Том 5 № 5 (2017): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2017-05-14

Бардык чыгарылыштар

ФАРМАКОЛОГИЯНЫН,КЛИНИКАЛЫК ФАРМАКОЛОГИЯНЫН ЖАНА ФАРМАЦИЯНЫН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • «ДОРОГУ ОСИЛИТ ИДУЩИЙ» - К 90-ЛЕТНЕМУ Ю БИЛЕЮ М.Т. НАНАЕВОЙ

    А.З. Зурдинов
    11-13 27
    Аннотация

    «Фармакология как медицинская доктрина ...вещь чрезвычайно важная, первый прием лечения по универсальности есть введение лекарственных веществ в человеческий организм. Ведь какой бы случай ни был, даж е акушерский, хирургический, почти никогда необходится дело без того, чтобы вместе со специальными прие­мами не были введены в организм лекарства. Понятно, что точное изучение этого универсального орудия врача имеет или долж но иметь громадное значение». И.П. Павлов

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАШТАРЫНЫН ЧЫЛЫМ ЧЕГYY КӨЗ КАРАНДУУЛУК КӨЙГӨЙYН МЕДИЦИНА ЖАНА СОЦИОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН БААЛОО

    М.А. Акынбекова, Г.Я. Ибрагимова, А.Д. Мураталиева, Н.А. Ташиева
    14-16 38
    Аннотация

    Кыргыз Республикасынын жаштарынын арасында чылым чегүүгө болгон көз карандылык көйгөйүн баалоо максатында социалогиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Чылым чегүүнүн жана андан арылуунун негизи мотивациялык факторлору каралган. Чылым чегүүдөн баш тарткан учурда, колдонулуучу дарылык каражаттарды пайдаланулуучу потенциалдуу керектөөчүнүн үлгүсү көрсөтүлгөн. Чылым чегүүдөн баш тартуу үчүн дарылоо терапиясын баштоодо дары-дармектер рецеби жок чыгаруу сунушталган.

  • ОРИГИНАЛДУУ ПИПЕРИДДИНДЕРДИН КОШУЛМАЛАРЫНЫН КУРЧ ТОКСИКОЛОГИЯСЫ ЖАНА ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛЫ

    М.К. Амиркулова, У.М. Тилекеева
    17-21 45
    Аннотация

    Корутунду. Жергиликтүү анестезиалоо оригиналдуу дары-дармектер чыгарылган - пиперидердин активдүүлүгүн жана оор токсикологиясын изилдөө - жыйыктыктарын ушул статьяда көрсөтүлгөн. Жалпы кабыл алынган методдор клиникага чейинки изилдөөлөр боюнча иштетилген. Натыйжада баардык сыноодон өткөн кошулмалар инфильтрациялык жана өткөрүүчү анастезия ар кандай деңгээлде өзүнүн активдүүлүгүн жана аз токсикологиясы аныкталган.

  • ТАМЕКИ, КАЛЬЯН ЖАНА НАСВАЙ СЫЯКТУУ НИКОТИН КАМТЫГАН ЗАТТАРДЫН ЧЕГYYСYНYН МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН СТУДЕНТЕРИНИН АРАСЫНДА ТАРАЛУУСУ

    А.А. Ануварбекова, У.М. Тилекеева, Т.У. Уланбекова
    22-26 76
    Аннотация

    Корутунду: Азыркы учурда тамекиден тышкары, кальян чегүү кеңири таралууда. Дүйнөдө күн сайын 100 миллионго жакын адамдар кальян чегүүгө дуушар болууда. Илимий журналдардын берилмелери боюнча жыл сайын кальян чегүүнүн популярдуулугу өсүп жатат. ВОЗ специалисттерлердин ырастоосу менен кальян чегүүнүн организмге карата зыяндуулугу тамекиден кем эмес болгондугу билдирилет. Бул изилдөөдө жаштардын арасында тамеки камтыган заттардын колдонуунун себеби жана мотивациялык факторлору аныкталды. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча атайын чараларды иштеп чыгарууда жардам берет.

  • БАШКОРТОСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА ФИРМА ИЧИНДЕ ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК ПРОФИЛДЕГИ АДИСТЕРДИ ОКУТУУНУН АНАЛИЗИ

    А.А. Ахматгалиева, С.Н. Ивакина, А.Р. Бадакшанов
    27-29 36
    Аннотация

    Корутунду. Макала Башкортостан Республикасындагы ар түрдүү дарыкана уюмдарынын менчигинин түрүнө карабастан, фармацевтикалык билими бар адистерди фирма ичинде окутуунун системасын өздөштүрүүгө арналган. Фармацевттердин дарыкана уюмдардагы негизги жумуштарын аткаруу үчүн талап кылынган компетенттүүлүгүнүн деңгээли белгиленген.

     

  • БЕЙТАПКАНАДАН СЫРТКАРЫ ПНЕВМОНИЯ МЕНЕН ООРУГАН УЛГАЙГАНДАРДЫН ДАРЫЛАРДЫН КӨП БЕРИЛИШИНЕ БАА БЕР

    А.К. Жанбаева , У.М. Тилекеева
    30-34 29
    Аннотация

    Корутунду. Бардык изилденген саламаттык сактоо уюмдарында салыштырып талдоонун натыйжасында дарылардын көп берилиши аныкталды. Бир гана саналуу бейтаптарга оптималдуу санда дары-дармектер дайындалган. Эң жогору дарылардын көп санында берилиш көрсөткүчтөрү Ош Облус Аралык Бириктирүү Ооруканасында тастыкталган, бирок 2011-жылдан бери дарылардын көп санында берилиш көрсөткүчтөрү азайган, ошол эле учурда, Жалал-Абад Облусунун Бириккен Ооруканасында терс динамикасы анализделген.
     

  • КАЛЬЦИЙ КОШУЛГАН БИОЛОГИЯЛЫК АКТИВТЕШТИЛГЕН КОШУМЧАЛАРДЫН ПАЙДАЛАНУУСУНУН ДЕТЕРМИНАНТТАРЫН ИЗИЛДӨӨ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУУСУН ИЛИМИЙ АНЫКТОО БОЮНЧА АНАЛИЗДӨӨ

    А.А. Зурдинова, Н.У. Токтоналиева; И.У. Токтоналиев
    35-40 35
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада кальций кошулган биологиялык активтештирилген кошумчалардын пайдалануусу жана ар кандай фактылардын пайдаланууга болгон таасири жөнүндө Кыргыз Республикасынын сурамжылоо калктын жыйынтыгын көрсөтөт.

  • ЖАШТАРДЫН ООРУЛАРЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА ДАРЫЛОО YЧYН ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК КЕҢЕШ БЕРYYНYН

    Г.Я. Ибрагимова, И.А. Нурова, А.Х. Гайсаров
    41-43 40
    Аннотация

    Корутунду. Макалада фармацевтикалык кеңеш берүүнүн ирээтин көзөмөлдөө боюнча Россия Федерациясынын укуктук нормаларына анализ жүргүзүлгөн. Жаштардын ооруларын алдын алуу жана ден-соолугун чындоо үчүн, фармацевтикалык жардам көрсөтүүнү уюштурууда комплекстүү чечимдерди издөө боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн актуалдуулугу көрсөтүлгөн. Дарыкана уюмдарында стандарттуу жол-жоболорду иштеп чыгууда бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын негиз катары колдонуу сунушталган.
     

  • УРОЛОГИЯЛЫК БЕЙТАПТАРГА АНЕСТЕЗИОЛОГИЯ, ЖАНДАНДЫРУУ ЖАНА ИНТЕНСИВДҮҮ ЖАРДАМ БЕРYY ЭТАБЫНДА ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТYYНYН СИСТЕМАСЫН ТYЗYY

    Г.Я. Ибрагимова, О.И. Уразлина, И.А. Красовский
    44-46 42
    Аннотация

    Корутунду. Макалада урологиялык бейтаптарга анестезиология, жандандыруу жана интенсивдүү жардам берүүнүн этабында логикалык-семантикалык моделдин негизинде түзүлгөн фармацевтикалык жардам көрсөтүү системасын түзүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Фармацевтикалык жардам көрсөтүүнүн системасын түзүүчү негизги координаттар жана ага таасир берүүчү жагдайлар берилген.

  • ЗАМАНБАП ШАРТТАРЫНДА КАЛККА ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР ЖАГЫНАН ЖАРДАМ БЕРYYДӨ СЫРТКЫ ЧӨЙРӨ ФАКТОРЛОРУНУН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    С.Н. Ивакина, Г.М. Нагимова,, А.М. Медведев
    47-49 60
    Аннотация

    Бул изилдөөдө социалдык-экономикалык кризистин шарттарында, калктын дарыдармектерди пайдаланышына социалдык-экономикалык факторлордун тийгизген таасири каралды. Кризис мезгилинде калктын таза кирешесинин төмөндөшү, дары каражаттарына болгон керектөөчүлүк баа индексинин жогорулашы жана дары-дармектер менен камсыз кылууда баардык жеңилдиктердин төмөндөшү аныкталды. Сапаттуу фармацевтикалык жардам көрсөтүүдө, өзгөчө рецеби жок дарыларды таркатууда, маалымдоо жагынын ролун күчөтүү аркылуу калкты дары-дармектер менен камсыздандурууну өнүктүрүү жолдору сунушталды.

  • УФА ШААРЫНДАГЫ ДАРЫКАНА УЮМДАРЫНДА ФАРМАКОКӨЗӨМӨЛ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ЖYРГYЗYY УЧУРУНДА КЕЛИП ЧЫККАН МАСЕЛЕЛЕРДИ АНЫКТОО

    С.Н. Ивакина, Т.Н. Сафиуллин, А.Х. Гайсаров
    50-52 36
    Аннотация

    Корутунду. Бүгүнкү күндө дарыкана уюмдарында фармакокөзөмөлдүк иш чараларды жүргүзүүнүн актуалдуулугу, биоэквиваленттүүлүгү жана терапевтикалык эквиваленттүүлүгү тийиштүү изилдөөлөрдө тастыкталбаган дженерикалык дары-дармектердин санынын өсүшү менен шартталат. Бирок дарыкана уюмдарында фармакокөзөмөлдүк иш чараларды жүргүзүү учурунда кээ бир кыйынчылыктар жаралат (дары-дармекти сатып алууда кардардын дарыга байланыштуу кеңенирээк маалымат бербегендиги (75%) жана фармацевтикалык кызматкердин жумушунун көптүгүнө байланыштуу убакыттын тардыгы (41,7%)). Мындан сырткары, мындай ишти аткарууда калыптанган механизмдин жоктугу, бул жаатта дагы да изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин тастыктайт.

  • PADUS GRAYANAE MAXIM КУРГАК ЭКСТРАКТЫНЫН КАПСУЛА ТYРYНДӨГY ФОРМАСЫН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА СТАНДАРТТАШТЫРУУ

    И.З. Исмаилов
    53-55 30
    Аннотация

    Лиофил аркылуу кургатуу ыкмасы менен алынган капсула түрүндөгү Padus Grayanae maxim кургак экстарктын алуунун технологиясы жана анын курамын иштеп чыгуунун натыйжалары берилди. Классикалык ыкма менен капсуланын катуу дары түрүндөгү формасын иштеп чыгуу процессинде анын сапатынын көрсөткүчтөрү аныкталды: ээрүү өзгөчөлүгү, орточо салмагы, биологиялык активдүү заттардын сапаттык курамы, микробиологиялык тазалыгы. Алынган көрсөткүчтөр капсула түрүндөгү даяр дары формасынын аналитикалык нормативдик документацияларын иштеп чыгууда колдонулат.

  • НЕКОТОРЫЕ АСПЕКТЫ ФАРМАКОЛОГИИ И ФАРМАКОТЕРАПИИ В «КАНОНЕ» АБУАЛИ ИБНИ СИНО С ТОЧКИ ЗРЕНИЯ СОВРЕМЕННОЙ МЕДИЦИНЫ

    Б.А. Ишанкулова
    56-58 37
    Аннотация

    Статья посвящена великому таджикскому ученому-энциклопедисту и врачу Абуали ибни Сино, получившему мировую известность. Его гениальное произведение «Канон врачебной науки» состоит из 5 книг, 2 из которых посвящены лекарствоведению, т.е. фармакологии. Сино описал более 800 лекарств, собранных тысячелетиями многими учеными, добавив средства, которые были объектами его собственных наблюдений. Среди них были также лекарства, полученные химическим путем. Ибни Сино создал таким образом новую фармакологию. В своей книге великий ученый отмечает об индивидуальной чувствительности организма к лекарствам, о появлении аллергических реакций и привыкания к лекарственным веществам. Эти явления Авиценна объясняет по-своему, описывая разнообразние «мизоджы» у людей.

  • САХАРОСНИЖАЮЩИЕ СВОЙСТВА НЕКОТОРЫХ ЛЕКАРСТВЕННЫХ РАСТЕНИЙ ТАДЖИКИСТАНА (В ЭКСПЕРИМЕНТЕ)

    Б.А. Ишанкулова, У.П. Юлдашева, М.В. Урунова
    59-63 98
    Аннотация

    Автором был проведен поиск и экспериментальное изучение наиболее перспективных лекарственных растений из числа местной эндемы, обладающих выраженным сахароснижающим действием. В результате экспериментальных исследований, полученные достоверные данные позволяют авторам рекомендовать отвар и экстракт корней герани холмовой, отвар плодов софоры японской, настой листьев винограда культурного для комплексного лечения больных сахарным диабетом II типа легкой и средней тяжести.

  • "TABLEAU" ПРОГРАММАСЫН ММК ФОНДУНУН ИШТӨӨСYНӨ КИРГИЗYY

    М.Т. Калиев, К.Т. Маматова, А.А. Кешикбаева
    64-66 35
    Аннотация

    Корутунду. Онлайн туташтыруу үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок 2 оорукана тышкары, анализдөө системасы "Tableau" 2017-июлунан тартып өлкөнүн бардык ооруканаларда орнотулган. 2014-2016 жылдардагы 2783379 дарылоо окуялардын алдында аналитикалык моделди түзүлгөн.

  • ВАХТАЛЫК ЫКМА МЕНЕН ЭМГЕКТИ УЮШТУРУУДАГЫ БИЙИК ТООЛУУ ШАРТТА ИШТЕГЕН ЖУМУШЧУЛАРДЫН ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР СИСТЕМАСЫНЫН ИШТӨӨСҮНҮН ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК КОРРЕКЦИЯСЫ

    У.К. Кундашев, А.З. Зурдинов, В.Г. Барчуков
    67-71 33
    Аннотация

    Бийик тоолуу Кумтор кениндеги вахталык ыкма менен эмгекти уюштуруудагы жумушчулардын жүрөк-кан тамыр системаларынын адаптация болуу процессин коррекциялоо үчүн арналган актопротекторлор классындагы препараттардын натыйжалуулугуна баа берилди. Рандомизирленген текшерүүчү изилдөөгө негизги өндүрүштө туруктуу иштеген 58 жумушчу (бургулоочу жана тоо өтмөгүн жасоочу кесиптери боюнча 19 жаштан 45 жашка чейинки курактагы эркектер) катышты.
    Изилденип жаткан препараттар жүрөк-кан тамыр системасынын адаптация болуу процессин тездетүүгө жөндөмдүү экендиги аныкталды. «Плацебо» тобундагылардын жүрөк-кан тамыр системасы толук адаптация болгон эмес. Метапрот жүрөк-кан тамыр системасынын адаптациясын тездетет. Метапрот менен ладастенди чогуу колдонгондо вахтанын биринчи суткасында эле жүрөк-кан тамыр системасынын иштөө абалы жакшырат.

  • ЭКОНОМИКАЛЫК КИБЕРНЕТИКАНЫН НЕГИЗИНДЕ ДАРЫ-ДАРМЕКТИ САТЫП АЛУУНУ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ

    Г.Ф. Лозовая, Ж.В. Мироненкова, С.В. Демьянчук, К.В. Лозовая
    72-74 23
    Аннотация

    Корутунду. Кибернетикалык ыкманын негизинде ишемиялык жүрөк ооруларын (ИЖО) санитардык- курорттун шарттарында комплекстүү дарылоо үчүн, эффективдүү жана коопсуз дары-дармектерди (ДД) тандоо эксперттик баалоонун аркасында жүргүзүлгөн. Жетектөөчү дистрибьютерлердин изилденген дары-дармектеринин жалпы баасынын салыштырмалуу анализи жүргүзүлүп, Башкортостан Республикасынын алдынкы тапшыруучуларынан дары-дармектерди экономикалык жактан кыйла ьңгайлуу шартта сатып алуу аныкталган.

  • БАШКОРТОСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИММУНОСТИМУЛЯТОРЛОРДУ САТЫП АЛУУНУН ДИНАМИКАСЫНА ИЗИЛДӨӨЛӨРДY ЖYРГYЗYY

    Ж.В. Мироненкова, А.Ф. Давлетьянова, Л.М. Габдулхакова, О.И. Уразлина
    75-77 32
    Аннотация

    Корутунду. Макалада 2010-2016-жж. карата Башкортостан Республикасында иммуностимуляторлорду сатып алуу боюнча мамлекеттик рыноктун абалына жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Иммуностимуляторлорду сатып алуунун көлөмү, орточо эсеп менен алганда, мурункуга салыштырмалуу 107,31%га көбөйгөндүгү белгиленген. Иммуностимуляторлорду сатып алуунун көлөмүнүн өсүшүнүн орточо темпи, бюджеттин эсебинен сатып алынган бардык дары-дармектердин жалпы көлөмүнүн өсүшүнүн орточо темпине салыштырмалуу 5,94% түзөт, бул Башкортостан Руспубликасында иммуностимуляторлорду керектөөнүн өсүшүнүн туруктуулугун күбөлөндүрөт.

  • МАМЫРЫ ЧӨБYНYН ТУНДУРМАСЫНЫН ФАРМАКО-ТОКСИКОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮНҮН ИЗИЛДӨӨ

    А.Д. Мураталиева, Д.Н. Исмаилова, Н.К. Дуйшеналиев
    78-81 44
    Аннотация

    Корутунду. Өсүмдүктөр дүйнөсү адам баласына абдан зор байлык тартуу кылган - ар дайым жашоонун, тамактын, жана ден-соолуктун булагы болгон дары өсүмдүктөр. Азыркы убакта дары өсүмдүктөрүнүн көптөгөн ооруларды дарылоодо жана алдын алуу үчүн колдонуу чоң мааниге ээ, анткени дары өсүмдүктөр жана алардан жасалган дары дармектер организимге жумшак таасир этет, уулуулугу төмөн, кошумча терс белгилерди жана оорунун татаалдашын пайда кылбайт.

  • ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДА ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТYYНY УЮШТУРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛYКТӨРY

    А.Д. Мураталиева, Г.Я. Ибрагимова, С.Ш. Тойматов
    82-84 41
    Аннотация

    Макалада өзгөчө кырдаалда психикалык жактан жабыр тарткандарга фармацевтикалык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн. Өзгөчө кырдаалда психикалык жактан жабыр тарткандарга, медициналык жардам берүүдө керектелүүчү дары-дармектердин негизги тизмеси берилген.

  • ПРОБИОТИКТЕРДИН РОЛУ ЖАНА КОЛДОНУУСУ МЕДИЦИНАЛЫК ИШ ЖҮЗҮНДӨ (АДАБИЯТТАР БОЮНЧА МААЛЫМАТ)

    Э.Б. Мурзабаева, А.З. Зурдинов
    85-90 43
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөө азыркы учурдагы илимий булактарда пробиотиктерди пайдалануунун, ошондой эле, алардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун баяндаган маанилүү маселелер талкууланып ар түрдүү ооруларды сарамжалдуу дарылоо үчүн заманбап клиникалык практикадагы ролун көрсөтөт.

  • ЭКСПЕРИМЕНТ УЧУРУНДА КОРТЕКСИНДИН АШКАЗАН БЫЛЖЫРЫНА КЕЛТИРГЕН ЗЫЯНДУУЛУГУНУН ДАРАЖАСЫ

    Н.А. Муфазалова, Л.Ф. Муфазалова, Д.Р. Дивирова, Э.Р. Асфандияров, А.И. Киреева
    91-95 366
    Аннотация

    Корутунду. Фенилбутазонду куюунун натыйжасында кортексиндин 1 мг/кг (10 күн ичинде) жана 2 мг/кг (бир жолу) өлчөмүндө жана омепразол менен чогу кабыл алууда ашказан былжырынын (АБ) бузулушуна тийгизген таасири. Кортексиндин 1 мг/кг өлчөмүндө ашказан былжырын коргоочу таасирин берери аныкталган: ашказан жарасы бар жаныбарлардын саны 40%, ашказан жарасы барлардын жалпы саны 1,7 эсеге, 1 келемишке ашказан жарасынын саны-2 эсеге кыскарды. 2 мг/кг өлчөмүндөгү картоксин көбүрөөк гастрокоргоочулук таасир берет: АБ бузулушунун жалпы саны 7,3 эсеге, 1 келемишке ашказан жарасынын саны 7 эсеге кыскарган. 2 мг/кг өлчөмүндөгү кортексинди омепразол менен бирге кабыл алганда эффективдүлүгү жогорулаган.

  • ИССЛЕДОВАНИЕ ЛЕКАРСТВЕННЫХ РАСТЕНИЙ ЮЖНОГО КАЗАХСТАНА

    А.К. Патсаев, Б.К. Махатов, К.Дж. Кучербаев, А.Е. Бухарбаева, А.Т. Анес
    96-97 95
    Аннотация

    Лекарственные растения служат ценным сырьем для получения фитопрепаратов с широким спектром фармакологического действия, которые являются быстродействующими, не обладают кумулятивными свойствами и в меньшей степени сопровождаются нежелательными побочными эффектами. Активно развивающиеся во всем мире исследования в области химии природных соединений постоянно увеличивают число лекарственных видов.

  • БАЛДАРДЫН КӨЗ ООРУЛАРДЫ ОФТАЛЬМОЛОГИЯДА ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИН ОФФ-ЛЕЙБЛ КОЛДОНУУ

    Т.Б. Ускенбаев, У.М. Тилекеева
    98-101 46
    Аннотация

    Корутунду. 205 ооруларга офтальмологтордун дары-дармектерди колдонуусу фармакоэпидемиологиялык, ретроспективдүү изилдөөсү. Референттүү булак - Казахстандык даары формуляры. Балдардын - 79% сезгенүү оорулары менен, көздүн травмасы менен 21%. Офф-лейбл колдонуусу 76,5%, 0-1 чейинки балдар; 1-3 чейин - 3,3%; 3-6 чейин - 13%; 6 жаштан өйдө - 15,4%. Офф-лейбл регламентуу эмес жол менен колдонулган. Белгилүү жаш курагына каршы жана туура келбеген даарылардын дозалары. Антибактериалдуу препаратарды 100% ооруларга белгилөөсү колдонулган. 19 түрдүү аталышта антибиотиктер колдонулган, 4 формулярда белгиленген эмес, 8 антибиотикти офтальмологдор туура колдонушкан эмес. 3 дары-дармектер балдар жаш курагына туура келбеген дарылар, 5 жаш курагына жана доза эрежесине дал келбейт.

  • ПОСТРОЕНИЕ СЕМАНТИЧЕСКОЙ МОДЕЛИ ОРГАНИЗАЦИИ ФАРМАЦЕВТИЧЕСКОЙ ПОМОЩИ ПРИ ПЕРВИЧНОЙ ПРОФИЛАКТИКЕ ИШЕМИЧЕСКОГО ИНСУЛЬТА

    Р.Ю. Хасанова, Г.Я. Ибрагимова
    102-103 28
    Аннотация

    В статье представлен проект организации фармацевтической помощи, наглядно показанный на семантической модели организации фармацевтической помощи при первичной профилактике ишемического инсульта.
     

  • УФА ШААРЫНДАГЫ ДАРЫКАНАЛАРДА КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН БИОЛОГИЯЛЫК АКТИВДҮҮ КОШУНДУЛАРДЫ ТАНДООДОГУ ЖҮРҮМ-ТУРУМУ

    Т.В. Шайхатарова, С.Н. Ивакина
    104-106 39
    Аннотация

    Корутунду. Башкортостан Республикасындагы Уфа шаарында аптекалык уюмдарда (дарыканаларда) социологиялык сурамжылоо жүргүзүлдү жана биологиялык активдүү кошундуларды (БАК) сатып алуудагы керектөөчүлөрдүн жүрүш-турушунда өзгөчөлүктөр аныкталды. Керектөөчүлөрдүн 74%(пайызы) БАК сатып алуу үчүн айына 200 р ашпаган акча коротору жана ата мекендик өндүрүшкө таандык БАКтарды көбүрөөк баалай тургандыгы аныкталды. БАКтардын (СТМ) чинен көбүрөөк эффективдүү 11 аталыш керектөөчүлөр тарабынан көрсөтүлдү, алардын берген орточо баасы 4,3-4,75 балды түздү. БАКдын (СТМ) төртөөсү пайдалуу таасири бар экенин белгилешти.

  • НЕСТЕРОИДДҮҮ СЕЗГЕНҮҮГӨ КАРШЫ ПРЕПАРАТТАРДЫ КОЛДОНУУНУН КООПСУЗДУГУ, НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ ЖАНА ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК ТААСИРИ (адабияттардын топтому)

    Д.У. Эрмекова, А.З. Зурдинов
    107-112 32
    Аннотация

    Бул макалада нестероиддүү сезгенүүгө каршы препараттарды фармацевтикалык базарда жүгүртүүнүн актуалдуу маселелери, аны азыркы клиникалык практикада оорууларды, сезгенүүчү ооруларды дарылоодо колдонуу маселелери талкууланат. Колдонуунун коопсуздугу, натыйжалуулугу, ошондой эле аны колдонууда келип чыгуучу терс жагдайлар тууралуу эскертүү берүүдө фармацевттердин ролу жөнүндө маселелер каралат.

КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ТИРИЧИЛИК ЖАРАКАТТАРЫНЫН АБАЛЫН ТАЛДОО ЖАНА АГА БАА БЕРYY

    К.У. Акынбеков, Г.А. Нуркалиева
    113-115 47
    Аннотация

    Корутунду. Макалада Кыргыз Республикасында 5 жыл аралыгында тиричилик жаракаттарынын таралышы жөнүндө маалымат берилген. Жаракат алуунун себептеринин көрсөткүч деңгээли жана структурасы жыйынтыкталган.

  • ДАЛИЛДЕНГЕН МЕДИЦИНАНЫ ДАРЫЛОО ИШИНДЕ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛУУ КЕРЕК?

    М.С. Молдобаева, А.В. Виноградова
    116-119 34
    Аннотация

    Статьяда далилденген медицинанын заманбап клиникалык практикада колдонулуучу актуалдуу суроолор, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуудагы анын мааниси жана орду талкууланат. Далилденген медицинанын принциптерин тажрыйбадагы дарыгерлерге жана фармацевтерге колдонуудагы эффективдүү талаш жаратуучу суроолор каралат жана ошондой эле далилденген медицинаны жана кликалык протоколдорду, дарыгерлерди жана фармацевтерди окутууда колдонулуусун оптималдаштыруу жолдору сунушталат.

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АРТЕРИАЛДЫК ГИПЕР ТЕНЗИАНЫН АЙЫНАН ГЕМОРРАГИЯЛЫК ИНСУЛЬТКА КАБЫЛГАН ООРУУЛУЛАРДЫН ХИРУРГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ДАРЫЛООНУН РЕТРОСПЕКТИВДYY ТАЛДООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

    У.А. Боржиев, М.М. Мамытов
    146-149 34
    Аннотация

    Корутунду : Артериалык гипертензиянын айынан мээсине кан куюлган 90 бейтаптардын хирургиялык ыкма менен дарылангандардын жыйынтыктарын ретроспективтүү талдоо өткөрдүк. Талдоонун жыйынтыгы боюнча, эгерде гипертензиялык мээге кан куюлуулар субтенториалдык жана вентикулярдык аймактарда жайгашса, анын көлөмү 80 см 3 ашса, мээнин структуралары дислокацияга кабылса, бейтаптын аң сезими Глазго кома шкаласы боюнча 7 упай же андан аз болсо геморрагиялык инсультка кабылган бейтаптарды хирургиялык ыкма менен дарылоо алардын өлүмүнүн өсүшүнө алып келет.

  • БАШ МЭЭ ЖАРААТЫНАН ЖАПА ЧЕККЕН БЕЙТАПТАРДАГЫ КӨЗ ПАТОЛОГИЯСЫ

    А.А. Токтобаева
    150-153 35
    Аннотация

    Корутунду. Бул макала баш мээ жараатынын нейроофтальмологиялык изилдөө маселелерине арналган жана системалык адабий талдоо берилген.

  • БАШ МЭЭ ЖАРААТЫН АНЫКТООДОГУ КӨЗ ТYПКYРYНYН ӨЗГӨРYYЛӨРҮНҮН МААНИСИ (АДАБИЙ ТАЛДОО)

    А.А. Токтобаева
    154-158 45
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада баш мээ жараатынан жапа чеккен бейтаптарды нейроофтальмологиялык изилдөөнүн маселелери келтирилген.

  • ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДИН S-100B ПРОТЕИН ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖОЛУ МЕНЕН ЖЕҢИЛ БАШ МЭЭ ЖАРААТЫНЫН ДИАГНОСТИКАСЫ

    Г.А. Файзуллаева
    159-164 32
    Аннотация

    Корутунду. Эмгектин максаты: Бейтаптардын канындагы S-100B протеин деңгээлинин жеңил баш мээ жараатынын даражасын аныктоодогу баалуулугун талдоо.
    Материал жана методдор: Бейтаптардын канындагы S-100B протеин деңгээлин жеңил баш мээ жараатынан жапа чеккен жана консервативдүү дарылоо алган бейтаптарда аныктоо боюнча Улуттук Госпиталдын нейрохирургия клиникасында 2012 жылдан 2017 жылга чейин изилдөө жүргүзүлгөн. Бардык бейтаптарга клиникалык-неврологиялык, мээнин КТ/МРТ изилдөөлөрү жана электроэнцефалография жасалган. S-100B протеин деңгээли бейтаптар клиникага келээри менен, 24 жана 48 сааттан кийин аныкталган. Клиникалык-инструменталдык жана S-100B протеин деңгээлин аныктоодогу алынган жыйынтыктарга салыштырма талдоо берилген.
    Натыйжалар жана талкуу: Жарааттан кийинки биринчи 6 саат аралыгында S-100B протеиндин жогорку көрсөткүчтөрү (> 0,105 мкг/л) 11 (58%) бейтапта аныкталган. S-100B протеиндин жогорулашы мээнин структуралык зыянга учуроосу (эзилүүсү) бар экендигин белгилеген. S-100B протеиндин жогорку көрсөткүчтөрү табылган бейтаптарда мээнин КТ изилдөөсү 73% жана МРТ изилдөөсү 100% учурда эзилүү өзгөрүүсү бар экендигин көрсөткөн. S-100B протеиндин нормалдык көрсөткүчтөрү аныкталган бейтаптарда КТ жана МРТ изилдөөлөрү эч кандай патологиялык өзгөрүштү тапкан эмес. S-100B протеиндин деңгээли менен ЭЭГ изилдөөсүндөгү аныкталган өзгөрүүлөр ортосунда кандайдыр бир көз карандылык табылган жок (р > 0,05). Жыйынтыктар: S-100B протеин нерв тканынын зыянга учуроосунун жогорку сезимтал биохимиялык маркери болуп саналат. Анын кандагы курамынын жогорулашы жеңил баш мээ жараатында мээ эзилүүсүн тастыктаган кошумча критерий болуусу мүмкүн.
     

  • ХРОНИКАЛЫК СУБДУРАЛДЫК ГЕМАТОМАЛАРДЫ АНЫКТООНУН ЖАНА ДАРЫЛООНУН ОПТИМАЛДЫК ЫКМАЛАРЫ

    К.Б. Ырысов, А.Ж. Сейдельдаев, Б.К. Ырысов
    165-169 37
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөөнүн максаты хроникалык субдуралдык гематомаларды (ХСГ) дарылоонун жыйынтыктарын талдоо жана антикоагулянттык терапиянын хирургиялык дарылоодо тобокел фактор катары баа берүү. ХСГларды бир фрезеотомиялык хирургиялык жол менен дарылоонун 112 бейтаптардагы жыйынтыктарына ретроспективдик анализ жасалган. Алардын арасында 16 бейтап антикоагулянттык терапия алышкан. Биз ХСГ рецидивдери менен бейтаптардын мүнөздөмөлөрүнүн ортосундагы ассоциацияны талдадык. Аларга антикоагулянттык терапия, бейтаптардын курагы (< 70 жаш же > 70 жаш); гематоманын жайгашкан тарабы, баш мээ жарааты, гипертензия ж.б. ооруулар кирген.
    Гематомалардын рецидивдери 10 бейтапта (8,9%) кездешкен. Эки тараптуу гематомалардын рецидивдер менен жогорку тобокелдик ассоциациясы бар экендиги айкын болду. Антикоагулянттык терапия тобокелдик фактор катары маанилуу эмес экендиги аныкталды. Бирок, мультивариациялык анализ мээ инфаркты көз каранды эмес тобокел фактор экендигин көрсөттү.
    Алынган жыйынтыктар антикоагулянттык терапияны токтотпой эрте жасалган хирургиялык дарылоо коркунучтуу эмес деген биздин ишенимди бекемдеди. Мээ инфарктынан жапа чеккен бейтаптар антикоагулянтнтык терапияга карабастан өзгөчө көнүл бурууну талап кылаары такталды.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ

  • ЖАТЫН ТЫРЫГЫ БАР КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН ТӨРӨТYY УСУЛУН ТАНДОО

    3.3. Исакова, Т.Х. Теппеева, Ж.А. Марипова
    170-175 58
    Аннотация

    Корутунду. Бул иште 2016-жылдын январь айынан тартып декабрь айына чейин Шаардык Перинаталдык Борборго (ШПБ) төрөткө жаткырылган жатын тырыгы бар кош бойлуу аялдардын төрөт баянына ретроспективдүү талдоо берилген. Жатын тырыгы бар бейтаптардын кош бойлуулугунун клиникалык жүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгили иликтенди. Изилдөөнүн жүрүшүндө адабияттык маалыматтарга талдоо жүргүзүлдү. Төрөтүүнүн кесарев кесүү же табигый төрөт жолдору аркылуу төрөтүүнүн оптималдуу усулун тандоо үчүн көрсөтмөлөргө жана каршы көрсөтмөлөргө баалоо жургузулду.

  • РЕАКЦИЯ ЦИТОКИНОВ КРОВИ ДЕТЕЙ, ИНФИЦИРОВАННЫХ ВИРУСОМ ЭПШТЕЙНА-БАРР, ПРИ ЭШЕРИХИОЗЕ

    Е.С. Ольховський, С.В. Кузнецов
    176-180 34
    Аннотация

    У 96 детей раннего возраста, больных эшерихиозом, проведено исследование уровней про- и противовоспалительных цитокинов крови в остром периоде и на этапе ранней реконвалесценции. Выделены 3 группы детей. В первую группу вошли 34 ребенка, больных эшерихиозом на фоне неактивной ВЭБ-инфекции, во вторую - 30 больных эшерихиозом с активной ВЭБ-инфекцией, третью - 32 больных эшерихиозом без сопутствующего вирусного инфицирования (моно-инфекция). Контрольную группу составили 20 практически здоровых детей аналогичного возраста и пола.
    Выявлено, что эшерихиоз у детей раннего возраста сопровождается повышением уровня провоспалительных интерлейкинов крови в остром периоде с постепенным снижением в динамике, при этом содержание противоспалительного интерлейкина - 4 в дебюте эшерихиоза сохраняется на уровне показателей здоровых детей с последующим его повышением к периоду реконвалесценции. У детей, инфицированных ВЭБ, эшерихиоз сопровождается достоверно значимым увеличением уровней провоспалительных интерлейкинов в остром периоде болезни (по сравнению с не инфицированными) и незначительном их снижением в динамике, а также значимым повышением уровня противовоспалительного IL-4 в периоде реконвалесценции (p<0,05). Степень выраженности этих изменений прямо пропорциональна активности фоновой ВЭБ- инфекции. По нашему мнению, высокие показатели провоспалительных цитокинов (особенно TNF-a) в остром периоде эшерихиоза у детей на фоне ВЭБ-инфекции с сохранением их повышенных значений в периоде реконвалесценции можно расценивать как иммунный сбой, который может способствовать не только неблагоприятному течению эшерихиоза, но и формировать и поддерживать длительную персистенцию ВЭБ. Выявленные различия цитокинового реагирования детей при эшерихиозе можно использовать как один из дополнительных критериев диагностики инфицирования детей ВЭБ.