Башкы редактор
Том 1 № 1 (2022): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
COVID-19 ООРУСУ МЕНЕН ООРУГАН ЖАШТАРДЫН ФИЗИКАЛЫК ЭМГЕК ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ
АннотацияТаржымал. Covid-19 пандемиясы учурунда жаш курактагы эркек адамдардын эмгек жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келүү убактысын аныктоо максатында өткөрүлгөн изилдөөгө кырк студент жана Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кырк спортчусу өз ыктыяры менен катышышты. Катышуучуларга велоэргометр аппаратында 50, 75, 100 Ватт физикалык күч жүктөлгөн жана алардын гомеостаз
көрсөткүчтөрү өлчөнгөн. Жыйынтыгында 100 ватт физикалык күч жүктөлгөндө,
Covid-19 оорусу менен ооруган студенттердин сатурациясы SPO2=94,4±1,53, ал эми
оорубаган студенттердики SPO2=97,7±0,30 (р<0,05), ооруган спортчулардыкы
SPO2=97,4±0,40, ал эми оорубаган спортчулардыкы SPO2=98,1±0,21 (р>0,05) көрсөттү.
Ушул физикалык күч жүктөлгөндө, ооруган жана оорубаган спортчулардын сатурация
деңгээлинин айырмачылыгы байкалган жок. Гомеостаздык көрсөткүчтөр боюнча
эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүнүн калыбына келиши ооруган студенттердики 10
мүнөт, ал эми оорубаган студенттердики 5 мүнөт, ооруган спортчулардыкы 5 мүнөт, ал
эми оорубаган спортчулардыкы 3 мүнөттү түздү.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ИЧКЕ ИЧЕГИЛЕРДИН ЖАБЫШУУСУ: ЭПИДЕМИОЛОГИЯСЫ, КЛАССИФИКАЦИЯСЫ, АЛДЫН АЛУУ
АннотацияКорутунду. Макалада ичке ичегинин адгезиялык өтүшүп кетиши маселеси каралат: эпидемиологиясы, классификациясы жана алдын алуу. Бир нече классификациялар
сүрөттөлгөн, алардын негизинде бир гана оордукту аныктоо эмес, ошондой эле
перитонеалдык адгезия индексин аныктоо жүргүзүлөт, ал адгезиялардын күчүн жана
хирургиялык кийлигишүү зарылдыгынын тобокелдигин стратификациялоону
аныктайт. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адистер адгезиялардын пайда
болушуна жана жабышчаак ичке ичеги-карындын өтүшүп кетишине каршы күрөшүү
проблемасынын үстүндө иштеп жаткандыгына карабастан, бул маселе ачык бойдон
калууда, актуалдуу жана андан ары изилдөөнү талап кылат. -
БАШ-СӨӨК ИЧИНДЕГИ ЖАРААТТЫК КАН КУЮЛУУЛАРДЫ ДАРЫЛООДОГУ ДИФФЕРЕНЦИЯЛЫК ЫКМА
АннотацияМатериал жана ыкмалар. Изилдөөлөр баш сөөк мээ жаракаты менен дарыланган 198
оорулууну талдап чыктык. Изилдөө үчүн обочолонгон жаракаттык баш сөөк ичиндеги
(эпидуралдык, субдуралдык, мээ ичиндеги) же алардын ар түрдүү айкалышы менен
болгон кан куюлуулары бар оорулуулар тандалып алынган. Бул изилдөөдө 130 (65,7%)
эркек жана 68 (34,31%) аял болгон. Оорулуулардын орточо жаш курагы 15 жаштан 81
жашка чейин өзгөрүлүп, 48,2±4,3 жашты түзгөн.
Натыйжалар. Жаракаттык баш сөөк ичиндеги кан куюлуулар көп учурда
транспорттук (74 байкоо – 37,4%) жана тиричиликтеги (69 байкоо – 34,8 %)
жаракаттарда кездешкен. Тез жардам линиясы боюнча 110 оорулуу (55,6%) клиникага
жеткирилген. 34 (17,1%) оорулууда жаракат мас абалында алынган. Булар көп учурда
тиричиликтеги жаракат болгон.
Хирургиялык кийлигишүүлөрдүн жана консервативдүү дарылоонун оптималдык
мөөнөттөрү жана ыкмалары жарааттык баш-сөөк ичиндеги кан куюлуулардын
жайгашуусуна, көлөмүнө жана бейтаптын неврологиялык функцияларынын
компенсация деңгээлине таянаары далилденген.
Корутунду. Жарааттык баш-сөөк ичиндеги кан куюлууларды дарылоодогу
хирургиялык жана консервативдүү ыкмалардын натыйжаларына таасир этүүчү
жагымсыз факторлор катары курч мезгилдеги орой декомпенсация фазасы, мээнин
ичиндеги жайгашуусу жана доминанттык жарым шарда орун алуусу табылган. -
ГИПОФИЗДИН АДЕНОМАСЫНАН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫН НЕЙРООФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК СИМПТОМАТИКАСЫНА САЛЫШТЫРМА ТАЛДОО
АннотацияКорутунду. Гипофиздин аденомасынан жабыркаган 170 бейтаптар изилденген.
Изилденгендердин ичинде эркектер – 72 (42,4%), аялдар – 98 (57,6%).
Жабыркагандардын жаш курагы 14 ден 74 жашка чейин.
Алгачкы жолу маанилүү клиникалык материалда гипофиз аденомасы бар бейтаптарда
нейроофтальмологиялык симптоматиканын шишиктин жайгашуусунан, өсүү
өзгөчөлүгүнөн, көлөмдүү түзүмдүн өлчөмүнөн көз карандылыгы статистикалык
ишенимдүү экендиги айкындалды. Алгачкы жолу эндосупраселлярдык гипофиз
аденомасын ар кандай хирургиялык ыкмалар менен алуудан кийнки
нейроофтальмологиялык симптоматиканын динамикасы окшош тайпалардагы
бейтаптарда салыштыруу аркылуу изилденген. Хирургиялык дарылоодон кийинки
көрүү функцияларынын динамикасынын шишиктин мүнөзүнөн жана көрүү
бузулууларынын операцияга чейинки айкындыгынан, ошондой эле көрүү
бузулууларынын стадиясынан көз карандылыгына талдоо жасалган. Көрүү
функцияларынын эрте жана алыскы операциядан кийинки мезгилде начарлоого алып
келүүчү факторлор аныкталган. -
БАШ МЭЭНИН ООР ДАРАЖАДАГЫ ЖАРАКАТЫН КОЛДОНУЛУУЧУ ТРЕПАНАЦИЯ ЫКМАЛАРЫНА ЖАРАША НЕЙРОХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ
АннотацияИзилденгендердин ичинде 109 (85,8%) эркек 18 (14,2%) аял болгон.
Жабыркагандардын жаш курагы 17 ден 82 жашка чейин. Бейтаптардын орточо курагы
42,4±5,6 жаш болду. Баш-мээсинен оор жаракат алган 127 оорулуулардын арасында 8
бейтап каза тапты. Бул изилдөөдө өлүмдүн жалпы пайызы 6,3% түздү. -
БЕЛ ОМУРТКАСЫНДАГЫ ДИСК ЧУРКУСУНУН НЕЙРОВИЗУАЛИЗАЦИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫ
АннотацияКиришүү. Диагностика арсеналында компьютердик томография (КТ) жана магниттик-
резонанстык томографиянын (МРТ) пайда болуусу менен келген жаңы
мүмкүнчүлүктөр пайда болду. КТ жана МРТ практикага киргизилгенден бери
маалыматтардын ишенимдүүлүгү 82 - 93% чейин жогорулады.
Эмгектин максаты: Клиникалык сүрөттөмө жана колдонулган изилдөө, дарылоо
ыкмаларынын натыйжасын жакшыртуу жолу менен бел омуртка диск чуркусунан
жапа чеккен бейтаптардын хирургиялык жол менен дарылоосун жана
диагностиканын өркүндөтүү.
Материал жана ыкмалар. Эмгек нейрохирургия бөлүмдөрүндө оперативдик (116 -
83,5%) жана консервативдик (23 - 16,5%) стационардык дарылоо алган бел омуртка
чуркусунун кабылдоолорунан жапа чеккен 139 бейтаптын клиникалык,
диагностикалык изилдөөнүн, хирургиялык дарылоо комплексинин маалыматтарын
талдоону камтыйт. Бейтаптардын курагы 19 дан 72 жашка чейинки чекте термелген.
Натыйжалар. Жогорку маалыматтуу МРТ ыкмасын колдонуу аркылуу ооруу
синдрому жана сезүү бузулуулары дисктин деңгээл санынан, омуртка каналында
жайгашуусунан жана өлчөмүнөн көз каранды экендиги анкыталды. ооруу
синдромунун жана сезүү бузулууларынын деңгээли пролапс болгон дисктердин
санына байланышта болгон.
Корутунду. Бел омурткасындагы диск чуркулары бар бейтаптарды изилдөөдөгү
оптималдык алгоритм нейрохирургиялык кийлигишүү жасоодон мурун чечим кабыл
алууда бел омурткасынын рентгенографиясынан, жүлүндүн жана омуртка устунунун
МРТсынан, жана көрсөтмө болсо магниттик-резонанстык миелографиядан турат. -
ХИРУРГИЯЛЫК УРОЛОГИЯДА АНТИМИКРОБДУК ДАРЫЛАРДЫ КОЛДОНУУНУН ЗАМАНЧЫЛЫК АСПЕКТТЕРИ (АДАБИЙ СЕРЕП)
АннотацияБюджеттин тартыштыгы болгон саламаттык сактоо уюмдары үчүн микробго каршы
каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды ишке ашыруу
экономикалык жактан натыйжалуу, өз убагында жана актуалдуу чара болуп саналат.
Макалада PubMed, ScienceDirect, eLibrary маалымат базаларында хирургиялык
урологияда микробго каршы каражаттарды колдонуу практикасын жакшыртуу боюнча
жарыяланган илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары талданат жана
системалаштырылган.
Азыркы учурда антибиотиктерге туруктуулукту контролдоонун жана чектөөнүн
негизги стратегиялык ыкмалары аныкталган, алар өнүгүү деңгээлине карабастан
бардык мамлекеттер үчүн актуалдуу. Антибиотиктерге туруктуулукту чектөөнүн
негизги ыкмасы жугуштуу оорулардын алдын алуу жана микробго каршы
туруктуулуктун жайылышын алдын алуу болуп саналат. Антибиотиктерге туруктуу
штаммдарды жана микробго каршы туруктуу инфекцияларды көзөмөлдөө
жергиликтүү жана мамлекеттик деңгээлдеги антибиотиктерге туруктуулукту
кармоонун артыкчылыктуу багыты болуп саналат. ВОЗунун алдында бириккен
өлкөлөр антибиотиктерге туруктуулук менен күрөшүүнүн үчүнчү принцибин
карманышат, “клиникалык практикада антибиотиктерди рационалдуу жазып берүүнү
башкаруу”. Сезгичтикти аныктоо үчүн жаңы антибиотиктерди жана диагностикалык
тесттерди иштеп чыгуу фармацевтика тармагынын өнүгүүсүнүн азыркы абалы үчүн эң
актуалдуу жана кыйын болуп саналат.
Хирургиялык урология бөлүмдөрүндө операциядан кийинки инфекциялык
татаалдашуулардын учурларын жана алардын келип чыгышынын тобокелдик
факторлорун аныктоого, микробго каршы препараттарды колдонуу практикасын
изилдөөгө жана аларды колдонуунун стереотиптерин оптималдаштырууга багытталган
изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүү зарыл. Алынган локалдык маалыматтар
операциядан кийинки инфекциялык асқынуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды
оптималдаштыруу үчүн зарыл, бул операция жасалган пациенттерди ооруканага
жаткыруу мөөнөттөрүн жана аларды дарылоого кеткен чыгымдарды кыскартууга, натыйжада көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга жардам
берет.
Урологиялык операцияларда микробго каршы препараттарды колдонууну
рационалдаштырууга багытталган тереңдетилген изилдөөлөрдү жүргүзүү калкка жана
бүтүндөй мамлекетке сапаттуу жана коопсуз медициналык жардам көрсөтүүгө
багытталган актуалдуу жана популярдуу иш болуп саналат. -
АЯЛДАРДЫН ПОСТМЕНОПАУЗАДАГЫ ЦИСТИТ ПРОБЛЕМАСЫНЫН НЕГИЗГИ АСПЕКТТЕРИ
АннотацияДүйнөдө жашоонун узактыгынын өсүшү жаш куракка байланыштуу патологиялык
шарттардын таралышынын өсүшү менен коштолууда. ДСУнун маалыматы боюнча,
2030-жылга карата 1,2 миллиардга жакын аял заара-жыныс органдарынын
бузулууларынын өнүгүшү менен коштолгон постменопауздук мезгилде болот.
Постменопаузалдык мезгилде цистит менен ооруган аялдарды диагностикалоо жана
дарылоо медициналык гана эмес, ошондой эле физикалык жана психологиялык жактан
бузулууга алып келген социалдык маанилүү көйгөй болуп саналат. Изилдөөнүн
максаты постменопаузадагы аялдардын циститинин диагностикасы жана дарылоосу
боюнча заманбап илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын талдоо жана
системалаштыруу болгон. Постменопаузадагы аялдарда циститти диагностикалоо
жана башкаруу көйгөйү боюнча акыркы 10 жылда эл аралык маалымат базаларында
жарыяланган 50 адабий булактардын изилденген жарыяланган маалыматтары.
Эстрогендин жетишсиздиги постменопаузадагы аялдарда циститтин өнүгүүсүнүн
негизги предиктору болуп саналат, ал заара чыгаруучу каналдын төмөнкү үчтөн бир
бөлүгүнүн эстрогенге көз каранды органдарында атрофиялык жана дистрофиялык
процесстердин өнүгүшү менен ар кандай урогениталдык бузулуулар менен коштолот.
Заманбап шарттарда постменопаузадагы аялдарда циститтин клиникалык
көрүнүштөрүн стандартташтыруу өзгөчө актуалдуу болуп саналат жана дарылоонун
сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана жашоонун сапатын баалоонун эң мыкты
куралы болуп саналат. -
АКЫРЕК СӨӨКТУН ЧЫГЫШЫН ОПЕРАЦИЯ ЖАСОО ЫКМАСЫ
АннотацияКорутунду. Бул макалада акромиалдык акыректин учунун чыгып кетүүсүнүн
хирургиялык дарылоодогу клиникалык тажрыйбасы талкууланат. Заманбап
импланттардын өнүгүшүнө, хирургиялык техниканын өркүндөшүнө карабастан,
бүгүнкү күндө канааттандыраарлык эмес натыйжалардын саны жогору бойдон калууда. Бул изилдөөнүн максаты акромиялдык акырек муундун жаракаттарын
дарылоонун натыйжаларын электро-оптикалык түтүктүн көзөмөлүндө коракоид –
акыректик байламталарды калыбына келтирүү аркулуу жакшыртуу болуп саналат.
Изилдөө топторундгы бардык 13 бейтапка орто деңгээлдеги стационарда акырек
сөөгүнүн сынуусунан операция жазалган. Авторлор электро-оптикалык башкарууну
колдонуу менен акромиалдык жана коракоиддик процесстер аркылуу корако-
акромиалдык байламталарды минималдуу-инвавиздик калыбына келтирүү ыкмасын
сунуш кылышкан. Сунушталган ыкманын натыйжалуулугун баалоо үчүн Констант
шкаласы, ал эми ооруну аныктоо үчүн визуалдык аналогдук шкала (ВАШ)
колдонулган. Изилдөө жүргүзгөн топтордогу натыйжа бейтапты эрте активдештирүү,
стационарда болуу мөөнөтүн 4 күнгө кыскартуу, эрте реабилитациалоо жана толук
айыккандыктан сунушталган ыкманын жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.
Сушушталган ыкма биздин өлкөнүн травматологиялык жана ортопедиялык кызматы
үчүн колдонмо болуп саналат. -
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТООЛУУ ШАРТТАРДА ЖАШАГАН ЖАРАЛУУ ГАСТРОДУОДЕНАЛДЫК КАН АГУУ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДАГЫ КОАГУЛОГРАММАНЫН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНДӨГҮ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР
АннотацияКөп жылдан бери тоо шартында кандын ар кандай компоненттерин, жүрөк-кан тамыр
системасын, өпкө патологиясын изилдөө медицина илиминде алдыңкы орундардын
бирин ээлеп келет. Акыркы жылдары тоо-кен тармагынын өнүгүшүнө, туризмдин
өнүгүшүнө жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу биз тоолуу аймактарга
миграциянын күчөшүнө күбө болдук, бул бизди тоо шарттарынын таасири боюнча ар
кандай патологияларды деталдуу изилдөөгө түртөт. Изилдөөнүн максаты: ашказан
жарасы жана он эки эли ичегинин жарасы менен ооруган, Кыргыз Республикасынын
тоолорунда жашаган адамдарда кан агуу менен ооругандардын коагулограмма
көрсөткүчтөрүнүн мүнөздөмөлөрүн аныктоо. Материалдар жана методдор: иштеп
чыгууга Нарын облусунда (бийик тоолуу шарттарда) жана Бишкек шаарында (жапыз
тоолуу шарттарда) жашаган 65 ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы менен
жабыркаган бейтап камтылган, алар хирургиялык бөлүмдөрдө стационардык
дарылоодо болушкан. Изилдөөдө анамнездин маалыматтары, объективдүү жана
эндоскопиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары, лабораториялык маалыматтар жана
гемостаз системасынын абалынын көрсөткүчтөрү колдонулган. Натыйжалар:
изилдөөнүн натыйжасында бийик тоолуу шарттарда гемоглобиндин (8,2%ке),
эритроциттердин (6,5%ке), тромбоциттердин (17,6%ке), тромбокриттин (28%ке)
деңгээли жогору экени аныкталган. Бийик тоолуу шарттарда тышкы кан токтотуу
системасынын активдүүлүгү жапыз тоолуу топтун бейтаптар тобуна караганда жогору
(17,8%ке). Бийик тоолуу шарттарда ички гемостаз системасынын активдүүлүгү жапыз
тоолуу топтун бейтаптар тобуна караганда жогору (26%ке).
ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ЫМЫРКАЙ БАЛДАРДА КОРОНАВИРУС ИЧ ӨТКӨГҮ (COVID 19)
АннотацияКорутунду. Иште 2020-2021-жылдар аралыгында Республикалык клиникалык
жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланган 44 жаш баланын коронавирустук ич
өткөк оорусунун клиникалык-эпидемиологиялык мүнөздөмөсү келтирилген. Коронавирустук ич өткөк менен ооруган балдардын курактык түзүмүндө 1 жаштан
жогорку балдар 59,1%, жашоонун биринчи жылындагы балдар 40,9% түздү. Балдардын
56,8% башка ооруканалардан которулуп, алар курч ичеги инфекциясы дарты менен
дарыланган. Текшерилген балдарда коронавирустук ич өткөк 59,0% вирустук-
бактериалдык өпкөнүн сезгениши менен айкалышкан. Коронавирустук жугуштуу оору
дарты полимераздык чынжыр реакциясы (ПТР) аркылуу мурун-тамактан алынган
тампондордо SARS-CoV-2 РНКсынын табылышы менен тастыкталды. Кандагы
прокальцитонинди (ПКТ) сандык аныктоо суудай ич өткөк менен ооругандардын
79,5%да аныкталган. Жыйынтыгында анализ көрсөткөндөй, 11 (25,0%) балада
бактериялык асқынууларсыз коронавирус инфекциясынын курсу бар. Оору
жалпысынан жагымдуу натыйжа менен орточо түрүндө өттү. Жыйынтыгында суудай
ич өткөк коронавирустук жугуштуу оорунун белгилеринин бири экени, ал эми ич өткөк
менен ооругандардын абалынын оордугу вирустук-бактериалдык өпкөнүн сезгениши
менен көбүнчө айкалышы аныкталган. -
ӨСПҮРҮМДӨГҮ КОВИД ИНФЕКЦИЯСЫ МЕНЕН НЕРВ СИСТЕМАСЫНЫН ООРУСУ. КЛИНИКАЛЫК БАЙКОО
АннотацияКорутунду. Балдарда COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясы көпчүлүк учурда
чоңдорго караганда жеңилирээк, бирок башка курч инфекциялык оорулар, фондопатология жана иммундук реактивдүүлүктүн начарлашы менен айкалышып, өзгөчө
коркунуч туудурушу мүмкүн. Адабият боюнча, балдардын COVID-19 оорусу 1-11%
түзөт. COVID-19дагы неврологиялык бузулуулар SARS-CoV-2нин "цитокин
бороонуна", гипоксемияга, нейротропизмге жана нейровирулентине байланыштуу
болушу мүмкүн. PubMed, Scopus жана Google Scholar маалымат базаларын колдонуу
менен жаңы коронавирус инфекциясы боюнча көптөгөн басылмалардын анализи
патологиялык процесске мээ кабыктары, тамырлар жана мээ паренхимасы тартылышы
мүмкүн экенин көрсөтүп турат. COVID-19 жана анын балдардагы кыйынчылыктарын
дарылоодо мультидисциплинардык мамиленин зарылдыгын эмне аныктайт.
Макалада өспүрүмдүн нерв системасынын бузулушу менен SARS-CoV-2 менен
шартталган оор COVID-19 клиникалык учуру сүрөттөлөт. -
КУРАГЫ БИРИНЧИ ЭКИ АЙЛЫК БАЛДАРДА ӨПКӨНҮ ЖЕЛДЕТҮҮ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ПНЕВМОНИЯДА ПНЕВМОТОПТУК КОЗГОГУЧТАРДЫН АНТИБИОТИКТЕРГЕ ТУРУКТУУЛУГУ ЖАНА ЭТИОСТРУКТУРАСЫ
АннотацияЖыйынтык. Курагы биринчи эки айдагы балдарда өпкөнү желдетүү менен
байланышкан пневмонияда пневмотроптук оору козгогучтардын антибиотиктерге
болгон туруктуулугу жана этиоструктурасы изилденди.
Материалдар жана изилдөө ыкмалар. Изилдөө объектиси болуп өпкөнү желдетүү
менен байланышкан пневмониялуу 98 бала болду. Эндотрахеалдык түтүктөн
биоматериалды алуу, биз иштеп чыккан контоминациясыз коопсуз корголгон ыкма
аркылуу вакуум – аспиратор менен жүргүзүлдү. Микробиологиялык изилдөөдө,
төмөнкү азыктуу чөйрөлөр колдонулду: 5% кан агары, шоколад агары, жумуртканын
сары туздуу агары, Сабуро, Эндо чөйрөсү.
Натыйжалар: Өпкөнү жасалма желдетүүгө байланышкан пневмониянын
этиоструктурасында грамм терс флора (53,42% каршы31,96%<0,05), жетилип жана ара
төрөлгөн балдарда (Р>0,05) дээрлик бирдей басымдуу катышта болду. Неонатологияда
кеңири колдонулчу бардык антибиотиктерге пневмопатогендүү грамм оң микрофлора
2чи 3чү муундагы пенициллиндерге, цефалоспориндерге жана 1чи муундагы
макролиддерге жогорку туруктуулугу аныкталды. Неонатология практикасында
колдонулчу грамм терс пневмопатогендүү микрофлора дээрлик бардык
антибиотиктерге туруктуу. -
КЫРГЫЗСТАНДА АКЫРКЫ 20 ЖЫЛДА ВАКЦИНА МЕНЕН БАШКАРЫЛГАН ЖУГУШТУУ ООРУЛАРЫНЫН ДАРТТУУЛУКТУН ДИНАМИКАСЫ
АннотацияКорутунду. Кыскача маалымат Кыргызстанда акыркы 20 жыл ичинде вакцина менен
алдын ала турган жугуштуу оорулардын оорусуна талдоо ДСУнун жылдык
баяндамаларынын жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
департаментинин (ДСЭС) жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар
ооруканасынын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлгөн. (РКЖОК) Кыргыз Республикасы. Кызамык, кызылча, кептөөр, көк жөтөл, паротит жугуштуу оорулар
сыяктуу оорулардын динамикасы жана агымынын өзгөчөлүктөрү келтирилген.
МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ
-
МЕДИЦИНАЛЫК СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК-КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ
АннотацияКорутунду. Тилдик компетенттүүлүк медициналык адистерди даярдоонун ажырагыс
элементи болуп саналат. Чет тилин билүү дарыгердин кесиптик ишин ийгиликтүү
жүргүзүү үчүн зарыл шарт болуп саналат. Билим берүү менен илимди дүйнөлүк
мейкиндикке интеграциялоо Заманбап адиске англис тилин эркин билүү милдетин
коет. -
ВРАЧТЫН КЕП ЭТИКАСЫ
АннотацияКорутунду. Врачтын пациент менен болгон баарлашуусу анын билиминин гана эмес,
тарбия деңгээлинин, рухий берешендигинин жана боорукерлигинин көрсөткүчү болуп
эсептелет. Пациентке карата болгон камкор жана ыкыластуу мамиле – бул
ырайымдуулуктун көрсөткүчү. Диагнозду жана дарылоону туура коюп, дайындоо үчүн
врач кеп этикетин сактоо менен, б.а. сылыктык жана адептүүлүктүн оозеки
формаларын билиши зарыл. Ал кайсы формалар? Кайсы жана кандай жагдайларда
аларды колдонуу керек? Врач менен мамиледеги түшүнбөстүккө жана ага карата
пациенттин ишенбөөчүлүгүнө эмнелер алып келиши мүмкүн? Бул жана башка
суроолор сунушталып жаткан макалада каралат.
ЮБИЛЕЙЛЕР
-
КАФЕДРЕ «ДЕТСКИХ ИНФЕКЦИОННЫХ БОЛЕЗНЕЙ» ИСПОЛНИЛОСЬ 50 ЛЕТ!
АннотацияКАФЕДРЕ «ДЕТСКИХ ИНФЕКЦИОННЫХ БОЛЕЗНЕЙ» ИСПОЛНИЛОСЬ 50 ЛЕТ!
-
ВКЛАД СУЛАЙМАНА ИМАНБАЕВА В РАЗВИТИЕ СИСТЕМЫ ЗДРАВООХРАНЕНИЯ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
АннотацияВКЛАД СУЛАЙМАНА ИМАНБАЕВА В РАЗВИТИЕ СИСТЕМЫ ЗДРАВООХРАНЕНИЯ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ