Том 3 № 3 (2016): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2016-03-14

Бардык чыгарылыштар

САЛАМАТТЫКТЫ УЮШТУРУУ

  • БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАЙЛАРЫНДА ОКУГАН ӨСПҮРҮМ-КЫЗДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДИК САЛАМАТТЫГЫНЫН ТҮЗҮЛҮҮСҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ИЗИЛДӨӨНҮН ГИГИЕНАЛЫК АСПЕКТИЛЕРИ

    Р.М. Атамбаева, Э.Н. Мингазова, Ж.К. Исакова
    10-12 9
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада ар кандай медициналык-социалдык жана гигиеналык факторлордун Бишкек шаарындагы 15-18 жаштагы өспүрүм-кыздардын репродуктивдик саламаттыгына, атап айтканда, менструалдык функциясынын түзүлүүсүнө тийгизген таасиринин өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн натыйжалары көрсөтүлгөн. Аныкталган өзгөчөлүктөр өспүрүм-кыздардын репродуктивдик саламаттыгын түзүлүүсүнүн көрсөткүчтөрү болуп, ошондой эле болочоктогу энелердин ден соолугун сактоо үчүн ден-соолукту чыңдоочу жана ооруларды алдын алуучу программаларды өткөрүүгө негиз боло алышат.

  • ЭТ МЕНЕН ТОЮТТАНУУЧУ ЖАНЫБАРЛАРДЫН КЫРГЫНЫН АНЫКТОО YЧYН ПРАЙМЕРЛЕРДИ ОПТИМИЗАЦИЯЛОО ЖАНА ТАНДОО

    М.К. Исакеев, Э.К. Акматова, Е.Д. Крутская, А.Т. Мамытова
    13-15 17
    Аннотация

    Корутунду. Эт менен тоюттануучу жаныбарлардын кыргынынын аныктоо үчүн индивидуалдык праймерлер алынган жана полимераздык чынжырлуу реакция диагностикасынын программасы адаптацияланган. Полимераздык чынжырлуу реакциясы методу менен орулуу жаныбарлардан алынган паталогиялык материалдар изилденген. Кайра транскрипциялануучу праймерлер менен полимераздык чынжырлуу реакциясы аркылуу эт менен тоюттануучу жаныбарлардын кыргынынын РНКсын табуусун изилденген жана коюу методикасы оптимизацияланган. Ылганган праймерлердин жогору сезгичтигин жана шексиздигин характеристикасы көрсөтүлгөн.

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • АДАМДАРДЫН КЕКИРТЕК ЖАНА БРОНХ ЛИМФА-БЕЗДЕРИНЕН ЧЫККАН ЛИМФА-ТАМЫРЛАРЫНЫН ЖАЙГАШЫШЫ

    Ю.Б. Гайворонская
    16-18 8
    Аннотация

    Корутунду. Лимфа-тамырларында лимфанын бир тарапта агышына клапандык сегменттер - лимфангиондор чоң себеп. Анткени, лимфангиондун миоциттери менен коллаген-талчалары жана солкулдак-талчалары тыкыс байланышта болот. Микроанатомиялык изилдөө 24 – адамдын кекиртек жана бронх бездеринен чыккан лимфатамырларда жүргүзүлгөн. Бул лимфатамырларынын беттеринде үч катмар бар: ички, ортоңку жана тышкы. Ички катмарда коллаген жана солкулдак-талчалардын эң ичкелери жайгашса, орто жана чоң талчалары ортоңку жана тышкы катмарларда жайгашат экен.

  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨРӨӨНДҮҮ ЖАНА БИЙИК ТООЛУУ АЙ-МАКТАРЫНЫН ТУРГУНДАРЫНДА КЕЗДЕШҮҮЧҮ ГЛОМЕРУЛОПАТИЯНЫН МОРФОЛОГИЯЛЫК ФОРМАЛАРЫ

    Н.Б. Тулепбергенов, Б.Р. Джаналиев
    19-22 11
    Аннотация

    Корутунду. Кыргызстандын өрөөндүү жана бийик тоолуу аймактарында жашаган 145 бейтаптын гломерулопатиясынын морфологиялык формалары изилденди. Гломерулопатиянын формаларынын арасында мезангиопролиферативдүү гломерулонефриттин үстөмдүк кылаары аныкталды. Ошондой эле ал ороондүү жана бийик тоолуу аймактын тургундарында бирдей санда кездешет. Мезангиокапиллярдуу гломерулонефрит оорулуулардын үчтон биринде табылды. Минималдуу өзгөрүүлор жана фокалдык сегментардык гломерулосклероз/гиалиноз сейрек кездешүүчү турлор болуп саналат. Биийик тоолуу аймактын тургундарында мембраноздуу нефропатия (16,1%) өрөөндуу аймактын жашочуларыныкына кара-ганда (4,5%, р<0,05) кобүрөөк кездешет.

  • АПИЙИ МГЕ УУККАНДА ИЧКИ БЕЗДЕРДИН МОРФОСТРУКТУРАСЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ (ӨЛҮКТӨРДҮ ИЗИЛДӨӨНҮН НЕГИЗИНДЕ)

    А.Э. Турганбаев, М.Ш. Мукашев
    23-25 14
    Аннотация

    Корутунду. Макалада апийимге уугуп өлгөндө кее бир ички бездердин (богок жана бөйрөк бездери) морфоструктурасынын өзгөргөндүгү айтылат. Богок безинде фолликулдар чоюлуп, көлөмүндө чоӊоюп турат, коллоиде вакуолдор жокко эсе. Бөйрөк безинде сырткы челинин майы кескин азайган, көбүнчө ак (жарык) клеткалар болгон.

МЕДИЦИНАЛЫК АЛДЫН АЛУУ ИШИ

  • ГИГИЕНАЛЫК ИЛИМ ТАРАБЫНАН КАРАЛГАН БИШКЕК ШААРЫНЫН ӨСПҮРҮМ- КЫЗДАРЫНЫН ФИЗИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЗАМАНБАП ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Р.М. Атамбаева, Э.Н. Мингазова, Ф.А. Кочкорова, Т.Р. Максутов
    26-29 10
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада улутун эске алуу менен (славян жана азиат улуттары) 15-18 жаштагы өспүрүм-кыздардын физикалык өнүгүүсүнө салыштырмалуу баа берүүнүн натыйжалары көрсөтүлгөн. Аныкталган олуттуу айырмачылыктар жашоо-тиричилигинин жана жүрүм-турумдарынын моделдеринин окшоштугуна карабастан, салыштырылган топтордо этникалык айырмачылыктардынбар экендигин көрсөтүп турат. 10жыл ичинде физикалык өнүгүү жагынан кыйла өзгөрүүлөр аныкталган. Физикалык өнүгүүнүн стандарттарын түзүү жана үзгүлтүксүз жаңыртуу балдардын ден-соолугунун жалпы абалын мониторингтөөнүн бир мисалы болушу мүмкүн.

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • ФИЗИОТЕРАПИЯ ЖАНА ДАРЫЛОО ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАЛПЫ ПРАКТИКА ДАРЫГЕРЛЕРИНИН ДАЯРДООСУНДАГЫ РОЛУ ЖАНА ОРДУ

    Р.Д. Алымкулов, Г.М. Саралинова, Дж.К. Сманова, Н.М. Джаманкулова, М.Ш. Карагулова
    30-32 16
    Аннотация

    Корутунду. Берилген иште физикалык ыкмалардын оорулуулардын комплекстүү реабилитациясында берген таасири. Организиге физикалык ыкмалардын ар түркүн ооруларында тийген таасири жана саногенездик механизми жазылган.

  • ЦЕРВИКОРЕЗЕКТОСКОПИЯНЫН КОЛДОНУУСУ МЕНЕН ЖАТЫН МОЙНОГУНДАГЫ ЖАНА ЖАТЫН МОЙНОГУНА ЧЕЙИНКИ ЖАЙГАШКАН КОШ БОЙЛУУЛУКТАН МҮЧӨ САКТАП КАЛУУ ЫКМАСЫ

    А.Т. Байгазаков, Н.А. Маманов, Б.К. Осмоналиев, А.М. Абдиева, Р.А. Акылбеков
    33-34 13
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөөнун максаты – жатын мойногундагы жана жатын мойногуна чейинки жайгашкан кошбойлуулукта цервикорезектоскопия ыкмасынын натыйжалуулугу. Гистерорезектоскопия 22 жаштан 31 жашка чейинки 8 кошбойлуу аялга колдонулган. Жалпы клиникалык жана өзөчө изилдөөлөрдөн кийин, операция жасоочу жайдын шартында кантамыр анестезиясында, УДИнүн көзөмөлүнүн алдында, күмөн жумурткасынын пункциясы менен бирге каканак суусу сордурулуп, метотрексат куюлган. Эртеси күнү кан тамыр анестезиясынын алдында гистероскоп киргизилип, күмөн жумурткасы редукцияланган. Операция менен байланыштуу спецификалык кабылдоолор болгон эмес. Бейтаптар 4-6 күндүн ичинде сакайып, клиникадан чыгарылган. Биз тандаган жаңы ыкма, аталган оор дартты сакайтуу менен бирге, бала төрөө мүмкүнчүлүгүн сактайт.

  • БАШ МЭЭСИНИН ЖАРАКАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕГИ ТАЛМА ООРУЛУУЛАРЫНЫН КЛИНИКАЛЫК-ДИАГНОСТИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

    А.Т. Жусупова, Б.Д. Турузбекова
    35-37 14
    Аннотация

    Корутунду. Баш мээсинин жаракатынын негизиндеги талма оорулууларынын клиникалык–диагностикалык мүнөздөмөсүн баалоо үчүн 43 оорулуу текшерүүдөн көрүлдү. Баш мээнин жаракатынын негизиндеги талма оорулууларында экинчи ирет генерализация менен жөнөкөй парциалдык приступтардын басымдык кылынышы аныкталды, ал эми нейровизуализациялык–электроэнцефалографиялык картирование көпчүлүк учурларда баш мээсинин жабыркоосунун эпилептогендик морфологиялык структурасында жабыркаган аймактын эпилептикалык активдүүлүгүнүн булагы менен дал келиши айкын болду.

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ИТТИН ПАРВОВИРУСТУК ЭНТЕРИТ ЫЛАНЫНЫН ЧЫНЖЫРЧА ПОЛИМЕРАЗА РЕАКЦИЯСЫ (ЧПР) МЕНЕН АНЫКТОО ЫКМАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА АПРОБАЦИЯЛОО

    Э.К. Акматова, А.А. Камарли, Г.Ж. Акматбекова, С.А. Джээнбаева
    38-40 10
    Аннотация

    Корутунду. Микроорганизмдерди индикациялоодо жана идентификациялоодо жаӊы жолдорду иштеп чыгуунун себеби, молекулярдык генетика илиминин өнүгүп өсүшү менен байланыштуу. чПР ыкмасынын жардамы менен иттердин парвовирустук энтерит ыланынын ДНК козгогучун сандык аныктоочу тест-системаны иштеп чыгуу жана апробациялоо. Иттердин парвавирустук энтерит ыланынын вирусунун серотиптерин аныктоо үчүн генноспецификалык праймерлердин жубу иштелип чыкты. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында СPv (2а, 2в, 2с) вирустарын чПР диагностикасынын жардамы менен табууда праймерлердин катыруу (отжиг) шарттары оптималдаштырылды.

  • STREPTOCOCCUS PNEUMONIAE-НЫН КУРЧ МҮНӨЗДӨ ӨТҮҮЧҮ БАКТЕРИЯЛЫК МЕНИНГИТТЕРДИН СЕБЕП МҮЗҮМҮНДӨГҮ РОЛУ

    А.А. Береговой, З.К. Джолбунова, Р.М. Кадырова
    41-44 10
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий изилдөөдө 2011-2014 жылдар арасындагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин статистикалык көрсөтмөлөрү анализденди. Курч мүнөздөө өтүүчү менингит менен ооруган 10 жаштан улуу 52 бейтап байкалды. Изилдөөнүн негизинде жаш өспүрүмдөр (53,8%) жана улуу муундагы кишилер (46,2%) ооруга бирдей чалдыгаары аныкталды. Курч мүнөздө өтүүчү бактериялык менингитке көбүнчө кулак-мурун оорулары, башка үшүп калуу жана баш мээсинин чайкалуусу себеп болоору анык. Курч мүнөздө өтүүчү бактериялык менингиттер көбүнчө оор абалда өтөт жана жана баш мээнин шишүүсү (38,5%), септикалык шок (7,5%) жана ар бир экинчи бейтапта ДВС синдрому менен өтүшүп кетет.

  • КЛИНИЧЕСКИЕ ОСОБЕННОСТИ ДИСМИКРОЭЛЕМЕНТОВ ПРИ БРОНХИАЛЬНОЙ АСТМЕ У ДЕТЕЙ

    Н.И. Каримова, Ф.М. Шамсиев
    45-47 9
    Аннотация

    Резюме. Нарушение микроэлементного гомеостаза может опосредованно воздействовать на реактивность бронхиального дерева. В патогенезе развития БА ведущая роль принадлежит ионам кальция, магния, которые принимают непосредственное участие в сокращении бронхов, а такие микроэлементы как селен, цинк, медь оказывая влияние на процессы перекисного окисления липидов и приводят к формированию аллергического воспалительного процесса трахеобронхиального дерева. Целью исследования было определение характера изменений микроэлементного статуса при бронхиальной астме и обструктивном бронхите у детей дошкольного возраста. Была проведена сравнительная оценка полученных данных о накоплении минералов и микроэлементов в волосах и выявлены изменения в составе микроэлементов у всех обследуемых детей.

  • БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДАГЫ БАЛДАРДЫН КУРЧ МҮНӨЗДӨ ӨТҮЧҮҮ ИЧ ӨТКӨК ООРУСУ

    М.Ж. Жолдубаева, Г.А. Карамурзаева , М.М. Баялиева, А.И. Мамбетова , Д.С. Аманкулова
    48-50 21
    Аннотация

    Корутунду. 2015-жылы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасында ич өткөк оорусунан даарыланган 6 айга чейинки 41 баланын бейтап баяны изилденди. Ич өткөк ооруларынын көп болуусу балдарга 4 айынан баштап кошумча тамак берилип баштаганына көз каранды. Ууландыруу белгилери оорунун оордугун аныктоодо эӊ негизгиси болду, бул бактериянын ичегинин чел кабыгына кирүүсүнө байланыштуу. Ошондуктан гастроэнтероколит жана энтероколит синдромдору көбүрөөк кездешип, себебин аныктоого көбүнчө мүмкүнчүлүк болбоду.

  • БАЛДАРДЫН БИЛИАРДЫК ТРАКТТЫН ДИСФУНКЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ МЕДИКАМЕНТОЗДУК КОРРЕКЦИЯЛОО

    В.А. Малеванная, Э.Ш. Алымбаев, Г.К. Кожоназарова
    51-53 19
    Аннотация

    Корутунду. Макалада билиардык бузулууларды (дисфункцияларды) заманбап дарылардын жардамы менен айыктырууга ылайыкташтырылган схемаларды иштеп чыгуу жөнүндө баяндалат. Ошондой эле билиардык тракттын (өт каналдарынын) бузулуулары жана сфинктер Оддинин көрсөткүчүнүн лабораториялык жана инструменталдык баалоонун ыкмалары берилген. Тажрыйбанын алкагында алтымыш бала изилденген. Билиардык тракт бузулганда пайда болуучу тамакты сиңирүүдөгү кыйынчылыктарды оңдоонун (коррекциялоонун) ыкмалары сунушталат. Бул дартты айыктырууда Гимекромон дарысынын артыкчылыгын белгилөө менен бирге Кыргыз Республикасында балдардагы билиардык тракттын бузулуулары боюнча жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжалары көрсөтүлгөн.

  • ЖУГУШТУУ ИЧ ӨТКӨК ЖАНА КУРЧ МҮНӨЗДӨ ӨТҮҮЧҮ РЕСПИРАТОРДУК ВИРУСТУК ЖУГУШТУУ ООРУЛАР МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДА КАЛТЫРАТМАНЫН КЕЗДЕШҮҮСҮ

    А.В. Урванова, Д.С. Ерушкевич, З.К. Джолбунова, С.В. Чечетова, М.К. Мамбетова
    54-56 19
    Аннотация

    Корутунду. Бул илимий иликтөөдө балдарда, курч мүнөздө өтүүчү, респиратордук вирустук оорулар, ич өткөк оорулары жана аралаш-инфекциялар менен ооруган 146 бейтапта калтыратманын жолугуусу салыштырмалуу түрдө изилденди. Калтыратма гипоксикалык-ишемикалык энцефалопатиясы жана мээнин басымынын жогоруланышы менен жабыркаган бир жашка чейинки 62,0% балада кездешти жана оорунун өтүшүнө терс таасирин тийгизди.

  • ВИРУС ЧАКЫРГАН ПАРОТИТ ООРУСУНУН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА КЛИНИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛΥКТӨРΥ

    А.Ш. Шаршенбекова, Б.А. Акимжан кызы, Д.К. Чыныева, А.А. Абдусаторов
    57-59 8
    Аннотация

    Корутунду. 2010 жылдан баштап 2015 жылга чейинки убакытта, Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына кайрылган паротит жугуштуу дарты изилденди жана 36 оорулунун бейтап баяны ретроспективдик талдоодон өткөрүлдү, ошонун арасында балдарга караганда улуу муундагы адамдардын (83%) ооруга көбүрөөк чалдыкканы аныкталды. Кызамык оорусу менен контактта болгон бейтаптар КПК эмдөөсүн алган сон, ар бир экинчи бейтап паротит жугуштуу дарты менен ооруганы белгиленди. Оору орто (56,8%) жана оор (43,2%) түрүндө өттү.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БЕТ – ЖААК ЖАРАКАТТАРЫНЫН АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ КОЙГОЙЛЕРИ (АДАБИЯТ СЕРЕБИ)

    Б.К. Ургуналиев, А.С. Кулназаров
    60-63 13
    Аннотация

    Корутунду. Келтирилген далилдер азыркы убакта бет – жаак травматологиясы чоң актуалдуу медициналык жана социалдык экономикалык койгой жаратат. Бет – жаак сөөктөрүнөн механикалык жараат алган бейтаптардын жарааттарынын күчөшүү менен орунун клиникалык өтүшү, диагностикасын, дарылоосун, калыбына келтирүүсүн изилдөөгө абдан чоң коңүл бурууга татыктуу. Бет-жаак сөөктөрүнүн жаракаттарынын түзүлүшү жана жайланышы, тездиги, клиникалык өтүүсүнүн өзгөчөлүгү ушунун бардыгы орууну комплекстүү динамикалык байкоо жүргүзүү талап кылат.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТҮНДҮК АЙМАГЫНДАГЫ ШИЛЕКЕЙ БЕЗДЕРИНИНИН ДАРТКА ЧАЛДЫККАНДЫГЫНЫН АНАЛИЗИ

    Д.Б. Шаяхметов, Н.А. Алымбаева, Б.К. Ургуналиев, А.С. Кулназаров
    64-67 17
    Аннотация

    Корутунду. Саламаттык сактоо министирлигинин Кыргыз Республикалык улуттук госпиталындагы бет-жаак хирургия бөлүмүндөгү оору тарыхтарынын 10 жылдык ретроспективдуу анализинин натыйжасында КР шилекей бездеринин дартка чалдыкканы 100 миң калкына 11,9 учур кезигет. Бет-жаак патологиясынын жалпы түзүлүшүндө шилекей бездеринин дарты 2,3% түзөт. Аныкталган маалыматтарды пландаштыруу иштери аркылуу, дарылоону пайдаланса болот.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • БООРДУН ЭХИНОКОККОЗУН ДАРЫЛООНУН ЖАҢЫЧА ЫКМАЛАРЫ

    Н.Б. Касыев, М.С. Айтназаров, А.Н. Нурбекова
    68-71 18
    Аннотация

    Корутунду. Бул иште гидатидоздуу эхинококкоз менен ооруган 281 оорулуга жасалган радикалдуу операциянын жыйынтыгы берилди. Боордун гидатидоздуу эхинококкоз оорусунун диагнозу жалпы клиникалык, серологиялык, рентгенологиялык изилдөө методдорунун негизинде, эң негизгиси оруну ультрадобуштуу изилдөө, компьютердик томография, интраоперациялык УДИ, интраоперациялык текшерүү жана морфологиялык верификациянын жыйынтыктары боюнча аныкталды. Боордун гидатидоздуу эхинококкоз оорусун билүүдө УДИнин тактыгы 91,2%, компьютердик томографияныкы -97,5%ды түздү. Радикалдуу перицистэктомия 146 оорулуга, боордун резекциясы -96 оорулууга, идеалдуу эхинококкэктомия – 39 оорулуга жасалды. Боордун резекциясынан кийинки спецификалык кабылдап кетүү 4,5%га өскөн, өлүм алып келгени -1,1%ды түзгөн. Радикалдуу перицистэктомиядан кийинки кабылдап кетүү – 1,5%ында аныкталып, өлүм болгон жок, ал эми идеалдуу эхинококкэктомиядан кийин кабылдап кетүү жана өлүм катталган жок.

  • БООРДУН ЭХИНОКОККОЗУН ДАРЫЛООДО ФИБРОЗДУК КАБЫКЧА КӨҢДӨЙҮН ЖОЮУ ЫКМАСЫ

    Э.М. Мадаминов, Б.С. Абдисаматов
    72-75 61
    Аннотация

    Корутунду. Бул иште боордун эхинококкозу менен ооруган 78 оорулууну дарылоонун жыйынтыктарына анализ берилди, аларда эхинококкэктомиядан кийин абдоминизация жолу менен фиброздук кабыкча көңдөйү жоюлган. Алардын ичинен 71 оорулуунуку алгачкы эхинококкоз, ал эми 7 оорулуунуку оорунун рецидиви болгон. Фиброздук капсуланын көңдөйүн жана диафрагманын астындагы бош мейкиндикти натрий хлоридинин озондолгон эритмеси жана 0,02% декасан эритмеси аркылуу байытып алып «фашина» дренажы менен көзөдүк. Салыштырма катары фиброздук капсуланын көңдөйүнө капитонаж жасалган (35) жана инвагинация жасалган (20) жалпысынан 55 оорулуу текшерүүдөн өттү. Оорунун кабылдап кетүүсү операция болгон 4 (5,12%) оорулууда катталган, экөөндө өттүн агуусу байкалса, бирөөндө плеврит жана дагы бирөөндө жарааттын ириңдөөсү болгон, булардын баарысы оорулуулар ооруканадан чыкканга чейин калыбына келитирилди.
    Өлүм болгон жок.
    55 оорулуунун ичинен салыштырма топто оорунун кабылдап кетүүсү 8 (14,5%) оорулууда болгон алардын ичинен 4 оорулууда көңдөй калдыгы калган.

  • ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК РЕКТОПЕКСИЯ: АЛГАЧКЫ КЛИНИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА

    Б.К. Осмоналиев, К.С. Жумадылов, С.Ш. Сапаров, У.Э. Усубакунов, Б.А. Авасов
    76-79 36
    Аннотация

    Корутунду. Иштин максаты - Зеренин-Кюммелдин ыкмасы боюнча, көтөн чучук түшкөндө лапароскопиялык ректоскопиянын алгачкы клиникалык тажрыйбасын көрсөтүү. Операция 52 жаштагы оорулууга жасалган. Лапароскопиялык порттор орнотулгандан кийин, бейтап Тренделенбургдун абалына келтирилип, көтөн чучук менен сигма ичегесинин алдынкы тарабы куймулчактын кемирчек чели менен бириктирилген. Операциядан кийинки алгачкы учурларда рецидив жана эч кандай кабылдоолор болбогондугу текшерүүлөрдун жыйынтыгында белгилүү болду. Кичиинвазивдүү технологиялар операциядан кийинки оорунун белгилерин азайышы, ичеги-карындын эрте иштеши, физикалык активдүүлүгүнүн калыптануусу сыяктуу өзгөчүлүктөрүн көрсөтө алды.

  • КУРСАК КӨӉДӨЙҮНДӨ ЖАБЫШМА ПРОЦЕССИНИН КАЛЫПТАНУУСУНА АНТИСЕПТИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫН ТААСИР ЭТҮҮСҮН БААЛОО

    А.А. Сопуев, Д.Ш. Ибраев, Н.Н. Маматов, А.Ш. Абдиев
    80-82 13
    Аннотация

    Корутунду. Параллелдик рандомизировалык изилдөөдө курсак көңдөйүндө жабышма процессинин калыптануусуна антисептикалык каражаттардын таасир этүүсүнүн жыйынтыктары сунуш этилди. Эксперименталдык изилдөө 38 пародасыз келемиштерде өткөрүлдү. 0,02% Фурацилин, 0,06% Натрий гипохлорити, 0,02% Декаметоксин аралашмалары үч эксперименталдык топто колдонулду.

  • БАШ МЭЭНИН ЭЗИЛИШИНИН ДИФФЕРЕНЦИАЛДУУ ДАРЫЛОО ЫКМАСЫ

    Б.Ж. Турганбаев
    83-86 11
    Аннотация

    Корутунду. 170 баш мээ эзилишине дуушар болгон бейтаптардан турган клиникалык изилдɵɵ жүргүзүлдү. Алардын арасынан 92 бейтап хирургиялык жол менен дарыланган, калган 78 бейтап консервативдүү жолу менен дарыланган, жана бул дарылоо жолдорунун жыйынтыктары келтирилген.

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ

  • СЛЕНГ - ЛЕКСИКАНЫН КЫСКАРТУУ ЫКМАЛАРЫНЫН ТҮРҮ

    А.Г. Соронкулова
    87-88 9
    Аннотация

    Корутунду. Макаланын максаты болуп сленг кыскартылган сөздөрдүн таралуусу адабият системасын бузу аркылуу адабият тилине кооптук көрсөтүүсү ыктымал экенин чагылдырат. Изилдөө материалы катары кыскартылган сөздөрдүн ар кандай сленгтердин семантикалык түзүлүшүнүн типтери колдонулду. Изилдөөнүн негизги булагы лексикографиялык материалдар ошондой эле студентер менен сурамжылоо өткөзүү. Изилдөөнүн негизги ыкмасы – сүрөттөө ыкмасы. Кыскартылган сөздөрдүн инвективдүү мүнөзүндө колдонулуусу көп изилденген эмес, андыктан анын кийинки изилдөөсү кызыктуулук жаратат.

  • КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТЕРИНИН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА ФОРМАЛАРЫ

    Ж.К. Шабданбаева
    89-91 13
    Аннотация

    Корутунду. Өз алдынча ишти уюштуруу, аны жетекчиликке алуу- бул ар бир окутуучунун жоопкерчиликтүү жана татаал иши. Активдүүлүктү жана өз алдынчалуулукту тарбиялоо студенттерди тарбиялоонун составдык бөлүгү катары кароо зарыл. Бул маселе биринчи даражадагы маанилүү маселелердин катарында ар бир окутуучунун алдына коюлат.
    Студенттердин өз алдынчалуулугун калыптандыруу жөнүндө айтып жатып, бири-бири менен тыгыз байланышкан эки маселени эске алыш керек. Алардын биринчиси, таанып билүүчүлүк ишкердүүлүктө өз алдынчалуулукту студенттерде калыптандыруу, аларды билимдерге өз алдынча ээ болууга, өзүнүн дүйнө таанымын калыптандырууга үйрөтүү; экинчиси-практикалык ишкердүүлүккө үйрөтүү.