Том 1 № 1 (2016): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2016-02-14

Бардык чыгарылыштар

2016-Ж. ИЛИМИЙ КҮНДӨРҮНӨ КАРАТА

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ПУТИ СТАНОВЛЕНИЯ И ПЕРСПЕКТИВЫ РАЗВИТИЯ ГЕМАТОЛОГИЧЕСКОЙ СЛУЖБЫ В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ

    А.Р. Раимжанов
    16-19 10
    Аннотация

    Пути становления и  перспективы развития гематологической cлужбы в  Кыргызской Республике

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫЗАМЫККА КАРШЫ АЛДЫН АЛУУЧУ ЭМДӨӨ МЕНЕН КАМТУУНУН ЧУКУЛ АРАНЫН ИЧИНДЕ ЖУГУШТУУ ООРУНУН КӨБӨЙҮП КЕТКЕН УЧУРУНДАГЫ МОНИТОРИНГИ ЖАНА БААЛООСУ

    С.Т. Абдикаримов, М.Б. Ырысова, Ч.Э. Эгембергенов, Ж.С. Калилов
    20-23 22
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада 2015-жылдын май айында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасындагы кызамыкка каршы алдын алуучу эмдөө менен камтуунун чукул аранын ичинде жугуштуу оорунун көбөйүп кеткен учурундагы мониторинги жана көз карандысыз баалоосу эмдөөнүн кошумча чараларынын сапатынын объективдүү көрсөткүчү катары берилген. Сурамжылоонун натыйжасында 11790 респонденттердин (1 жаштан 6 жашка чейинки балдары бар энелер, 1-11-класстын окуучулары, жогорку жана орто окуу жайларынын окуган жаштар 20 жашка чейинки өздөштүрүлбөгөн калк катмары) 95% кызамыкка каршы эмделгенин айтып жооп беришкен. Бул маалымат Улуттук эмдөө компаниясынын натыйжасында жетишкен көрсөткүчтүн (96,1%) анык экендигин тастыктайт.

  • САЛАМАТТЫКТЫ САКТООНУН БИРИНЧИ ТЕПКИЧ ДЕӉГЭЭЛИНДЕГИ БЕЙТАПТАРДЫН ӨПКӨ ӨНӨКӨТ БҮТӨЛМӨ ДАРТЫНА КАН БАСЫМЫНЫН ЖОГОРУЛАШЫ МЕНЕН АЙКАЛЫШЫНА АТАЙЫН ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫНА КОШУМЧА ТЕЛЕФОНДУК МОНИТОРИНГДИН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

    А.И. Иманалиева, Г.С. Биялиева, Н.Т. Карашева, Д.В. Винников, Н.Н. Бримкулов
    24-27 17
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөөнүн максаты. Уюлдук байланыш телефондун кенири таралышын эсепке алуу менен бул илимий иштин максаты – амбулатордук бейтаптардын өпкөнун өнөкөт бүтөлмө дартына (ӨӨБД) кан басымынын (КБ) жогорулашы менен айкалыш жүрүшүнө жана дем алуунун көрсөткүчтөрүнө атайын окутуу программасынан кийинки телефондук көзөмөлдө менен баа берүү.
    Материалдар жана ыкмалар. ӨӨБД-на КБ жогорулашы менен айкалыш 50 амбулатордук бейтаптар (орто жашы 59,3±1,2) клиникалык жана аспаптар (спирометриялык) аркылуу изилденип откондон кийин негизги (n=25) жана салыштырма (n=25) топко бөлүнүштү. Негизги топтогу бейтаптар атайын окутуу программасына катышып, андан кийин ай сайын уюлдук телефон аркылуу сурап-билүү өткөрүлдү. Кайрадан изилдөө 6 ай өткөндөн кийин 2 топтон кайталанды.
    Жыйынтыгы. Негизги топто бир гана спирометриялык көрсөткүч эмес (ОФВ1 62,2±3,1% ден 82,5±5,1% ге чейин өстү), кан басымы да жакшырды (систолдук КБ 155,0±4,1 ден 120,0±1,6 mmHg на чейин; диастолдук КБ 120,0±1,6 дан 98,0±2,2 mmHg на чейин азайды). Ошондой эле негизги топто бейтапканаларга жаткыруу ӨӨБД боюнча 0,32±0,11 ден 0,16±0,07 ге чейин жана ӨӨБД-нын кайрадан күчөшүнүн саны 1,24±0,21 ден 0,68±0,13 го чейин азайды. Салыштырма топто бул көрсөткүчтөр өзгөрүлгөн жок.
    Корутунду. Алыстыкта жашаган ӨӨБД-на КБ жогорулашы менен айкалыш бейтаптардын алып жаткан базалык дарылоосуна атайын окутуу программасынан кийинки телефон аркылуу сурап-билүү кошумчасы менен саламаттыкты сактоо системасына жүктөлгон милдеттерди сезилээрдик женилдетет.

  • ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ФИЗИКАЛЫК ӨРЧҮҮ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНӨ АНТРОПОГЕНДИК, ТЕХНОГЕНДИК ЖАНА БИЙИК КЛИМАТТЫК ГЕОГРАФИЯЛЫК ФАКТОРЛОРДУН ТААСИРИ (АДАБИЯТТАР БОЮНЧА МААЛЫМАТ)

    А.Э. Саттаров
    28-32 14
    Аннотация

    Корутунду. Обзордо физикалык өрчүүнүн актуалдуу проблемаларын камтыган азыркы адабияттардагы маалыматтар берилген. Ар түрдүү социалдык шарттарда жашаган жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн жана улан-кыздардын өрчүүсүнүн деңгээлине, темпине, гармониялуулугуна антропогендик, техногендик, төмөнкү, орто жана бийик тоолуу климаттык географиялык факторлордун тийгизген таасири. КМШ мамлекеттериндеги балдардын, өспүрүмдөрдүн популяциясынын аймактык, этникалык, жаш жыныстык өзгөчөлүктөрү окулуп үйрөнүлдү. Өсүп келе жаткан муундун ден соолугунун калыптануусуна эки чөйрөнүн негативдүү таасири жөнүндө маалыматтар берилди.

НЕГИЗГИ САБАКТАР МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КУРГАК УЧУКТУН МИКОБАКТЕРИЯСЫ – ДАРЫГА ТУРУКТУУЛУГУ

    Т.М. Ким, А.К. Артыкбаева
    33-35 19
    Аннотация

    Корутунду. Кургак учуктун жайылышынын тынымсыз өсүүсү анын көпчүлүк дарыга туруктуулугунда, натыйжада кургак учук менен күрөшүүдө таасирдүү коркунуч алып келет. Mycobacterium tuberculosis – дарыга туруктуулугу хромосомдордун мутациясынын себептеринен келип чыгат. Анын түзүлүү механизмдерин баамдап түшүнүү, молекулярдык диагностикаларынын тездетилген методдорун иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, жана ошондой эле кургак учукту дарылоодо жаӊы препараттарды жаратууда өзгөчө терең мааниси бар.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АЯЛДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДҮҮ ДЕН СООЛУГУНА ЖАТЫНДЫН ПАТОЛОГИЯСЫНЫН ТААСИРИ

    А.А. Аскеров, А.М. Аманова, А.А. Малдыбаева
    36-39 15
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөө максаты: түйүлдүктүн өспөй калышындагы кооптуу факторлордун жана жатын патологиясынын таралгандыгын изилдөө.
    Материалдар жана ыкмалары: түйүлдүктүн өспөй калган 2294 Кыргыз Республикасындагы жашаган кош бойлуу айымдардын ретроспективдүү талдоосу көрсөтүлгөн. Биздин изилдөөдө түйүлдүктүн өспөй калышынын себеби 36,6% жатындын патологиясы түзөт. Гистологиялык изилдөөдө өнөкөт эндометрит 15,3% табылган, жана өткүр эндометрит 3,8% учурда байкоолордо билинген.
    Корутунду: өнөкөт эндометрит түйүлдүктүн өспөй калышынын негизги себеби болуп саналууда.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ АКУШЕР-ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ПЕССАРИЙЛЕРДИ КОЛДОНУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

    А.А. Аскеров, Г.М. Атакозуева, А.А. Малдыбаева
    40-44 25
    Аннотация

    Корутунду. Истмика - жетишсиздикти аныктоо үчүн бойдон түшүп калуу коркунучу бар 43 кош бойлуу аялдарга цервикометрия ыкмасы колдонулган. Истмика-цервикалык жетишсиздикти дарылоо үчүн жана натыйжалуулукту далилдеш үчүн пессарийлер колдонулган.

ИЧКИ МЕДИЦИНА МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЛАЗЕРДИК-ФЛУОРЕСЦЕНТИК ДИАГНОСТИКАСЫ (СПЕКТРОЛЮКС), ТУБЕРКУЛЕЗДУК СЕРОЗИТТЕРДИ АНЫКТОО ЫКМАЛАРЫНЫН БИРИ.

    Н.К. Мойдунова, А.С. Кадыров , М.Дж. Кожомкулов
    45-47 20
    Аннотация

    Корутунду. Статьяда туберкулездук плевриттердин жана абдоминалдык серозиттердин лазердик- флуоресцентик дартаныктаманын көрсөткүчүлөрүнүн салыштырмалуу анализи көрсөтүлдү. Изилдөө “Спектролюкс” аппаратында жүргүзүлдү (Оруссия). Изилдөөгө катшкандардын ичинде 77 киши абдоминалдык серозит менен жана 38 бейтап туберкулездук плеврит менен болгон. Клиникалык диагноздору рентген изилдөө менен, өпкө чел кабыктын суусунун биохимиялык изилдөөсү менен, гистологиялык жана бактериологиялык аныктамалар менен, өпкө чел кабыгынын, ичегинин чел кабыгын УДИ аныктамасы аркылуу коюлган. Лазердик – флуоресцентик дартаныктаама метод малыматтуу деп эсептелсе болот жана туберкулездук серозиттердин дифференциалдык аныктамасында пайдалуу болгону билинет.

  • INTRATHECAL NEUROLYSIS FOR PALLIATION OF LEGS SEVERE PAIN OF CERVICAL CANCER PATIENTS

    Byambasuren Yondonjamts, Odontuya Davaasuren, Lundeg Ganbold
    48-51 17
    Аннотация

    Resume. The intrathecal neurolysis is a well-documented technique that can provide excellent and prolonged pain relief. In this study included twenty-five patients with cervical cancer, who suffered severe leg pain, resistant to opioids. Observation was enrolled during 8 weeks after intrathecal neurolysis. Patients were divided into 2 groups: group I included the patients who received intrathecal neurolysis, group II included patients who used morphine continuously. The pain score, performance status and morphine consumption were recorded regular at a week intervals. Pain scores were strongly reduced in group I after the intrathecal neurolysis (P≤0.05), and these patients used significantly less daily doses of morphine (P≤0.001). In group II pain score was stable, and patients continued to receive high doses of opioids with inadequate pain control and side effects of opioids. Physical performance improved within patients group I, in contrast, performance was decreased in group II (P≤0.001).
    The intrathecal neurolysis is the effective method for palliation of severe intractable leg pain of patients with cervical cancer.

  • STUDY OF PAIN MEDICINE USAGE IN MONGOLIAN HOSPICES

    Nyam-Od Galsanjamts, Odontuya Davaasuren
    52-55 12
    Аннотация

    Resume. We provided cross-sectional study within 170 patients with cancer, hospitalized in hospices of Mongolia and conducted evaluation of pain and its treatment by WHO recommendation. Mongolian hospices used mild opioids more (55.5%), than severe opioids (24.7%), and NSAIDs (19.8%). 91% of patients used oral pain medicine. In Mongolian hospices 81.8% of patients had no pain after treatment according the WHO recommendation, and just 16.5% of patients still had mild pain and 1.7% of patients had moderate pain. We found out that Mongolian hospices manage the pain appropriately to the WHO recommendation.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АОРТАНЫН АНЕВРИЗМАСЫНЫН КАТМАРЛАНЫП БӨЛҮНҮШҮ

    М.Т. Бейшенкулов, А.К. Тагаева, К.Р. Калиев
    56-58 14
    Аннотация

    Корутунду. Аортанын аневризмасынын катмарланып бөлүнүшү аортанын көбүрөөк кездешүүчү ооруларынын бири. Бирок бул оору популяцияда сейрек кездешсе да, бат өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу оору. Медициналык жардам ала албаган бейтаптардын 33% биринчи 24 саат ичинде каза табышат, 48 саат ичинде 50%. 2 жумада өлүм саны 75% чейин көтөрүлөт. Аортанын катмарланып бөлүнүшүн аныктоо кыйындыкка турат, анткени эң эле көп кездешкен симптом жүрөк оорусу, бул жана калган сипмтомдор башка ооруларга таандык болуп калышы мүмкүн. Ошодуктан КТ, МРТ, кызыл өңгөч аркылуу ЭхоКГ деген ыкмаларды колдонуу зарыл. Дарылоодо гипотензивдик жана хирургиялык ыкмалар колдонулат.

  • БАШ МЭЭНИН ОЧОКТУУ ЖАБЫРЛАНГАН ЖЕРЛЕРИНИН КЭЭ БИР АБАЛДАРЫН ЗАМАНБАП БАЛОО

    Р.М. Кадыров
    59-60 12
    Аннотация

    Корутунду. Иште баш мээси ар кандай очоктуу жабырланууга дуушар болгон 1460 оорулууну дарылоого талдоо жүргүзүлгөн. Мээсинде шишиги бар жана баш сөөгүнүн ичинде ар кандай генездеги гематомасы бар кардарлар кыйла ири топту (87,3%) түзгөн. Жалпы баш мээсине тиешелүү жана очоктуу симптомдордун динамикасына жана өнүгүшүнө салыштырмалуу талдоо жүргүзүлгөн. Бардык кардарлар оперативдүү дарылоого тартылган, дарылоонун тушунда негизги топтогулардын өлүмгө учурашы 7,8%ды түзгөн.

  • КАЙРА КАЙТАЛАНГАН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ КУРСАК ЧУРКУНУН ПЛАСТИКАСЫ

    А.А. Касымов, А.И. Мусаев
    61-63 13
    Аннотация

    Корутунду. 119 бейтаптын кайра кайталанган операциядан кийинки курсак чуркунун пластикасында медициналык полипропилендик торчонун колдонуудагы жыйынтыгы берилди. Операциядан кийин кабылдоо бир бейтапта аныкталды (пневмония), ал 0,84% түздү. Өлгөн учур болгон жок.

  • ИРИҢДЕГЕН ЖАРАЛАРДЫ ЗАМАНБАП АНТИСЕПТИКАЛЫК ЗАТТАР МЕНЕН ДАРЫЛОО

    К.К. Кенжекулов
    64-66 23
    Аннотация

    Корутунду. Ириң жарасы менен 38 бейтапка озон жана декасан антисептикалык даарысы колдонулуп, жыйынтык көрсөтүлдү. Көзөмөлдүү топ 50 бейтаптан түзүлгөн. Аларга мурунку белгилүү болгондой дарылоо ыкмасы колдонулган. Эки топтун жыйынтыгында, негизги топто тез айыгуу байкалган.

  • ЖҮРӨКТҮН ЧЕЛ КАБЫГЫ ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫН ОПЕРАЦИЯГА ЧЕЙИНКИ ЖҮРӨКТҮН КЫСЫЛУУСУН АНЫКТООЧУ БЕЛГИЛЕРИ

    Т.З. Кудайбердиев
    67-70 13
    Аннотация

    Корутунду. Биздин изилдөөдө болгон бейтаптардын көбүнүн арасында жүрөктүн басылып калуусунун өрчүшүнүн эчтемеден көз карасындысыз белгилеринен болуп жүрөк чел кабыгынын ичинде суюктуктун көп болуусу, жүрөк көндөйлөрүнүн басылуу белгилери жана бейтаптардын NyHA тайпа көрсөткүчүнүн жогорку тайпада болуусу болуп эсептелет.

  • ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ДАРЫЛАНГАН ЖҮРӨКТҮН ЧЕЛ КАБЫГЫ ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫН ЖҮРӨКТҮН КЫСУЛУУСУН АНЫТООЧУ БЕЛГИЛЕРИ

    Т.З. Кудайбердиев
    71-76 12
    Аннотация

    Корутунду. Биз, хирургиялык операция жүргүзүү алдында жүрөк чел кабыгы жабыркаган бейтаптардын жүрөгүнүн суюктук менен басылып же кысылып калуусунун (тампонада, констрикция) эхокардиографиялык, электрокардиографиялык жана рентгенографиялык алдын алып көрсөтүүчү белгилерин изилдеп жана аныктадык.

  • ШЫНАА ТҮРҮНДӨ ДЕГИДРАТАЦИЯЛОО ЫКМАСЫ МЕНЕН ЗААРА ТАШТАР ООРУСУНДАГЫ ТАШТЫН ПАЙДА БОЛУУ АКТИВДҮҮЛҮГҮНҮН ДАРАЖАСЫН ИЗИЛДӨӨ

    А.Ч. Усупбаев, У.Н. Турдумаматов, Д.Н. Абдуллаев, К.Д. Кырбашев, Ж. Дайырбек уулу
    77-80 14
    Аннотация

    Корутунду. Азыркы учурда заара таштар дартын аныктоочу ар кандай ыкмалар бар. Бирок алардын көпчүлүгү таштардын бөйрөк жана сийдик чыгаруучу жолдордо пайда болушунан кийин жана клиникалык белгилердин келип чыгышынан кийин колдонулат. Заманбап дарт аныктоочу ыкмалар ооруну клиникалык белгилеринин пайда болуусуна чейин аныктоону жана өз убагында дартты алдын алуу иштерин жүргүзүүнү талап кылат.
    Бул статьяда “Литос – системасынын” жардамы менен заара таштар оорусу менен жапа чеккен 120 бейтапка анализ жүргүзүлгөн. Анын ичичнен 20 адам текшерилүүчү тайпаны түзөт. 120 бейтап заара таштар оорусунун клиникалык белгилери боюнча 3 тайпага бөлүнгөн. “Литос-системасы” аркылуу изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында таштын пайда болуу процессин анын активдүүлүгүнүн даражасын жана таш пайда кылуучу туздардын түрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берээрин көрсөттү.

ТРАВМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ОМУРТКА КАНАЛЫНЫН БЕЛ ТУШУНУН СТЕНОЗУ (АДАБИЙ СЕРЕП)

    А.А. Акматалиев
    81-84 13
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада омуртканын бел-чычан бөлүгүнүн омуртка каналынын стенозуна арналып жазылган адабияттарга анализ жүргүзүлөт, мында МРТ жана КТнын так критерийлери келтирилди.

  • БУТТУН УЗУН СӨӨКТӨРҮНҮН ЖАЛГАН МУУНДАРЫНЫН КОМБИНАЦИЯЛАНГАН ЫКМА АРКЫЛУУ ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    А.А. Джусупов, Б.С. Анаркулов
    85-87 12
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада буттун узун сөөктөрүнүн жалган муундарын, иштелип чыккан ыкма менен хирургиялык дарылоо тактикасы келтирилген. Ойлоп табылган ыкма жаракат болгон сөөктүн анатомиялык узундугун калыбына келтирет жана ал бутка эрте күч келтирүү менен муундардын кыймылын эртерээк жөнгө салат. 2012-2014-жылдардын аралыгында буттардын узун сөөктөрүнүн жалган муундары бар 24 бейтапка сунушталган ыкма колдонулган, алардын ичинен 16сын эркек, 8ин аялдар түзгөн. Хирургиялык дарылоонун жыйынтыгы 6 айдан 1 жылга чейинки убакыттарда изилденген жана СОИ-1 100 баллдык системасы менен бааланган. Жакшы жыйынтык-18 (75%) бейтап, канаатандырылганы – 6 (25%), канаатандырарлык эмес жана дартын кабылдоосу кездешкен эмес.

  • АКЫРЕКТИН АКРОМИАЛДЫК БϴЛYГYНYН ОБОЧОЛОНУП СЫНЫП КЕТYYСYНДϴГY ФУНКЦИОНАЛДЫК ОСТЕОСИНТЕЗИ

    Б.Ж. Жунусов, Б.С. Анаркулов
    88-90 15
    Аннотация

    Корутунду. 2014ж. БШТОИБ жаӊы ыкма менен акыректин акромиал бөлүгүнүн обочолонуп сынып кетүүсүндө жасалган операцияларынын натыйжаларына талдоо жүргүзүлдү. Оорулуулардын жалпы саны 16.

  • CӨӨК СКЕЛЕТИНИН СЫНЫКТАРЫН ДАРЫЛООДО ЗАМАНБАП БАГЫТТАР (АДАБИЙ СЕРЕП)

    А.Ж. Тайланов, А. Маматалиев
    91-94 17
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада бүгүнкү күндөгү дүйнөдөгү жана биздин республикадагы сөөк сыныктарында колдонуучу заманбап методикалар (остеосинтез) жана көз караштар чагылдырылган. Андан сырткары макалда Кыргыз Республикасынын травматология жана ортопедиясынын тарыхы жана анын өнүгүүсү көрсөтүлгөн. Биздин мамлекетте колдонуучу заманбап технологиялар жеке травматологияда колдонгон жабдыктар сүрөттөр жана графикалар менен тартылган.

  • ОПЕРАЦИЯ АЛДЫНДА ТИЗЕ ТИЗЕМУУНДАРЫН АНТИБИОТИКТИК АЛДЫН АЛУУ

    Н. Болоткан уулу , Э.Т. Айтназаров, Ж.Ж. Картанбаев, Б.Т. Суеркулов
    95-97 12
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада тизе муунун алмаштыруу операциясында колдонуучу жаны антибиотик колдонуу ыкмасы жонундо баяндалат. Ошондой эле тамактан алынган микроскоп менен текшерүү үчүн суюктук анализдеринин натыйжасы корсотулгон. Операцияга чейин баардык бейтаптарга ошол анализдерди негизинде антибактериалдык даары-дармек вена аркылуу колдонулган. Эрте жана кеч пайда болгон татаалдануу байкалган эмес.

  • ОМУРТКАНЫН БЕЛ-ЧЫЧАҢ БӨЛҮГҮНҮН МИКРОХИРУРГИЯЛЫК ГРЫЖЭКТОМИЯСЫ

    А.С. Усенов, C.А. Джумабеков
    98-99 15
    Аннотация

    Корутунду. Омурткалардын арасындагы дисктин грыжасын алып салуунун микрохирургиялык техникасы травмасы аз, жалпы кабыл алынган жана жогорку натыйжалуу метод болуп саналат. Бул метод менен дисктин грыжасын алып салуу омуртканын анатомиялык структурасын минималдуу травматизациялоо аркылуу жүргүзүлөт, бул бейтаптын кыска мөөнөттүн ичинде жумушка жарамдуулугун калыбына келтирет. Омурткалардын арасындагы дисктин грыжасын алып салуунун микрохирургиялык методу Кыргызстанда 1999-жылдары киргизилген, бүгүнкү күндө БТжОИБнын клиникалык иштеринде ийгиликтүү колдонулуп жатат.

  • ЧОҢ БАЛТЫР СӨӨКТҮН ДИСТАЛДЫК МЕТАЭПИФИЗИНИН АРТКЫ ЧЕТИНИН СЫНЫГЫН

    У.А. Назиров, C.А. Джумабеков
    100-101 18
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий иште чоң балтыр сөөктүн дисталдык метаэпифизинин арткы четинин сыныгын ойлоп табылган ыкма менен дарылоосу берилген. Баардык бейтаптардын дарылоо жыйынтыгы СОИ-1 боюнча изилденген. Бейтаптардын жашы 16-64 жашка чейин түзгөн.

  • КОЛ ТУТУМУНУН ЖАНА АКЫРЕК СЫНЫКТАРЫН ДАРЫЛОО НАТЫЙЖАЛАРЫН БААЛОО ЫКМАСЫ (АДАБИЙ СЕРЕП)

    А.Ж. Тайланов
    102-106 17
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада бүгүнкү күндөгү кол тутумунун жана акырек сыныктарын дарылоо (остеосинтез) натыйжаларын баалоодо колдонуучу кеңири жайылтылынган ыкмалар жана алардын мүнөздүү баалоо критерийлери чагылдырылган. Көрсөтүлгөн ыкмалар менен Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда жана Жалал-абад областык клиникалык бейтапканада даарыланган бейтаптар изилденген.

  • РЕВМАТОИДДТИК ООРУЛАРЫНДА ЖАМБАШ МУУНУНУН ЭНДОПРОТЕЗДӨӨСҮНДӨ КӨЗӨӨЧТҮ КОЛДОНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ

    Ж.Ж. Картанбаев, Э.А. Байгараев
    107-108 13
    Аннотация

    Корутунду. 2011-2014-жылдарынын аралыгында Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда 37 ревматоиддик ооруларынын жамбаш муунуна жасалган операциялары берилген. Ойлоп табылган көзөөч менен эндопротездөөнүн ыкмалары көрсөтүлүп, жамбаш сөөгүн сыртка айлантып чыгарууда айланасындагы булчуң этин кезбей жамбаш сөөгүнүн моюнчасын үнөмдүү кесүүсүнө алып келет. Жакынкы жана алыскы жыйынтыктары Н.Н. Приоров атындагы травматология жана ортопедия борбордук институтунун ыкмасы боюнча стандарттуу баа берүү (СОИ-3) менен изилденди.

  • ОМУРТКА КАНАЛЫНЫН КӨКҮРӨК-БЕЛ БӨЛҮГҮНҮН СТЕНОЗУНУН ДИАГНОСТИКАСЫ ЖАНА ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    Т.А. Таджибаев, А.С. Усенов
    109-110 24
    Аннотация

    Корутунду. Бул изилдөөнүн максаты – омуртканын көкүрөк-бел тушундагы омуртка каналынын стенозун операция жолу менен дарылоонун жыйынтыктарына анализ жүргүзүү. Омуртка каналынын стенозуна кыскача мүнөздөмө берилди, патогенез, негизги этиологиялык факторлор келтирилди. Клиникалык материал катары 422 бейтап алынды, катамнестикалык байкоо жүргүзүү 4 жылга созулду.

  • СӨӨК СЫНЫКТАРЫНЫН ОПЕРАЦИЯ МЕНЕН ДААРЫЛООДО ТЕХНОЛОГИЯЛЫК СЕБЕПТЕН ИРИНДЕП СЕЗГЕНҮҮ УЧУРЛАРЫНЫН АНАЛИЗИ

    А.Р. Эшматов
    111-114 14
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада сөөк сыныктарынын даарылоодо болгон ирин-сезгенүү орчундашын даарылоо ыкмаларынын тажырыйбасы көрсөтүлгөн. Бейтаптар Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун сөөк-ирин бөлүмүндө стационардык даарыланышкан. Андан сырткары тарыхый фактыларга көӊүл бөлүнүп, травматологияда көп кездешүүчү каталар көрсөтүлгөн. Клиникалып мисалдар келтирилип алдын алуу жана техногендик ирин-сезгенүү учурларын азайтууга сунуштар көрсөтүлгөн.

ЛЕКЦИЯ