Башкы редактор
Том 1 № 1 (2021): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
МЕДИЦИНА ТАРЫХЫ
-
ТӨӨ-АШУУДАГЫ (ТЯНЬ-ШАНЬ, 3200 м) БИЙИК ТООНУН ШАРТЫНДА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕДИЦИНАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ТАРЫХЫНАН
АннотацияМакалада Төө-Ашуу ашуусунда (Тянь-Шань, 3200 м) СССРдин жана Кыргыз ССРинин алдыңкы окумуштуу-медиктери тарабынан жүргүзүлгөн медициналык илимий изилдөөлөр тууралуу тарыхый маалымдама берилген. 1960-жылдары ылайыкташтырылган имаратта Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун кызматкерлери тарабынан изилдөөлөр башталган, кийин Улуттук кардиология жана терапия борборунун (1989) жана Кыргыз гематология илимий борборунун (2004) бийик тоонун шартында изилдөө бөлүмдөрү курулган. Кан ооруларына жана бронхиалдык астмасына тийгизген тоо климатынын дарылык касиеттери изилдөөгө алынган. Төө-Ашуу илимий базасынын шартында бийик тоолуу физиология жана медицина боюнча Кыргызстан окумуштуулары тарабынан бир катар докторлук жана кандидаттык иштер аткарылды.
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
МАСТОЦИТОЗ БОЮНЧА УЧУРДАГЫ ТҮШҮНҮК
АннотацияМакалада мастоцитоздун тери жана системдик формалары жөнүндө заманбап маалыматтар келтирилген. Мастоцитоз – сейрек кездешүүчү оору. Мастосцитоздун көбүнчө кездешчү түрлөрү тери жана индоленттик таралган мастоцитоз, кээ бир учурларда – майлуу клеткалык лейкоз. Мастоцитоздун клиникалык көрүнүшү гетерогендүү – теринин жабыркашынан баштап, өзүнөн-өзү илгерилеп, органдардын иштен чыгышы жана кыска өмүр менен байланышкан оорунун агрессивдүү түрлөрүнө чейин жетиши ыктымал. ДСУнун классификациясына ылайык (2016), мастоцитоздун 7 түрү аныкталган. Морфологиялык, иммуногистохимиялык, иммунофенотиптик, генетикалык жана молекулярдык ыкмаларды колдонулуп, клиникалык көрүнүштөрдүн жана шишик майлуу клеткаларынын инфильтраттарын аныктоонун негизинде диагноз коюлат. Мастоцитозду дарылоо үчүн алардын молекулярдык жана клеткалык патогенезин терең түшүнүү жана так диагностикалык баа берүү талап кылынат.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ПЕРВЫЕ РЕЗУЛЬТАТЫ ПРИМЕНЕНИЯ УСТРОЙСТВА XPAND ДЛЯ ТРАНСКАТЕТЕРНОЙ ИМПЛАНТАЦИИ АОРТАЛЬНОГО КЛАПАНА В УКРАИНЕ
АннотацияРезюме. Несмотря на глобальную тенденцию широкого клинического внедрения транскатетерной имплантации аортального клапана (TAVI) у лиц с выраженным стенозом аортального клапана, сегодня ключевым вопросом остается оптимизация данной процедуры и устройств для её выполнения. Первый опыт применения нового устройства XPand, созданного в коллаборации между немецкими, французскими и украинскими учёными, подтверждает эффективность и безопасность у пациентов пожилого возраста с выраженным аортальным стенозом.
Цель. Оценить эффективность и отдаленные результаты процедуры имплантации с использованием системы XPand у лиц с выраженным стенозом аортального клапана. Материалы и методы. Проведена фаза клинической инициации одноцентрового клинического испытания по оценке устройства XPand с первичным анализом
промежуточных результатов исследования. Пациентам, которые соответствовали критериям включения, был выполнен полный спектр дооперационных исследований и проведена процедура TAVI с имплантацией системы XPand. Послеоперационная оценка результатов осуществлялась в соответствии с принятым протоколом.
Результаты. Нами получены первичные результаты имплантации системы XPand у пациентов (n = 7), которые градируются как удовлетворительные. Средний срок (в днях) пребывания пациентов в стационаре после выполнения процедуры составлял 20 ± 1,25 дней, послеоперационный период протекал без особенностей и осложнений. У 71,5% пациентов выявили минимальную параклапанную недостаточность или отсутствие недостаточности согласно результатам финальной аортографии.
Выводы. Первичный опыт использования нового устройства транскатетерной имплантации протеза аортального клапана XPand подтверждает его эффективность и безопасность у пациентов пожилого возраста с выраженым аортальным стенозом. -
ЛЕЧЕНИЕ ПОВРЕЖДЕНИЙ АКРОМИАЛЬНО-КЛЮЧИЧНОГО СОЧЛЕНЕНИЯ НА СОВРЕМЕННОМ ЭТАПЕ
АннотацияВ статье приведен обзор литературных источников по оперативному лечению больных с повреждениями акромиально-ключичного сочленения. Известные методы оперативного восстановления анатомии акромиально-ключичного сочленения, имеют как свои преимущества, так и недостатки. Поэтому, на сегодня совершенствование оперативного метода лечения повреждений акромиального конца ключицы является
актуальной проблемой современной травматологии. В связи с чем, дальнейшая оптимизация существующих методик лечения вывихов акромиального конца ключицы с учетом тяжести повреждения связочного аппарата, биомеханических особенностей данного сочленения является перспективным направлением развития хирургии повреждений надплечья. -
КЛАССИФИКАЦИЯ И МЕХАНИЗМ ПОВРЕЖДЕНИЙ АКРОМИАЛЬНО-КЛЮЧИЧНОГО СУСТАВА
АннотацияВ статье приведены современные классификации повреждений акромиально-ключичного сочленения, а также механизм их возникновения. Современные классификации должны учитывать степень повреждения связочного аппарата, вид смещения ключицы и морфологические изменения, происходящие в окружающих тканях АКС и плечевого пояса. Показаны значения классификации повреждений при выборе рационального лечения повреждений акромиально-ключичного сочленения. Знание механизма повреждения позволяет специалисту прогнозировать характер и тяжесть повреждения структур сустава. Отмечено важность характера травмирующей
силы при повреждении акромиально-ключичного сочленения. -
ЧУРКУ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДА АДГЕЗИЯ ПРОЦЕССИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияКурсактын алдыңкы дубалынын чуркусу кѳп учурда курсак көӊдөйундө жабышма процессинин калыптануусуна себеп болот.
Изилдѳѳнүн максаты, ар кандай жайгашкан курсактын алдыңкы дубалынын чуркусу менен жабыркаган бейтаптарда курсак көӊдөйундө жабышма процессинин калыптануусунун ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралу илимий маалыматтарды алуу болуп саналды.
Клиникалык материалды 2015 жылдан 2019 жылга чейин ар кандай формадагы курсактын алдыңкы дубалынын чуркусу менен жабыркап, Улуттук хирургия борборунда операция жасалган эки жыныстагы 350 бейтап түздү.
Жүргүзүлгѳн изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыгында, операциядан кийин пайда болгон чуркулар ар дайым чуркунун ордунда же болбосо курсак көӊдөйунун башка бѳлүктѳрүндѳ жабышма процессинин калыптануусу менен коштолушу аныкталды.
Киндик чуркулары көлөмүнө карабастан, көп учурда чуркунун кѳңдѳйүндѳ париеталдык чел кабыктардын бири-бири менен пленка жана жип сыяктуу жабышма процессинин калыптануусу менен коштолот. Дагы чуркунун дарбазасынын аймагында интенсивдүү жабышма процессинин болушу мүнѳздүү.
Чурай чуркулары висцералдык чел кабыктардын бири-бири менен жабышма процессинин калыптануусу менен мүнѳздѳлѳт. Чуркунун дарбазасынын аймагында жабышма процессинин болушу байкалган эмес. -
КУРСАК КӨӉДӨЙУНДӨ ЖАБЫШМА ПРОЦЕССИНИН КАЛЫПТАНУУСУНА ВАНКОМИЦИНДИН, ЛЕВОФЛОКСАЦИНДИН ЖАНА МЕТРОНИДАЗОЛДУН ТААСИР ЭТҮҮСҮН БААЛОО
АннотацияКорутунду. Адгезиянын пайда болуу процесси - бул татаал патогенези бар полиэтиологиялык кубулуш. Ич кѳңдѳйүнүн чел кабыгынын адгезияга жана адгезияга каршы касиеттери бири-бирине байланыштуу жана биринин экинчисинин үстөмдүгү адгезиянын оорлугуна түп-тамырынан бери таасир этет.
Курсак органдарына жасалган операциялардан кийин адгезиялардын патогенезинин негизин тутумдаштыргыч ткандардын жипчелеринин жана андан кийин фибриндин перитонеалдык эффузиясынан түшүп калган тамырлардын жана нервдердин өнүп чыгышы деп эсептешет, бул болсо органдардын сероздуу каптамына кошулат.
Жабышуу процессинин патогенезинин негизи болуп фибриндин ичиндеги экссудациядан кийин пайда болгон фибрин матрицасынын ткандарын уюштуруу саналат, анын активдүү фазасы ич кѳңдѳйүнүн чел кабыгынын жаракат алгандан 12 сааттан кийин башталат.
Изилдөөнүн жүрүшүндө антибактериалдык каражаттардын ич көңдөйүндө адгезиянын пайда болушуна тийгизген таасирин эксперименталдык түрдө баалоо үчүн рандомизацияланган көзөмөлгө алынган изилдөө жүргүздүк. Параллелдүү рандомизацияланган изилдөөдө ар кандай антибактериалдык каражаттардын ич
көңдөйүндө адгезиянын пайда болушуна таасиринин натыйжалары келтирилген.
Эксперименталдык изилдөө 60 пародасыз келемиштерде өткөрүлдү. Ванкомицин, Левофлоксацин жана Метронидазол каражаттары үч эксперименталдык топто колдонулду. -
КАЛДЫК ГЕМОТОРАКС ҮЧҮН МИНИИНВАЗИВДИК ТОРАКОСКОПИЯЛЫК ХИРУРГИЯНЫН ЗАМАНБАП МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
АннотацияӨткөн кылымдын башында түзүлгөндөн бери минималдык инвазивдик көкүрөк хирургиясы (MTX) узак жолду басып өттү. Көкүрөк хирургиясындагы чыныгы революция болуп - видеоторакоскопиялык хирургия (VTS) жаңы багыттын пайда болушу болду. Жаңы эндоскопиялык технологияны жалпы практикага киргизүү көкүрөк органдарына хирургиялык кийлигишүүнүн диагностикалык жана терапиялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүктү түп-тамырынан бери өзгөрттү. Видео эндоскопиялык технологияны колдонуу, жаңы шаймандарды жана алдыңкы технологияларды түзүү көкүрөк органдарынын жаракат алган бейтаптарды дарылоо
көйгөйүн сапаттуу жаңы чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, хирургиялык дарылоонун натыйжаларын жакшыртууга, операциядан кийинки кыйынчылыктарды жана өлүмдүн деңгээлин минимумга чейин азайтууга жана ооруканада болуу узактыгын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Видеотрекоскопиянын (ВТС) мүмкүнчүлүктөрү акыркы жылдары ушунчалык көбөйүп, аны плевра ооруларын аныктоо методунан терапиялык жана диагностикалык процедурага айландырышты.
СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ПАРОДОНТ ТКАНДАРЫНЫН РЕЦЕССИВДҮҮ ЖОГОТУЛУШУН КОМПЛЕКСТҮҮ ЗАМАНБАП МЕДИЦИНАЛЫК КОЛДОО МЕНЕН ДАРЫЛОО
АннотацияИзилдөөнүн максаты - тиешелүү илим изилдөө адабияттарды жана клиникалык тажрыйбаларды анализдөө, пародонт ткандарынын рецессивдүү жоготуусу менен ооруган адамдарга негизги диагностика жана консервативдик дарылоо ыкмаларын сунуштоо. Изилдөөнүн аягында Миллер классынын клиникалык көрүнүштөрүн, кандай байкалгандыгына жараша сунушталган дарылоо алгоритмдери келтирилди. Ошондой эле, бейтаптарды дарылоонун негизги амалдары аныкталды.
ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ТИШТЕРДИН «ШЫНООГО ОКШОШ КЕМТИГИН» АДАМДЫН ЖАШ-КУРАГЫН ТАКТООДО КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
АннотацияИ.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 80 студентин кароонун негизинде 9 кишиде (1,13%) «шыноого окшош кемтик» табылган, анын 6-су (12,5%) эркектердин (48) арасында, ал эми
аялдардын арасында болсо (32) 3 эле кишиде табылган (9,37%). Тиштерде «шыноого окшош кемтик» 68 каралган кишилердин арасынан 21 жаштан жогору болгондо кезикти (9 киши). Аталган патология кобунчо ылдыйкы жаактын тиштеринде пайда болгон (9-дун арасынан 7 кишиде). -
АДАМДЫН ЖАШ-КУРАГЫНЫН МОРФОЛОГИЯЛЫК БЕЛГИСИ КАТАРЫ ТИШТИН «ПАТОЛОГИЯЛЫК ЖЕШИЛИШИ»
АннотацияСтоматология жана дарылоо факультеттеринин 18ден 29-га чейинки жаштагы 80 студентин тиштин «патологиялык жешилиши» бардыгына текшерүүдө 10% текшерүүдөн өткөн студенттердин арасында тиштин «патологиялык жешилиши» бар экени аныкталды. Ошол эле учурда аял жынысындагылардын 12,5% пайызы, эркектердин 8,33%-да табылды. «Патологиялык жешилиш» үстүнкү жана ылдыйкы жаактардын тиштеринде табылды, ошолордун арасында 1-ндө үстүнкү да, ылдыйкы да жаактардын тишинде табылды.
ЖАЛПЫ ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРЫ
-
СƟƟК МАТЕРИАЛЫНЫН БЕКЕМДИГИН ТЕКШЕРҮҮ. БИОМЕХАНИКАЛЫК КƟРСƟТКҮЧТƟРДҮН САЛЫШТЫРМАЛУУ МҮНƟЗДƟМƟСҮ
АннотацияМаксат: анизотроптук касиетин эсепке алуу менен тарытуу сыноосунан ɵткɵн пластикалык сɵɵк курамынын материалдары жана анын бекемдик сапатын салыштырма баалоосу ɵткɵрүлгɵн. Адамдын жана уйдун жамбаш сɵɵгүнүн үлгүсү изилденген. Кɵрсɵткүчтɵрдүн салыштырма анализи үчүн № 3 болот металлы да кошумча алынган. Р-50 тытуу машинасында изилдɵɵ жүргүзүлгɵн. Материалдарды ченɵɵ (ɵлчɵɵ) штангенциркуль менен 2 жолу жасалган. Изилдɵɵ процессинде диаграмма боюнча материалдын үлгүлɵрүнүн ɵзгɵрүшүнɵ байкоо жүргүзүлгɵн. Сɵɵктүн бекемдигин автоматикалык жазуулар деформациялоо диаграммасы менен үлгүлɵрдү тарытуу аркылуу изилденди. Тарытуу графигинен механикалык мүнɵздɵмɵлɵр эсепке алынган: катыштын чеги, бекемдиктин чеги, Юнг модулу жана талкаланганга (жок болгонго) чейинки бузулушу. Сɵɵк материалдарынын сырткы морфологиялысынын ɵзгɵрүлүшү изилденген. Бардык алынган маалыматтар таблицага киргизилди. Жамбаш сɵɵктүн физико-механикалык касиеттеринин үлгүлɵрүн изилдɵɵдɵ бузулуу фактору сɵɵктүн структурасына жана касиеттерине тийгизген таасирин кɵрүүгɵ болот.
ЛЕКЦИЯ
-
COVID-19ДА КАН ТАМЫРЛАРДАГЫ КАНДЫН УЮУ СИНДРОМУ ЖАНА АНЫ ДАРЫЛОО
АннотацияМакалада COVID-19дун өнүгүү патогенези берилип, оорунун түпкү негизин өпкөнүн, жүрөктүн жана башка жашоо үчүн маанилүү органдардын майда кан тамырларында тромбдун пайда болушу, б.а. ар түрдүү клиникалык белгилери менен КТКУС синдрому түзөт. COVID-19дан каза болгондордун органдарынын патологоанатомиялык картинасы берилет. Гемостаз системасынын негизги лабораториялык изилдөөлөрүнүн тизмеси жана COVID-19 менен сезгенүү маркёрлору баяндалат. Мындан тышкары COVID-19 учурунда КТКУС-синдромун оорунун өтүшүнүн деңгээлине жараша дарылоо тууралуу айтылат. COVID-19 учурунда КТКУС-синдромунун орточо жана өзгөчө оор түрүн дарылоодо жаңы тоңдурулган плазманын (ЖТП) жана дарылык плазмаферез (ДП) сеанстарынын маанилүү ролуна терең түшүндүрмө берилет.
ЭСИБИЗДЕ
-
ПАМЯТИ ДОКТОРА МЕДИЦИНСКИХ НАУК, ПРОФЕССОРА РАУШАНБЕКА ДОБУЛБЕКОВИЧА АЛЫМКУЛОВА (21.09.1955 - 10.07.2020)
АннотацияМедициналык илимдердин доктору, профессор Раушанбек Добулбекович
Алымкуловдун элесине