Том 2 № 2 (2025): ЕВРАЗИЯЛЫК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖУРНАЛЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2025-06-26

Бардык чыгарылыштар

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • БИШКЕК ШААРЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК КЛИНИКАЛЫК ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БЕЙТАПКАНАСЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ТАМАК-АШ БОТУЛИЗМИ ЖУГУШТУУ ООРУСУНУН КЛИНИКАЛЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ

    А.К. Саркина, Г.М. Мукамбеткеримова, А.Ш. Джумагулова, А.М. Сагындыкова, И.К. Омонов
    26-33 28
    Аннотация

    Кыргыз Республикасында ботулизм жыл сайын спорадикалык жана топтук очоктор түрүндө байкалат. Ботулизм сейрек кездешүүчү жугуштуу оору болуп саналат жана анын спецификалык клиникалык көрүнүшүнөн улам, ал өз убагында диагноз коюуда дарыгерлерге чоң кыйынчылыктарды жаратат. Изилдөөнүн максаты тамак-аш ботулизминин эпидемиологиялык жана клиникалык мүнөздөмөлөрүн изилдөө болгон. 2022-2023-жылдар аралыгында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган тамак-аш ботулизм диагнозу менен 23 бейтаптын медициналык документтери ретроспективдүү талдоого алынды. Бейтаптардын медициналык документтерин талдоонун натыйжасында инфекциянын жугуу фактору болуп үй шартында консерваланган жашылча-жемиштер экендиги аныкталган. Бейтаптардын 60%дан ашыгы медициналык жардамга кеч кайрылышкан. Адегенде 26,1%учурларда дарыгерлер туура эмес диагноз коюшкан. Бейтаптардын көбү чоң адамдар  (87%) анын арасында негизинен эркектер көп болгон (61%). Оорунун оор өтүшү 56% учурларда байкалган. Анализ көрсөткөндөй, бейтаптарда ботулизмдин типтүү клиникалык симптомдору, баш сөөк нервдеринин симметриялуу түшүүчү шал оорусу жана миоплегия симптомдору пайда болгон. Кыргызстанда ботулизмге негизинен ботулиндик токсиндердин А, В, Е типтери себеп болот, ошол эле учурда бул түрдөгү моноваленттүү сывороткаларды колдонуу менен ботулизмди антиботулиндик сыворотка менен дарылоого эмпирикалык мамиле негиздүү. Ошентип, тамак-аш ботулизмин эрте диагностикалоо жана дарылоо өлүм коркунучун азайтат жана оорунун прогнозун жакшыртат. Элдин маалымдуулугун жогорулатуу бул оорунун алдын алуу болуп саналат. 

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • РЕНТГЕНОЛОГИЯДА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ КОЛДОНУУГА ДАРЫГЕРЛЕРДИН КӨЗ КАРАШЫН ТАЛДОО, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ СУРАМЖЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    Б.Э. Эмилов, А.Б. Намазов, А.Т. Болотбекова, О.А. Салибаев, Т.Ч. Чубаков
    18-25 30
    Аннотация

    Рентгенологтор жасалма интеллект технологияларын кызыгуу жана үмүт менен кабыл алышууда, бирок көпчүлүгүндө өз билим деңгээлине жана жасалма интеллекттин клиникалык шарттардагы чыныгы натыйжалуулугуна байланыштуу күмөн саноолор бар. Айрыкча жаш адистердин билим деңгээлин жогорулатууга жана аларды маалымат менен камсыздоого басым жасоо маанилүү, бул санариптик куралдарды ишенимдүү жана туура пайдаланууга жол ачат. Мындай технологияларды активдүү өздөштүрүү жана интеграциялоо медицинада алардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга өбөлгө түзөт. Оң мамилеге карабастан, жасалма интеллект күнүмдүк медициналык практикага киргизүү системалуу ишти жана ырааттуу кадамдарды талап кылат. Изилдөөнүн максаты – рентгенологияда жасалма интеллектти колдонуу боюнча дарыгерлердин пикирин талдоо. Изилдөөнүн алкагында 51 дарыгерге (анын ичинде рентгенологторго) сурамжылоо жүргүзүлдү. Анкета жасалма интеллект колдонууда жашыруундуулукту сактоо, адамдык көзөмөл, клиникалык көндүмдөргө таасири жана жасалма интеллект боюнча билим алууга кызыгуу сыяктуу маселелерди камтыды. Жыйынтыктар. Дарыгерлер жасалма интеллекттин диагностикадагы тактыгын жана ылдамдыгын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн оң кабыл алышат. Ошол эле учурда, маалыматтардын коопсуздугу жана адистик көндүмдөрдү жоготуу боюнча кооптонуулар бар. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү (60% ашууну) жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүгө кызыгуу билдиришти. Корутунду. Жасалма интеллект – дарыгерлерди алмаштырган эмес, жардамчы курал. Жасалма интеллекти ишенимдүү колдонуу үчүн адистерди даярдоо жана юридикалык-этикалык нормаларды киргизүү талап кылынат.

ОТОРИНОЛАРИНГОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ТИЛ БАДАМЧА БЕЗИНИН ГИПЕРТРОФИЯСЫ – "ТАМАКТА ТЫГЫЛЫП ТУРГАН НЕРСЕ" СЕЗИМИНИН СЕЙРЕК, БИРОК МААНИЛҮҮ СЕБЕБИ КАТАРЫ (КЛИНИКАЛЫК МИСАЛ)

    Э.К. Асанкулов, Х. Уллах, С.А. Бедельбаев
    76-80 32
    Аннотация

    Тамакта «түйүлүп тургандай сезим» же латынча «globus pharyngeus» — бул бейтаптар көбүнчө тамакта бөтөн нерсе тургандай же басым болуп жаткандай сезилет деп сүрөттөгөн кеңири таралган симптом. Көбүнчө бул абал психогендик факторлор, стресс же гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусу менен байланыштуу болот. Бирок айрым учурларда бул сезимдин артында кылдат диагностика талап кылган органикалык патологиялар жашынып турушу мүмкүн. Бул макалада туруктуу «түйүлүп тургандай» сезимдин себеби тилдин тамактагы безинин гипертрофиясы болуп чыккан клиникалык учур сүрөттөлөт — сейрек кездешкен, бирок клиникалык жактан маанилүү абал. Мындай даттануулар менен келген бейтаптарды комплекстүү кароонун, анын ичинде заманбап визуализациялык ыкмаларды колдонуу менен оториноларингологиялык кароонун зарылдыгы баса белгиленет. Бул учур диагноз коюуда органикалык патологияны четтетүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп, тамакта туруктуу «түйүлүп тургандай» сезимге байланыштуу дифференциалдык диагнозду кеңейтүүгө көмөкчү болот.

  • ПРИЧИНЫ, СТРУКТУРА И КЛИНИЧЕСКИЕ ОСОБЕННОСТИ ТРАВМ НАРУЖНОГО НОСА

    Г.К. Бабаханов, С.А. Хасанов, С.Т. Урокбоев, М.Г. Бобохонов
    81-87 16
    Аннотация

    Травмы наружного носа являются одной из наиболее распространённых форм черепно-лицевых повреждений, особенно у детей и подростков. Знание причин, анатомических структур и клинических особенностей этих травм имеет важное значение для своевременной диагностики и эффективного лечения.
    Цель: анализ причин, морфологических характеристик, клинической картины и подходов к лечению травм наружного носа.
    Методы. В исследование были включены клинические, оториноларингологические, офтальмологические, нейрохирургические, радиологические (мультиспиральная компьютерная томография, магнитно-резонансная томография, конусно-лучевая компьютерная томография) и лабораторные методы обследования. Проведен анализ данных историй болезни пациентов с оценкой структурных изменений костей носа, околоносовых пазух, орбит и головного мозга. Функциональные результаты оценивались с использованием акустической ринометрии; эстетические – методом фотографического сопоставления; качество жизни – по опроснику PedsQL 4.0 (Pediatric Quality of Life Inventory).
    Результаты. Основными причинами травм явились бытовые, спортивные и дорожно- транспортные происшествия. Наиболее часто встречались переломы с деформацией носа, требующие репозиции. Оптимальным сроком для оперативного вмешательства признан период 5-10 суток после травмы. Комплексный мультидисциплинарный подход значительно повышал функциональные и эстетические результаты.
    Вывод. Своевременная диагностика и лечение травм наружного носа имеют решающее значение для профилактики осложнений и достижения оптимальных функциональных и косметических исходов. Эффективное лечение требует комплексной междисциплинарной оценки.

  • РИНОСИНУСОГЕННЫЕ ОРБИТАЛЬНЫЕ ОСЛОЖНЕНИЯ У ДЕТЕЙ

    Х.Н. Абдуллаев, Н.А. Расулова, С.А. Юсупов
    71-75 14
    Аннотация

    В данной статье на основе ретроспективного анализа представлены результаты исследований клинико-лабораторных данных детей с орбитальными осложнениями риносинуситов. Анализ показал, что наибольшее количество орбитальных осложнений приходится на младшую группу детей (1-7 лет) – 72 (48%) больных. При острых синуситах с осложнениями жалобы были на повышение температуры тела, отек века, головные боли, а при хронических - преобладали хемоз, снижения зрения. Наиболее часто был выявлен рост Staphylococcus aureus (45%). Анализ показал, что своевременно начатое лечения привело к полному восстановлению зрения почти у всех больных. У 1 больного с острым пансинуситом, осложнённым флегмоной орбиты, зрение правого глаза не восстановилось (больной обратился на 5 сутки после начала заболевания). Эффективность проводимой терапии при риносинусогенных орбитальных осложнениях зависит от правильного этиотропного лечения. Определение видового состава микрофлоры и его чувствительность к антибиотикам является ключевым моментом. Комплексное консервативное лечение с применением лимфотропночувствительного антибиотика, по мнению ряда авторов, уменьшает хирургическое лечение больных с риносинусогенными орбитальными осложнениями.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • DIFFICULTIES IN DIAGNOSIS OF NEUROFIBROMATOSIS TYPE 1 IN A CHILD

    N.A. Belykh, P.O. Kotova, I.V. Piznyur, E.P. Makarkina, A.P. Сhernenko, YU.V. Deeva
    66-70 21
    Аннотация

    Neurofibromatosis type 1 is one of the most common genetic diseases. It can be inherited in an autosomal dominant manner, but in almost half of the cases it occurs de novo. Neurofibromatosis type 1 is associated with café au lait spots, freckles in the inguinal and axillary areas, neurofibromas, Lisch nodules of the iris or choroidal anomalies, optic pathway gliomas and characteristic bone anomalies. In the world, the pathology occurs with a frequency of 1:3500 newborns. Mutation in the NF1 gene, which is located on chromosome 17 q11.2, leads to the inability to synthesize the cytoplasmic protein neurofibromin. This latter protein acts as a modulator of cell growth and differentiation, starting from intrauterine life, it is expressed by cells of the nervous system, endothelium and smooth muscles near blood vessels. The mutated protein and associated changes in the cellular environment lead to a very high risk of cerebrovascular changes. Deficiency of the NF1 gene leads to hyperactivation of RAS, which triggers the AKT/mTOR and Raf/MEK/ERK proliferation signaling pathways. As a result, benign neoplasms are formed - neurofibromas, which have a high tendency to malignancy. The gold standard for diagnosing neurofibromatosis type 1 is molecular genetic testing. The article provides information on the prevalence, clinical picture, diagnostic and treatment options for neurofibromatosis type 1, as well as our own clinical observation. The presented clinical case is interesting due to the progressive course of the disease in a child and  the formation of multiple plexiform neurofibromas. Currently, there are no methods for preventing this pathology, but early diagnosis and targeted therapy improve the quality of life of patients. Targeted therapy can have a great impact and slow the growth of neurofibromas. Selumetinib is a selective inhibitor of mitogen-activated protein kinase types 1 and 2 (MEK 1,2). It blocks MEK activity and the Raf/MEK/ERK signaling pathway, which helps suppress the proliferation of tumor cells in which this signaling pathway is activated.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ГИГАНТОМАСТИЯНЫ КОМПЛЕКСТҮҮ КОРРЕКЦИЯЛОО: КЛИНИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА

    М.С. Кадыров, Т.Т. Токонов, Н.К. Мавлянова
    50-56 21
    Аннотация

    Гигантомастия – бул сейрек кездешүүчү, бирок клиникалык жактан маанилүү эмчек бездеринин гипертрофиясы болуп саналат. Бул абал эмчек көлөмүнүн ашыкча чоңоюшу менен мүнөздөлөт жана көп учурда физикалык жана психоэмоционалдык оорулар менен коштолот. Мындай диагноз коюлган бейтаптарда бел жана моюн оору, дене түзүлүшүнүн бузулушу, кыймыл активдүүлүгүнүн чектелиши, ошондой эле сырткы келбетке жана социалдык чөйрөгө байланыштуу психологиялык ыңгайсыздык байкалат. Акыркы жылдары гигантомастиянын аныкталышы өсүүдө. Бул медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн жана дарыгерлердин маалымдуулугунун жогорулашына, ошондой эле диагностиканын сапатынын жакшыргандыгына байланыштуу. Айрым Европа жана Азия өлкөлөрүндө бул маселеге байланыштуу клиникалык тажрыйба топтолгон. Кыргызстанда болсо гигантомастия боюнча ишенимдүү маалыматтар аз, адистештирилген изилдөөлөр жетишсиз. Бул проспективдик изилдөө 2022-жылдын июнунан 2023-жылдын декабрына чейин Бишкекте дарыланган 42 бейтапты камтыйт. Комплекстүү ыкма колдонулган: хирургиялык дарылоо жана консервативдик терапия элементтери. Жылдык көзөмөл жыйынтыгы тандалган тактиканын коопсуздугун жана натыйжалуулугун ырастайт. 

  • УЛГАЙГАН ЖАНА КАРЫ АДАМДАРГА КУРЧ АППЕНДИЦИТ ДИАГНОЗУН КОЮУДА АЛЬВАРАДО ШКАЛАСЫН КОЛДОНУУНУН АКТУАЛДУУЛУГУ

    А.А. Сопуев, А.Т. Атакозиев, М.Э. Эрнисова, Н.Н. Маматов, Э.Э. Кудаяров, Э. Шамил уулу
    57-65 23
    Аннотация

    Азырку убакта заманбап инструменталдык ыкма изилдөөлөрдү колдонууга карабастан, улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюу татаал жана хирург үчүн оору баянын абдан так сурамжылоо жана негизги клиникалык белгилерди табуу дарт аныктоодогу негизги элементтер болуп саналат. Кечиктирилгис хирургиядагы изилдөө шкалаларынын жана системаларынын көптүгүнө карабастан ушундай симптомдорду эске алган эң көп колодонулган аныктоолордун бири болуп Альварадо шкаласы эсептелет. Альварадо шкаласы 1986-жылы Альфредо Альварадо тарабынан аппендициттин диагностикалык куралы катары иштелип чыккан. Баалоо АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарындагы Назарет ооруканасына курч аппендициттикиндей курсак оорусу менен түшкөн 305 бейтаптын ретроспективдүү изилдөөсүнө негизделген. Бул макалада улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюунун өзгөчөлүктөрү жана улгайган адамдарга Альварадо шкаласынын колдонулушу жөнүндө баяндалат. Альварадо шкаласынын жөнөкөйлүгүнөн колдонуу оңой жана дарт аныктоону жакшыртат, ооруканага жаткыруу үчүн болгон көрсөткүчтөрдү так аныктайт, жана ошондой эле “керексиз” операциялардан сактайт. Изилдөөнүн максаты: улгайган адамдарга курч
    аппендицит диагнозун коюуда Альварадо шкаласын валидизациялоо. Материалдар жана ыкмалар. Изилдөөгө курч аппендицит дарты аныкталган негизги топко 60 жаштан жогорку бейтаптар жана ошондой эле контролдук топтогу 18 жаштан 60 жашка чейинки бейтаптар киргизилди. Жалпы кайрылган бейтаптардын саны 180. Курч аппендицит дарты аныкталып операция болуп дарыланган 180 бейтаптын оору баяндарына ретроспективдүү изилдөө жүргүзүлдү. Натыйжалар. Улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюуда Альварадо шкаласы 8 баллды түзсө операция жасоо үчүн көрсөткүч катары эсептесек болот. Корутунду. Изилдөөбүздүн жыйынтыгы айткандай Альварадо шкаласы, улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюу менен андан ары дарылоо жолун аныктоодо абдан зор жардам берет.

  • БЛЕФАРОПЛАСТИКАНЫН КЛИНИКАЛЫК ТАЖЫРЫБАЛЫ: АЗИЯТИК ЖАНА ЕВРОПАЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫН АНАТОМИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН САЛЫШТЫРУУ

    М.С. Кадыров, А.Ч. Султанова, Н.К. Мавлянова
    42-49 21
    Аннотация

    Үстүңкү кабактын блефаропластикасы дүйнөлүк практикада эң белгилүү пластикалык операциялардын бири болуп саналат, айрыкча азиялык кош кабак бейтаптар арасында. Бирок азиялык кабактардын анатомиялык өзгөчөлүктөрү (айкын бүктөлүүнүн жоктугу, тери астындагы май ткандарынын болушу жана орбиталык перегородканын өзгөчө түзүлүшү) хирургиялык техниканы тандоодо өзгөчө мамилени талап кылат. Бул макалада 50 азиялык жана европалык тектүү бейтаптын анатомиялык өзгөчөлүктөрүнүн салыштырмалуу талдоосу берилген, айрыкча анатомиялык айырмачылыктарга, клиникалык натыйжаларга жана бейтаптардын канааттануусуна көңүл бурулган. Изилдөөнүн максаты – азиялык жана европалык тектүү бейтаптарда блефаропластиканын ар түрдүү хирургиялык ыкмаларынын натыйжалуулугун изилдөө жана салыштыруу, ошондой эле операциянын натыйжасына таасир этүүчү факторлорду аныктоо. Бардык операциялар «MaxClinic» пластикалык жана реконструктивдүү хирургия клиникасында жүргүзүлгөн. Изилдөөдө стандартташтырылган сурамжылоо формалары, медициналык документтердин жана операцияга чейинки жана кийинки сүрөттөрдүн талдоосу колдонулган. Бул изилдөөнүн Кыргызстан үчүн маанилүүлүгү азиялык этникалык өзгөчөлүктөрү бар калк арасында эстетикалык операцияларга (анын ичинде блефаропластикага) болгон суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу. Көп улуттуу курамдын шартында (азиялык жана европалык анатомиялык өзгөчөлүктөрүнүн айкалышы) жергиликтүү калктын өзгөчөлүктөрүн эске алган хирургиялык ыкмаларды иштеп чыгуу зарыл. Мындай изилдөөлөр медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, операциядан кийинки кыйынчылыктарын көбөйүшүн азайтууга жана бейтаптардын канааттануусун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет, бул Кыргызстанда статистикалык маалыматтардын жетишсиздигинде өзгөчө маанилүү. Изилдөөнүн натыйжалары Кыргызстанда блефаропластиканы жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана хирургдарды этникалык өзгөчөлүктөрүн эске алган заманбап ыкмаларга үйрөтүүгө пайдаланылышы мүмкүн.

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • ЖЕКЕ АНАТОМО-РЕНТГЕНОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ: ТӨМӨНКҮ ЖАК СҮЙӨГҮНҮН КУРУЛУШУ, КАН МЕНЕН ЖАБДЫЛЫШЫ ЖАНА ИННЕРВАЦИЯСЫ (АДАБИЯТТАРГА СЕРЕП)

    Р.Э. Абирова
    34-41 35
    Аннотация

    Бул адабиятка жасалган баяндама төмөнкү жаак сөөктүн түзүлүшүнүн, кан менен камсыздалышынын жана нерв менен жабдылышынын индивидуалдуу анатомо-рентгенологиялык өзгөчөлүктөрүн талдоого багытталган. Төмөнкү жаак – бул чайноо, сүйлөө жана беттин эстетикасы үчүн маанилүү баш сөөгүнүн негизги түзүмү. Анын морфологиялык өзгөчөлүктөрү, анын ичинде сөөк каналдарынын, нейрососудисттик структуралардын жана кортикалдык табакчанын өзгөрмөлүүлүгү стоматология жана жаак-бет хирургиясы үчүн чоң клиникалык мааниге ээ.
    Макалада темага тиешелүү, методологиялык сапаты жогору жана оригиналдуу болгон 35 илимий булактан алынган маалыматтар системалаштырылган. Конус-нерентген КТ, МРТ жана рентген сыяктуу заманбап визуализация ыкмалары индивидуалдуу анатомиялык айырмачылыктарды, тил каналдарынын болушу, резцовый каналдын рентгендик көрүнүшү жана төмөнкү жаак каналдын тиштин тамырына жакындыгын аныктоого мүмкүндүк берет.
    Бул изилдөө дарылоону пландоодо, анестезияда жана операцияларда жогорку коопсуздук менен эффективдүүлүктү камсыз кылуу үчүн төмөнкү жаактын индивидуалдуу анатомиялык өзгөчөлүктөрүн терең изилдөөнүн маанисин баса белгилейт.