Том 3 № 3 (2015): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-02-15

Бардык чыгарылыштар

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЕСИПТИК КУРГАК УЧУК ООРУСУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АРАСЫНДА

    Г.М. Абдылаева , А.С. Кадыров
    10-12 10
    Аннотация

    Кыргыз Республикасында кургак учук оорусу медицина кызматкерлеринин арасында көп кездешет. Көбүнчө кургак учук оорусу медицина кызматкерлеринин арасында жыл сайын өтүүчү медициналык кароодо табылат. Кургак учук оорусу медицина кызматкерлеринин арасында 2014 - жылда 107,85 көрсөткүч 100 миң жалпы элге карата аныкталды. Байкообузда кургак учук оорусунун медицина кызматкерлеринин арасында көп кездешкендиктен, бул оору туруксуз болбой жатат. Ошондуктан бул ооруга алдын ала табыш үчүн медициналык кызматкерлердин кесиктик ишмердигин күчөтүү зарыл жана дайым байкоодо болушу керек.

  • ЖОГОРКУ МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАРДА ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДИН ГУМАНДУУЛУК ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМИНЕ ЖАНА АГА ТАРБИЯЛООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮНӨ БАА БЕРҮҮ

    Е.М. Акимбаев, Г.Дж. Бейшенбиева
    13-15 10
    Аннотация

    Студенттердин гумандуулук жөнүндөгү билим деңгээлине жана медициналык ЖОЖдордун гумандуулукка тарбиялоо процессинин даражасына баа берүү максатында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 389 студенти анкеталык сурамжылоодон өткөрүлдү. Анда студенттердин гумандуулук, этика жана адептүүлүк тууралуу билим деңгээлдери жетишсиз экендиги, ошондой эле ЖОЖдун окутуучулары келечектеги дарыгерлерди гумандуулукка тарбиялоо процессине анча маани бербестиги аныкталды.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА НЕЙРООНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРЫНЫН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    З.М. Апсаматов, М.М. Мамытов, Р.Р. Тухватшин, Т.М. Топчубаева
    16-18 10
    Аннотация

    2012-2014 жылга чейинки учурдагы 895 оорулууларынын архивдик материалдарын анализдөө жолу менен, КР ССМ Улуттук ооруканасына кайрылуулар боюнча нейроонкологиялык ооруларынын эпидемиологиялык маалыматтары көрсөтүлгөн. Операциядан кийинки биоматериалдын гистологиялык ыкмада изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча неоплатикалык процессинин түрү жана НС бөлүмүндө анны локализациялоо аныкталган. Кошумча патологиялык процесс нейроонкологиялык оорулуулардын изилдөөлөрүнүн МРТ маалыматтары менен бекитилген.

  • КММАНЫН СТУДЕНТТЕРИНДЕ ӨЗҮН ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮ КОРКУНУЧТАРЫНЫН ФАКТОРЛОРУ

    А. Атаканова, Н. Ибраимова, Э.М. Асанбаева
    19-22 9
    Аннотация

    Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүнүн баардык алты курсунан 1434 студентинин өзүн өзү өлтүрүү коркунуч факторлору Т. Н. Разуваеванын модификациясындагы сурамжылоо барактарынын жардамы менен изилденди. Жүргүзүлгөн салыштырма анализдин жыйынтыктары өзүн өзү өлтүрүү коркунучтарынын денгээли 2 курстун студенттеринде жогору экенин ишенимдүүлүк менен аныктады. Изилдөө өзүн өзү өлтүрүүгө түрткү берген өтө эле маанилүү факторлорду аныктады.

  • ТОКСОКАРОЗ ЖӨНҮНДӨ ҮЙ-БҮЛӨӨЛҮК ВРАЧТАР ЭМНЕНИ БИЛҮҮ ЗАРЫЛ

    А.Э. Мергенов
    23-26 13
    Аннотация

    Макалада токсокароз менен жабырланган оорулуулардын клиникасынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн жыйынтыгы берилген. Адамдарда, балдарда оорунун негизги белгилеринин жыйнагы аныкталган жана ооруну далилдеш үчүн серологиялык изилдөө жүргүзүлгөн.

  • ПСИХИАТРИЯ БОЮНЧА ДИПЛОМГО ЧЕЙИНКИ БИЛИМДИН СТУДЕНТТЕРДИН ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУ, ПСИХИАТР-ВРАЧ, ПСИХОТРОПТУК ДАРЫ-ДАРМЕК ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮГҮНӨ ТААСИРИ

    Н. Стамбеков, А. Атаканова, Э.М. Асанбаева
    27-30 13
    Аннотация

    Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 2 чи жана 5 чи курсунун студенттеринин психикалык жактан оорулуу, психотроптук дары-дармек жана психиатр-дарыгер жөнүндөгү түшүнүгүнө дипломго чейинки билимдин таасири изилденген. Изилдөөнүн куралы катары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын психиатрия кафедрасынын кызматкерлери иштеп чыккан өзгөчөлөнгөн сурамжылоо барагы пайдаланылган. Психикалык бузулуусу бар оорулуунун, психотроптук дары-дармектин, психиатр-дарыгердин эки ача көрүнүштөрү аныкталды. Дипломго чейинки билимдин 5 курстун студенттеринде психиатриялык жардам тутуму боюнча түшүнүгүнө оң таасири азыраак экени көрсөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыктары психиатрия боюнча окутуу программаларынын мындан ары дагы өзгөртүүгө жана жакшыртууга муктаждыгын көрсөттү.

  • МЕДИКО-СОЦИАЛЬНАЯ ЭФФЕКТИВНОСТЬ ВНЕДРЕНИЯ НОВОГО ПРОТОКОЛА ПО ВЕДЕНИЮ САХАРНОГО ДИАБЕТА 2 ТИПА В УКРАИНЕ

    В.И. Ткаченко
    31-35 10
    Аннотация

    Оценка качества медицинской помощи в условиях внедрения новых руководств является актуальной и необходимой.
    Цель: определить медико-социальную эффективность внедрения новых медико-технологических документов по оказанию помощи при сахарном диабете 2 типа (СД).
    Материалы и методы. Обследовано 173 пациента с СД 2 типа (в возрасте 55,13 ± 0,61 лет, 112 женщин и 61 мужчин), которые в зависимости от специальности врача были разделены на 2 группы: 1-я – наблюдаются у врача первичного звена, 2-я группа – у эндокринолога. Для оценки медико-социальной эффективности проводилось анкетирование пациентов и исследование уровня HbA1c, уровень глюкозы натощак, показателей липидограммы. Медицинская и социальная эффективность помощи оценивалась с использованием соответствующих коэффициентов. Статистический анализ - с помощью программ Excel 2007, SPSS.
    Результаты. Определена невысокая удовлетворенность лечением и плохое качество жизни пациентов в целом, при этом СД оказывал дополнительное значительное негативное влияние. Качество жизни и удовлетворенность лечением, а также степень контроля СД не зависели от специальности врача, а зависели от вида терапии. У пациентов на инсулинотерапии наблюдались достоверно более высокий уровень HbA1с и холестерина ЛПНП, но качество жизни было оценено выше, хотя влияние диабета на качество жизни было более значимым, чем у пациентов на таблетках. Кроме того, наблюдалась корреляционная связь между средним взвешенным влиянием СД на качество жизни и длительностью СД (r=-0,32, p <0,001), а также удовлетворенностью лечением и качеством жизни (r=- 0,20, p <0,05).
    Вывод. Достоверных различий между группами пациентов, которые наблюдались у врача первичной помощи и врача-эндокринолога не было выявлено, что говорит о достаточном уровне качества медицинской помощи, оказываемой врачами первичного звена. При этом интегральный коэффициент эффективности был более высоким у врачей первичной помощи, что может быть обусловлено наблюдением ними пациентов с более легким течением диабета.

АКУШЕРДИК МАСЕЛЕЛЕР

  • РАДИОМОДИФИКАЦИЯ КАТАРЫНДА ФТОРАФУР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЗАЛАЛ ШИШИК ООРУСУН ДААРЫЛОО

    Т.А. Абдылдаев, С.Ш. Найзабекова
    36-38 9
    Аннотация

    Акыркы жылдардын ичинде химия жана нур терапиясынын натыйжалуулугу жатын моюнчасынын залал шишигин дарылоо жолдору изилденүүдө, кээ бир цитостатиктердин радиомодификациялык мүмкүнчүлүгүн пайдаланып алардын радиациялык талкалоосун күчөткөнү, залал шишиктин радиорезистенттүүлүгүн азайтуусу түрүндө. Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүндө жүргүзүлгөн изилдөөдө жатын моюнчасынын залал шишигин даарылоодо цитотоксикалык даарыларды радиомодификациялык өлчөмдө нур терапиясы менен пайдаланган. Нур терапиясы 52 жатын моюнчасында залал шишиги бар ооруларга радиомодификация катарында бириктирилип берилген, өзүнүн эффективдүүлүгүн жогорку деңгеелде көрсөтө алды. Эффективдүүлүгү 78,9% болду (36,6% толук ремиссияда).

  • АЯЛДАРДЫН ЭНДОМЕТРИЙ ГИПЕРПЛАЗИЯСЫ ЖҮРҮШТӨРҮНДӨГҮ КЛИМАКС СИНДРОМУНУН ӨТҮҮСҮНҮН АНАЛИЗИ

    Т.Х. Теппеева
    39-42 11
    Аннотация

    Аялдардын көпчүлүгүндө эндометрий гиперплазиясы 64(76,2%) абалында климакс синдрому оор жана орто – оордукта жүрүп, жүрөк – кан тамыр системасынын гипертония оорусу – 27,4%, ЖИО – 14,3%, калкан безинин – 27,4%, гепато – биллиардык системасынын - 17,9% ооруларынын өтө көбү менен чакырылган жагымсыз соматикалык шартында өтөт. Аялдардын 53,5% да метаболиялык даана бузулуштары белгиленген.

  • АЙЫЗЫ БҮТКӨН КАН БАСЫМЫ ЖОГОРУ АЙЫМДАРДЫ АМЛОДИПИН ЖАНА ЛИЗИНОПРИЛ МЕНЕН БИРГЕ ДАРЫЛООДОГУ ТААСИРИ

    Г.С. Юсупова, З.Т. Саткыналиева
    43-44 11
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты – амлодипин жана лизиноприлди бириктиргенде айызы бүткөн айымдардын кан басымынын, углевод жана липид алмашуусунун көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири. Бишкек шаарынын №7 ҮДТ-да диспансердик каттоодогу, кан басымы жогору айызы бүткөн 34 айым изилденди. 5 мг амлодипин жана 10 мг лизиноприлди күнүнө бирге колдонуу менен бир айлык дарылоонун натыйжасында кан басымы ылдыйлаган (Коротков ыкмасы боюнча аныкталган). Ошондой эле 5 мг амлодипиндин жана 10 мг лизиноприлди бириктирүүдө углевод жана липид алмашуусуна таасир тийгизбөөсү аныкталган.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ӨЗ УБАГЫНДА ТӨРӨЛГӨН БАЛДАРДЫ АСФИКСИЯГА АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ КОРКУНУЧТУУ ФАКТОРЛОРДУ ИЗИЛДӨӨ

    Н.В. Вычигжанина, М.Т. Щерба, С.Р. Шамсутдинова
    45-47 8
    Аннотация

    Байкоодо Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүндөгү кайра жандакдыруу бөлүмүндө асфиксия менен дарынланган 36 ымыркай болгон. Анда эне тараптан кээ бир коркунучтуу факторлор жаны төрөлгөн балдарды асфиксияга алып келе тургандыгы далилденген.

  • ИЗУЧЕНИЕ ФАКТОРОВ РИСКА РАЗВИТИЯ ОСТРОГО ОБСТРУКТИВНОГО БРОНХИТА У ДЕТЕЙ РАННЕГО ВОЗРАСТА В АМБУЛАТОРНЫХ УСЛОВИЯХ

    Н.И. Каримова
    48-50 9
    Аннотация

    В семейной поликлинике № 54 Юнус - Абадского района г. Ташкента было изучено клиническое течение острого обструктивного бронхита у 41 ребенка (25 мальчиков и 16 девочек) в возрасте до 3 лет и выделены факторы, способствующие как возникновению, так и усугублению тяжести течения этого заболевания у детей раннего возраста в амбулаторных условиях. Проведенное исследование позволило отнести наличие анте- и перинатальной патологии, дефицитных состояний, нарушение физического развития и биоценоза в условиях пассивного курения к факторам риска развития и тяжести течения острого обструктивного бронхита у детей раннего возраста. Поэтому лечение детей с острым обструктивным бронхитом должно быть комплексным и направленным на устранение выявленных факторов риска и сопутствующих патологических состояний со стороны других органов и систем детского организма, с проведением дальнейших адаптационных мероприятий.

КЛИНИКАЛЫК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗ ЭТНИКАЛЫК ТОПТОГУ ИНСУЛИН ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН ЛЕПТИНЕМИЯНЫН АССОЦИАЦИЯСЫ

    Н.Т. Алибаева, А.С. Керимкулова, О.С. Лунегова, Э.Э. Бекташева, Э.М. Миррахимов
    51-56 15
    Аннотация

    Изилдөө максаты: кыргыз этникалык топтогу лептиндин деңгээли менен жана инсулин туруктуулуктун (ИТ) арасындагы мүмкүн болуучу байланышын изилдөө.
    Материалдар жана ыкмалар: изилдөөгө 30 жаштан жогору Кыргыз Республикасында жашаган этникалык кыргыздар киргизилген. Пациенттерге жалпы клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн, алардын ичинде: даттануулар, чыныгы оору баяны, объективдүү кароо, кан басымын өлчөө менен, антропометрикалык текшерүү (бою, салмак, бел курчоосу, сан өлчөмү). Салмактын индекси, төмөнкү формула боюнча эсептелген: ИМТ= салмак (кг)/бою (м)2. Бел курчоосу≥102см болсо эркектерде, жана бел курчоосу ≥ 88см аялдарда – абдоминалдуу семирүү деп аныкталган. Салмактын индекси ≥ 30кг/м2 семирүү диагностикаланган. Лабаратордук изилдөөлөрдөн төмөнкүлөр аныкталган: кант (ачкарын) кандын плазмасынан, инсулин жана лептин. ИТ НОМА индекси формула менен аныкталган: НОМА= кандагы инсулин х кант плазмадагы (ммоль/л)/22,5. НОМА индекси ≥ 2,77 болгондо ИТ деп табылган.
    Жыйынтыгы: изилдөөгө 30-70 жаштагы (51,7±9,6) 322 (145 эркектер, 177 аялдар) этникалык кыргыздар киргизилген. Баардык катышуучулар лептиндин квартилине жараша 4 топко бөлүнгөн (эркектерде: <2,2; 2,2-4,2; 4,3-6,34; >6,34 нг/мл; аялдарда: <8,05; 8,05-13,4; 13,5-19,9; > 19,9 нг/ мл). Лептиндин жогорку квартилдеринде төмөнкү квартилдер менен салыштырмалуу, салмактын индексинин, бел курчамынын жана кандагы кант көрсөткүчтөрү жогору болгон. Ошондой эле ИТ менен бейтаптар эркектерде: 3чү жана 4чү квартилинде ИТ көп болгон, 1-чи жана 2-чи квартилдерге салыштырмалуу (p<0,0001). Дал ушундай көрсөткүч аялдардын арасында аныкталган (p<0,0001). Лептиндин углеводдук алмашуу менен корреляциондук анализи эки жыныстык топто тең лептиндин корреляциондук маанилүүлүгү кандагы кант менен (p<0,01), НОМА индекси (p<0,0001), ИТ (p<0,0001).
    Корутунду: кыргыз этникалык топто лептиндин деңгээли инсулинтуруктуулук менен ассоциациясы аныкталынган.

  • ЖАПЫЗ ТООЛУУ ШАРТТАРДА ӨПКӨЛӨРДҮН ӨНӨКӨТ КЕПТЕЛМЕ ДАРТТАРЫНДА БӨЙРӨКТӨРДҮН ФУНКЦИОНАЛДЫК АБАЛЫ

    Д.В. Долгалев, А.А. Ибрагимов, Д.А. Айыпова, Р.Р. Калиев
    57-59 10
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты: жапыз тоолуу шарттарда өпкөлөрдүн өнөкөт кептелме дарттарында бөйрөктөрдүн функционалдык абалын талдоо.
    Материалдар жана ыкмалар: ар кандай оордуктагы өпкөлөрдүн өнөкөт кептелме дарттары менен 82 бейтап, ошодой эле 10 дени сак тарап изилденди. Орточо жашы 60,53+15,48 жашты түздү. Бардык бейтаптарда жалпы клиникалык изилдөөдөн башка, түйдөкчө чыпкалоонун ылдамдыгын эсептөөнү, протеинурияны, лейкоцитурияны, гематурияны, жалпы белокту жана кандын сары суусунун креатинин аныктоону камтыган сырткы дем кызматын жана реналдык кызматтын көрсөткүчтөрүн баалоо жүргүзүлдү.
    Натыйжалар: ӨӨКД менен бейтаптарда бронхиалдык кептелме даражасы менен корреляцияланган бөйрөк кызматтарынын орчундуу өзгөрүшү байкалды.

  • ЭССЕНЦИАЛДЫК ГИПЕРТОНИЯ МЕНЕН ООРУЛУУЛАРДЫН КАН-ТАМЫР КАТТУУЛУГУН ЖАНА ЖҮРӨК-КАНТАМЫР РЕМОДЕЛИНГИН ООРДУГУ МЕНЕН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫ

    Ж.А. Мамасаидов
    60-64 9
    Аннотация

    Максат: жүрөк кан-тамырын ремоделингин оордугу менен кан-тамыр каттуулугунун көрсөткүчтөрүн, айрыкча көбөйтүү индексин, өз ара байланышын, үйрөнүү.
    Материал жана изилдөө усулдары: 30 – 70 жаштагы 155 эссенциалдык гипертония менен оорулуулар текшерилди. Аларга жалпы клиникалык текшерүү, бир нече биохимиялык көрсөткүчтөр (тамырдагы кандын кантын, креатининин, ЛПНПнын, ЛПВПнын, триглицериддердин деңгээлдери), уйку кан-тамырын дуплекстик сканерлөөсү, ЭхоКГ жана кан-тамырлардын каттуулугун аныктоосу, өткөрүлдү.
    Жыйынтыктар (натыйжалар): эссенциалдык гипертония менен ооругандардын уйку кан-тамырларын начарлануусу жана кан-тамыр каттуулугу, айрыкча AIx 75 жана AIx көрсөткүчтөрү арасындагы өз ара байланышуусу аныкталды. Ошол учурда AIx жана башка кан- тамыр каттуулугун көрсөткүчтөрү менен сол жак карынчанын гипертрофиясын өз ара байланышуусу аныкталган жок.

  • КЫРГЫЗСТАНДА УЙКУГА ТОСКООЛ БОЛГОН ДЕМСИЗДИК/ТОЛУК ЭМЕС ДЕМ АЛУУ СИНДРОМУНУН ЖАЙЫЛЫШЫ

    А.К. Мырзаахматова
    65-69 10
    Аннотация

    Кыргызстанда уйкуга тоскоол болгон демсиздик/толук эмес дем алуу синдрому медициналык жана социалдык маселелеринин эң негизгиси болуп калды, анткени буга чейин бул оор респиратордук оору менен ооруган оорулууларга ылайыктуу көңүл бурулбай келген. Берилген иште Кыргызстанда уйкуга тоскоол болгон демсиздик/толук эмес дем алуу синдромунун жайылышын изилдөө боюнча жыйынтыктары көрсөтүлгөн, ошондой эле практикалык саламаттыкты сактоо шарттарында демсиздик уйкунун скринингдик дарт аныктоо ыкмасындай мониторингдик компьютердик пульсоксиметрияны колдонуу мүмкүнчүлүгү бааланган. Атайын суроолор тизмегинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда уйкуга тоскоол болгон демсиздик/толук эмес дем алуу синдромунун таралышы чоң болгон жана 10,8%ды түзгөн, ал эми мониторингдик компьютердик пульсоксиметрия уйку маалындагы дем алуунун бузулуусунун дарт аныктоо ыкмасы катары жогорку эффективдүүлүгүн көрсөттү, анткени оорунун симптому менен бардык табылган Кыргызстандын тургундары, кийин, заманбап портативдик полиграфиялык диагностикалык системаны колдонуу менен демсиздик/толук эмес дем алуу синдромунун диагнозу текшерилген. Демек, уйку мезгилинде дем алуунун бузулуусун табуу үчүн атайын суроолор тизмегин пайдалануу жана мониторингдик компьютердик пульсоксиметрияны колдонуу эффективдүү өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

  • БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ӨЗ УБАГЫНДА ТӨРӨЛГӨН ЖАНА ТАМАКТАНУУСУ ЖЕТИШСИЗ 3-6 ЖАШАР БАЛДАРДЫН ӨСҮҮ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН ДИНАМИКАСЫ

    Н.М. Нурматова, Н.В. Вычигжанина, Ю.В. Борякин, А.С. Молдогазиева, Б.А. Мусуркулова
    70-73 9
    Аннотация

    Бишкек шаарында жашаган 3-6 жашка чейинки 268 бала изилденген, алардын ичинен 140 баланын салмагы аз болгон, ал эми 128 баланын салмагы менен катар бою да жетишсиз болгон. Салмагы аз балдардын ичинен 28,6% I даражада, 25,8% II даражада жана салмагы менен бою да жетишсиз балдардын ичинен 53,3% I даражада, 37,8% II даражада тамактануулары бузулган деп аныкталган. Түйүлдүктүн өсүшүнүн начарлаш белгилери менен төрөлгөн 3-6 жашка чейинки балдардын ичинен клиникалык түрүнө жана оордугуна карабастан дисгармониялык жана өтө оор дисгармониялык өсүү менен балдар көп кездешет.

  • ВЗАИМОСВЯЗЬ СОЦИАЛЬНЫХ ФАКТОРОВ С ПАРАМЕТРАМИ КАЧЕСТВА ЖИЗНИ У БОЛЬНЫХ ХРОНИЧЕСКОЙ ОБСТРУКТИВНОЙ БОЛЕЗНЬЮ ЛЕГКИХ

    М.С. Салаева, Н.Х. Худайберганова
    74-79 12
    Аннотация

    В исследование скрининг–анкетирование было проведено 140 больных ХОБЛ в возрасте от 19 до 79 лет. у больных ХОБЛ определяются множеством факторов и снижаются в зависимости от возраста, пола, стажа болезни, ряда социальных факторов: место жительства, род профессиональной деятельности, количество членов семьи, уровень жилищных условий и медицинского обслуживания.

  • КҮЧӨТҮЛГӨН ТЕРАПИЯДА ООРУЛУУЛАРДЫН ӨПКӨСҮН ЖАСАЛМА ЖЕЛДЕТҮҮ ЫКМАЛАРЫН ТАНДОО

    Д.К. Турдушева
    80-82 11
    Аннотация

    Учурда оорулуунун дем чыпка тирөөчүнүн режимин жана дем алууну күчөтүү бардык жактан клиникалык изилдөө актуалдуу. ӨЖЖ аппаратына туташылган оорулууну багуу өтө кыйын, кандай кырдаал болбосун ӨЖЖ жүргүзүүдө техникалык жактан бузулуусу жана ката кетүүсү, экинчи оорунун кошулушу мүмкүн.

  • ОПЫТ ПРИМЕНЕНИЯ УСОВЕРШЕНСТВОВАННОГО МЕТОДА (С ОПТИМАЛЬНЫМ ПРОТИВОВОСПАЛИТЕЛЬНЫМ И АНТИГИПОКСИЧЕСКИМ ЭФФЕКТОМ), ЛЕЧЕНИЯ ТЯЖЕЛОЙ ПНЕВМОНИИ НА ФОНЕ ВЫСОКОВИРУЛЕНТНОГО ГРИППА (АH1N1) НА СЕВЕРЕ

    В.Ф. Ушаков, К.Д. Абдурасулов, О.Н. Конрат, П.А. Савш, Н.Д. Гоборов , В.А. Фомин, И.Л. Петрова
    83-87 8
    Аннотация

    У больных вирусно-бактериальной пневмонией основной (n=20) и контрольной (n=20) групп зарегистрировано тяжелое течение заболевания, сопровождающееся с 1-го, 2-го дня формированием острого респираторного дисстрес-синдрома, распространенной пневмонии, выраженного интоксикационного синдрома, токсического нефрита, гепатита, энцефалопатии, септического шока и других осложнений. Наиболее выраженный терапевтический эффект зарегистрирован у лиц получавших оптимальную программу лечения (включающую ингаляцию сурфактанта, дарназы, высокочастотную искусственную вентиляцию легких, высокие дозы глюкокортикостероидов).

  • ТАТААЛДАШКАН ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ МИОПИЯНЫ ОЗОНОТЕРАПИЯ ЖОЛ МЕНЕН ДАРЫЛООНУН МААНИСИ

    А.Р. Чакиева
    88-89 10
    Аннотация

    Ооруларга миопиясы 10,0 диоптрийге чейин - 9 оорулуу (18 көз) жана 10,0 диоптрийден жогору 21 ооруга (42 көз) озонотерапия жүргүзүлдү. Дарылоого чейин жана дарылоодон кийин көз жашында перекистүү липиддер (ГПЛ,НЛ,ДК,ОИ) аныкталган. Озонотерапиядан кийин перекистүү липиддердин ылдыйлашы далилденди. Эгер, дарылоого чейин, 10,0 диоптрийден жогору болгондордун ГПЛ жана НЛ көрсөткүчтөрү – 0,89±0,22 жана 1,67±0,12 болсо, дарылоодон кийин 0,76±0,13 жана 1,62±0,13 сандарын түздү. Демек, озонотерапиянын таасири көздүн метаболикалык процесстерин жогорулашын далилдейт.

  • ЯЗВЕННАЯ БОЛЕЗНЬ ДВЕНАДЦАТИПЕРСТНОЙ КИШКИ У ВЗРОСЛЫХ И ДЕТЕЙ: ФАКТОРЫ РИСКА (ОБЗОР ЛИТЕРАТУРЫ)

    О.Г. Шекера, Д.В. Мельник
    90-94 9
    Аннотация

    В статье представлен анализ известных факторов риска возникновения язвенной болезни. Для населения Украины заболевания желудочно-кишечного тракта являются весомой социальной проблемой, решение которой требует дальнейшего изучения развития системы ранней диагностики, лечения и профилактики этой патологии, в первую очередь на первичном уровне оказания медицинской помощи, а именно в работе врача общей практики - семейного врача. На основании анализа данных, которые свидетельствуют, что язвенная болезнь является полиэтиологическим заболеванием, а для ее возникновения необходимо воздействие не изолированного причинного фактора, а суммы факторов в их взаимодействии. При этом наследственную отягощенность следует рассматривать как предрасполагающий фон, на котором реализуется действие других, обычно нескольких этиологических факторов.

МИКРОБИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ИММУНОМОДУЛЯЦИЯ, КАК СПОСОБ ПОВЫШЕНИЯ ИММУНОГЕННОСТИ ЖИВОЙ ЧУМНОЙ ВАКЦИНЫ

    Т.С. Пономарёва, П.Н. Дерябин, Т.И. Тугамбаев , Н.Н. Мельникова, Д.А. Адамбеков
    95-97 9
    Аннотация

    В модельных опытах по заражению 179 морских свинок вирулентным штаммом Y. pestis показано, что предварительная иммунизация животных живой чумной вакциной EV в сочетании с иммуномодуляторами (полиоксидоний или беталейкин) существенно повышает ее иммуногенную (увеличивается титр специфических антител) и протективную активность (увеличивается количество выживших морских свинок) в сравнении с иммунизацией только живой чумной вакциной EV. Введение беталейкина без вакцины не защищает морских свинок от чумной инфекции

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АЛЬВЕОЛИТТИ ДАРЫЛООДО ОСТЕОПЛАСТИКАЛЫК КАРАЖАТТЫ КОЛДОНУУ ЖАНА ЖУЛУНГАН ТИШТИН УЯСЫН ЖАБУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

    Т.К. Абдышев
    98-100 18
    Аннотация

    Бул макалада альвеолит менен ооруган 80 бейтапты дарылоонун тажрыйбасы баяндалган. Өзүн эң эффективдүү болуп көрсөткөн дары-дармек Коллапандык гранула. Тиш уясын бугуш өттүүнүн бычуу лоскуту менен жабуу жана көк түс светин колдонуу, кандын уюусун жакшыртып, тиш уясына микроорганизм жана тамак-аштын калдыктарынын кирбөөсүнө тоскоол болгон. Жүргүзүлгөн изилдөөдө көрсөткөндөй, негизги топтогу 98,5% бейтаптын абалы дарылоо башталгандан кийинки күндө эле оору басаңдап, себептүү тиштин айланасындагы былжыр челдин шишиги бир топко азайган.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БИЗДИН ТАЖРЫЙБАДА ИЙИНДИН ӨНӨКӨТ ЧЫГЫП КЕТҮҮСҮН ДАРЫЛОО

    А.С. Аятов, С.А. Джумабеков, Б.С. Анаркулов, Э.А. Байгараев
    101-102 11
    Аннотация

    2012 жана 2014-жылдардын аралыгында БТОИИБда биздин көзөмөлүбүздө ийиндин өнөкөт чыгып кетүүсү бар 35 бейтап болду. Жаш курактары 17 ден 62 жашка чейин түздү. Баардык бейтаптарга биз иштеп чыккан ыкма менен операция жасалды. Ушул эле ыкма ийиндин кайра чыгып кетүүсүн алдын алат, жана ошондой эле, муунду эрте калыбына келтирет. Жакынкы жана алыскы натыйжалары UCLA шкаласы менен бааланды.

  • БИРИНЧИ ТАМАН СӨӨГҮНҮН ВАЛГУСТУК КЫЙШАЮСУН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    Р.Т. Молдалиев, Э.А. Байгараев, С.А. Джумабеков
    103-105 9
    Аннотация

    Бул иште көрсөтүлгөндөй биринчи таман сөөгүнүн валгустук бузулуусун хирургиялык дарылоодо ойлоп табылган ыкманы колдонуу. Биринчи таман сөөгүнүн валгустук бузулуусун ойлоп табылган ыкма менен түздөп, анатомиялык-аткаруучулук жыйынтыкты жакшыртат жана ишке жарандуулугун калыптайт. Жаш аралыгы 44төн 71 жашка чейин түзөт. 46 бейтапты дарылоонун жыйынтыгы көрсөтүлгөндөй 2 айдан 1 жылга чейин. 32 бейтаптын жыйынтыгы жакшы деп бааланды, ал эми 14ү канааттандырарлык, кайра ооругандар жана канааттандырарлык эмес жыйынтыктар болгон жок.

  • БАЛДАРДЫН ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН I ЖАНА II ДАРАЖАДАГЫ КӨКҮРӨК КЛЕТКАСЫНЫН ТУБАСА ДЕФОРМАЦИЯЛАНЫШЫНДА (ККТД) NASS ЫКМАСЫН КОЛДОНУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

    М. Рыскулбек уулу, С.А. Джумабеков, Э.А. Байгараев
    106-107 6
    Аннотация

    Илимий иште NASS ыкмасын колдонуу менен балдардын жана өспүрүмдөрдүн ККТД I и II степени операциялап дарылоо тактикасын жана дарт аныктоо алгоритми берилген. Операция торакаскоптун алдында аткарылган. Бейтаптардын жаш курак диапазону 7төн 16 жашка чейинки аралыкта байкалган. Дарылоодо бардык бейтаптардын жакынкы жана алыскы жыйынтыктары изилденген. 9 бейтаптан жакшы жыйынтык, 4 бейтаптан канааттанаарлык жыйынтык алынган, оорунун канааттанаарлык эмес жыйынтыгы жана рецидиви байкалган эмес.

  • ТИТАНДАН КЕЙДЖ- ГИБРИД МЕНЕН ДЕГЕНЕРАТИВТҮҮ БУЗУЛГАН БЕЛ ОМУРТКАЛАРЫН ДАРЫЛОО

    М.К. Сабыралиев
    108-111 8
    Аннотация

    Бишкек шаарынын травматологиялык жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 2009 жылдан 2012 жылга чеинки бел омурткасы оруулары менен 42 бейтапка хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн титан кейд-гибридке соок кошулуп. Дарылангандардын ичинен аялдар 20 орулуу (46, 5%), жана эркектер 22 (53,5%). Алыстатылган натыйжалар 33 оруларда байкоо жүргүзүсүндөгөн. 28(84,8%) бейтапта оруунун сезилищи толугу менен артка кетүүсү байкалган, 4 (12,1%) бейтапта операциядан кийин узака басып жүргөндөн кийин оруганы орточо байкалган, а эми 1 (3%) орулууда авалын көтөрүп жана басканда бел орусу байкалган. Омуртка тутумунун оруларын дарылоо, оуркалар денесинин ортосуна титан кейдж-гибрид кадалган спондилодез ыкмасы минималдуу травмасыз жакшы натыйжаны берет.

  • ТЕМИР ЖАНА СӨӨК КОШУЛГАН БЕЛ ОСТЕОХОНДРОЗУНУН ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ДАРЫЛАНГАН ПЛАСТИКАСЫ

    М.К. Сабыралиев
    112-114 4
    Аннотация

    Дегенерацияланып бузулган арка омурткалары неврология дарттарынын ичинен 52 % жетет, анын ичинен 81% бел омуркасына тиешелүү. 2005 жылдан 2015 жылга чейинки операция болгондордун ичинен изилдөө топко 41 бейтап киргизилген. Анын арасынан 21 эркек жана 20 аял. Жашы 18-ден 75 жаш курагындагылар, орто жашы 38 түздү.

ХРОНИКА

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИЦИНАНЫН КЕЧЭЭКИСИ, БҮГҮНКҮСҮ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ (Кыргызстандагы жалпы практикадагы дарыгерлердин жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин 1-съездинин материалдары боюнча, Бишкек, 29-30 октябрь 2015-жыл)

    Н.Н. Бримкулов
    115-118 7
    Аннотация

    Кыргызстандагы жалпы практикадагы дарыгерлердин жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин 1-съездинин материалдарына обзор берилди. Съездге 15 өлкөнүн үй-бүлөлүк медицинасынын лидерлери катышышты, анын ичинде биринчи жолу – Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлердин уюмунун – WONCA, өкүлдөрү: президент Michael Kidd (Австралия), келечектеги президенти Amanda Howe (Улуу Британия) жана WONCA-Europa бөлүмүнүн президенти Jacobus Metsemakers (Нидерланд). Съездде үй-бүлөлүк медицинаны уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, кадрларды даярдоо жана КМШ өлкөлөрүндөгү үй-бүлөлүк медицина тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле келечекте WONCA менен КМШ өлкөлөрүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлеринин ассоциациясынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо сыяктуу маселелер талкууга алында. Съезд КМШдагы биринчи өтүп жаткандыгын белгилеп коюш керек, анда үй-бүлөлүк медицинанын актуалдуу маселелери дүйнөлүк лидерлер жана Борбор Азиянын алдыңкы эксперттеринин катышуусунда талкууланды, келечектеги кызматташуулардын багыттары белгиленди.