Том 2 № 2 (2012): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-02-17

Бардык чыгарылыштар

МЕДИЦИНАНЫН МАНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ

ОРГИГИНАЛДУУ ИЗИЛДӨӨЛӨР

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ «ЖАРА ООРУ МЕНЕН ООРУГАНДАРДЫН МЕКТЕБИ»: ООРУЛУУЛАРДЫН БИЛИМ ДЕНГЭЭЛИН КӨТӨРҮҮДӨГҮ ОКУТУУНУН ТААСИРИ

    Р.Н. Баетова
    26-30 26
    Аннотация

    Жара оорусу менен ооруган адамдарды окутуу процессинин жүрүшүндө оорулуунун өзүнүн оорусу жөнүндө билим дэнгээлин аныктоо боюнча анализ жүргүзүлгөн. Окуу процесинин тассири менен орулуунун өз оорусу менен тааныштыгы жана оруну дарылоо методика билим дэңгээлинин 5 жылдын ичинде сакталышы чагылдырылган.

  • УЛГАЙГАН ЖАНА КАРЫГАН КУРАКТАГЫ ООРУЛУУЛАРДЫН ЛАПАРАСКОПИЯЛЫК ХОЛЕЦИСТЭКТОМИЯСЫНЫН НАТЫЙЖАСЫН АНАЛИЗДӨӨ

    А.А. Сопуев, А.А. Самаков, К.Е. Овчаренко , Ж.Б. Мамакеев
    31-36 24
    Аннотация

    Изилдөө объекти: 2006-2011 жылдары лапароскопиялык холецистэктомия жасалган 699 оорулуу. Изилдөөнүн жыйынтыгы: эки түрдүү жол менен операция жасалган оорулууларды эки топко бөлүндү. Алардын биринчи бөлүгү (А-группасы) 70 жаштан жогору жаштагы, экинчиси (В-группасы) 70 жашка чейинки. А группасы 3 топко бөлүндү 70-74, 75-79 жана 80 жаштан улуу. АSА шкаласы боюнча (Р<0,001) жашы 80ден жогору өт баштыкчасын кескин сезгенген конверсиялык жана операциядан кийинки жаш оорулуулардыкына (P<0,05) караганда жогору. Жашы 80ден жогору оорулуулардын кабылдоолорун азайтууда аларды тандап алуу жана тажрыйбалуу хирургдан көз каранды.

  • БООРДУН ГЕМАНГИОМАСЫН РАДИКАЛДЫК ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    Б.А. Авасов
    37-39 27
    Аннотация

    алдынарга боордун гемангиомасы боюнча аткарылган радикалдуу операциялардын жыйынтыгы коюлду. Алардын ичинен 3 бейтапта өтүшүп кетүү катталды, каза болгондор катталган жок.

  • БООРДУН ЭХИНОКОККОЗУН РАДИКАЛДЫК ДАРЫЛОО

    Б.А. Авасов
    40-42 26
    Аннотация

    боор эхинококкозу боюнча радикалдуу операция жасалган 29 бейтаптын жыйынтыгы алдынарга коюлду. Боордун кеcүүсү 17 бейтапта, кырып алып кесүү 3 бейтапта, ал эми чел кабыгын бүтүн бойдон алуусу 9 бейтапта өткөрүлдү. Өтүшүп кетүү 6 бейтапта катталды, каза болгондор катталган жок.

  • КАТУУ ИНФАРКТ МИОКАРДЫ МЕНЕН ООРУГАНДА АДАПТОЛДУ®КОЛДОНУУ.

    С.М. Цурко, Т.Д. Тябут, И.А. Байкова , Д.А Марченко-тябут
    43-46 75
    Аннотация

    Бул макалда Адаптол® препаратынын миокард менен ооруган адамдардын психологиялык абалына тийгизген таасирин изилдөө берилген. Изилдөө БелМАПО кардиологиялык клиникасынын базасында жүргүзүлгөн, ага курч ири очоктуу миокард (Q- инфаркт) дарты менен 35 эркек жынысындагы адам тартылган.Адаптолдун® субъективдүү абалга жакшы таасири жана катуу инфаркт миокарды менен ооругандардын оорусунун психологиялык жагын мүнөздөгөн объективдүү критерийлер туурасында бүтүм жасалды.

  • КЛИНИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАДА Н1-ТОСМОЛООЧУНУ ТАНДОО КӨЙГӨЙҮ

    В. П. Вдовиченко , Г. М. Бронская , Т.А. Коршак , В. А. Казакевич , Н. К. Соколов, Е. В. Акуленец
    47-52 31
    Аннотация

    Берилген макалада Н1 тосмолоочулардын фармакологиялык касиеттерине сереп салынган. Аларды амбулатордук шарттарда колдонуу үчүн клиникалык көрсөтмөлөрдүн көпчүлүгүндө II-муундагы каражаттар (“седативдүү эмес Н1-тосмолоочулар”) артыкчылыкка ээ, себеби алардын седативдүү касиеттери жок экени тууралуу тыянак чыгарылган. Фенкарол® (хифенадин) гистаминдин бузулушун тездетүүчү жана анын ткандарда топтолушун азайтуучу уникалдуу касиетке ээ. Бул касиеттери үчүн Фенкарол® курч респиратордук (суук тийген) ооруларды дарылоодогу жана бронха астмасын ар тараптуу дарылоодогу тандоо дары-дармеги болуп саналат. Коопсуздугунун жана колдонуунун чоң клиникалык тажрыйбасы болгонунун натыйжасында Фенкарол® ошондой эле педиатриялык тажрыйбада дагы тандоо дары-дармеги болуп саналат.

  • АЯЛДАРДЫН ГЕНИТАЛДЫК ПРОЛАПСАСЫН ДИАГНОСТИКАЛОО ЖАНА ХИРУРГИЯЛЫК КОРРЕКЦИЯЛОО ЫКМАЛАРЫН ТАНДОО

    Н.Э. Маматова
    53-55 25
    Аннотация

    216 аялдын гениталдык пролапсасын текшерүүнүн жана операция жолу менен дарылоонун тыянагы берилген. Диагностиканын негизги ыкмасы – объективдүү текшерүү жана УҮТ (УЗИ) . Операцияны тандоо кындын түшүшүнүн жана бошоңдошунун деңгээлине жана жамбаш чарасынын түпкүрүнүн булчуңдарынын акыбалына байланышат.

  • СИЙДИК ЧЫГАРУУЧУ ЖОЛДОРДУН ИНФЕКЦИЯЛАРЫНЫН ДИАГНОСТООДО ЖАНА ДАРЫЛООДО МИКРОБИОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН РОЛУ

    Ж.К. Рахимбекова , Н. Жумадил к., М.С. Ниязалиева , М.А. Сабодаха
    57-59 32
    Аннотация

    2008-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде Бишкек шаарынын ар түрдүү дарылоо-профилактикалык мекемелеринин 475 бейтаптан чыккан урологиялык инфекцияларды козгоого алып барган микробтордун антибиотиктерге сезгичтиктерине/резистенттүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлгөн. Энтерококтордун жалпы басымдуу жана өрчүү ролунун фонунда уроинфекциялардын өрчүшүндө терс-грам микробтордун үлүшүнүн төмөндөө тенденциясы аныкталган.Антибиотикограммалардын анализи пенициллинге, ампициллинге уропатогендердин сезгичтиги жана ар кандай муундагы цефалоспоринге тандалма сезгичтиги жок экендигин аныктаган.Тандалма препараткатары ципрофлоксацин сунушталат.

  • ИЧКИ ОРГАНДАРЫ ЖАНА ООЗ КӨҢДӨЙҮНҮН БЫЛЖЫР ЧЕЛДЕРИНИН ООРУЛАРЫ МЕНЕН ООРУГАН ООРУЛУЛАРДЫ ДАРЫЛООНУН АЛГОРИТМИ

    К.Б Куттубаева , Н.Ю. Сушко
    60-64 28
    Аннотация

    Жалпы стоматикалык патологиясы бар оорулууларды стоматологиялык дарылоодо ушундай оорусу бар оорулууларда оорунун күчөп кетишине түрткү бериши, же стоматологиялык дарылоо учурунда ийгиликсиз жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай учурларда ооруну сөзсүз күчөтүп жибербөөнү билүү керек. Макалада стоматологиялык оорулууларды стоматологиялык дарылоодогу коркунучтарын сурамжылоо жазылган. Жүрөк-кан тамыр патологиясы бар оорулууларды кабыл алуу боюнча сунуш берилген.

  • УЛГАЙГАН КУРАКТАГЫЛАРДЫН КӨЗҮНҮН ТОР КАБЫГЫНЫН МАКУЛОДИСТРОФИЯСЫНА, МЕКСИДОЛ КОЛДОНУУНУН ГЕМОДИНАМИКАЛЫК НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНА УЛЬТРА ДОБУШТУУ ДОППЛЕРОГРАФИЯНЫН ЖАРДАМЫ АРКЫЛУУ БАА БЕРҮҮ

    Ч.Т. Сайдахметова
    65-68 30
    Аннотация

    Улгайган курактагылардын көзүнүн тор кабыгынын макулодистрофиясы менен жабыркаган 23 бейтапка 20 күнгө чейинки жана кийинки дарылоо жүргүзүлгөндөн кийинки гемодинамикалык натыйжалуулугуна ультра добушту колдонуу аркылуу анализ жүргүзүлүүдө. Улгайган курактагы макулодистрофиянын 1-стадиясында аталган препаратты пайдалануу жакшы натыйжа берээрин аныктадык.

  • АТЕНОЛОЛДУН БИЙИК ТООНУН ШАРТЫНДА ТАЖРЫЙБА АРКЫЛУУ ЧАКЫРЫЛГАН ЖУРОК БУЛЧУНУНУН ЖАРАЛАНУУСУНДАГЫ КАН УЮУУ СИСТЕМАСЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    Д.К. Шамыралиев , Ж.А. Махмудова , А.Т. Токтобекова , Г. Алайбек кызы
    69-74 21
    Аннотация

    Бул илимий иште бийик тоонун шартында коендорго катехоламинди колдонуу менен чакырылган жγрөктγн жаралануусунун өрчγшундө β1 –блокатору –атенололдун кан уюуу системасына тийгизген таасири  изилденди. Тажрыйбада инфаркт миокардынын курч фазасында атенолол ченемдγγ гипокоагуляцияны чакыраарын жана ошону менен бирге кан уюуу системасына жакшы таасир тийгизери аныкталды.

  • ӨНӨКӨТКӨ АЙЛАНГАН БАШ МЭЭ ИШЕМИЯСЫНДАГЫ КОГНИТИВДИК БУЗУЛУУЛАРДА КОЛДОНУЛУУЧУ ТЕРАПИЯДА НЕЙРОПРОТЕКТОРЛОРДУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

    З. Батул , И.Л. Луценко
    75-76 37
    Аннотация

    Кортексин нейропептиди универсалдык нейрометаболикалык жана нейропротекторлук таасир берет. Биздин изилдөө дисциркулятордук энцефалопатияны дарылоодогу кортексиндин эффективдүүлүгүнө арналган. Изилдөөгө 54 бейтап катышкан, алардын ичинен 30 негизги топту, 24 текшерүү тобун түзгөн. Негизги топтун бейтаптары базалык терапияга кошумчалап кортексин алган, текшерүү тобу магнезия алган. Дарылоонун жыйынтыгын баалоодо клиникалык жана нейропсихологиялык методдор колдонулган. Кортексин колдонулуучу терапиянын негизинде көпчүлүк учурларда объективдүү жана субъективдүү симптомдордун тен жакшыруусу белгиленген. Ушунун ичинде 90,3% бейтапта субъективдүү симптомдордун азайышы байкалган ,анын ичинде: эмоциялык лабилдүү, кооптуу жана депрессиялык реакция, чарчаган кездер, баш оору, баш айлануу. Кортексин цереброваскулярдык оорулардан сырткары, баш мээнин когнитивдик функциялары бузулуулар байкалган патологиялык абалдарда, нейропротектор катары

  • БИЙИК ТООЛУУ ШАРТТАРДА ТАМАКТАНУУ ЖАНА АЗЫКТЫК СТАТУС

    М.К. Эсенаманова , Ф.А. Кочкорова , Д.В. Винников , Р. Реддинг-Джонс
    77-80 56
    Аннотация

    “Кумтөр” компаниясынын жумушчуларынын тамактануу жана азыктык статусу изилденди. Кыш-жаз мезгилдеринде тамак - ашты аз кабыл алуунун негизинде организм негизги азык заттар менен аз камсыздалгандыгы байкалды. Ошону менен катар эле жумушчулардын күнүмдүк рациону белок-май багытында экендиги аныкталган.

  • ЭКСПЕРИМЕНТТЕГИ СӨӨК - МЭЭ ТРАВМАСЫНДА БОЛГОН НЕЙРОНДОРДУН ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ӨЗГӨРҮҮЛӨРҮНӨ ЦЕРЕБРОЛИЗИНДИНДИН ТААСИРИ

    Э.М. Мамытова
    81-86 25
    Аннотация

    Церебролизиндин мээнин түзүлүштөрүнүн травмадан кийинки алгачкы мезгилдеги патологиялык -гистологиялык өзгөрүүлөрүнө берген таасирин изилдөө максатында тажрыйбалык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Тажрыйбалык изилдөөлөр баш-сөөк-мээ травмаларынын женил денгээлдеги моделинде келемиштерге жүргүзүлдү. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, баш-сөөк-мээ травмасы келемиштердин мээсинде макро-жана микроскопиялык патоморфологиялык жабыркоолорго алып келген, аларды тастыктоодон, бул патологиялык кубулуштар биринен кийин бири өрчүгөндүгү малым болду. Церебролизин келемиштердин мээсининин калыптануусуна баш-сөөк-мээ травмасынын алгачкы мезгилинде - 7-күнүндо алып келгендиги айкын болду. Травма жасалгандан кийин физиологиялык эритме колдонулган, контролдук топтогу келемиштердин мээсинин кайра калыбына келүүсү байкалган жок. Бул тажрыйбалык изилдөөлөрдүн натыйжасы церебролизинди мээнин травмадан жабыркоосунда максаттуу түрдө колдонуунун тажрыйбалык негизи болуп саналат

  • ГИПОФУРОДАРЫЛООНУН ЖАРАТ ПРОЦЕССИНИН II ФАЗАСЫНДАГЫ НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНА ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК БАА БЕРҮҮ

    С. Бейшенов , Н.О. Талипов , Н.Ж. Шарапов , А.А. Сопуев
    87-91 21
    Аннотация

    Макалада in vivо эксперименталдык шартында жаңы ата мекендик Гипофур майынын жарат процессинин II фазасында жарат айыктыруу таасиринин жыйынтыктары талкууланды

  • АШКАЗАНДЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРА ООРУЛАРЫНДА ПОСТГАСТРОРЕЗЕКЦИЯЛЫК ЭНТЕРАЛДЫК КЕМТИКТЕРДИ (1-ДАРАЖАДАГЫ) ЖОЮУ

    А. Жигитекова , Н. Азарова , К.С. Сыдыгалиев , Д.Т. Сыргаев , А.К. Мамбетов
    92-97 27
    Аннотация

    өтүшүп кеткен ашказан жана он эки эли ичегинин жара оорусунун ашказанды кескенден кийинки ичке ичегинин кемчилигинин биринчи тепкичинин жыйынтыгы берилген. Модификациялык ичке ичегини түтүк аркылуу азыктандыруунун негизинде ашказан жана ичке ичегинин ичиндеги тамактын синүүсү жана кандын ферменти
    изилденген.

  • СТУДЕНТТЕРДИН ФУНКЦИОНАЛДЫК АБАЛЫНЫН ПСИХОФИЗИОЛОГИЯЛЫК ДИАГНОСТИКАСЫ

    Т.А. Коптева , И.Е. Кононец
    98-102 20
    Аннотация

    Обзордук макалада студенттердин психофизиологиялык абалына баа берилген жана актуалдуу суроолору каралган

АДАБИЯТТАРДЫ КАРАП ЧЫГУУ

ПРАКТИКАДАН ШИЛТЕМЕЛЕР