Башкы редактор
Журнал жөнүндө
|
«Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы» - илимий медициналык рецензияланган журнал. Бул журнал 2009-жылы негизделген. «И.К. АХУНБАЕВ атындагы КММАнын жарчысы» деген аталыш менен 2023-жылга чейин басылып чыгарылган. 2024-жылы «Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы» болуп өзгөртүлгөн. Журналдын чыгуу мезгилдүүлүгү: жылына беш чыгарылыш. Негиздөөчүсү: И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн (Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн № 000478, датасы 2024-ж. 20 февраль). Журнал илимдин кандидаты жана доктору окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктары жарыялануучу УАКтын алдыңкы илимий рецензияланган журналдарынын жана басылмаларынын тизмесине киргизилген. Журналдын индексацияланышы Журнал, башка мезгилдүү басылмаларда, орус, кыргыз жана англис тилдеринде мурда жарыяланбаган, оригиналдуу макалаларды гана жарыялайт. Макаланын үстүндө иштөөдө редакторлор “Авторлор үчүн эрежелер” бөлүмүн изилдөөнү сунуштайт. Бул жерден сиз макаланы жарыялоого даярдоо жана аны мазмундуу жана кызыктуу кылуу боюнча маалымат таба аласыз. |
Учурдагы чыгарылыш
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
Гипертониялык криздер: Кыргыз гипертония коомунун позициясы (адабияттарга сереп)
АннотацияАртериялык гипертензия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана андан болгон өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Бул оорунун эң коркунучтуу татаалдашууларынын бири гипертониялык криз болуп эсептелет. Колдонуудагы стандарттарды кайра карап чыгуунун актуалдуулугу «татаалданбаган» криздерди ашыкча диагностикалоо практикасынын уланып жаткандыгы менен шартталган, бул негизсиз ооруканага жаткырууларга жана потенциалдуу коркунучтуу агрессивдүү терапияга алып келет. Изилдөөнүн максаты – Кыргыз Республикасынын клиникалык практикасына гипертониялык криздерди аныктоо, классификациялоо, диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап, далилдүү медицинага негизделген ыкмаларды киргизүү, жалпылоо жана сунуштоо. Методология Европа кардиологдор коомунун, Европа гипертония коомунун, Эл аралык гипертония коомунун, Британия жана Ирландия гипертония коомунун, Америка кардиологдор коллегиясынын, Америка жүрөк ассоциациясынын жана Россия кардиология коомунун 2018-2025-жылдар аралыгында жарыяланган негизги клиникалык колдонмолорун системалуу издөөгө, талдоого жана адаптациялоого негизделген, аларды ресурстар чектелген шарттарда колдонууга өзгөчө көңүл бурулган. Обзордо жалаң гана бута-органдардын курч жабыркашынын болушуна негизделген гипертониялык криздердин заманбап клиникалык аныктамасы берилген. Шашылыш кан басымын тамыр аркылуу төмөндөтүү үчүн көрсөткүч катары «татаалданбаган гипертониялык криз» термининен баш тартуу негизделген. Баштапкы баалоо алгоритми («бута-органдардын жабыркашынын кызыл желектерин» аныктоо) майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлгөн, лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн минималдуу топтому жөнгө салынган. Бута-органдардын жабыркашынын түрүнө жараша дифференцияланган дарылоо тактикасы сунушталып, кан басымынын максаттуу деңгээли жана артыкчылыктуу парентералдык препараттар көрсөтүлгөн. Ооруканада жана амбулаториялык шарттарда кан басымынын көзөмөлсүз төмөндөшүнүн тобокелдиктерине, ошондой эле симптомсуз жогорулаган учурда басымды төмөндөтүү тактикасына өзгөчө көңүл бурулган. Бирдиктүү стандарттарды киргизүү максатсыз ооруканага жаткырууларды азайтууга, дарылоонун коопсуздугун жогорулатууга жана медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде тактиканы макулдашууга мүмкүндүк берет.
НЕЙРОХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
Перифокалдык шишиктин көлөмү глиома оорусу бар бейтаптарда неврологиялык жана функционалдык жыйынтыктардын предиктори катары
АннотацияИзилдөөнүн максаты глиомасы бар бейтаптарда операцияга чейинки перифокалдык шишиктин көлөмүнүн магниттик-резонанстык томографиянын маалыматтары боюнча прогностикалык маанисин баалоо болгон. 21 жаштан 75 жашка чейинки 60 бейтапты камтыган бир борборлуу байкоочу изилдөө жүргүзүлдү, алардын арасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун классификациясы боюнча 4-даражадагы жогорку залалдуулуктагы диффуздук глиомалар басымдуулук кылган. Перифокалдык шишиктин көлөмү магниттик-резонанстык томографиянын Т2- салмакталган режиминде жана эркин суюктуктун сигналын басаңдатуучу режимде волюметрия ыкмасы менен аныкталып, андан ары төрт топко стратификация жүргүзүлгөн. Неврологиялык, когнитивдик жана функционалдык абал АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институттарынын инсульт шкаласы, психикалык абалды кыскача баалоо шкаласы жана Рэнкиндин модификацияланган шкаласы боюнча бааланып, жыйынтыктоочу баалоо 6 айдан кийин жүргүзүлгөн. Операцияга чейинки перифокалдык шишиктин көлөмү операциядан 6 ай өткөндөн кийинки функционалдык дефициттин оордук даражасы менен ишенимдүү корреляцияланары аныкталды (r = 0,68; p < 0,001; 95% ишеним аралыгы 0,52-0,81). Перифокалдык шишиктин көлөмү 30 см3 жана андан жогору болгон учурда Рэнкиндин модификацияланган шкаласы боюнча 2 баллдан жогору бааланган жагымсыз натыйжалардын үлүшү 60,0% түзгөн, ал эми перифокалдык шишиктин көлөмү 30 см3ден төмөн болгон учурда бул көрсөткүч 26,7%дан ашкан эмес. Перифокалдык шишиктин көлөмү 30 см3 жана андан жогору болушу жагымсыз функционалдык натыйжанын ыктымалдыгын 4,13 эсеге жогорулатары эсептелген (мүмкүнчүлүктөрдүн катышы 4,13; 95% ишеним аралыгы 1,39-12,27; p < 0,01). Хирургиялык резекциядан кийин перифокалдык шишиктин орточо көлөмү динамикада азайганы аныкталган, бирок операциядан кийинки биринчи суткада шишиктин убактылуу күчөшү байкалып, андан кийин 14-30-суткаларга карата регрессия болгон. Операцияга чейинки магниттик-резонанстык томографиянын маалыматтары боюнча перифокалдык шишикти сандык баалоо глиомасы бар бейтаптарда тобокелдикти стратификациялоонун жана шишикке каршы терапияны пландаштыруунун объективдүү критерийи катары колдонулушу мүмкүн деген жобо иштелип чыккан
САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
«Эне жана балдар саламаттыгы» журналынын РИНЦ дайындары боюнча публикациялык активдүүлүгүнүн библиометриялык изилдөө. II бөлүк. Басылмалардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар
АннотацияУлуттук медициналык журналдар эне менен баланын ден соолугун коргоо тармагында илимий багыттарды калыптандырууда, изилдөөлөрдү өнүктүрүүдө жана илимий жыйынтыктарды клиникалык жана уюштуруучулук практикага киргизүүдө маанилүү роль ойнойт. Максаты – «Эне жана бала ден соолугу» журналынын басма активдүүлүгүн библиометрикалык талдоонун жыйынтыктарын жалпылоо жана эне менен баланын ден соолугун коргоо тармагындагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу. Россиянын илимий цитаталоо индексинде 2009-2025-жылдар аралыгында индекстелген «Эне жана бала ден соолугу» журналынын 510 публикацияларына ретроспективдүү библиометрикалык талдоо жүргүзүлдү. Публикацияларды тандоо процесси үчүн адаптацияланган PRISMA-диаграммасы колдонулду. Цитаталуунун негизин журналдын алгачкы жылдарындагы (2009-2011-жж.) басылмалар түзөрү аныкталды, алар негизинен педиатриялык жана эпидемиологиялык багытта болгон. 510 басылманын 140-ы бир гана автор тарабынан даярдалгандыгы, ал эми чоң көп борборлуу автордук топтор өтө аз экендиги белгиленди. Институционалдык концентрациянын жогору болушу жана автордук чакан топтордун басымдуулугу көп борборлуу изилдөөлөрдүн өнүгүшүн чектейт. Мындан тышкары, эң продуктивдүү беш автордун бардыгы басмакер уюм – Улуттук эне жана бала ден соолугун коргоо борбору менен байланышкан. Редакциялык процессти санарип трансформациялоо, мазмунду интернационализациялоо жана мекемелер аралык кызматташууну колдоо боюнча сунуштар берилди. Изилдөөнүн жыйынтыктарын улуттук медициналык журналдардын редакторлору жана басмакерлери, наукометрия боюнча адистер жана саламаттыкты сактоону уюштуруучулар региондук илимий басылмалардын сапатын жана эл аралык көрүнүктүүлүгүн жогорулатуу үчүн пайдалана алышат.
СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
Гиперчувствительность замедленного типа к металлам в стоматологии: современные подходы к диагностике (обзор литературы)
АннотацияГиперчувствительность замедленного типа к металлам в соответствии с современной классификацией относят к IVа подтипу. C внедрением новых стоматологических конструкций отмечается увеличение числа пациентов с непереносимостью металлических сплавов. Целью исследования было определить особенности патогенеза и клинических проявлений, основные факторы риска развития гиперчувствительности замедленного типа к металлическим конструкционным элементам и оптимальные методы ее диагностики у пациентов в стоматологической практике. Поиск информации проводился на платформах PubMed и e-library (по состоянию на февраль 2026 г.) по следующим ключевым словам: побочные эффекты стоматологических сплавов, кожные патч-тесты, контактная аллергия на металлы, стоматологические материалы, аллергические реакции, лихеноидная реакция. В рамках работы было проанализировано 47 научных источников. В исследовании применялись методы библиографического поиска, отбора и скрининга источников, сравнительного анализа, систематизации и обобщения научных данных. Для выявления этих реакций гиперчувствительности применяются различные методы диагностики. Обзор литературы показал, что патч-тесты являются наиболее информативным диагностическим методом выявления реакций гиперчувствительности на металлы, используемые при изготовлении стоматологических реставраций и компонентов зубных протезов. Они позволяют идентифицировать и подтвердить участие конкретного причинного фактора в развитии клинических симптомов у пациента. Выявлено, что наиболее часто гиперчувствительность замедленного типа встречается к таким металлам, как никель, кобальт и хром. Аналогичный механизм гиперчувствительности к никелю зарегистрировано у 17% женщин и 3% мужчин, к кобальту и хрому – у 1-3% представителей обоих полов. Отмечено также увеличение гиперчувствительности замедленного типа к другим металлам, таким как алюминий, бериллий, медь, золото, иридий, ртуть, палладий, платина, родий, титан. Группу высокого риска по развитию гиперчувствительности замедленного типа к металлам составляют пациенты с иммуноопосредованной патологией
-
Балдар кариесинин эрте пайда болушуна социалдык көз караш (аспектиси): локалдык эпидемиологиялык изилдөөнүн натыйжалары
АннотацияЭрте жаштагы балдардын кариеси жаш балдар арасында эң кеңири таралган стоматологиялык оорулардын бири болуп саналат. Бирок Кыргызстан боюнча актуалдуу эпидемиологиялык маалыматтардын жетишсиздиги натыйжалуу алдын алуу иш-чараларын пландаштырууну жана максаттуу программаларды иштеп чыгууну кыйындатат. Изилдөөнүн максаты Бишкек шаарындагы 1-3 жаштагы балдар арасында эрте жаштагы балдардын кариесинин таралышын изилдөө жана негизги социалдык жана жүрүм- турумдук тобокелдик факторлорун аныктоо болгон. Кесилиштик эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анда мектепке чейинки курактагы 250 бала текшерилген, алардын ичинен 104 бала максаттуу топту түзгөн. Диагностика Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун критерийлерине ылайык жүргүзүлүп, кп жана кпп индекстери, ошондой эле Фёдоров-Володкина гигиеналык индекси колдонулган. Мындан тышкары, ата-энелер арасында ооз көңдөйүнүн гигиенасы, тамактануу өзгөчөлүктөрү жана стоматологиялык жардамга кайрылуу боюнча суроолорду камтыган сурамжылоо жүргүзүлгөн. Эрте жаштагы балдардын кариесинин таралышы өтө жогору экени аныкталган: 12-24 айлык балдар арасында – 76,2%, ал эми 25-36 айлык балдар арасында- 91,1%. Жаш курак өскөн сайын кариесинин интенсивдүүлүгү жана ооз көңдөйүнүн канааттандырарлык эмес гигиенасынын деңгээли да жогорулаган. Негизги тобокелдик факторлору катары тиштерди үзгүлтүксүз тазалоону кеч баштоо, уктаар алдында таттуу азыктарды көп колдонуу, профилактикалык стоматологиялык кароолордун жоктугу жана ата-энелердин фтордун мааниси менен түнкү эмизүүнүн зыяндуу таасири тууралуу маалымдуулугунун төмөн деңгээли аныкталган. Эрте жаштагы балдардын кариеси клиникалык гана эмес, ошондой эле социалдык көйгөй болуп саналат. Анын таралышын азайтуу үчүн үй-бүлөгө багытталган комплекстүү алдын алуу программалары зарыл. Мындай программалар ата-энелерди ооз көңдөйүнүн гигиенасынын эрежелерине эрте үйрөтүүнү, ооз көңдөйүнө туура кам көрүү маданиятын калыптандырууну жана жаш балдар үчүн стоматологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камтууга тийиш. Изилдөөнүн практикалык мааниси аныкталган тобокелдик факторлорун жаш курактагы балдар арасында эрте жаштагы балдардын кариесинин таралышын азайтууга багытталган алдын алуу иш-чараларын жана ата-энелер үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгууда колдонуу мүмкүнчүлүгү менен аныкталат
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
Ахалазияда Геллер миотомиясынын узак мөөнөт натыйжалары: 5 жылдык салыштыруу
АннотацияКардия ахалазиясы (КА) тамак-аш пассажынын айкын бузулушу жана жашоо сапатынын олуттуу төмөндөшү менен коштолот. Геллер боюнча миотомия кеңири колдонулганына карабастан, хирургиялык кирүү ыкмасынын дарылоонун алыскы натыйжаларына тийгизген таасири жетишсиз изилденген бойдон калууда. Максаты – лапароскопиялык жана лапаротомия жолдору аркылуу аткарылган Геллер миотомиясынын беш жылдык натыйжаларын клиникалык-функционалдык, рентгенологиялык жана эндоскопиялык көрсөткүчтөрдү талдоо менен баалоо жана салыштыруу. Диагнозу тастыкталган КА менен ооруган 38 бейтапты камтыган айкалышкан ретроспективдүү-проспективдүү көп борбордуу изилдөө жүргүзүлдү. Антирефлюкстук коррекциялоо менен лапаротомия жана лапароскопиялык кирүү жолдорун колдонуу аркылуу хирургиялык кийлигишүүлөр жасалды. Натыйжалуулукту баалоо клиникалык симптомдордун, рентгенологиялык жана эндоскопиялык маалыматтардын, ошондой эле симптомдордун айкындуулугунун баллдык баасынын динамикасынын негизинде жүргүзүлдү. Байкоо мөөнөтү беш жылга чейин созулду. Хирургиялык дарылоодон кийин бардык изилденген көрсөткүчтөрдүн статистикалык жактан маанилүү жакшыруусу байкалды. Симптомдордун айкындуулугу 8,8 ± 1,5тен 1,7 ± 0,8ге чейин төмөндөдү, дисфагиянын жыштыгы 100%дан 7,9%га чейин, регургитация – 83,3%дан 5,6%га чейин азайды. Рентгенологиялык жактан кызыл өңгөчтүн диаметри 4,8 ± 0,7ден 3,2 ± 0,5 смге чейин кичирейгендиги жана контрасттык заттын кармалуусунун дээрлик толук жоюлгандыгы аныкталды. Эндоскопиялык маалыматтар кардиянын өткөрүүчүлүгүнүн калыбына келгендигин жана былжыр челдин сезгенүү өзгөрүүлөрүнүн азайгандыгын тастыктады. Лапароскопиялык кирүү ыкмасы ачык кийлигишүүлөргө салыштырмалуу эвакуатордук функциянын кыйла натыйжалуу калыбына келишин жана калдык бузулуулардын азыраак жыштыгын көрсөттү. Алынган натыйжалар Геллер миотомиясынын жогорку натыйжалуулугун тастыктайт жана КАны дарылоодо лапароскопиялык кирүү ыкмасынын артыкчылыгын негиздейт. Бул маалыматтар хирургиялык тактиканы оптималдаштыруу жана бейтаптарды дарылоо сапатын жогорулатуу үчүн колдонулушу мүмкүн, ошондой эле тандоону кеңейтүү жана баалоо критерийлерин стандартташтыруу менен андан аркы изилдөөлөр үчүн негиз болуп кызмат кылат
-
Заманбап тенденциялар жана минималдуу инвазивдик курч абдоминалдык хирургиядагы далилдүү маалыматтар: адабияттарды системалуу талдоо (адабияттарга сереп)
АннотацияКурч абдоминалдык хирургия медицинанын эң динамикалуу өнүгүп жаткан багыттарынын бири болуп саналат, минималдуу инвазивдик технологияларды активдүү киргизүү менен мүнөздөлөт. Бирок аларды ар кандай нозологияларда колдонуунун далилдүүлүк деңгээли бир калыпта эмес, 2000-2025-жылдардагы жарыяларды эске алуу менен топтолгон маалыматтарды системага келтирүүнү жана сын көз караш менен кайра кароону талап кылат. Изилдөөнүн максаты – курсак көңдөйүнүн эң кеңири таралган шашылыш ооруларында минималдуу инвазивдик технологияларды колдонууга тиешелүү 2000-2025-жылдардагы далилдерди системага келтирүү жана сын көз караш менен баалоо, ошондой эле мындан аркы изилдөөлөрдүн перспективалуу багыттарын аныктоо. PubMed, Cochrane Library, Scopus, Web of Science базаларында 2000-2025-жылдар үчүн адабият булактарына системалуу издөө жүргүзүлдү. Киргизүү критерийлерине систематикалык серептер, мета-анализдер жана рандомизацияланган көзөмөлдөнүүчү изилдөөлөр туура келди. Талдоого 44 булак киргизилди. Курч холециститте фундаменталдуу мета-анализдер эрте холецистэктомиянын артыкчылыктарын көрсөтүп, ооруканада жатуу мөөнөтү 17,8 күндөн 9,6 күнгө кыскарган, ал эми өлүм-житим көрсөткүчтөрү салыштырмалуу бойдон калган. Робот-ассистенцияланган холецистэктомия салттуу лапароскопияга салыштырмалуу конверсия
коркунучун 34% га төмөндөтөт. Ультраүн диссекциясы операция убактысын 9 мүнөткө кыскартып, кан жоготууну 28 мл ге азайтат. Тешилген жарада эндоскопиялык ыкмалар респиратордук кабылдоолорду 2,4 эсеге азайтат, бирок изилдөөлөрдүн методологиялык сапаты жетишсиз бойдон калууда. Курч панкреатитти дарылоодо эндоскопиялык этаптуу ыкма стенттерди колдонуу менен мыкты клиникалык жыйынтыктарды көрсөтөт. Жабышчаак ичеги өтпөстүгүндө беш жылдык байкоолор алыскы мезгилде лапароскопиянын артыкчылыктарын аныктаган жок. Курч аппендицитте лапароскопиялык кирүү жарааттык кабылдоолордун жыштыгын 2,4 эсеге төмөндөтөт, ич ичиндеги абсцесстердин жыштыгы окшош бойдон калууда. Келтирилген маалыматтар заманбап далилдүү маалыматтарды эске алуу менен курсак көңдөйүнүн шашылыш ооруларында хирургиялык тактиканы тандоону оптималдаштырууга мүмкүндүк берет
ПРОФИЛАКТИКАЛЫК МЕДИЦИНА
-
Ичеги ооруларынын коркунуч факторлору жана алдын алуу: заманбап ыкмалар жана көз карандар (адабияттарга сереп)
АннотацияЖоон ичегинин оорулары калктын оорулуулугу жана өлүм-житими түзүмүндө олуттуу орунду ээлеп, алардын жогорку медициналык жана социалдык маанисин шарттайт. XXI кылымдын башынан тартып колоректалдык патологиянын таралышынын өсүшү, ошондой эле бейтаптардын жаш курактык түзүмүнүн жаш топтор тарапка жылышы байкалган. Бул жагдайлар аталган оорулардын өнүгүшүнө таасир этүүчү факторлорду жана алардын алдын алуу жолдорун талдоонун актуалдуулугун күчөткөн. Бул обзордук иштин максаты жоон ичегинин негизги ооруларынын коркунуч факторлору жана алардын оорулук жүгүн азайтуу чаралары боюнча заманбап илимий маалыматтарды жалпылоо жана системалаштыруу болгон. PubMed, Scopus, Web of Science жана Google Scholar маалымат базаларынан алынган систематикалык обзорлорду, мета-анализдерди, ири когорттук жана рандомизацияланган клиникалык изилдөөлөрдү камтыган 52 публикация талдоодон өткөрүлдү. Обзорго 1990-2025-жылдар аралыгында жарыяланган эмгектер киргизилип, алардын 53,8%ы 2020-2025-жылдарга туура келет. Адабияттарды талдоо жоон ичеги ооруларынын калыптанышында тамактануунун өзгөчөлүктөрү, ашыкча салмак, физикалык активдүүлүктүн төмөн деңгээли, тамеки чегүү жана алкоголду ашыкча колдонуу негизги роль ойной турганын көрсөттү. Ичеги микробиотасынын курамындагы өзгөрүүлөр жана өнөкөт сезгенүү негизги патогенетикалык механизмдер катары каралат. Оорулуулукту жана өлүм-житимди азайтууда эндоскопиялык жана инвазивдүү эмес ыкмаларга негизделген скрининг стратегияларынын, ошондой эле компьютердик колдоого алынган эндоскопиялык системаларды камтыган айрым медикаментоздук жана технологиялык ыкмалардын натыйжалуулугу тастыкталды. Обзордун жыйынтыктары клиникалык практикада, скрининг программаларын пландаштырууда жана коомдук саламаттык сактоо системасында алдын алууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн
СТОМАТОЛОГИЯ
-
Оценка состояния слюнных желез методом ультразвуковой диагностики у больных акромегалией
АннотацияАкромегалия – это хроническое нейроэндокринное заболевание, обусловленное длительной гиперсекрецией гормона роста и инсулиноподобного фактора роста-1 и приводящее к системной гипертрофии мягких тканей, при этом состояние слюнных желез изучено недостаточно. Цель исследования состояла в том, чтобы сравнить размеры поднижнечелюстных слюнных желез по данным ультразвукового исследования у пациентов с активной акромегалией и у сопоставимых по возрасту и полу здоровых лиц, а также выявить клиникобиохимические факторы, ассоциированные с объемом желез. В проспективное сравнительное исследование включены 27 пациентов с активной акромегалией и 26 здоровых добровольцев. Всем выполнено ультразвуковое исследование поднижнечелюстных желез с измерением длины, ширины и толщины каждой железы и расчетом объема. У пациентов дополнительно оценивались возраст, длительность симптомов, индекс инсулиноподобного фактора роста-1, наличие гиперпролактинемии и эхоструктуру паренхимы. У пациентов с акромегалией медианный объем правой железы был выше, чем у здоровых (10,0 против 6,3 см3), как и объем левой (8,8 против 7,0 с3; p < 0,01 для обеих), при достоверном увеличении длины и ширины и отсутствии различий по толщине. Объем желез отрицательно ассоциировался с возрастом и длительностью симптомов, был выше у мужчин и имел тенденцию к снижению при гиперпролактинемии; независимыми предикторами объема оказались мужской пол и длительность симптомов. Акромегалия сопровождалась выраженной гипертрофией поднижнечелюстных слюнных желез преимущественно за счет увеличения длины и ширины, что позволяет рассматривать ультразвуковую оценку этих желез как дополнительный неинвазивный маркер тканевого ответа при акромегалии

