Башкы редактор
Том 1 № 1 (2019): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА
-
ЛИЦЕЙ ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТЫНЧСЫЗДАНУУ ДЕЦГЭЭЛИНИН ДИНАМИКАСЫН БААЛОО
АннотацияМакалада И.К. Ахунбаев атындагы КММА алдындагы лицейдин 10 класста окуган окуучуларынын психологиялык изилдeeлeрдYн жыйынтыгы сунушталган. 16-17 жаштагы 80 адам изилденген. Окуучулардын кырдаалдык жана оздук тынчсыздануу децгээлдерин аныктоо учун Ч.Д. Спилберг, Ю.Л. Ханиндин (1983) тынчсызданууну оздук баалоо шкаласы колдонулган. Белгиленген тест ишенимдYY жана маалыматтарды алуу жолу болуп саналат. 10 класстын окуучуларын психологиялык изилдeeнYн натыйжасында кырдаалдык тынчсыздануу кыздарда басымдуу экендиги аныкталган. Ал эми eздYк тынчсыздануунун орточо децгээли 53% балдарда, 28% кыздарда белгиленди. Бул eз кезегинде балдардын eздYк тынчсыздануу децгээли жогорураак экендигин билдирет. Окуу жылынын этегинде кыздардын 5% томонку оздук тынчсыздануу децгээли, 48% балдарда жана 20% кыздарда орточо оздук тынчсыздануу децгээли табылган. Ал эми жогорку өздүк тынчсыздануу децгээли 52% балдарда, 75% кыздарда аныкталган. Кыздарда тынчсыздануу децгээлдеринин жогору болушу адаптациялык процессинен, окуу жуктомунон жана жекече озгочолуктору менен негизделиши мумкун.
ФАРМАЦИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫ АМБУЛАТОРИЯЛЫК ШАРТЫНДА НАРКОТИКАЛЫК АНАЛГЕТИК ДААРЫЛАРЫ МЕНЕН КАМСЫЗДАНДЫРУУНУН АНАЛИЗИ
АннотацияБул беренеде онкологиялык оорусуна чалдыккан, терминалдык баскычтагы онокот оору синдромуна дуушар болгон бейтаптарды наркотикалык аналгетик даарылары менен амбулатордук денгээлде жардам беруу максатында камсыздандыруунун анализи жургузулгон. Кыргыз Республикасында инкурабелдик онкологиялык дартка чалдыккан бейтаптарды наркотикалык аналгетиктер менен камсыздандыруусу орточо эсеп менен 0,25% тузот. Мындай корсоткучтун себеби наркотикалык даарылардын тобуна физикалык жана экономикалык томон жетишкендик болуп эсептелет.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АШ КАЗАН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГЕСИНДЕГИ ЖАРАСЫН ДААРЫЛОО YЧYН КОЛДОНУЛУУЧУ ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИН РЫНОГУН МАРКЕТИНГДИК АНАЛИЗД00
АннотацияКыргыз Республикасында аш казан жана он эки эли ичегесиндеги жарасын дарылоо учун колдонулуучу дары-дармектердин рыногун маркетингдик анализдее керсеткендей фармацевтикалык рынокто 285 дары-дармектин туру каталган. Ушул группадагы дары-дармектердин фармацевтикалык рыногун чыгарган мамлекеттери, составы жана формасы боюнча болуштуруу откозулгон. Аш казан жана он эки эли ичегесиндеги жарасын дарылоо YЧYн колдонулуучу дарыканалык ассортименттеги дары дармектердин белгиленген негизги корсоткучтору жана онугуу тенденциялары аныкталган.
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
2 ТИПТЕГИ КАНТ ДИАБЕТИНИН КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЙИК ТООЛУУ АКСАЙ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТYY КАЛКЫНДАГЫ ДYЙН0ЛYК ТРЕНДДЕГИ ӨНҮГҮҮ ӨЗГӨЧӨЛYКТӨРY
АннотацияКант диабетинен жабыркагандардын саны, журок кан тамыр ооруларынан олумдордун осушуно, кант диабетинин жана анын риск факторлорун алдын алуучу активдуу иш чаралардын жоктугуна байланыштуу, кант диабетинин онугуу рисктерин Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жергиликтуу калкын изилдее негиздуу. Кыргызстандын бийик тоолуу Нарын регионунун Аксай жергиликтуу калкынын кант диабетинин 10 жылдык онугуу озгочолуктору катары жынысына коз каранды эмес томонкулор эсептелет: момо-жемиштердин аз колдонуу, абдоминалдык семируу, аз кыймылдоочу жашоо образы жана дене массасынын индекси. Кант диабетинин eнYГYY рискинин 10 жылдык орто жана жогорку стратификация риски дагы момо- жемишти аз колдонуу, ашыкча салмактык, аз кыймылдоочу жашоо образы менен шартталган, бирок изилденгендердин арасында томон риск басымдуулук кылат.
-
2 ТИПТЕГИ КАНТ ДИАБЕТИНДЕГИ КОРОНАРДЫК ЖYР0К ООРУЛАРЫНЫН КЛИНИКАЛЫК ЖАНА ФУНКЦИОНАЛДЫК К0РYНYШТ0РYНYН КАРЫЛАРДАГЫ 0ЗГ0Ч0ЛYКТ0РY
АннотацияКорутунду: макала 2 типтеги кант диабетиндеги коронардык журок ооруларынын улгайган адамдардагы eзгeчeлYктeрYн изилдееге арналган. Улгайган адамдардын саны жана санынын осуусу, 2 типтеги кант диабетинин жана коронардык журок ооруларынын улгайган адамдардагы озгочолуктору, 2 типтеги кант диабетиндеги коронардык журок ооруларынын осуусу жана анын негизинде олумдун кобойушу тууралуу маалыматтар келтирилген. 2 типтеги кант диабетиндеги журок ооруларынын улгайган адамдардагы озгочолуктору боюнча ири клиникалык изилдeeлeр табылган жок.
-
БЕТТИН НЕРВ ТАМЫРЫНЫН НЕВРОПАТИЯСЫН КЫРГЫЗДЫН ЖАНА КЫТАЙДЫН САЛТТУУ МЕДИЦИНАСЫНЫН ЫКМАЛАРЫ МЕНЕН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРYY
АннотацияКортунду: Изилдөөлөрдө дары-дармектерге айкалыштырып, кыргыз салттуу укалоо жана кытайдын электракупунктурасы менен комплекстүү дарылоо, беттин нервинин калыбына келтирүүнүн натыйжалуулугунун мөөнөтү 2 эсеге кыскарган
-
СИМУЛЯЦИЯЛЫК ОКУТУУ - КЫРГЫЗСТАНДА АДИСТЕРДИН, ЖАЛПЫ ТАЖРЫЙБА ДАРЫГЕРЛЕРДИН ЖАНА ОРТО МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ПРОФЕССИОНАЛДЫК ДАЯРДООСУН НЕГИЗГИ Б0ЛYГY БОЛУП САНАЛАТ
АннотацияКорутунду: Макалада КМКДжАЖМИ адистеринин, жалпы тажрыйба дарыгерлердин, орто медициналык персоналдын кайра жандандыруунун негизги методтору жана автоматикалык тышкы дефибриляторду колдонушу боюнча айлампасынын жыйынтыгы айтылат.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН КУРГАК УЧУК ИНФЕКЦИЯСЫН АЛЛЕРГЕН РЕКОМБИНАНТТЫК КУРГАК УЧУК ЫКМАСЫ МЕНЕН АНЫКТОО ТАЖРЫЙБАСЫ
АннотацияМаксаты: Бишкек шаарындагы башталгыч мектеп курактагы балдарды массалык
кургак учука каршы аныктоо үчүн колдонулган аллерген рекомбинанттык кургак учук
(АРК) жана 2 ТЕ Манту ыкмасын салыштырып талдоо.
Материалдар жана ыкмалар: 2 ТЕ Манту жана АРК ыкмасы менен 7 - 10 жашка
чейинки 1873 балдар арасында иммундук дарты аныктоо ыкмаларды салыштырып,
талдоо жүргүзүлдү.
Натыйжалары: Алынган маалыматтар керсеткендей Манту ыкмасына 31,6% оц
таасир берди, ал эми АРК ыкмасына 12,3%. 9 балада активдYY кееден ичиндеги
бездердин сезгениши шектелген, 6 балада (0,3%) дарт тастыкталган эмес. АРК
ыкмасынан тышкары, балдарга компьютердик томограмма жасалган. Эгер Манту
ыкмасынын жыйынтыгы менен 243 (13%) бала дарыгердин көзөмүлүндө болууш керек
болсо, АРК ыкмасы менен балдардын саны 95 (5%) чейин азайган (Р=0.000).
Жыйынтык: Изилдөөнүн жыйынтыгында, башталгыч мектеп курагындагы (7-10
жаш) балдардын арасында АРК ыкмасы жалган оц жыйынтыктарды четке кагып, таза
жугууну керсетет. АРК ыкмасын вакцинадан кийинки жана инфекциядан кийинки
жыйынтыкты айырмалоого колдонууга сунуштаса болот, жана кошумча ыкма катары,
балдарды диспансердик каттого алууда жана латенттик кургак учук инфекциясын
дарылоодо колдонууга болот.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
АНАЭРОБДУК КЛОСТРИДИАЛДЫК ЭМЕС ФЛЕГМОНАНЫН СЕПСИСКЕ ОТУШУ ЖАНА АНЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООСУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ
АннотацияКорутунду: бул макалада колдун, буттун, кокурок менен курсактын капталынын клостридиалдык эмес флегмонанын сепсиске отушу, жаны анын клиникалык журушу, ошондой эле ийгиликтуу хирургиялык дарылоосу баяндалды. Анаэробдук флегмонанын анатомиялык жайланышы жана инфекциянын анатомиялык футляр менен тарашы изилденген. 17 орулуунун: 12-си колдун, 1 орулуу буттун жана 4 орулуу чукул парапроктиттин анаэробдук ириндеп кетишинен. Бардык оруулар чукул арада операцияга алынган, жана аларга анаэробдук, флегмонаны хирургиялык жол менен тазалоо операциясы жасалган.
-
АЛЬВЕОКОККОЗГО БАЙЛАНЫШТУУ БООР РЕЗЕКЦИЯЛАРЫНАН КИЙИН ӨПКӨ-ПЛЕВРА ЖАГЫНАН ӨТYШYП КЕТYYЛӨРДY ДАРЫЛОО
АннотацияКорутунду: максат - альвеококкозго байланыштуу боор резекцияларынан кийинки өпкө-плевра жагынан өтүшүп кетүүлөрдү дарылоонун жыйынтыгын аныктоо. Боор альвеококкозу боюнча 84 бейтап операция болду: 58 не радикалдуу операция жана 26 сына паллиативдүү• Операциялардан кийинки мезгилде 23 (27,3%) бейтапта плеврит катталды. 0лYм болгон жок.
-
АБДОМИНАЛДЫК ХИРУРГИЯДАГЫ ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ООРЛОШУУЛАР ЖАНА АЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ
АннотацияКорутунду: Изилдеенун максаты - шашылыш абдоминалдык хирургияда операциядан кийинки оорлошуулардынжыштыгын аныктоо жана алардын алдын алуу чараларын сунуштоо. Оорулуулардын эки тобундагы жыйынтыктар берилген: биринчи- операция болгон 93 киши, алар үчүн алдын алуу чарасы антибиотиктер болду, венанын ичине жана булчундун ичине киргизүү, оорлошуулар 20,4%ды түздү. Экинчи топ - 105 оорулуу колдонулгган алдын алуу чаралары: операциянын алдында антибиотиктерди киргизүү, операция учурунда - ич көңдөйүн жана операциянын жаракатын озондоштурулган натрийхлоридинин аралашмасы менен сугаруу, озондун концентрациясы 8-10 мкг/млже 0,02% декасан аралашмасы, жара кецейткичтерди колдонуу мөөнөтүн кыскартуу жана операциядан кийин операция жаракатына инфра кызыл лазер нурун колдонуу (5-6 сеанс). Бул топто операциядан кийинки оорлошуу 9,7 %ды түздү.
-
КАЛКАН БЕЗИНИН ТYЙYН ТYЗYЛYШТӨРYН ДИАГНОЗ КОЮУНУН ЖАНА ДАРЫЛООНУН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ
АннотацияКорутунду: калкан бездеринин түйүндүк түзүлүштөрдү диагноз коюу, дарылоо боюнча актуалдуу бойдон калууда. Калкан безин ар кандай туйун оорусу бойунча 80 бетапка оперативдик дарылоо ыкмасы колдонулду УДИ жана тоноигольная асопирационная биопсия калкан бездин түйүндүк түзүлүштөрүн аныктоо жана туура диагноз коюуда эц маалыматту ыкма деп эсептелинет. Акыркысынын пайдасы калкан безин коптук туйундордо азайат.
-
САРЫКТЫН МЕХАНИКАЛЫК (ТОСКОЛДУКТАГЫ) ТҮРҮМЕНЕН ОРУУГАН БЕЙТАПТАРДЫН КАБЫЛДООСУН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫНЫН КОЛДОНУСУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
АннотацияКорутунду: максаты - Өттүн таш оорусу менен ооруган бейтаптардын механикалык сарыка кабылдоосун алдын алуу чараларын баало. Өттүн таш оорусунун негизинде механикалык сарык менен 76 бейтапга операция жасалды, кабылдоонун алдын алуу үчүн операцияга чейин 8 бейтапга тери аркылуу холангиостома, 4 бейтапга папилосфинтеротомия колдонулду. 47 бейтапга сыртга түтүкдөө жана 29 бейтапга сыртга ичинен түтүкдөө колдонулду.Операциядан кийинки мезгилде боорду жумуру байламтасы аркылуу аймактык (регионалдык) лимфостимуляция аткарылды, алардын ичинен 6 бейтапга (7,9%) кабылдоо пайда болду жана 1 бейтап (1,3%) каза болду.
ТРАВМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ЧОҢ БАЛТЫР СӨӨГҮНҮН Ш ПРОКСИМАЛДЫК БӨЛҮГҮНҮН МУУН АРАЛЫК СЫНУУСУН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО ЫКМАСЫ
АннотацияКорутунду. Макалада остеосинтездин TYPДYY методдорун колдонуу менен балтыр сөөгүнүн проксималдык бөлүгүнүн муундар аралык сынышы менен жабыркаган 50 пациентти дарылоо тажырыйбасын талдоо натыйжалары берилген. Жасалган талдоо, балтыр сөөгүнүн проксималдык бөлүгүнүн муундар аралык сыныктарын сөөк пластинадагы кезигүүчү компрессордук бураманы колдонуу менен остеосинтездөөнүн оптималдуу вариант экендигин көрсөттү.
-
УЛГАЙГАН ЖАНА КАРЫ ЖАШТАГЫ САН СӨӨГYHYH ЛАТЕРАЛДЫК СЫНЫКТАРЫН (А-ТYРY) ОПЕРАТИВДИК ДАРЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
АннотацияКорутунду. Сан сөөгүнүн латералдык сыныктары менен 2013-2017 - жылдары дарыланган 146 бейтаптар үч группага бөлүнгөн: I-сөөк үстүнөн пластина менен спогиоздук бурамалар колдонулган (n-56), сан сөөгүнүн динамикалык бурамасы (DHS) (n-45), III - сан-жамбаш муунунун гемиартропластикасы (бир жана эки уюлдуу гемиартропластика) (n-45). I группада жакшы жыйынтыктары 20 (35,8%) оорууларда, орто жыйынтыктары 30 (53,6%) мезгилде жана канаатандырарлык эмес жыйынтыктар 6 (10,8%) оорууларда кездешкен.II группада жакшы жыйынтыктары 23 (51,1%) оорууларда, орто жыйынтыктары 20 (44,4%) мезгилде жана канаатандырарлык эмес жыйынтыктары 2 (4,4%) оорууларда кездешкен. III группда (n-45) жакшы жыйынтыктары 26 (57,8%) оорууларда, орто жыйынтыктары 19 (42,2%) мезгилде жана канаатандырарлык эмес жыйынтыктары кездешкен эмес.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА САН СӨӨГҮНҮН ПРОКСИМАЛДЫК БӨЛYГYНYН СЫНЫКТАРЫН ЗАМАНБАП ДАРЫЛОО (адабиятка сереп)
АннотацияКорутунду. Бул макалада Кыргыз республикасында сан сөөгүнүнүн проксималдык бөлүгүнүн сыныктарын дарылоосуна заманбап акыркы 20 жыл ичиндеги адабиятка сереп берилген.
СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК КӨНДҮМҮДӨГҮ ЗАМАНБАП МАМИЛЕНИ КАЛЫПТАНДЫРУУ
АннотацияКорутунду. Бул макалада машыктыруучу класстарда окутуу жещнде жашыруу илдөө аркылуу, стоматология белүмүнүн 4-курстун студенттерин сурамжылоонун сереби көрсөтүлгөн. Класста практикалык көндүмдөргө үйрөтүү зарылчылыгы жөнүндө биртиш даярдоо үчүн заманбап талаптар болуп, фантомду колдонуу.
ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
2019 ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП ИШТЕЙ БАШТАГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ - ПРОЦЕССУАЛДЫК КОДЕКСИНИН ЭКСПЕРТИЗА ЖУРГУЗУУНУ ТЕСКЕЙ ТУРГАН БЕРЕНЕЛЕРИН ТАЛДОО
АннотацияКорутунду. 2017 жылы бир топ укуктук мыйзамдар (кодекстер) кабыл алынган, алардын арасында Кылмыш - процессуалдык кодекси да бар. Кодекстин кээ бир Башкы болумдорундо (Главы) жана беренелеринде экспертизаны уюштуруу, жургузуу жонундо, дагы экспертиза, эксперттин корутундусу жана башка тушунукторду чечмелоо, жактоочунун, жабыр тарткандардын, шектуунун жана башка процесске катышкандардын укугу коргозулгон. Ошондой эле жактоочунун тергоо сотуна кайрылып келишимдиктин негизинде экспертиза жургузуу жонундо укугу айтылган. Ушулар менен бирге эксперттин Мамлекет тарабынан сактоого алынууга укугу бар экени коргозулгон. Ошону менен катар кээ бир беренелер боюнча суроолор пайда болду. Ошол суроолорду тактап-тастыктоо жана чечуу керек.
МЕДИЦИНА ТАРЫХЫ
-
И.К. АХУНБАЕВА АТЫНДАГЫ КММА ФТИЗИАТРИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА ИЙГИЛИКТЕРИ
АннотацияКорутунду. И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиянын 80 жылдык мааракесине карата фтизитартия кафедрасынын жетишкендиктери жана ийгиликтери көрсөтүлгөн.