Том 2 № 2 (2016): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2016-02-14

Бардык чыгарылыштар

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖУГУШТУУ КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫ БОЮНЧА ТИЛМЕ СЫЯКТУУ БОЮНЧА КЛИНИКАЛЫК ЭПИДЕМИОЛОГИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    А.Ш. Джумагулова , Н.В. Фесенко , А.А. Джангазиева , М. Шолпанбай у
    12-15 44
    Аннотация

    Корутунду. Чоң кишилердин ар кандай жаш курактагыларынын ичинен 80 оору баяны анализденди. Клиникасынын закон ченемдүү кызуу мезгили жана клиникалык белгилеринин узактыгы – оорунун патоморфологиялык түрү жана жабыркоонун көлөмү боюнча окулду. Тилме сыяктуу оорунун ар кандай клиникалык түрлөрүндө эндогендүү интоксикациянын деңгээли аныкталды. Оорунун түрүнө жараша антибактериалдык дарылоонун натыйжалуулугу боюнча салыштырмалуу анализ көрсөтүлдү.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ БАКТЕРИЯГА КАРШЫ ДАРЫ КАРАЖАТТАРЫНЫН ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК РЫНОГУНУН АБАЛЫ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮҮ БОЛЖОЛУ

    Т.А. Кельдибекова , А.З. Зурдинов , Т.С. Сабирова
    16-19 21
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада Кыргыз Республикасындагы бактерияга каршы дары каражаттарынын фармацевтикалык рыногунун жана анын 2015-2020-жылдарына карата өнүгүү тенденцияларынын маркетиг изилдөөсүнүн жыйынтыктары көрсөтүлгөн.

  • АКТУАЛЬНЫЕ ПРОБЛЕМЫ СОЦИАЛЬНОЙ АДАПТАЦИИ И РЕАБИЛИТАЦИИ ИНВАЛИДОВ

    А.О. Тиллабаева
    20-22 23
    Аннотация

    В данной статье проведен обзор литературы по проблемам социальной адаптации и реабилитации инвалидов в современном обществе. Были подробно изучены более 25 литературных источников, опубликованных за последние несколько лет, анализ которых позволил собрать данные по основным направлениям комплексной реабилитации инвалидов, их социально-психологическим особенностям, отношении здорового общества к проблемам инвалидов, адаптации их к образовательным, профессиональнотрудовым, культурным, правовым, социально-бытовым сторонам современного общества.

  • ОЦЕНКА ЭФФЕКТИВНОСТИ ОБУЧАЮЩЕЙ ПРОГРАММЫ В УСЛОВИЯХ ПОЛИКЛИНИКИ НА ПРИВЕРЖЕННОСТЬ К ЛЕЧЕНИЮ БОЛЬНЫХ АРТЕРИАЛЬНОЙ ГИПЕРТОНИЕЙ

    Д.З. Ярмухамедова , О.Ф. Юсупов
    23-25 15
    Аннотация

    Оценка эффективности проведения образовательной программы «школа-гипертоника» на приверженность к лечению больных мягкой и умеренной артериальной гипертонией в условиях поликлиники. Всем больным наряду с выявлением факторов риска, проводили физикальное исследование, измеряли офисное АД, оценивали показатели приверженности к лечению больных мягкой и умеренной артериальной гипертонией по теcту Мориска-Грина, организовано образовательная программа «школа-гипертоника» в условиях поликлиники. Внедрение системы обучения пациентов с артериальной гипертонией повышает эффективность лечения за счет увеличения числа пациентов, привлеченных к ответственному контролю заболевания, повышает уровень информированности и навыков самоконтроля заболевания, улучшает комплайнность и качество жизни. Анализ результатов работы “Школы гипертоника” для больных ГБ продемонстрировал ее высокую эффективность в плане повышения уровня знаний больных, что сопровождалось увеличением доли больных, получающих регулярную антигипертензивную терапию и производящих самоконтроль АД.
     

НЕГИЗГИ САБАКТАР МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АДАМДАРДЫН КЕКИРТЕК ЖАНА БРОНХ ЛИМФА-БЕЗДЕРИНИН КАПСУЛАСЫНДАГЫ КАТМАРЛАРЫНДАГЫ ТКАН-ТАЛЧАЛАРЫНЫН ЖАНА БУЛЧУҢ-ТАЛЧАЛАРЫНЫН КААТНАШТЫГЫ

    Ю.Б. Гайворонская
    26-28 12
    Аннотация

    Лимфа бездери жана лимфа-тамырлары биологиялык эльгек экени баарыбызга белгилүү. Кекиртек жана бронхтордун лимфа-бездеринин тышкы капсуласынын түзүлүшү 24 адамдын органо-комплекстеринде изилденген. Лимфа-бездеринин капсуласындагы катмарларда коллагендик жана солкулдак-талчаларынын каатнашы ар бир катмарларында ар башка экени белгилүү болду. Мындай түзүлүш лимфа-бездеринин дренаждык функциясын көздөйт.

  • КАЗЕОЗ ПНЕВМОНИЯСЫНЫН МОРФОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    Ю.В. Козьмина, Б.Р Джаналиев, С.Д. Джолдубаев , М.Г. Козьмин
    29-32 51
    Аннотация

    Корутунду. 1984 жылдан 2008 жылга чейинки аутопсиялык материалды изилдөөнүн негизинде төмөнкүлөр тастыкталды: өпкөнүн кургак учугунан өлгөндөрдүн ичинде казеоз пневмониясынын салыштырмалуу салмагы өскөндүгү белгиленүүдө; бул дарт эркектердин ишке жарамдуу жашында көбүрөөк кездешүүдө; өпкөнүн эки тараптуу дарт чалуусу жана процесске бир бөлүктөн артык тартуусу менен мүнөздөлөт; морфологиялык жактан экссудативдик-некротивдик ткандык реакциясы менен продуктивдүү васкулит жана тромбоваскулит басымдуулук кылат.

  • КОЛЛЕДЖДИН ТҮРДҮҮ АДИСТИКТЕРИНДЕ ОКУГАН СТУДЕНТ КЫЗДАРЫНЫН ВЕГЕТАТИВДИК РЕАКТИВДҮҮЛҮГҮН БААЛОО

    И.Е. Кононец , А.А. Калыкеева
    33-35 17
    Аннотация

    Корутунду. Колледждин гуманитардык жана техникалык адистиктеринде окуган 15-16 жаштагы 78 студент - кыздары изилденген. Белгиленген студенткалардын вегетативдик реактивдүүлүгү ортостатикалык пробанын жардамы менен кардиоинтервалография (КИГ) методу изилденди. Вегетативдик реактивдүүлүгүн изилдөөнүн натыйжасында, колледжде жыл бою окуусунун негизинде гуманитардык адистиктерде окуган кыздардын адаптивдик механизмдерине абдан чоң жүктөм болоору аныкталды.

ИЧКИ МЕДИЦИНА МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ӨНӨКӨТ ОН ЭКИ ЭЛИЛИК ӨТПӨСТҮК, АНЫКТОО ЖАНА ДАРЫЛОО

    Д.С. Абдуллаев , А.Т. Тойгонбаев , А.А. Алтынбекова , Ч.Н. Токтосопиев
    36-39 24
    Аннотация

    Корутунду. 12 эли ичегинин өнөкөт тоскоолдугу менен 300 бейтаптын хирургиялык дарылоосунун жыйынтыгы анализденди. Контролдук топто 215 жана негизги топто 85 бейтап болгон. 12 эли ичегинин өнөкөт тоскоолдугунун өтүшпөгөн абалында РСТ операциясы жасалды, өтүшө элек жана өтүшкөн абалында ПАДЕС операциясы жасалды. ПАДЕС жасалууда “порочный круг” синдромун алдына алуу үчүн 12 эли ичегинин аяк тарабын карын майдын парчасы менен бүтөдүк. Операциядан кийинки талдоодо жолуккан өтүшүүлөр: панкреатит контролдук топто 11 (5.1%) бейтапта, негизги топто 2 (2.3%) бейтапта болсо; анастомозит контролдук топто 10 (4.7%) бейтапта, негизги топто 2 (2.3%) бейтапта болгон. Гастростаз конторлдук топто 6 (2.8%) бейтапта, негизги топто 1 (1.2%) бейтапта жолуккан. Операциядан кийинки өтүшүүлүлөрдүн азайганынын себеби, ПАДЕСти биздин ыкма боюнча колдонуу болду деп эсептедик.

  • УЙКУ АРТЕРИЯЛАРЫНЫН СУБКЛИНИКАЛЫК АТЕРОСКЛЕРОЗУ ИНСУЛИНТУРУКТУУЛУК МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ

    А.С. Керимкулова , Р.К. Арапова, О.С. Лунегова , Э.Э. Бекташева, Э.М. Миррахимов
    40-44 17
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөө максаты: кыргыз этникалык топтогу уйку артерияларынын экстракраниалдык бөлүмүнүн интима-медиа комплексинин калындыгынын инсулинтуруктуулук менен байланышын изилдөө.
    Материалдар жана ыкмалар: изилдөөгө этникалык кыргыздар, Кыргыз Республикасынын туруктуу жашоочулары, киргизилген. Пациенттерге жалпы клиникалык текшерүү: даттануу жыйнамы, анамнез чогултуу жана объективдүү кароо өткөрүлгөн; антропометрикалык параметрлер (бою, салмагы, бел курчоосу (БК), сан курчоосу (СК)); кан басымы өлчөнгөн; дене салмагынын индекси эсептелген. Лаборатордук анализдерге липиддик спектр, кандагы кант (ачкарын), кандагы инсулин көрсөткүчтөрү аныкталган. Инсулинтуруктуулук абалына индекс НОМА≥2,77 көрсөткүчү алынган. Уйку артерияларынын интима-медиа комплексинин калындыгыны линейлүү кан тамыр датчиги 7,5 МГц (Phillips-SD 800) жардамы менен текшерилген.
    Натыйжасы: изилдөөгө 144 этникалык кыргыздар алынган (69 эркек, 75 аял) 35-73 жашка чейин (орто курагы 51,03±8,2). Бардык пациенттер индекс НОМА квартилине жараша төрт топко бөлүнгөн: <1,26; 1,26-1,97; 1,98-3,26; ≥3,27. Индекс НОМА квартили көбөйүүсү менен интима-медиа комплексинин жоондугу да көбөйгөн (р<0,05). Интима-медиа комплексинин калындыгы гликемия, триглицерид, БК, СК, БК/СК, жана индекс НОМА көрсөткүчтөрү менен корреляциасы аныкталган (р<0,05).
    Жыйынтыгы: изилденген этникалык кыргыздар тобунда уйку артерияларынын экстракраниал бөлүмүнүн интима-медиа комплексинин
    калындыгы инсулинтуруктуулук менен байланышта.

  • ЧОҢ КИШИЛЕРДИН БАКТЕРИЯЛЫК ЖУГУШТУУ ИЧЕГИ ООРУЛАРЫН КОЗГОГУЧТАРДЫН АНТИБИОТИККЕ СЕЗГИЧТИГИ

    А.К. Саркина , А.Ш. Джумагулова , А.А. Джангазиева , М. Абдыбачаева , А.Т. Таалайбекова
    45-49 15
    Аннотация

    Корутунду. Статьяда чоӊ кишилердин жугуштуу курч ичеги ооруларынын (ЖКИО) себептери РКЖОнун (республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынын) материалдары менен көрсөтүлдү. 102 оору баяндын ичинен ич өткөктүн негизги себеби боюнча доминанттуулугун шигелла жана сальмонеллалар түздү. ЖКИОнан бөлүнгөн 124 бактериялардын дарылоо практикасында колдонулуучу антибиотиктерге сезгичтиги көрсөтүлдү. Бактериялык ЖКИОдын көпчүлүк козгогучтарынын аминопенициллинге, налидикса кычкылына, хлорамфениколго, ко-тримоксазолго туруктуулугу аныкталды.

АКУШЕРДИК ЖАНА ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЫМЫРКАЙЛАРДЫН КАН ИНФЕКЦИЯСЫН МИКРОБИОЛОГИЯЛЫК ТАСТЫКТОО

    Д.О. Ашыралиева , А.М. Умуралиева , Т.А. Абдыкеримова , Ж.Ш. Ашыралиева
    50-51 13
    Аннотация

    Корутунду. Кандын инфекциясын көп учурда грамм өӊ боёлуучу жана кандын плазмасын коюлтуучу стафилококктор козгойт.

  • ТУБАСА ЖЕТИЛҮҮНҮН КЕМТИКТЕРИ: АЛАРДЫН ПАЙДА БОЛУУСУНУН ЖАГДАЙЛАРЫ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ЖОЛДОРУ

    Н.Дж. Бабаджанов , М.Т. Бейшеева , Р.А. Закирова
    52-54 13
    Аннотация

    Корутунду. Статьяда тубаса жетилүүнүн кемтиктери, нерв түтүктүкчөсүнүн дефекти деген менен 6 айдан 3 жашка чейинки баланын энелерин сурамжылоо аркылуу өткөрүлгөн проспективдүү анализинин жыйынтактары берилген. Бул иште тубаса кемтиктердин пайда болуусунун жагдайлары менен бирге, мамлекеттик деңгээлдеги тубаса дарттардын алдын алуу боюнча проект сунушталат.

  • БАЛДАРДАГЫ МЕНИНГОКОКК ЧАКЫРГАН ДАРТЫНЫН КЛИНИКАЛЫК ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ

    Н. Бактыбек кызы , М.К. Мамбетова , А. Береговой , А. Юрчук
    55-57 14
    Аннотация

    Корутунду. Республикалык жугуштуу оруулар бейтапканасында 2015 жылы менингокок чакырган дарты (менингит, менингит + менингококкцемия, менингококкцемия) менен орууган 2 айдан 14 жашка чейинки 114 балдардын бейтап баяны изилденген. Бардык бейтаптарга клиникалык, эпидемиологиялык, бактериологиялык, рентгенологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Менингококк чакырган дартынын клиникалык, эпидемиологиялык өзгөчүлүктөрү аныкталган: чоӊ балдар ооруга көбүрөөк чалдыгаары жана оруунун оор түрлөрү жана өтүшүп кетүүсү аныкталган.

  • ЖАШ БАЛДАРДЫН БЕЙТАПКАНАДА ЖАТКАН ЖУГУШТУУ ӨПКӨНҮН СЕЗГЕНИШИНИН КЛИНИКАЛЫК ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    М.М. Баялиева , М.З. Хатамов, Н. Зулпукарова , А.И. Мамбетова , Р.М. Кадырова
    58-61 28
    Аннотация

    Бейтапканадагы жандандыруу бөлүмүндө жаткан жугуштуу өпкөнүн сезгениши менен ооруган 33 ымыркай балдардын бейтап баяны изилденген жана дем алуу органдарындагы вирус козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары менен ооруган 42 балага амизон даарысы өпкөнүн сезгенишин алдын алуу үчүн колдонулган. Бейтапканадагы жугуштуу өпкөнүн сезгениши менен ооруган балдардын өнүгүү коркунучунун диагностикалык көрсөткүчтөрү эсепке алынды.

  • ҮЧ ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН КУРЧ МЕЗГИЛДЕГИ ОБСТРУКТИВДҮҮ БРОНХИТТИН КЛИНИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    С.Дж. Боконбаева , Н.М Апсаматова
    62-65 17
    Аннотация

    Кыргыз Респубкликада үч жашка чейинки балдардын курч мезгилдеги обструктивдүү бронхити көп кездешет жана аябай өсүүдө. Бул макалада 98 үч жашка чейинки балдардын курч мезгилдеги обструктивдүү бронхитинин клиникасынын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн. Негизги симптомокомплекстерин аныктоосу жана серогиялык изилдөөсү менен диагноздун туура коюлушу көрсөтүлөн.

  • НЕОНАТАЛДЫК ПНЕВМОНИЯНЫН ӨНҮГҮШҮНДӨГҮ КООПТУУ ФАКТОРЛОР

    С.Дж. Боконбаева , А.А. Какеева , С.Т Нуржанова , Т.М. Бектурсунов , И.Ш. Алджанбаева , А.А. Джакшылыкова
    66-69 12
    Аннотация

    Корутунду. Неонаталдык пневмониянын пайда болушунун медицина-биологиялык кооптуу факторлору изилденди. 151 неонаталдык пневмониясы бар ымыркай текшерилип изилденди. Контролдук группаны 65 дени сак ымыркай балдар түздү. Алынган маалыматтар оорунун өнүгүшүн модификациялаган көп кооптуу факторлорду көрсөттү: энелердин жаштыгы, энелердин экстра жана урогениталдык оорулары, чабал акушердик анамнез, төрөттүн жана кош бойлуулук мезгилинин патологиясы.

  • ЭФФЕКТИВНОСТЬ КОМПЛЕКСНОЙ НЕБУЛАЙЗЕРНОЙ ТЕРАПИИ ПРИ БРОНХООБСТРУКТИВНОМ СИНДРОМЕ У ДЕТЕЙ

    Н.И. Каримова , Ф.М. Шамсиев
    70-71 18
    Аннотация

    Особенностью синдрома бронхиальной обструкции в детском возрасте является высокий процент рецидивирования, что способствует развитию бронхиальной астмы и инвалидизации детей в более позднем периоде. Анализ эффективности клинического применения Небутамола и Небуфлюзона в качестве комплексной небулайзерной терапии при БОС у детей показал высокую клиническую эффективность, хорошую переносимость и безопасность. Это подтверждается как клиническими данными, так и результатами дополнительных инструментальных исследований. Ингаляционное введение препаратов с помощью современных небулайзеров позволяет минимизировать побочные эффекты и повысить эффективность лечения и реабилитации детей с заболеваниями органов дыхания.

  • ТАМАКТАНУУНУН ЖЕТИШСИЗДИГИ ЖАНА ӨЗ УБАГЫНДА ТӨРӨЛГӨН БАЛДАРДЫН НЕРВ-ПСИХИКАЛЫК ӨСҮҮСҮ ЖАНА НЕРВ СИСТЕМАСЫНЫН БУЗУЛУШУ КИЙИНКИ БАЙКООЛОРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА

    Н.М. Нурматова , Н.В. Вычигжанина, Ю.В. Борякин , А.С. Молдогазиева , А.Ж. Болотбекова
    72-75 19
    Аннотация

    Корутунду. Бишкек шаарында жашаган 3 жаштан 6 жашка чейинки 268 бала изилденген. Алардын ичинен 140 баланын салмагы I жана II даражада аз болгон, ал эми 128 баланын салмагы менен катар бою да жетишсиз болгон. Изилденген балдардын арасында нерв системасынын бузулушу көп кездешкен, тактап айтсак, алардын саны I даражадагы салмагы жетишсиз балдардын арасында 1,0 ден 27,6%, II даражадагы салмагы жетишсиз балдардын арасында 2,9 дан 80,0% чейин жеткен. Ал эми салмагы менен катар бою да жетишсиз балдардын арасында бул көрсөткүч I даражага 1,2-39,5% жана II даражага 2,4-88,1% туура келген. Түйүлдүктүн өсүшүнүн начар белгилери менен төрөлгөн балдардын арасында, оорунун клиникалык түрүнө жана оордугуна карабастан жогору кыймыл активдүүлүгү синдрому, көнүл буруунун жетишсиздиги синдрому, сүйлөөнүн бузулушу жана аутизм сыяктуу нерв системасынын бузулуулары көп кездешкен.

  • ЦЕФАЛО-ПЕЛЬВИКАЛЫК ДИСТОЦИЯСЫ БАР ТӨРӨӨЧҮ АЯЛДАРДЫН КОШ БОЙЛУУЛУГУНУН ЖАНА ТӨРӨТҮНҮН ЖҮРҮШҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

    Г.С. Омуркулова , Ч.Б. Иманкулова , Ж.К. Исакова
    76-79 20
    Аннотация

    Корутунду. Цефало-пельвикалык дистоциясы бар төрөөчү аялдардын кош бойлуулугунун жана төрөтүнүн жүрүшүнө комплекстүү баа берүү максатында шаардык перинаталдык борбордогу 140 төрөөчү аялга изилдөө жүргүзүлдү. Байкоо жүргүзүү учурунда операция аркылуу төрөткө уруксат берүү жөнүндөгү маселе төрөттүн биринчи мезгили өткөндөн кийин чечилген. Төрөттү жүргүзүүнүн консервативдүү планын кароонун көрсөткүчү болуп ымыркайдын башынын аномалдык абалын аялдын жыныс мүчөсүнүн ичин изилдөөдөн алынган белгилер, баштын конфигурациясын аныктоо, Вастендин оң симптому, табарсыктын кысылуу симптомунун болушу, төрөттүн жүрүшүнүн экинчи алсыроосу, жатындын моюнчасынын шишигинин жана адекваттуу жатын жыйрылуусунда ымыркайдын абалы эсептелинет. Ар бир онунчу төрөөчү аялда бийик турган баштын шишиги байкалган.
     

  • АЗЫРКЫ УБАКТАГЫ КӨК ЖӨТӨЛДҮН АКТУАЛДУУЛУГУ

    А.А. Юрчук , С.В. Чечетова, Г.А. Карамурзаева , Д.К. Чыныева , О.Ю. Журавлева
    80-82 20
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий изилдөөдө 2015 - жылы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасында көк жөтөлдөн даарыланган 61 баланын бейтап баяны изилденди. Көк жөтөлдүн орто жана оор формалары салыштырылганда, бир жашка чейинки балдарда оорунун оор абалы көбүрөөк кездешери, балдардын басымдуу бөлүгү айыл-жергесинде жашаары жана балдардын мээсинин гипоксикалык ишемикалык жабыркаганы аныкталды. Көк жөтөлдүн оордугу жакшы бааланбагандыгына карабай дарылоо оор түрүндөгүдөй болгон.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АР ТҮРДҮҮ КУРАКТАГЫ ООРУЛУУЛАРДЫН ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ХОЛЕЦИСТЭКТОМИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    М.Ч. Алымкулов
    91-94 13
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөөнүн максаты болуп өттөгү таш оорусу менен ооруган ар түрдүү курактагы оорулуулардын оорусун дарылоонун методуна баа берүү эсептелет. Клиникалык көрсөткүчтөр баа берүү үчүн колдонулду: операциянын созулушу, операция убагында жана кийин болуучу кабыдоолордун жыштыгы. Ар түрдүү курактагы өттөгү таш оорусунун менен ооруган 322 оорулуунун лапароскопиялык холецистэктомиясынын жыйынтыктары берилди. Жаш жана орто жаштагыларда (115 жана 141 адам) кабылдап кетүүлөр бирин-экин эле болду (0,9 жана 2,1 %). Улгайган курактагыларда (60 адам) 2 оорулуунун жарааты кабыл кетти (1,4 %). Жашы өйдөлөгөн сайын кабылдоолор көп болбойт.

  • КУРЧ МЕДИАСТИНИТТИ ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    А.А. Ашиналиев , И.В. Степанчук , А.С. Бейшеналиев
    95-97 22
    Аннотация

    Корутунду. Макалада курч медиастиниттин ар түрдүү формаларын хирургиялык жол менен дарылоонун натыйжалары талданат. Бейтаптарды дарттын келип чыгуу белгилерине жараша бөлүштүрүүдөн алынган маалымат берилет. Жаракат процессинин жайгашкан жери каралат. Ошондой эле курч медиастиниттин ар түрдүү формалары менен жабыркаган бейтаптарды хирургиялык дарылоонун тактикасы берилет. Макаланы жазууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук Госпиталдын торакалдык хирургия бөлүмүнүн, жаак-бет хирургиясынын жана оториноларингология бөлүмүнүн статистикалык маалыматы колдонулган. Анык болгондой курч медиастиниттеги леталдуулук жогорку көрсөткүчтө турат жана ал 31,5 пайызды түзөт.

  • БООР СЫРТЫНДАГЫ ӨТ ТYТYКТӨРYНYН ТЫРЫКТУУ СТРИКТУРАЛАРЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    Ж.О. Белеков , У.Х. Джапиев
    98-100 13
    Аннотация

    Корутунду. Эмгектин максаты – боор сыртындагы өт түтүктөрүнүн тырыктуу стриктураларын хирургиялык дарылоонун жыйынтыктарын талдоо. Боор сыртындагы өт түтүктөрүнүн тырыктуу стриктуралары бар 23 оорулуулардын оперативдик дарылоосун талдоо негизинде Ру реконструктивдик операциясы дарылоонун негизги түрү экени көрсөтүлгөн. Операциядан кийинки кошумча оорулар 3 (13%) бейтапта орун алышты. Операциядан кийинки өлүм саны 4,3% түздү (1 оорулуу).

  • ӨТ ТYТYКТӨРYНYН ОПЕРАЦИЯ УЧУРУНДА ПАЙДА БОЛГОН ТРАВМАЛАРЫН ДАРЫЛОО ТАКТИКАСЫ

    У.Х. Джапиев
    101-103 11
    Аннотация

    Корутунду. Эмгектин максаты – өт түтүктөрүнүн операция учурунда пайда болгон травмаларын хирургиялык дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртуу. 21-ден 81 жаш курагындагы 21 оорулуунун дарылоо тажрыйбасы көрсөтүлдү. 6 (28,6%) оорулууда өт түтүктөрүнүн травмасы операция учурунда аныкталды. Калыбына келтирүүчү операция бир (4,8%) оорулууга жасалды. Ру боюнча билиодигестивдик анастомоз көлөмүндөгү реконструктивдик операциялар 18 (85,7%) оорулууга жасалды. Эки (9,5%) оорулууда операциялар өт түтүктөрүн дренаж аркылуу сыртка чыгаруу менен аякталды. Операциядан кийинки кошумча оорулар эки (9,5%) оорулууда орун алышты. Операциядан кийинки өлүм катталган жок.

  • ТООЛУУ ЖАНА ШААР ШАРТЫНДА ЖАШАГАН БЕЙТАПТАРДЫН ӨТКҮР ХОЛЕЦИСТИТ ООРУСУНУН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ МӨӨНӨТҮНҮН САЛЫШТЫРМАСЫ

    Т.Б. Оморов
    104-106 15
    Аннотация

    Корутунду. Биздин текшерүүбүздүн максаты тоолуу жана шаар шартында жашаган бейтаптардын өткүр холецистит оорусунун операциядан кийинки мөөнөтүнүн салыштырмасын берүү. Тоолуу шартта жашаган (Нарын ш.) 62 бейтап жана шаар шартында жашаган (Бишкек ш.) 154 бейтап текшерүүдөн өткөрүлгөн. Эки тайпада тен эркектерге салыштырмалуу аялдар басымдык кылган жана 40 - 60 жашка чейинки бейтаптар көбүрөөк түшкөн. Тоолуу шартында жашаган 62 бейтаптын ичинен 16 бейтаптан (25,8%), ал эми шаар шартында жашаган 154 бейтаптын 72 де (46,8%) коштогон дарттар аныкталган. Баардык бейтаптар эндотрахеалдык оорутпоо ыкмасы менен операция жасалган, өт баштыкчасын алып салуу лапаратомдук ыкма менен жасалган. Операциядан кийинки мөөнөтүнүн өтүүсүнө баа берүүдө төмөндөгү клиникалык критерийлер (дене табынын нормалдоосу, ооруксунуу синдромунун жоголушу, лейкоциттердин санынын нормалдоосу, кабылдоолордун пайда болуусу жана стационардык дарылоонун мөөнөтү) колдонулган. Жарат процессинин өтүшүнө баа берүүдө жарат эхоморфометриясы операциядан кийин 1 күн өткөндө колдонулган, 3 - 6 күндөн кийин. Анализдердин жыйынтыгы көрсөткөндөй, операциядан кийинки мөөнөттүн өтүшү шаар шартында жашаган бейтаптарда тоолуу шартында жашаган бейтаптарга салыштырмалуу жакшыраак өткөн. Кабылдоолордун саны 8,4 жана 16,1 % түзсө, стационардык дарылоо убактысы тоо шартында 10,2 ± 0,23, ал эми шаар шартында 6,4±0,37 койко күндү түзгөн.

ТРАВМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

УРОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • МАРЖАН НЕФРОЛИТИАЗЫ

    А.М. Махмудов , Ж.С. Мамбетов
    113-114 25
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий жумушта маржанду нефролитиаз менен ооруган 47 бейтапка клиникалык мүнөздөмө берилди жана ошону менен бирге рентген абсорбция метрдикаймактык скелет сөөктөрүнө (чыканак, таман сөөктөр) сапаттуу жана сандуу баа берилди. Ошонун негизинде ушундай оорулардын оперативдик дарылоо ыкмасы жана аларды жыйынтыктарына мүнөздөмө берилди.

  • ЖООН ИЧЕГИНИН ӨНӨКӨТ СТАЗ ООРУСУН ЖАҢЫ ХИРУРГИЯЛЫК МЕТОД МЕНЕН ДАРЫЛОО

    Р.А. Оморов , Б.К. Осмоналиев , Б.А. Авасов , Д.А. Беркулов , С.Р. Сексенбаев
    115-117 21
    Аннотация

    Корутунду. Жоон ичегинин өнөкөт стаз оорусу менен 17 жаштан 60 жашка чейинки 9 бейтаптын хирургиялык дарылоосунун жыйынтыгы берилди. Векснер сурамжылоосун камтыган лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдөн кийин, эндотрахеалдык наркоз берилген соң, биринчи баскычта инвагинация аркылуу илеотрансверсалык анастомоз жасалып, экинчи баскычта И.Э. Гаген-Торн боюнча мезосигмопликация кылынган. Бардык 9 (100%) учурда тен операциядан кийинки алгачкы учурларда оорлошуу жана өлүм байкалган жок. 3 айдан 5 айга чейинки мөөнөттө 5 бейтаптын алыскы натыйжаларына байкоо жүргүзүлгөн. Бардык бейтаптардын өздөрүн жакшы сезгендиги, диспепсиялык бузулуулардын жана оорунун жоктугу, бир жумада 3-4 жолу өз алдынча заң бөлүп чыгаруусу белгилүү болду. Клиникалык байкоолордон алынган натыйжаларга караганда, бейтаптардын жашоо сапаты жакшырган. Жоон ичегинин өнөкөт стаз оорусун хирургиялык дарылоо методунун эффективдүүлүгү аныкталды.

  • ПРОСТАТА БЕЗИНИН ЗАЛАЛСЫЗ ГИПЕРПЛАЗИЯСЫНЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООСУНУН ОПТИМИЗАЦИЯСЫ

    Д.Ж. Оморов , Ж.C. Мамбетов , Б.Р. Ураимов
    118-120 13
    Аннотация

    Бул статьяда 53 бейтаптын аденомэктия операциясындагы жарат жайынын гемостазынын иштеп чыгарылган ыкмасы чагылдырылган, вазостома аркылуу жергиликтүү дарылоосу жана ошондой эле операцияга чейинки клиника лабораториялык изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү. Негизги дарт, дарттын баскычы жана жаш курак боюнча салыштырмалуу талдоо. Простата безинин залалсыз гиперплазиясы менен зааранын чукул токтоосунда биз төмөнкү ыкмаларды сунуштадык: трансуретралдык манипуляциялар жана лакунардык цистограмма кыскартылды. Чат үстүндөгү табарсыктын пункциясы колдонулду.

  • ПРОСТАТА БЕЗИНИН ЗАЛАЛСЫЗ ГИПЕРПЛАЗИЯСЫНЫН КОМПЕНСАЦИЯ БАШКЫЧЫНДАГЫ ЭРЕКТИЛДИК ДИСФУНКЦИЯСЫ

    Б.Р. Ураимов , Ж.С. Мамбетов , Д.Р. Оморов
    121-124 22
    Аннотация

    Бул макалада 97 бейтаптын простата безинин залалсыз гиперплазиясынын баштапкы баскычындагы эректилдик дисфункциясынын клиникалык сүрөттөмөсү. Сексуалдык функциясынын клиника-лабораториялык баасы берилип жана 30 бейтаптын простата безинин залалсыз гиперплазиясынын патологиясы жок изилдөөсүнүн көрсөткүчү менен салыштырылды.