Том 1 № 1 (2018): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2018-01-28

Бардык чыгарылыштар

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • БИШКЕК ШААРЫНДА ЖАШАГАН БАЛДАРДЫН, БИР ЖАШКА ЧЕЙИН ЖАНА 15 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ ЦИТОМЕГАЛО -ВИРУСТУК ООРУНУН КЛИНИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Г.К. Садыбакасова, А.М. Умуралиева
    11-13 58
    Аннотация

    Корутунду. Бир жашка чейинки жана бир жаштан 15 жашка чейинки балдардын цитомегаловирустук инфекциясынын клиникалык өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө негизделген иш жүргүзүү. Бул оорулардын клиникалык көрүнүштөрү конъгациялык сарыкта (желтуха), гепатоспленомегалияда, анемияда, гипотрофияда, гипертензионно-гидроцефалдык синдромдо, баш мээнин кальцификатында убактысына жетпей төрөлгөндө (недоношенности) тромбоцитопенияда, курсактагы түйүлдүктүн от чыгаруу жолдорунун атрезиясында байкалган. ЦМВИ чалдыгуусу 3 айга чейинки изилденген балдардын жарымынан көбүрөөгүндө он жооптуу болуп табылган.

  • ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДИН ЖЫЛДЫК ОКУУ ПРОЦЕСС УЧУРУНДА ЖYРӨК ЫРГАГЫНЫН ДИНАМИКАСЫНЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ

    А.М. Сатаркулова
    14-19 48
    Аннотация

    Макалада чет элдик студенттердин окуу жылынын ар түрдүү мезгилинде – күзгү жана жазгы семестрлеринде, кышкы жана жайкы сынак учурунда функцианалдык абалынын динамикалык контролунун натыйжаларын математикалык анализди колдонуу менен жүрѳк ыргагынын ѳзгѳрүүсү кѳрсѳтүлгѳн. Вегатативдүү нерв системасынын парасимпатикалык бѳлүмүнүн өсүү таасири окуу жылынын күзгү жана жазгы семестрлеринде байкалган. Кышкы сынак учурунда симпатикалык байланышынын жүрѳк ыргагынын жѳнгѳ салуусуна салымы чоң экени аныкталган, ал эми жайкы сынак учурунда дагы кѳбүрѳѳк вегатативдүү тең салмактуулук ВНСтин симпатикалык бѳлүмүнѳ карай жылуусу багытталган жана жүрѳктүн ыргагынын борборлоштуруусунун даражасы жогорулаган, бул студенттердин толкундануу чыналуунусун жана жүрѳк-кан тамыр системасынын функцианалдуу жасалмасын далилдейт

  • ОЦЕНКА КЛИНИЧЕСКОЙ ЭФФЕКТИВНОСТИ ПРЕПАРАТА «ЭКДИФИТ» В КАЧЕСТВЕ АНАБОЛИЧЕСКОГО СРЕДСТВА У БОЛЬНЫХ ТУБЕРКУЛЕЗОМ ЛЕГКИХ

    Р.Б. Сейдахметова, Л.И. Арыстан, С.М. Адекенов, Н.С. Табриз
    20-24 88
    Аннотация

    Проведена оценка безопасности и клинической эффективности препарата «Экдифит» в качестве адаптогенного и анаболического средства у больных легочным туберкулезом.В исследование включены 200 больных обоего пола в возрасте от 18 до 60 лет с верифицированным диагнозом: диссеминированный, очаговый, инфильтративный туберкулез легких и экссудативный плеврит туберкулезной этиологии. Применение препарата «Экдифит» не вызывает ухудшения состояния и самочувствия, обусловленного побочным действием препарата. Установлено, что включение препарата «Экдифит» в качестве анаболического и адаптогенного средства в комплексное лечение туберкулеза легких повышает эффективность лечения.

  • КЛИНИЧЕСКОЕ ИССЛЕДОВАНИЕ БЕЗОПАСНОСТИ РАНОЗАЖИВЛЯЮЩЕГО ПРЕПАРАТА «АЯФРОЛ, МАЗЬ 3%»

    Е.М. Тургунов, А.Е. Мадияров, Д.В. Золотарёв, Л.И. Арыстан, Р.Б. Сейдахметова, С.М. Адекенов
    25-30 60
    Аннотация

    Одно из перспективных направлений в местном лечении хирургической инфекции является использование мазей на основе эфирных масел лекарственных растений, преимущества которых перед синтетическими неоспоримы: они обладают хорошей переносимостью, низкой частотой побочных реакций, возможностью длительного применения, незначительным числом противопоказаний. Таким образом, клиническое исследование разработанного нового фитопрепарата «Аяфрол, мазь 3%» является актуальным в решении проблемы лечения раневой инфекции. В данной статье представлены данные 1 фазы клинического испытания препарата «Аяфрол».

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР – ДЕН-СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖОЛУНДАГЫ ЛИДЕРЛЕР 19-май – Бүткүл дүйнѳлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнѳ карата

    Н.Н. Бримкулов, С.Ж. Сыдыкова, А.Т. Жайлообаева, М. Кубанычбек кызы, А. Шаповалова, Э. Ботбаева, Б. Нурдинов, А. Ошбаева, Н. Кожокулова, Н. Осмонканова, З. Запар кызы
    31-36 40
    Аннотация

    Корутунду: 2010-жылдан баштап, бүткүл дүйнө жүзүндѳ жыл сайын 19-майда Бүткүл дүйнѳлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнү белгиленип турат (БДҮБДК). Мындай иш-чараны ѳткѳрүп туруу сунушун Бүткүл дүйнѳлүк үй-бүлѳлүк дарыгерлер уюму киргизген (WONCA). Үй-бүлѳлүк дарыгерлер бүткүл саламаттыкты сактоо системасынын алдыңкы жана негизги ѳкүлдѳрү катары милдет аткарышары жана саламаттык сактоо түзүмүнүн баштапкы гана эмес, экинчи жана үчүнчү баскычтарынын натыйжалуулугу да дал ушул үй-бүлѳлүк дарыгерлердин мына ушундай ролунзаманбап коом тарабынан түшүнүлүүсүнѳ ар тараптуу түрткү берүү – мына ушундай жыл сайын ѳткѳрүлүп туруучу иш-чаранын максаты болуп саналат. Мындай иш-чараларды бир нече ѳлкѳдѳ жана Кыргызстанда ѳткѳрүү тажрыйбасы тууралуу да маалымат берилди.

  • КЕӉИРИ ТАРАЛГАН ЖӨНӨКӨЙ КАБЫРЧЫКТУУ ЧАКАЛАЙ ООРУСУНУН ДАРЫЛОО ЫКМАСЫН ОПТИМАЛДАШТЫРУУ

    А.С. Кожанов, М.Б. Усубалиев, А.И. Кадырова, А.Д. Ибраимова, А.Ш. Шабданбекова
    37-40 44
    Аннотация

    Корутунду: макалада кеңири таралган кабырчыктуу чакалай илдети дартына чалдыккан оорулуулардын комплекстүү дарылоосу берилген. Оорукчандар контролдук (n=30) жана негизги (n=32) эки топко бөлүнгөн. Негизги топтогу бейтаптарды Тимоцин, L-карнитин и Афобазол менен дарылоо Т-клеткалык звенодогу иммундук системасынын жана А, G иммуноглобулиндеринин нормага келишине, тынчсызданууну жана депрессиянын азаюусуна алып келген. PASI индексинин 34,1±2,4 төн 6,7±0,7 ге чейин түшүшү бул дарылоо ыкмасынын жакшы клиникалык эфективдүүлүгүн көрсөтөт.

  • БЕЙТАПТАРГА ПАЛЛИАТИВДИК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮДӨ МЕДАЙЫМДАРДЫН РОЛУ

    З.Б. Курманалиева, Б.Ч. Кулболдуева
    41-44 111
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада медайымдардын паллиативдик жардамдын негиздери боюнча билими жана бейтаптардын алардын жардамына канааттануу даражасы тууралуу талдоо жүргүзүлөт. Изилдөө Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунда атайын иштелип чыккан анкетанын негизинде жүргүзүлгөн. Сурамжылоодо 48 медайым жана 50 бейтап катышты. Изилдөөнүн негизинде медайымдардын паллиативдик жардамдын негизги аспекттери боюнча билими канаттандырарлык эместиги аныкталды. Ошондой эле бейтаптардын көбунчөсу медайымдардын жардамы менен канааттандырылганы аныкталды. Паллиативдик жардам боюнча баардык медицина билим берүү деңгээлдеринде профессионалдык даярдоонун керектиги аныкталды.

  • КӨП ДААРЫЛАРГА ТУРУКТУУ ТУБЕРКУЛЕЗДУ ДААРЫЛООДО КӨРСӨТҮЛГӨН МОТИВАЦИЯЛЫК ЖАРДАМ

    А.А. Токтогонова, Н.К. Курманова, А.Б. Азыкова, К.А. Токторгазиева, Р.Х. Ахметова, Г.О. Омуралиева
    45-48 39
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий иште Кыргыз Республикасындагы кѳп дарыларга туруктуу туберкулез ооруларын экинчи катардагы дарылар менен дарылоо учурунда кѳрсѳтүлгѳн мотивациялык жардамдын натыйжасы кѳрсѳтүлгѳн. Кѳп дарыларга туруктуу туберкулез ооруларды дарылар менен дарылоону кошумча мотивациялык жардам алган оорулардын дарылоосунун жыйынтыгы менен салыштырууда статистикалык айырма «толук айыгуу» (55,3% и 55,0%) жана «дарылоону таштоо» (18,6% и 22,3%) кѳрсѳткүчтѳрү боюнча (Р>0,05) табылган жок.

  • БЕЙТАПТАРДЫН ИММУНДУК СТАТУСУН ЭСКЕ АЛЫП БАШТЫН ИНФИЛЬТРАТИВДИК-ИРИҢДҮҮ ТРИХОФИТИЯ ИЛДЕТИН ДАРЫЛОО

    М.Б. Усубалиев, А.А. Койбагарова, А.Д. Ибраимова, А.И. Кадырова, Б.Н. Нурмаматова
    49-52 55
    Аннотация

    Корутундусу: макалада инфильтративдик-ириңдүү трихофития илдетине чалдыккан бейтаптарды тимоген менен дарылоодо иммундук статусу берилген. Дарылоого чейин лейкоцитоз, Т-клеткалык звеносунун балансынын өзгөрүшү, Ig М, G көбөйүшү эки топто тең кездешкен. Дарылоодон кийин CD4+ - клеткалардын нормага келиши эки топто байкалган. CD3+ дени сак адамдардыкына жеткен жок, бирок негизги топтогулардыкы контролдук топтогулардыкына караганда көбүрөөк болгон (р<0,05). Тимоген дарысын колдонулган негизги топто клиникалык көрүнүштөрү салыштырмалуу 5 күнгө эртерээк болгон.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БАШТАПКЫ ЖАНА КАЙТАЛАНМА ПТЕРИГИУМДУН МОРФОФУНКЦИОНАЛДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР

    А.А. Абитова, Ч.Т. Сайдахметова, Т.Б. Сайдахметов, А.В. Черных, В.В. Гайдамак
    53-56 37
    Аннотация

    Көздүн жаш чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен канатчанын морфологиялык өзгөрүүсүнүүн байланышын изилдөө үчүн баштапкы жана кайталанма птеригиуму бар 36 пациентке байкоо жүргүзүлгөн. Ашыра көз жаштын баштапкы птеригиумде жана васкулит сүрөтү кайталанма птеригиумде аныкталган.

  • КЕЗДЕШҮҮЧҮ ТРОМБОЭМБОЛИКАЛЫК КӨҢДӨЙ ИЧИНДЕГИ ОПЕРАЦИЯЛАРДА КАБЫЛДООЛОР

    А.А. Жолборсов, А.А. Ниязов, Н.Н. Жумагулов
    57-60 40
    Аннотация

    Макалада ич көңдөйүнүн патологиясы бар 246 бейтапка оперативдик кийлигишүүдөн кийинки жыйынтыктардын талдоосу берилди. Операциядан кийинки алгачкы мезгилде бейтаптардын буттарынын веналарынын тромбозу пайда болгон. Көңдөй ичине жасалган операцияларда кездешүүчү тромбоэмболикалык кабылдап кетүүлөрдүн алдын алуу учун, өз убагында жүргүзүлүп башталган медикаментоздук эмес жана фармакологиялык дарылоолор  тромбоэмболикалык өтүшүп кетүүлөрдөн сактайт.

  • КУРЧ ЖАНА ӨНӨКӨТ ХОЛЕЦИСТИТ МЕНЕН ООРУГАН ООРУЛУУЛАРДЫН КЫСКА УБАКЫТТА ООРУКАНАДА ДАРЫЛООНУН НЕГИЗДЕМЕСИ

    Э.А. Маматов, Ж.А. Алимбеков
    61-64 44
    Аннотация

    Корутунду: курч жана өнөкөт холецистит менен ооруган 300 бейтаптын операция жолу менен даарылоонун жыйынтыктары берилген, операция минилапаратомдук ыкма менен жасалган. Курч холецистит менен ооруган 130 бейтаптын ичинен 3-дө конверсияга өтүп кетүү байкалган, өнөкөт холецистит менен ооруган 170 бейтаптын ичинен 2-дө байкалган. Ырбап кетүү курч холециститте 11 (8,5%) бейтапта жана өнөкөт холециститте 7 (4,1%) бейтапта катталган. Каза болуу катталган эмес.

  • ОПТИМИЗАЦИЯ ОПЕРАТИВНОГО И КОНСЕРВАТИВНОГО ЛЕЧЕНИЯ ГРЫЖ МЕЖПОЗВОНКОВЫХ ДИСКОВ ПОЯСНИЧНО-КРЕСТЦОВОГО ОТДЕЛА ПОЗВОНОЧНИКА

    Х.Х. Мирзоев
    65-73 37
    Аннотация

    Резюме: представлены новые разработки оперативного и консервативного лечения грыж межпозвонковых дисков, в сравнительном аспекте с традиционными методиками.

  • БООРДУН ЭХИНОКОККЭКТОМИЯСЫНЫН КИЙИН ӨӨРЧYШҮY КАБЫЛДООЛОРДУН АЛДЫН АЛУУСУ

    А.И. Мусаев, М.Ж. Алиев, Э. Максут уулу, Т.А. Калыбеков, А.И. Балтабаев, Е.Ж. Жолдошбеков
    74-77 58
    Аннотация

    Корутунду: Иш максаты – 125 бейтаптын эхинококкоз дарты боюнча операция болгон жыйынтыктарын көрсөтүү. Алардын ичинен көзөмөлдөгү топ 62 (49,6%), негизги топ 63 (50,4%) бейтапты түздү. Көзөмөлдөө тобунда традициялык дарылоо жолу менен, ал эми негизги топ операциядан кийинки фиброздук көндөйчөнү декасан жана озон аралашмалары менен жууп тазалоо, операция башталаардан мурун жана бүтөөрундө кан тамырга цефазолин 1,0 же цефтриаксон антибиотиктерин куюу, ошондой эле операциядан кийин активдүү жууп тазалоо сарыктырмасын колдонуу. Негизги топто 3 (4,8%), көзөмөлдөгү топто 7 (11,3%) бейтапта дарттын операциядан кийинки кабылдоосу пайда болду.

  • ХОЛЕЦИСТИТТИН ӨТҮШҮП КЕТКЕН ДЕСТРУКТИВДҮҮ ТҮРҮНҮН СЕЗГЕНҮҮСҮН АЛДЫН АЛУУДА ИНФРАКЫЗЫЛ ЛАЗЕРДИК НУРЛАНУУСУ

    У.С. Мусаев, Ж.Ж. Толоров
    78-80 37
    Аннотация

    Корутунду: Иштин максаты: жарааттын кабылдоосун алдын алууда инфракызыл нурунун колдонуусунун натыйжалуугун баалоо. Жараттын кабылдоосун алдын алууда текшерүүчү тайпада 102 бейтаптын жана негизги тайпада 83 бейтапга инфракызыл нурунун колдонушунун натыйжалуугу көрсөтүлдү. Текшерүүчү тайпада 15 бейтап (14,7%) жана негизги тайпада 4 бейтапда (4,8%)кабылдоолор пайда болду.

  • КАЛКАН БЕЗИНИН ООРУЛАРЫНА ЖАНА ӨТТҮН ТАШ ООРУЛАРЫНА СИМУЛЬТАНТТУУ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАСОО

    К.И. Ниязбеков, М.Н. Макеева
    81-85 53
    Аннотация

    Корутунду: Калкан безинин оорулары менен айкалышкан өттүн таш ооруларынан жабыркаган 54 бейтапка жасалган операциялык дарылоонун жыйынтыктары берилди. 54 бейтаптын ичинен 51и аял (94,5%) 3өө эркек (5,5%). Алардын жаш курагы 20 жаштан 70 жашка чейин. Бардык бейтаптарга бир мезгилдүү хирургиялык кийлигишүү жүргүзүлдү (холецистэктомия + калкан безин резекциялоо). Бул ооруларга симультанттык операциялардын натыйжалуу экендиги далилденди.

  • ВИДЕОЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ХОЛЕЦИСТЭКТОМИЯДАН КИЙИНКИ ООРУ СИНДРОМУН ТӨМӨНДӨТҮҮ ҮЧҮН КОМПЛЕКСТҮҮ МАМИЛЕ

    Р.А. Оморов, А.У. Айтикеев, Р.К. Кубатбеков
    86-89 41
    Аннотация

    Корутунду. Бул иште келтирилген маалыматтар салттуу дары-дармектер менен биздин жакшыртылган ыкма менен жасалган лапароскопиялык холецистэктомиядан кийинки оруу синдромун басаңдатуу боюнча чаралардын салыштыруусу берилген. Лапароскопиялык холецистэктомиядан кийин 79 бейтапка анестетик дары-дармектери колдонулган, 68 оорулуга биздин жакшыртылган ыкма колдонулду. Салыштыруунун негизинде жакшыртылган ыкманын пайдалануусу жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.

  • ХИРУРГИЯЛЫК СЕПСИС. АЗЫРКЫ АБАЛЫ, КѲЙГѲЙҮ КЛИНИКАЛЫК АНЫКТООСУ ЖАНА ДАРЫЛООСУ

    К.С. Сыдыгалиев, А.Т. Тойгонбаев, Б.А. Ибраимов, М.Б. Чапыев, А.А. Самаков, М.М. Бигишиев, Н. Ломанов, Д. Келгенбаев
    90-93 62
    Аннотация

    Корутунду: Бул адабияттык жыйынтыкта сепсистин этиологиясы, патогенези, клиникасы жана дарылоосунун суроолору каралган. Жакынкы жана алыскы ѳлкѳлѳрдун адабият жыйынтыктары каралган.

  • ОМУРТКА-ЖҮЛҮН ЖАРАКАТЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДААРЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    Ж.Т. Ташибеков
    94-100 45
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөөнун максаты – Омуртка-жүлүн жаракатын аныктоонун жана хирургиялык даарылоонун ыкмаларын ѳнүктүрүү жолу менен даарылоонун жыйынтыктарын жакшыртуу.

    Изилдөө объекти: Омуртка-жүлүн жаракатынан жапа чеккен 102 бейтап изилденген. Изилдөө ыкмалары: Клиникалык-неврологиялык, рентгенологиялык, омуртканын жана жүлүндүн КТ жана МРТ изилдөөлѳрү.

    Бул илимий эмгекте омуртканын жана жүлүндүн жаракатынын клиникалык-неврологиялык ѳзгѳчѳлүктѳрү сүрѳттѳлгѳн, ар түрдүү диагностикалык ыкмалардын эффективдүүлүгүнѳ салыштырмалуу талдоо берилген, операциядан кийинки татаалдашуулардын структурасы жана алардын алдын алуу жолдору изилденген.Омуртка-жүлүн жаракатынан жапа чеккен бейтаптарды даарылоо үчүн атайын курал жана хирургиялык жол менен даарылоонун ыкмасы иштелип чыккан. Татаалдашкан омуртка-жүлүн жаракатына системалык талдоо аркылуу аларды хирургиялык жол менен даарылоонун ыкмалары такталган. Татаалдашуулардын алдын алуу жана даарылоо алгоритми сунушталган.

  • АШКАЗАНДЫН ЗАЛАЛ ШИШИГИ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫН ГАСТРЭКТОМИЯДАН КИЙИН РЕКОНСТРУКЦИЯСЫНА ЖАРАША ПАЙДА БОЛГОН ЭЗОФАГИТТЕРДИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    А.К. Тойгонбеков, М.З. Уметов, М.Ю. Харитонов, А.М. Туманбаев
    101-103 31
    Аннотация

    Кортунду: Ашказандын залал шишиги менен ооруган оорулардын ичке ичеги пластикасы менен жасалган гастроэктомиянын түрлөрүнүн эндоскопиялык натыйжалары изилденди. 3 группага бөлүнгөн 51 оорулуу изилденди. Ичке ичегиден резервуар жасалгандан кийинки эзофагиттердин шексиз (p<0,05) төмөндөшү аныкталды.

  • ХРОНИКАЛЫК СУБДУРАЛДЫК ГЕМАТОМАЛАРДЫ ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН ЫКМАСЫ

    К.Б. Ырысов, А.Ж. Сейдельдаев
    104-108 45
    Аннотация

    Корутунду. Хроникалык субдуралдык гематомаларды (ХСГ) дарылоонун тажрыйбасы келтирилген. Жеңил хирургиялык жол менен дарылоонун 112 бейтаптын арасынан 60 (53,6%) бейтаптагы жыйынтыктары боюнча 1-3 айдын ичинде гематома жана анын капсуласы толугу менен жок болуп кеткендиги тастыкталган (клиникалык, КТ жана МРТ маалыматтарына таянып). Минималдык инвазивдик ыкманы колдонуу сѳѳк-пластикалык трепанацияга салыштырганда ѳлүмгѳ дуушар болууну 2,6дан 1,1% га чейин, баш сѳѳк ичиндеги учураган татаалданууларды 35тен 7,5% га тѳмѳндѳтүүгѳ шарт түздү. Ушул дренаждоо ыкмасы аркылуу бейтаптын стационарда жатуу күндѳрү 20% га чейин кыскарды.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ

  • ӨНӨКӨТ КҮЧӨШ АЯЛДАРДЫН КОШ БОЙЛУУЛУК УЧУРУНДА

    А.А. Бообекова, Ч.К. Калканбаева, Э.К. Исаева
    120-122 42
    Аннотация

    Корутунду: Кош бойлуулуктун III чейрегинен кош бойлуулук жана бөйрөк кызматына өнөкөт күчөш менен 120 кош бойлуу аялдарга баа-жылы – негизги тобу аялдар, негизги топ көп, соматикалык оорудан жабыркагандар, түзүлүшү тараган өнөкөт оорулар Артка тарт-жылы гинекологиялык ооруларды аныкталган. Кош бойлуу учурунда көп кош бойлуулуктун боюнан жана кан менен татаал, мурда эмгектик, NEF жана адам түйүлдүгүнүн өрчүшүнүн, бөйрөк милдети карап аялдар болгон анализдөө кыйла креатинин жагынан жол-жоболоштурууну жана GFr кыскарган көрсөттү.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КУРГАК УЧУК МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН ИЛДЕТИН АНЫКТООДОГУ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ

    Ж.М. Насирдинова
    123-127 43
    Аннотация

    Корутунду: Бул илимий иште 2004-жылдын 2017-жылга чейин Шаардык перинаталдык борборго келип түшкөн 45 кургак учук менен жабыркаган кош бойлуу аялдардын төрөт тарыхтарынын ретроспективдик жана проспективдик анализи жүргүзүлдү. Алардын 11% кургак учуктун өткөөл оор абалында аныкталган. Бул аялдардын оору баянында кургак учук менен жабыркаганы кош бойлуулуктун биринчи жана экинчи үч илигинде болгон. Илдет көрүнүктүү клиникалык белгилерди көрсөткөн жок, ошол себептен диагнозу убагында коюлган жок. Кош бойлуулуктун үчүнчү үч илигинде, төрөттөн кийинки мезгилде аялдардын ахыбалдары кескин түрдө начарлап кетти жана алардын 4% леталдуу жыйынтык менен бүттү.

  • КӨБӨЙҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН СЕЗГЕНҮҮ ООРУЛАРЫ БАР АЯЛДАР МЕНЕН АКУШЕРДИК КАН ЖАНА ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ЭСКЕ ООРУСУНУН

    Ч.А. Орозова, Ч.К. Калканбаева, А.А. Бообекова
    128-131 28
    Аннотация

    Корутунду: Латуучу талдоо жыныс системасынын жыштыгы акушердик кан сезгенүү оорулары менен аялдар 2,5% экенин көрсөткөн. Бейтаптардын Бул топ боюнча аз кандуулук кыйла көп (3,7 эсеге), диагноз, жүрөк-кан тамыр системасын (2,9 эсе), жана сийдик бөлүп чыгаруу системасынын (2,0 эсе). Гинекологиялык дарттарды кыйла көп моюнчасынын эрозиясын аныкталган (3,0 эсе) болгондуктан, colpitis (2,7 эсеге), endocervicitis (2,6 эсеге), өнөкөт salpingo (2,3 эсеге), өнөкөт endometritis (1,9 жолу).

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ЖАТЫНДАГЫ ИНФЕКЦИЯСЫНА АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН КООПТУУ ФАКТОРЛОР

    Ж.А. Асанбекова, Т.М. Бектурсунов, З.Э. Абдылдаева, Э.Ш. Ишаева, Б.К. Урматова
    132-136 144
    Аннотация

    Корутунду: Ретроспективдүү жолу менен оорулуу ымыркайлардын оору баяндары иштетилип, жатындагы инфекция (ЖИ) дарты изилденди. Мында ВПГ – 86%, ЦМВ инфекциясы – 85% кездешери табылды. Ымыркайларда ЖИ дарты пайда болушуна кош бойлуу энелердин ОРВИ гипертермиясы, аз кандуулук менен оорушу, операция жолу менен төрөтүү – кооптуу факторлор болуп табылды. ЖИ дартына көбүрөөк эркек балдар, ара төрөлгөн жана ооруканага кеч жаткырылган ымыркайлар чалдыгат. ЖИнын белгилери көбүнчө тамак сиӊирүү органдарында – 86%, борбордук нерв системасында – 42,3% кездешет, азыраагы респиратордук системасында – 27%.

  • ОКУУЧУЛАРДЫН ТАМАКТАНУУ АДАТЫ ЖАНА ДЕН-СООЛУГУ

    Ф.А. Кочкорова, М.К. Эсенаманова, А.Т. Эрбаев
    137-144 89
    Аннотация

    Корутунду: макалада окуучулардын тамактануу адаттарынын стереотиптеринин калыптануу факторлору, мектеп жашындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн тамактануу адаттарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле алардын ден-соолукту сактоо жана чындоодогу маанисин камтыган адабияттык баяндама берилген.

  • КАТААЛ МАМИЛЕ ЖАСООНУН КЕСЕПЕТИНЕН БАЛДАРДЫН БАШ СӨӨК-МЭЭСИНИН ЖАБЫРКАШЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    А.Ш. Кадырова, Д.К. Кушубеков
    145-148 34
    Аннотация

    Резюме: Эмгекте катаал мамиле жасоонун кесепетинен балдардын баш сөөк-мээсинин жабыркашынын өзгөчөлүктөрү (курактык курамы, даттануусу, клиникалык көрүнүшү, текшерүүнүн функционалдык усулдарынын натыйжалары) баяндалды.

  • БАЛДАРДЫН СУУ АРАЛАШ ИЧ ӨТКӨГҮНДӨ «ЛАКТИАЛЕ» ДАРМЕГИНИН ЭФФЕКТИВТИВДҮҮЛҮГҮ

    У. Сулайманов, М. Беделбаев, Д.С. Ерушкевич, Г.А. Карамурзаева, Н. Жообаев, Р.М. Кадырова
    149-152 68
    Аннотация

    Корутунду: Лактиале дармегинин (саше) колдонуунун клиникалык салыштырмалуугу изилденген. Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында ич өткөк бөлүмүндө дарыланган 1 айдан 1 жашка чейинки балдардын клиникалык дарты суу аралаш ич өткөгүнүн орточо оор түрүндө кездешкен 60 бейтап 2 топко бөлүнгөн. Алардын ичинен 30 бейтап «Лактиале» менен дарыланган негизги топту түзгөн, 2 топту «Лактиале» менен дарыланбаган көзөмөл тобун түзүшкөн. Кароодогу бейтаптардын негизги клиникалык белгилеринин анализи жана жыштыктын узактыгы боюнча көзөмөл тобу менен салыштырууда, топтордо көрсөткөндөй тез-тез кусуу (36,4±12,4%; 80,8±8,5%), дененин температурасынын узактыгы (1,8±0,5; 4,0±1,0 күн), заңынын (2,1±0,5; 3,9±0,8 күн) мөөнөтүнүн узактыгы (2,1±0,5; 3,9±0,8 күн) көзөмөл тобундагы бейтаптарда болушкан.

СОТТУК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

САЛТТЫК МЕДИНИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭЛДИК ЖАНА ЗАМАНБАП МЕДИЦИНАСЫНЫН ЖУУРУЛУШУ КОНЦЕПЦИЯСЫ

    А.Д. Мураталиева, Ж.Т. Конурбаева , Г.С. Кулжабаева, Д.Н. Исмаилова, Н.А. Ташиева
    182-186 174
    Аннотация

    Корутунду: Бизге жеткен булактарды изилдѳѳ кѳрсѳткѳндѳй, Кыргызстандын аймагында абалтадан бери дарылоонун ар кандай ыкмалары эл арасында топтолуп жана сиңип келген. Табып жалпысынан алганда оорулар менен күрѳшүүнүн кѳп кылымдар бою топтолуп келген тажрыйбанын жалгыз алып жүрүүчүсү болуп, ал дарыгердин да, дарыканачынын да жүзү болгон. Табыптар тамырчы, сыныкчы, чѳпчү, киндик эне (аначы) болуп бѳлүнүшкѳн. «Манас» эпосунда чѳптѳр, жаныбарлардан жана минералдан алынган продуктулар менен дарыларылаган табыптар, сынган сѳѳктѳрдү дарылоонун ыкмалары жана жѳнѳкѳй хирургиялык аспаптарды (аштар, тинтүүр, шак-шак ж.б.) колдонуу тууралуу маалыматтар кездешет. Кыргыздардын кылымдар бою калыптанган элдик медицинасы, Кыргызстандын элдик жана заманбап медицинасынын жуурулушу концепциясында чагылдырылышы керек.

  • КЫРГЫЗ ЭМПИРИКАЛЫК МЕДИЦИНАСЫНЫН ӨНҮГҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЖАНА ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ДАРЫЛООДОГУ РОЛУ

    А.Д. Мураталиева, Д.Н. Исмаилова, Б.М. Капаров, М.А. Акынбекова
    187-192 233
    Аннотация

    Корутунду: Кѳп кылымдардан бери келаткан башка улуттар менен болгон карым-катнаштардын жыйынтыктарына, ошондой эле башка улуттардын медицинасынын тийгизген таасирине карабастан, кыргыздардын элдик дарыгерлиги байыркы болуп саналат. Кыргызстандын этнографиялык жана географиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша дары чѳптѳрдү кургатуу жана сактоо, алардан дарыларды жасоонун ѳзүнчѳ ыкмалары болуп келген. Бул биздин замандын кѳрүнүктүү жазуучусу болгон Ч. Айтматовдун «кыргыз элинин энциклопедиясы» деп атаган «Манас» эпосунда далилденген жана анда кыргыздарга гана тиешелүү болгон эмпирикалык дарылардын топтомдору кѳрсѳтүлгѳн.

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ