Том 4 № 4 (2016): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2016-04-14

Бардык чыгарылыштар

САЛАМАТТЫКТЫ УЮШТУРУУ

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • ЧОН АДАМДАРДЫН БРОНХОӨПКӨЛҮК ЛИМФА БЕЗДЕРИНИН ЧЫГАРУУЧУ ЛИМФА ТАМЫРЛАРЫНЫН ЛИМФАНГИОНДОРУНУН МОРФОМЕТРИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

    М.Т. Жанганаева
    19-21 10
    Аннотация

    Изилдөөнүн негизинде өпкөнүн дарбазасында жайгашкан лимфа тамырларынын лимфангиондорунун микроскоптук көрсөткүчтөрү белгиленген. Бронхоөпкөлүк лимфа бездеринин лимфангиондорунун негизги функциясы мотордук функция болуп эсептелет жана анын чел кабындагы миоциттердин жайгашышы менен байланышкан. Миоциттердин санынын жана багыттарынын жергиликтүү өзгөчөлүктөрү аныкталган. Миоциттердин саны лимфангиондун үч жеринен такталган. Миоциттер көпчүлүк учурда лимфа тамырларынын бетинде узун- кыйшык, аз учурда туурасынан, ал эми узунунан жана туура кыйшык жайгашышы экөөнүн ортосундагы сандар чыккан. Адамдын жашынын өсүшүнө жараша миоциттердин санынын өзгөрүшү байкалат.

  • ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН БАЛДАРДЫН БРОНХОӨПКӨЛҮК ЛИМФА БЕЗДЕРИНИН ЧЕЛ КАБЫГЫНДА МИОЦИТТЕРДИН ЖАЙГАШЫШЫ

    М.Т. Жанганаева
    22-24 9
    Аннотация

    Өпкө дарбазасында жайгашкан лимфа бездеринин чел кабыгынын миоциттеринин санынан, конструкциясынан алынган жаны маалыматтар башка изилдөөчүлөрдүн изилдөөсү менен дал келет жана миоциттердин кичирейтүүчү ишиндеги лимфаны ташуудагы активдүү ролу байкалат.Бронхоөпкөлүк лимфа бездери чел кабыктын жана трабекуланын моторикасы аркылуу лимфанын жүрүүсүнө активдүү таасирин көрсөтөт, анын негизинде миоциттердин бар экени белгиленет. Лимфа тамырларынын жылма булчуңдары лимфа бездердин чел кабыгындагы миоциттер менен байланышы аныкталган.

  • КЕЛЕМИШТИН ГИПЕРКЕНЕЗИЯДАН КИЙИНКИ ТААСИРИНИН САН АРТЕРИЯСЫНЫН КАПТАЛДАРДЫН МОРФОМЕТРИЯСЫ

    Э.С. Сагынбекова, З.М. Айдарбекова, О.П. Калугина, К.Ш. Сапакунова
    25-27 16
    Аннотация

    Корутунду. Сан артериянын капталдардын морфометриясы, бул статьяда эксперимент жүргүзүлгөндөн кийин берилген. Бул эксперимент активдүү кыймылдоо менен байланыштуу. Сан артериянын өзгөчө ткандык компоненттердин негизги реакциясы, гиперкинезияга жооп берди. Ал жооп, ички жана ортонку чел кабыгында белгиленген.

  • ГИПЕРТОНИКАЛЫК ДИСЦИРКУЛЯТОРДУК ЭНЦЕФАЛОПАТИЯГА АЗЫРКЫ ЗАМАНДАГЫ БОЛГОН КӨЗ КАРАШ

    Ш.Ж. Садырбекова, Р.Р. Тухватшин
    28-30 10
    Аннотация

    Корутунду. Макалада гипертоникалык дисциркулятордук энцефалопатиянын мисалында патогенетикалык гетерогендик мээнин ишемиялык оорусунун концепциясы ачылган. Бул концепция замандаш инструменталдык изилдөө маалыматтардын негизинде түзүлгөн (ультразвук, реоэнцефалография жана нейровизуализация).

ИЧКИ МЕДИЦИНА

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ИРИҢДҮҮ БАКТЕРИАЛДЫК МЕНИНГИТ ООРУСУНА ЧАЛДЫГУУСУ

    Н.А. Абдыкеримова, М.С. Ниязалиева, Д.А. Адамбеков, В.С. Тойгомбаева, Ф.С. Мустафина
    41-44 9
    Аннотация

    Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки балдардын ириңдүү бактериалдык менингит оорусуна чалдыгуусу боюнча талдоо жүргүзүлгөн. Ошондой эле этиологиялык түзүлүшү да изилденген. Эң негизги бактерияларын бири болуп N. meningitidis, S.pneumoniae жана Staphylococcus уурусу экени аныкталган.

  • СКРИНИНГ ДИАБЕТИЧЕСКОЙ РЕТИНОПАТИИ С ОЦЕНКОЙ ФАКТОРОВ РИСКА У ДЕТЕЙ С САХАРНЫМ ДИАБЕТОМ 1 ТИПА

    Э.Н. Мингазова, Ж.З. Шагалеева, Э.Г. Борханова
    45-46 6
    Аннотация

    Цель данного исследования: определение факторов риска развития диабетической ретинопатии (ДР) у детей с сахарным диабетом (СД) 1 типа в зависимости от способы введения инсулина. Методы исследования: социально-гигиенический, аналитический, статистический. Проведена выкопировка из амбулаторных карт диспансерного наблюдения 223 детей с СД 1 типа. Проанализированы клинические и социально- гигиенические показатели. Результаты исследования. Сравнивались показатели длительности СД, уровня HbA1c и доля пациентов с ДР в группах с использованием постоянной подкожной инфузии (ППИИ) группа 1 -38 детей и с использованием многократных подкожных инъекций (МПИИ) 185 детей: 1 группа HbA1c - 6,5±1,3%,пациенты с ДР не обнаружены. 2 группа : HbA1c 9,2±2,4 % (различия между группами значимы, p<0,05), у 2 детей непролиферативная ДР. Вывод: использование ППИИ и регулярный самоконтроль заболевания позволяют за счет нормализации уровня гликемии избежать развития диабетической патологии органов зрения у детей с СД 1 типа.

ГИГИЕНА МАСЕЛЕЛЕРИ

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БООРДУН ЭХИНОКОККОЗ ДАРТЫНЫН МИТЕ-КУРТТАРЫН ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУДА КЛИНИКАЛЫК-ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК НЕГИЗИНДЕГИ ЫКМА

    Б.С. Абдисаматов, М.Ж. Алиев, К.И. Ниязбеков, Э. Максут у., А. Макамбай к.
    50-53 9
    Аннотация

    «Декаметоксин» 0,02% аралашмасынын боорго зыян эместигин аныктоо учун 18 жаныбарга эксперименталдык изилдөө жургузулгон. Боордун эхинококкоз дарты менен 143 бейтапка эхинококк мите курттарын зыянсыздандыруу үчун «Декаметоксин» 0,02% аралашмасы колдонулганы көрсөтүлгөн. Андан сырткары, дарттын кайталануусун алдын алуу үчүн 40 бейтапка фиброздук чел кабыкка «Декаметоксин» 0,02% аралашмасы куюлду.

  • ХИРУРГИЯЛЫК ТАЖРЫЙБАДА КЕЗДЕШКЕН ФУРНЬЕ ДАРТЫ

    М.Ж. Алиев, Ж.Ж. Эсенбаев, Н.А. Вагнер, М.Б. Шерматов, М.Ж. Мамыров
    54-57 11
    Аннотация

    Фурнье дартын хирургиялык жол менен дарылоодогу жыйынтыктары жана аны менен сыркоологон 6 бейтаптын 53-61 жаштагы курактары көрсөтулдү. Фурнье дартынын чектелген түрү менен 4 бейтапта, алэми кеңири таркаган түрү менен 2 бейтапта кездешти. Дарттын пайда болуусуна көбүнчө кичинекей травмадан кийинки жаракаттары жана теринин жабыркалануусу орун алды. Дартты чакыруучу стрептококктор жана клостриадалдык эмес микробдор болуп саналат. 6 бейтаптын ичинен бир бейтап набыт болду. Фурнье дарты өзүнө кечеңдебеген активдуу некрэктомияны, организмге эң керектүү аралашмаларды куюу жана жараны озон аралашмасынын 8-10 мкг/мл эритмеси менен жана декаметоксин 0,02% антисептикалык аралашмасы менен жаратты таза болгуча жууп-тазалоону талап кылат. Бейтаптардын акыбалы жана дарылоонун жыйынтыктары боюнча анализдери аныкталган.

  • ӨНӨКӨТ ГИПЕРТРОФИЯЛЫК РИНИТИ ОПЕРАЦИЯЛЫК КИЙИНКИ ДАРЫЛОО МЕЗГИЛДЕ ХИТОЗАН ГЕЛИН КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ

    Т.М. Закиров
    58-60 11
    Аннотация

    Бул макалада автордун Кыргызстанда биринчи жолу эндоскопиялык аз инвазивдүү риносинусохирургияда өнөкөт гипертрофиялык ринитте операциядан кийинки мезгилде хитозан гелин колдонуу ыкмасы менен контролдук группанын ортосундагы жыйынтыктары салыштырылган жана эффективдүүлүгүн биринчи жолу сынактан өткөрүп клиникалык баа берилген.

  • ЭНДОСКОПИЯЛЫК АЗ ИНВАЗИВДҮҮ РАДИОЖЫШТЫГЫН ӨНӨКӨТ ТОНЗИЛЛИТЕ КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ

    Т.М. Закиров
    61-62 10
    Аннотация

    Бул макалада автордун Кыргызстанда өнөкөт тонзиллитти дарылоодо эндоскопиялык аз инвазивдүү радиожыштыгын колдонуу менен контролдук группанын ортосундагы жыйынтыктары салыштырлган, жана эффективдүлүгүн биринчи сынактан өткөрүп клиникалык баа берилген.

  • ЧУРАЙ ЧУРКУНУ ДАРЫЛООНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ

    А.И. Мусаев, М.К. Жаманкулова, Н.С. Самарбеков
    63-65 11
    Аннотация

    Бул изилдөөнүн натыйжасы-чурай чурку оорусун дарылоо жыйынтыгын, Лихтенштейн ыкмасынын жаныртылган түрүн колдонуу менен жакшыртуу. Чурай чурку оорусу менен 48 бейтап операция жолу менен дарыланган, алардын он экисине классикалык Лихтенштейн ыкмасы колдонулса, калгандарына Лихтенштейн ыкмасынын жаныртылган түрү колдонулду. Бейтаптардын көпчүлүгүн эркектер саны түздү, алар-45, аял заты-3. Жумушка жарактуусу-33. Бардык бейтаптар пландуу түрдө операция болду. Датр 2 айдан 11 жылга чейин созулду. Чурай менен көпкө ооругандардын жалпы саны 11. Алардын ичинен чуркусу кирбей калганы 1, кызылып калганы 10. Биз, улгайган кишилерди эртерээк кыймылдоосуна көп көнүл бөлдүк. Операциадан кийин 1 бейтап жараттын инфильтрат кабылдоосу байкалды, башка кабылдоолор болгон жок. 6 айдан 18 айга чейинки убакытта оорунун кайталанышы байкалкан жок.

  • ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ИРИҢ ИЛДЕТ ХИРУРГИЯЛЫК ООРУЛАРЫ

    Т.О. Омурбеков, А.С. Султаналиева, А.Ж. Кадыркулов
    66-68 13
    Аннотация

    2013-2016ж. ШМТЖБКОнын ымыркайлар бөлүмүндө 579 ымыркайлар ар кандай ириң илдет менен дарыланган алардын ичинен 21(4%) – сепсис менен, 38(7%) сөөк күлгүнасынын эпифизиардык түрү, 16(3%)- ымыркайлардагы чирүү чакырган флегмонасы, 57 (9%) - сыздоок түрүндөгү оорусу, 28(5%) – тери катмарынын ириндеши, 26(4,4%) абсцестер, 137(24%) ымыркайлардын суу толмо тери оорусу, 46(8%) – кулак ириң оорусу, 111(19%) - балдардын ректал айланасындагы ириң оорусу. 25(4%) – эмчектин ириң түрүндө сезгениши,74(13%) – ымыркайлардын киндигинин ириң оорусу.

  • КОЛДУН ЖУМШАК ТКАНДАРЫНЫН АНАЭРОБДУК НЕКЛОСТРИДИАЛДЫК ИНФЕКЦИЯСЫ (КЛИНИКАЛЫК БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ)

    К.С. Сыдыгалиев, А.К. Мамбетов, Т.У. Шералиев, М.Б. Бусурманкулов
    69-73 29
    Аннотация

    Бул макалада колдун жумшак ткандарынын анаэробдук неклостридиалдык инфекциясы (өтө тез жүргөн форма), сепсис, септикалык (бактериялык) шок, бут органдардын жетишсиздиги менен түшкөн оорууларды ийгиликтүү дарылоо боюнча клиникалык байкоо жана дарылоо тажрыйбасы көрсөтүлгөн. Негизги дарылоо методу бул патологиялык сезгенген жумшак ткандарды эрте хирургиялык тазалоо. Бактериялык изилдөөдө Staphylococcus aureus микробу табылды жана антибиотиктерге сезгичтиги текшерилди.

  • БЕЙТАПТАРДЫН ЛАПАРОТОМДУК ЖАНА ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ХОЛЕЦИСТЭКТОМИЯДАН КИЙИН ЭРТЕ КАЙРА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ УБАГЫНДА ЖАШОО САПАТЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    Ю.К. Уметалиев, К.С. Сыдыгалиев, Г.Ш. Закирова, А.Н. Набиев
    74-76 7
    Аннотация

    Бейтаптардын лапаротомдук жана лапароскопиялык холецистэктомияны салыштырганда, жашоо сапатына тийгизген таасири изилденди. 50 оорулуу изилденди, стационардык дарылоодо калган, Улуттук Хирургия Борборунда 2016-ж 1 январдан 1 мартка чейин изилденди. Оорулуулар жашы, жынысы, курагы, оорусунун оордугу боюнча бөлүштүрүлдү. Материалдык изилдөөдө өзгөчө сурамжылоо болду, эрте хирургиялык операциядан кийинки оорулууларга ылайыкташтырылган. Иштелип чыккан лапаротомдук холецистэктомияга караганда лапароскопиялык холецистэктомия, оорулуулардын физикалык, эмоционалдык жана психикалык жашоо сапатын жакшыртууга алып келиниши көрсөтүлдү.

ТРАВМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАГЫНДАГЫ ЖАРАКАТТУУЛУК ЖАНА АКЫРЕК СЫНЫКТАРЫНЫН АНАЛИЗИ

    С.А. Джумабеков, А.Ж. Тайланов, Б.Ж. Жунусов
    77-80 8
    Аннотация

    Бул статьяда Жалал-Абад аймагындагы калктын жаракаттулугу жана ошонун ичинде акырек сыныктарынын акыркы беш жыл ичиндеги анализи камтылган. Акырек сыныктары менен жабыркаган ооруулардын операция жолу менен даарыланган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары берилген.

  • СРАВНИТЕЛЬНЫЙ АНАЛИЗ РЕЗУЛЬТАТОВ ДИАГНОСТИКИ ЗАСТАРЕЛЫХ ПОВРЕЖДЕНИЙ ПЕРЕДНИХ КРЕСТООБРАЗНЫХ СВЯЗОК

    А.А. Раззоков, Х.К. Хисомов
    81-84 12
    Аннотация

    Проведен сравнительный анализ различных методов диагностики застарелых повреждений передних крестообразных связок у 46 больных. Установлено, что застарелые повреждения передней крестообразной связки коленного сустава в 35 (76,1%) случаев сочетаются с повреждениями менисков. Повреждение последних клиническими данными правильно были установлены только в 32,6% наблюдений, а с помощью МРТ – в 82,1%. Эффективность диагностики ЗППКС клиническими тестами составила 71,7%, с помощью функциональной рентгенограммы – 76,5%, с применением МРТ – 88,6%. Применение диагностической артроскопии в сочетании с вышеописанными методами исследования способствовало повысить эффективность диагностики до 100,0%.

  • МАЛОИНВАЗИВНЫЕ МЕТОДЫ КСЕНОЛАВСАНОПЛАСТИКИ ЗАСТАРЕЛЫХ ПОВРЕЖДЕНИЙ ПЕРЕДНИХ КРЕСТООБРАЗНЫХ СВЯЗОК

    Х.К. Хисомов, А.А. Раззоков
    85-88 6
    Аннотация

    Проанализированы данные о 46 больных с застарелыми повреждениями передних крестообразных связок, пролеченных с помощью разпаботанных авторами малоинвазивных ксенолавсанопластики с и без применения видеоартроскопической техники. Применении предложенных подходов, ключевым звеном которой является применение малоинвазивной технологии лавсаноксенопластики и использование современной технологии приготовления ксенотрансплантатов на 0,05% растворе формальдегида с добавлением 0,01% флавоноидов и антибиотиков, позволило в ближайшем периоде снизить частоту послеоперационных гемартрозов до 19,6%, частоту синовитов 10,1%, а в отдаленном периоде снизить удельный вес неудовлетворительных результатов до 6,5%. Выполнение операции по малоинвазивной технологии позволяло сократить сроки реабилитации больных в послеоперационном периоде в среднем на два месяца.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

КАРДИОЛОГИЯ ЖАНА КАРДИОХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЖҮРӨК ТУБАСА ЖАЛГОО ДАБАСЫНА ДИАГНОЗ КОЮУДА ФЕТАЛДЫК ЭХОКАРДИОГРАФИЯ

    Б.К. Абдраманова, Т. Тюркоглу, М.И. Асаналиев
    107-109 10
    Аннотация

    Эмгекте феталдык эхокардиографиянын тубаса жүрөк жалгоолоруна диагноз коюудагы жыйынтыктары берилген. 148 боюнда бар аялды изилдөөдө 7 төрөлө элек ымыркайда оор тубаса жалгоосу табылган. Феталдык эхокардиографиялык изилдөө критикалык жүрөк жалгоолоруна операция жасоого чейин оптималдык жана рационалдык оперативдик тактиканы кабыл алууга көмөк көрсөтөт.

  • ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНУУ ШАРТЫНДА АОРТОКОРОНАРДЫК ТАМЫРЛОО ОПЕРАЦИЯЛАРЫНЫН НАТЫЙЖАСЫН ИЛИКТӨӨ

    М.И. Асаналиев, Т. Тюркоглу, Т.А. Батыралиев
    110-112 7
    Аннотация

    Иликтөөгө жүрөктүн коронардык оорусу менен жабыркаган 120 бейтаптын жасалма канн айлануу шартында аортокоронардык тамырлоо операцияларынын натыйжасы берилген. Операция учурунда биз өзүбүз иштеп чыккан ыкма менен жүрөк булчундарына башкаруу жолу менен кайрадан канн жүгүртүү жолу менен жасалган 56 бейтаптын көрсөткүчтөрү негизги тайпаны түздү. Ал эми контролдук тайпаны операция учурунда адаттагыдай ыкма менен жүрөктүн булчундарынын канн айлануусун калыптандрууда жүрөк булчундарын традициялык жол менен корголгон 64 бейтаптын көрсөткүчтөрү түздү. Жүрөктүн булчундарынын канн айлануусун калыптандруу индекси негизги тайпада 3,0+1,0, контролдук тайпада 2,7+0,8 түздү. Негизги тайпада операция учурунда жана ооруканада жаткан учурда өлүм болгон жок.

ОНКОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • МИКРОЯДРОЛУК ТЕСТТИН ОНКОЛОГИЯДА СКРИНИНГ КАТАРЫ КОЛДОНУЛУШУ

    С.Т. Талайбекова
    113-115 19
    Аннотация

    Макала онкологиялык бейтаптардын хромосомдорунун өзгөрүүлөрүн микроядролук тесттин жардамы менен изилдөөгө арналган. Онкологиялык оорулардын өсүп жатышы бул ооруларды ар тараптан талап кылат. Статьяда жаак эпителийдин клеткаларын изилдөө ыкмалары баяндалат жана изилденген негизги жана көзөмөлдөгү топторго кирген бейтаптардын мироядролорунун салыштырмалуу мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.

МИКРОБИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • СТАФИЛОКОККОНОСИТЕЛЬСТВО СРЕДИ СТУДЕНТОВ-МЕДИКОВ

    А.М. Бармакова, Д.А. Адамбеков, Б.А. Рамазанова, Д.Б. Буркитбаева
    116-117 10
    Аннотация

    Были обследованы студенты - медики различных курсов на носительство стафилококка. Среди 463 обследованных стафилококконосительство составило 65,2 %. Распространенность носительства стафилококков среди студентов-медиков зависела от курса обучения. Носительство на старших курсах было примерно в 2 раза выше, чем на младших.

  • АНКЕТИРОВАНИЕ СТУДЕНТОВ-МЕДИКОВ ДЛЯ ВЫЯВЛЕНИЯ СТАФИЛОКОККОНОСИТЕЛЕЙ

    А.М. Бармакова, Д.А. Адамбеков, Б.А. Рамазанова, Д.Б. Буркитбаева
    118-119 13
    Аннотация

    Изучение анкетных данных 600 студентов-медиков КазНМУ им. С.Д. Асфендиярова с 1-го по 6-е курсы. При обработке анкетных данных выявлено, что среди студентов имеют место следующие нозологические формы: ангина (27%), гайморит (13,3%), тонзиллит (12%), хронический ринит (10,0%). В дальнейшем изучалась микрофлора носоглотки. Микробиологическое обследование данной группы студентов выявило, что из 463 студентов разных курсов у 300 студентов выявлено стафилококковое носительство.

  • ЭТИОЛОГИЧЕСКАЯ СТРУКТУРА ИНФЕКЦИЙ, ВЫЗВАННЫХ ГРАМОТРИЦАТЕЛЬНЫМИ МИКРООРГАНИЗМАМИ В ХИРУРГИЧЕСКИХ СТАЦИОНАРАХ Г. АЛМАТЫ И ПРОФИЛЬ ИХ АНТИБИОТИКОРЕЗИСТЕНТНОСТИ

    А. Л. Бисекенова, Д. А. Адамбеков, Б. А. Рамазанова, Г. С. Чакемова
    120-124 10
    Аннотация

    В данной статье представлена этиологическая структура инфекций в хирургических стационарах г. Алматы (Казахстан), всего было исследовано 130 клинических изолятов бактерий. Доля изолятов семейства Enterobacteriaceae среди всех возбудителей хирургических инфекций составила 38,46% (при n=130), изолятов неферментирующих грамотрицательных бактерий (НФГОБ) - 13,85%. Наиболее частыми видами среди грамотрицательных микроорганизмов (n=71) были Escherichia coli – 49,3%; Pseudomonas aeruginosa – 7,0%; Acinetobacter baumannii – 7,0%; Klebsiella pneumonia – 5,6%. Изучена антибиотикочувствительность выделенных штаммов грамотрицательных микроорганизмов и фенотипическое выявление продукции бета-лактамаз расширенного спектра действия (БЛРС). Резистентность к цефалоспоринам III – IV поколений проявили 49,3% штаммов, к карбапенемам - 11,27%. У 18 резистентных изолятов энтеробактерий выявлена продукция БЛРС.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА HAEMOPHILUS INFLUENZAE B СЕРОТИПТИН ТАРКАЛЫШЫНЫН СУРООСУНА

    А.М. Джумаев, Д.А. Адамбеков, И.Ш. Альджамбаева , М.С. Ниязалиева
    125-127 9
    Аннотация

    Haemophilus influenza оруунун мамлекетте таркалышынын абалы. Бишкек шаардын мисалында анализ жүргүзүлгөн. Бишкек шаарынын ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториясында 2013-2014 жылдагы бактериологиялык жана ПЦРжолу менен изилдөөнүн маалыматтары колдолунган.Ошунун негизинде Нiв-инфекциясы көбүнчө ириңдүү бактериалдык менингит оорусун жана пневмония, бронхит жана мурун ооз көңдөй оорууларын чакыршынын себеби аныкталган.

  • ДИНАМИКА АНТИГЕНСПЕЦИФИЧЕСКИХ ПОКАЗАТЕЛЕЙ ИММУННОГО ОТВЕТА У ЛЮДЕЙ, ВАКЦИНИРОВАННЫХ ЖИВОЙ ЧУМНОЙ ВАКЦИНОЙ

    Т. С. Пономарева
    128-132 9
    Аннотация

    Ранее нами была показана связь между начальной стадией иммунного ответа в эксперименте на животных (кроликах), иммунизированных живой чумной вакциной, который оценивали по выявлению лимфоцитов с рецепторами к антигенам Y. pestis, и антительным ответом на эти же антигены (эффекторная стадия иммунного ответа). На данном этапе была дана оценка начальной стадии иммунного ответа - появление лимфоцитов с рецепторами (Лфр) у повторно вакцинированный людей вакциной Живой чумной сухой (ЖЧС) и исчезновение их раньше, чем у людей впервые вакцинированных вакциной.

СОТТУК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

ОФТАЛЬМОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АЛЫСТЫ ЖАКШЫ КӨРӨ АЛБАГАН ООРУУЛУЛАРДЫН ОМБ ЖАБЫРКООСУ МЕНЕН КОШТОЛГОНДОГУ АБАЛЫН КОМПЛЕКСТИК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ

    Д.О. Кенджаева, В.А. Усенко
    136-139 17
    Аннотация

    Корутунду. Максат: Алысты көрө албоодо жана ОМБ жабыркоосу менен коштолгондогу абалды комплекстик дарылоонун натыйжалуулугун баалоо. Колдонуулар жана ыкмалар: изилдөөгө 96 ооруулуу алысты көрө албаган ар түрдүү деңгээдеги ооруулуу (192 көз). Аларды ичинен аз деңгээлдеги – 36 ( 72 көз), орто деңгээлдеги – 29 (58 көз), жогорку деңгээлдеги 31 (62 көз). ОМБ жабыркоосунун деңгээли: I деңг – “кылдар сыяктуу” белгиси менен – 20 ооруу, II деңг- спондилолистез – 10 ооруу, III деңг омуртканын кыйшаюуусу – 33 ооруу, IV – остеохондроз – 13 ооруу. Бардык ооруулар демейдеги дарылоодон сырткары атайын багытталып ОМБ жабыркоосуна карата: 1% папаверин менен электрофорез, моюн ганглийлерине лазердик таасир берүү менен дарыланышкан. Бардык оорууларга стандарттык көз текшерүүлөрү өткөрүлгөн: омуртка жана көз артерияларын дарыланганга чейин жана дарылангандан кийин ультра үндүү допплер менен текшерүү.жалпы каршылыкты анализдөө ошондой эле каректин рефлекси каректеги циклдин пайда болуу убактысын Томпсон жана Миллер боюнча карек рефлексинин ылдамдыгын аныктоо. Жогоруда өткөрүлгөн текшерүүнүн натыйжасында систолада КА жана ОА кан айлануунун ылдамдыгын анык жогорулатууда аз, орто, жана бийик деңгээлдеги алысты жакшы көрө албаган II, III, IV деңгээлдеги ОМБ жабыркоосу менен коштолгон ооруулулардын дарылоодон кийин жалпы каршылык, көбүнэсе жогорку деңгээлдеги миопия жана ОМБ жабыркоосунун IV деңг. анык түрдө азайган. Изилдөөлөрдун негизи КР анык түрдө азайганы белгилүүнүүдө, анткени каректин реакциясынын ылдамдуулугу менен коштолууда.
    Жыйынтык: Алысты жакшы көрө албаган ооруулулардын ОМБ жабыркоосу менен коштолгондогу абалын комплекстик дарылоодо өзүнүн эффективдүүлүгүн төмөнкүчө көрсөтө алды, кан айлануунун ылдамдагы жогорулады, жалпы каршылыктын индекси азайды жана каректин рефлекстеринин көрсөткүчтөрү жакшырганы аныкталды.

МЕДИЦИНАДА ТАРЫХ ЖАНА ФИЛОСОФИЯНЫН СУРООЛОРУ

  • “МАНАС”ЭПОСУНДАГЫ ЭЛДИК САЛТТУУ ХИРУРГИЯ ЖАНА АНЫН АЙРЫМ МЕТОДДОРУ

    Н. Тентигул кызы
    140-142 197
    Аннотация

    Негизги максаты болуп XIX кылымдын аягындагы XX кылымдын башындагы Кыргыздардын салттуу дарыгерчилигин изилдөө эсептелет. Кыргыздардын илгерки турмушунда элдик хирургия болгонун “Манас” эпосунда жакшы чагылдырылган. Сынган сөөктүү сакайтуу, жөнөкөй операцияларды жасай билүү жана шак-шак, аштар, тинтүүр, шимшүүр сыяктуу жөнөкөй хирургиялык аспаптардын биздин күндөргө чейин келип жетиши мунун далили.

  • МЕДИЦИНА ЖАНА АДЕПТИК БААЛУУЛУКТАР

    Ч.С. Усупова
    143-144 13
    Аннотация

    Медицинадагы заманбап жогорку технологияларга карабастан, дарыгердин жүрүм турумундагы анын адептүүлүк баалуулуктары эн негизги жана маанилүү болуп калууда.