Том 2 № 2 (2015): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2015-02-14

Бардык чыгарылыштар

ФУНДАМЕНТТИК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН ЖАНА 3 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ТРАХЕЯ – БРОНХ ТҮТҮКТӨРҮНҮН ЛИМФА БЕЗДЕРИНИН КАБЫТЫНДАГЫ МИОЦИТТЕРДИН ЖАЙГАШЫШЫ

    Ю.Б. Гайворонская , Ч.Н. Токтосопиев
    5-9 6
    Аннотация

    Лимфа бездерин жана лимфа тамырларынын лимфа сакталгычы болуп, денедеги суюктукту кан менен лимфага жиберип турушу миоциттердин лимфа бездеринин трабекуларында жана алардын капчыктарында жайгашканы себеп болот.
    18 жаны төрөлгөн жана 3 жашка чейинки балдардын трахея – бронх түтүктөрүнүн 3 группа бездеринин капчыктарынын миоциттеринин гистотопографиясы изилденген. Лимфа бездеринин капчыктарын толук изилдөө үчүн А.Б. Борисовдун (1973) ыкмасы колдонулган.
    Изилдөөнүн негизинде лимфа бездеринин трабекулаларынын жана капчыктарынын миоциттеринин көпчүлүгү лимфа тамырларынын кирген жеринде (хилусунда) жана фоликулалардын тегерегинде жайгашкандыгы аныкталды.

  • КОЛЛЕДЖДИН ТҮРДҮҮ АДИСТИКТЕРИНДЕ ОКУГАН 1 - КУРСТУН СТУДЕНТ - БАЛДАРЫНЫН ВЕГЕТАТИВДИК СТАТУСУ

    А.А. Калыкеева, И.Е. Кононец
    10-14 8
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты колледждин 1-курсунун гуманитардык жана техникалык адистиктерде окуган студент-балдарынын адаптивдик мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн вегетативдик нерв системасынын мүнөздөмөлөрүн изилдөө болуп саналат. Изилдөөдө клиноортоcтаз пробасы колдонулду. Проба организмдин мейкиндикте орун алмаштыруусуна толерантуулугун аныктоо үчүн колдонулат. Ошондой эле жүрөк ритмин каттоо жана анализдөө үчүн кардиоинтервалография колдонулду. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында колледжде окууда1 - жылынын аягында гуманитардык багыттарда окуган өспүрүм-балдардын адаптивдик механизмдерге чоң жүктөм экендиги аныкталды. Бул студенттердин окуу спецификасы менен байлагыштуу болушу мүмкүн.

  • БИЙИК ТООЛУУ ШАРТЫНДАГЫ ӨПКӨНҮН ӨНӨКӨТ ОБСТРУКТИВДИК ООРУЛАРЫНДА БРОНХИАЛДЫК ДАРАКТЫН МОРФОФУНКЦИОНАЛДЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    Н.К. Райымбеков, Т.К. Кадыралиев, Б.М. Дюшеева, Т.Б. Аалиев
    15-19 6
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты болуп өпкөнүн абструктивдик өнөкөт оорусунун бронхиалдык дарагынын бийик тоолуу шарттагы морфофункционалдык өзгөрүүлөрүн изилдөө саналат. Изилдөөдө 25 бийик тоолуу шартта жашаган өпкөнүн абструктивдик өнөкөт оорусунан (2500-3000м деңиз денгээлинен бийик) өлгөн адамдардын өпкөсүнөн жана жүрөгүнөн аутопсиялык материал алынды. Жана салыштырмалуу изилдөө үчүн жапыс тоолуу шартта өпкөнүн абструктивдик өнөкөт оорусунан каза болгон (760м деңиз денгээлинен бийик) адамдардын өпкөсүнөн аутопсиялык материал алынды. Аларды тактап-салыштыруу үчүн кокусунан (жол кырсыгынан, травматикалык шоктон) каза болгон 10 бийик тоолук адамдардын өпкөлөрү жана 15 жапыс тоолук адамдардын өпкөлөрү (өпкө-жүрөк оорулары жок, жашы, жынысы жагынан дал келген) колдонулду. Морфометриялык жана гистологиялык ыкмалар колдонулду.
    Изилдөөнүн натыйжасы: өпкөнүн бронхиалдык дарагын морфологиялык изилдөөдө бийик тоолуу шартта (2500-3000м деңиз денгээлинен бийик) жашаган өпкөнүн абструктивдик өнөкөт оорусунан өлгөн адамдарды, жапыс тоолуу шартта жашаган өпкөнүн абструктивдик өнөкөт оорусунан каза болгон адамдардын өпкөлөрү менен салыштырганда, чемир чек бронх ордун катмарларынын өрчүгөн кабылдоосу табылды: катаралдык, катарал-склероздук жана ирин-катаралдык,бокал сымал-клеткалык гиперплазия, базал-клеткалык пролифирапция, лимфогистиоцитардык, чел кабыктын өзүмдүк пластинкасынын инфильтрациясы, чел кабык астынкы бездердин гиперплазиясы жана гипертрофиясы, чыгаруу түтүктөрүнүн кеңейиши менен кошо. Терминалдык бронхиолалардын катмарында лимфогистиоцитардык инфильтрация, булчуң катмарынын гипертрофия жана атрофиясы, катмарынын фиброзу, миофибробластардын санынын көбөйүшү бронхиолалардын көңдөйүнүн ичкериши менен.

ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАШ ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДҮҮ САЛАМАТТЫГЫН САКТОО ТАРЫХЫЙ ЖАНА УЮМДАШТЫРУУЧУЛУК АСПЕКТИЛЕРИ

    Р.М. Атамбаева, Э.Н. Мингазова
    20-24 6
    Аннотация

    Бул макалада Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн куруу (1985-2014гг.) тарыхый мезгилиндеги жаш өспүрүм кыздардын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүү кызматынын негизги уюмдаштыруу кызматынын өзгөчөлүктөрү талданган. Өсүп келе жаткан жаш муундардын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо кызматын уюштурууда медициналык социалдык жардамына шарт түзүү максатында кемчиликтер аныкталган жана уюштуруу маселелери сунушталган.

  • 2014 – ЖЫЛДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДА КЫЗАМЫКТЫН КЛИНИКАЛЫК ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Н. Бактыбек кызы, С.В. Чечетова, Р.М. Кадырова, М.К. Мамбетова, З.К. Джолбунова
    25-29 19
    Аннотация

    Ар кандай курактагы кызамык менен ооруган, лаборатордук тастыкталган 187 бейтаптын баяны анализденди. Оорунун клиникалык жана эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү байкалды. Оорулуулардын көпчүлүгү (75,4%) шаар тургундары, көбүнчө бейтапканага тастыкталбаган кызамык диагнозу менен түшүшкөн. Жаш курагына карабастан оору көбүнчө орто абалда өттү. Ар бир бешинчи оорулуу өпкө сезгенишине кабылды. Өлүм катталбады.

  • АЗЫРКЫ МЕЗГИЛДЕГИ ТАМАК БОТУЛИЗМИНИН КЛИНИКАЛЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    А.А. Береговой, М. Мурзаева, А.Ш. Джумагулова, А.Б. Сыдыкова
    30-33 6
    Аннотация

    2010-2014жж. катталган ботулизм менен ооруган 107 кишинин клиникалык-эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрүнө мүнөздөмө берилген. Мурунку 10 жылга караганда кийинки жылдары ботулизм оорусу көбүрөөк кездешкен. Ооругандардын диагнозу чычканга коюлган нейтрализациялаштыруу реакциясы менен такталган жана ботулотоксиндин В жана С түрлөрү көбүрөөк табылган. Оору көпчүлүк убакта үй-шартында жасалган консервацияланган жер-жемишти жегенде өрчүгөн. Ошону менен бирге, мурунку убакта катталбаган эттен жасалган консерва тамактарын жегенде да ооруга чалдыгышкан. Клиникалык белгилеринин ичинен өтө маанилүү болгон нейроплегиялык жана бульбардык синдромдор болуп эсептелет. Спецификалык дарылоо ботулизмдеги оорунун оор жана өтө оор жүрүшүн, оорунун абалын мүнөздөгөн неврологиялык сезгенүүнүн дэнгээли жана клиникалык белгилеринин толуктугуна карата жүргүзүлөт.

  • «СТУДЕНТТЕРДИН ВИРУСТУК ГЕПАТИТ «А» МЕНЕН КӨП ООРУГАНЫНЫН СЕБЕБИНЕ БАА БЕРҮҮ»

    А.А. Джангазиева
    34-37 7
    Аннотация

    2012-жылдын А вирустук гепатитинин эпидемиялык күчөө мезгилинде, Бишкек шаарынын шартында, госпиталдаштырылган оорулуулардын арасынан жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери жогорку ооруга чалдыкканы табылган. Макалада, өздүк гигиенаны сактоо, тамактануу, жашоо шарты жана башка маселелерди камтыган, А вирустук гепатити боюнча республикадагы эпидемиологиялык оору сыркоого учураткан, инфекциянын эпидемиологиялык аспектилдери боюнча ар кандай кесиптеги окуу жайларынын студенттеринин анкеттөөсүнүн салыштырма берилген жыйынтыгы көрсөтүлгөн.

  • ЖЕҢИЛ КИЙИМДЕРДИ ДАЯРДООЧУ ТИГҮҮ ЦЕХТЕРИНДЕГИ ЭМГЕК ШАРТТАРЫНА ГИГИЕНИКАЛЫК АНАЛИЗ

    К. Касымова, Т. Бектенова, Б. Эрнисбекова, А.Т. Сейдахметова
    38-42 11
    Аннотация

    Жеңил кийимдерди даярдоочу тигүү цехтериндеги эмгек шарттарына жана микроклиматка анализ жүргүзүлдү. Тигүү цехтеринин температурасы, нымдуулугу, аба алмашуусунун ылдамдыгы, жарыктандыруусу изилдөөгө алынды. Натыйжада 2 цехтин жарыктандыруусу нормага караганда 2 эсе төмөн экендиги аныкталды. Ички нымдуулугу төмөн, аба такыр эле алмашпайт, бул факторлордун бардыгы жумушчуларды бат чарчоого алып келет.

  • МЕДИКО-СОЦИАЛЬНАЯ ПРОФИЛАКТИКА ЗАБОЛЕВАНИЙ СРЕДИ ЧАСТО БОЛЕЮЩИХ СТУДЕНТОВ НА ОСНОВЕ УЧЕТА ГЕНДЕРНЫХ ОСОБЕННОСТЕЙ ВЛИЯНИЯ ФАКТОРОВ РИСКА

    Э.Н. Мингазова, А.И. Зиатдинов , С.А. Титова
    43-47 5
    Аннотация

    В ходе исследования были выявлены гендерные различия в особенностях влияния ряда медико-социальных факторов на формирование контингентов часто болеющих девушек и юношей, обучающихся в медицинском университете.

  • КЫЗЫЛЧА ООРУСУНУН АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АРАСЫНДАГЫ ЖАЙЫЛЫШЫ

    А.А. Юрчук, С.В. Чечетова, Р.М. Кадырова, З.К. Джолбунова , М.К. Мамбетова
    48-52 6
    Аннотация

    Кызамык жана кызылча оорусу менен ооруган 133 бейтаптын баяны анализденди. Кызылча оорусунун клиникалык жана эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү аныкталды. Кызылча оорусу жыл мезгилинен көз каранды эмес, жаш балдардын эмдөөлүүсүнө байланыштуу көбүнчө орто жаштагылар (87,0%) ооруга чалдыгышты, алардын арасында эркектер басымдуулук кылды, себеби кызылча оорусу аскер кызматкерлеринин арасында көп катталды. Оору орто абалда өттү, жеңил формалары менен ооругандар бейтапканага жаткырылган жок, бирок бейтапканага жаткырылгандардын арасында оорунун оорлоштурулушу байкалган, эпидемиологиялык көз караш менен караганда бейтапты бириккен коллективден (аскердик бөлүк) толугу менен бөлүшү керек. Бейтапканага жаткырылган алгачкы күндөрүндө кызамыкты жокко чыгаруу мүмкүн болбогондуктан, антибиотиктердин орунсуз колдонулуусу белгиленди.

КЛИНИКАЛЫК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БООРДУН АЛЬВЕОКОККОЗ ООРУСУНУН РАДИКАЛДУУ ЖОЛ МЕНЕН ОПЕРАЦИЯ ЖАЗОО

    С.А. Айтбаев
    53-55 4
    Аннотация

    Боордун альвеококкоз оорусу менен 229 бейтап радикалдуу операция жасоонун жыйынтыктары берилген. Баардык бейтаптарга операцияга чейинки даярдык жүргүзүлдү жана операция учурунда белок препараттары витаминдердин комплексинде боорду коргоо үчүн колдонулду. Кабылдоолору 36 бейтапта байкалды (15,7%), 2 бейтап каза болду.

  • ЖҮРӨК КОРОНАРДЫК ООРУЛАРЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО НАТЫЙЖАЛАРЫ

    М.И. Асаналиев, К.А. Абдраманов, Т.А. Батыралиев
    56-58 6
    Аннотация

    Изилдөөгө Түштүк регионалдык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда жүрөктүн коронардык оорусуна чалдыккан 30 бейтаптын аортокоронардык шунттоо (айлантма салуу) операциясынын натыйжасы берилген. Эркектер менен аялдардын катнашы 9:1 түзгөн. Жасалма кан айлануу шартында 16 операция жасалса, 14-ү жасалма кан айлантма аппараты колдонулбай жасалган. Миокарддын реваскуляризация индекси 2,6+0,8 болду. Периоперациялык инфаркт жана ооруканада дарылоо убагында өлүм кездешкен жок.

  • АЯЛДАРДЫН “МААЛЫНА ЖЕТПЕГЕН” ЖҮРӨКТҮН КОРОНАРДЫК ООРУСУ

    А. Баатырбекова, Т.М. Мураталиев, В.К. Звенцова
    59-62 5
    Аннотация

    Изилдөөгө “маалына жетпеген” жүрөктүн коронардык оорусу бар 46 аял кирди, башкача айтканда 65 жашка чейинки өткүр коронардык оорусу бар аялдар изилденген. “Маалына жетпеген” жүрөктүн коронардык оорусунун өрчүшүнө жана жүрүшүнө салыштырмалуу баа берүү үчүн оорулуулар II топко бөлүнгөн: 1-топ – айызы 45 жашка чейин токтогон аялдар (17 адам) жана 2-топ – айызы 45 жаштан кийин токтогон аялдар (29 адам). “Маалына жетпеген” жүрөктүн коронардык оорусу бар аялдарда адаттагы кооптуу факторлору көп кездешет. Журоктун коронардык оорусу айыздын эрте токтошу менен байланыштуу.

  • БАЛДАРДЫН БЕЙТАПКАНАДАГЫ КУРЧ МҮНӨЗДӨ ӨТҮҮЧҮ ВИРУСТУК ЖУГУШТУУ ООРУСУНУН КЛИНИКАСЫ, ДАРТТЫ АНЫКТООСУ ЖАНА ДАРЫЛООСУ

    М.М. Баялиева, З.К. Джолбунова, Р.М. Кадырова
    63-68 3
    Аннотация

    Бул илимий жумушта бейтапканадагы жугуштуу курч мүнөздө өтүүчү респиратордук жугуштуу оорусу менен жана кызамык оорусу менен ооруган балдарды амизон аркылуу дарылоонун мүнөздөмөсү берилди. Амизонду колдонуу баланын жалпы абалынын тез аранын ичинде дене табынын түшүүсүн, коркунучтуу синдромдорунун, пневмониянын өнүгүшүн жана калтыроонун узактыгын кыскартууга шарт түздү.

  • ФИЗИКАЛЫК МЕТОДДОР КУЛАК-МУРУН-ТАМАК ООРУЛАРЫНЫН КОМПЛЕКСТҮҮ ДАРЫЛООСУНДА

    Н.М. Джаманкулова, С.Д. Халимова
    69-74 29
    Аннотация

    Бул иште оториноларингологияда физикалык факторлорун колдонуусунун жалпы маалыматы берилген. Физикалык ыкмаларынын Лор-ооруларына берген таасири, ыкмаларды тандоо принциптери, физикалык ыкмалардын негизги эрежелери белгиленген. ЛОР-органдарынын ооруларында колдонулуучу физиотерапиялык ыкмалар, ошондой эле электротерапия, жарык терапия, жылуу терапия жана инголяциялык терапия ыкмалары жөнүндө кыска маалыматтар келтирилген.

  • БАЛДАРДЫН ЖАМБАШ-САН МУУНУНУН ТУБАСА ДИСПЛАЗИЯСЫН ДАРЫЛООДО БИЗДИН ТАЖРЫЙБА

    Э.Дж. Джамалбекова, Э.А. Байгараев, М. Рыскулбек у., С.А. Джумабеков
    75-77 5
    Аннотация

    Илимий иште жамбаш-сан муунунун тубаса дисплазиясында иштеп чыгарылган түзүлүштү колдонуу менен дарылоо тактикасы көрсөтүлгөн. Сунушталган түзүлүш буттардын бекем кармалышын (фиксация) жакшыртат, мындай учурда сан сөөгүнүн башы сан сөөк чөйчөгүнө туура жайланышат жана жамбаш-сан муундарынын кан айлануусуна жакшы шарттарды түзөт, ошондой эле жамбаш сан жана тизе муундарынын вертикалдашуу вектору туура багытталат.

  • ГАСТРИТ ЖАНА АШКАЗАН ЖАРАТ ООРУСУНУН СОМАТИКАЛЫК ДИСФУНКЦИЯСЫНЫН ОСТЕОПАТИКАЛЫК ДАРТТАПМАСЫ

    И.Б. Добродомова, И.Б. Попенко
    78-82 5
    Аннотация

    Берилген макалада гастриттердин жана ашказан жарат оорусунун пайда болуу себептери, патогенези жана остеопатикалык ыкмалары аркылуу дарттапмасы берилген. 18 ден 40 жашка чейинки 30 адам изилденди. Клиникалык симптомдорду баалоо менен терапевтик текшерүү, остеопатиялык текшерүү жана кызыл өңгөч, аш казан, он эки эли ичегилердин эндоскопиясы өткөрүлгөн.

  • ХИРУРГИЧЕСКОЕ ЛЕЧЕНИЕ РАКА ВУЛЬВЫ I – II СТАДИЙ

    М.Р. Кайрбаев, Р.Ш. Шалбаева, Э.К. Макимбетов
    83-85 5
    Аннотация

    В данной оригинальной статье авторы представили некоторые результаты хирургического лечения рака вульвы I-II стадий. Были проанализированы две группы пациенток раком вульвы с использованием ретроспективного метода исследования. Сравнены два метода хирургического лечения – раздельным и единым доступом по типу «бабочки». Произведена оценка периоперационного и послеоперационного периодов после вульвоэктомии – количество удаленных лимфоузлов, длительность операции, инфекционные осложнения, необходимость в переливании крови и кровезаменителей, длительность госпитализации.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ПСОРИАЗ ИЛДЕТИНИН КЛИНИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    А.С. Кожанов, М.Б. Усубалиев
    86-91 7
    Аннотация

    Макалада РТВБда дарыланган 489 оорукчандын мисалында Кыргыз Республикасындагы псориаз илдетинин клиникалык өзгөчөлүктөрү берилген. Псориаз оорусу көбүнчө 21ден 50 жаштагыларда (65,2%) катталган. Оорукчандардын 71,6% жөнөкөй псориаз менен госпитализацияда болушкан. Экссудативдик жана эритродермиялык псориаз (8,6% и 7,8%) артропатикалык жана Цумбуш пустулездук посриаздарындай эле (5,7% и 5,5%) бирдей кезикти (р>0,05).

  • УРЕТЕРОЛИТИАЗ ДАРТЫНЫН ДАРЫЛООСУНДАГЫ ЖАШЫЛ ЛАЗЕРДИК ЖАНА ПНЕВМАТИКАЛЫК ЛИТОТРИПСИЯНЫН ТААСИРДҮҮЛҮГҮНҮН САЛЫШТЫРМА АНАЛИЗИ

    Н.К. Монолов , С. Акылбек, Э.О. Сеитов
    92-96 7
    Аннотация

    Биздин жумушубуздун негизги максаты бул - уретеролитиаз дартынын дарылоосундагы жашыл лазердик жана пневматикалык литотрипсиянын таасирдүүлүгүнүн салыштырма анализи. Бул изилдөөлөр «Республикалык Урологиянын Илимий Борборунун» урология бөлүмдөрүндө 2008-жылдан 2014-жылга чейин стационардык дарыланууда болгону ретеролитиаз дарты менен даттанган 155 оорулуулардын даарылануусунун натыйжасынын анализинде негизделди. Заара түтүкчөлөрүндө пайда болгон таштарды дарылоосунда жашыл лазердин колдонуусу менен жаракат алууну төмөндөтөт жана эмгекке жараксыз болушуна орто эсеп менен 3 күнгө кыскаруусуна жардам берет.
    Трансуретралдык рентген, эндоскопиялык хирургия жана алардын айкалышы таштардын жайгашканын, тыгыздыгын, көлөмдөрүн кутулуусуна оорулууларга камсыз кылуу жана ачык операция жасоонун зарылдыгын жокко чыгаруу заара таштар ооруусунун заманбап ыкмасы болуп саналат.

  • ЖАШ БАЛДАРДЫН ЖАНА ЖЕТКИНЧЕКТЕРДИН ИДИОПАТИКАЛЫК СКОЛИОЗУН ОПЕРАТИВДИК ЫКМА МЕНЕН ДАРЫЛОО

    Ч.Н. Нарынбеков, У.М. Исмаилов, С.А. Джумабеков
    97-99 5
    Аннотация

    Хирургиялык жол аркылуу төш жана бел омурткаларынын сколиозун «Ti-TaMed (ТSS)» фирмасынын кош пластиналуу жана жөнөкөй эндокорректорлорун колдонуу менен жөнгө салуусу эбегейсиз мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду. Бул ыкманын артыкчылыгы буроолор баш бөлүгү менен бир тараптуу кыймылдуу биригишип, өзөкчөнүн тоскоолдук сузайлануусуна шарт түзөт. Омуртканын калыбына келишинен улам кабыргалардын бүкүрөйүүсү түзөлөт.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ГОСПИТАЛЫНДАГЫ КӨЗДҮН МИКРОХИРУРГИЯСЫ БӨЛҮМҮНӨ КАЙРЫЛГАН АР ТҮРДҮҮ ДАРАЖАДАГЫ ПТЕРИГИУМ ООРУСУНАН ЖАБЫРКАГАН ООРУЛУУЛАРГА АНАЛИЗ ЖҮРГҮЗҮҮ

    Ю.А. Ревина, Ч.Т. Сайдахметова, А.В. Черных
    100-103 7
    Аннотация

    Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жиберилип, Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургия бөлүмүндө акыркы 3 жыл ичинде дарылануудан өткөн ар түрдүү даражадагы птеригиум, ошондой эле анын рецидиви менен жабыркаган оорулууларга анализ жүргүзүлдү. Птеригиумдан жабыркагандардын көпчүлүк пайызын Ысык- Көл областынан келген оорулуулар түзгөндүгү, алардын жаш курагы 40 тан 60 жашка чейин, аялдар 57% экендиги аныкталды, негизинен птеригиумдун 2-даражасы менен жабыркаган бейтаптар кайрылышкан, ал эми птеригиумдун рецидиви менен жабыркаган бейтаптардын саны 5%ды түзгөн.

  • БОГОГ БЕЗИНИН ӨСҮШҮНДӨГҮ ЙОД-ЭЛЕКТРОФОРЕЗ ЫКМАСЫНЫН ЗААРА МЕНЕН ЙОДДУН ЭКСКРЕЦИЯСЫНА БЕРГЕН ТААСИРИ

    Дж.К. Сманова, Р.Д. Алымкулов, Г.М. Саралинова
    104-107 7
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты - богог безинин эндемиялык өсүшүндөгү йод-электрофорез ыкмасынын йоддун заара менен экскрециясынын өлчөмүнө берген таасири изилденди. Объект катары 18-23 жаштагы 40 адам изилденди. Изилдөө ыкмалары: бир суткада жыйылган заарадагы йоддун өлчөмүн ченөө. Йод-амплипульсфорез ыкмасы заарадагы йоддун өлчөмүн 3-6 айга чейинки мөөнөткө көбөйткөнү аныкталды жана ушул ыкма богог безинин эндемиялык өсүшүндө дарылого сунушталынат.

  • АЯЛДАРДЫН КЛИМАКС МЕЗГИЛИНЕ ЧЕЙИНКИ ЭНДОМЕТРИЙ ГИПЕРПЛАЗИЯСЫ – ГУМОРАЛДЫК ИММУНИТЕТТИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Т.Х. Теппеева, М.С. Мусуралиев
    108-111 8
    Аннотация

    ЭГ жүрүшүндө КСдон жабыркаган аялдарда иммуноглобулиндердин үч классынын синтезинин өзгөрүүлөрү жана В – лимфоциттердин депрессиясы катталат. Тубаса эмес гранулопатиянын узакка созулган мүнөзү жана иммунитеттин локалдык басаңдашы аялдардын инфекциялык жана өнөкөт процесстеринин көбүрөөк өнүгүшүнө алып келет, жада калса аутоиммундук ооруларынын пайда болушуна түрткү болот. М классынын иммуноглобулиндеринин деңгээлинин жогорулашы, G иммуноглобулининин деңгээлинин түшүшүндө, спецификалык антителдердин антигендерге
    туура эмес болгон синтезинин ачык айкын далили болот.

  • УЛЬТРАҮНДҮҮ ФАКОЭМУЛЬСИФИКАЦИЯНЫН АР ТҮРДҮҮ ЫКМАЛАРЫ

    А.У. Тультемиров
    112-115 4
    Аннотация

    Биз сунуш кылган макалада катарактаны алып салуунун ар түрдүү ыкмалары баяндалат. Азыркы офтальмохирургияда катарактаны даарылоонун «алтын стандарты» болуп ультраүндүү факоэмульсификация эсептелинет. Анын негизин ультраүн менен көз чечекейинин ядросун майдалоо жана андан ары алып салуу тузөт. Бирок ультраүндү узак убакытта колдонуу операция убагында жана андан кийинки мезгилде бир топ кыйынчылыктарга алып келүүчү терс таасирлери аныкталган. Андыктан ультраүндүү факоэмульсификация учурунда көз чечекейинин ядросун механикалык факофрагментация аркылуу майдалоо ультраүндүн колдонуусунун убакытын кыскартуу менен көз бөлүктөрүнө терс таасирин алдын алууга шарт түзөт. Учурдагы офтальмохирургияда жаңы аспап менен механикалык факофрагментация ыкмасы аркылуу ультраүндүү факоэмульсификацияны колдонуу актуалдуу багыттардын бири болуп саналат.

  • БЕЙТАПКАНАДА КЕЗДЕШКЕН КЫЗАМЫК ООРУСУ

    Д.К. Чыныева, М.М. Баялиева, Г.А. Карамурзаева, А.К. Урманова
    116-119 12
    Аннотация

    Бейтапканада жаткан жугуштуу оорулар менен ооруган 52 ымыркай балдардын бейтап баяны изилденген. Оорулуулардын клиникалык жана эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн. 2014-2015 жылдардагы бейтапканада кездешкен кызамык оорусу бир жашка чейинки балдарда оор абалда өттү. Эмделбеген жаш балдар ар кайсы бейтапканаларда жугуштуу жана башка оорулары менен даарыланышкан.

  • БАЛДАРДА КЕЗДЕШКЕН БАКТЕРИАЛДЫК ЖАНА ГЕРПЕТИКАЛЫК АНГИНАЛАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН АНЫКТОО

    А.Т. Шайымбетов
    120-123 5
    Аннотация

    Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында бактериалдык ангина жана герпетикалык ангина оорусу менен дарыланган, 243 баланын оору баяны изилденди. Бактериалдык жана герпетикалык ангиналарда вирустун микробдун ассоциясы аныкталган. Салыштыруу натыйжасында бактериалдык ангинанын тамак бездеринин чоңоюп кетиши (1-2 даражадагы гипертрофия) анык болгон.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БЕТ ЖААК ХИРУРГИЯСЫНДА ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ООРУНУ ПРОФИЛАКТИКАЛООДО ЖАНА ДАРЫЛООДО СТЕРОИД ЭМЕС ШИШИККЕ КАРШЫ ПРЕПАРАТТАРДЫН РОЛУ

    У.А. Исмаилова
    124-130 5
    Аннотация

    Макалада анестезия менен жансыздандыруунун жүрүшүнө жана операциядан кийинки оору синдромунун дегелине ар кайсы дарылоо ыкмаларынын болгон таасири изилденген. Өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Бет-жаак хирургиядагы операциядан кийинки оору синдромунун алдын алуу оптимизацияланган мамиле иштеп чыгарылып клиникалык практикада колдонууга киргизилген. Стероид эмес шишикке каршы препараттардын Бет-жаак хирургиядагы операциядан кийинки оору синдромунун алдын алуу чон эффективдүүлүгү көрсөтүлгөн. Аталган операциядан кийинки оору синдромунун алдын алуудагы ыкманын клиника ишине ашыруу келип операциядан кийинки оору синдромунун интенсивдүүлүгүн жана хроникалык ооруу синдромдордун келип чыгуу жыштыгын төмөндөөтүүгө мүмкүндүк берди. Иштеп чыгарылган жанзыздандыруу ыкмаларды колдонуу Бет-жаак хирургиядагы бейпатпарды дарылоо эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Алынган жыйынтыктар негизинде аталган дарылардын операциядан кийинки жансыздандыруу жана оорунун алдын алуу схемаларында колдонуу маанилүүлүгү жөнүндөгү натыйжалар чыгарылды.

  • ҮСТҮҢКҮ ЖААКТЫН АЗУУ ТИШТЕРИНИН РЕТЕНЦИЯСЫН НУР АРКЫЛУУ ДИАГНОСТИКАЛОО ЫКМАЛАРЫНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

    Н.М. Назарова
    131-136 12
    Аннотация

    Үстүңкү жаагында азуу тиштеринин ретенциясы болгон бейтаптарга ортопантограмма жана көлөмдүү тиш компьютер томография диагностикасы тактоо максатында колдонулду. Азуу тиштеринин ретенциясын диагностикалоо жана дарылоо үчүн 10 жаштан 30 жашка чейинки 48 бейтаптын КРСУнин Балдар стоматология кафедрасы, жаак- бет жана пластикалык хирургия, И.К. Ахунбаев атындагы КММА жана «Ала-Тоо» МБ базаларында комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Ортопантомограммага салыштырмалуу көлөмдүү тиш компьютер томографиясы колдонуу диагностикалоодо, локализациялоодо жана дарылоону пландаштырууда абдан натыйжалуу экендиги аныкталды.

СОТТУК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЖУМУШКА ЖАРАМДУУ АДАМДАРДЫН АРАК ИЧИМДИГИНЕН УУГУП ӨЛГӨНДҮГҮН СОТТУК- МЕДИЦИНАЛЫК ЖАГДАЙДА НЕГИЗДӨӨ

    М.Ш. Мукашев, Б.М. Мамадыев
    137-141 8
    Аннотация

    Макалада жумушка жарамдуу адамдардын арак ичимдигинен уугуп өлгөндүгүн негиздөө деңгээли айтылган. Арактан уугуп өлгөндүгүнүн негизги белгиси болуп канда арактын 3‰ ден 7‰ чейин болушу жана уйку безге, (70,21%) 12-кат ичегинин жыбыркайына (74,46%) көптөгөн майда кан куюлуусу, каректин чоңоюшу (87,23%), табарсыктын толушу (53,19%), өлүк тамгасынын өтө көрүнүшү (53,19%), өпкөнүн сууланышы (72,34%) болуп эсептелет. Кара кочкул кан, мээнин сууланышы жана ички органдардын толук кандуулугу 100%-да кезиккен.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ГАСТРОЭЗОФАГЕАЛДЫК РЕФЛЮКС ООРУСУН ЖАНА БООР ЭТИНИН КЫЗЫЛ ӨНГӨЧ КӨЗӨНӨГҮНҮН ЧУРКУСУН ДАРЫЛООДО ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР (АЛГАЧКЫ КЛИНИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА)

    А.Т. Байгазаков, Н.А. Маманов, Б.К. Осмоналиев
    142-146 6
    Аннотация

    Макалада гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусун жана боор этинин кызыл өнгөч көзөнөгүнүн чуркусун дарылоодо Ниссендин лапароскопиялык фундопликациясынын алгачкы клиникалык тажрыйбасы көрсөтүлгөн. Операциялар 44-65 жаш курактагы беш оорулууларга жасалган. Гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусу 2 кишиде жана боор этинин кызыл өнгөч көзөнөгүнүн чуркусу 3 кишиде аныкталган. Көзөмөл убагында клиникалык жана эндоскопиялык изилдөөлөр менен тастыкталган оорунун кайталанышы аныкталган жок.

  • ӨТКҮР ХОЛЕЦИСТ ООРУСУ МЕНЕН БЕЙТАПТАРДЫ ДАРЫЛООНУН ПРОГРАММАЛАШТЫРУУ ЫКМАСЫН КОЛДОНУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

    У.С. Мусаев, Б.А. Авасов, А.С. Токтосунов
    147-149 7
    Аннотация

    Өткүр холецистит менен, улгайган жана карыган курактагы 96 бейтапты дарылоону программалаштыруу көрсөтүлгөн. Боордун жетишпестигин жана ириңдеп-сезгенүү кабылдоолорун алдын алуу максатында регионардык лимфостимуляция жасалды (70адамга). Кабылдоолор 3 бейтапта (3,1%), каза болгону 1(1,1%)

  • ЭПИДЕМИОЛОГИЯ ФУНКЦИОНАЛЬНЫХ ПОСТРИНОПЛАСТИЧЕСКИХ ОСЛОЖНЕНИЙ

    Ю.Ю. Русецкий, Л.С. Карапетян, И.Ю. Мейтель
    150-154 4
    Аннотация

    Проведен ретроспективный анализ распространенности функциональных осложнений эстетической ринопластики. Проведено проспективное исследование функций носа у пациентов, перенесших эстетическую ринопластику в разное время в клинике болезней уха, горла и носа ГБОУ ВПО Первого МГМУ им. И.М. Сеченова в период с 2009 по 2014 год. Выявлены функции носа, на которые преимущественно влияет данное хирургическое вмешательство. Обоснована необходимость повышенного внимания к сохранению и адекватной коррекции анатомии и функции носового клапана в ходе эстетической ринопластики.

  • ИЧ-КӨҢДӨЙ ХИРУРГИЯСЫНДАГЫ СИСТЕМАЛЫК СЕЗГЕНҮҮ РЕАКЦИЯСЫН ЛИМФОСТИМУЛЯЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ДАРЫЛООНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

    У.Э. Усубакунов
    155-158 5
    Аннотация

    Дененин температурасынын көтөрүлүшү, лейкоциттердин көбөйүшү, жүрөктүн согуусу жана дем алуунун тездеши менен ич –көңдөй органдары ооруларынын системалык сезгенүү синдрому менен мүнөздөлгөн 264 бейтаптын жыйынтыктары берилди. 212 бейтапка салттуу дарылоо колдонулган, анын ичине антибактериалдык жана инфузиондук дарылоо кирген. Дарылоо учурунда операциядан кийинки өтүшүп кетүүлөр 28 бейтапта (13.2%) катталган. Системалык сезгенүү синдромун корекциялоодо 52 бейтапка комплекстүү дарылоого регионалдык лимфостимуляция терапиясы колдонулган. Лимфотроптук терапиянын курамына: 10 мл. 0.5% Новокаин эритмесинде Гепарин 70 Ед/кг, Лидаза 8-12 Ед, Тактивин 1 мл, Дексаметазон 4 мг, Цефазолин 1 г кирет. Лимфотроптук кошунду шыйрактын сырткы тарабынын теринин алдына куюлган. Бир курс дарылоодо 4-5 жолу инъекция жасалган. Системалык сезгенүү синдромунун белгилеринин саны жана анын ичинде оордук даражасынын азайышы бейтаптарды дарылоо учурунда аныкталды. Операциядан кийин өтүшүп кетүү бир бейтапта катталган (2%). Системалык сезгенүү синдромун коррекциялоодо
    лимфостимуляция терапиясын колдонуу максатка ылайыктуу экени такталды.

ФАРМАЦИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ