Башкы редактор
Том 3 № 3(1) (2013): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
ЖАЛПЫ СУРООЛОР
-
ПОДГОТОВКА СПЕЦИАЛИСТОВ САНИТАРНО- ЭПИДЕМИОЛОГИЧЕСКОГО ПРОФИЛЯ. ПРИОРИТЕТНОЕ НАПРАВЛЕНИЕ ОБЩЕСТВЕННОГО ЗДРАВООХРАНЕНИЯ
АннотацияПодготовка специалистов санитарно-эпидемиологического пофиля. Приоритетное направление общественного здравоохранения
-
НОВЫЕ ТЕНДЕНЦИИ ПОДГОТОВКИ СПЕЦИАЛИСТОВ МЕДИКО-ПРОФИЛАКТИЧЕСКОГО ПРОФИЛЯ ДЛЯ СИСТЕМЫ ЗДРАВООХРАНЕНИЯ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
АннотацияНовые тенденции подготовки специалистов медико-профилактического профиля для системы здаровоохранения Кыргызской Республики
-
МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ЭПИДЕМИОЛОГИЯ ОКУТУНУН МАЗМУНУ
Аннотациябул маалыматта медициналык окуу жайындагы эпидемиология сабагынын мазмунун анализдоо жана жугуштуу эмес ооруунун эпидемиологиясын беруу зарыл
ГИГИЕНА МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ӨНДҮРҮШ ЖАНА БЮДЖЕТТИК ЧӨЙРӨДӨ ИШТЕГЕН АЯЛДАРДЫН ЭМЧЕК ЭМИЗҮҮСҮНҮН УЗАКТЫГЫНА ТААСИР ЭТҮҮЧҮ МЕДИЦИНАЛЫК-СОЦИАЛДЫК ФАКТОРЛОР
Аннотациябалада бир катар оорулардын болуусу (атопиялык дерматит, азкандуулук ж.б.) менен эмчек эмизүүнүн узактыгынын ортосундагы өз ара терс байланыш аныкталды.
-
ТОПТУК ЖАНА ИНДИВИДУАЛДЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ АЙЫЛДЫК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ОКУУУЧУ КЫЗДАРДЫН АРАСЫНДАГЫ СПЕЦИфИКАЛЫК ЭМЕС ВУЛЬВИТ ЖАНА ВУЛЬВОВАГИНИТ ООРУЛАРЫН АЛДЫН АЛУУ
Аннотациябул макалада айылдык жалпы окуу жайларында окуучу кыздардын медициналык социалдык изилдоосунун жана атайын даярдалган анкета боюнча социалдык сурактын жыйынтыгы берилген.
-
ӨСПҮРҮМ-КЫЗДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДИК ДЕН- СООЛУГУНУН КАлЫптАНУУСУНУН ЗАМАНБАп тЕНДЕНцИялАРЫ
АннотацияМакалада акыркы 10 жыл ичиндеги өспүрүм-кыздардын репродуктивдик ден-соолугун көйгөйлөрүнө арналган адабиаттык байкоолор көрсөтүлгөн. Азыркы замандын өспүрүм-кыздардын репродуктивдик потециалынын калыптануусунун төмөнкү негизги тенденциялары белгиленген: физикалык өнүүгүсүнүн дисгармониясы жана четтелүүсү; соматикалык ден соолугунун деңгелинин төмөндөшү; гинекологиялык оорулардын таралышынын жогорулашы; өспүрүмдөрдүн сексуалдык активдүүлүгүнүн эрте жетилүүсү жана ЖЖЖИ, АИВ-инфекцияларды жана аборторду алдын алуу ыкмалары жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги.
-
БАШТАПКЫ АСКЕРДИК КАТТООГО ТУРГУЗУУ БОЮНчА БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАШ ЖИГИТТЕРДИН ДЕНСООЛУГУН АБАЛЫНА БАА БЕРҮҮ
Аннотация2006 жылдан 2012 жылга чейин Бишкек шаарынын аскердик комиссариаттарынын баштапкы аскердик каттого тургузуу боюнча отчетторун талдоо жүргүзүлдү. 7 убакытта аскерге чакырылуу жашындагы жаш жигиттердин саны 9,4%га төмөндөшү байкалууда, аскер кызматын өтүүгө жарактуу жаш жигиттердин саны 28,4%га көбөйүдө. Эндокриникалык ооруулар жогорку дэңгээлде туруктуу жайгашуусу аныкталды.
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН ИЧУУЧУ СУУСУНУН САПАТЫНА МҮНӨЗДӨМӨ
АннотацияМакалада Бишкек шаарынын ичилүүчү суусунун химиялык жана микробиологиялык көрсөткүчтөрүнүн сапаттарына мүнөздөмө берилген.
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН ОЛИМПИАДАЛЫК РЕЗЕРВ ОКУУ ЖАЙЫНДА ОКУГАН ЖАШ СПОРТСМЕНДЕРДИН ФИЗИКАлЫК ӨНҮГҮҮСҮНӨ БАА БЕРҮҮ
АннотацияСпорттун жети түрү менен машыккан 13 -16 жаштагы (n = 242) өспүрүм спортсмен балдар жана кыздардын физикалык өнүгүүлөрү текшерелип, баа берилди. Физикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн Эрисмандын жана Пиркенин индекси боюнча төмөндөшү, ал эми Кетленин индекси боюнча көрсөткүчтөрдүн орто жогорулашы аныкталган. Дене түзүлүшүнүн чымырдыгына Пиньенин индекси боюнча баа берилген, анын негизинде текшерилгендендердин 57% физикалык өнүүгүсү «орточо» деңгээлде, ал эми 4,13% – «начар» деп аныкталган.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧҮҮГӨ ЖАРАКТУУ СУУНУН РАДИАЦИАлЫК ТЕКШЕРҮҮСҮ
АннотацияДинамикада изилденген суу булактарынын радиациялык коопсуздук көрөсөткүчтөрүн изилдөөлө суу сынадардын жалпы санынан жалпы санынан 75% суммардык альфа-активдүүлүгү боюнча нормативдик өлчөмдөн четтеп кетүүсү аныкталган, 0,2-0,4 Бк/л ден жогору эң көп пайызды түзгөн.
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН АЙЫЛ ЖЕРЛЕРИНДЕ ЖАШООЧУ АСКЕРГЕ ЧАКЫРУЛУУ ЖАШЫНДАГЫ ЖИГИТТЕРДИН ФИЗИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН САЛЫШТЫРМА МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Аннотациямакалада шаардык жана айылдык аскерге чакырылуу жашындагы (18-20 жаш) 260 жаш жигиттердин физикалык өнүгүүсүнүн көрсөткөчтөрүнүн натыйжасы бааланып берилди. Шаардык аскерге чакырылуулардын дене салмагына салыштырганда айылдыктардын дене салмагы чындап эле төмөндүрөөк экендиги аныкталды. Айылдык жигитдердин 13%ынын жана шаардыктардын 11%ынын тамактануусунун жетишиздиги (ДМИ<18,5 кг/смІ) айкын болду.
-
ОКУУЧУЛАРДЫН ЭМГЕК ОКУУТУСУН УЮШТУРУУСУНА ГИГИЕНАЛЫК БАА БЕРҮҮ
Аннотациябул макалада окуучулардын эмгек окуутусуна жана анын материалдык техникалык жабдоосуна гигиеналык баа берилген.
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО СИСТЕМАЛАРЫНЫН АБАЛЫ
АннотацияМакалада Бишкек шаарынын райондорунун ичилүүчү суулардын абалы жана калкты суу менен камсыз кылуусу көрсөтүлгөн.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙРЫМ БИР РЕГИОНДОРУНДАГЫ АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫН ЧАҢ БОЛУУ ДЕҢГЭЭЛИН БААЛОО
АннотацияМакалада КР үч региону Бишкек ш., Чүй жана Ыссык-көл областарынын үлгүсүндө атмосфералык абанын чаң болуусу жөнүндөгү маалыматтар келтирилген. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын маалыматтары боюнча жылдын суук жана жылуу мезгилдеринде орточо суткалык чектүү-мүмкүн болгон концентрациядан 3,9-4,5 эсеге жогору болуу менен абадагы чаңдын концентрациясынын орточо мааниси 0,68 мг/м3-0,58 мг/м3 жеткен. Шаардын түштүк бөлүгүндө абанын чаң болуу деңгээли жылдын суук жана жылуу мезгилдеринде (0,85 мг/м3-0,87 мг/м3) шаардын борбордук бөлүгүнө караганда (0,68 мг/м3-0,58 мг/м3 ) жогору болгон. Айыл жеринде атмосфералык абанын чаң болуу деңгээли жайында Воронцовка айылында 0,35 мг/м3, Боконбаев айылында - 1,01 мг/м3 жеткен, бул орточо суткалык чектүү-мүмкүн болгон концентрациядан (ЧМК) 2,3дөн 6,7 эсеге чейин жогору, кышында эки айылдык калктуу пунктарындагы чаң болуунун деңгээли ЧМК 4төн 5,7 эсеге чейин жогору болгон.
-
ТАТАРСТАН РЕСПУБПИКАСЫНЫН ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТКАН МУУНДУН КӨЗДҮН ЖАНА АНЫН БӨЛҮКТӨРҮНҮН ООРУЛАРЫНЫН ТАРКАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫНЫН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Аннотациябул макалада Татарстан Республикасындагы балдардын көз жана анын бөлүктөрүнүн оорусунун ооруп калуучулук жана таркалуу көрсөткүчтөрү шаардык жана айылдык жашоочулар арасында аныкталган.
-
БАЛДАР ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ФИЗИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН РЕГИОНАЛДЫК СТАНДАРТТАРЫ – ӨТКӨН УЧУРДАН АЗЫРКЫ УБАКЫТТА ЧЕЙИН
Аннотациясоциалдык-гигиеналык талдоо менен чөйрөнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүштөрүн, ошону менен бирге балдардын жана өспүрүмдөрдүн заманга, морфологиялык өзгөчөлүктөрүн салтка жараша жана региондук стандарттардын жаңы мамилелерине ылайык каттого мүмкүндүк берет.
-
ТИШ ПАСТАСЫН ФТОРДООНУН МААНИСИ
Аннотацияар кайсы өлкөлөрдө өндүрүлгөн тиш пасталарын изилдөөдө көпчүлүк сынамдардагы фтордун өлчөмү жарамдуу чек ичиндеги деңгээлде экендиги табылган. Ал эми 3 өлкөдө (Болгария, Бразилия жана Голландия) өндүрүлгөн тиш пасталарынын сынамдарында фтордун өлчөмүнүн төмөндөшү катталган.
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН ХОРЕОГРАфИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН КУНУМДУК ТАМАКТАНУУСУНДАГЫ МИНЕРАЛДЫК ЗАТТАР КУРАМЫ
АннотацияБишкек шаарынын хореографиялык окуу жайынын окуучуларынын 40 тамак-аш тизмесинин минералдык заттар курамы изилденип, микро жана макроэлемениердин, жетишпестиги аныкталды, тактап айтканда кальцийдин, фтордун, фосфордун ж.б.
-
Ч. БАЗАРБАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК ШААРЫНЫН ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАМАКТАНУУСУНА БАА БЕРУУ
АннотацияЧ. Базарбаев атындагы Бишкек шаарынын хореографиялык окуу жайынын окуучуларынын анык тамактануусун изилдоодо тамактын негизги компоненттеринин жетишсиздиги, тамак аш заттарынын тура эмес катышы, жана ошондой эле кунумдук тамак тизмесинин энергетикалык кубаттуулугунун томондугу аныкталган.
-
ТОО-КЕН ӨНӨР – ЖАЙЫНЫН ЖУМУШЧУЛАРЫНЫН ТАМАКТАНУУСУНУН ЖОГОРКУ ЭНЕРГИЯЛЫК КУБАТТУУЛУГУ ЖАНА МАЙ МЕНЕН УГЛЕВОДДУК ЗАТ АЛМАШУУСУНУН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Аннотацияизилдөөнүн натыйжасында тоо-кен өнөр- жайынын жумушчуларынын дене салмагынын жана тамактануу статусунун жогорулашы аныкталган, муну күнүмдүк тамактанууда белоктордун жана майлардын көптүгү, ошондой эле тамактын жогорку энергиялык куббаттуулугу далилдейт. Май жана углеводдук зат алмашуунун көрсөткүчтөрүнүн жумушчулардын жашына жана жумушунун стажына жараша жогорулоо тенденциясы бар.
-
МИНКУШ АЙЫЛЫНЫН РАДИАЦИОНДУК ЖАГДАЙЫНА БАА БЕРҮҮ
Аннотациямакалада турак жана коомдук имараттардын аймагынын гамма нурлануусунун дэңгээлин; радондун концентрациясын өлчөмүн; ичүүгө жарактуу суунун альфа жана бета активдүүлүгүнө баа берүү; курулуш материалдардын курамындагы табыгий радионуклеидтердин жыйынтыгы чагылдырылган.
-
ЫСЫК-КОЛ ОБЛУСУНДАГЫ ДЕН-СООЛУКТУ ЧЫҢДОО МЕКЕМЕЛЕРИНИН САНИТАРЛЫК ЖАНА ГИГИЕНАЛЫК АБАЛЫ
АннотацияЫсык-Көл облусуна караштуу ден-соолукту чыңдоо мекемелеринин жайгашкан аймактарын изилдеп баа берилген. 2012-2013жж. ден-соолукту чыңдоо мекемелеринен алынган анализдердин санынын азайышы жана көптөгөн объектилердин КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык көзөмөлсүз калганын аныкталган.
-
И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММА ТЕОРИЯЛЫК КАФЕДРАЛАРЫНДА СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ ШАРТТЫРЫНА ГИГИЕНАЛЫК БАА БЕРҮҮ
Аннотациябул макалада «МПД» факультетинин 1-2 курста окуган студентердин окуу шартына баа беру жана алардын ооруучулук структурасын анализдоо берилген.
-
ОШ ОБЛУСТУНУН СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО БУЛАКТАРЫНА САНИТАРДЫК-ГИГИЕНАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨ
Аннотациямакалада Ош облустунун элин суу менен камсыздоо булактарынын сапаттарына жана оорууга чалдыкандарга мүнөздөмө берилген. Каракулжа, Чон-Алай райондорунда бактерия менен кирделгени жана ошондой эле, Араван, Каракулжа, Чон-Алай райондорунда санитардык-химиялык көрсөткүчтөрү жогорку экенин аныкталды.
-
КАЗАКСТАНДАГЫ ТУУРА ТАМАКТАНУУ БОЮНЧА ТАРМАКТЫК ПРОГРАММАСЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Аннотациябул макалада «Казак Республикасынын калкынын туура тамактануу боюнча тармактык программасынын» илимий негиздөөсү менен иштеп чыгарылган. Илимий негиздөөнү жана негизги улуттук документтерди эске алуу менен түзүлгөн.
-
КАЗАКСТАНДАГЫ АЯЛДАРДЫН ЖАНА БАЛДАРДЫН ВИТАМИН А ЖЕТИШСИЗДИГИНИН СТАТУСУ ЖАНА ТАРАЛЫШЫ
АннотацияРепродуктивдүү жаштагы аялдар жана жашы 6-59 айдагы балдар арасында витамин А статусу жана ушул витаминдин жетишсиздиги (ВАЖ) изилденген. 41,4% балдардын канынын сывороткасындагы витамин А нормалдуу деңгээлде, ал эми 35,4% - четтик деңгээлде.
-
БАЛДАР АРАСЫНДАГЫ ООРУЛАРДЫН ТАРКАЛЫШЫ МЕНЕН АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫН БУЛГАНЫЧЫНЫН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫ
Аннотацияатмосфералык абанын булганычынын жана балдардын ооруга чалдыгуусунун көрсөткүчтөрүнүн арасындагы жогорку оң корреляциялык көз карандылыгы тастыкталган.
ЭПИДЕМИОЛОГИЯ ЖАНА ИНФЕКЦИЯЛЫК ООРУЛАРДЫН МАСЕЛЕЛЕРИ
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ООР КУРЧ ӨТҮҮЧҮ РЕСПИРАТОРДУК ИНФЕКЦИЯ ЖАНА ГРИППКЕ ОКШОШ ООРЛАР МЕНЕН ООРУГАНДАРДЫ МОЛЕКУЛЯРДЫК- ГЕНЕТИКАЛЫК ЫКМА МЕНЕН ИЗИЛДӨӨ
АннотацияКурч өтүүчү респиратордук жугуштуу жана гриппке окшош оруулар менен ооруган балдар жана чоң адамдар молекулярдык-генетикалык ыкма менен респиратордук вирустарга жана ич өткөктүн козгогучторуна текшерилди. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча бир жашка чейинки балдар жана 30-64 жаштагы чоң адамдар арасында респиратордук инфекция көбүрөөк катталды. Курч респиратордук вирустук инфекцияларды көбүнчө парагрипп, риновирус жана метапневмовирус козгоору аныкталды.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИНФЕКЦИОНДУК КӨЗӨМӨЛДӨӨСҮНҮН ФУНКЦИОНАЛДЫК УЮШТУРУУ ТҮЗҮЛҮШҮН ИШТЕП ЧЫГАРУУ
АннотацияИК иштелип чыккан концепциясы жана системасы республикада «оорукана ичиндеги инфекцияны көзөмөлдөө жана медициналык таштандыларды башкаруу боюнча багыттуу программасын» кабыл алуунун негизи болгон. Программаны жүзөгө ашыруу саламаттык сактоо системасында инфекцияны көзөмөлдөө инфраструктурасын түзүү аркылуу каралган, ал эми негизги ИК программасын алып жүрүүчүлөр инфекцияны көзөмөлдөө адистери жана стационардык деңгээлдеги ИК комитети эсептелинет, республикалык деңгээлде – Республикалык инфекциялык көзөмөдөө борбору жана МСЭКД.
-
АДЕНОВИРУС ИЧ ӨТКӨК ООРУСУН МОЛЕКУЛЯРДЫК- ГЕНЕТИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨ
АннотацияАденовирустун 5 жашка чейинки балдардын ич өткөк оорусунун козгоодогу таасири изилденди.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КЕНЕЛЕРДЕН ЖУГУУЧУ КАНДЫН ООРУЛАРЫ
АннотацияКенелерден жугуучу баш мээнин сезгенүүсүнө шектүү оорулуулардын канынын сывороткасына серологиялык байкоо жүргүзүүнүн (мониторинг) натыйжасында кене энцефалитинин вирусуна (67,2±6,3%), конго-крым геморрагиялык ысытмасына (61,8±6,6%), Батыш Нил ысытмасына (23,6±5,7%) антителолор аныкталган ошондуктан арбовирустук жугуштуу ооруларга эрте диагноз коюу максатында азыркы мезгилдеги изилдөө ыкмаларын колдонуу чон мааниге ээ.
-
ЧӨЙРӨДӨ СЫМАП КӨП ТАРАГАН АЙМАКТА ЖАШАГАН БАЛДАРДЫН ИММУНДУК СИСТЕМАСЫНЫН ИШТЕШИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияЧөйрөдө сымап көп тараган аймактагы жашаган балдардын иммундук системасы изилденип, аны менен бирге микроэлементердин өзгөрүлушү дагы каралган.
-
КР ТОКСАКОРОЗ БОЮНЧА ЭПИЗООТОЛГИЯЛЫК ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
АннотацияМакалада токскара митенин жумурткасын топуракта, иттердин занында, ичегилеринде изилдоонун жыйнтыгы жана элдин серопзитивдик абалы берилген.
-
АР КАНДАЙ СТАДИЯДА ӨНҮККӨН ЦМВ ИНФЕКЦИЯСЫНДА ПЦР ЖАНА ИФА ДИАГНОСТИКАСЫНЫН МААНИСИ
АннотацияИлимий иш цитомегаловирус жугуштуу оору абалын изилдөөгө арналган. Титр антител ЦМВ инфекциясына 25-тен 36 жашка чейинки аялдарда жогору экендиги аныкталган, аялдардын жашы жогорлаган сайын титр антител ылдыйлаган. 21ден 30 жашка чейинки аялдардын боюнда кезинде ЦМВ инфекциясынын энеден балага берилүү риски 3 эсе жогору болгон, алсак жашы жогору болгон аялдарга салыштырганда.
-
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДАГЫ ИЧЕГИ – КАРЫН ЖАНА ЭМДӨӨ МЕНЕН БАШКАРУУГА МҮМКҮН БОЛГОН ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛ
Аннотациябул материалда жалпы ичеги-карын жана эмдөө менен башкарууга мүмкүн болгон жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык абал камтылган. Эмдөө менен башкарууга мүмкүн болгон жана ичеги-карын жугуштуу оорулардын ретроспективдик анализи жүргүзүлгөн. Ошондой эле эпидемиялык жайылуусуна, лабораториялык текшерүүлөрдүн көйгөйлөрү жана турмуш тиричиликке жана ичүүгө пайдаланылган суунун мүнөздөмөсү берилген.
-
НАРЫН ОБЛАСТЫНЫН МАЛ АРКЫЛУУ ЖУГУШТУУ ООРУЛАРЫ БОЮНЧА АБАЛЫ
АннотацияНарын областындагы малдан жугуштуу оорулары боюнча эпидемиологиялык абалы.
-
ЖАНЫБАР ООРУЛАРДЫН АРАСЫНДАГЫ ЖУГУШТУУ ХЛАМИДИЯНЫН ОРДУ
АннотацияСтатьяда дүйнө жүзүндөгү жана республикадагы хламидиоз боюнча абалы, айыл – чарба жаныбарларынын хламидиоз менен оорусу, ошондой эле бруцеллез менен оорулуулардын арасында хламидиоздун таркалуусу тууралуу жалпы маалымат келтирилди.
-
КАЗАХСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЗААРА ОРГАНДАРЫНЫН ООРУЛАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА ДИНАМИКАСЫ
АннотацияБул макалада Казахстандагы заара органдарынын орулардын тузулушу жана динамикасы берилген.
-
ГРИПП ЖАНА КУРЧ ӨТҮҮЧҮ РЕСПИРАТОРДУК ВИРУСТУК ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КҮНҮМДҮК ЖАНА КҮЗӨТТҮҮ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ
АннотацияБул статьяда, Кыргыз Республикасында күнүмдүк эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн грипп жана курч өтүүчү вирустук жугуштуу оорулары (КӨВЖО) боюнча көп жылдык маалыматтар иликтенген. Жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн электрондук ыкмалар менен грипп жана КӨВЖО орууларынын көрсөткүчтөрүн чогултуу жана иликтөө системасына баа берилген.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ГРИПП ЖАНА КУРЧ ОТҮЧҮ РЕСПИРАТОРДУК ООРУЛАРЫНА ТАНДАМА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ
АннотацияКыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө Департаменти Грипптин оор түрү менен ооруп ооруканага жатып жана үй-бүлолүк дарыгерлер борборуна кайрылып дарылангандардын көрсөткүчтөрүнө эпидемиологиялык иликтоо өткөрүлгөн. Иликтөөтандама эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүлүп жаткан Бишкек, Ош шаарларындагы медициналык мекемелердин көрсөткүчтөрүнүн негизинде өткөрүлдү.
-
АДЕНОВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫНЫН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияАденовирус инфекциясынын эпидемиологиясы боюнча билдирүүлөр жыйынтыкталды.
-
АЗЫРКЫ КЕЗДЕГИ КЕНЕ ЭНЦЕФАЛИТИ ООРУНУН ЛАБОРАТОРИЯЛЫК АНЫКТОО ЖОЛДОРУ
АннотацияКене энцефалит оорунун серологиялык ыкмаларды менен аныктоо жыйынтыктары ушул салыштыруу изилдөөдө көрсөтүлгөн. Гемагглютинация реакциясы менен салыштырганда иммун ферементүү анализ методунун жогорку сапатын жана сезгичтигин жакшы натыйжасы 12,2±0,03%ке көбүрөөк жана кененин тиштегенден кийинки эрте пайда болучу IgM антителолорду оорулунун канында табуунун мүмкүндүгүн эске алып, Кыргыз Республикада кене энцефалитин аныктоого иммун ферементүү анализ методун кеңири пайдаланууга сунуш кылса болот.
-
«БЕЛГИСИЗ ГЕНЕЗДЕГИ КАЛТЫРАТМАНЫН» ЭТИОЛОГИЯЛЫК СТРУКТУРАСЫ
АннотацияБул макалада белгисиз генездеги калтыратманын этиологиялык структурасы берилген.
-
СТАФИЛАКОКК ТУКУМУНДАГЫ БАКТЕРИЯЛАРДЫН ИРИҢ- СЕЗГЕНҮҮ ООРУЛАРДЫ ЧАКЫРУДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА АНТИБИОТИККЕ ТУРУКТУУЛУГУНДАГЫ РОЛУ
АннотацияБул макалада бактериологиялык методу менен 1329 ооруган адамдар ирин сезгенүү абалы боюнча изилденген. Эң негизгиси болуп S.aureus же болбосо коагулаза оң стафилаккоктор пенициллин тобундагы препараттарга жогорку туруктуулугу аныкталды.
-
ИФА МЕТОДУНУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЦМВИ АНАЛИЗДЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ («HUMAN» жеке менчик лабораториясынан Бишкек шаары 2012 жыл)
АннотацияИлимий иш оорулуунун цитомегаловирус оору абалын изилдөөгө арналган. Текшерилген орулуулардын көбүнчөсү ЦМВ оорусуна сеопозитивдүү болгон (88%). Титр антител IgG ЦМВ инфекциясына 21ден 35 жашка чейинки орулууларда жогору 1:400 жана 1:800 экендиги аныкталган, аялдардын жашы жогорлаган сайын титр антител ылдыйлаган. 21 ден 30 жашка чейин аялдардын боюнда кезинде ЦМВ инфекциясынын энеден балага берилүү риски 3 эсе жогору болгон, алсак жашы жогору болгон аялдарга салыштырганда.
-
ОШ ОБЛАСТЫНДА ГИМЕНОЛЕПИДОЗДУ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ТАСТЫКТОО
АннотацияОш областындагы 4310 жаштагы балдар гименолепидозго жана анемияга Ката-Катц жана гемиглобинцианидный ыкма менен лабораториялык текшерүүдөн өтүштү. 9-12 жаштагы балдарынын 16% ичеги курттары, 35,6% ас кандуулук табылды.
-
БИШКЕК Ш. ВИРУСТУК САРЫК А ООРУСУНУН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияБул макалада 1995-2012-ж Бишкек шаарындагы сарык оорусунун “А” түрүнүн эпидемиологиялык талдоосунун жыйынтыгы келтирилген. Талдоонун жыйынтыгы боюнча 2-3 жыл аралыгындагы көп жылдык динамикасынын мерчимдиги жөнүндө күбөлөндүрөт. Тобокелдик топко (70%) 14 жашка чейинки балдар кирет. Тобокелдик мезгил болуп сентябрь-ноябрь саналат. Негизги жуктуруу жолу - карым-катнаш, турмуш-тиричилик.
-
МИКРООРГАНИЗМДЕРДИН АНТИБИОТИКТЕРГЕ ТУРУКТУУЛУГУНУН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК МОНИТОРИНГИ
АннотацияБул илимий макалада түрдүү биосубстраттардын (заара, какырык, жарааттын суусу) 16292 пробасынан микроорганизмдерди бөлүп алуу жана бөлүнгөн микробдордун 4513 штаммдарынын антибиотиктерге туруктуулук даражасы чагылдырылган.
-
СЫРТКЫ ЧӨЙРӨНҮН ОБЪЕКТИЛЕРИНИН МИТЕ КУРТ ООРУЛАРЫНЫН ТАРКАЛЫШЫНЫН МААНИСИ
АннотацияБул макалада сырткы чөйрөнүн объектилеринин мите курт ооруларынын таркалышынын ролу көрсөтүлгөн.
-
КУРГАК УЧУК ООРУЛУУ БАЛДАРДЫН ЖАНА ОСПУРУМДОРДУН ФИЗИКАЛЫК, ФУНЦИОНАЛДЫК ОСУШУНУН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ
АннотацияБул макалада Ош областынын кургак учук оорулуу балдардын жана оспурумдордун физикалык, фунционалдык осушунун учурдагы абалына адабий анализдер келтирилген.