Том 2 № 2 (2017): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2017-02-14

Бардык чыгарылыштар

КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • МЕДАКАДЕМИЯНЫН I-III КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ОКУУДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИНИН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА БАШ МЭЭНИН ЖАРЫМ ШАРЛАРЫНЫН АРАСЫНДАГЫ ПРОФИЛДИН ТИПТЕРИ

    И.Е. Кононец, А.Б. Сайдылдаева
    17-19 13
    Аннотация

    Корутунду. “Дарылоо иши” факультетинин I-III курсунда окуган 18 жаштан 22 жашка чейинки курактагы 320 студенттин окуудагы жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрү жана баш мээнин латералдык организациясынын профилинин түрлөрү изилденди. “Кол-бут-кулак-көз” схемасы боюнча баш мээнин латералдык организациясынын профилин, ошондой эле сынактарды тапшыруусунун жыйынтыктары боюнча студенттердин окуудагы жетишкен-диктерин аныктадык. Изилдөөгө алынгандардын мээсинин латералдык организациясынын профилинин сол жак белгилери менен варианттары окуунун үчүнчү жылында чоңое тургандыгы белгилүү болду. 3-курста окуган кыздардын дагы, балдардын дагы окуудагы жетишкендиктери өсөт.

  • ОРТО КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ОРГАНИЗМИНИН ЖҮРѲК РИТМИНИН ѲЗГѲРГҮЧТҮГҮНҮН МААЛЫМАТТАРЫ БОЮНЧА АДАПТИВДИК МҮМКҮНЧҮЛҮКТѲРҮНҮН ѲЗГѲЧѲЛҮКТѲРҮ

    И.Е. Кононец, А.А. Калыкеева
    20-24 15
    Аннотация

    Корутунду: Макалада колледждин гуманитардык, техникалык адистиктеринде жана медициналык багыттагы лицейде окуган окуучулардын кардиоинтервалограммасынын кѳрсѳт-күчтѳрүнүн маанилери чагылдырылган. Бардыгы 16-17 жаштагы 240 адам изилденген. Физикалык жүктѳм – Мартинэ пробасынын жардамы менен организмдин вегетативдик камсыздоосунун функцияларынын деңгээлдери аныкталды. Аталган проба 2  этапта жүргүзүлдү:
    1) тынч отурган абалда (кардиоинтервалограммада каттоо 5 мин аралыгында жүргүзүлдү) – баштапкы кѳрсѳткүчтѳр; 2) 30 секунд аралыгында 20 жолу отуруп турушту (кардиоинтервалограммада 5 мин аралыгында катталды).

    Пробаны жүргүзгѳнгѳ чейин лицейде окуган окуучуларда нормотониктер (78% жана 75%) басымдуу болгон. Техникалык адистиктердеги балдарда (25%) жана гуманитардык багыттардагы кыздарда (23%) ваготоникалык реакция катталган. Симпатикотониктер гуманитардык адистиктердеги балдарда (65%) жана техникалык багыттардагы кыздарда (42%) кѳбүрѳѳк болгон.

    Мартинэ пробасын жүргүзүүдѳн кийин алынган вегетативдик тонустун типтерин салыштыруунун натыйжасында, медициналык лицейде окуган изилденүүчүлѳрдѳ нормотониктердин (75% жана 70%) кѳптүгү аныкталды. Медициналык профилдеги балдарда жана кыздарда (8% жана 5%) жана техникалык багыттардагы балдарда (5%) ваготоникалык реакция белгиленген. Күчтүү симпатикотония гуманитардык багыттардагы кыздарда (33%) жана техникалык багыттардагы студенткаларда (12%) табылган, бул симпатикалык нерв системасынын активдешүүсүн кѳрсѳтѳт. Биринчи жылдын аягында кардиоинтервалограмманын кѳрсѳткүчтѳрүн анализдѳѳдѳ лицей окуучуларынын окуу жүктѳмдѳрүнѳ кѳбүрѳѳк адаптациялангандыгы аныкталды.

  • УРАН КАЛДЫКТАРЫ АЙМАГЫНДА ЖАШАГАН НЕЙРООНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫН КАНДЫН САНДЫК ПАРАМЕТРЛЕРИНИН КЭЭ БИР ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРУ

    М.М. Мамытов, Р.Р. Тухватшин, З.М. Апсаматов
    25-30 9
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын-жылы 2010-жылдан 2015-жылга чейин дарылануу мезгилинде Нейроонкологиялык 802 менен ооруган бейтаптарды кан сандык параметрлерге изилдөө боюнча маалыматтар берилген. Ал уран калдыктарын, жараяны анатомиялык жана topographical жайгашкан, башталгыч же орто рак жабыркаган жана пайда болуулар менен анын даражасын аймагында жашаган кан көрсөткүчтөрдүн айрым статистикалык маанилүү өзгөчөлүктөр бар экени маалым болду.

  • ЭЛ АРАЛЫК ООРУКАНАЛАРДЫН ФАРМАЦЕВТИКА ТАРАБЫНАН ТАЖРЫЙБА

    Г.Я. Ибрагимова, А.Д. Мураталиева, М.А. Акынбекова, Н.А. Ташиева
    31-35 14
    Аннотация

    Резюме. Бул макалада эл аралык ооруканалардын фармацевтика тарабынан тажрыйбалар жүргүзүлгөн. Чет өлкөлөрдүн заманбап ооруканалардын фармацевтика тарабынан тажрыйбасы жөнүндө изилдөө жүргүзүлгөн. Эӊ алгачкы мамлекеттик мүнөздүү багыттар, үлгүлөр эл аралык ооруканалардын фармацевтика тарабынан жана фармацевтердин жумуштары көргөзүлгөн.

  • КАРДИОМИОЦИТТЕРДИН ТҮЗҮЛҮШҮНӨ STREUPTOCOCCUS PNEUMONIA-НЫН ТААСИРИ

    Д.А. Лежнин, З.М. Айдарбекова, Р.Р. Тухватшин
    36-41 12
    Аннотация

    Корутунду: Streptococus pneumoniae-ны ич көӊгдөйүнө эксперименталдык жол менен себелегенде, кардиомиоциттердин түзүмүнүн өзгөрүүсө байкалган, андан тышкары, кан тамырлардын канга толушу, строманын шишиги, кардиомиоциттин гипертрофиясы, кээ кээзде кардиомиоциттердин фрагментацилары байкалат, интерстициалдуу миокардиттин ткандарды бириктирүүчү өсүшү байкалат.

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • ӨПКӨЛӨРДҮН ӨНӨКӨТ КЕПТЕЛМЕ ДАРТТАРЫ ЖАНА РЕНАЛДЫК КОНТИНУУМ: ЖАПЫЗ ТООЛУУ ШАРТТАРДА КОМОРБИДДИК АБАЛДАР КӨЙГӨЙЛӨРҮ

    Д.В. Долгалев, А.А. Ибрагимов, Р.Р. Калиев
    42-47 24
    Аннотация

    Резюме. Изилдөө максаты: орточо жогору альбуминуринди эрте табуу жана жапыз тоолуу шарттарда өпкөлөрдүн өнөкөт кептелме дарттарында бөйрөктөрдүн функционалдык абалынын анализи.
    Материал жана ыкмалар: ар кандай оордук даражасындагы ӨӨКД менен 82 бейтап жана 10 дени соолор текшерилди. Орточо курак 60,53+15,48 жашты түздү. Бардык бейтаптарга орточо жогору альбуминуринди аныктоо, СДК жана реналдык функциянын көрсөткүчтөрүн баалоо жүргүзүлдү.
    Натыйжалар: ӨӨКД менен бейтаптарда бронхиалдык кептелме даражасы менен корелляцияланган бөйрөк кызматынын көрсөткүчтөрүнүн эрте жана олуттуу өзгөрүшү байкалууда.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ӨНӨКӨТ БӨЙРӨК ООРУСУНА АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН НЕГИЗГИ ООРУЛАРДЫН КӨП ЖЫЛДЫК ЖЫЛЫШЫНЫН АНАЛИЗИ

    У.М. Махмудова, Р.Р. Калиев
    48-52 14
    Аннотация

    Корутунду. Бул изилдөөдө биз Кыргыз Республикасы боюнча өнөкөт бөйрөк оорусуна эң көп ала келе турган себептердин 2009-2015 жылдар арасындагы жылышын караштырдык. Кант диабети жана гипертония оорусу менен оорукчандыктын өсүшүн байкадык. Андан тышкары, нефротик синдром, курч жана өнөкөт гломерулонефриттердин өсүүгө тенденциясы аныкталды.

  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ЫСЫК-КӨЛ, НАРЫН ӨРӨӨНДӨРҮНҮН 2 ТИП КАНТ ДИАБЕТИНИН ТАРАЛЫШЫ

    М.С. Молдобаева, Г.О. Наркулова, А.В. Виноградова, Б.К. Эгембердиева, Б.Т. Тологонов, Н.Ч. Сагындыкова, Р.О. Касымова
    53-56 20
    Аннотация

    Корутунду. Так маалымат алуу үчүн, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө кант диабети жайылышына бир тепкичтүү ыкма менен изилденди, анын ичинде Ысык-Көл өрөөндөрүндө 1647 жана Нарын өрөөнүндө 603 тургуну. Ачкарын капиллярдагы глюкоза жана тамак ичкенден 2 саат кийин экспресс ыкма менен ишке ашырылган. Глюкозанын деӊгээлин 45 жаш жана андан улуу жаштагы, артериалдык кан басымы бийик, дене салмагынын индекси 25 кг/м2 жогору бейтаптарды изилдедик. Кант диабетинин диагнозун ВОЗдун (1999, 2003) талаптарына ылайык коюлду. Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө КД таралышы расмий маалыматтардан ашат. КД өз убагында жана активдүү аныктаса анын татаалдашып кетиши, майыптуулугун жана өлүмдүн алдын алат.

  • КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН ООРУЛАРДЫН ДИАБЕТИКАЛЫК НЕЙРОПАТИЯНЫН КООПТУУ ФАКТОРЛОРУ

    М.С. Молдобаева, Ч.А. Муратова, Т.Б. Болотбекова, А.Б. Арзыкулова
    57-61 53
    Аннотация

    Корутунду. Кант диабети менен ооруган бейтаптардын диабетикалык нейропатиясынын өсүшү кооптуу факторлорунан көз карандысын изилдөө үчүн кант диабети менен 166 бейтаптар изилденди. Диабетикалык нейропатиянын оордугун аныктоодо, клиникалык маалыматтарга жана эсептиктестке багыталынган. Нейросимптоматикалык эсеп шкала боюнча диабетикалык нейропатиянын оордугу эсептик жана субъективдүү баалуулугу боюнча багыты аялдарда, ал эми нейродисфункционалдык эсеп боюнча эркектерде инструменталдык баасында такталган. Диабетикалык нейропатиянын оордугуна кооптуу факторлор: артериалдык гипертензия жана эркек жынысындагылар таасир этет, ал эми аялдарга кант диабетинин узактыгы таасир этет.

  • ОРТО АЗИЯНЫН КЕНЕ РИККЕТСИОЗ ООРУСУНУН КРКЖОБнын МАТЕРИАЛДАРЫ БОЮНЧА КЛИНИКАЛЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    А.А. Алмазбекова, Э.Ж. Жуманадырова, Г.М. Муканбеткеримова, А.Ш. Джумагулова
    62-65 19
    Аннотация

    Корутунду: Макалада 2011-2016-жылдар аралыгындагы КРЖОБнын материалдары боюнча кене риккетсиоз оорусунун клиникалык эпидемиологиялык мүнөздөмөсү берилген, ошондон эле республикадагы табигый очоктордун бар экендигин жана март, август айларында табийгатта активдүү эс алуучу жаштардын арасында ооруп калуу мүмкүнчүлүгүнүн жогорку тобокелдиктеги көрүнөт. Негизги салыштырмалуу дарт аныктоо өзгөчөлүктөрүнүн үч белгиси: биринчи таасир, кызамык, бездин сезгенүүсү. Лабораториялык дарт аныктоонун заманбап методдорун киргизүү менен өлкөдө кене инфекциясын таанытуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөөчү иш-чараларды республикада жакшыртуу керек.

  • ДААРЫ-ДАРМЕКСИЗ ДЕТОКСИКАЦИЯЛОО ‒ БУЛ СПОРТСМЕНДЕРДИН ДЕН СООЛУГУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮЧҮ ЫКМА

    Р.В. Дмитриев, Ы.А. Анварбекова, Д.К. Сманова
    66-69 16
    Аннотация

    Корутунду: Даары-дармексиз калыбына келтирүү ыкмасы, спортсмендердин калыбына келүүсүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуучу жана ден соолугун чыңдоодогу негизги аспект болуп саналат. Бул ыкмаларды колдонуу жолу менен спортсмендердин физикалык калыбына келүүсун баардык тепкичтеринде женил ѳтүүшү, ден соолугунун чыналуусу жана озунун жакшы сезүүсү менен мелдештерде эн жогорку жетишкендиктерге жетүүсун камсыздайт; ичеги- карындарды, сийдик болуп чыгаруучу системаларды,терилерди, ѳпкѳлѳрүн тазалоо ыкмасын колдонгондо ишке жѳндѳмдүүлүгун күчѳтѳтүү менен, организимге терс тасирдүүлүгү жок. Мончо,сауна,ароматерапия,чѳптѳр, туздар менен мүнѳздѳп тамактануу, дары-дармексиз калыбына келтирүү учун эң мыкты багыт. Мына ошентип спортсмендердин дары-дармексиз калыбына келүүсүнүн башка проблемаларынын багытарын мындан кийинки илимий изилдѳѳ талап кылаарына шек жок.

  • ЖАРАНДАР БӨЛҮМҮНДƟГҮ ГИЙЕНА-БАРРЕ СИНДРОМУНУН ДИАГНОСТИКАСЫ ЖАНА ДАРЫЛООСУ

    А.К. Молдоташова, Е.А. Черномазова, В.В. Бабаев, Ю.С. Кабылов
    70-74 11
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада Улуттук госпиталдагы жарандар бөлүмүнүн Гийена-Барре синдрому менен түшкөндөрдүн патогенетикалык дарылоосу көрсөтүлгөн. Алардын плазмафарез жана иммуноглобулин G колдонулуушунун клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде клиникалык натыйжалары берилди.

  • ТАБЫБТЫК. УКУКТУК СУРООЛОР. ТОБОКЕЛЧИЛИКТИН ЧЕГИ. СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК БААМДОО (ЭКСПЕРТТИК ОКУЯДАН)

    М.Ш. Мукашев, Т. Пахыров, А. Мукашева , А. Бречко
    75-80 11
    Аннотация

    Корутунду. Макалада болгон окуянын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында табыбтыкка жол берүүсү, иштеш шарты жана ошого байланыштуу укуктук суроолор каралган. Ошону менен бирге табыбтыктын тобокелчиликчеги-адамдын денесине зыян келтирилсе же өлүмгө дуушар болсо-соттук-медициналык экспертизанын негизинде кылмыш-жаза укугу менен жооп керчилиги болоору жазылган.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН КЕСКИН АППЕНДИЦИТТИНИН КЛИНИКАСЫНЫН ДИАГНОСТИКАСЫНЫН, ДАРЫЛООСУНУН ѲЗГѲЧӨЛҮКТѲРҮ

    А.А. Сопуев, Н.Н. Маматов, Н.О. Талипов, А.С. Туташев, З.К. Кудайбердиев
    81-84 13
    Аннотация

    Корутунду: 136 кош бойлуу аялдын кескин аппендицитинин диагностикасынын, дарылоосунун анализинин жыйынтыктарынын негизинде кош бойлуу мезгилде бул кескин хирургиялык дарттын ѳѳрчүшүнүн айрым ѳзгѳчөлүктѳрү аныкталды. Кош бойлуу аялдарда кесип аппендицит шек туудурганда заманбап диагностикалык алгоритмди колдонуу диагностиканын сапатын жогорулатат жана диагностикалык катачылыктын санын тѳмѳндѳтѳт.

  • ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ХОЛИЦИСТЭКТОМИЯНЫН ОПТИМАЛДАШТУРУУНУН ЖОЛДОРУ

    Р.А. Оморов, Б.К. Осмоналиев, Ж.Т. Конурбаева, Б.А. Авасов, К.А. Ниязов
    85-89 12
    Аннотация

    Корутунду: жумушта 2015-жылдан баштап 2016-жылга чейинки мезгил ичинде өт баракчанын хирургиялык патология менен 955 ооруган иш сереби көрсөтүлгөн. 25тен 82 жашка чейинки курактагы -эркектер 167, аялдар - 788 болгон. Максаты үч-порт лапароскопиялык холецистэктомия методун ишке ашыруу аркылуу өттөгү таш менен ооруган бейтаптарды дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртуу үчүн болгон. Кыйынчылыктар 8 бейтаптарда болгон, айлануу 7 бейтап боюнча болгон, адам каза болгон боюнча байкалган эмес. Коопсуздук жана аткаруу жеӊилдетүү боюнча үч-порт шарттуу төрт-портуна кем эмес, косметикалык жыйынтыгы бир кыйла жогоруу жана оору синдрому бир аз төмөнүрөөк.

  • ЖАШТАРДЫН ӨТТӨГҮ ТАШ ООРУСУН ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ДАРЫЛОО

    Р.А. Оморов, М.Ч. Алымкулов, Т.Б. Оморов
    90-93 12
    Аннотация

    Резюме: лапаротом (128 адам) жана лапароскопиялык холецистэктомия (115 адам) болгон жаштардын өттөгү таш ооруларын операция жолу менен дарылоонун жыйынтыктары берилди. Биринчи топтогулардын ичинен 6 (4,7%) жана экинчи топтогулардан 2 (1,7%) адамдын оорусу кабылдап кеткен. Ооруканадан чыгаарда бардык кабылдап кеткен оорулар айыкты. Орточо стационарда жатып дарылануу узактыгы биринчи топтогулардыкы 5,1±0,31 күндү, экинчи топтогулардыкы 3,2±0,17 күндү түздү. Өлүм болгон жок.

  • ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДӨН ӨТКӨН ДЕНЕНИН АР КАНДАЙ ТҮРДӨГҮ МЕХАНИКАЛЫК САРГАЙУУСУ МЕНЕН ЖАБЫРЛАНГАН БЕЙТАПТАРДЫ АНЫКТОО БАГЫТЫ

    Р.К. Бейшенбаев, С.Ш. Сапаров, Б.А. Авасов
    94-96 12
    Аннотация

    Корутунду: 147 бейтаптын дененин механикалык саргайуусунун тажрыйбалык изилдөөлөрү анализделген. Дененин механикалык саргайуусу боюнча түбү кайырдуу шишиктери менен 71,4%, коркунучтуу шишиктер менен 28,6% бейтаптар көзөмөлдө болгон. Бул изилдөөлөрдө эң керектүү жана негизги лабораториялык анализдер, ошондой эле дененин механикалык саргйуусун алдын ала билүүчү,шишик изилдөөнун ыкмаларын колдонулган.

  • УЙКУ БЕЗДИН ЫЙЛАКЧАСЫН БИР УЧУРДА КОШ ТҮТҮКЧӨ АРКЫЛУУ САРЫКТЫРМАЛОО ЫКМАСЫ

    Д.С. Ибраимов, Н.А. Воробьев
    97-101 24
    Аннотация

    Корутунду: Биздин кɵзɵмɵлʏбʏздɵ 54 бейтап уйку бездин ыйлакчасы менен болду, 43 бейтапка мурунку колдолунуп жургɵн хирургиялык дарылоо ыкмалары, анын ичинен 31 бейтапка цистогастроанастомоз, ашказан кɵндɵйчɵсʏ аркылуу сарыктырмалануучу цистоеюноанастомозу жана 8 оорулуга ыйлакчаны жɵнɵкɵй сарыктырмалоо ыкмалары колдонулду. Дарттын ɵтʏшʏп кетʏʏсʏ 6 бейтапта (кɵндɵйчɵнʏн калдыгы-1, цистодигистивдик рефлюксу-1, дарттын кайталанма тʏрʏ-1, операциядан кийинки кабылдоосу-3) байкалды. 11 бейтапка биз ɵздɵштʏргɵн ыйлакчаны бир учурда кош сарыктырмалоо ыкмасы колдонулду, дартын ɵтʏшʏп кетʏʏ белгилери байкалган жок.

  • ЭХИНОКОККТУН ЖУМУРТКАЛАРЫН ЗЫЯНСЫЗДАРУУНУН ЫКМАСЫ

    М.С. Айтназаров, Э. Максут уулу, Э.Б. Исаев
    102-104 20
    Аннотация

    Кортунду: Эхинококкоз оорусунда зыянсыздандыруу үчүн колдонулган Димексид дарысынын колдонуунун жыйынтыгы берилди. In vitro изилдөөсүндө колдонулгандан 3 мүнөттөн кийин сколекстер 100 пайызга өлтүрүлдү. Тажрыйба көрсөткөндөй дары эхинококктун кабыгына жана кабыктын тегерегиндеги боорго чейин кирип барат.

  • ТРИГЕМИНАЛДЫК НЕВРАЛГИЯНЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    М.М. Мамытов, А.А. Акматалиев, З.А. Тойчиев
    105-109 12
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын нейрохирургиялык ооруканасынасында жүргүзүлгөн тригеминалдык невралгия менен ооруган бейтаптардын хирургиялык дарылоонун жыйынтыгын.

  • ЖАРАКАТТАН КИЙИНКИ МУРУН ЛИКВОРЕЯСЫН ОПЕРЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ДАРЫЛООНУН БИР ТҮРҮ

    М.М. Мамытов, А.А. Акматалиев, А.А. Байматов, Г.О. Миненков
    110-112 15
    Аннотация

    Корутунду: Мурун ликвореясы менен ооруган 8 бейтап изилденип, оптималдуу диагностика жана дарылоо жолу такталды. Мындай илдеттин дарылоосу – хирургиялык операция. Ликвордук кулгуна гемостатикалык губка “Тахокомб”, булчуң жана сульфакрилат аркылуу кабаттап жамоо жолу менен бүтөлөт.

  • ПРОФИЛАКТИКА И ЛЕЧЕНИЕ СИНДРОМА ОСТРОГО ПОВРЕЖДЕНИЯ ЖЕЛУДКА У ПОСТРАДАВШИХ С ТЯЖЕЛОЙ ЧЕРЕПНО-МОЗГОВОЙ ТРАВМОЙ

    К.М. Курбонов, У.М. Пиров, К.Р. Назирбоев
    113-115 9
    Аннотация

    Резюме. Прослежены резудьтаты лечения 150 больных с тяжелой черепно-мозговой травмой, в комплекс интенсивной терапии в 34 (47,2%) случаях включены медикаментозные методики профилактики и лечения синдрома острого повреждения желудка. В диагностический алгоритм помимо рентгенологического, компьютерно-томографического исследования и магнитно-резонансной томографии, для выявления СОПЖ включали фиброгастродуоденоскопию с биопсией слизистой гастродуоденальной зоны, а также исследовали содержание продуктов ПОЛ в биоптатах слизистой желудка.
    Выявлено, что эрозивно-язвенные изменения с множественными повреждениями в контрольной группе составили 61%, с единичными повреждениями - 39%, в то время как в основной - 2% и 5% соответственно.

  • ЧРЕСКОЖНАЯ ЭНДОСКОПИЧЕСКАЯ ГАСТРОСТОМИЯ У ПОСТРАВДАВШИХ С ЧЕРЕПНО-МОЗГОВОЙ ТРАВМОЙ

    К.М. Курбонов, У.М. Пиров, К.Р. Назирбоев
    116-118 8
    Аннотация

    Резюме. В статье представлены результаты комплексного лечения 120 пострадавших с черепно-мозговой травмой. В 30,8% наблюдениях пострадавшим с тяжелой (n=19) и средней (n=18) степенью тяжести ЧМТ осуществляли нутритивную поддержку путём формирования чрескожной эндокопической гастростомии. Наложение гастростомы является одним из основных путей обеспечения энтеральным питанием, когда отсутствует возможность установки назогастрального зонда. Осложнения отмечены у 14 пациентов: аспирация у 6, желудочно-кишечное кровотечение по причине повреждения сосудов стенки или травмы слизистой желудка у 7, инфицирование области гастроcтомы наблюдалось у 1.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • САСЫК ТУМООДО ЖАНА ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫНДАГЫ ВИРУС КОЗГООЧУ КУРЧ КАРМАГАН ЖУГУШТУУ ООРУЛАРЫНДА КОЛДОНГОН «НАЗОФЕРОН» ДАРЫСЫНЫН ЭФФЕКТИВТИВДҮҮЛҮГҮ

    А.У. Сопубекова, Ж. Эсенбек к., М.К. Беделбаев, Р.М. Кадырова
    119-122 22
    Аннотация

    Корутунду: Назоферон дармегинин (мурунга тамызычуу) колдонуунун клиникалык салыштырмалуу изилденген. Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланган 1 жаштан 6 жашка чейинки клиникалык диагнозу дем алуу органдарындагы вирус козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары оор түрүндө кездешкен 80 бейтап 2 топко бөлүнгөн. Алардын ичинен 40 бейтап «назоферон» менен дарыланган негизги топту түзгөн, 2 топту «назоферон» менен дарыланбаган көзөмөл тобу түзүшкөн. Көзөмөл топтогу 47,5% бейтаптар оорунун оордугуна жараша жандандыруу бөлүмүндө дарыланышкан 40% бейтаптарда кайра жугузганы (суперинфекция) далилденген. Дене табынын көтөрүлүшүнүн узактыгы (1,4±0,3; 4,2±1,0 күн), бейтапканада жаткан убактысы (3,0±0,1; 5,2±1,0 күн), антибактериальдык дарылоонун мөөнөтү (3,0±1,0; 9,8±3,0 күн) кан тамырга тамчылатуу эмдөөсүнүн (1,4±0,3; 4,2±1,0 күн) жана көзөмөл топтогуларда узактыгы (P<0,05) тастыкталган.

  • АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕ КУРЧ БАКТЕРИАЛДЫК МЕНИНГИТТИН ӨСПҮРҮМ БАЛДАР АРАСЫНДА ӨТҮШҮНҮН КЛИНИКА-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    А.А. Береговой
    123-126 9
    Аннотация

    Корутунду: 10-19 жашка чейин 47 курч бактериалдык менингит менен ооруган өспүрүм бейтаптарды текшерүүдө алынган маалыматтар изилденген. Оорунун көтөрүлүш мезгилинде, көп убакытта өспүрүм балдардын ооруга чалдыкканы аныкталган (40,4%). 80,8% өспүрүм арасында курч бактериалдык менингит оорусунун козгогучу белгисиз бойдон калууда. Курч бактериалдык менингит оорусунун алдын алуучу жагдайлардан болуп кулак, мурун, ооз-көӊдөйүнүн бактериялык оорулары, башка нейро-жугуштуу оорулары, мээнин чайкалышы эсептелинет. Курч бактериалдык менингит өспүрүмдөр арасында көпчүлүк убакытта оор түрүндө өтүп, кечиктирилгис синдромдор менен коштолуп өтөт: мээнин шишип кетиши (44,7%), септикалык шок (6,3%) жана ар бир үчүнчү бейтапта ДВС синдрому менен өткөнү, бул оорунун коркунуч туудурушуна алып келет(10,6%).

  • БАЛДАРДЫН ЖУГУШТУУ ИЧЕГИ ООРУЛАРЫНЫН КЕСЕПЕТИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН БӨЙРӨК ИШТӨӨСYНYН КУРЧ МYНӨЗДӨГY ЖЕТИШСИЗДИГИ

    Б. Матиев, Ж. Байтокова, М.К. Мамбетова, М.К. Беделбаев, Н.К. Алмереков
    127-130 30
    Аннотация

    Корутунду: Бул иш алкагы 2013-жылдан 2016-жылга карата, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасындагы балдардын бейтап баянынын негизинде анализ жүргүзүлгөн. Бейтаптардын баарында, бөйрөк иштөөсүнүн курч мүнөздөгү жетишсиздигине алып келген жугуштуу ичеги оорусунун оор түрүндөгү белгилери болгон. Жашоо көрсөткүчү боюнча, оорулуулардын 66,7% нефрология бөлүмүнө чукул түрдө гемодиализ өткөрүүгө которулган.

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ

  • СТУДЕНТ-МЕДИКТЕРДИ ЧЕТ ТИЛДИК СӨЗДӨРГӨ ОКУТУУ ПРИНЦИПТЕРИ

    Н.Т. Молдокматова, К.Э. Токтогулов
    131-133 17
    Аннотация

    Корутунду. Макала студент-медиктерди чет тилдик сөздөргө окутуу принциптери жөнүндө баяндайт. Айрыкча жөнөкөйдөн татаалга өтүү, белгилүүдөн белгисизге өтүү, жеткиликтүүлүк ж.б. принциптери каралат. Грамматикадагы эволюциялык процесстердин анализинин синхрондук кесилиши анын вариативдүүлүк менен байланышы бар экендигин көрсөтөт. Вариативдүүлүктө интралингвистикалык факторлор системалуулук мыйзамынын аналогия, үнөмдүүлүк жана салттуулук принциптеринин аткарылышына шарт түзөт.

ЛЕКЦИЯ

ЮБИЛЕЙЛЕР