Башкы редактор
Том 3 № 3 (2019): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
ФАРМАЦИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ИЗУЧЕНИЕ МОРФОЛОГО-АНАТОМИЧЕСКИХ ОСОБЕННОСТЕЙ НАДЗЕМНОЙ ЧАСТИ ЛЕКАРСТВЕННОГО СЫРЬЯ КЛОПОВНИКА ШИРОКОЛИСТНОГО (LEPIDIUM LA TIFOLIUM L.)
АннотацияРезюме. Проведено морфолого-анатомическое изучение надземной части Lepidium latifolium L., собранного на территории Энбекшинского района Алматинской области Республики Казахстан. Анатомическое исследование растения проводилось согласно методическому указанию Барыкиной Р.П. Для приготовления препаратов использовали высушенное сырье. Фиксацию проводили по методике Страсбурге-Флемминга (спирт, глицерин, вода, в соотношении 1:1:1). Определены морфологиче ские и анатомические признаки стебля и листьев Lepidium latifolium L., что позволяет провести идентификацию данного вида.
-
ИЗУЧЕНИЕ БЕЗОПАСНОСТИ ТАБЛЕТОК, ПОКРЫТЫХ ОБОЛОЧКАМИ НА ОСНОВЕ ЖАНТАДИНА
АннотацияРезюме. В статье представлен результаты исследования острой и подострой токсичности таблеток, покрытых оболочками на основе экстракта верблюжьей колючки на беспородных белых мышах. Показано, что данное лекарственное средство не имеют токсического действия при однократном (острая токсичность) и многократном (подострая токсичность, 30 дней) пероральном введении.
-
КОНТЕНТ-АНАЛИЗ НОМЕНКЛАТУРЫ ПРОТИВОЯЗВЕННЫХ ЛЕКАРСТВЕННЫХ ПРЕПАРАТОВ ОТЕЧЕСТВЕННОГО ПРОИЗВОДСТВА, ЗАРЕГИСТРИРОВАННЫХ В РЕСПУБЛИКЕ УЗБЕКИСТАН
АннотацияАнализ номенклатуры противоязвенных лекарственных препаратов, зарегистрированных в Республике Узбекистан показал, что на фармацевтическом рынке Узбекистана противоязвенные препараты представлены такими лекарственными формами, как капсулы, таблетки, суспензии, инъекционные растворы и гранулы, подавляющее большинство которых являются препаратами синтетического происхождения. Учитывая, что доля противоязвенных лекарственных препаратов, зарегистрированных в Республике Узбекистан на основе лекарственного растительного сырья, составляет незначительное количество - 1 препарат (3,34% от количества отчественного производства), целесообразно создание противоязвенного лекарственного препарата на основе лекарственного растительного сырья.
ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭХИНОКОККОЗДОРДУН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ (Нарын жана Ош облустарынын мисалында)
АннотацияКорутунду. 2009 - жылдан 2018 - жылдар ичинде республикадагы жана анын ичиндеги очок чордондуу аймактардагы эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын кездешүүсү жана таркалышы боюнча салыштырмалуу анализ жүргүзүлдү. Интенсивдуу көрсөткүчтөрү боюнча эхинококкоз оорусу менен Нарын облусунун жашоочулары, ошол эле учурда альвеококкоз оорусу менен Ош облусунун калкы көп ооругандыгы белгиленди.
-
ЖАНЫ КУРУЛУШТА ЖАШАГАН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДАН ТАМАКТАНУУСУНУН БУЗУУЛАРЫНЫН ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ИШИНДЕ МЕДИЦИНАЛЫК АЙЫМ АДИСТЕРИНИН РОЛУ
АннотацияКорутунду. Ак-Орго жаны курулушунда мектепке чейинки балдардын тамактануусунун физикалык онугуусунун таасирин билиттт учун 300 ата-эне суралган жана антропометрикалык изилдоо жургузулгон. Мектепке чейинки жаштагы балдардан тамактануусунда жетишпегендиктер тастыкталган. Мунун натыйжасында тамактанууда жашылча, жер- жемиш, сут, сут азыктары, балык жана эт азыктарынын жетишсиздиги тастыкталган. Салыштырмалуу анализ жасаганда тура жана тура эмес тамактанган балдардын онугуусундо айырма келип чыккан. Туура тамактанган балдардын онугуусу бийигирек болгон. Мектепке чейинки мекемелерди жана ЦСМдарда медициналык ишкерлеринин тарабынан тура маалымат беруусу чон мааниге ээ.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЗАМЫКТЫН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
АннотацияКорутунду. Кыргыз Республикасындагы кызамыктын эпидемиологиялык абалы боюнча талдоо жургузулду. Кобунэсе бир жаштан беш жашка чейинки эмделбеген балдар ооруйт. Кызамыкка карты эмдоо камтуусунун томондошу, республиканын региондорунда кызамыктын катталынбоосу кызамыктын эпидемиологиялык процессинин узарышына оболго тузот жана кызамыктын вирусунун элиминация болушуна терс таасирин тийгизет
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
ДИАБЕТТИН УЗАКТЫГЫНА ЖАРАША ТИОКТ КЫЧКЫЛДЫГЫНЫН ДИАБЕТТИК ПОЛИНЕВРОПАТИЯНЫН БЕЛГИЛЕРИНЕ КАРАТА КОЛДОНУУ ТАЖЫРЫЙБАСЫ
АннотацияКорутунду. 2-типтеги кант диабетин комплекстуу дарылоодогу, тиокт кычкылдыгынын (ТК) диабеттик полиневропатиянын (ДПН) объективдуу жана субъективдуу белгилерине тийгизген таасирин изилдее: 2-типтеги кант диабети менен жабыркап, Rompharm Company еидурген ТК (Тиоктон) алган 42 бейтап негизги топто жана ТК албаган 24 бейтап салыштырма топто. Диабеттин узактыгына карата: 1-топ 5 жылдан 10 жылга чейин, 2-топ 10 жылдан ашык. ТК оц таасири 2-типтеги кант диабети менен жабыркаган бейтаптарда ДПНнын объективдуу жана субъективдуу көрсөткүчтөрүнө ооруунун узактыгынан коз каранды болуп, узактыгы 10 жылдан ашык топто көбүрөөк байкалат, ал эми салыштырма топто субъективдуу гана көрсөткүчтөр бираз төмөндөгөн. ТК колдонуудагы 2-типтеги кант диабетинин ДПНга тийгизген он таасиринин туруктуулугун 1 айдан ашык сакталуусу үчүн, ТК амбулатордук шарттарда колдонууну улантуу туура келет.
-
АИВ МЕНЕН ООРУГАН АДАМДЫН ЦЕРЕБРАЛДЫК ТОКСОПЛАЗМОЗДУН КЛИНИКАЛЫК ОКУЯСЫ
АннотацияКорутунду. Токсоплазмоз АИВ оорулуулардын актуалдуу оппортунистикалык инфекцияларынын бири болуп саналат. Церебралдык токсоплазмоз- дун өзгөчө белгилери жок, ошондуктан дартты аныктоо кыйынчылыкты туудурат. Бул макалада мисалга келтирилген клиникалык учурда церебралдык токсоплазмоздун клиникалык багыты АИВ инфекциясынын алкагында көрсөтүлгөн. Церебралдык токсоплазмозду лабораториялык аныктоодо маанилуу болуп иммуноферменттик кандын анализинен токсоплазмозго каршы антителдерди аныктоо жана баш мээсинин МРТсы маанилуу болуп эсептелет.
-
В ЖАНА С ӨНӨКӨТ ВИРУСТУК ГЕПАТИТИ БОЮНЧА КЛИНИКАЛЫК ОКУТУУГА ЧЕЙИНКИ СТУДЕНТ-МЕДИКТЕРДИН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ
АннотацияКорутунду. Кыргыз Республикасында В жана С вирустук гепатитинин жайылышы оорунун акыркы беш жыл ичинде азайгандыгына карабастан жогору бойдон калууда. Медицина жаатындагы 1-2-курстагы студенттердин клиникалык окутууга чейинки вирустук гепатит боюнча билим деңгээли жетишсиз. Вирустук гепатитке кабылуу коркунучунун айрым факторлору, өнөкөт вирустук гепатиттин жугуу жолдору жана аны алдын алуу чаралары, сергек жашоо образын сактоо боюнча билимдин аздыгы белгилүү болду. Келечектеги адистерди даярдоодо мына ушуларга көбүрөөк көңул буруусу зарыл.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ДЕКОМПЕНСИЛЕРГЕН САРЫК МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫ ВАРИКОЗДУК КЕНЕЙГЕН ВЕНАЛАРЫНАН КАН АГУУСУНУН ДИАГНОСТИКАЛЫК ЖАНА ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ (сереп адабиятты)
АннотацияКорутунду. Макалада боорлун декомпенсилерген цирроз оорусу менен ооругандардын варикоздук кенейген веналарынан кан агуусунун клиникалык керунушунун жана диагностика-методдорунун өзгөчөлүктөрүнө анализ жүргүзүлөт. Бул кагегориядагы оруулардын өлүмү кызыл өнгөчтүн, ашказандын жана башка сейрек жайгашуусунун варикоздук кенейген веналарынан кан агул учурларына байланыштуу. Ушуга тийешелүү бар каражаттарды колдонуу жана алдын алуу методдорун портоковалдык анастомозду түзүүден өнүккөн, жаны дарылоо жана алдын алуу методдорун иштеп чыгуу бул категориядагы оорулардын терапиясын жакшыртууга кошкон салым болуп эсептелет.
-
УЗУН ТҮТҮКТҮҮ СӨӨКТӨРДҮ АЙКАЛЫШТЫРЫП УЗАРТУУ
АннотацияКорутунду. Биздин илимий ишинде узун түтуктүү сөөктөрдү узартуу боюнча жаңы ыкма көрсөтүлгөн, тышкы бекитилүүчү аппаратты жана чөгөрүлгөн остеосинтезди айкалыштырып колдонуу негизинде. Сөөктөрдү айкалыштыруу менен узартуу сунушталган ыкмасын колдонуу, тубаса жана кабылданган кыскаруусун дарылоонун жакынкы жана алыскы жыйынтыктарын алда канча жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет
-
АРТКЫ КАПКАКЧАНЫ САКТОО МЕНЕН ЖАНА МИТРАЛДЫК КАПКАКЧАНЫ САКТАБАЙ ПРОТЕЗДӨӨНҮН ТҮЗДӨН ТҮЗ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
АннотацияКорутунду. Жүрөктүн митралдык капкакчасын протездөөдө арткы капкакчаны сактоо менен жана капкакчаларын толук алып салуу операцияларынын жыйынтыктарына салыштырмалуу баа берилди. Талдоого жүрөктун митралдык капкак оорусу менен 46 бейтап алынды. Арткы капкакчаны сактоо менен жасалган митралдык протездөөнүн негизги тобун 23 бейтап түздү. Хорда-папиллярдык аппаратын жана капкакчаларын толук алып салуу менен өткөрүлгөн митралдык капкак имплантациялоодо көзөмөлдүк топко 23 бейтап кирди. Жакынкы операциядан кийинки мезгилде көзөмөлдөгү топтогу бейтаптарга караганда (баштапкы операцияга чейинки көрсөткүч 5,6мл), негизги топтогу бейтаптарда сол карынчанын акыркы-диастолдук көлөмү бир далай азайган (операцияга чейинки көрсөткүчтөргө салыштырганда 8,9 мл ге). Сол карынчанын ремоделденүүсүнүн эсебинен көзөмөлдүк топтогу бейтаптарда көлөмдүк күчтүн көбөйүшү жүрөктүн бүркүп берүү күчүнүн төмөндөшү менен коштолгон. Негизги топтогу бейтаптарда жүрөктүн ички кан айлануусунун нормалдашуусун, сол карынчанын көлөмдүк жана сызыктуу көрсөткүчүнүн азайышын, андан сырткары анын жыйрылуу күчүнүн көбөйүшүн, операциядан кийинки эхокардиографиялык маалымат күбөлөндүрөт. Көзөмөлдүк топто сол карынчанын эхокардиографиялык күчү бир аз жакшырган бирок бүркүп берүү күчү төмөндөгөн (59,0±9,8% дан 56,1±9,4% га чейин). Мындан тышкары, негизги топто жасалма кан айлануу убактысынын узактыгы көзөмөлдүк топко караганда аз (83,6±32,3 мин 115±32,0 тиешелүү түрдө).
-
БАШ СӨӨКТӨРҮНҮН КЕМЧИЛИКТЕРИНДЕ ЖЕКЕ ӨЗДҮК ТИТАН ИМПЛАНТАРЫН КОЛДОНУУ
АннотацияКорутунду. Жеке өздүк компьютердик метод менен жасалган титан имлантарынын колдонулушу орулуунун татаал жана кең формадагы краниопластиканы жасаганга жардам берет.Жакшы эстетикалык жана иш жыйынтыктарга жетишүүгө, операция убакыттысын азайтуу, септикалык, краниопластика титан пластина менен колдонуу пайдасына, далил катары колдонсо болот. Биздин изилдөөдө, оорулуунун неврологиялык жактан начарлашы байкалган эмес.
-
БАШ МЭЭНИН ГЕМОРРАГИЯЛЫК КАН КУЮЛУУЛАРЫНДАГЫ ХИРУРГИЯЛЫК ЫКМАЛАРДЫН НАТЫЙЖАЛАРЫН ЖАНА КОНСЕРВАТИВДИК ДАРЫЛООНУ САЛЫШТЫРУУ
АннотацияГипертензивдик мээ кан куюлуусу менен жабыркаган 140 бейтапты (эркектер - 82, аялдар - 58) хирургиялык даарылоонун натыйжаларына сереп жасалган. Мээ ичиндеги гематомаларды ачык жол менен алып салуу операциялары баш мээнин кошумча шишип, мээнин орто структураларынын жылышынын күчѳѳсүнѳ жана мээ ѳзѳгүнүн деформациясына алып келээри аныкталган. Бул ѳзгѳрүүлѳр салыштырмалуу сѳѳк-пластикалык трепанацияга караганда резекциондук краниотомияда кѳбүрѳѳк байкалаары далилденген.
-
КАЙРА ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮНДӨГҮ БЕЙТАПТАРГА ТРАХЕОСТОМА ЖАСОО ТУУРАЛУУ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР. МАСЕЛЕНИН УЧУРДАГЫ АСПЕКТИЛЕРИ
АннотацияКорутунду. Бул макалада трахеостома жасоонун кийлигишүү ыкмалары, эпидемиологиясы, көрсөтмөсү жана оптималдуу убакыты жөнүндө салыштырмалуу, жарыяланган маалыматтар берилген, анткени чет мамлекетте терини кенейтип трахеостома жасоо ыкмасы артык көрүлсө, бизде азыркы убакытта көпчүлүк трахеостомалар ачык хирургиялык ыкмасы боюнча жасалат.
АКУШЕРДИК ЖАНА ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
БАЛДАРДА МОНОНУКЛЕОЗ ЖУГУШТУУ ООРУСУНУН КЛИНИКА-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияКорутунду. Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында мононуклеоз жугуштуу оорусу дарыланган, 58 баланын оору баяны изилденген.
-
КОШ БОЙЛУУ ЖАНА ТӨРӨТ МЕЗГИЛИНДЕГИ ИРИ ТҮЙҮЛДҮКТҮ ЖАРЫККА АЛЫП КЕЛҮҮ УСУЛУН ТАНДОО
АннотацияКорутунду. Бул макалада Бишкек шаарындагы Шаардык перинаталдык борборунан 76 аялдардын ири түйүлдүк төрөө таржымаалдарынын ретроспективтик талдоолору берилген. Адабий маалыттарга талдоо жүргүзүлгѳн, ири түйүлдүктүн ѳнүгүшүнүн, ѳнүгүшүнѳ ѳбѳлгѳ болуучу факторлор, кош бойлуу жана тѳрѳт мезгилиндеги ири түйүлдүктү жарыкка алып келүү усулун тандоо.
СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ДИСТОПИЯЛУУ ТИШТЕРДИ АНЫКТОО, ОРТОПАНТОМОГРАММАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ИЗИЛДӨӨ
АннотацияКорутунду. 851 ортопантомография илиминдеги жогорку жана төмөнкү жаактарды аныктоо, дистопия тиш натыйжалары шаардык-тиш бейтапканасы №3 жана шаардык-тиш бейтапканасы №5, тиш дарылоо илимий окутуу базасы КММАдан билдирет. Жогорку жаактан кобунчо клык 13 тиштер дистопия болуп кездешет 0,351±0,016, 23-0,308±0,01, астынкы жаактан акыл азуу тиштери 38 0,263±0,01, 48 - 0,274±0,01.
-
ОРТОДОНТИКАЛЫК ДАРЫЛОО ҮЧҮН КАЙРЫЛГАН БЕЙТАПТАРДЫН ТИШ ЭСТЕТИКАЛЫК ИНДЕКСИН БААЛОО
АннотацияКорутунду. Бул макалада тиш эстетикалык индексин өткөрүлдү (DAI) жана ортодонтикалык муктаж даражасы, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясыга, балдар тиш дарылоо кафедрасы кайрылган бейтап 272 балдардын диагностикалык моделдердин анализи. Бейтаптардын арасынан 76% балдар созсуз дарылоого муктаж болду, жана тиштоо патология арасынан эн таралышкан мандайкы тиштердин жыштыгы 80,88 ±1,46% болуп аныкталды
-
БЕТ-ЖААК ЖАРАКАТЫ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫ МЕДИЦИНАЛЫК БИРДИКТҮҮ СИСТЕМАСЫ АРКЫЛУУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ
АннотацияКорутунду. Бул макалада бет-жаак жаракаты жөнүндө, атап айтканда, бет-жаак хирургиясындагы, негизги маселелер менен алектенет. жазуучулар бет-жаак жаракат алган бейтаптардын калыбына бирдиктүү система боюнча жардам берүүнүн ар түрдүү баскычтарындагы кескин негизделген дарылоо өзгөртүүнү сунуштайт.
ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ПЕНИТЕНЦИАРДЫК МЕКЕМЕЛЕРДЕ АЯЛДАРДЫН КОНТИНГЕНТИНЕ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМДЫН УЮШТУРУЛУШУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ
АннотацияКорутунду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренеси мамлекеттин медициналык жактан тейлөөнүн шарттарын түзүүнүн милдеттерин жана ар кимдин ден соолугун сактоосу менен коргоосун камсыздай турган укугун бекемдешин көрсөтөт. Бул мыйзам жабык мекемелерге карата колдонула турган медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаттык жактан жеткиликтуу болушуна да тиешелуу болот. Бул багытта аялдардын № 2 түзөтүү мекемесиндеги медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаттык тейлоо жумуштарына изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Текшерүүдө элементардык нерселердин: ооруну басаңдатуучу каражаттардын, антибиотиктердин, гинекологиялык кароолор үчүн колкаптардын жоктугу жана стоматологиялык жардам көрсөтүүнүн каражаттарынын жоктугу аныкталды (керектүү дары-дармектерди, каражаттарды соттолгон аялдар өздөрү сатып алууга мажбур болушат). Жогорудагы фактылардын негизинде сунуш кылынат: жабык жайлардагы адамдардын ден соолугун сактоо, коргоо үчүн тиешелүү ыйгарымдуу органдын иштөөсүндө алар үчүн керектүү деңгээлдеги тейлөө иштерин жакшыртуу жана жоопкерчилигин жогорулатуу жагы каралган.