Башкы редактор
Том 3 № 3 (2013): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
МЕДИЦИНАНЫН МАНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
XPERT MTB/RIF АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ПОЛИМЕРАЗА БАЙЛАНЫШКАН РЕАКЦИЯСЫН НЕГИЗИНДЕГИ АНАЛИЗДИ, КУРГАК УЧУКТУ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК АНЫКТООДО КОЛДОНУСУ
АннотацияУлуттук Фтизиатрия Борборунун Республикалык референс лабораториясында 76 Xpert MTB/RIF изилдөөлөр өткөрүлдү.
-
ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫНЫН ООРУЛАРЫ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫ ДАРЫЛООДОГУ ОКСИГЕНОТЕРАПИЯ
АннотацияИзилдөөнүн максаты – дем алуу органдарынын оорусу менен ооруган бейтаптарды дарылоодогу оксигенотерапияны колдонууга баа берүү. Оксигенотерапия астманын оор түрү, өпкө ооруларын жана пневмонияны комплекстүү дарылоодо колдонулаары билинди. Оксигенотерапия көрсөтмө боюнча колдонулат жана ал клиникалык жакшы болууга, кислороддун сатурациясынын жана бронх обструкциясынын көрсөткүчтөрүнүн жогорулашына алып келет.
-
ГАРМОНИЗАЦИЯ НОРМАТИВНОЙ БАЗЫ В РАЗРАБОТКЕ ДОКУМЕНТОВ ПРИ ВНЕДРЕНИИ СТАНДАРТОВ GMP
АннотацияТребования международных стандартов должны быть отражены во внутренних документах предприятия и гармонизированы применительно для удобства в ежедневной работе.
-
ЖҮРӨКТҮН КОРОНАРДЫК ООРУСУ ГИПЕРТОНИЯЛЫК ООРУ МЕНЕН КОШТОЛГОН ЖАНА КОШТОЛБОГОН БЕЙТАПТАРДЫН ЛИПИДДИК АЛМАШУУ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА КОРОНАР ТАМЫРЫН АТЕРОСКЛЕРОЗДУК ЖАБЫРКООСУНУН ӨЗГӨРҮЛҮШТӨРҮ
АннотацияЖүрөктүн коронардык оорусу гипертониялык оорусуна коштолгон жана коштолбогон 87 бейтаптардын липиддик алмашуусунун көрсөткучтөрүн жана коронардык кан тамырдын атеросклероздук жабыркоосунун өзгөрүлүштөрү изилдөө максаты үчүн 2010-2012 жылдары УКТБнын (КМИ) бөлүмүндөгү стационардык дарыланып жаткан учурдагы коронароангиографиалык изилдөөдөн өткөн оорусун тарыхы ретроспективдик анализден өттү . Алар кан басымы көтөрүлгөндүгү бар жана жок салыштырмалуу 2 тайпага болүндү: 1-тайпага жүрөктүн коронардык оорусу гипертониялык оорусу менен биргелешкен 40 бейтап, 2-тайпага жүрөктүн коронардык оорусу гана бар бейтап киргизилди. Коронароангиографиялык изилдөөдөн өткөн коронардык кан тамырдын жабыркаганы жок болгон 20 адам текшерилүүчү тайпаны түздү. Жүрөктүн коронардык оорусун гипертониялык оорусу менен коштолгон бейтаптардын липиддик алмашуусунун бузулушу жана коронардык кан тамырдын жабыркашы изилдөөнүн негизинде көп кездешери байкалды.
-
НЕЙРОСЕНСОРДУК КУЛАГЫ ЖАКШЫ УКПАГАНДЫКТЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ӨНӨКӨТ ИРИҢДЕГЕН ОРТОЧО ОТИТТИН ТААСИР ТИЙГИЗҮҮ ДАРАЖАСЫ
АннотацияМакалада 2010-2012-жылдар мезгилинде УГнын ЛОР бөлүмүндө дарыланган кулак оорулар менен ооругандарды дарылоо маалыматтары келтирилген, ӨИООнун нейросенсордук кулагы жакшы укпагандыктын өнүгүшүнө таасир тийгизүү даражасы чагылдырылган. Көйгөй боюнча изилдеген авторлордун көз караштары чагылдырылып, жеке ой- пикирлер дагы берилди.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЗЫЛ-ТОКОЙ КЕНИНИН ГЛАУКОНИТТЕРИН МЕДИЦИНАДА ЧИЙКИ ДАРЫ ЗАТ КАТАРЫ КОЛДОНУУ
АннотацияБул макалада адабияттын негизинде глаукониттин биологиялык жана фармакологиялык касиеттерин анализи берилген. Кыргызстандагы Кызыл-Токой кенинин глауконит рудасынын изилдөөнүн актуалдуулугу, анын негизинде энтеросорбент жана хирургия үчүн сорбенттерди алуу каралган.
-
СОЛ КАРЫНЧАНЫН ДИАСТОЛДУК ФУНКЦИЯСЫНЫН БУЗУЛУШУ МЕНЕН ЖҮРӨКТҮН ӨНӨКӨТ ЖЕТИШСИЗДИГИ ЖАНА МЕРЦАТЕЛДҮҮ АРИТМИЯНЫН ДАЙЫМА КЕЗДЕШҮҮЧҮ ТҮРҮНӨ БАА БЕРҮҮ
АннотацияСол карынчанын диастолдук дисфункциясы менен сакталган синустук ыргагынын ар түрдүү кызматы жана мерцателдүү аритмиянын дайым кездешүүчү түрүн изилдөө үчүн 131 оорулуу текшерилди. Сакталган синустук ыргагы жана сол карынчанын диастолдук функциясынын бузулушуна караганда мерцателдүү аритмиянын дайыма кездешүүчү түрү менен ооругандардын сол дүлөйчөсүнүн өлчөмү көбүрөөк чоңойгондуугу байкалган.
-
ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРДЫ ФИЗИОТЕРАПИЯЛЫК ЫКМАЛАР МЕНЕН ДАРЫЛОО (ИЛИМИЙ СЕРЕН)
АннотацияМакалда окумуштуулардын физикалык дарылоо ыкмаларды гинекологиялык ооруларда колдонуу γчγн кыскача баяндама берилген.
-
ГИПЕРТОНИЯЛЫК ООРУЛАРДЫН ЖАНА АТЕРОСКЛЕРОЗДУН КАЛЫПТАНУУСУНДА ОРГАНИЗМДИН РЕГУЛЯРДЫК СИСТЕМАСЫНЫН ЖАНА КОРГООЧУ ФУНКЦИЯСЫНЫН БУЗУЛУУСУНУН РОЛУ ЖАНА АЛАРДЫН ПАТО ЖЕ ТАНАТОГЕНЕТИКАЛЫК МААНИСИ
АннотацияБул илимий макалада дизрегуляциянын механизмдери жана ролу, гипертониялык оорулардын жана атеросклероздун калыптануусундагы борбордук нерв механизмдеринин активдүүлүгүнүн өзгөрүүсү талдоого алынды. Стрессти кайталоочу ар түрдүү сырткы козгогучтар мээнин борборунун туруктуу иштөөсүнүн, кан айлануу системасынын абалынын, нейромедиатордун жана гормондордун таасиринин, кан тамырлардын абалынын жана клетка ичиндеги белги берүүчү системанын, жалпы клеткалык элементтердин бузулушуна алып келет.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СЕПТИКАЛЫК ЫРБООДОН АБДОМИНАЛЫК ТӨРӨТТӨН КИЙИН ӨЛГӨН АЯЛДАРДЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБТЕРИ
АннотацияБулл статьяда төрөттөн кийин септикалык ырбоодон (курсакты союп баланы алып чыккандан кийин) аялдардын өлгөнүнүн себептери жана байкоо убагында өлгөн аялдар жөнүндө табылган кемчилдиктер.
-
КЕСАРЕВ КЕСҮҮ ОПЕРАЦИЯСЫ БОЛГОН АЯЛДАРДЫН ЖАТЫН ТЫРЫГЫНЫН ЭХО-ГРАФИЯЛЫК БЕЛГИЛЕРИ
АннотацияБул эмгекте 2012-жылдын январь айынан баштап декабрына чейинки мөөнөттө ШПБда кесардык кесүүдөн кийин жатын тырыгынын ЭХО-түзүлүшүнүн изилденген.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ОРЛОВКА ЖАНА БИШКЕК ШААРЫНАГЫ 2 ТИПТЕГИ КАНТ ДИАБЕТ МЕНЕН ООРУГАН АДАМДАРДЫН КОМОРБИДДҮҮЛҮКТҮН ЖАШОО САПАТЫНА БОЛГОН ТААСИРИН БААЛОО
АннотацияИзилдөөнүн максаты КР Орловка жана Бишкек шаарларындагы 2 типтеги кант диабет менен ооруган адамдардын коморбиддүүлүктүн жашоо сапатына болгон таасирин аныктоо болду. 2 типтеги кант диабети менен 60 жакыр жашаган оорулуу изилденди. Бардык ооруларга канттын деңгели, гликозилденген гемоглобин, Чарльсон коморбиддик индекс жана жашоо сапаты кыргыз жана орус тилиндеги SF36v2tm сурамжылоо аркылуу изилдөөгө алынды. Натыйжада изилдөө гликемикалык көзөмөлдүн канаатандыраарлык эместигин аныктады, анткени кандагы канттын өлчөмү, постпрандиалдык гликемиянын, гликозилденген гемоглобиндин деңгелдери анык жогору болуп чыкты. 2 типтеги диабет оррулардын арасында артериалдык гипертония жана семиздиктин кезигиши жогору деңгелде аныкталды жана алардын жашоо сапаты оорулардын жашы жана коморбиддүүлүгүнүн кесепетинен төмөн болгондугу аныкталды. Коморбиддүүлүк акыбалда 2 типтеги кант диабети менен ооруган адамдарда өлүм тобокелдиги жашы жана коморбиддик индекстинин көбөйүүшү менен жогорулайт. Кант диабети менен ооруган улгайган адамдарга жеке мамиле кылуу, дарыларды тандоодо тыкандык, оорулардын өрүшүп кетүүсүн жана өлүмдүүлүктү эске алуу менен илдеттерди алдына алуу сунушталды. Кант диабетин даарылоо жана алдын алуу программалары башка өнөкөт инфекциялык эмес оорулар менен күрөшүү программалар менен интеграцияланышы керек.
-
КАРЫГАН АДАМДАРДЫН ЖУРОК ЛИМФАЛЫК ТАМЫРЛАРЫНЫН ЛИМФАНГИОНДОРУ
АннотацияТамыр системасынын өзгөчөлүгүн билген учурда гана анын конструкциясы жана түзүлүшү түшүнүктүү болот, анын бирден бир бөлүгү - өзүнө гана тиешелүү функцияларын аткарган, ошондой эле норма жана патология кезинде органдарга жана бүтүндөй организмге жашоо шартын түзө турган лимфалык тамыр системасы. Карыган адамдардын (75-90жаштагы) жүрөгүндөгү сол лимфалык тамырларынын жыйындысынын лимфангиондору 15 адам өлуктөрүнүн материалдарынан алынып изилденген. Изилдөөлөрдүн натыйжасында сол лимфалык тамырларынын жыйындысынын интра- жана экстраоргандык тамырларында формасы жана тамыр системасынын капталынын түзүлүшү чон өзгөрүштөргө учурашы тастыкталган.
-
ООР КЕЧ ТАЛГАКТАГЫ КАН АЙЛАНУУСУНУН ЦИРКАДДЫК ЫРААТ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияКош бойлуулуктун акыркы жумаларында преэклампсиянын оор деңгээлине жана төрөттөн кийинки мезгилде өтүүсү боюнча изилдөө суткалык ыраатынын негизги көрсөткүчтөрүнүн акрофазасынын дигер шам жана түнкү сааттарда фазаларга каршы өзгөрүүлөрдүн чыгуулары, десинхроноздун өнүгүүсү мүнөздүү экендигин көрсөттү. Борбордук кан айлануунун ар кыл ыраатынын көрсөткүчтөрү амплитудаларынын төмөндөп, мыйзам ченемдүү ырааттарынын толук жоголуп кетүүлөрүнө чейин өзгөргөн. Кеч талгактын оордошу менен циркаддык ырааттын десинхронозун төрөттүн операция жолу менен шашылыш чечүүсүндө эске алуу керек.
-
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЖЕРИНДЕ ЖАШАГАНДАРДЫН ЖАРА ООРУУСУНДА ЖАНА ӨНӨКӨТ ГАСТРИТИНДЕГИ ХЕЛИКИБАКТЕР ПИЛОРИ
АннотацияЖумуштун максаты Кыргызстандын айыл жеринде жашаган өнөкөт гастрит(ӨГ), ашказан(АЖ) жана он эки эли ичеги (ОЭИЖ) жара оорулуларында Хеликобактер пилори (ХП) бактериясынын таралышын изилдөө үчүн ХПнын ДНКсын полимераздуу чынжыр реакция (ПЧР) ыкмасы жана ХПга антителалардын пайда болушу аныкталган.
Изилдөөнүн жыйынтыгы: Жара оорусу(ЖО) жана ӨГ оорулулардында ооруксунуу мүнөздөмө топтору басымдуулук кылат. ОЭИЖ ПЧР ыкмасы менен ХП нын таралышы 81%тин түзгөн жана ӨГ оорулуларынын баарында, ал эми серологиялык ыкма менен ӨГ жана ЖО ооруллууларынын баарында аныкталган. Ооз көндөйүн изилдегенде ОЭИЖ оорууларынын 81%де жана ӨГ оорулуларынын 36%де өнөкөт жайылган жеңил жана орто даражадагы парадонтит аныкталган. -
РЕЗУЛЬТАТЫ ЛЕЧЕНИЯ БОЛЬНЫХ С РАЗЛИЧНЫМИ РАНАМИ ПОЛОСТИ РТА ПУТЕМ ИСПОЛЬЗОВАНИЯ СИНЕГО СВЕТА И ЭЛЕКТРОВИБРОМАССАЖА
АннотацияВлияние синего света и электровибромассажа на лечение различных ран полости рта на примере клинических исследований у 160 больных с костными дефектами и дефектами слизистой оболочки альвеолярного отростка.
-
УРОГЕНИТАЛДЫК ИНФЕКЦИЯГА КАБЫЛДАНГАН УУРГАЧЫ КОЁНДОРГО ЖҮРГҮЗҮЛГӨН, АЛДЫН АЛУУ ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ГИСТОМОРФОЛОГИЯЛЫК БӨЙРӨК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
АннотацияБул статьяда жаны торолгон коёнектин бойроктун тузулушу гистологиялык жыйынтыктары изилдеп берилген,урогениталдык инфекциянын алдын алуу жана алын баган жыйынтыктары салыштырылган.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭРКЕК ЖЫНЫС БЕЗИ ООРУСУНУН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОЗ КАРАШТАРЫ
АннотацияКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык маалымат борборунун 2002 жылдан 2011 жылга чейинки маалыматынын жана жыл сайын өткөрүлүүчү «Эркектин жумалык ден соолугу» акциянын негизинде бизде эркек жыныс бези оорусунун эпидемиологиялык статистикалык тажрыйбалдык талдоо жүргүзүлдү.
-
ФАКТОРЫ РИСКА ИЗМЕНЕНИЙ ГЛАЗНОГО ДНА У НОВОРОЖДЕННЫХ
АннотацияВ статье изучены изменения на глазном дне в виде ретинальных геморрагий и ишемических изменений сетчатки у новорожденных детей. Проведен анализ историй родов женщин и обследовано 423 ребенка первых трех дней жизни. Детям проводилась прямая и обратная офтальмоскопия на фоне медикаментозного мидриаза. Изучены факторы, которые могут влиять на наличие ретинальных геморрагий у новорожденных, такие как возраст матери, течение беременности, характер родов, положение и предлежание плода, продолжительность родов, пол и вес ребенка. Установлено, что ретинальные геморрагии и ишемические поражения встречаются у трети новорожденных (32,2%±2,3%). Доказано, что к факторам, которые влияют (p<0,001) на развитие ретинальных геморрагий и ишемических изменений у новорожденных относятся пол ребенка, возраст матери (старше 25 лет), анемия беременных, длительный безводной период, обвитие пуповины, первые роды.
-
ОМУРТКАНЫН ТАТААЛДАШКАН ЖАРААТТАРЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООДОГУ ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ЫКМА
АннотацияАвторлор омуртканын жана жүлүндүн көкүрөк жана бел бөлүгүндөгү жарааттары бар 102 бейтаптын дарылоо жыйынтыктарын изилдешкен. Жабык реклинация жана динамикалык байкоо ыкмасы колдонулуп, оптималдуу хирургиялык ыкма деп табылган. Дарылоо жыйынтыктарына таянып, айрымалоо диагностикалык белгилер жана ар кандай хирургиялык ыкмалардын эффективдүүлүгү аныкталган.
-
БАКТЕРИЯЛДЫК ВАГИНОЗДО МИКРООРГАНИЗМДЕРДИН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ БОЮНЧА ИРЭЭТКЕ САЛЫНЫШЫ
АннотацияКөпчүлүк учурда бактериялдык вагиноздун алдын алуу диагнозу, айымдарга ынгайсыз шарт түзгөн, организмден бөлүнүп чыгуучу суюктуктугун изилденүүчү материал катары алып, Романовский – Гимза жана Грам боюча боёп, ал материалга бактериоскопиялык изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн негизинде аныкталат. Бактериалдык вагинозду козгоочу бактерияларды жогорку деңгээлде изилдөө үчүн алардын морфотиптери ирээттелип, таблица катары кеңири таратылган.
-
ЧУРАЙ АЙМАГЫНДА ЖАЙГАШКАН ДЕРМАТОФИТИЯ ИЛДЕТИНИН ЭТИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА КЛИНИКАЛЫК- ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияМакалада чурай аймагында жайгашкан дерматофития илдетинин клиникалык-эпидемиологиялык жана этиологиялык өзгөчөлүктөрү чагылдырылган.
-
КУРЧ КАРМАГАН РЕСПИРАТОРДУК ЖУГУШТУУ ООРУЛАРЫ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДАГЫ ΘЙД ΘНКY ЖАНА ЫЛДЫЙКЫ ОБСТРУКЦИЯ СИНДРОМУ
Аннотация2 айдан 5 жашка чейинки 81 баланын өйдөнкү (29) жана ылдыйкы (52) обструкция синдрому менен ооруган оорунун клиникалык өзгөчөлүктөрү аныкталган.
-
КЛИМАКС УЧУРУНДА ПАЙДА БОЛГОН ЗААРА БОЛУП ЧЫГАРУУ ЖАНА ЖЫНЫСТЫК МУЧОЛОРУНУН БУЗУЛУУСУН «ПРЕМАЛОН» МАЙЫ МЕНЕН НАТЫЙЖАЛУУ ДАРЫЛОО
АннотацияКлимакс учурунда пайда болгон заара болуп чыгаруу жана жыныстык мүчөлөрүнүн бузулуусун «Премалон» майы менен натыйжалуу дарылоо боюнча маалымат келтирилген.
-
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ АМБУЛАТОРДУК-ПОЛИКЛИНИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТYYНYН ЖОГОРУЛАТУУЧУ ЖОЛДОРУ
АннотацияДен соолуктун жана амбулатордук-поликлиникалык жардамдын деңгээлин мүнөздөөчү көрсөткүчтөр үч жыл ичинде жүргүзүлгөн илимий изилдөөнүн негизинде жыйынтыкталган. Мурдагы өкмөттө иштеп кеткендерди тейлөө амбулатордук-поликлиникалык жардамды көбүрөөк талап кылаары аныкталган.
-
ООРУКАНАДАГЫ БИЛИМ БЕРYYНYН ПАЙДАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ
АннотацияБул илимий эмгекте заманбап клиникалык ооруканада билим берүүнүн пайдалуулугун жогорулатууда жаңыча ыкмалар сунушталган.
-
КАЗАХСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЛКЫНЫН ЖАШОО ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН САЛЫШТЫРУУ
АннотацияДүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөр арасында жана Казахстан Республикасында дагы акыркы он жыл ичинде демографиялык өзгөрүүлөр болуп карылардын жана улгайгандардын санын көбөйгөндүгү байкалууда. Казахстандын калкынын ден соолугу акыркы он жылда жакшыра баштагандыгы жана узак жашоо мөөнөтү 2000 -2011 жылдарда жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө аныкталган.
-
КР ССМ УГ КУЛАК МУРУНТАМАК БӨЛҮМҮНДӨ ТРАНЕКСАМ КИСЛОТАСЫНЫН МУРУНДАН КАН КЕТҮҮДӨГҮ КОМПЛЕКСТИК ДАРЫЛООДО КОЛДОНУУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ
АннотацияКулакмурунтамак бөлүмүнө келип түшкөн 25 ооруга мурундан кан кетүүдө колдонгон транексам кислотасынын (ТК) тажрыйбасынын жыйынтыктарын ТК колдонулбаган оорулар менен салыштырып, анализ жүргүздүк. Кан кетүүнү токтотууда транексам кислотасынын жогорку эффективдүүлүгү аныкталды.
-
РЕЦИДИВДИК (КАЙРА КАЙТАЛАНГАН) ЭХИНОКОККОЗДУ АНЫКТОО
АннотацияИзилдөө иши экинококкозду диагностикалоонун жаныдан иштелип чыккан имуннохемилюминесценциялык методдун ыкмасына арналган.
Иштелип чыккан иммунохемилюминесценциялык (ИХЛ) ыкмасын баалай келгенде анын кыска мөөнөт ичинде жообун алууга жооп бере алды. ИХЛ специфика боюнча 97% жана сезгичтиги боюнча 98-99% болуу менен серологиялык башка ыкмалардан (РЛА, РНГА) да калышай тургандыгы, колдонулуучу суюктуктун (кан) аз гана көлөмдө (0,02мл.) иштетилүүсу айкындалды.
ИХЛ аркылуу аныктап динамика көрсөткөндөй, операциядан кийинки мөөнөттүн узарышы радикалдуу кийлигишүүдө ИХЛнын интенсивдүүлүгүнүн денгээли акырындык менен төмөндөгөн, ал эми рецидивдик (кайра кайталанган) эхинококкоздо ИХЛ көрсөткүчү операцияга чейинки алынган маалыматтарга салыштырмалуу айырмаланган эмес.
Ошондуктан аткарылган изилдөөлөрдүн негизинде ИХЛ методу рецидивдик (кайра кайталанган) эхинококкозду аныктоодо эн маанилүү экендиги белгиленди. -
БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДИК ДЕНСООЛУГУНУН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ
АннотацияБишкек шаарындагы жогорку класстагы өспүрүм кыздар менен репродуктивдик денсоолуктарынын абалын аныктоо үчүн өз ара маектешүү менен изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөөнүн негизинде өспүрүм кыздардын арасында соматика жана гинекология жактан жабыркагандагы белгилүү болду. Азыркы өспүрүм кыздардын көпчүлүгү айыздары бузулуп, тез-тез сасык тумоо менен ооруп, тиштеринин кариес болуусу жана баш оорулары менен жабыркашкан.
ЮБИЛЕЙЛЕР
-
НУРЛАНУ НУРГАЗИЕВИЧУ БРИМКУЛОВУ – 60 ЛЕТ
АннотацияНурлану Нургазиевичу Бримкулову – 60 Лет