Том 2 № 2 (2018): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2018-02-04

Бардык чыгарылыштар

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫН ЖАНА КАНТ ДИАБЕТ ОРУЛАРЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЕВРОПАЛЫК ИЗИЛДӨӨ – EUROASPIRE V (EUROPEAN ACTION ON SECONDARY AND PRIMERY PREVENTION BY INTERVANTION TO REDUCE EVENTS): ИЗИЛДӨӨНҮН НЕГИЗДЕМЕСИ ЖАНА ДИЗАЙНЫ

    С.С. Абилова, М.С. Турсунбаев, К.К. Байгазиева, У.М. Турдумаматов, У.А. Закиров, А.А. Асанбаев, Г.М. Баитова, Э.М. Миррахимов
    20-24 54
    Аннотация

    Корутунду. Изилдөөнүн максаты болуп ЖКТОлары катталган бейтаптарда жана ЖКТОларынын оору коркунучу жогору болгон бейтаптарда коркунуч факторлорун аныктоо болуп саналат. Мындай коркунучтардын жашоо образдарынын өзгөрүшүнөн, дары караҗаттарын колдонуудан. Европалык сунуштамаларда чагылдырылган илимий ыкмаларды клиникада колдонууну объективдүү балоо жүгүзүү менен сүрөттөлөт. Материалдар җана ыкмалар: ЖКТОнын 18ден 80 жашка чейинки 400 кононардык бейтап госпиталдык этапта жана жогорку коркунучу бар 200 бейтап амбулатордук этапта изилдөгө алынат. Изилдөөнү җыйынтыктап Кыргыз Республикасында ҖКТОну алдын алуу багытындагы учурдагы кырдаалды талдоо җүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

  • КОРОНАРДЫК ЖҮРӨК ООРУСУ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫН КОНВЕНЦИОНДУК ЭМЕС ТОБОКЕЛЧИ ФАКТОРЛОРУН ТАБУУ БОЮНЧА ЖЫЙНАКТАЛГАН ПИЛОТТУК ИЗИЛДӨӨ

    Ю.В. Залесская, А.С. Джумагулова , Р.Б. Кыдыралиева, Н. Халжигитова, Г. Алайбек к.
    25-29 30
    Аннотация

    Корутунду. Коронардык жүрөк оорусу (КЖО) менен ооруган бейтаптарга конвенциондук эмес тобокелчи факторлорун (КЭТФ) комплекстүү аныктоо өткөрүлдү. Улуттук Кардиология жана терапия борборунун, КЖО бөлүмүндөгү; КЖО, туруктуу чыӊалуу стенокардия менен стационардык даарылануудагы 54 бейтап текшерилди. Европалык кардиологдор коомунун DS-14 анкетасын дагы клиникалык суроолордун сурамжылоо тизмеси Кыргызстанда биринчи жолу колдонулду. Анда психологиялык тобокелдик факторлорунун (тынчсыздануу, депрессия) деӊгээли аныкталды. Ошондой эле социалдык-экономикалык статусун баалоо өткөрүлдү. Эӊ көп кездешкен КЭТФ болуп, киреше деӊгээлинин төмөндүгү (68,5 %), касташуу (44,4%), инсандын D-тиби (40,7%) аныкталды. КЭТФны өз убагында аныктоо максатында Европалык кадиологдор коомунун клиникалык суроолор сурамжылоо тизмеси, DS-14 анкета, Гамильтон шкаласын колдонуу КЖОну өз убагында аныктоо жана жөнгө келтирүү үчүн кардиологдорго, терапевттерге сунушталат.

  • НЕВРОЛОГИЯЛЫК БЕЙТАПТАРГА ӨПКӨНҮН ЖАСАЛМА ЖЕЛДЕТҮҮСҮ

    А.К. Молдоташова, Е.А. Анищук, М.М. Акимов
    30-34 36
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада неврологиялык бейтаптарга өпкөнүн узак жасалма желдетүүнүн(ӨЖЖ) тактикасы жана натыйжалары каралган. Изилдөө Саламаттык сактоо министрлигинин улуттук госпиталында жүргүзүлгөн (ССМ УГ). Изилдөөгө тандоонун критерийи катары узак ӨЖЖ – 48 саат бою жаткан 84 неврологиялык бейтаптар тандалган. Желдетүүнүн иштөө режими, жогорку дем алуу жолдорун кароосу, жогорку дем алуу жолдорун протездөө инфекциялык текшерүүнүн талаптары сакталып аткарылган. Неврологиялык нозологияга жана очагдын жайгашуусуна жараша ӨЖЖ көрсөтмөсүнүн түзүлүшүндө жана респиратордук жардамдын узактыгында айырмачылыктар жана экинчи иреттеги пневмониянын пайда болушунун кээ бир тобокелдик факторлору аныкталган.

  • БӨКСӨ ТООЛУУ ШАРТТАРДА МЭЭНИН ИНФАРКТЫСЫНЫН ЖАНА МЭЭНИН ӨНӨКӨТ ИШЕМИЯСЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУНУН ТОБОКЕЛДИК ФАКТОРЛОРУН БААЛОО

    Н.Т. Чекеева, А.Т. Жусупова
    35-40 36
    Аннотация

    Корутунду: макалда №1 ШКО ангионеврология жана №6 ШКО неврология бөлүмүндөрдө мээнин оор инфаркты жана мээнин өнөкөт ишемия оорусунун стационардык дарыланып жаткан бейтаптарынын тобокелдик факторлорун баалоонун салыштырма анализинин жыйынтыктарын келтирилди.

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЭХИНОКОККОЗ ЫЙЛАКЧАСЫН ДИМЕТИЛСУЛЬФОКСИД ЭРИТМЕСИ МЕНЕН ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН БААЛОО

    М.С. Айтназаров, Н.Б. Касыев, М.К. Жаманкулова , С.А. Ахматов
    41-45 61
    Аннотация

    Корутунду: Эхинококкоз оорусу менен дарыланган 78 бейтапта зыянсыздандыруу үчүн димексид препараты колдолунулган иштин жыйынтыгы. 78 бейтаптын ичинен 46 (59%) аялдар, эркектер 32 (41%), жашы 18ден 72ге чейин болгон боордун эхинакоккозу менен ооруган бейтаптарда зыянсыздандыруу yчyн димексид препараты колдонулган. Клиникада 50% димексид аралашмасын колдонуу менен изилдooлoр жyргyзyлдy. Алынган тажрыйбаларда кoрсoтyлгoндoй 50% димексид эритмеси протосколекстерди 3-4 минутада эле oлтyрo алат. Оруунун кайра келип чыгышы (1 жылдын ичинде) катталган жок.

  • ТЕЗ АТКАРЫЛУУЧУ АБДОМИНАЛДЫК ХИРУРГИЯДАГЫ КАБЫЛДООЛОРДУН МYНӨЗY ЖАНА МЕЗГИЛДҮҮЛҮГҮ

    А.Ж. Акешов, У.Р. Айткулов, Е.Ж. Жолдошбеков
    46-49 50
    Аннотация

    Корутунду: максат – тез аткарылуучу абдоминалдык хирургиядагы кабылдоолорго талдоо жүргүзүү. Курч хирургиялык ооруларга (холецистит, кысылган чурку, курч мунөздөгү ичегиден жин өтпөөчүлүк, ашказан менен он эки эли ичеги жарасынын перфорациясы) байланыштуу операция жасалган 103 бейтаптын ичинен 24ү (23,3%) оорунун кабылдоосуна чалдыгышкан. Көбүн эсе жараатык кабылдоо ( 24 бейтаптын 14үндө) орун алган, 4 бейтап – плевритке, 2 бейтап – абсцесске (ириӊдөө) жана 2 бейтап курч мүнөздөгү өпкө-жүрөк кемтиги дартына чалдыккан. Полиоргандык кемтикен улам 4 бейтап каза тапкан (3,9%).

  • ГИПЕРТЕНЗИАЛЫК ГЕМОРРАГИАЛЫК ИНСУЛЬТТУ АР КАНДАЙ ОПЕРАТИВДҮҮ ЫКМАЛАРЫНЫН КИЙЛИГИШҮҮСҮН БААЛОО

    У.А. Боржиев, М.М. Мамытов
    50-53 35
    Аннотация

    Корутунду: Гипертензиалык геморрагиалык инсульт менен бейтаптардын хирургиялык дарылоонун жыйынтыгы боюнча, гипертензиялык мээге кан куюлуулар каракуш мээнин шаарчасында жайгашса, анда натыйжалуу хирургиялык ыкма деп арткы баш сөөктүн чункурчасынын декомпрессиалык трепанациясы сунушталынат. Гематома субкортикалдуу жайгашса, анын көлөмү 60 см3 ашпаса, анда келечектүү жакшы натыжа берет деп – баш сөөктүн резекциалык трепанациасы сунушталат. Эгерде инсульттук гематома медиалдуу (базалдык ядролор), вентрикулардуу жайгажса, анын көлөмү 60 см3 ашса, анда натыжалуу деп – баш сөөктүн пластикалык трепанациасы сунушталат. Мээнин ичиндеги гематоманы фрезеотомия аркылуу тешип сордуруп алуу ыкмасы, кан куюлгандан 20 күн өткөндөн кийингана жасалса жакшы натыжасын берет.

  • БАЛДАРДЫН ЖАМБАШ САН МУУН ДИСПЛАЗИЯСЫНЫН КОМПЛЕКСТИК ДИАГНОСТИКАСЫ ЖАНА САЛЫШТЫРМА ДАРЫЛООСУ

    Э.Ж. Джамалбекова, Э.А. Байгараев
    54-57 62
    Аннотация

    Корутунду: Илимий иште жамбаш сан муунун дисплазиясында алдын алуу диагностика жолдор менен салыштырмалуу дарылоосуна байланыштуу, берилген клиникалык текшерүүнү колдонулат, УЗИ жана рентген жамбаш сан муунун дисплазиясынын дарылоосунда, иштеп чыгарылган топ 3-кө бөлүнөт: 1-топко Фрейк жаздыгы, 2-топко Вилен шинасы, 3-топко иштеп чыгарылган Джумабеков түзүлүшү кирет. Ар бир топтун дароо жана узак мөөнөтүнүн натыйжалары изилденген.

  • ЖОГОРКУ ТОБОКЕЛДИК БӨЛҮМДӨРҮНДӨГҮ ИНФЕКЦИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ. ХИРУРГИЯЛЫК КИЙЛИГИШҮҮ УЧУРУНДАГЫ ИНФЕКЦИЯНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК МААНИСИ (адабий сереп)

    А.И. Мусаев, Э.Б. Исаев, Э. Максут у., М.Ж. Алиев
    58-63 94
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада хирургиялык кийлигишүү учурундагы инфекцияларга тийиштүү көйгөйлөр берилди. Макалада ар түрдүү ата мекендик жана чет элдик оорукана ичиндеги хирургиялык инфекцияларга арналган адабий булактарга талдоо жүргүзүлдү. Маанилүү маселе болуп Кыргызстандагы, Россия, АКШ жана Европадагы аталган көйгөйдүн актуалдуулугу, инфекциянын айынан болуп жаткан экономикалык жоготуулар эсептелет.

  • ИЧКИ ХИРУРГИЯДАГЫ ЖАРААТЫМ ЫРБАПТАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖАӉЫ ЫКМАЛАРЫ

    А.И. Мусаев, А.С. Касенов, Э.Б. Исаев
    64-69 69
    Аннотация

    Корутунду: изилдөөнүн максаты өзгөчө ич көӊдөйүнүн хирургиялык өтүшүп кеткен ооруларын алдын алууга жана чечүүгө натыйжалуу жана ошондой эле декасан менен димексидке баа берүү, жыйынтыктарын 130 бейтаптарды (30 бейтаптардын көзөмөл тобу, декасан менен 50 бейтаптардын, димексид менен 50 бейтаптардын). Берилген баалоо клиникалык, инструменталдык жана лабораториялык изилдөө ыкмалары колдонулган (жаракаттын эхоморфометриялык изилдөөсү). Контролдук топто жараттын ырбаптары 26,7% менен өтүшүп, качан декасан колдонгондо 10% жана димексид колдонгондо 6,0% болду.

  • БУТУН ҮШҮК АЛЫП КЕТКЕН БЕЙТАПТАРДЫ ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООДОГУ ЖЫЙЫНТЫГЫ

    К.С. Сыдыгалиев, Б.А. Эраалиев, А.К. Мамбетов, А.А. Пахридинова, А.Р. Акматова, Н.И. Исламбеков
    70-74 46
    Аннотация

    Кортунду: Бул макалада бутун үшүк алып кеткен бейтаптардын хирургиялык жана консервативдик жол менен дарылоодогу жыйынтыктарынын салыштырмасы көрсөтүлдү. Улуттук хирургиялык борбордо 2016-жылдын үчтүн айынан 2018-жылдын үчтүн айына чейин ар кандай даражада бутунан үшүк алган 67 бейтапка медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жалпы бейтапттардын клиникалык көрүнүшү, белгилери жана локалдуу статусу, лабораториялык белгилери (жалпы каны, заарасы, биохимиялык анализи) аныкталган. Бутту үшүк алган учурда дарылоо ыкмасын тандоодо үшүк алган буттун тканынын жабыркашышын тереңдигине жана үшүктүн даражасына байланыштуулугу тастыкталды.

  • БАШ МЭЭНИН ЖАРАКАТТАП КЫСЫЛУУСУН КЛИНИКАЛЫК ИНСТРУМЕНТАЛДЫК АНЫКТООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    К.Б. Ырысов, А.Ы. Муратов, И.Т. Ыдырысов
    75-80 33
    Аннотация

    Аннотация: Баш-мээсинен оор жаракат алган 104 оорулуулардын маалыматтары талданган. Баш мээ-нин жаракаттуу кысылуусунун операциядан кийинки мезгилинде бейтаптарды патогенетикалык дарылоонун системасы иштелип чыккан. Анын мунѳзү жана багыты клиникалык баскыч, тигил же бул декомпенсациялык параметрдин үстѳмдүгү жана ошондой эле клиникалык инструменталдык изилдөөлөрдүн маалыматтарына таянган көрсөткүчтөрдүн динамикасы менен аныкталат.

  • БАШ МЭЭНИН ЖАРАКАТТАП КЫСЫЛУУСУНАН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫ ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

    К.Б. Ырысов, А.Ы. Муратов, Ж.Б. Бошкоев
    81-88 36
    Аннотация

    Аннотация: Баш мээнин жаракаттуу кысылуусунун операциядан кийинки мезгили баскычтар менен мүнѳздѳлѳт. Операция жасалган кездеги клиникалык баскыч ѳзгѳрүүнүн динамикасын аныктайт. Баш-мээсинен оор жаракат алган 104 оорулуулардын маалыматтары талданган. Жабыркагандардын жаш курагы 12 ден 79 жашка чейин. Изилденгендердин ичинде эркектер – 88 (84,6%), аялдар – 16 (15,4%). Декомпенсациянын тереңдеши же анын кайра ѳѳрчүүсү жалпы мээ, виталдык, локалдык жана куралдуу изилдѳѳ ыкмаларынын маалыматтары сыяктуу 4 параметр менен шартталат.

ОТОРИНОЛАРИНГОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КУЛАК, МУРУН, ТАМАК МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН БЕТ ООРУГА БАА БЕРҮҮ

    Б.Н. Жумабаева, А.А. Салыбаева, Г.С. Арзыкулова
    89-93 56
    Аннотация

    Корутунду: Мурун оорулары менен ооруган бейтаптарды баалоо 140 бет оору менен бейтаптардын ичинде баалуу өткөрүлгөн «Вербалдуу-түс тест» менен . Риносинусит оорусунда биринчи бир бөлүк соматикалык оору деп аныкталган, курчуу өнөкөт болгон риносинуситте сезүү оору белги болгон. Өнөкөт болгон ринитте психогендик оору белгиси баамдылык кылат. Оору белгилер баалуу түзгөн компонентке оорунун патогенезин өзгөчөлүктөрүнө баа берип жана даарылоо стратегиясын аныктайт.

  • "КУМТӨР" КЕНИНИН ИШТӨӨЧҮЛӨРҮНҮН КУЛАК УГУУ ЖАНА ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК ОРГАНДАРЫНА ТООЛУК АЙМАКТЫН СЕБЕПТЕРИНИН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    А.К. Кошукеева, А.З. Тургумбеков, К.К. Нарматова
    94-97 64
    Аннотация

    Корутунду: Бул изилдөөдө, тоолуу аймакта иштеген “Кумтөр” кенинин жумушчуларынын вестибулярдык жана угуу анализаторлоруна болгон таасиринин жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Алынган жыйынтыктар, 5 жылдан ашык оор жабдуулар менен иштеген операторлордун нейросенсордук чала угууга, өзгөчө угуу органдарынын четки жана борбордук бөлүктөрү чоң коркунучта экенин күбөлөндүрөт.

  • КЫРГЫЗСТАНДА БАЛДАРДЫН НАЧАР УГУШУНА ЖАНА ДYЛӨЙЛYГYНӨ ДИАГНОЗ КОЮУ

    К.К. Нарматова, Ч.О. Исаева, В.В. Халфина
    98-101 59
    Аннотация

    Корутунду: Макала баланын сүйлөө жана психо-эмоционалдык жактан өнүктүрүү үчүн зарыл болгон түзөтүү иш-аракеттерин кылуу максатында ымыркайлардын тубаса угуу жөндөмдүүлүгүнүн бузулушун өз убагында аныктоо маселесине арналат. Жашоонун биринчи жылында балдардын угуу жөндөмдүүлүгүнүн бузулушун кеч аныктоо дүлөйлүк, дудуктун өнүгүшүнө жана майыптыкка алып келет.

АКУШЕРДИК ЖАНА ГИНЕКОЛОГИЯ

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗСТАНДА 2017-2018-ЖЫЛДАРЫ КЫЗАМЫК ООРУСУНУН ЖҮРҮШҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Л.Х. Алиева, Г.К. Сейдакматова, Ж.К. Байсеитова, С.В. Чечетова, Р.М. Кадырова, З.К. Джолбунова, О.Ю. Журавлева
    119-122 51
    Аннотация

    Корутунду: Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында 2015-2018-жылдары дарыланган кызамык оорусу менен ооруган 162 бейтаптын бейтап баяны изилденген. Бейтаптар 2 бөлүккө бөлүнгөн: 1-бөлүк – 2015-жылы кызамык менен ооругандар, 2-чи – 2017-2018-жылдары кызымык менен ооруган бейтаптар. Бул бөлүктөрдүн арасында клиникалык жана эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү аныкталган.

  • БАЛДАРДЫН АРА ТӨРӨЛҮШҮНДӨГҮ КООПТУУ ФАКТОРЛОРДУ АНАЛИЗДӨӨ

    Т.М. Бектурсунов, С.Т. Нуржанова, А.А. Какеева, Э.Ш. Ишаева, З.Э. Абдылдаева, А. Сабыр к.
    123-127 39
    Аннотация

    Корутунду: Балдардын ара төрөлүшүндөгү медико-биологиялык кооптуу факторлор каралды. Ара төрөлгөн 61 ымыркай изилдөөгө алынды. Контолдук группаны дени сак жаны төрөлгөн 30 ымыркай бала түздү. Алынган маалыматтарда оорунун пайда болушуна көп модификациялуу кооптуу факторлор табылды: төрөгөн эненин жашы жогору (35 жаштан өйдө), эненин экстра же урогениталдык оорулары, начар акушердик анамнез, кош бойлуулуктун патологиялык өөрчүсү.

  • ТУБАСА КЕМТИКТЕРДИН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНДАГЫ КООПТУУ ФАКТОРЛОР

    Т.М. Бектурсунов, С.Т. Нуржанова, А.А. Какеева, Э.Ш. Ишаева, З.Э. Абдылдаева, А.М. Ырсалиева
    128-131 46
    Аннотация

    Корутунду: Тубаса кемтик менен төрөлгөн балдардын медициналык-биологиялык кооптуу факторлору көрсөтүлдү. Тубаса кемтик менен төрөлгөн 49 ымыркай анализденди. Контролдук тайпаны дени сак 30 ымыркай түздү. Оорунун өрчүшүндө эң маанилүү кооптуу факторлор бөлүнүп көргөзүлдү: жашы жогору энелер (35 жаштан жогору), энелердин урогениталдык оорулары, өтө жагымсыз акушердик анамнез, кош бойлуулуктун патологиялык өтүшү.

  • РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖУГУШТУУ ООРУЛАР КЛИНИКАЛЫК БЕЙТАПКАНАСЫНА ЖАТКЫРЫЛГАН БАЛДАРДЫН ӨЛҮМҮНҮН СЕБЕПТЕРИН ТАЛДОО

    Г.Ш. Закирова, М.К. Мамбетова, О.С. Буханцева, К.А. Алмамбетова, А. Равшанбек к., A. Абдилатип к., Р.М. Давузова, Г.К. Арыкбаева
    132-136 34
    Аннотация

    Корутунду: Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 2017-жылы дарыланган 52 бейтаптын өлүмгө дуушар болгон тарых баянына клиникалык-лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Клиникалык диагноздун түзүмүндө көбүнчө жугуштуу ичеги карын оорулары жана курч кармаган жугуштуу вирус чакырган дем алуу органдарын оорулары болгон. Каза болгон бейтаптардын арасында ымыркай балдар көбүрөөк кездешкен (90,3%). Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн ар бир экинчи каза болгон бала кеч кайрылган, алар 2,9±0,7 күн дарыланышкан. Кечиктирилгис синдромдордун узактыгы жана кездешүүсү каза болгон балдардын эң негизги кечиктирилген синдром мээнин шишүсүү болгон.

  • ЖАШ БАЛДАРДА ДИЗЕНТЕРИЯНЫН ООР ТҮРЛӨРҮНҮН ӨӨРЧҮСҮНҮН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТОБОКЕЛДИГИ

    Р.М. Кадырова, Р.А. Надирбекова, С.В. Чечетова, З.К. Джолбунова
    137-141 42
    Аннотация

    Корутунду: Ош шаардык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган 0-7 жашка чейинки 384 бейтап текшерилген. Дизентерия менен ооруган балдардын оорусунун негизги козгогучу Shigella Flexneri болгон. Регрессиялык анализдин жардамы менен клиникалык-эпидемиологиялык маалыматтар боюнча дизентериянын оор түрлөрүнүн салыштырмалуу тобокелдик ыктымалдыгы эсептелген. 3 айдан 3 жашка жана 3-6 жашка чейинки балдарда дизентериянын оор түрлөрү көбүрөөк кездешет. Ууландыруу белгилеринин жана гемоколиттин көп убакытка созулганы, преморбиддик фонунун кесепети, суперинфекциянын өнүгүшү, кабылдоосу жана кечиктирилгис синдромдордун бейтаптардын кеч түшкөн убагында оорунун оор түрлөрүнүн ыктымалдыгын жогорулатат.

  • БАЛДАРДА КУРЧ КАРМАГАН ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫНДАГЫ ВИРУС ЧАКЫРГАН ООРУНУН ТАМАГЫ БУУЛГАН ТҮРҮ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН ТҮРҮНДӨ АДРЕНАЛИН ИНГАЛЯЦИЯСЫНЫН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ

    З.Э. Эмилбекова, Т.К. Аякеев, А.Т. Тилекова, Д.К. Чыныева , Н.О. Мамбетова
    142-145 2577
    Аннотация

    Корутунду: курч кармаган дем алуу органдарындагы вирус чакырган оорунун тамагы буулган түрү (круп) менен, адреналин дармеги менен дем алган (ингаляция) жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланган 0-6 жашка чейинки курактагы 64 бейтаптын бейтап баяны салыштырмалуу клиникалык лабораториялык анализденген. Бейтаптар 2 топко бөлүндү: I топ – туздуу-щелочтук ингаляция жана гидрокортизон менен алган круп синдрому менен 32 бала жана гидрокортизон, II топ – адреналин менен ингаляция алган менен 32 бейтап. Адреналин менен ингаляция алган бейтаптарда ылдамыраак өзгөрүш болгон, башка ингаляция алгандарга караганда. 1 топтун бейтаптарында өпкөнүн сезгениши азыраак кездешкен жана ооруканада болуу мөөнөтүнүн узактыгы азайган.

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

МЕДИЦИНАДА ТИЛ АСПЕКТИЛЕРИ

САЛАМАТТЫК САКТООНУН ТАРЫХЫ