Башкы редактор
Том 5 № 5-6 (2019): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
МЕДИЦИНА ТАРЫХЫ
-
80 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИНЕ И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ
АннотацияРезюме. Бул макала Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ачылган убактан бери жетекчилери жонундо кыскача биографиялык маалыматты камтыйт. Авторлор бул макалада лидерлердин жасаган олуттту иштерин, жогорку квалификациядагы окумуштууларды, доктурларды жана саламатттыкты сактоо кызматкерлеринин даярдоодогу эмгектерин баяндаган.
КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МИТЕ КУРТ ООРУЛАРЫНЫН АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫН БААЛОО (2009-2018 жж.)
АннотацияКорутунду. Биздин маалыматтар көрсөтүп тургандай биздин өлкөдө мите курт ооруларынын деңгээли жогору бойдон калууда. Негизги оорунун коркунучу 14 жашка чейинки балдар, орто эсеп менен, жалпы катталган оорулардын 70,47% түздү. Республикада операция болгон адамдардын ичинен альвеококкоз ооруларынын үлүшүнүн өсүшү антропургикалык ооруга мүнөздө белгиленүүдө.
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МЕДИЦИНАЛЫК КАДРЛАРДЫ ТАЛАПКА ЫЛАЙЫК ДАЯРДОО: АБАЛЫ ЖАНА КРИТИКАЛЫК АНАЛИЗДОО
АннотацияКорутунду. Бул илимий макалада, Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы саламаттыкты сактоону реформалоо жана кайра жанылануу программасынын алкагында медициналык кадрларды даярдоо жана жумуш менен камсыздоо маселесине анализ жургузулду.
НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА
-
АДАМДЫН МИКРОБИОТУ ЖАНА АНЫН МААНИСИ
АннотацияАннотация. Бул макалада микробиоттордун замандап макаласы берилген. Микробиот - бул адамдардын нормада жана патологияда боло турган микроорганизммдердин бирге болуусу жана алардын физиологиялык жана патологиялык реакцияларда, ошондой эле дары дармектердин, горомондордун зат алмашуусунда катышышат. Адамдардын микробиотун курамына бир канча козу карындар, эубактериялар, архейлер жана вирустар кирет. Адамдын организмдеги эубактериялардын микробиоту адамдын өздүк клеткасынын курамынан 10 трилиондон, бул жүз эсе көбүрөөк санын түзөт. Заманбап изилдөөчү ыкмалардын өнүгүшү менен жогорку деңгээлдеги гендик изилдөөчү ыкмалардын (секвенирование) жардамы аркылуу анык, так жана комплекстүү балоонун натыйжасында жалпы микробдук улушун, пайызын аныктоого мүмкүнчүлүк бар. Бул мүмкүндүк адамдын организмминин микробиоттор менен өз ара байланышып жаңы деңгээлге чагара келди.
-
КЕГЕТЫ АЙЫЛЫНЫН БИР УЛУТТУУ КЫРГЫЗ ПОПУЛЯЦИЯСЫНЫН ГЕНЕТИКО-ДЕМОГРАФИЯЛЫК КӨРСӨТКYЧТӨРYН ИЗИЛДӨӨ
АннотацияКорутунду. Изилдөөнүн максаты бир улуттуу кыргыз айылынын тургундарынын генетико-демографиялык көрсөткүчтөрүн анализдөө (Кегеты айылы). Материал болуп айыл өкмөтүндөгү каттоо жазуулары колдонду (2 мин.жазуу) жана суйлошуп толтурулган анкеталар. Эсеп стандарт методдору менен жүргүзүлдү. Бул анализдин негизинде жогорку деңгээлдеги балдардын төрөлүшү, бирок муундан муунга төрөлгөн балдардын санынын азайышы, жыныстык курам ынгайлуу экени байкалды. Табигый тандоонун таасири төмөн экени, үй-бүлөөнүн пландаштыруу жана балдардын төрөлүшүн көзөмөлгө алуу мүнөздүү экени байкалды. Alu - тобу боюнча анализ республиканын түндүк жергесинде орун алган популяциялар (Кегети айылы о.а.) Сибирь аймагындагы алтай тилиндеги калк менен бир топто экени көрсөтүлдү.
-
ИЗУЧЕНИЕ СОМАТОСТОХАСТИЧЕСКИХ ЭФФЕКТОВ МАЛЫХ ДОЗ ИОНИЗИРУЮЩЕГО ИЗЛУЧЕНИЯ (обзор литературы)
АннотацияРезюме. В представленном обзоре литературных источников прослежены основные исследования, посвященные проблеме отдаленных последствий радиационного облучения. Функциональные изменения деятельности основных физиологических систем, как правило, имеют полисиндромный характер, что проявляется в первичных функциональных отклонениях на уровне различных физиологических систем организма, развитии донозологических состояний, трансформирующихся с ростом дозы в клиническую патологию. Результаты эпидемиологических исследований, полученные при наблюдении за когортами людей, подвергшихся облучению в различных условиях, позволяют лучше понять характер отдаленных медицинских эффектов, как у самих облученных лиц, так и у их потомков. Эти исследования позволяют рассматривать основные радиобиологические закономерности индукции (коэффициенты риска,порог дозы облучения, форма зависимости и др.) канцерогенных и нераковых соматических эффектов. Различные научные исследования в области радиационной медицины и радиационной экологии, в конечном счете, нацелены на минимизацию рисков радиационного воздействия и управлению рисками.
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
ЖУГУШТУУ КУРЧ ИЧЕГИ-КАРЫН ООРУЛАРДЫН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА АНТИБАКТЕРИЯЛДЫК ДАРЫЛАРГА СЕЗГИЧТИГИН АНЫКТОО
АннотацияКорутунду. Макалада чон кишилердин жугуштуу курч ичеги ооруларынын (ЖКИО) себептери РКЖОнун (республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынын) 2012 2018 ж. материалдары менен кeрсeтYлдY. ЖКИО бактериологиялык аныктоосу төмөн пайыз түзөт. Себеби аныкталган ЖКИО арасынан эшерихиялар (38%), шигеллалар (32,1%), сальмонеллалар (29,9%) аныкталган жана ичеги-карын оорулардын пайда болушуна шектүү-патогендүү микрофлоранын ролу көрсөтүлгөн. Дарылоо практикасында колдонулган антибактериялдык дарыларга ЖКИО козгогучтардын сезгичтигинин талдоосу жасалды.
-
ЙОДДУН ЖЕТИШСИЗДИК БЕЛГИЛЕРИ БАР ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН БААЛОО
АннотацияКорутунду. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын орто мектебинде окуган, 7 жаштан - 15 жашка чейинки 1000 окуучусун изилдеген мезгилде, йоддун жетишсиздик белгилери 16,7 пайыз окуучуларда табылды. Тобокелдик группанын кобунчосун,тактап айтканда 58 пайызын 10-12 жаштагы балдар тузду, анын ичинде кыздар 62 пайызды тузду. Организмге йоддун жетишсиздигинин негизги факторлорунун бири болуп, йоддолгон туз жана дениз продукцияларын тамак-аш даярдоодо аз коломдо колдонуу болду. Ошондой эле бул илдетке кобунчо кыздар кабылганы маалым болду.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
БЕЛ ОМУРТКАЛАРЫНЫН ДИСК ЧУРКУ ООРУСУН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛОО ЖАНА НЕЙРОВИЗУАЛИЗАЦИЯЛОО
АннотацияАвторлор тарабынан диск чуркусунун неврологиялык кабылдоолорунан жапа чеккен 120 бейтапка комплекстүү диагностикалык изилдөө жүргүзүлгөн. Бейтаптардын курагы 20 дан 60 ка чейин болуп, арасында 25-50 жаштагы бейтаптар басымдуулук кылган. Чон материалдын негизинде диск чурку оорусунда кенейтилген толук же толук эмес гемиляминэктомия сыяктуу оперативдик ыкмалардын дуралдык капчаны, нерв тамырларын жана аларды коштогон кан тамырларын бошотуудагы мааниси далилденген.
-
ПРОСТАТА БЕЗИНИН ТУБУ КАЙЫРДУУ ШИШИК ООРУСУН КОШУЛГАН ЧОПТОН ЖАСАЛГАН ДААРЫЛАР МЕНЕН ДААРЫЛОО ЫКМАСЫНЫН ТАЛДООСУ
АннотацияПростата безинин тубу кайырдуу ш итик оорусу - полиэтиологиялык оору, простата безинин чоноюшу жана зааранын чыгышынын бузулушуна алып келет. Простата безинин тубу кайырдуу шишик оорусу жетишээрлик коп учурайт, изилдоочулор бул оору менен коп эркектер ооруганын айтышат. Простата безинин чоноюшунун дайыма эле клиникалык жактан белгилери боло бербейт. Бул оору менен ооругандарды эч нерсе тынчсыздандырбайт. Клиникалык белгилерине байланыштуу динамикалык кароо, консервативдуу даарылануу же оперативдуу даарылануу сунушталат. Бул макалада Просторал даарысынын монотерапияда колдонуудагы эффективдуулугу жана коопсуздуулугу бааланган, андан тышкары башка даарылар менен даарыланган оорулуулардын натыйжасы менен салыштырылган.
-
БООРДУН ЭХИНОКОККЭКТОМИЯ ОПЕРАЦИЯСЫНДАГЫ КАБЫЛДООЛОРДУН АЛДЫН АЛУУНУН ПАЙДАСЫ
АннотацияКорутунду. Иш максаты - сезгенүүчү кабылдоолордун бирдиктүү алдын алуу чараларын колдонуу менен эхинококкоз дартын операциялык жол аркылуу дарылоону өркүндөтүү. Биздин көзөмөлдө 2 топтогу бейтаптар болду: биринчиси - 122 бейтап, алар сезгенүүлөрдүн алдын алуу учун мурун колдонулуп келген антибиотиктерин алуу менен болду, ал эми экинчи топ 68 бейтапты түздү, алар алдын алуу чараларын жараны озон аралашмасы менен жууп-тазалоо, операциядан кийинки жараны инфра-кызыл нуру (5-6 сеанс) менен нурдантуу жана операциянын алдында антибиотик дарыларын колдонуу чаралары менен болду. Сезгенүүлөрдүн алдын алуу учун антибиотиктерди колдонуу ыкмасында 19 (15,6%) бейтапта кабылдоо болду жана бирдиктүү алдын алуу чараларын колдонгон экинчи топто кабылдоолор - 4 (5,9%) бейтапта байкалды. Бул изилдөөдө инфра-кызыл нурун эхинококкэктомия операциясында жараларга колдонуу негизделди.
-
СЕЗГЕНYYНYН ООРЛОШУУСУН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАР БОЮНЧА АР КАНДАЙ КОНЦЕНТРАЦИЯСЫНДАГЫ ДИМЕКСИДКЕ САЛЫШТЫРМАЛУУ БАА БЕРYY
АннотацияКорутунду. Курч аппендицит жана холецистит менен ооруган 125 бейтаптын жарааттын оорлошуусун алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгы көрсөтүлгөн. 25 адамдан турган көзөмөл тобуна салттуу алдын алуучу иш-чаралар жүргүзүлгөн; биринчи негизги 50 адамдан турган тобуна алдын алуу максатында 30%-дык димексид аралашмасы колдонулган; экинчи негизги 50 адамдан турган тобуна 50%-дык димексид аралашмасы колдонулган. Жараат процессинин жүрүүсүн баамдоодо клиникалык көрсөткүчтөрү жана операциядан кийинки жарааттын эхоморфометриясы колдонулган. Көзөмөл тобунда 6 адамда (24,0%), биринчи негизги тобунда - 7 адамда (14,0%), экинчи негизги тобунда - 2 адамда (4,0%) оорлошуу маселеси аныкталган. Натыйжанын негизинде 50%-дык димексид аралашманын колдонуусу пайдалуу болоору тастыкталды.
-
ОПТИМАЛЬНЫЙ ПОДХОД К ДИАГНОСТИКЕ ПЕРЕЛОМОВ НАПРЯЖЕНИЯ ТРУБЧАТЫХ КОСТЕЙ У ВОЕННОСЛУЖАЩИХ РЕСПУБЛИКИ КАЗАХСТАН
АннотацияРезюме. Проблема переломов напряжения связана с трудностями ранней диагностики среди военнослужащих и отсутствием практических рекомендаций для травматологов, хирургов. Трудопотери у военнослужащих срочной службы с переломами напряжения достигают шести месяцев, что негативно сказывается на воинской службе. Это актуальная проблема военной медицины, целью которой является постоянное поддержание высокой боевой готовности войск и возможность возвращения в строй наибольшего количества травмированных военнослужащих. Однако, в отечественной литературе скудно освещена проблема травматизма, в особенности переломов напряжения среди военнослужащих.
СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ПАЦИЕНТТИН YCTҮҢКY ЖААГЫНЫН АЗУУ ТИШИНИН РЕТЕНЦИЯСЫНДАГЫ ДЕНТАЛДЫК ИМПЛАНТАНТТАРДЫ КОЮУДА ХИРУРГИЯЛЫК АСПАПТЫ КОЛДОНУУНУН КЛИНИКАЛЫК УЧУРУ
АннотацияКорутунду. Макалада R2Gate программа боюнча жасалган навигациялык хирургиялык аспап аркылуу денталдык импланттардын коюулушунун клиникалык учуру көрсөтүлгөн.
ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
СТАМБУЛ ПРОТОКОЛУНУН ПРИНЦИПТЕРИН КОЛДОНУУ МЕНЕН КЫЙНООГО АЛУУ МААЛЫНДАГЫ СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ-ПСИХИАТРИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗАЛАРДЫ ӨТКӨРYYДӨГY КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР
АннотацияКорутунду. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын атайын статистикасынын берген маалыматында адамдарды кыйноолор жана адамкерчиликсиз катуу мамиле жасаган фактылар боюнча 435 арыздын жана кайрылуунун 402 ишине кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бул иштин 92% тузот. Ал эми 2017-жылдын 9 айында адамдарды аёоосуз кыйнаган, катаал мамиле жасалган, 325 арыздын фактысынын 287 не кылмыш иши козголгон эмес (88,3 %). Жарандардын аёоосуз кыйноолорго учурап жаткандыгын соттук-медициналык жана психоло-психиатриялык жактан талдоонун жыйынтыгында тергоо органдарынын улам кылмыш иштерин козгоодон баш тартып жаткандыктарынын кээ бир себептери менен фактылары ачыкка чыкты. Алар томонкулор:
1) Экспертизаны дайындоо боюнча токтом чыгаруунун тартиби ошол токтомду чыгарып жаткан адамдын иштиктуу аракетине байланыштуу болуп, убактылуу создуктурулуп калышынан коз каранды.
2) Корутундуну чыгаруу томондогудой себептерден улам создугуп калышы ыктымал:
2.1. Жабырлануучунун экспертизага оз убагында келбей калышы;
2.2. Медициналык документтердин толук болбой калышы:(жабырлануучунун медициналык мекемеге кайрылуу учурунда же анын стационардык же амбулатордук шартта дарылануу мезгилинде),2.3. Жаракатты пайда кылган себептердин изилдешинин толук болбой калышы да изилдоо убактысын узартып коюшу мумкун;
2.4. Экспертиза дайындоонун мумкунчулугун жана изилдоонун мунозун эске албаган конумуш суроолордун коюлуп калышы .
3) Экспертизаны дайындоо жонундо кылмыш ишин кароочулардын, жабырлануучунун, анын жактоочусунун жана куноолунун(шектелуучунун) оз убагында тааныштырылбай калышы;
4) Экспертизаны кайталап жургузууго томондогулор себеп болот:
4.1 Врачтар тарабынан 003-3у жана эксперттер тарабынан 003-4у жана 003-05у формаларын сапатсыз толтурулушуна.
4.2 Врачтар тарабынан денеге келтирилген жаракатты морфологиялык суроттоп жазууда толук эмес жана туура эмес толтуруулар орун алат. Ошол себептен бул жараттын качан болгондугун, канчалык денгеелдеги оор же женил экендигин аныктоого кыйынчылык келтирет;
4.3 Экспертизага тиешелуу кесиптеги адистерди оз убагында ишке тартпагандык;
4.4. Сот-медициналык экспертиза менен психологиялык-психиатрдык корутундулардын бири-бирине карама-каршы жыйынтыгы. -
КЫРСЫКТАН БОЛГОН ӨЛYМДYН ТYЗYМYНӨ ЖАНА ЖЫШТЫГЫНА АЛКОГОЛДУН (ЭТИЛ СПИРТИНИН) ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
АннотацияКорутунду. Макалада кырсыктан өлүмдүн жыштыгына жана түзүмүнө алкоголдун тийгизген таасиринин натыйжасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн. Атап айтканда, 2000-2009-жылдары сууга чөгүп өлгөндөрдүн 147 учурунун 71учурунда (48,28%) өлгөндөрдүн канынан ар түрлүү топтомдогу этил спирти табылган. Анын ичинен 5 учуру (3,40%) алкоголь топтомунун оор алкоголдук мас болуу абалына дал келет, 16 учуру (10,88%) абдан катуу, 25 учуру (17,0%) орточо абалда, 19 учуру (12,92%) жеңил жана 6 учурда (4,08%) анча коп эмес алкоголдун таасиринде болгон. 76 учурда (51,70%) алкогол табылган эмес.
-
ТАК КОЮЛГАН ДИАГНОЗДОН КИЙИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМДЫН ТУУРА ЭМЕС КОРСОТУЛГОНУНУН КЕСЕПЕТИНЕН КЕЛГЕН ОЛУМ (эксперттик окуя)
АннотацияКорутунду. “Сол билектин эки сeeгYHYн ачык сыныгы” деген диагноздун ачыктыгына жана диагноздун туура коюлганына карабай район денгеелиндеги врачтардын кетирген тактикалык каталыктардан “газовая гангренага” өтүшүп кеткен. Үчүнчү денгеелдеги дарылоо мекемесинин стационардык шартында эт-булчундарды терен, декомпрессиялык кесүү менен кошо антибактериалдык, детоксикациялык-инфузиондук терапия жана колду ампутация кылуу жөнүндө суроо коюнун ордуна билектин эт-булчундарын 9 майда кесүү, көкүрөктүн эт-булчундарынын 4 майда кесүү өңдөгөн тактикалык каталыктар улантылган. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлигинин 24.08.2016 жылкы №651 “Амбулатордук шартта дарылануучу оорулардын тизмеси” атту буйругу билектин эки сөөгүнүн ачык сынганында оорулууну госпитализация кылып антибактериалдык терапия жүргүзүнүн ордуна, гипс салып, бир убактан кийин кайрылуусун эскертип кетирип ийгени менен бузулган.
САЛТТЫК МЕДИНИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ
-
БАЙЫРКЫНЫН ТАБЕРИГИ - ЭЛДИК МЕДИЦИНА
АннотацияКорутунду. Бул макалада кыргыздардын кылымдап калыптанып келген элдик медициналык билимдери каралган. Аларды пайдалануу менен адамдарга жана жаныбарларга дарылоо жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалыматтар келтирилди.