Том 4 № 4 (2015): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2024-04-12

Бардык чыгарылыштар

ТЕРАПИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

БАЛДАР СТОМАТОЛОГИЯНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

ОРТОПЕДИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

ХИРУРГИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БИЛЕК СӨӨГУНУН ДИСТАЛДЫК МЕТАЭПИФИЗИН ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛУ МЕНЕН ДАРЫЛОО

    А.С. Аятов, Э. А. Байгараев, С.А. Джумабеков, Б.С. Анаркулов
    110-111 3
    Аннотация

    БТОИИБ деги №1,2,3,4 жаракаттар бөлүмдөрүндө биздин көзөмөлүбүздө жаш курагы 17ден 67ге чейин билек сөөгүнүн дисталдык метаэпифизи сынган 50 бейтап болду.Аларга бурчтук бекемдиги бар пластиналарды колдонуу менен алакан жактан кирүү жолу аркылуу билек сөөгүнүн дисталдык метаэпифизине остеосинтез аткарылган. Хирургиялык дарылоонун натыйжалары 3 айдан 1жылга чейинки мөөнөттө изилденди.Дарылоо натыйжаларын балоодо биз СОИ-1 боюнча 100 упайлык системасын колдондук.

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНИКАЛЫК ГЕНЕАЛОГИЯСЫ (ЭТНОГЕНЕЗ): ГЕНЕТИКАЛЫК ЖАНА ТАРЫХЫЙ КӨЗ КАРАШТАР БАЯНДАМАСЫ

    А.А. Айдаралиев
    112-115 1
    Аннотация

    Илимий чыгарманын жыйынтыгында кыргыз элинин келип чыгышынын генетикалык жана тарыхый көз караштары баяндалган. Кыргыз генефондунун мындан 5-6 мин жыл илгери аз-аздап Түштүк Алтайда жана Саяндарда келип чыгышы көрсөтүлгөн. Кыргыз элинин этникалык генеологиясынын түзмөгү ар кыл тарыхый доорлордо каралган.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МИГРАНТТАР АРАСЫНДАГЫ КУРГАК УЧУК ЖАНА МИГРАНТТАР АРАСЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ КУРГАК УЧУК АНЫКТАЛГАН ОРУЛУУЛАРДЫ ДАРЫЛОО НАТЫЙЖАЛАРЫ

    О.С. Гончарова, Л.И. Сытина, А.С. Кадыров
    116-119 2
    Аннотация

    Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жайынтыгында мигранттар арасында кургак учуктун биринчи жолу диагнозу аныкталган оорулуулардын эң эле көп угурларынын саны Бишкек шаарында катталганы аныкталган бул көрсөткүч республикадагы ооруп калган мигранттардын жалпы санынан 36,2%-41,0% пайыз түзөт. 2012-2013 жылдары оорупкалган мигранттарды дарылоонун жетишкендигин химиятерапия эффективдүүлүгүнүн жайынтыктары менен салыштырылган болучу бул жалпы Бишкек ш. боюнча (2012 – 61,8%, 72,2% жана 2013 – 69,7%, 68,9% ылайыктуу), бирок бул көрсөткүгтөр республикалык көрсөткүгтөрдөн жана ЖДССУ (ВОЗ) стандарттарынан орчундуу төмөн (≥85%), негизги себеби бул жалпысынан мигранттар группасында дарылоо режимин бузучулардың көптүк саны болгону менен байланынтуу.

  • БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ ИШ ЖҮЗҮНДӨ ТАМАКТАНУУСУНА БАА БЕРҮҮ

    Т.А. Цивинская, Э.Дж. Сомкулова, А. Тилегул к. , М.К. Эсенаманова
    120-122 1
    Аннотация

    Карылар үйүнүн, 2014-2015 жылынын жаз мезгилиндеги анык тамактануусунун изилдөөсүнүн натыйжасында, күнүмдүк тамак тизмесиде негизги тамактандыруучу азыктардын(эт,балык,сүт,сүтазыктары) жетишсиздиги, углеводдордун ашыкча колдонулгандыгынан тамактануунун балансы жок болгондугу аныкталды.

  • БӨЙРӨКТӨРДҮН КОНТРАСТ-БАЙЛАНЫШКАН КУРЧ БУЗУЛУУСУ. ТОБОКЕЛДИК ФАКТОРЛОРУ

    Г.А. Сагынбаева, Т.М. Ибрагимова, В.К. Звенцова, Р.Р. Калиев
    123-127 7
    Аннотация

    Заманбап медицина рентген-контрасттык каражаттарды пайдалануу менен ар кандай дарылоо-дарт аныктоо жолдорун кенири пайдаланат. Ушуга байланыштуу рентген-контрасттык нефропатиянын өнүгүш көйгөйү пайда болду. Бир катар авторлор тарабынан бейтаптын курагы, коштоочу кант диабети, аз кандуулук, болгон бөйрөк жетишсиздиги ж.б. ушул сыяктуу бир нече козгоочу факторлору бөлүнөт. Бирок сандаган клиникалык изилдөөлөргө карабастан, контрастка байланыштуу нефропатиянын көптөгөн маселелери азыркы учурга чейин толук түшүнүктүү боло элек, мындай жагдай бул жаатта андан аркы изилдөөлөрдүн зарылчылыгына алып келет.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК ЖООПКЕРЧИЛИГИН КАМСЫЗДАНДЫРУУНУН ӨБӨЛГӨЛӨРҮ

    Г.С. Биялиева
    128-130 4
    Аннотация

    Кыргызстанда кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу системасын түзүү аркылуу медициналык кызматкерлерди коргоо максатында өтө шашылыш чараларды иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болду. Саламаттык сактоо системасында медициналык персоналдын жетишпегендигинин себептери – дарыгерлер миграциясынын жогорку индексинде, алардын социалдык корголушу боюнча мамлекеттик чаралар системасынын жок болушунда, көйгөйлөрүнө карата жетиштүү даражада мамлекет жана коом тарабынан көӊүл бөлүнбөгөндүгүндө.

  • МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК ЖООПКЕРЧИЛИГИНИН КАМСЫЗДАНДЫРЫЛЫШЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБАСЫНА СЕРЕП САЛУУ

    Г.С. Биялиева
    131-134 4
    Аннотация

    «Дарыгерлердин иштери» боюнча эл аралык тажрыйбанын оӊ жана терс жактары бар. Европалык өлкөлөрдөгү камсыздандыруу системаны медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга көмөктөшкөн, соттук доолордун санын азайткан жана пациенттердин канааттануусун жогорулаткан камсыздандыруу системасынын эӊ эле натыйжалуу модели катары кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

  • В, С ЖАНА D ГЕПАТИТИНИН YЙ БYЛΘЛYК ОЧОКТОРУНУН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛYКТӨРY

    Г.М. Заирова, С.Т. Тобокалова, К.А. Ногойбаева, Д.С. Бекенова
    135-138 5
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты В, С, D гепатиттеринин үй-бүлөлүк очокторун талдоонун негизинде алдын алуунун жана көзөмөдөөнүн сапатын жакшыртуу болуп эсептелет. Талдоонун материалын 44 өнөкөт В, С, D гепатиттүү, 3,5 жаштан 69 жашка чейинки 15 үй-бүлөнүн “ЦАДМИР” гепатологиялык борборуда 2014-2015 ж. дарыланып жаткан оорулардын баяндамасы түздү. Гепатиттердин белгилери, вирустардын ДНК жана РНК сы ИФА жана ПЦР аркылуу тастыкталды. Yй-бүлөлүк очоктордогу гепатиттердин этиологиялык түзүмүндө В өнөкөт гепатити (θГ) үстөмдүк кылган; θГD жана θГС гепатиттери 20% - 13% түзүп, ал эми, θГВ жана θГСтин айкалышуусу 7% оорулууда кездешкен. Көпчүлүк учурда θГВнын үй-бүлөлүк очоктору 2 адамдан турган (66,7%), калган учурларда – 3-6 чейин θГ үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн турган. Бул абалда кандан жугуучу вирустук гепатиттердин бардык табигый жугуу жолдору камтылган. Изилдөөнүн жыйынтыгы бизде вирустук гепатиттердин үй-бүлөлүк очокторун калыптоого бүт эпидемиологиялык шарттардын бар экендигин айгинелейт, В, С гепатитинин вирусу жуккандарды диагностикалоо үчүн терең изилдөө керек экендигин, жалпы калкты эмдөө, тестиер балдарды ревакцинациялоо керек экендигин далилдейт.

  • БАЛДАРДЫН ӨНӨКӨТ В ЖАНА D ВИРУСТУК ГЕПАТИТТЕРИНЕ ЧАЛДЫГЫШЫ, 2011-2013ЖЖ, КЫРГЫЗСТАН

    К.А. Ногойбаева, К.Т. Касымбекова, С.Т. Тобокалова, А.Т. Мурзаева
    139-141 5
    Аннотация

    Изилдөөнун максаты 14 жашка чейинки балдардын өнөкөт В жана D (ӨВВГжана ӨDВГ) вирустук гепатиттеринечалдыгышын жаш курагына карата иликтөө.Республикалык медико-информациялык борборунда 2010-2013жж аралыгындагы  чогултулган мамлекеттик №12- форма «Саламаттыкты сактоо уюмдарынын (УМБ, диспансер, үДТ) ишмердүүлүгүнүн отчету» изилденди. Биздин республикада 15 жашка чейинки балдардын ВГВ каршы эмделгенине карабастан, ӨВВГ карата ӨDВГ басымдуулук кылышы менен мүнөздөлгөн өнөкөт гепатиттерге чалдыгышы аныкталды. ӨDВ гепатитинде5-14 жана 1-4 жаштагы балдардын жабыркоосу (1- 90/0000, М- 50/0000 жана 1- 30/0000, М- 20/0000, ылайык), ал эмиӨВВГ түрүндө негизинен 5-14 жаштагы балдардын сыркоолошу айкындалды. Бир жашка чейинки наристелерде гепатиттин эки түрү тең 2013 ж. кездешкени байкалды (ӨВВГ жана ӨDВГ, 100 000 калкка карата 3 учур жана 1 учур). ӨВВГ 1-4 жаштагы балдарда 2012жылы гана тастыкталса (1 0/0000), ал эмиӨDВГ ар бир жылы аныкталып (1 0/0000ден), эң кобу 2011жылы (30/0000) табылганы белгилүү болду. ӨDВГ 5-14 жаштагы жеткинчектерде көбүрөөк катталганы такталды (1- 90/0000, М- 50/0000 жана 1- 2 0/0000, М- 10/0000, ӨDВГ и ӨВВГ, ылайык).