКАЛЫК ЛАРИНГОСКОПИЯ КӨРСӨТМӨ

    Д.А. Мактыбаева
    69-72 9
    Аннотация

    Биринчи кезекте рак оорусу кекиртектин үн жибинде жайгашканда жергиликтүү учурларда бейтаптын даттануусу шишиктин башталышы төмөндөгүдөй үндүн өзгөрүүсүнөн белгилүү. Акырындык менен өрчүп, шишиктин өнүгүүсү I стадиясында аныкталат. Бирок, үндүн бузуусу көптөгөн башка кекиртектин ооруларында да кездешет. Демек, бул симптом аныкталгандан кийин белгилүү диагностикалык чыгарарууну кабыл алганга чейин ларингоскопия зарыл.

  • КУРГАК УЧУКТА ӨПКӨНУН ЖАБЫРКОО ДАРАЖАСЫ

    Ю.В. Козьмина, Б.Р. Джаналиев, С.Д. Джолдубаев, М.Г. Козьмин
    72-75 9
    Аннотация

    1984 жылдан 2008 жыл мизгелиндеги Республикалык паанатомия бюросуну аутопсиялык материалдарынын и зилдөө мезгилинде өзгөчө экинчи кургак учугунда эки жактуу жабыркоонун көбөйүшү белгиленген. Бир жактуу жабыркоо процессинде көпчүлүк учурда жогорку жана орто бөлүгү, ал эми эки жактуу жабыркоодо өпкөнүн баардык бөлүгү кирери аныкталды.

ИЧКИ МЕДИЦИНА МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АЗ БЕЛГИЛҮҮ ИНФЕКЦИЯЛЫК МИОКАРДИТТЕ БӨЙРӨКТҮН ӨТКҮР БУЗУЛУШУ

    К.Ш. Машалаева, И.Т. Муркамилов, Р.Р. Калиев
    76-78 7
    Аннотация

    Курч миокардиттин бөйрөк оору менен ооруган бейтаптардын байланышы жетишсиздик изилденген. Миокардиттин спецификалуусуз клиника сүрөтү жана оорунун симптомсуз жүрүшү популяциядагы оорунун таралышысын чыныгы баа коюга кыйындатат. Бул иште сейрек клиникада кездешчү бөйрөктүн өткүр бузулушунун инфекция миокардитте пайда болушу сунушталган. ФВ ЛЖ аздыгы бөйрөктүн өткүр бузулушуна алып келген, ошондуктан бөйрөктүн адекватсыз перфузиясы жана бөйрөктүн кан жүгүрүшүүсүнүн көлөмү түшкөн.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙ ОБЛАСЫНЫН БАЛДАР АРАСЫНАН ДИАСКИНТЕСТ ЫКМАСЫН КУРГАК УЧУКТУ АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН КОЛДОНУУ

    А.К. Байтелиева, Г.К. Турдумамбетова, М.Д. Субанбеков
    79-82 50
    Аннотация

    Кыргыз Республикасында кургак учук боюнча негизги эпидемиологиялык көрсөткөчтөрдүн турукталышына жана кыскарышына карабастан, балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында, калктын аярлуу топтору катары, абал кооптуу бойдон калууда. Фтизиопедиатр дарыгерлеринин иши, кургак учук дартын эрте аныктоого багытталган, өзгөчө анын долокалдык түрүн. Манту ыкмасында кездешүүчү эмдөөдөн кийинки же жугуштуу аллергиянын айырмасын аныктоодогу кыйынчылыктардан улам, диаскинтест ыкмасын 4370, 1ден-15ге чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасын-да, Бишкек ш. жана Чүй обласында коюлушуна себеп болду. Изилденген баардык курактагы топтордон, диаскинтест оң үлгү – 707 (16.2%), шектүү – 67 (1.5%) балдар, терс – 3596 (82.3%) жыйынтык берген.

  • КЫРГЫЗ ПОПУЛЯЦИЯСЫНДАГЫ НЕРВ ТҮТҮКЧӨСҮНҮН ДЕФЕКТИСИНДЕГИ МЕТИЛЕНТЕТРАФОЛАТРЕДУКТАЗАНЫН С677Т ГЕНИНИН ПОЛИМОРФИЗМИ.

    Н.М. Алдашева, С.Дж. Боконбаева, Е.М. Мамбетсадыкова, Х.М. Сушанло
    82-85 7
    Аннотация

    С677 гениндеги фолат MTHFR алмашусун 20 толук (атасы, энеси, баласы) жана 10 толук эмес (энеси, баласы) үй бүлөлөрдөгү балдардын нерв трубкасынын жүлүнүндөгү грыжасы дефектиси бар же тубаса кемтик менен айкалышкан полиморфизми изилдөө жүргүзүлдү.

АКУШЕРДИК ЖАНА ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БИШКЕК ШААРЫНЫН БАЛДАР АРАСЫНДАГЫ ПЕРИОСТИТ ООРУСУНУН ТАРАЛУУСУ

    С.Т. Абдылдаев
    114-116 7
    Аннотация

    Аныкталган умтулууларды периоститке алып келе турган ынгайлуу фон түзүүчү фактор деп эсептесек болот. Ошол жана башка чектөөлөрдүн баары салыштырма топтун өкүлдөрүнө да тиешелүү, анын негизинде алар дагы потенциалдык түрдө периостит оорусуна тобокелэкенине себеп берет.

  • МЕТАЛЛДАН ЖАСАЛГАН ТИШ ПРОТЕЗДЕР ЖАКПАГАНДА БЕЙТАПТАРДЫН КЛЕТКАЛЫК ЖАНА ГУМОРАЛДЫК ИММУНИТЕТИНИН АБАЛЫ

    У.А. Амираев, С. Рузуддинов, Р.Р. Тухватшин
    117-120 13
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты боюнча бейтаптарга металлдан жасалган протездердин жакпагандыгында заманбап клиникасын изилдөөдө клеткалык жана гуморалдык абалын тактап билүү. Хром кобальт жана хром никель куймаларынан тиш протездерин жасаткан 73 бейтаптын абалы текшерилген. Изилденген бейтаптар 20 жаштан 50 жашка чейин болгон. Алардын ичинен: 31 эркек, 42 аялдар болгон. Клиникалык жана иммунологиялык көрсөткүчтөр изилденди. Металл тиш протездер жакпагандарда 6 жыл өткөндөн кийин клеткалуулардын жана А, М иммуноглобулиндердин санынын азайуусу аныкталган.

  • БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ АСКЕР ЛИЦЕЙИНИН КУРСАНТТАРЫНЫН СТОМАТОЛОГИЯЛЫК ЖАНААЗЫКТАНУУ СТАТУСУН ИЗИЛДӨӨ

    П.Д. Абасканова, А.Т. Эрбаев, К.Б. Куттубаева, Т.А. Цивинская, М.К. Эсенаманова, Ф.А. Кочкорова
    120-122 12
    Аннотация

    Аскер лицейинин 1 жана 2 курсунун курсанттарынын стоматологиялык жана азыктануунун натыйжасында: азыктануудагы витамин жана минералдык курамынын сапаты төмөн болгону аныкталды.

  • НЕФРОЛИТИАЗ ООРУСУНА ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН ООЗ КӨНДӨЙҮНДӨГҮ АБАЛЫН АНЫКТОО

    Р.А. Масаева, Г.С. Чолокова, Н.К. Монолов
    123-125 8
    Аннотация

    Нефролитиаз оорусуна жабыркагандардын ооз кѳндѳйүндогү абалын изилдѳѳ учун биз Кыргыз Ресубликасынын Саламаттык сактоо Министирлигине теешелүү Улуттук Госпиталдын Урология борборундагы, заара-таштар оорусуна жабыркаган жашы 18-78 жашка чеин 30 бейтапка стоматологиялык текшерүү жүргүздүк. Салыштырма топту ошол эле сандагы КММА стоматологиялык факултетинин студентери түзтү. 2 топто жүргүзүлгѳн ооз кѳндѳйүндѳгү абалдын салыштырма-анализинин жыйынтыгында, заара-таштар оорусуна жабыркаганда тиштин катуу тканында жана пародонттогу ѳзгѳрүүлѳр оорраак болуусу табылды.

КАРДИОЛОГИЯ ЖАНА КАРДИОХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ДИНАМИКА ТОЛЕРАНТНОСТИ К ФИЗИЧЕСКОЙ НАГРУЗКЕ ПАЦИЕНТОВ, ПЕРЕНЕСШИХ ИНФАРКТ МИОКАРДА, НА РАЗНЫХ ЭТАПАХ ФИЗИЧЕСКОЙ РЕАБИЛИТАЦИИ В РАННЕМ ПОСТГОСПИТАЛЬНОМ ПЕРИОДЕ

    Н.М. Терещенко, И.Э. Малиновская
    126-129 6
    Аннотация

    На основании результатов 4-кратного обследования 57 пациентов в первые 6 месяцев после инфаркта миокарда установлена эффективность физической кардиореабилитации в виде тренировок на велоэргометре.

  • АР КАНДАЙ ДЕФЕКТИЛЕРИ БАР ЖҮРӨК ДҮЛӨЙЧӨЛӨРҮНҮН ТОСМОЛОРУНДАГЫ АНЕВРИЗМАГА ТРАНСКАТЕТЕРДИК КОРРЕКЦИЯ ЖАСОО

    М.Х. Дадабаев, Д.А. Усупбаева, Е.Ю. Богданова, М.Э. Бакеева, Ж.В. Савченко, О.Н. Бочарова, И.Д. Мирзаев , А.А. Эшмамбетова , С.А. Абдурашидов
    130-133 9
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты - жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмолорунда аневризмалык кемчиликтер кездешкен оорулууларды транскатетердик түздөө жолу менен айыктыруу. Жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмолорундагы аневризмалык кемчиликтерди транскатетердик түздөө жолу менен айыктыруу 21 оорулууларда жүргүзүлгөн. Оорулуулардын жашы 4 жаштан 46 жашка чейин ( орточо 21,7±3,5 жаш) болгон. ЖДОТнун орточо чоңдугу – 0,46± 0,04 мм болуусу керек болсо, эки м абалдагы ЭхоКГнын маалыматы боюнча ЖДОТАКде 19,9±1,3 мм-ге(8мм-ден 28,9 мм-ге чейин) жеткен. баарын кошуп караганда, аневризмде кемчиликтин көлөмү орточо 11,3±1,4 мм-ге (3төн 26 мм-ге чейин) жетсе, эң чоң көлөмдөгү кемчиликтин стретч - диаметри – 12,9±1,6 мм(4төн 24 мм-ге чейин ) жеткен. Мында жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмолорунун узундугу 40,4±1,7 мм(27,4төн 51, 8 мм-ге чейин) жеткен учурда 6дан 35 мм-ге чейинки көлөмдөгү окклюдерлер колдонулган. Окклюдердин тиби Р.Ewert жана соавт., ошондой эле кемчиликтин көлөмү, жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмолорундагы аневризма менен алардын шишип кетүү амплитудасына ылайык тандалып алынат. Транскатетердик түздөө (коррекция) бардык учурда бирдей болуп, оорунун күчөп оорлошуусу байкалган эмес. Мына ошентип, ушул сыяктуу жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмолорундагы аневризмалык кемчиликтерди транскатетердик жол менен түздөөнү жасоо үчүн жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмолордун аневризмасынын көлөмүн жана анын шишип кетүү амплитудасы сыяктуу оорунун морфологиясын аныктаган эхокардиографиялык кылдат текшерүүнүн жыйынтыгы керектелет.

  • ЖҮРѲКТҮН ДҮЛѲЙЧѲЛѲРҮНҮН ОРТОСУНДАГЫ ТОСМОДОГУ КѲПТѲГѲН КЕМЧИЛИКТЕРДИ КАТЕТЕРДИК ЖОЛ МЕНЕН ТҮЗДѲП АЙЫКТЫРУУ ЖОЛДОРУ

    Д.А. Усупбаева, М.Х. Дадабаев, Е.Ю. Богданова, М.Э. Бакеева, Ж.В. Савченко, О.Н. Бочарова, И.Д. Мирзаев, А.А. Эшмамбетова, С.А. Абдурашидов
    134-137 9
    Аннотация

    Макалада жүрѳк дүлѳйчѳлѳрүнүн ортосундагы тосмолорунда кѳптѳгѳн кемчиликтер кездешкен оорулуулардын анатомиялык ѳзгѳчѳлүгү, ошондой эле ушундай контингенттеги оорулууларга Amplatzer окклюдеринин жардамы менен адекваттуу транскатетердик жол менен түздѳп айыктыруу мүмкүнчүлүктѳрү кѳрсѳтүлгѳн. Окклюдердин имплантацияланышы 16 оорулуунун 15не (93,7%) , анын ичинде эки кемчилиги менен 14 оорулууга, үч кемчилиги менен 1 оорулууга ийгиликтүү жасалган. Кемчиликтердин кѳпчүлүгүнүн орточо диаметри 18,5±2,1 мм (6дан 35 мм.-ге чейин) болгон. 14 оорулуунун жүрѳгүнүн кемчилигин бир окклюдердик техника менен , бир гана учуру эки окклюдердик техниканын жардамы менен жабылып айыктырылган.
    Жыйынтыгында, ЖДОТКрин ушул сыяктуу Amplatzer окклюдеринин жардамы менен түздѳп айктырууда кемчиликтин саны, алардын ортосундагы аралык, локализацияланышы жана бири- бири менен айкашуусу сыяктуу анатомиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүн так жана туура аныктап алуу керек экенин белгилѳѳ зарыл.

     

  • ЖҮРӨК ДҮЛӨЙЧӨЛӨРҮНҮН ТОСМОСУНДАГЫ КИЙИН ПАЙДА БОЛГОН ДЕФЕКТИЛЕРДИН ТАБЫГЫЙ ЖАКТАН ӨНҮГҮШҮ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА КОРРЕКЦИЯ ЖАСОО МӨӨНӨТҮ

    Д.А. Усупбаева, М.Х. Дадабаев, Е.Ю. Богданова, М.Э. Бакеева
    138-141 11
    Аннотация

    Акыркы жылдары хирургиялык жолдон сырткары (скальптын жардамысыз) жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмодогу көп деффектүүлүктү түздөө ишинин клиникалык практикада кеңири ишке ашышы менен мындай ооруларды айыктырууну изилдөө боюнча көп изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындай оорулар салыштырмалуу көпкө чейин байкалбай жүрөрү, бирок жүрөктүн оң камерасы оң жана сол дүлөйчөлөрүн бөлгөн тосмодо канды солдон оңго шунтирлөөнүн натыйжасында ал эмес симптому байкалбаган оорулууларда дагы гемодинамикаларынын бузулушун пайда кылып, күчөп кетүүсү байкалат. Бир катар авторлордун ою боюнча, мындай кемчиликтер убакыттын өтүшү менен көлөмү боюнча чоңоюп, анын ичинен көлөмү боюнча чоңураактары тездик менен чоңоюп, деффект байкалган жерден кан экинчи камерага агып (буга өпкөгө кетчү кандын системалык канга аралашуусу мисал боло алат) жүрөк дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмодогу экинчи дефектисин пайда кылат. Муну менен дефектинин чети ичкерип, кээде алардын жоюлуп кетишине чейин жетет, башкача айтканда , дефектинин көлөмү чоңоюп эле тим болбостон анын морфологиясы да өзгөрүүгө дуушар болот. Мында чоң көлөмдөгү четиндеги формасы жоголгон дефектилерди скальпсыз жол менен айыктырууга мүмкүн эместигин да эске алуу зарыл. Бул маалыматтар бардык дефектилер аныкталгандан кийин рекомендацияны сактап, алардын диагноздон кийин 18- 24 айдын ичинде эхо-кардиографиядан кайрадан өтүп текшерилип мониторингин жүргүзүп туруу керек экендигин белгилейт.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

ЛЕКЦИЯ