Башкы редактор
Том 4 № 4 (2021): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН COVID-19 ПАНДЕМИЯСЫНДАГЫ ЖУМУШ ШАРТТАРЫНА ГИГИЕНАЛЫК БАА БЕРҮҮ
АннотацияКорутунду. Бул изилдөө COVID-19 пандемиясынын учурунда медициналык кызматкерлердин эмгек шарттарын изилдөөгө багытталган. Бул сурамжылоого жалпы 300 баштапкы, орто жана үчүнчү медициналык кызматкер катышып, алардын эмгек шарттарын жана психоэмоционалдык абалын баалашты. Изилдөөлөрүбүздүн натыйжасында COVID-19 пандемия учурунда медициналык кызматкерлердин гигиеналык эмгек шарттары ДССУнун (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун) стандарттарына жооп бербегени аныкталды. Буга байланыштуу медициналык кызматкерлердин жумуш ордунда жугуу коркунучу бар болчу.
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН КАЛКЫНЫН МИТЕ ЖАНА ИЧЕГИ-КАРЫН АРАЛАШ ООРУЛАРЫНЫН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АНАЛИЗИ
АннотацияМите курт ооруларынын көйгөйлөрүнүн актуалдуулугу алардын кеңири жайылышы, адам организмине ар кандай терс таасирлери жана оорулардын дифференциалдык диагнозун татаалдаштырган клиникалык көрүнүштөрдүн көрүнүктүү полиморфизми, стерилденген иммунитеттин жоктугу жана профилактиканын өзгөчө ыкмалары менен байланыштуу. Анткени мындай жагымсыз корсоткучтор биздин өлкөнүн алыскы жана өнүкпөгөн региондорунда гана эмес, Кыргызстандын борборунда да кездешет, анда инфекциялардын ылдамдыгы күтүлгөндөн да тез өсүп жатат. Мите курт ооруларынын жана аралаш-инвазиялык оорулардын эпидемиологиялык абалын дагы кылдат изилдөөнүн дагы бир себеби, мындай оорулар адамдын организмине өтө ар түрдүү терс таасирин тийгизет.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЭХИНОКОКОКОЗДОРДУН ӨНYГYY ДИНАМИКАСЫ (ОШ ОБЛУСУНУН МИСАЛЫНДА)
АннотацияМакалада Кыргыз Республикасынын (КР) эхинококкоз оорусу боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалыматтар Ош облусунун мисалында берилген. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде 1960- 2020-жылдар аралыгында эхинококкоз оорусунун динамикасы талданган. Профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө эхинококкоз менен ооругандардын саны 2014-жылдан 2020-жылга чейин төмөндөгөн, бирок көрсөткүчтөрдүн ылдыйлаганына карабастан, Кыргыз Республикасы эхинококкоздун эпидемиологиялык абалы сакталган өлкөлөрдүн катарына кирет.
-
И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИН СЕРГЕК ЖАШООНУН ПРИНЦИПИНЕ БЕРИЛГЕНДИГИН БААЛОО
АннотацияМамлекеттин эн, маанилүү милдеттеринин бири - студенттердин ден соолугун сактоо жана чындоо. Жогорку окуу жайларына кирген жана окуган студенттерди жыл сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө, алардын функционалдык абалынын олуттуу начарлашын, ошондой эле өнөкөт ооруларын аныктайт. Бул иште медициналык студенттердин сергек жашоо принциптеринин сакталышы бааланат. Окуу жайда алдын алуу иштери сапаттуу болгонуна байланыштуу, студенттер өз убагында медициналык кароодон өтүп, ооруулар алгачкы баскычында аныкталат. Оорулар боюнча маалымдуу болгонуна жараша, медициналык студенттердин көбү сергек жашашат. Дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу акыркы окуялар, сергек жашоонун жана адамдын ден соолугу үчүн алдын алуу чаралары канчалык маанилүү экенин көрсөттү.
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
ФАРМАКОГЕНЕТИЧЕСКИЕ АСПЕКТЫ ТЕРАПИИ ПРЕПАРАТАМИ ЖЕЛЕЗА У ПАЦИЕНТОВ С ЖЕЛЕЗОДЕФИЦИТНОЙ АНЕМИЕЙ
АннотацияВ статье представлены результаты исследования полиморфизма генов G2677T и C3435T MDR1 у пациентов с железодефицитной анемией и влияния носительства различных генотипов на эффективность терапии препаратами железа при железодефицитной анемии.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ЖYРӨК КАН-ТАМЫР ООРУСУ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫН АОРТОКОРОНАРДЫК ТАМЫРЛООДОН КИЙИН ДYЛӨЙЧӨЛӨРДYН ФИБРИЛЛЯЦИЯСЫН ИЛИКТӨӨ
АннотацияКорутунду. Бул иштин максаты миокарддын хирургиялык реваскуляризациясынан кийинки жүрөк дүлөйчөсүнүн фибрилляциясынын өнүгүшүн баалоого багытталган. Изилдөөнүн негизги контролдук методдору жалпы кан анализи, кислота-щелочтук абалы жана кандын электролит балансы, электрокардиография жана эхокардиография болгон. Алынган натыйжалар терапиялык жана профилактикалык иш-чаралардын комплексин туура жүргүзгөндүгүн көрсөтөт, бул коронардык артерияны тамырлоодон кийин жүрөк дүлөйчөсүнүн фибрилляция түрүндөгү кыйынчылыктарды бир кыйла төмөндөтөт.
-
ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ВЕНТРАЛДЫК ГУРЖЫГЫН ГРАНИОПЛАСТИЯСЫНДА КОЛДОНУЛГАН ИМПЛАНТТАЛГАН РЕТИКАЛЫК ЭНДОПРОТЕЗГЕ ОРГАНИЗМНИН ИММУНОЛОГИЯЛЫК РЕАКТИВДYYЛYГYНYН ӨЗГӨЧҮЛӨРҮ (Адабияттарга талдоо)
АннотацияМакалада герниопластиканын аллопластикалык методдорунан кийин пациенттерде колдонулган торлуу эндопротездерге иммунологиялык реактивдүүлүк боюнча чет өлкөлүк авторлордун жана КМШ өлкөлөрүнүн авторлорунун адабияттарына обзор талдоо каралган. Учурда көпчүлүк хирургдар ич капталынын пластикалык хирургиясы үчүн эң жакшы вариант катары полипропилен жана политетрафторэтиленден жасалган эндопротездерди колдонууну карашат. Аллопротездерди колдонуу менен герниопластикадан кийин грыжа рецидивинин олуттуу төмөндөшү менен, операциядан кийинки жарааттардын татаалданууларынын саны кыйла көбөйдү. Адабиятта кесилген карын грыжаларын оңдоо үчүн синтетикалык материалдарды колдонуунун коопсуздугу маселеси талкууланат. Алардын иммундук системага уулуу таасири жөнүндө сунуштар бар, бирок маселе акыры чечиле элек. Хирургиялык стресс жана хирургиялык травма Т-хелперлердин (CD4+) жана Т-супрессорлордун (CD8+) санынын азайышы тенденциясы менен коштолот. Бул клеткалардын функционалдык активдүүлүгүнүн бузулушу Т-клетканын митогендерине пролиферативдик жооп берүү жана кээ бир цитокиндерди синтездөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү менен көрүнөт. грыжа оңдоодон кийинки грыжалар жана торлуу эндопротездер менен герниопластика, ошондой эле операциядан кийинки жаралардын пайда болуу коркунучунун кээ бир прогностикалык жана клиникага чейинки иммунологиялык маркерлери.
-
ТРАНСМЕЗОСИГМАЛЫК ЧУРКУНУН КЛИНИКАСЫНЫН ЖАНА ДИАГНОСТИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛYКТӨРY
АннотацияКыпчылган трансмезосигмалык чуркунун диагностикасынын оорчулугун чагылдырган клиникалык кезигүүсү, жана дагы трансмезосигмалык чурку жөнүндөгү азыркы адабияттагы билдирүүлөр көрсөтүлдү. Анамнезинде абдоминалдык хирургиялык операция же перитонеалдык сезгенүү болбой, ичке ичегинин буралышынын симтомдору болгон учурларда дифференциалдык диагностика процессинде трансмезосигмалык чуркуну эстен чыгарбоо керек. Дифференциалдык диагностика кылууда ичке ичегинин өтпөй калышына алып келген учурларды: операциядан кийинки жабыщма процессинин, курсактын чуркусунун жана шишиктердин бар же жок экендигин аныктоо керек. Ушул себептерди четке каккандан кийин трансмезосигмалык чуркунун жогорку индесин кабыл алуу керек. Ичке ичегинин түйүлүшүнө алып келген трансмезосигмалык чуркунун тешигине диаметри 2-5 см. болот. Консервативдик дарылоо алып жаткан пациенттердин абалына үзгүлтүксүз баа берүү, ичегинин ишемиясын өз убагында аныктоо үчүн милдеттүү болот. Керектүү учурларда сөзсүз хирургиялык операция жасоо керек.
ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ЧYЙ ӨРӨӨНҮНҮН ШАРТЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН COVID-19 ДАРТЫ: КЛИНИКАЛЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА АЙЫКТЫРУУ АСПЕКТИЛЕРИ
АннотацияДүйнө жүзүндөгү жаңы таажы вирусунун пандемиясы, анын ичинде Кыргызстанда да таралышы, ушул изилдөөнү уюштурууга негиз болду.
Изилдөөнүн максаты - Бишкек шаарында 2020-жылдын апрель айында ачылган жугуштуу оорулар стационарынын материалдарына таянып, балдар арсындагы COVID-19 дартынын клиникалык-эпидемиологиялык жана дарылоо усулдарын изилдөө болуп саналат.
Материалдары жана усулдары. 2020-жылдын апрель айынан 2021-жылдын февраль айына чейин Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын обочолонгон балдар бөлүмдөрүнө COVID-19 дарты менен жаткырылган 1 жаштан 18 жашка чейинки балдардын 93 бейтап баяндары анализденген. Баарында SARS-Cov-2нин РНК полимераздык чынжыр реакциясынын (ПЧР) жыйынтыгы оң болгон.
Жыйынтыгы. Сыркоологондордун арасында 3 жашка чейинки балдар басымдуулук (67,7%) кылышкан. Дартты көпчүлүк балдар (65,6%) үй-бүлөлүк шарттарда жуктуруп алышкан. COVID-19дун орто оор формасы 51,6% балдарда, ал эми жеңил формасы - 48,4% балдарда катталган. Дарттын белгилери төмөндөгү ирээтте кезигишкен: лихорадка 61,3% (n=57) балдарда, тамактын кызарышы (51,6%, n=48), жeтeл - 50,5% (n=47), мурундун бүтөлүшү - 23,7% (n=22), баштын ооруусу - 18,5% (n=17), миалгия - 12% (n=11) ж.б. COVro-Шду дарылоо Кыргызстанда сунушталган усулдарга ылайык жүргүзүлгөн.
Тыянактар. COVID-19 дартынын белгилери башка курч мүнөздө өтүүчү респиратордук вирустук инфекциялар сыяктуу эле өзгөчөлөнбөйт. Дарылоо ыкмалары да окшош болуп, дарттын оорудугуна жана коморбиддик ооруларды эске алуу менен жүргүзүлөт. -
БАЛДАРДЫН КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯ МЕНЕН (COVID-19) БИРИККЕН МУЛЬТИСИСТЕМАЛЫК СЕЗГЕНYY СИНДРОМУ: КЛИНИКАЛЫК БАЙКОО
АннотацияКорутунду. Макалада 11 жаштагы баланын коронавирус инфекциясы (COVID-19)менен байланышкан мультисистема сезгенүү синдромунун клиникалык учуру келтирилген, бул жаңы оорунун диагнозу жана дарылоо өзгөчөлүктөрү баяндалган.
СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН №5 МЕКТЕП ГИМНАЗИЯСЫНДАГЫ 9-12 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА ТИШ, ЖААК, СӨӨК АНОМАЛИЯСЫНАН ТYЗYЛYШYНYНТАРАЛЫШЫ
АннотацияБул макалада Бишкек шаарынын №5 мектеп гимназиясынын окуучу балдарынан жана өспүрүмдөрүнөн аныкталгантиш, жаак сөөк аномалиясына салыштырмалуу анализи жүргүзүлгөн. Ооз көңдөйүн текшерүүдө көпчулукучурда балдарда тиш, жаак аномалиясынын тик тегиздик аномалиясы жана тиш катнашынын бийиктигинин төмөндөшү андан тышкары тиштердин аномалия болуп турганы аныкталды. Тиш жайгашуу аномалиясы,тиш катарынын жана тиш катнашынын аномалиясы жалпы саны боюнча балдарда 956 учурда кездешкен: кээ бир тиштин аномалиясы 19(1,4%), тиш катарынын аномалиясы 222(16,8%) балдарда (туура тиш катнашында), тиш катнашынын аномалиясы 715 учурда кездешти (54,2%). Жыйынтык кылынды, жаак сөөк аномалиясын канчалык эрте таап жана убагында дарылоо ошондой эле сут тиштерди убагында сапаттуу дарылоо тиш катарынын туура сакталышын жана тиш катнашынын аномалиясын төмөндөтөт.
-
БИШКЕК ШААРЫНЫН №5 МЕКТЕП ГИМНАЗИЯСЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНА КАШКА ТИШТЕРДИН ТЕРЕҢ КАПТАЛЫШЫНЫН ТИШ ЖАНА ЖААК АНОМАЛИЯСЫНЫН АРАСЫНДА КАНДАЙ ЖЫШТЫКТА КЕЗДЕДИШИ
АннотацияКорутунду. Терен, тиш катнашы жаак сөөк аномалияларынын арасында ар кайсы жаш куракта өтө көп жайылган аномалия болуп саналат. Анын кездешүү жыштыгы 9% дан 51% чейин кездешет. Бул макалада балдар арасында кашка тиштердин терен катнашында, башка тиш ,сөөк аномалия системасына салыштырмалуу каралган.1319 мектеп окучулары текшерилген, анын ичинен 720 эркек балдар, 599 кыздар. Изилдөө, текшеруу учурунда устунку жана астыңкы жаактын катнашына мүнөздөмө, айрым тиштердин аномалиялык абалы жана формасы, аномалия формадагы тиш катары камтылды. Балдардын тишин кароодо 595 баладан тик тиш катнашы аныкталды(495% жалпы санынан: 39,5% орто тепкичте, 5,5 % оор тепкичте)
ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИЛИГИНИН РЕСПУБЛИКАЛЫК СОТ-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА БОРБОРУНУН 2020-ж. МАРТ-ДЕКАБРЬ АЙЛАРЫНДА КАТТОГО АЛЫНГАН COVID-19дун ЖАНА ТАКТАЛБАГАН БРОНХОПНЕВМОНИЯНЫН ТААСИРИНЕН ЧЫККАН ӨЛYМДӨРДYН ТYЗYМY ЖАНА ЖЫШТЫГЫ
АннотацияКорутунду: Бул макалада 2020-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрилигинин Республикалык сот -медицинылык экспертиза борборунун каттосундагы COVID -19дун жана такталбаган бронхопневмониянын кесепетинен өлүмгө алып келген учурлардын түзүмү жана жыштыгы көрсөтүлөт. 2020 жылдын март айынан декабрь айына чейинки катталган баардык 1361 (100% ) өлүмдөрдүн ичинен 232 (17,04% ) өлүмдүн окуясы COVID -19дун жана такталбаган бронхопневмониянын кесепетинен болоору изилдөөнүн алкагында аныкталды. Анын ичинде эркек кишилердин өлүмү боюнча 151 окуя (65,1% ) катталган болсо, аял кишилердин өлүмү боюнча 81 окуя (34,9% ) катталган. Көпчүлүк учурда COVID-19дун жана такталбаган бронхопневмониянын кесепетинен 37ден баштап 60 жашка чейинкилердин 110 окуясы (47,4% ) катталган, 60 жаштан ашкандардан дагы 99 окуя (42,7% ) аныкталды. Көпчүлүк учурларда өлүктөр үйлөрүнөн алып келинген - 101 окуя (43,5% ), жана коштоочу (коморбид) ооруларсыз - 207 окуя (89,2% ). Полимераздык чынжыр реакциясы менен тастыкталган коронавирустук оорусу 89 окуяда (38,4% ) болсо, полимераздык чынжыр реакциясы менен тастыкталбаган коронавирустук оорусу 53 окуяда (22,8% ) аныкталды, такталбаган бронхопневмониянын кесепетинен - 90 окуя (38,8% ) катталган.
МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ
-
ХИРУРГИЯНЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОКУТУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРY
АннотацияКорутунду. Макаладаа акыркы жылдары кыргыз тилин өнүктүрүү жана анын коомдук турмуштагы ролун күчөтүү боюнча жасалып жаткан кадамдар ошол эле учурда медициналык окуу жайларында кыргыз тилинде окутуудагы келип чыккан көйгөйлөр сүрөттөлгөн.
Өлкө аймагында Президент тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы бар экендигин белгилей кетүү керек. Программанын максаты мамлекеттик тилдин коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кеңири иштешине жана кыргыз тили менен интеграциялык ролду аткарууга жетишүү болгон. Мамлекеттик башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү жана кесиптик баарлашууда кыргыз тилин колдонууда түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө жетишүү милдети коюлган.
Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы медицина тармагын дагы четтеп өткөн жок. Медициналык окуу жайларында кыргыз тилин окутууга олуттуу басым жасалууда. Бирок тилекке каршы айтылган иш -чараларды ишке ашырууда көптөгөн көйгөйлөр келип чыгууда.
КЫСКА МАКАЛАЛАР
-
АНОМАЛИЯ КИММЕРЛЕ ПРИ ВИЗУАЛИЗАЦИИ КРАНИОВЕРТЕБРАЛЬНОЙ ОБЛАСТИ
АннотацияРезюме. Кровоток в краниовертебральной области зачастую мож ет быть нарушен, и причиной в основном является спондилогенный фактор. П оследствием таких изменений может быть от незначительного снижения мозгового кровообращения до ишемических ослож нений в русле сосудов. Методом мультиспиральной компьютерной томографии из 230 обследованных пациентов у 41 выявлено наличие различных типов аномалии Киммерле. Кровоток в позвоночных артериях при наличии аномалии Киммерле был обследован транскраниальной допплерографией позвоночных артерий. Исследования показали, что аномалия Киммерле может встречаться во всех возрастных категориях. Частота выявляемости аномалии Киммерле находилась в пределах 17.8% случаев. Чаще всего вы являлась двухсторонняя аномалия Киммерле и её полны й (замкнутый) вариант, которая по данным транскраниальной допплерографии оказывает влияние на кровоток.
-
COVID-19 ПАНДЕМИЯНЫН БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ПСИХОЭМОЦИОНАЛДЫК АБАЛЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИНЕ ГИГИЕНАЛЫК БАА БЕРYY
АннотацияКорутунду Бул изилдөө 2020-жылдын март айынан май айына чейин № 62 гимназия мектептин жана № 10 орто мектептин окуучуларынын COVID -19 карантин учурунда балдардын эмоциясын жөнгө салуунун ата-эне корреляциясын таасирин изилдөөгө багытталган. Ата-энелердин өзүн-өзү натыйжалуулугу жана эмоционалдык абалы,ата-энелердин психологиялык стресси менен балдардын эмоционалдык жөнгө салынышынын, ошондой эле балдардын лабилдүүлүгүнүн же негативдүүлүгүн ортосундагы байланышка ортомчулук кылат. 10дон 13 жашка чейинки балдардын 300 ата-энеси алардын жалпы абалын баалаган онлайн сурамжылоону аякташты.
-
ПРОБЛЕМЫ АККЛИМАТИЗАЦИИ В УСЛОВИЯХ ВЛАДИВОСТОКА (ПРИМОРСКИЙ КРАЙ, РОССИЯ)
АннотацияРезюме. Проведен опрос респондентов, прибывш их во Владивосток из городов России и зарубеж ья с целью выявления основных проблем акклиматизации. О пределены симптомы, причины и закономерности акклиматизации опрошенных к условиям г. Владивостока. Показано, что трудности адаптации к новым условиям жизни обусловливаю т развитие нарушений в функционировании организма у большинства респондентов. Трудности акклиматизации связаны с нарушением привычного режима суточного биоритмологического графика жизнедеятельности организма вследствие смены часового пояса и биоклиматических условий. Наиболее выраженные изменения самочувствия выявлены у респондентов из Индии, что является серьезной проблемой, решение которой требует комплексного(междисциплинарного) подхода.
-
БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЖЕКЕ ДАРЫЛОО ЖАНА АЛДЫН АЛУУ МЕКЕМЕЛЕРДЕ ИШТЕГЕН МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖЕКЕ ДОЗИМЕТРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛГАНЫН БААЛОО
АннотацияКорутунду. Медициналык кызматкерлерди жекече дозиметрлер менен камсыздоону баалоодо көрсөткөндөй, Бишкек шаарындагы медициналык клиникаларда рентгенодиагностикалык жабдуулар үчүн 44 аппарат колдонулат. Санитардык изилдөөнүн жүрүшүндө, 26 жеке менчик рентген бөлмөлөрдүн ичинен 13дө жеке дозиметрлер менен камсыз кылынбаганы аныкталды.