Том 2 № 2 (2021): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2022-01-20

Бардык чыгарылыштар

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • МЕДИЦИНАЛЫК КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ КЫЗМАТЫНЫН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ

    Дж.К. Сманова
    7-13 167
    Аннотация

    Корутунду. Макаладаа дистештирилген медициналык реабилитациялоо кызматынын азыркы абалы сүрөттөлгөн. Оорулуу адамдын биопсихосоциалдык модели аныкталган. Мультидисциплинардык ыкманы колдонуусунун зарылдыгы белгиленүүдө. Реабилитациялык диагноз жана реабилитациялык потенциалды түшүнүгү эл аралык функционалдык классификациясынын негизинде келтирилген. Жыйынтыгында, заманбап медициналык реабилитациялоо системасын Кыргызстанда киргизүүсүү аргументтелген.

ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БИШКЕКТЕГИ АСКАРИДОЗ ЖАНА АНЫН АЛДЫН АЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

    К.М. Раимкулов, Ж.М. Усубалиева, Г. Мамбет к., К. Муса к., С. Абдыжапар к.
    14-24 212
    Аннотация

    Корутунду. Мите курт ооруларынын көйгөйлөрүнүн актуалдуулугу алардын кеңири жайылышы, адам организмине ар кандай терс таасирлери жана оорулардын дифференциалдык диагнозун татаалдаштырган клиникалык көрүнүштөрдүн көрүнүктүү полиморфизми, стерилденген иммунитеттин жоктугу жана алдын алуунун өзгөчө ыкмалары менен байланыштуу. Мите курт ооруларга каршы күрөшүү көйгөйү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн актуалдуу, айрыкча калктын миграциясынын күчөшүнүн шартында. ДСУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө 46  миллиард мите курттан 5 миллиардга жакын адам жабыркайт. Паразиттик оорулардын жайылышы боюнча Кыргызстан жагымсыз аймак болгон жана бойдон калууда, ал эми Бишкек шаарында аскаридоз көйгөйү өтө актуалдуу бойдон калууда.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КОЛ ЖАНА БУТ СӨӨКТӨРҮНДӨГҮ ЖАЛГАН МУУНДАРДЫ ДАРЫЛООДО СӨӨККӨ ЭКИ ТЕГИЗДИКТҮҮ ОСТЕОСИНТЕЗДИН КЛИНИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАДА КОЛДОНУЛУШУ

    С.А. Джумабеков, Б.С. Анаркулов, Н.А. Атакулов
    25-29 139
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий иште узун, түтүктүү сөөктөрдөгү жалган муундарды хирургиялык жактан дарылоосу баяндалат. Анын ичинде актуалдык көйгөйлөр, патологиясы, этиологиялык факторлор, хирургиялык дарылоонун принциптери, жалган муундарды дарылоодо сөөккө эки тегиздиктүү остеосинтездин эки металлдык пластинка менен колдонгон ыкмасы сунушталып киргизилген.

  • ӨТТУН ТАШЫ ООРУСУНА ЖАНА ТЫШКЫ ГРЫЖАЛАРГА БИР ЭЛЕ МЕЗГИЛДЕ ЖАСАЛГАН ОПЕРАЦИАЛАР

    Т.Н. Калыбеков
    30-36 116
    Аннотация

    Корутунду. Максаты – өттүн ташы оорусу жана тышкы грыжа менен ооруган бейтаптарга бир мезгилде жасалган операциялардын натыйжаларын көрсөтүү. Элүү бейтапка операция жасалган, алардын 33ү аялдар, 17си эркектер. Эң чоң топту 40 тан 60 жашка чейинки курактагылар түзгөн (62%), 61 жаштан 70 жашка чейинки - 22%, 70 жаштан жогору - 16% болгон. Алардын ичинде курч холецистит менен 5 оорулуу болгон, калгандары өнөкөт формасы менен катталган. 50 бейтаптын ичинен грыжанын кайталанышы - 6. Грыжалардын өлчөмү боюнча: кичинекей - 6, орточо - 25, чоң - 17, алп -2. Татаал эмес - 18, кайра калыбына келбеген - 29, кысымга алынган - 3. Бардык операциялар
    эндотрахеалдык наркоз менен жасалган. Холецистэктомия транс-параректалдык жана оң кабырганын астынан, ал эми грыжаларды кесүү грыжалардын жайгашуусуна жараша болгон. Грыжаны калыбына келтирүү менен 30 бейтапка аутопластика жасалды (60%), ал эми 20 бейтапка полипропилен торун колдонуу менен жасалган (40%). Операциядан кийин, эки бейтапта инфильтрат жана экөөндө серома табылган. Бир мезгилдеги операцияларды колдонуу натыйжалуу болгон. 

  • ДИАБЕТТИК БУТТУН КЕТМЕНИ СИНДРОМУ БАР ООРУЛУУЛАРДЫ ДАРЫЛООДОГУ БАЛЛОНДУК АНГИОПЛАСТИКА

    А.И. Мусаев, У.А. Кулбаев
    37-43 189
    Аннотация

    Корутунду. Максаты – диабеттик буттун кетмени синдрому бар оорулууларды дарылоонун жакынкы жана алыскы жыйынтыктарын берүү. Ишемиялык жана нейроишемиялык форма менен 38 оорулуу байкоо алдында турган. Баары кант диабетинин 2-тиби менен ооруган жана 60 жаштан улуу курактагы адамдар болгон. Диабеттик буттун кетмени синдрому баарында ириң-некротикалык процесс менен оордошкон. 2 топ бөлүнгөн: биринчиси контролдук топ (20 адам) салттуу дарылоону алышкан жана экинчи топко (18 адам) баллондук ангиопластика аткарылган. Эки топ тең бирдей болгон. Баллондук ангиопластикада 1-2, ал эми 3 оорулууда үч артерияны реканализациялоого мүмкүн болгон. Эки топтун тең жакынкы жана алыскы жыйынтыктарын талдоодо экинчи топтогу оорулууларда жагымдуу жүрүш белгиленген, ал жарааттын кыйла тез тазаланышы, грануляциялардын жана эпитализациялардын пайда болушу жана стационардык дарылануу мөөнөтүнүн кыскарышы менен мүнөздөлгөн. 2 жыл аралыгындагы байкоолордун жыйынтыктары контролдук топтогу оорулууларда жара 6 адамда, ал эми негизги топто 2 адамда кайталанганын көрсөттү. Алынган жыйынтыктар баллондук ангиопластиканы пайдаланууда диабеттик буттун кетмени синдромунун жагымдуу жүрүшүн белгилөө мүмкүнчүлүгүн берет.

  • КУРСАК КӨӉДӨЙУНДӨ ЖАБЫШМА ПРОЦЕССИНИН КАЛЫПТАНУУСУНА КАНАМИЦИНДИН, ЦЕФТРИАКСОНДУН, ЦИПРОФЛОКСАЦИНДИН ЖАНА ГЕНТАМИЦИНДИН ТААСИР ЭТҮҮСҮН БААЛОО

    А.А. Сопуев, Э.Э. Кудаяров, М.К. Ормонов, О.А. Умурзаков, А.К. Мамбетов
    44-54 164
    Аннотация

    Корутунду. Адгезиянын пайда болуу процесси - бул татаал патогенези бар полиэтиологиялык кубулуш. Ич кѳңдѳйүнүн чел кабыгынын адгезияга жана адгезияга каршы касиеттери бири-бирине байланыштуу жана биринин экинчисинин үстөмдүгү адгезиянын оорлугуна түп-тамырынан бери таасир этет. Курсак органдарына жасалган операциялардан кийин адгезиялардын патогенезинин негизин тутумдаштыргыч ткандардын жипчелеринин жана андан кийин фибриндин перитонеалдык эффузиясынан түшүп калган тамырлардын жана нервдердин өнүп чыгышы деп эсептешет, бул болсо органдардын сероздуу каптамына кошулат. Жабышуу процессинин патогенезинин негизи болуп фибриндин ичиндеги экссудациядан кийин пайда болгон фибрин матрицасынын ткандарын уюштуруу саналат, анын активдүү фазасы ич кѳңдѳйүнүн чел кабыгынын жаракат алгандан 12 сааттан кийин башталат. Изилдөөнүн жүрүшүндө антибактериалдык каражаттардын ич көңдөйүндө адгезиянын пайда болушуна тийгизген таасирин эксперименталдык түрдө баалоо үчүн рандомизацияланган көзөмөлгө алынган изилдөө жүргүздүк. Параллелдүү рандомизацияланган изилдөөдө ар кандай антибактериалдык каражаттардын ич көңдөйүндө адгезиянын пайда болушуна таасиринин натыйжалары келтирилген. Эксперименталдык изилдөө 80 пародасыз келемиштерде өткөрүлдү. Канамицин, Цефтриаксон, Ципрофлоксацин жана Гентамицин каражаттары үч эксперименталдык топто колдонулду.

  • ЖЕРГИЛИКТҮҮ ПЕРИТОНИТ МЕНЕН ООРЛОШКОН ХОЛЕЦИСТИТ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН ООРУЛУУЛАРДА СИСТЕМАЛУУ СЕЗГЕНҮҮ РЕАКЦИЯСЫНЫН СИНДРОМУН КОРРЕКЦИЯЛОО

    К.Т. Туратбекова
    55-61 114
    Аннотация

    Корутунду. Максаты – жергиликтүү перитонит менен оорлошкон холецистит менен жабыркаган оорулууларда системалуу сезгенүү реакциясынын синдромун (ССРС) коррекциялоонун натыйжаларын баалоо. Макалада 2018-жылдан 2020- жылга чейинки мезгилде шашылыш хирургиялык операциядан өткөн 46 бейтаптын жыйынтыктары келтирилген, аларда системалуу сезгенүү реакциясынын синдрому аныкталган: клиникалык (температура, дем алуу жыштыгы) жана лабораториялык (лейкоциттер, уулануунун лейкоцитардык көрсөткүчү). ССРСти коррекциялоо үчүн антибиотикти периоперациялык киргизүү, боордун тегерек байламталарына аймактык лимфалык стимуляциялоо, ич көӊдөүн жана жараларды озон концентрациясы 8-10 мкг/мл болгон натрий хлоридинин озондоштурулган эритмеси менен сугаруу жана озон концентрациясы 3-4 мкг/мл болгон озондоштурулган эритмени тамырга киргизүү колдонулган. Иммунологиялык реактивдүүлүктү коррекциялоо үчүн тималин булчуӊга 10 мг, 3-4 инъекция дарылоо курсу үчүн колдонулган. Инфузиялык терапияга гепатотроптук препараттар кирген. Системалык сезгенүү реакциясынын синдромунун динамикасын талдоо көрсөткөндөй, хирургиялык операциядан кийинки мезгилдин көбөйүшү менен коррекциялык чараларды колдонгондо, синдромдук тесттердин төмөндөшү байкалат. Сезгенүү процессинин күчөшү байкалган жок. Алынган натыйжалар коррекциялоо ыкмаларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун тастыктады.

  • ЖАСАЛМА ЧЕЧЕКЕЙДИН ОПТИКАЛЫК ӨЛЧӨМҮН ЭСЕПТЕГЕН БЕЛГИЛҮҮ ЖАНА ЖАҢЫ ЫКМАЛАРДЫН АДАБИЯТТАРЫН ТАЛДОО

    М.М. Мамбетова
    62-70 139
    Аннотация

    Корутунду: бүгүнкү күндө чечекейди алмаштыруу операциясы көзүндө астигматикасы болгондордун да көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Канааттандырарлык жыйынтык алуу үчүн, эң башкысы көздүн ичине салына турган жасалма чечекейдин өлчөмүн так эсептеп чыгуу керек. Офтальмологиянын өнүгүүсү менен жасалма чечекейдин оптикалык өлчөмүн эсептеген бир канча формулалар түзүлгөн. Көздүн баардык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуучу, түзүлгөн жаңы формулалар жогорку рефракциялык жыйынтык алууга мүмкүнчүлүк берет.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • EPIDEMIOLOGY OF ACUTE EXOGENOUS POISONINGS IN THE CHILDREN OF RYAZAN REGION

    N.A. Belyh, N.A. Anikeeva, I.V. Piznur, E.V. Stezhkina, S.A. Nikonova, N.N. Fokicheva, M.N. Iyoshkina, G.A. Lebedinskaja
    71-79 145
    Аннотация

    Aim. The study of the structure of acute poisoning in children in the Ryazan region during 2013–2017 years. Materials and Methods. A retrospective analysis of 548 cases of acute poisoning in children in Ryazan region for 2013-2017 years was performed. Results. Most often, poisoning occurred in toddlers (35.6%) and adolescents (45.1%). The structure of the etiological factors were medications (45.1%) and unspecified substances (33.6%), alcohol and its surrogates (14.6%). Poisonings with alcohol and smoking mixtures were recorded in adolescents, more often in boys. Poisonings by unspecified medicines were dominated among medicines intoxications (33.6%). Poisonings by nasal decongestants (17.8%), sedatives and hypnotics (13.3%), psychotropic (6.4%), hypotensive (6.8%), non-steroidal anti-inflammatory drugs (NSAIDs) (6.8%) were dominated among specified medicines. Two hundred thirty children had treatment in the department of pediatric resuscitation and intensive care. Poisonings were as a result of an accident in 60.3% cases, suicidal attempts – in 34.3%, overdose of psychotropic drugs in adolescents, who have been using these drugs for a long time (5.5%). Two patients were died as a result of poisoning by wild mushrooms (pale toadstool). Conclusions. In the structure of acute poisoning in children of the Ryazan region in 2013-2017 years the most common were intoxication with drugs, unspecified substances, alcohol and its surrogates. Most often, poisoning occurred in toddlers and adolescents. A decrease of rate of toddlers and an increase of adolescents were in dynamics. The rate of alcohol intoxications, mainly in teenagers, increased in 2.5 times.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОШ ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН ТИШТЕРИНИН КАРИЕС ООРУСУНУН ТАРКАЛЫШЫ ЖАНА ИНТЕНСИВДҮҮЛҮГҮ

    Т.Р. Усупбекова, А.А. Калбаев, К.А. Абдуллаева
    80-85 377
    Аннотация

    Аннотация: Каралып жаткан макалада Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жашаган мектеп жашындагы балдардын тиштеринин кариес оорусунун таркалышын жана интенсивдүүлүгүн изилдөө жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжалары келтирилген. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында 6-7, 11-12 жана 15-16 жаштагы балдрадын ичинен, 6-7 жаштагы балдардын кариес оорусунун жогорулап өсүшү аныкталды жана ал 98% түздү.

  • АСТЫҢКЫ ЖААКТЫН СЫНЫКТАРЫН ДАРЫЛООНУН ОРТОПЕДИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫ (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП ЖАСОО)

    А.А. Эшматов
    86-96 342
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада астыңкы жаактын сыныктарын дарылоонун тандалган ыкмаларын конкреттештирүү максатында, өз учурунда изилденген жана анализденген маалыматтык булактардын чегиндеги принциптер менен критерийлерге негизделген, астыңкы жаактын сыныктарын дарылоонун ортопедиялык методдоруна арналган адабияттарга обзор жасалды. Бул макалада астыңкы жаактын анатомиялык-функционалдык абалын калыбына келтирүү үчүн, авторлор тарабынан иштелип чыккан ыкмалардын абдан натыйжалуусун тандап алууну көздөө багытталып, тигил же бул методикаларды салыштыруунун мисалдары баяндалды. Макаланы жазуунун максаты болуп бул ооруларга тандалып алынган методдорду салыштыруу саналат, жыйынтыгында бул методдордун ичинен кандайдыр бир оордошууну четке кагып, прогноздор боюнча бейтаптарга жагымдуусу тандалат, муну менен, бейтаптар менен андан ары иш алып баруу үчүн, зарыл маалыматты өзүнө камтыган, макалада берилген маалыматтардын актуалдуулугун далилдей алабыз. Астыңкы жаактын сыныктарынын баштапкы жана түпкү натыйжаларынын мүнөздөрү жөнүндөгү адабияттардын маалыматтарына системалуу обзор берилди. Бейтаптар кабылган бул оорунун себептери жана факторлору каралды. Маалыматтардын булактарынан алынган фактылар, астыңкы жаактын сыныктарын чектөөнүн структураларын изилдөөгө багытталган, комплекстүү изилдөөлөрдү андан ары улантуунун зарылдыгын күбөлөйт.