Том 4 № 4 (2018): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2018-04-21

Бардык чыгарылыштар

ГИГИЕНА МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КАДЖИ-САЙ ШААР ТИБИНДЕГИ КЫШТАГЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫНЫН СОЦИАЛДЫК-ГИГИЕНАЛЫК ЖАШОО ШАРТТАРЫН БААЛОО

    А.А. Джорбаева, А.Ж. Султашев, Г.Т. Эгембердиева
    10-13 81
    Аннотация

    Корутунду: Бул иште Каджи-Сай шаар тибиндеги кыштагынын жашоочуларынын социалдык-гигиеналык жашоо шарттарынын баалоосунун жыйынтыгы берилген. Маалыматтар 2015-жылдын май айында 150 үй чарбаларынан сурамжылоо жолу менен чогултулган. Жыйынтыктар боюнча көпчүлүк тургундар менчик турак-жайларында турушат, бирок эски үйлөрдө, көп турак жай 66 жыл мурда салынган. Коммуналдык камсыздандырууну баалай келгенде газификациялоо(6%), борборлоштурулган муздак суу (19,4±1,05) жылуу суу, канализация (11%) көрсөткүчтөрү төмөн болуп чыкты.

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • ЖОГОРКУ ЭТЕРИФИЦИРИЯЛАНГАН АЛМА ПЕКТИНДИН С-45 САРКОМАНЫН ӨСҮШҮНӨ ТААСИРИ

    И.М. Ахатова, А.А. Фаизова, И.Ш. Чакеев
    14-16 98
    Аннотация

    Корутунду. Келемиштин С-45 саркомасынын моделинде жогорку этерифицирияланган алма пектиндин касиеттери изилденди. Алманын пектини эч кандай шишикке каршы С-45 саркомасына таасир эткен жок, тескерисинче, шишиктин өсүшүнө өбөлгө түздү. Алма пектини менен циклофосфандын биргеликте колдогондо, химия терапиянын эффективдүүлүгү төмөндөду, ал орточо жашоо мөөнөту жана жашоонун узактыгын көбөйтүү көрсөткүчү контролдук циклофосфан группага салыштырмалуу төмөндөгөндүгүн байкаса болот. Демек, шишиктин өсүшү пектин менен байланышан.

  • ПОЛИМОРФИЗМ FOKI, TAQI, BSMI, APAI И CDX2 РЕЦЕПТОРА ВИТАМИНА Д (VDR) С ВОСПРИИМЧИВОСТЬЮ К ТУБЕРКУЛЕЗУ ЛЕГКИХ: СРАВНИТЕЛЬНЫЙ АНАЛИЗ

    А.А. Ахметова
    17-23 91
    Аннотация

    Резюме. Основной целью исследования была определить частоту ApaI, TaqI, FokI, BsmI и Cdx2 в казахском населении. Целью данного исследования является выявление ассоциации замен нуклеотидов в VDR гене с предрасположенностью к туберкулезу легких для популяции Казахстана. В качестве материала для исследований использовали коллекции образцов ДНК, выделенной из периферической крови больных ТБЛ и здоровых лиц первичной кроводачи. Статистическую обработку проводили с использованием критерия χ2. Витамин D модулирует активность моноцитов и макрофагов в организме и играет важную роль во врожденном иммунитете к некоторым инфекциям, в том числе и к M. tuberculosis. В проведенном мета-анализе было показано, что низкий уровень витамина D коррелирует с высоким риском развития туберкулеза. В ходе работы были выявлены статистически значимые различия по частоте аллелей и генотипов полиморфизма ApaI (rs7975232) с заболеваемостью туберкулезом у этнических казахов. Было показано, что присутствие аллеля ApaI существенно снижает риск развития туберкулеза.

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • БРОНХИОЛИТТИ КЛИНИКАЛЫК БЕЛГИЛЕРИНИН РЕВМАТОИД АРТРИТИ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН ООРУЛУУЛАРДА КЕЗДЕШИШИ

    А.Т. Мамасаидов, Р.Ш. Салиева, С.М. Маматова, К.Ш. Сакибаев, Г.М. Мамасаидова
    24-30 85
    Аннотация

    Корутунду. Максаты: Өпкөнүн компьютердик томографиясынын (КТ) натыйжасы боюнча бронхиолит белгилеринин болушу менен ревматоид артрити менен оорулууларда бронхиолитти клиникалык белгилеринин жолугуу жыштыгын изилдөө.

    Материал жана ыкмалар. Өпкөнүн КТсы жүргүзүлгөн ревматоид артрити  менен ооруган 156 оорулуу изилденди, дем алуу системасынын патологиясы менен оорулууларды изилдөөнүн жалпы кабыл алынган клиникалык-функционалдык ыкмалары.

    Натыйжалары. Өпкөнүн КТ натыйжалары боюнча бронхиолиттин белгилери ревматоид артрити  менен ооруган 46 (29,5%) оорулууда аныкталган.  Бронхиолиттин КТ-белгилери менен ревматоид артрити менен ооруган оорулууларда жөтөл, какырыктын чыгышы жана энтигип дем алуу түрүндө дисталдык бронхтордун жабыркоосунун клиникалык белгилери тийиштүү түрдө 47,8%, 41,3% жана 43,5% учурларда аныкталган, тышкы өпкө желдетилишинин бузулушунун обструктивдүү түрүндө функционалдык өзгөрүүлөр тийиштүү түрдө 37,0%  жана 8,7%  учурда белгиленген. 

    Корутунду. Өпкөлөрдүн КТ натыйжалары боюнча рематоид артрити  менен оорулууларда бронхиолит дем алуу системасынын патологиясынын көп кездешүүчү, таралган патология түрү болуп саналат жана дээрлик 30% учурларда табылат.  Ал эми жалпы кабыл алынган клиникалык-функционалдык изилдөө ыкмаларынын натыйжалары  боюнча бронхиолиттин клиникалык белгилери  ревматоид артрити менен оорулуулардын жарымынан азында аныкталат, б.а. ревматоид артритинде  бронхиолиттин субклиникалык (аз белгилери менен) варианттары аныкталат.

  • АСЫНЫП МУУНУП ОЛУУ-СУИЦИД - КУЧ КОЛДОНГОН ОЛУМДУН КАТЕГОРИЯСЫНДАГЫ ОЗУНО ОЗУ КОЛ САЛУУ

    С.Т. Джанболотов, М.Ш. Мукашев
    31-35 199
    Аннотация

    Корутунду. 2014-2015 жылкы механикалык асфиксиядан болгон олумдун арасынан 61,68% (2014 ж.) жана 88,23% (2015 ж.) болгон олум механикалык асфиксия-асынып муунуп суицид олумго таандык болду. Ошонун арасында олгондордун копчулугу жумушка жарамдуу 16дан 55-ке чейинки куракта адамдар болгон, алардын арасынан 2014жылы 37,36%, 2015 жылы 30,38% эркектер, аялдардын арасында 2014жылы 11,20%, 2015 жылы 12,74% масс абалында болушкан.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • МИТРАЛДЫК КАПКАКТЫ АЛМАШТЫРУУНУН СОЛ КАРЫНЧАСЫНЫН ЧӨЙРӨ ИНДЕКСИНИН ДИНАМИКАЛЫК КӨРСӨТМӨЛӨРҮ

    М.И. Асаналиев
    36-42 102
    Аннотация

    Корутунду: митралдык капкакты алмаштыруу дуушар ооруларда сол карынчасынын чөйрө индексинин динамикалык көрсөткүчтөргө баа берилди. Бейтаптар, хордалуу-папиллярдык жабдууларды толук сактоо, жарым-жартылай жана жок үнөмдөгү, 3 топко бөлүндү. Негизги изилдөө ыкмасы эхокардиография болду. I жана II топтогу бейтаптарда, III топтогу бейтаптарга салыштырмалуу операциядан кийин сол карынчасынын чөйрө индексинин азайуу түрүндө жүрөктун геометриясы өзгөрүүшү байкалган.

  • СУПРАТЕНТОРИАЛДЫК БАШ МЭЭ ШИШИКТЕРИНЕН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫ НЕЙРОХИРУРГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    Н.А. Имакеев, К.Б. Ырысов, М.А. Медведев
    43-47 85
    Аннотация

    Бул илимий иш мээ шишиктерине байланыштуу 170 бейтаптын нейроофтальмологиялык симптоматикасы талданган. Бейтаптардын курагы 15 жаштан 87 чейин түзгөн.  Бейтаптардын арасында 92 эркек, 78 аял болгон. Көрүү функциясынын өзгөрүү жыштыгы, мүнөзү жана тереңдиги, ошондой эле баш мээ шишиктери бар бейтаптардагы офтальмологиялык өзгөрүүлөрдун динамикасы изилденген.

  • БАШ МЭЭ ШИШИКТЕРИНЕН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫ ОФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    Н.А. Имакеев, К.Б. Ырысов, М.А. Медведев
    48-52 83
    Аннотация

    Бул илимий иш мээ шишиктерине байланыштуу КР ССМ Улуттук Госпиталынын нейрохирургия клиникасында 2008 жылдан 2013 чейинки убакта операцияга кабылган 170 бейтаптын нейроофтальмологиялык симптоматикасын талдоо берилген. Бейтаптардын курагы 15 жаштан 87 чейин түзгөн.  Бейтаптардын арасында 92 эркек, 78 аял болгон. Авторлор тарабынан супратенториалдык баш мээ шишиктери бар бейтаптардагы офтальмологиялык өзгөрүүлөр, алардын нозологияга, шишиктин жайгашуусуна жана заладуулугуна, ошондой эле жаш курагына байланыштуу динамикасы изилденген.

  • БАШ МЭЭНИН ГИПЕРТЕНЗИВДИК КАН КУЮЛУУЛАРЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    Г.Т. Мамражапова
    53-61 93
    Аннотация

    Гипертензивдик мээ кан куюлуусу менен жабыркаган 140 бейтапты (эркектер - 82, аялдар - 58) хирургиялык даарылоонун натыйжаларына сереп жасалган. Хирургиялык даарылоонун натыйжалары бейтаптардын курагынан, операцияга чейинки аң-сезиминин денгээлинен, гематоманын көлөмүнөн, аксиалдык дислокациядан, кан куюлуунун кайталануусунан түз корреляциялык көз карандылык жана операция аткарылган мөөнөттөн тескери көз карандылык бар экендиги далилденген.

  • ГИПЕРТЕНЗИВДИК КАН ШИШИКТИ ДАРЫЛООНУН АР ТҮРДҮҮ ЫКМАЛАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫНЫН САЛЫШТЫРМАЛУУ АНАЛИЗИ

    Г.Т. Мамражапова
    62-70 80
    Аннотация

    Баш мээдеги гематомалар 30 бейтапка ачык операция ыкмасы менен аткарылган (17 эркек жана 13 аял). Экинчи топту пункциялык жол менен гематомалары алынып салынган 29 бейтап түздү (19 эркек жана 10 аял). үчүнчү топту консервативдик дарылоо алган 81 (эркектер - 42, аялдар - 39) бейтап түздү.

  • ДИАФРАГМАНЫН КЫЗЫЛ ОНГОЧ КӨЗӨНӨГҮНДӨГҮ ГРЫЖАЛАРЫН ОПЕРАТИВДҮҮ ДАРЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН АНАЛИЗИ

    А.И. Мусаев, М.К. Жаманкулова, Т.М. Байтанаев
    71-74 104
    Аннотация

    Корутунду. 2015-2017-жылдарындагы диафрагманын кызыл өңгөч көзөнөгүндөгү грыжалары менен ооруган 34 бейтаптын оорусу тууралуу медициналык иш кагаздарынын талдоосу сунушталган, алардын ичинен эркектер 13, аялдар 21. Көбүнчө (94,1%) Ниссен фундопликациясы колдонулган. 35,3% учурларда кыйынчылыктар байкалган: интраоперациялык-2 учур, 5,9% түзгөн. Жакынкы операциядан кийинки мезгил ичиндеги кыйынчылыктар 10 бейтапта (29,4%) пайда болгон. Өлүмгө алып бара турган учурлар болгон жок.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

САЛТТЫК МЕДИНИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • МУМИЁ-МАНАС ДООРУНДА ЖАНА БҮГУН!

    Д.К. Жакыпова, А.С. Мукашова, А.Д. Мураталиева
    86-90 109
    Аннотация

    Резюме. Бул статьяда мумиëнун жаралуусу,аталышы, элдик медицинада кылымдап колдонулуп келе жатканы баяндалат. Манас  эпосунда сыныкты айыктыруучу дары каражат катары колдонулган,химиялык курамы акыркы алынган маалымат  боюнча төмөнкүдөй жалпы формулага ээ: CaSi [(K, Na) C4 H1 • CH2 O], азыркы медицинадагы өзгөчө орду белгиленип көрсөтүлгөн, перспективдүү дары каражат.

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ

  • КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ МЕДИЦИНАЛЫК АББРЕВИАТУРАЛАРДЫН НЕГИЗГИ ЧЕНЕМДҮҮЛҮКТҮГҮҮ ОРУС АНАЛОГДОРДУН ФОНУНДА

    А.Г. Соронкулова
    91-94 78
    Аннотация

    Аннотация. Аббревиатура компрессиянын маанилүү каражаты болуп саналат. Медициналык аббревиациянын бирдиктери – кыргыз лексиканын өнүгүшүндөгү жаңы кубулуш десек жанылышпайбыз. Макалада медициналык дискурска аббревиатуралардын киргизилишинин ыкмалары жана алардын кыргыз тилине лексикализацияланышы каралат. Кыргыз медициналык аббревиатураларынын колдонулушу жана кээ бир артыкчылыктары алардын кыргыз аналогдорунун фонунда аныкталат. Кыргыз медициналык дискурсунда кеңири колдонула турган аббревиатуралардын тематикалык топтору берилди.