Том 2 № 2(1) (2015): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2015-02-12

Бардык чыгарылыштар

ПРАКТИКАЛЫК ВРАЧТАР ҮЧҮН ЛЕКЦИЯ

САЛАМАТТЫК САКТОО УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • СОЦИАЛЬНО-МЕДИЦИНСКАЯ ХАРАКТЕРИСТИКА ЛИЦ, АНОНИМНО ОБСЛЕДОВАННЫХ НА ИППП/ВИЧ-ИНФЕКЦИЮ

    К.С. Акышбаева, Ж.З. Трумова, С.М. Джумабаева
    12-14 21
    Аннотация

    В статье приведены результаты анонимного опроса 93 респондентов, обратившихся в СПИД-центр г.Алматы. Анкетирование показало, что данный контингент можно рассматривать как типичную «эпидемиологическую когорту» общества на данном этапе. Главным фактором, определяющим данную группу как один из возможных резервуаров ИППП/ВИЧ, является рискованное сексуальное поведение, недооценка опасности и низкая информированность об ИППП/ВИЧ.

  • 2014 – 2015-ЖЖ. ЭПИДЕМИЯЛЫК ООРУНУН КӨП КАТТАЛГАН МЕЗГИЛИНДЕГИ ЧОҢ КИШИЛЕРДЕГИ КЫЗЫЛЧАНЫН КЛИНИКАЛЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    А.Ш. Джумагулова, А.К. Саркина, Н.В. Фесенко, Ж.Б. Ибраева, А. Багиева
    15-17 24
    Аннотация

    Кыргыз Республикасында 2014-2015-жылдары кызылчанын эпидемиологиялык көп катталган мезгилинде ооругандардын арасында чоң кишилер жана 10-19 жаштагы жаш өспүрүмдөр көп оорушкан. Бул макалада кызылча менен ооруган чоң кишилердеги 112 оорунун тарыхына баа берилген жана оорунун диагнозу иммундук-ферменттик ыкмасы (ИФА) менен такталган. 2014-2015-жж. Эпидемиялык мезгилиндеги чоң кишилердеги кызылчанын жүрүшүндөгү клиникалык-эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү берилген. Кызылчанын типтүү белгилери менен катар, диспепсиялык жана геморрагиялык синдромдор көбүрөөк кездешкен. Кызылчанын эпидемиологиялык көп катталышынын себеби, оорунун алдын-алууга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүлгөн эмес, ошондой эле ички жана сырткы факторлордун негизинде алар ооруга түрткү болушкан.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ БОЮНЧА СТОМАТОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТЫНДАГЫ ОРТОДОНТИЯ ТАРАБЫНЫН ЗАМАНБАП АБАЛЫ (ТИШ-ТЕХНИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯЛАРДЫН МИСАЛЫНДА)

    А.И. Жумабеков
    18-22 32
    Аннотация

    Макалада ар түрдүү менчиктеги эмканаларда ортодонтиялык кызматынын тиш-техникалык лабораториясынын иш жүргүзүүсү боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн объектиси тиш-техникалык лабораторияларда эмгектенген тиш-техник-ортодонттор болду. Тиш-техникалык лабораториялардын материалдык-техникалык жабдууларынынабалы, санитар-гигиеналык деңгээлдери жөнүндө маалымат берилди. Алган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында адисттик кадрларды профессионалдуу “ортодонтия” боюнча даярдоолорунун деңгээлине баа берилди.

  • КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЧИНДЕ НР ИНФЕКЦИЯСЫНЫН ЖУКТУРУУСУН ИЗИЛДӨӨ ҮЧҮН ХЕЛИК ТЕСТ МЕТОДУН КИРГИЗҮҮ

    А.Н. Кулушова, Г.М. Акбарова, М.С. Молдобаева
    23-25 20
    Аннотация

    Диспепсия синдрому көбүнчө Батыш Европа 30-40% жана ошондой эле, кээ бир Азия өлкөлөрүндө 61% элдеринде жолугат, айрыкча жаш жана орто жаштагы элдердин кайрылуусун 4-5%тинтүзот. Синдромдун себеби изилдөөлөнбөсө «изилденбеген диспепсия» термини колдонулат (Римский критерии III, 2006). Нр инфекциясы диспепсияга алып келүүсү талкуланууда. Изилдөө максаты: КММА студенттеринин ичинде Нр инфекциясынын жуктуруусун изилдөө үчүн Хелик-тест методун киргизүү. Жатаканада жашаган жашоо-шарттары жана тамак-аштары окшош студенттер изилденген. Нр инфекциясын табу үчүн биз дем алуу Хелик-тестин колдондук, инвазиялык эмес ыкмалардын бири болуп эсептелет (Маастрихт IV, 2012), сезгичтиги-95%,специфичтиги - 96%. 105 КММАнын студенттери изилденген, 2-3-4 курстарда окуган, 18ден 27 жаштагы жаштар, орто эсеп менен 22, 1 ± 0,2 жаш. Изилденген студенттер буга чейин диспепсия боюнча кайрылган эмес. Биринчи жолу биз тараптан Кыргызстанда Нр инфекцияны аныктоо үчүн Хелик-тест колдондук. КММА студенттеринин ичинде «изилденбеген диспепсиянын» натыйжасында Нр инфекциясы кеңири (68,5%) жуктурулгандыгы аныкталды.

  • КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН 1 ЧИ ЖАНА 2 ЧИ КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ОКУУ ПРОЦЕССИНЕ ЫЛАЙЫКТАШУУСУНА ТААСИР КЫЛГАН ФАКТОРЛОР

    Д.К. Кушубеков, Э.М. Асанбаева
    26-29 34
    Аннотация

    Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 1чи, 2чи жана 5чи курсунун студенттеринин окутууга ылайыкташуу процессине таасирин тийгизген факторлор изилденди. Изилдөө 108 студентти камтыды. Алардан ЖОЖ на көнүшүнө тоскоолдук кылган факторлордун 5 тобу аныкталган. КММАнын көпчүлүк студенттеринин окууга ылайыкташуу процесси татаал жана узак болуп , эки жыл окуу мөөнөтүндө дагы бүтпөгөнү көрсөтүлгөн. Медициналык академиянын 1чи жана 2чи курсунун студенттеринин окууга ылайыкташуу процессине тоскоолдук кылган негизги себептери катары булар аныкталды: өзүнүн убактысын туура пайдаланууну билбестиги, социалдык-психологиялык проблемалар, окутуу программаларынын татаалдыгы жана терең мазмундуулугу. Дээрлик ар бир үч студенттин бирөөсү ситуативдик жана инсандык чочулоо сезимдерине дуушар, кээ бирлери депрессия абалында экендиги аныкталды.

  • ОРУС ТИЛИ САБАГЫНДА КЕСИПКЕ БАГЫТТОО (МЕДИЦИНАЛЫК ТЕРМИНДЕР)

    У.М. Разаева, Г.Б. Кульбаева
    30-32 23
    Аннотация

    Макала адистик багыттарга орус тили сабагын кандай окутуу керектигине арналган. Медициналык терминдер материал катары пайдаланды. Алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө медициналык терминдер менен кантип иштөө керектиги, алардын чечмелениши көрсөтүлдү.

  • ПРОБЛЕМНО-ОРИЕНТИРОВАННОЕ ОБУЧЕНИЕ В МЕДИЦИНСКОМ ОБРАЗОВАНИИ ПО ДИСЦИПЛИНЕ «ОНКОЛОГИЯ»

    А.А. Хожаев
    33-36 28
    Аннотация

    Настоящее исследование посвящено внедрению в практику метода проблемно-ориентированного обучения по дисциплине «Онкология». Использование инновационного метода на практических занятиях подзволило улучшить как выживаемость знаний, так и заинтересованность студентов в процессе обучения, их активную роль в учебном процессе. Учащиеся отметили, что применение данного метода обучения способствует реализации их знаний и умений, полученных в учебной аудитории, на практике; учащиеся лучше представляют, как использовать в своей работе приобретенные навыки и полученную образовательную информацию.

  • МЕДИКО-СОЦИАЛДЫК ФАКТОРЛОРГО БАЙЛАНЫШТУУ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНДА, ШИЛЕКЕЙ БЕЗ ООРУЛАРЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ

    Д.Б. Шаяхметов, А.М. Альжанова
    37-39 22
    Аннотация

    КР аймактарындагы жарандарды сурамжылоодо көпчүлүк адамдардын (452 синде - 36,4%) шилекей бездеринин байкалбаган жана такталбаган оорулары белгиленген. Алардын көпчүлүгүндө шилекей бездеринин дарттары алардын башка өнөкөт оорулары бар экендиги такталган.
    Сурамжылоодо 63,4% жарандар өздөрүнүн кез-кезде ооругандыгын алардын 13% тез-тез жана күндөлүк курчагандыгын белгилешкен. Бул алардын шилекей бездеринин дистрафикалык өзгөрүүлөр кайра болгондугун билдирген. Лимфатикалык түйүндөрүнүн (30,8%) жарандардын иммундук абалынын азайып кетишинен байкалат.
    Тамактануунун түрлөрү, суюктуктарды ичүүнүн өлчөмү жана өнөкөт оорулардын коштоосунда шилекей бездеринин сезгенүүсүнүн негизги этиопатогенези болуп эсептелет.

  • ОПЫТ УКРАИНЫ В СФЕРЕ ПОСЛЕДИПЛОМНОЙ ПОДГОТОВКИ ВРАЧЕЙ ОБЩЕЙ ПРАКТИКИ-СЕМЕЙНЫХ ВРАЧЕЙ ПО ВОПРОСАМ ПАЛЛИАТИВНОЙ ПОМОЩИ НАСЕЛЕНИЮ

    О.Г. Шекера, А.В. Царенко
    40-44 20
    Аннотация

    В статье обсуждается опыт Института семейной медицины Национальной медицинской академии последипломного образования имени П. Л. Шупика и представлены современные подходы к оптимизации последипломной подготовки врачей общей практики-семейных врачей для обеспечения доступности и высокого качества оказания амбулаторной паллиативной помощи населению, что имеет важное значение в условиях реформирования системы здравоохранения в Украине. Мультидисциплинарная профессиональная подготовка врачей общей практики- семейных врачей по вопросам паллиативной помощи требует в процессе непрерывного последипломного образования привлечение преподавателей различного, в том числе, немедицинского профиля, что доказало свою эффективность в работе кафедры паллиативной и хосписной медицины.

  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ИРИ ШААРЛАРЫНДАГЫ ЖАШТАРДЫН СОЦИАЛДЫК МААНИДЕГИ ЖУГУШТУУ ООРУЛАР (АДАМДЫН ИММУНДУК ЖЕТИШСИЗ ВИРУСУ, ЖЫНЫСТЫК ЖУГУШТУУ ООРУЛАР, КУРГАК УЧУК), РЕПРОДУКТИВДҮҮ САЛАМАТТЫК БИЛИМДЕРИН ЖАНА КООПТУУ ЖҮРҮШ-ТУРУШ КЕСЕПЕТТЕРИН БААЛОО

    Н.А. Шумская, Д.М. Мадыбаева
    45-51 17
    Аннотация

    Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында орто окуу жайларда жана ата-энелер тарабынан жаштарга АИВ, кургак учук, жыныстык жугуштуу оорулар жана репродуктивдүү саламаттык жөнүндө толук маалымат берилбегендиги аныкталды. Жаштар төмөнкү билимдерин көрсөттү. Бул жаштардын мындай жугуштуу оорулар менен ооруган адамдарга толеранттуу мамилесин жана дени сак жашоо билимин алуу кызыкчылыгы төмөндөп жаткандыгын көрсөтөт.

  • ОЦЕНКА ОБЕСПЕЧЕННОСТИ БОЛЬНЫХ САХАРНЫМ ДИАБЕТОМ ПРЕПАРАТАМИ ИНСУЛИНОВ В УКРАИНЕ

    Л.В. Яковлева, О.Н. Кириченко, А.А. Кириченко
    52-54 20
    Аннотация

    Проведен анализ потребления препаратов инсулинов на фармацевтическом рынке Украины по данным 2008 - 2012 г.г. с использованием АТС/DDD методологии по показателю DDDS/1000 жителей/день. Определен низкий уровень потребления по сравнению с европейскими странами и его снижение по сравнению с показателями 2008 г. По данным структурного анализа показано недостаточное применение современных высокоэффективных препаратов инсулинов ультракороткого и длительного действия. Обеспеченность препаратами инсулинов больных СД 1-го типа, без учета их потребления больными СД 2-го типа, составила в 2012 г. 289,68 дня лечения в год на одного больного и свидетельствует о несоответствии объема потребления уровню заболеваемости.

НЕГИЗГИ САБАКТАР МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АДАМ ЖҮРӨГҮНҮН ЛИМФА ТАМЫРЛАРЫНЫН ЛИМФАНГИОНДОРУНУН МИКРОАНАТОМИЯСЫ

    М. Акимов, М.А. Сатыбалдиев, Т.М. Тулекеев
    55-58 29
    Аннотация

    Бул макалада жаш өспүрүм жана жетилген курак адам жүрөгүнүн сол жактагы лимфа коллектордун жана лимфангиондун интра- жана экстраоргандык тамырлардын морфологиясы жана морфометриясы берилген. Yчүнчү катардагы лимфа тамырлардын лимфангиондорунун морфометриясы ошондой эле экинчи катардагы тамырлардын параметрлеринен арттырууда. Биринчи катардагы лимфангиондордо миоциттер аныкталбайт. Лимфангиондордун узундугу жана көлөмү интраоргандыктан экстраоргандык тамырга өсөт. Миоциттердин саны жетилген курак адамдардын экстраоргандык лимфа тамырларындагы булчуң манжеткасында артык болууда.

  • ЖАНЫ ТӨРӨЛГӨН ЖАНА 3 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ТРАХЕЯ ЖАНА БРОНХ ТҮТҮКТӨРҮНҮН ЛИМФА БЕЗДЕРИНИН ТАМЫРЛАРЫНЫН МИОЦИТТЕРИНИН ЖАЙГАШЫШЫ

    Ю.Б. Гайворонская
    59-62 21
    Аннотация

    Лимфанын айлануусунун мүмкүнчүлүгүн түзгөн структураларды изилдөө азыркы лимфология илиминде актуалдуу болуп эсептелинет. Лимфа тамырларынын бирдиги болгон «лимфангиондун» түзүлүшүн изилдөө алардын активдүүлүк жөндөмүн аныктайт. Жаңы төрөлгөн жана 3 жашка чейинки 18 баланын трахея жана бронх түтүктөрүнүн лимфа бездеринен чыккан тамырларынын миоциттеринин жайгашышы изилденген. Лимфа тамырларынын калыңдыгына жараша «лимфангиондун» үч жеринен миоциттердин саны такталган. Миоциттер көпчүлүк учурда лимфа тамырларынын бетинде туура – кыйшык, узун – кыйшык болуп, анда – санда узунунан же туурасынан жайгашканы аныкталды.

  • БИЙИК ТООЛОРДУН ШАРТЫНДАГЫ ИЙКЕМДИРИЛГЕН ЖАНА ИЙКЕМДИРИЛГЕН ЭМЕС ЖАНЫБАРЛАРДЫН СУУСУЗ УЗАК УБАКЫТТАГЫ БӨЙРӨКТӨГҮ НЕФРОНДОРДУН УЛЬТРАСТРУКТУРАСЫ

    Б.Т. Токтогазиев, З.М. Айдарбекова
    63-65 42
    Аннотация

    Суусуздукка жана организмдин гомеостазын сактоодо бөйрөк алдыңкы ролду ойнойт. Тажрыйбалардын жыйынтыгы көрсөткөндөй миоэпителиоиддик клеткалардын болуп чыгуучу активдүүлүгүнүн процесстерин тосмолоо менен төмөндөйт. Рениндин бөлүнүшү ыкчам төмөндөшү гломерулардык артериолунун тонусунун азайышы жана кан тамырлардын канга толушу менен өтөт. Ийкемдирилген жана ийкемдирилген эмес жаныбарларга өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы салыштырылат, ийкемдирилбеген жаныбарларга караганда, cуунун жетишсиздигиндей болгон экстремалдык факторлор анчалык дем өзгөрүүлөрдү алып келбестигин көрсөттү.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ТҮЙҮЛДҮКТҮН ӨСПӨЙ КАЛЫШЫНЫН ЭТИОЛОГИЯСЫ ЖАНА КООПТУУ ФАКТОРЛОРУ

    А.М. Аманова
    66-68 20
    Аннотация

    Макалада кош бойлуу 267 айымдардын түйүлдүктүн өспөй калышынын изилдөөлөрү көрсөтүлгөн. Кош бойлуулукта түйүлдүктүн өспөй калышынын көп кездешкен мезгилдери аныкталган. Түйүлдүктүн өспөй калышынын себептери жана кооптуу факторлору аныкталган.

  • УЛГАЙГАН ЖАНА КАРЫ АЯЛДАРДЫН ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ПАТОЛОГИЯСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

    Б. Болотбек кызы
    69-71 27
    Аннотация

    Постменопауза жашындагы 378 улгайган жана кары аялдардын гинекологиялык патологиясынын өзгөчөлүктөрүн баалоо жыйынтыгы берилген. Көбүнчө алар жыныс мүчөлөрүнүн ар түрдүү даражадагы пролапс менен кольпит менен жабыркаланышат. Аларда гинекологиялык патология 3 – 6га чейин экстрагениталдык оорулары менен коштолот, алардын ичинен жүрөк кан – тамыр, өнөкөт ашказан – көңдөй жана зат алмашуу оорулары басымдуулук кылат.

  • ЖЫНЫС МҮЧӨЛӨРҮ ТӨМӨН ТҮШКӨН АЯЛДАРДЫН ЖАШОО САПАТЫН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

    Н.Э. Маматова
    72-75 32
    Аннотация

    Жыныс органдары пролапс болуп операция болгон 159 аялдын жашоо сапатын изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Жыныс органдары төмөн түшүүсү, стресстен зараны кармай албоо менен кошо 61 аялда, жатындын миомасы менен кошо 36 аялда байкалган, жана 62 аялга титан капталган полипропилен сеткасын колдонуп кынына пластика жасалган. Жашоо сапатын аныктоодо 6-шкаладан турган суроо – жооп анкета колдонулган: ооруган синдром, физикалык активдүүлүгү, психикалык ден – соолугунун бузулушу, социалдык, жыныстык жана аялдык функционалдуулугу. Изилдөөлөрдү операцияга чейин, операциядан кийин 6-12 айга жана бир жылдан кийин жүргүзүшкөн. Жыныс органдары пролапс болгон аялдардын жашоо сапаты бир кыйла начарлаганы аныкталды. Оперативдүү дарылоо акырындык менен жашоо сапатын оңолушуна алып келет. Бирок эң жакшы динамика титан капталган полипропилен сеткасын колдонгондо байкалган.

  • ЦЕФАЛО-ПЕЛЬВИЯЛЫК ДИСТОЦИЯСЫНДА ЫМЫРКАЙЛАРГА ОПЕРАТИВДҮҮ ТӨРӨТҮҮДӨ ИННОВАЦИЯЛЫК ЫКМАНЫН ТААСИРИ

    Г.С. Омуркулова, М.C. Мусуралиев
    76-79 21
    Аннотация

    Шаардык перинаталдык борборго төрөөгө түшкөн цефало-пельвиялык дистоциясында 140 аялдын акушердик жана перинаталдык натыйжасынын жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Таасирдүү төрөтүүдө негизги көрсөтмө болуп цефало-пельвиялык дистоциясынын кечиккен диагностикасы кесепеттүү түйүлдүктүн дистресси болуп саналат. Түйүлдүктө гипербилирубинемиянын өөрчүү коркунучу төрөт болгон эненин кардын жана жатынын операция кылып баланы чыгарууда инновациялык жолго караганда адат болгон ыкмада 1,6 эсе жогору. Эритроциттердин функционалдуу абалынын көрсөткүчтөрү боюнча тумчугуунун деңгээлинин диагностикасы диагностиканы туура ишке ашырууну жана ымыркайдын жашоосунун биринчи мүнөттөрүндөгү гипоксияны дарылоо тактикасын тандоого жана перинаталдык жоготууларды кыйла азайтат.

КЛИНИКАЛЫК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЖҮРӨК КОРОНАРДЫК ЖАНА КЛАПАНДЫК ООРУЛАРДЫН ЧОГУУ КЕЗДЕШКЕН УЧУРЛАРДАГЫ БЕЙТАПТАРДЫН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ЭРТЕ ӨЛҮМҮНӨ ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

    М.И. Асаналиев
    80-82 21
    Аннотация

    Эмгекте операциядан кийин эле өлүмгө дуушар болгон жүрөк коронардык жана клапандык оорулары чогуу кездешкен бейтаптардын адабий сереби берилген. Аортокоронардык шунттоо менен жүрөктүн клапандык аппаратын протездөө (алмаштыруу) операциясын бир маалда жасоодон госпиталдык өлүм 24% чейин жетет. Госпиталдык өлүмдүн себептери жүрөктүн канда ыргытышынын аздыгы жана жасалма кан айлануунун көп убакытка чейин колдонулуусу болуп эсептелди. Госпиталдык өлүм 24% чейин жетет.

  • БΥЛБΥЛДӨГӨН АРИТМИЯ: КОРКУНУЧТУУ ФАКТОРЛОРУ ЖАНА КОЗГОЛУУ СЕБЕПТЕРИ

    Ж. Бакиридин кызы, А.С. Керимкулова, А.А. Байрамукова, Э.Э. Бекташева, Э.М. Миррахимов
    83-86 25
    Аннотация

    Бүлбүлдөгөн аритмиянын (БА) пайда болушунун негизги себептерин аныктоо, аны алдын алуунун жолдорун иштеп чыгуу. Изилдөө 2014-жылдын сентябрь- декабрь айларында өттү. Ага Улуттук Кардиология жана Терапия борборунун клиникалык бөлүмдөрүндө дарыланган БА менен оорулуулар катышты. Изилдөө катышуучулардын доолорун, оору баянын жыйноо, кан басымын, антропометриялык көрсөткүчтөрүн ченөө, лабораториялык, инструменталдык изилдөөлөрдү өткөрүү, өнөкөт жүрөк алсыздыгынын даражасын аныктоосу менен коштолду. Изилдөөгө катышкан адамдардын 64% ашыкча салмак жана семирүү менен экени аныкталды. Ошондой эле БА пайда болушу ЖКО, ГО, 2 типтеги КД менен байланышы бар, ошондуктан ага алып келген ооруларды алдын алуучу иш-чараларды өткөрүү зарыл. Изилдөөгө катышкан адамдардын 36% нормалдуу салмакка ээ болсо, 32% адамда ашыкча салмак, 32% - семирүү катталды. Себептерин аныктоодо 3 оорулууда БА эч бир себепсиз башталганы, ал эми 22 оорулууда-кандайдыр бир башка оорунун негизинде пайда болгону маалым болду. Анын ичинде эң көп кездешкени жүрөктүн коронардык оорусу (ЖКО) (56%), гипертония оорусу (ГО) (44%), 2 типтеги кант диабет (КД) оорусу (20%) болду.

  • ФИЗИОТЕРАПИЯНЫН БЕЙТАПТАРДЫН АБДОМИНАЛДЫК ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН ЭРТЕ КАЙРА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ УБАГЫНДА ЖАШОО САПАТЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    Ч.С. Даминов, Ю.К. Уметалиев, К.С. Сыдыгалиев, Ч.Н. Токтосопиев, А.А. Алтынбекова
    87-91 21
    Аннотация

    Бейтаптардын лапаротомдук операциядан кийин кайра калыбына келтирүү убагында физиопроцедуранын жашоо сапатына тийгизген таасири изилденди. Иштелип чыккан физиопроцедуранын оорулуулардын физикалык, эмоционалдык жана психикалык жашоо сапатын жакшыртууга алып келиниши көрсөтүлдү.

  • ӨПКӨНҮН ӨНӨКӨТ ОБСТРУКТИВДҮҮ ООРУСУ МЕНЕН КОШТОЛГОН ӨНӨКӨТ КАРДИОРЕНАЛДУУ СИНДРОМ

    А. Джуматаева, Б. Турузбекова, Н.С. Леонтьева, Р.Р. Калиев
    92-94 25
    Аннотация

    Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун бар же жок экендигине жараша бөйрөктүн чыпкалоочу иши жана сол карынчанын систоликалык функциясынын начарлоосунун ортосундагы өз ара байланышка баа берүү үчүн өнөкөт жүрөк кемтиги менен ооруган 60 бейтап изилдөөгө алынды. Изилдөөнүн жыйынтыгында өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу коштогон өнөкөт жүрөк кемтиги менен ооруган бейтаптардын сол карынчаларынын көлөмү өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу коштобогон өнөкөт жүрөк кемтиги менен ооругандардыкына караганда бир топ чоң экендиги, ошондой эле сол карынчанын миокардынын жыйрылтуучу мүмкүнчүлүгү абдан эле начар жана бөйрөктөрдүн чыпкалоочу иштери бузулгандыгы аныкталды.

  • ДАРЫ-ДАРМЕК ТУРУКТУУЛУГУН КАМТЫГАН КУРГАК УЧУКТУ ДИАГНОСТИКАЛООСУНДАГЫ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР

    Т.М. Ким, А.К. Артыкбаева
    95-97 27
    Аннотация

    Берилген жумушта Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү көптөгөн дары-дармектерге туруктуулугу менен белгилүү болгон кургак учуктун эпидемиологиясы; ошондой эле эрте мөөнөттөрдө дартты туура аныктоо ыкма мүмкүнчүлүктөрү берилген. Ал ыкма - Xpert MTB/RIF кургак учукту чакыруучу микобактериялар, ошондой эле алардын мутанттары рифампицин даарысына туруктуу экенин бир канча саатта эле көрсөтүп, тез арада туура диагноз коюуга шарт түзөт.

  • ТООЛУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН БЕЙТАПТАРДЫН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ МӨӨНӨТҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Т.Б. Оморов
    98-100 21
    Аннотация

    Бейтаптардын операциядан кийинки мөөнөтүнүн өтүшү эки тайпага бөлүнүп көрсөтүлгөн: биринчи тайпага Бишкек шаарында жашаган бейтаптар киргизилген (52 адам) жана экинчи тайпага тоолуу аймакта жашап операция болгон бейтаптар кирген. Жыйынтыктарды кароодо клиникалык көрсөткүчтөр каралган (температурасынын нормалдоосуу, ооруксунуу симптомунун жок болуусу, кабылдоолордун саны, стационардык дарылоо күндөрүнүн узактыгы), ички органдарды ультра дабыштык изилдөө жана жарааттын эхоморфометриясы. Жыйынтыктардан алынган анализдеринде көрсөтүлгөндөй, кабылдоонун жыштыгы Бишкек шаарында жашаган бейтаптардын кабылдоолору 3,8 % түзсө, ал эми тоолуу аймакта жашаган операция болгон бейтаптардыкы 7,8 % түзгөн ал айырмачылыктар так тастыкталган (Р < 0,05). Ал эми операциядан кийинки ар кандай маалдагы эхоморфометриялык көрсөткүчтөрдө байкалгандай, жарааттын инфильтрация чеги тоолу аймактагы бейтаптардыкы, Бишкек шаардагы бейтаптардыкынан 3 суткага узагыраак (айкалуусу 3,8 ± 0,07 жана 3,1 ± 0,05 см) жана 5 суткада Бишкек шаарында жашаган бейтаптардыкы инфильтрация чеги тезирээк азаят.

  • НАШ ОПЫТ ЛЕЧЕНИЯ ПАПИЛЛОМАТОЗА ГОРТАНИ

    В.М. Свистушкин, В.И. Егоров, Д.М. Мустафаев, А.А. Рагимов, К.Б. Волкова, О.Е. Кузнецов
    101-104 30
    Аннотация

    Папилломатоз гортани на сегодняшний день остается одной из неразрешенных проблем современной медицины. Хотя заболевание известно с давних времен, до сих пор нет четкого алгоритма лечения таких пациентов. В литературе описано более 50 способов лечения, но радиального пока нет. В данной статье представлены первые результаты исследования, проведенного на базе ЛОР отделений двух клиник-Первого МГМУ им И.М.Сеченова и Московского областного научно-исследовательского института имени М.Ф.Владимирского

  • СФЕНОИДИТТЕРДИН КЛИНИКА, ДИАГНОСТИКА ЖАНА ДАРЫЛООСУ

    Н.В. Солодченко, И.М. Исламов, В.А. Насыров
    105-109 29
    Аннотация

    Бул иште сфеноидиттердин клиника, диагностика жана дарылоосу боюнча жалпы маалыматтар берилген, негизги көңдөйдүн клиникалык анатомиясы жана башка анатомиялык пайда болуулар менен өз ара катышы каралды. Консервативдик жана хирургиялык дарылоонун жолу каралууда.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

СОТТУК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ОШ ШААРЫНЫН ЖАМА (ЗАГС) ОРГАНДАРЫНДА КАТТАЛГАН КИШИ КОЛДУУ ӨЛҮМДҮН БОЛГОН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА КӨПТҮГҮ

    Б.Б. Мамаджанов , М.Ш. Мукашев
    116-119 27
    Аннотация

    Макалада Ош шаарынын архив маалыматтары боюнча 1987-1988 жылдары кырсык себептеринен элдин өлүмүнүн болгондугунун структурасы жана көптүгү көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, 1987-жылы күч колдонуу, кырсык себептеринен өлгөндөрдүн саны 111ди, 1988-жылы – 131ди түзгөн. Өлүмдүн себептери болуп механикалык травма, асфиксиялар, уугу, жогорку ысык жана үшүк жана электротравма болгон. Ошонун арасында 59 механикалык травмадан, 30 асфиксиядан, уугудан 10, ысык жана үшүктөн 5, электротравмадан 7 окуя болгон. Жыныстык жагынан – эркектер 83 (74,7%), аялдар – 28 (25,2%) түзгөн.

  • АР КАНДАЙ МӨӨНӨТТӨГҮ БОЛУП ӨТКӨН БАШ-МЭЭНИН ТРАВМАСЫНДАГЫ ГИПОФИЗДИН ГОРМОНДОРУНУН ӨЛЧӨМҮ ЖАНА МОРФОФУНКЦИОНАЛДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРҮ

    М.Ш. Мукашев, А.Э. Турганбаев
    120-122 30
    Аннотация

    Макалада ар кандай мөөнөттөгү болуп өткөн баш-мээнин травмасындагы гипофиздин гормондорунун өлчөмү жана морфофункционалдык өзгөрүүлөрү көрсөтүлгөн. Жаракат алгандан кийин 22-36 сааттын ичинде каза болгондо гормондордун ( кортизол, тестостерон, Т4 жалпы) кандагы өлчөмү салыштырмалуу бат каза болгондор менен кескин түрдө азайды. Ошондой эле гипофиздин морфологиялык структурасы да айтылган мөөнөттүн убагында (22- 36 саат) өзгөрүлүп, көбүнчө дискомплексация болгондугу аныкталды. Мындай өзгөрүштөр гипофиздин функциялык милдети өтө төмөндөгөнүн көрсөтүп турат.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БООРДУН ЭХИНОКОККОЗ ДАРТЫНЫН МИТЕ КУРТТАРЫН ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУДА КЛИНИКАЛЫК-ЛАБОРАТОРДУК-МОРФОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗИНДЕГИ ЫКМА

    М.Ж. Алиев
    123-126 24
    Аннотация

    Декасан 0,02% аралашмасынын боор этине зыян эместигин аныктоо үчүн 18 жаныбарга эксперименталдык жана лаборатордук изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Боордун эхинококкоз дартына чалдыккан 134 бейтаптын хирургиялык ыкма менен дарылоо жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Эхинококк мите курттарын жугушсуздандыруу боюнча декасан аралашмасы колдонулду. Дарттын кайталануусун алдын алуу үчүн 22 бейтапка эхинококк ыйлаакчасынын фиброздук чел кабыгына жана анын жанындагы боордун кабыкчасына декасан 0,02% аралашмасы куюлду. Алар эхинококкоз
    дартынын өтүшкөн түрлөрү жана анын кайталануусунун өтө кооптуу жагдайы болуп эсептелинет. Чогулган маалыматтар №1 шаардык клиникалык бейтапкананын хирургиялык бөлүмдөрүндө 2011 – 2014-жылдарынын аралыгында дарыланып чыккан бейтаптардын жыйынтыктары болуп саналат.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ БАЛДАР ЖАРАКАТТУУЛУГУН ТАЛДОО

    Б.С. Анаркулов, С.А. Джумабеков, Ж.З. Шамбетов, Т.О. Омурбеков
    127-133 43
    Аннотация

    Жыл сайын Кыргызстанда жаракаттардын себебинен 90 000 ден ашуун бейтаптар (876-1000 000 калкка) ооруканаларга жаткырылышат, алардын ичинен 14 жашка чейинки балдардын саны 10 000 ден ашат. Балдардын ооруулуулугунун структурасында “жаракаттар жана уулануулар” классы тогузунчу орунду ээлейт (3,5%), бул балдар калкынын ар бир 100 000де 1060,2 учурду түздү. Балдар жаракаттуулугунун абалы 5 жыл ичинде иш жүзүндө бир деңгээлде турганын 2009 – 2013 ж.ж. республикадагы балдар жаракаттуулугун талдоо көрсөттү, бирок балдардын катышуусу менен болгон ЖТК саны 663төн 949га көбөйгөн. Жол - транспорт кырсыктарында алынган жаракаттар – бул 15-19 жаштагы өспүрүмдөр арасында өлүм санынын негизги себептери жана 5 -14 жаштагы балдардын өлүмүнүн экинчи себептеринен. Бул изилдөөдө РММБ жана КР ЖККМБ коопсуздук бөлүмүнүн расмий маалыматтарынын негизинде Кыргыз республикасындагы 2009 - 2013 жылдар аралыгындагы балдар жаракаттуулугунун абалын талдоонун жыйынтыктары чагылдырылган. Болуп жаткан саясат жана укуктук актыларга сереп жүргүзүлдү жана республикада балдардын жаракаттуулугунун абалын жакшыртуу боюнча сунуштар даярдалды.

  • ЗАМАНБАП МИНИМАЛДЫК ИНВАЗИВ ТЕХНОЛОГИЯСЫ: АНАЛДЫК ПАТОЛОГИЯ МЕНЕН КОШТОЛУУЧУ ӨНӨКӨТ ГЕМОРРОЙДУ ДАРЫЛООДО ГЕМОРРОИДАЛДЫК ТҮЙҮНДӨРДҮ ДЕЗАРТЕРИЗАЦИЯЛОО

    А.Т. Байгазаков, Н.А. Маманов, Б.К. Осмоналиев, Ж.Т. Конурбаев, Р.А. Шадибеков
    134-136 25
    Аннотация

    Бул иште II-IVстадиядагы өнөкөт геморрой менен жабыркаган 155 оорулууга жасалган допплерографиялык көзөмөлдөө аркылуу лифтингдик мукопексия менен геморроидалдык түйүндөрдү дезартизациялоонун жыйынтыктары берилди. Булардын ичинен 45 (29%) оорулууда аныкталган аналдык патологияга бир эле учурда коррекция жасалды. Операциядан кийин 12 (7,7%) бейтапта ар-түрдүү кабылдоолор байкалды.

  • ТИЗЕ МУУНДАРЫН ЭНДОПРОТЕЗДӨӨДӨ АЛЫСТАТЫЛГАН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    Н. Болоткан уулу, Э.Т. Айтназаров, С.А. Джумабеков
    137-141 31
    Аннотация

    Тизе муундун дегенератив-дистрофикалык оорулары муундун чемирчегинин жаракаланышына жана анын ийилчээк сапатын жоготушуна түрткү болуп, акыр эсебинде адамдын майып болушуна алып келет. Мындай учурда операциянын жалгыз жолу болуп эндопротездөө болуп эсептелет. Бул иште тизе муунунун ар түрдүү ооруларда эндопротездөө тажрыйбасы көрсөтүлгөн. Бейтаптар жыныстык жана оорунун себеп мүчөлөрү менен бөлүнүшкөн. БТжОИИБ да колдонулган эндопротездер АКШ жана башка чет мамлекеттерде иштеп чыгарылган. Бул иште андан сырткары, тизе муунунун бүгүлүшүнө тоскоол болгон контрактураны, жумшак эттерге тийбестик жолу менен түстөө жаңы ыкмасы көрсөтүлгөн. Изилдөөнүн жакынкы жана алыскы жыйынтыктары дурус болуп эсептелип, бул дарылоо ыкмасы эффективдүү деп саналат.

  • ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ИРИҢ-СЕЗГЕНҮҮНҮН КҮЧӨП КЕТҮҮСҮН АЛДЫН АЛУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

    А.С. Касенов
    142-144 19
    Аннотация

    Бул макалада препаратты колдонуунун жыйынтыгы баяндалган: бактерия өлтүргүчтүк, сезгенүүгө каршы таасирлүү 0,02% «декасан» аппендициттин жана холециститтин бузуку формасында операциядан кийинки күчөп кетүүнү алдын алуу максатында. Операция учурунда жараттын (аппендикулярия өскөн жер, өт) негизги жерлерин алып салгандан кийин, ич көңдөйү 5 мүнөт убактысында 0,02% «декасандын» ээритмеси менен куюлду, андан кийин көңдөй кургатылып жана жараатты микроирригаторго чейин кыскартылып тигилген. Бул усул бузуку аппендицит менен ооруган 25 бейтапка жана холецистит менен ооруган 25 бейтапка пайданылган. Операциядан кийинки учур жагымдуу өтүп жатты. Операциядан (инфильтрат) кийинки күчөө 1 бейтапта (4%) болду. Күчөп кетүүнү алдын алуу үчүн «декасанды» пайдаланууда стационардык дарылануунун мөөнөтү да азайгандыгы белгиленди. Аппендоэктомиядан кийин 4,3 ± -0,3 жана холецистэктомиядан кийин 5,7 ± 0,3 күн.

  • ЭХИНОКОККОЗ ООРУСУНА ЧАЛДЫККАН БЕЙТАПТАРДЫН ФИБРОЗДУК ЧЕЛ КАБЫКТЫ АБДОМИНИЗАЦИЯЛОО ЫКМАСЫНАН КИЙИНКИ БООРДУН ГЕМОДИНАМИКАСЫ

    Э.М. Мадаминов
    145-147 24
    Аннотация

    Боордун мите ыйлаакчасынын фиброздук чел кабыгын абдоминизациялоодогу 56 бейтаптын боор гемодинамикасынын абалы берилген. Абдоминизациялоодо капитонаж жана инвагинацияга салыштырмалуу, боордун гемодинамикасынын бузулушу минималдуу болгон.

  • FAST TRACK SURGERY: ӨТ БАШТЫКЧАСЫНЫН ӨНӨКӨТ ТАШ ООРУСУ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН ХИРУРГИЯЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫ КАРООНУН ТАЖРЫЙБАСЫ

    Р.А. Оморов, Б.К. Осмоналиев , Ж.Т. Конурбаева, А.У. Айтикеев
    148-150 28
    Аннотация

    Бул иште өт баштыкчасынын өнөкөт таш оорусу менен жабыркаган 50 оорулууну Fast track surgery (FTS) «хирургиядагы кыска жол» программасын колдонуп, дарылоонун биринчи жыйынтыктары талкуулоого алынды. FTS программасы өз ичине операцияга чейинки, операция учурунда жана операциядан кийинки учурларды камтыйт. Бул программаны колдонууда реабилитациялоонун убактысы кыскарат, жашоонун сапаты мыктыланат, бейтаптардын стационардык дарылануусунун убактысы кыскарат жана материалдык чыгымдары азаят.

  • АШКАЗАНДЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРА ООРУЛАРЫНДА ПОСТГАСТРОРЕЗЕКЦИЯЛЫК ЭНТЕРАЛДЫК КЕМТИКТЕРДИ (III-ДАРАЖАДАГЫ) ЖОЮУ

    К.С. Сыдыгалиев, А.Т. Тойгонбаев, А.К. Мамбетов, Т.У. Шералиев, Б. Алимбеков
    151-154 18
    Аннотация

    Өтүшүп кеткен ашказан жана он эки эли ичегинин жара ооруусун ашказанды кескенден кийинки ичке ичегинин кемчилигинин III - тепкичинин жыйынтыгы берилген. Модификациялык ичке ичегини түтүк аркылуу азыктандыруунун негизинде ашказан жана ичке ичегинин ичиндеги тамактын синуурусун рентгенологиялык, баллонографиялык, ультратыбыш жана биохимиялык жолу менен изилденген.

  • СКЕЛЕТТИН УЗУН СӨӨК СЫНЫКТАРЫНДА КАЛКТЫН КАЙРЫЛУУСУНУН КҮЧ КЫЙМЫЛДЫГЫ

    А. Ташматов
    155-158 16
    Аннотация

    Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда болгон беш жыл ичиндеги (2009-2013жж.)бейтаптардын болгон кайрылууларын статистикалык анализ жүргүзүлүп анын жыйынтыгында анын -15,1 пайызга жогору болушу аныкталды. Оперативдүү жолу менен дарылануулар 1450 дөн 1926 га чейин болуп -32,8 пайыз кошулуусу белгиленди.

  • АЯК МҮЧӨЛӨРҮНҮН ИРИҢ-СЕЗГЕНҮҮЧҮ ЖАРААТТАРЫН САНДУУ ЖАНА САПАТТУУ ТАЛДОО

    А.Р. Эшматов
    159-164 23
    Аннотация

    Бул иште Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборундагы сөөк-ириң бөлүмүндө 2012-жылдагы бейтаптардын ириң-сезгенүү жаралардын даарылашынын изилденген ретроспективдик анализи көрсөтүлгөн.

ФАРМАЦИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ФАРМАКОЭКОНОМИЧЕСКАЯ ОЦЕНКА ФАРМАКОТЕРАПИИ ЯЗВЕННОЙ БОЛЕЗНИ ДВЕНАДЦАТИПЕРСТНОЙ КИШКИ

    Л.В. Яковлева, О.А. Герасимова, И.Э. Кузнецов, А.С. Горбачева
    165-168 26
    Аннотация

    Проведена оценка фармакотерапии пациентов с язвенной болезнью двенадцатиперстной кишки, которые проходили лечение в гастроэнтерологическом отделении одной из клиник г. Харькова, с помощью вспомогательных фармакоэкономических методов - АВС-, VEN- и частотного анализов. Установлено, что большинство назначенных лекарственных препаратов (85,71 %) присутствует в Государственном формуляре лекарственных средств Украины. Указанные препараты составляют большую часть врачебных назначений – 94,39 %. На них потрачена основная часть денежных средств (83,99 %), связанных с фармакотерапией пациентов с язвенной болезнью двенадцатиперстной кишки в данном отделении. В целом, назначенную фармакотерапию можно считать относительно рациональной как с клинической, так и с экономической точек зрения, но она требует дальнейшего усовершенствования в соответствии с Государственным формуляром лекарственных средств Украины.