Том 1 № 1 (2017): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2017-01-12

Бардык чыгарылыштар

КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • ЖЕРГИЛИКТYY АНЕСТЕТИКТЕРГЕ АЛЛЕРГИЯСЫ БАР БЕЙТАПТАРДЫН КАНЫНДА КАЛИЙДИН ИОНДОРУН ЖАНА ЛЕЙКОЦИТТЕРДИН ӨЗГӨЧӨ ЭЭРYY РЕАКЦИЯЛАРЫН ИЗИЛДӨӨ

    А.Д. Алымкулова
    16-19 196
    Аннотация

    Дары аллергиясы менен ооруган бейтаптардын канынан лейкоциттердин өзгөчө ээришин жана калий иондорунун көлөмүн көрсөтүүчү реакциялар изилденди. Ал эми көзөмөл жүргүзүлгөн топ ошондой эле дары аллергиясы жок дени сак адамдардан турган.

  • РАЗРАБОТКА УНИВЕРСАЛЬНОЙ ИФА ТЕСТ СИСТЕМЫ ДЛЯ ВЫЯВЛЕНИЯ АНТИТЕЛ К ВОЗБУДИТЕЛЮ ЧУМЫ

    Б.Б. Баймурзинов, П.Н. Дерябин, Т.С. Пономарева, Д.А. Адамбеков
    20-24 15
    Аннотация

    С использованием капсульного антигена Y.pestis и конъюгата на основе белка А стафилококков меченного пероксидазой хрена, разработана высокочувствительная и специфичная ИФА тест си­стема для выявления антител к капсульному антигену Y.pestis. В отличие от ИФА тест системы с ис­пользованием конъгата на основе антител против IgG человека, разработанная ИФА тест система уни­версальна и выявляет антитела не только у человека, но и у различных животных. Чувствительность данной ИФА тест системы выше, чем РПГА (реакция прямой гем-агглюцинации) той же специфично­сти. При исследовании иммунных сывороток против 5 других бактерий показана ее специфичность. Разработанная тест система была стабильной в течение 6 месяцев после изготовления (срок наблюде­ния) и может быть использована для оценки поствакцинального иммунитета у людей и верблюдов, иммунизированных против чумы, а также для оценки динамики антительного ответа в модельных опы­тах по иммунизации и заражению лабораторных животных и оценки серопозитивности зверьков при мониторинге природных очагов чумы.

  • БИЙИК ТООЛУУ ШАРТТА ЖYРӨК-КАН ТАМЫР СИСТЕМАСЫНЫН ФУНКЦИОНАЛДЫК АБАЛЫНА МУЗЫКАТЕРАПИЯНЫН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    А.Б. Сайдылдаева, Б.К. Тыналиева
    25-27 16
    Аннотация

    Биздин изилдөө ишибиздин максаты бөксө тоолуу аймактарда жашаган, бийик тоолуу шартта кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин вегетативдуу-нерв системасынын функционалдык абалына кыргыз улутуна тийиштүү багыттагы музыкатерапиянын тийгизген таасирине баа берүү болуп саналат. Алдыбызга комуз, ооз комуз сыяктуу улуттук музыкалык аспаптардын жардамы менен кыргыз улуттук музыкаларынын
    вегетативдуу нерв системасынын тонусуна жана реактивдүүлүгүнө кандай таасир бере тургандыгын аныктоо максатын койгонбуз. Бөксө тоолуу аймактарда жашап, Нарын шаарында (деңиз деңгээлинен 2679 метр бийиктиктеги) аскер кызматын өтөп жатышкан 18-22 жаш курактагы 23 аскер кызматкери жүрөк ритминин спектралдык анализи методу аркылуу изилдөөгө алынды. Биздеги маалыматтарга ылайык изилдөөгө алынгандарда вегетативдик реактивдүүлүктүн парасимпатикалык түрү көбүрөөк экендиги аныкталды.

  • БИЙИК ТООЛУУ КӨНҮҮ УЧУРУНДА ЖАРААТ ЖАРАЯНЫ УЮМДУ ЖОЮУ ТАРТИБИ САЛЫШТЫРМАЛУУ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    Б.С. Ниязов, О.Р. Динлосан, С.Б. Ниязова, Б.А. Эраалиев Эраалиев, Ж.И. Ашимов, А.А. Сабитов
    28-32 15
    Аннотация

    Бул макалада Туя-Ашууда 3 жана 3 0 -күн өткөндөн кийин деадаптация мезгилиндеги «Левомеколь» майдын эксперимент түрүндө жарааттын айыктыруунун өзгөчөлүктөрүнүн натыйжалары берилген. 3200 м бийиктиктеги тоолуу шарттарында 3 - күн камалып турган жаныбарлардын топтогунда айыктыруунун жогору көрсөткүчтөрү жана 30-күн камалып тургандардан - айыктыруунун эң начар көрсөткүчтөрү аныкталды. Баа - жалпы жана жергиликтүү клиникалык динамикасын, сандык жана сапаттык микробиологиялык изилдөөлөр, жараат тактарын цитологиясы жана планиметрикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын негизинде берилген.

ИЧКИ МЕДИЦИНА

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ОҢ КОЛДУН ЖАНА КУРСАК ЖАНА КӨКҮРӨК КӨӨДӨНҮНҮН ОҢ ЖАК ТАРАБЫНЫН АНАЭРОБДУК КЛОСТРАДИАЛДЫК ЭМЕС ФЛЕГМОНАСЫ

    К.С. Сыдыгалиев, А.А. Сопуев, Ю.К. Уметалиев, Н.Н. Маматов, А.К. Мамбетов, А.А. Самаков, С. Жумабеков , Э. Агачиев
    76-82 19
    Аннотация

    Бул макалада оң колдун жана курсак жана көкүрөк көөдөнүнүн оң жак тарабынын анаэробдук клострадиалдык эмес флегмонасынын клиникалык жүрүшү жана ийгиликтүү дарылоосу баяндалды.

  • ИЧЕГИ-КАРЫН ЖОЛУНУН ТӨМӨНКҮ БӨЛYКТӨРYНӨ ОПЕРАЦИЯ КЫЛГАНДАН КИЙИН КУРСАК КӨҢДӨЙYН ДРЕНАЖДОО ЖӨНҮНДӨ МАСЕЛЕЛЕРГЕ

    А.А. Сопуев , Т.А. Акматов , Н.Ж. Сыдыков , А.А. Калжикеев , Н.О. Талипов
    83-85 16
    Аннотация

    Бул макалада далилделген медицинанын ыкмаларынын негизинде ичеги карын жолунун төмөнкү бөлүктөрүнө операция жасалгандан кийин курсак көңдөйүн алдын-ала дренаждоонун найтыйжалуулугу атайын медициналык изилдөөлөрдө алынган, практикада колдонулган, ишенимдүү жана маананилүү далиндерди чогултуу, интерпретациялоо жана интеграциялоо жолу аркыллуу аныкталды.

  • АППЕНДЭКТОМИЯДАН КИЙИН КУРСАК КӨҢДӨЙҮН ДРЕНАЖДООДО АЗЫРКЫ КӨЗ КАРАШТАР

    А.А. Сопуев , А.А. Калжикеев , К.И. Мырзакалыков , А.С. Туташев , Э.Э. Кудаяров
    86-88 9
    Аннотация

    Макалада далилделген медицинанын негизинде аппендэктомиядан кийин курсак көңдөйүн алдын ала дренаждоонун натыйжалуулугу аныкталды.

  • ХИРУРГИЯЛЫК ПАТОЛОГИЯЛАРЫН ДАРЫЛООДО ФТОРХИНОЛОНДОРДУН КОЛДОЛОНУУСУ

    А.К. Молдоташова , Э.И. Апиева , Б.К. Асанов , А. Береговой
    89-96 17
    Аннотация

    Бул макалада дүйнөлүк медициналык коомдун клиникалык тажрыйбасынын негизинде антибактериалдык туруктуулукка каршы антибактериалдык дарылардын колдонуусунун жаңы эрежелери талап кылынды. Фторхинолондордун IV муунунун кулу - Моксифлоксацин, өзүнүн структуралык жана фармакалогиялык өзгөчөлүктөрүнүн негизинде кеңири спектрдеги инфекциялык ооруларга каршы заманбап клиникалык натыйжалуулукка ээ. Бул макалада бир нече көп борбордук кли­никалык изилдөөлөрдө моксифлоксациндын колдонулуусу менен жыйынтыктары баяндалды, жана анын экинчи катардагы дем алуу системасында кургак учукка каршы колдолонуп жаткан дарыларга киргендиги жөнүндө айтылат.

  • БООРДУН АЛЬВЕОКККОЗУНА ОПЕРАЦИЯ ЖАСОО МЕТОДДОРУН ЖАКШЫРТУУ

    А.Ж. Акешов , А. Макамбай кызы
    97-99 10
    Аннотация

    Иштин максаты болуп боордун альвеококкозун дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртуу эсептелинет. Изилдөөдө лаборатордук жана инструменталдык методдор колдонулду. Альвеококкоз менен ооруган 59 оорулуу байкоодон өткөрүлдү, алардын үчөөндө неоперабел, 19унда радикалдык, альвеококкоздун калдыктарын криодеструкциялоо менен 37синде шарттуу радикалдык процесси байкалды. Операциядан кийинки мезгил жакшы өттү. Ооруканадан чыгып жатканда оорунун рецидивнин алдын алуу үчүн альбендазол 400 мг химиотерапия курсу 28 күнгө 3 курс жазылып берилди. 37 жарым-радикалдуу операция жасалганган бейтаптын ичинен 29 бейтап 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөттөгү текшерүүдөн өткөрүлдү, текшерүү учурунда 12 бейтапта - так контур менен очогу аныкталды, 8 бейтапта - өзгөрүү жок, 9унда - очогдун көлөмү кичирейген, биринде да прогрессирленген процесс аныкталган жок. 11 оорулууга кайтадан операция жасалды, 9унда жабыркоо очогу чыкты, ал эми экөөндө суюк азот менен тазалап кетирүү мүмкүнчүлүгү берилди. Операциядан кийинки мезгили кабылдоосу жок өттү. Алынган жыйынтыктар шарттуу-радикалдык операцияларда криодеструкцияны колдонуу натыйжалуу болорун тастыктайт.
    Бир оорулуу (1,6%) полиоргандык жетишпестиктен улам каза болду.

  • БАШ МЭЭ МЕНИНГИОМАЛАРЫНЫН ХИРУРГИЯСЫНДАГЫ ИНТРАКРАНИАЛДЫК ТАТААЛДАШУУЛАР

    К.Б. Ырысов , Н.А. Арстанбеков
    100-104 25
    Аннотация

    Баш мээ менингиомаларынын операциядан кийинки татаалдашуулары талданган, клиникалык жана прогностикалык маанилуу факторлор, хирургиялык дарылоонун жыйынтыктары жана рационалдык дарылоо тактикасы чагылдырылган. Операция аткарылган 202 бейтаптарда гистологиялык изилдөөдө менингиома шишиги аныкталган. Операциядан кийинки татаалдашуулар 20 бейтапта аныкталган.

  • ЖАРААТТЫК ЭМЕС СУПРАТЕНТОРИАЛДЫК ГЕМАТОМАЛАРДЫ ДИФФЕРЕНЦИРЛЕП ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    К.Б. Ырысов, Г.Т. Мамражапова
    105-109 6
    Аннотация

    Бул эмгектин жыйынтыктары жарааттык эмес мээге кан куюлуудан жабыркаган 140 бейтапты байкоого негизделген (эркектер 82, аялдар 58). Хирургиялык дарылоо тобуна 59 бейтап кирген. Экинчи топ консервативдик даарылоого кабылган 81 бейтаптан турган.

  • БАШ МЭЭ ЖАРАКАТЫНДАГЫ АКСИАЛДЫК ЖЫЛМЫШУУНУ ДИФФЕРЕНТТИАЛДУУ ТYРДӨ ДАРЫЛОО

    Б.Ж. Турганбаев , К.Б. Ырысов , Т.С. Жапаров
    110-115 14
    Аннотация

    Корутунду. Баш-мээ жаракаты менен өткөөл учурунда 92 бейтапка толук камдуу клиникалык изилдөөлөр өткөзүлүп жана операция өткөзүлдү. Комплекстик изилдөөгө неврологиялык кароо, эс-акыл бузулуу деңгээли Глазго кома шкаласы менен камтылды (ШКГ), спиралдык компьютердик томография (СКТ) жана магниттик-резонанс томографиясы (МРТ) кирди.

    СКТ же МРТда баш мээнин жана краниовертебралдык бөлүмүндө аксиалдык түстүгүндө ЧКЖ көлөмү текшерилди (S1). Кийинчерээк ЧКЖга жылмышып келген каракуш мээнин миндалиналарынын көлөмү (S2) такталды, андан сон мээнин өзөгү ЧКЖга кысылгын коэффициенти (Ко) кийинки формула менен эсептелип чыкты. Ко=S2:S1x100%. 20% чейинки кысылуу коэффициентин жеңил деп эсептелди. 21% тен 30% чейинки коэффициентти орто, жана 30% жогоркуну катуу кысылуу деп эсептелди.
    Көрүнүктүү жылмышуунун даражасы хирургиялык дарылоонун көлөмүн жана кийлигишүү мөөнөттөрүн тактаганга керектелди.

     

  • ООР БАШ-МЭЭ ЖАРАКАТЫН АДИСТЕШТИРИЛГЕН СТАЦИОНАРДЫН ШАРТЫНДА ДАРЫЛОО

    Б.Ж. Турганбаев , М.М. Мамытов , Т.С. Жапаров
    116-124 20
    Аннотация

    Корутунду. Биз Улуттук госпиталдын жана «Кой-Таш», «Здоровье» клиникаларында, оор баш-мээ жаракаты менен дарыланган бейтаптардын жыйынтыктары тууралуу ретроспективдуу изилдөө өткөздүк. Мөөнөттөрү боюнча 2 топко бөлүнгөн: биринчи изилдөө 2010-2013-ж., экинчи изилдөө 2013-2016-ж. Биринчи жана экинчи мөөнөттө өткөзүлгөн изилдөөлөр баш-мээнин функциялары жана организмдин көрсөткүчтөрүнүн параметрлери, дарылоо ыкмалары жана дарылоонун максаттары менен айырмаланды.
    Аксиалдык жана латералдык баш-мээнин жылмышуусунун өркүндөө белгиси, жана дифуздук жаракаттын I түрүнөн IV түрүнө өтүшү баш-мээнин басымынын жогорулашы менен байланыштуу. Экинчи мөөнөттөгү изилдөөдө жаракаттын II TYPY менен жабркаган бейтаптардын 25% баш-мээ басымынын жогорулугу аныкталган, III TYPY мененки жабыркагандардыкы 57%, IV түрү менен жабыркагандардыкы 80% түздү.
    Орто баш-мээ басымы II топтогулардыкы 14,4±6,6 сп.ст.мм. түстү, III түpү мененки жабыркагандардыкы 30±20,6 сп.ст.мм., IV түpү менен жабыркагандардыкы 37,6±14,1 сп.ст.мм түздү.

    Оор баш-мээ жаракаттын консервативдүү жана хирургиялык дарылоо ыкмаларын, баш-мээ басымынын мониторинги негизинде дифференциалдык түрдү дарылоосун киргизүү, 2 мөөнөттө 1 мөөнөткө салыштырмалуу бейтаптардын өлүмүн 22,9% төмөндөттү.

  • КУЛАК ООРУЛАРЫНАН ТАТААЛДАНГАН БАШ МЭЭНИН ЧЫКЫЙ БӨЛYГYНYН АБСЦЕССИ (КЛИНИКАЛЫК ОКУЯ)

    Т.А. Изаева, Ч.А. Жолдошoва, М.Ж. Сулайманов
    125-129 130
    Аннотация

    Корутунду. Ортоку кулактын ириңдүү кабылдоосунан пайда болгон баш сөөктүн ичиндеги татаалданышуулар эор оорулардын катарина кирет. Аталган оорулуулар адат катары, аларды биринчи этапта хирургиялык жол менян дарило керек болгон үчүн ЛОР жена нейрохиургиялык бөлүмдөрүнө жаткырылат. Практика көргөзгөндөй, оториноларингологдор баш сөөктүн ичиндеги татаалданышууларду, айрыкча коштолгон түрлөрүн аныктоодо бир катар кыйынчылыктарга дуушар болушат, себеби алардын диагнозун коюда жана дарылоодо жалаң негизги неврологиялык симптомдорду билүү гана эмес, алардын пайда болуу шарттарын билүү жана түшүнүү зарыл.

  • ПРОФИЛАКТИКА И ЛЕЧЕНИЕ НАРУШЕНИЙ СЛУХА У ДЕТЕЙ С ВРОЖДЕННОЙ РАСЩЕЛИНОЙ НЕБА

    М.М. Умарова
    130-132 16
    Аннотация

    Профилактика стойких нарушений слуха у детей с врожденной расщелиной верхней губы и неба может быть успешной только в случае согласованных действий ЛОР врача, сурдолога и челюстно-лицевого хирурга. Одномоментная ураностафилопластика и тимпаностомия приводит к нормализации функции слуховой трубы, нормализации аэрации полостей среднего уха и сосцевидного отростка, соответственно купированию причинных факторов возникновения экссудативного среднего отита.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ

  • ЖАШ ӨСПYРYМ КЫЗДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДYY САЛАМАТТЫГЫНЫН БУЗУЛУУСУНУН НЕГИЗГИ ФОРМАЛАРЫНЫН КАЛЫПТАНУУСУНУН МЕДИЦИНАЛЫК-СОЦИАЛДЫК ФАКТОРЛОРУ

    Р.М. Атамбаева, Ж.К. Исакова , Ф.А. Кочкорова
    133-137 23
    Аннотация

    Биздин изилдөөбүздө Бишкек шаарынын ар түрдүү окуу жайларындагы 15-18 жаштагы өспүрүм-кыздардын репродуктивдүү системасынын бузулуусуна таасир этүүчү ар кандай медициналык-социалдык факторлордун таасиринин жыйынтыктары изилдөөгө алынды жана сунушталды. Жогорку класстын кыздарынын менструалдык функциясынын альгодисменорен тиби боюнча бузулуусунун негизги формаларынын калыптануусуна таасир этүүчү негизги факторор көрсөтүлдү.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ӨСПYРYМ КЫЗДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДYY САЛАМАТТЫГЫНЫН КАЛЫПТАНУУСУНУН АЙМАКТЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Р.М. Атамбаева , Ж.К. Исакова , Ф.А. Кочкорова , А.Ж. Сатыбалдиева , А.Ж Жолдошева , А.А. Алимбекова
    138-142 23
    Аннотация

    Бишкек шаарынын (деңиз деңгээлинен 760 м, орточо деңгээлде) жана бийик жолдуу Нарын шаарынын (деңиз деңгээлинен 2048 м) жалпы билим берүүчү мектептериндеги 15-18 жаштагы окуучу кыздардын физикалык жана жыныстык жактан өсүүсүнүн, жалпы жана репродуктивдүү жалпы жана өзгөчө саламаттыгынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн жыйынтыктары берилди. КРнын изилдөөгө алынган эки аймагы боюнча өспүрүм кыздардын физикалык жана жыныстык осуусунун калыптануусунда жагымсыз жагдайлар аныкталды. Бишкек жана Нарын шаарлар боюнча өспүрүм кыздардын соматикалык жана гинекологиялык оорулары салыштырылып баа берилди.

  • ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЗАЛАЛ ШИШИГИ МЕНЕН ООРУГАН ООРУЛУУЛАРГА НУР ЖАНА ХИМИОТЕРАПИЯ КОМПОНЕНТИН БИРГЕ КОЛДОНУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

    Т.А. Абдылдаев, С.Ш. Найзабекова, Ж.Н. Балтабаева
    143-146 13
    Аннотация

    Корутунду. Жатындын моюнчасындагы залал шишик оорусун дарылоонун негизги ыкмасы болуп хирургиялык жана нурлантуу жолу эсептелет. Дарттын андан ары жайылышына каршы ыкма катары химиотерапиянын ролу азыраак иликтенген. Химиотерапия, залал шишик оорусу параорталдык жана жамбаш сөөгүнүн лимфа түйүндөрүнө жайылып өтүшүп кеткен, стандартуу ыкмалар менен сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү аз бейтаптарга карата колдонулат. Андан тышкары, нурлантуу терапиясы менен бирге колдонулганда шишикке каршы дарылар организмдин нурду сезгичтигин жогорулатуучунун ролун аткарышы мүмкүн. Нурлантуу терапиясы менен бирге бир жолу химиотерапияны колдонуу бүгүнкү күндө дарт пайда болгон жерде жайылган процесстерди дарылоодогу стандартту ыкма болуп эсептелет. Жатын моюнчасында тараган залал шишик оорусуна чалдыккан 58 бейтапка карата жүргүзүлгөн биздин изилдөөдө радиомодификатор катары 40 мг\м2 цисплатин колдонулган. Ал нурлантуу терапиясы учурунда жумасына бир жолу гидратациялоо менен венага тамчылатып куюлду. Объективдүү натыйжалуулук 77,6%ды түздү.

  • СЕМИРИП КЕТКЕН КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН МЕДИЦИНАЛЫК-СОЦИАЛДЫК АБАЛДАРЫ

    Р.С. Асакеева , Н.Д. Шоонаева , А.К. Джакыпова
    147-149 8
    Аннотация

    Корутунду. Семирип кеткен кош бойлуу аялдардын медициналык-социалдык өзгөчөлүктөрүнө анализ жүргүзүү максатында акушердик-гинекологиялык жана соматикалык анамнездин негизинде социалдык, турмуштиричилик өзгөчөлүктөрү боюнча ретроспективдүү (171 учур) жана ипроспективдүү (147 учур) анализ, сурамжылоо жүргүзүлдү. Негизги топко - абдоминалдуу семирүү менен жабыркаган 198 аял, контролдук топко -дене салмагы нормалдуу болгон 120 аял кирди. Семирип кеткен кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү 30 жаштан жогорку аялдар болуп, алардын тамактануусу тең салмактуу эмес жана регулярдуу эмес экендиги, аз кыймылдашары белгилуу болду. Семирүүнүн II жана III деңгээлине көбүнчө менструалдык циклдин бузулушу, гинекологиялык оорулар жана экинчилик тукумсуздук, экстрагениталдуу оорулар менен жабыркаган аялдар киришет.

  • АЯЛДАРДЫН СЕМИРYYСYНYН АЛАРДЫН ЫМЫРКАЙЛАРЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    Р.С. Асакеева, Н.Д. Шоонаева , А.К. Джакыпова
    150-152 13
    Аннотация

    Корутунду. Эрте неонаталдык мезгилдеги семирип кеткен аялдардан төрөлгөн ымыркайлардын өзгөчөлүгүнө изилдөө жүргүзүү максатында 318 ымыркайга ретроспективдүү жана проспективдүү анализ жүргүзүлдү: 198 ымыркай - семирүүнүн ар кандай деңгээлиндеги аялдардан төрөлгөндөр, 120 ымыркай - дене салмагы нормалдуу аялдардан төрөлгөндөр. Семирүүнүн II жана III деңгээлине киргендерде контролдук топко киргендерге караганда түйүлдүккө жакын жайгашкан суунун аспирациясы көп кезигет (1,7 жана 2,5 эсе), акыректин сынышы (3,1 жана 6,2 эсе), кефалогематомдор (2,1 эсе), түйүлдүктүн өсүшүнүн тубаса кемтиги (4,4 жана 6,6 эсе). Төрөлгөндөн кийинки адаптация неонаталдык сарык оорусу менен коштолот (1,2 жана 1,8 эсе), сезгенүүнүн жогорку синдрому (4,1 жана 9,3 эсе), салмак жоготуу (2,1 жана 1,8 эсе). Демек, энелердин семирүүсү ымыркайларга өтө терс таасирин тийгизет.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ТYЙYЛДYКТӨРДYН ТУБАСА ООРУСУН УЛЬТРАЗВУК ИЗИЛДӨӨ АРКЫЛУУ АНЫКТАМА

    Ф.С. Джаманкулова, А.О. Доронбекова
    153-156 12
    Аннотация

    Корутунду. Макала азыркы учурда орчундуу болгон балдардын тубаса оорусунун пренаталдык диагностикасына арналган. Фолат көз каранды болгон түйүлдүктөрдүн тубаса ооруларын диагностикалоодо ультразвук изилдөөнүн мүмкүнчүлүктөрү изилденген. 337 тубаса оорусу бар болгон түйүлдүктөр изилденген. Ошонун ичинен 174 тубаса оорусу бар болгон түйүлдүктөр ультразвук диагностика аркалуу аныкталган. Фолат көз каранды тубаса ооруларын аныктоодо ультразвук диагностикасынын бийик эффекттүлүгү такталган. Фолат көз каранды тубаса оорурлардын жылдан жылга жана аяк суммасынын өсүшү аныкталган. Төрөлгөндө жашай албай турган тубаса ооруларды аныктоодо ультразвук диагностикасынын зор мааниси такталды.

  • БИР ЖАШКА ЖАНА БИР ЖАШТАН ҮЧ ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН КУРЧ ДИЗЕНТЕРИЯ ДАРТЫНЫН САЛЫШТЫРМАЛУУ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    Р.А. Надирбекова , Р.М. Кадырова , З.К. Джолбунова
    157-160 10
    Аннотация

    Корутунду. шаардык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган Ош шаарында жана жакынкы аймактарында жашаган 138 ымыркайдын жана 182 бир жаштан үч чейинки бейтаптар текшерилген. Үч жашка чейинки дизентерия менен ооруган ымыркай балдардын оору козгогучу Shigella Flexneri болгон. Бир жашка чейинки балдарда Shigella Flexneri козгогон Р<0,05) дизентерия оорусунун көбүнчө оор түрүндө жана өтүшүп (82,6±3,5%; 65,4±3,2%) кеткендиги тастыкталган. Бир жашка жана бир жаштан үч жашка чейинки бейтаптарда Shigella Flexneri козгогон дизентерия оорусунун клиникалык белгилерин узактыгы тастыктуу (Р>0,05) түрдө айырмаланбайт.

  • АЗЫРКЫ КЕЗДЕГИ БАЛДАРДА КЕЗДЕШКЕН СКАРЛАТИНА ООРУСУ

    Ж.Ж. Жолдошбекова, А.Т. Шайымбетов
    161-164 35
    Аннотация

    Корутунду. Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында 2015 жылы скарлатина жугуштуу оорусу менен дарыланган 47 баланын оору баяны изилденген. Бул оору менен мектепке чейинки (1 жаштан 6 жашка чейин) 76,6% балдар оорушкан. Көбүнчө бейтапканага катталганга чейин эле скарлатина диагнозу (70,8%-89,4%) балдарга клиникалык өзгөчөлүктөрү боюнча коюлган. Көбүнчө 61,7% дарттын орто абалдагы оорчулуктары кездешкен. Скарлатина дартынын курч мезгилинде өтүшүп кетүүсү 8,0% түзгөн.


     

  • ЫМЫРКАЙ БАЛДАРДА КЕЗДЕШКЕН ЭШЕРИХИОЗ I КАТЕГОРИЯСЫ

    А.М. Муратбекова , А.Р. Рысбекова , З.Б. Аршай, М.К. Беделбаев , М.К. Мамбетова , З.К. Джолбунова
    165-168 25
    Аннотация

    Корутунду. 2016-жылы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасында курч ичегикарын жугуштуу оорулары менен ооруган 65 ымыркай баланын бейтап баяны изилденди. Клиникалык-эпидемиологиялык жана бактериологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында эшерихиоз I категория илдетинин козгогучтарынын алдыңкы орунду ээлеген серотүрлөрү табылды: О111, О55, О44, О126. Жугуштуу ичеги- карын ооруларынын арасында энтеропатогендик ичеги таякчалары козгогон эшерихиоз илдетинин гастроэнтероколит, гастроэнтерит, жана энтероколит синдромдору кездешкени белгиленген. Оору негизинен оор (96,9%) түрүндө болду.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЭНДОДОНТИЯДА «ABSCESS REMEDY PASTE» ПРЕПАРАТЫН КОЛДОНУУ

    С.М. Эргешов, П.Д. Абасканова, Н.У. Усенова
    169-171 128
    Аннотация

    Корутунду.Бүгүнкү күндө өнөкөттүү периодонт оорусун дарылоо орчундуу маселе болуп эсептелет. Дарылоо убактысында жана андан кийин өнөкөт оорунун күчөп кетпеш үчүн «Abscess Remedy Paste» колдонулуп, жакшы жыйынтыгын берди, айрыкча өтө инфекция бар тиштин каналдарында.
     

  • ЖААК-БЕТ ТАРАБЫН ИЗИЛДӨӨДӨ КОНУСТУК-НУР КОМПЬЮТЕРДИК ТОМОГРАФИЯНЫН МYМКYНЧYЛYКТӨРY

    О.В. Скоробогатова, Г.О. Миненков
    172-179 21
    Аннотация

    Резюме. Конустук-нур компьютердик томографиянын (КНКТ) маалыматтарынын негизинде тиш жаак системасынын жана жаак-бет тарабынын (ЖБТ) ар кандай патологияларынын радиологиялык белгилерин текшерип-билүү изилдөөнүн максаты болуп эсептелген. 2400 пациенттин КНКТ сүрөттөрүнүн анализи өткөрүлгөн. Патологиялык жерлеринин денситометриясы Хаунсвилд бирдиги боюнча жүргүзүлгөн. Тиштер жана жаак аномалияларында; периодонт жана пародонттун сезгентүүчү деструктивдик өзгөрүүлөрүндө; үстүнкү жаак синустарынын сезгентүүчү өзгөрүүлөрүндө; жаактын түбү катырдуу шишиктеринде жана кисталарында; чыкыт-астыңкы жаак муундарынын (ЧАЖМ) ордунан козголгон же чыгып кетишинде, сезгентүүчү, дегенеративдик-дистрофиялык өзгөрүүлөрүндө; ЖБТ жаракат алуусунда жана түбү кайырдуу шишиктериндеги радиологиялык белгилери сүрөттөлүп бергилген. КНКТни колдонуу даралоонун андан наркы жолдорун аныктоо үчүн маанилүү болгон ЖБТнин  патологиялык аймакта мейкиндик жайланышын, таралышын жана мүнөздөмөсүн көрсөтүп берүүгө мүмкүндүк берет.

     

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ

  • СТУДЕНТ-МЕДИКТЕРДИН КЕП АДЕБИ

    Н.Ж. Касымбекова
    180-184 86
    Аннотация

    Корутунду. Акыркы жылдарда кеп адеби (өзгөчө жаштар арасында) маселеси курч турууда. Алардын бир күндүк активдүү лексикасын 300-400дөй сөз түзсө, болжол менен 30-35 мите сөздөр түзөт. Мите сөздөр (боштукту толтуруучулар) - кепте ашыкча колдонулган, мааниси жок сөздөр. Аларды аба, суу жолдору аркылуу берилүүчү жугуштуу оору деп санаса болот, анткени мите сөздөр кеп колдонулган чөйрөдөн жугат.
    Макалада студент-медиктердин оозеки кеби, т.а. андагы мите сөздөрдүн орду иликтөөгө алынат. Изилдөө иштери анкеттөө, ар кыл кырдаалдагы оозеки кепти үн жаздыруучу аппаратка жаздыруу ыкмалары аркылуу ишке ашат.Келечектеги дарыгерлердин кебиндеги мите сөздөрдүн сандык катышы аныкталгандан кийин, алардын пайда болуу себептери, тайманбай күрөш жүргүзүү зарылдыгы такталат жана күрөшүү жолдору сунушталат.

ЮБИЛЕЙЛЕР