Том 4 № 4 (2019): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2022-05-17

Бардык чыгарылыштар

ИЧКИ МЕДИЦИНА

  • АЛМАТЫ ШААРЫНДА АМБУЛАТОРИЯЛЫК ШАРТТЫНДА 2 ТИПТЕГИ КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН ООРУЛУУЛАРДЫН КЛИНИКАЛЫК СТАТУСУ ЖАНА УГЛЕВОД АЛМАШУУСУНУН ӨЗГӨЧӨЛYКТӨРY

    М.С. Молдобаева, М.О. Барменбаева
    10-19 112
    Аннотация

    Корутунду. 2 типтеги кант диабети жүрөк-кан тамыр оорулары менен коштолуп, кабылдоолорун онуктурот. Бул категориядагы бейтаптарды амбулаториялык шартта дарылоосун татаалдаштырат. Максаты: амбулаториялык шартта дарыланган Алматы шаарынын кант диабети менен ооруган бейтаптардын журок кан тамыр оорулары жана кант диабетинин узактыгы менен байланыштуу клиникалык жана лабораториялык көрсөткүчтөрүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Бардык биз амбулаториялык шартта изилдеген Алматы шаарынын 2 типтеги кант диабети менен ооруган бейтаптарда жүрөк-кан тамыр оорулары коштолот, анын ичинде гипертония жана ишемиялык жүрөк оорулары устомдук кылат. Ошол эле учурда 2 типтеги кант диабетинин узактыгынын осушу менен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптардын да саны жогорулатайт. Гликогемоглобиндин орточо корсоткучу индивидуалдык максаттык денгээлден жогору табылган. Кант диабети оз алдынча жогору жана абдан жогору риск фактору болуу менен,
    амбулаториялык шаррттта журок кан тамыр оорууларынын кабылдоолорун татаалдаштырат. 

ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ИЧЕГИ-КАРЫН АНАСТОМОЗУН КУДУРЕТСИЗДИГИН АЛДЫН АЛУУ ЫКМАСЫ

    А.И. Мусаев, М.К. Жаманкулова, Б.О. Сайфулаев
    20-25 105
    Аннотация

    Корутунду. Ичеги-карын анастомоздору менен 7 оорулуунун оперативүү дарылануусунун жыйынтактарына анализ жүргүзүлгөн. Операция жасоодо анастомоздорду коюда былжырды кармоосуз үзгүлтүксүз бир ката ичеги-карын тигилиштеринде кол ыкмасы колдонулган. Тигилиштерди эн жакшы герметизациясы үчүн фибрин-коллагендик субстанцияны колдонулган. Операция учурунда оорлошуп кетүүлөр болгон жок, операциядан кийинки сонку убакта бир оорулууда ичеги-карын парези катталды, ал төрт суткада чечилди, калгандарында татаалдашуу байкалган жок. Бир дагы оорулууда эрте операциядан кийинки убакта ичеги-карын анастомоздорунун кудуретсиздиги табылган жок, 6-айга чейинки убакта колоноскопия жүргүзүүдө анастомоздордун стенозу сыяктуу башка оорлошуулар болгон жок. 

  • ЖЕРГИЛИКТҮҮ ПЕРИТОНИТ МЕНЕН ООРЛОШКОН ДЕСТРУКТИВДҮҮ АПЕНДИЦИТТЕ СИСТЕМАЛУУ СЕЗГЕНҮҮ РЕАКЦИЯСЫ СИНДРОМУН КОРРЕКЦИЯЛОО

    А.И. Мусаев, К.Т. Туратбекова
    26-32 94
    Аннотация

    Корутунду. Максаты - жергиликтүү перитонит менен оорлошкон курч аппендициттин деструктивдүү формасы менен жабыркаган оорулууларда системалуу сезгенүү реакциянын көрсөткүчтөрүн изилдөө. Макалада жергиликтүү перитонит менен оорлошкон курч аппендицит менен жабыркаган 88 бейтаптын көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзүлгөн. Клиникалык жана лабораториялык көрсөткүчтөр пайдаланылды. Системалуу сезгенүү реакциясынын синдромун коррекциялоо үчүн антибиотик лимфостимулдоочу терапияны колдонууга негиздеме берилди.

  • КАРДИОЭЗОФАГИАЛДЫК АЙМАГЫНЫН ШИШИКТИК ЭМЕС ПАТОЛОГИЯСЫНЫН ДИАГНОСТИКА ЖАНА ХИРУРГИИЯЛЫК ДАРЫЛООСУ

    Р.А. Оморов, Б.К. Осмоналиев, Ж.Т. Конурбаева, Р.К. Кубатбеков, А.Г. Пак
    33-38 67
    Аннотация

    Корутунду. Бул иште кардиоэзофагиалдык аймагын шишик эмес патологиясы ме­нен 40 бейтаптардын хирургиялык дарылоонун жыйынтыктары берилген. Күнүмдүк жалпы клиникалык жана аспаптык конкреттүү (эндоскопиялык жана рентген нурлары) колдонунгандан кийин эндотрахея анестезиясы астында көлөмү операция Крурофии жана Ниссен фундопликациясы ишке ашырылган. Хирургиялык жол менен байланышкан белгилүү бир кыйынчылыктар, болгон эмес. Каза белгиленген эмес. Хи­рургиялык кийин бейтаптар жакшыртуу менен ооруканадан чыкты. Алынган жакшы жыйынтыктар, бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртуу кардиоэзофагиалдык аймагынын башка оорулардын хирургиялык дарылоонун биздин тандалган ыкмасы актайт. 

  • СЕЙРЕК КЕЗДЕШYYЧY ЖЕРДЕ ЖАЙГАШКАН ИРИҢДЕГЕН ТЕРАТОМА: клиникалык байкоо жүргүзүү

    Р.А. Оморов, Б.К. Осмоналиев, Р.К. Бейшенбаев, Б.Р. Джамалиев, Т.К. Кубанычбеков
    39-46 102
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада 30 жаштагы оорулуу аялдын ичтеги бышып жетилген ириң менен коштолгон тератомасы чейрек кездешүүчү жерден орун алган шишиги (IV типтеги) жөнүндөгү клиникалык байкоо көрсөтүлгөн. Башында бул аял кошумча кистага шек менен үч жолу операция болгон магнит-резонанс томографиясы жасалганда жамбаштын ылдый жагын толугу менен ээлеген киста бар экени белгилүү болгон. Жатынды жана жатын түтүкчөлөрүн өйдөжака, ал эми түз ичегини алды жака түртүп жаткан чоң киста болуп чыккан. Белгилүү болгон жакшы сапаттуу шишик көп оору келтирбеген лапаратомдук ыкма менен жок кылынган. Операциядан кийинки учур жакшы өтүп, ооруу кайра күчалбастан 9-чу күнү ооруканадан чыгарылган. Ши­шик бир чоң кистадан турган, ичинде 500 мл коюу ириңболгон. Азыркы учурда ультраүндүк добуш изилдөөнүн жыйынтыгында патология жок экени, жатын менен түз ичеги кадимки ордунда турганы, функциялары жакшы ишеп жатканы белгилүү болду.

  • ЖООН ИЧЕГИНИН ХИРУРГИЯСЫНДА КОЛОСТОМИЯНЫН ООРДУ ЖӨНҮНДӨ МАСЕЛЕ

    А.А. Сопуев, Н.Ж. Сыдыков, А.К. Мамбетов, К.И. Мурзакалыков, М.К. Ормонов
    47-56 93
    Аннотация

    Изилдөө, 2010-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо Министирлигинин Улуттук хирургия борборунда операция болуп кеткен 224  пациенттин медициналык картасына ретроспективдик талдоо жүргүзүүсүнө негизделди. Көпчүлүк мезгилдерде, 199 (88,8%) учур, колостомия кечиктирилгис хирургиялык кийлигишүүлөрдө жасалды. Көп мезгилдерде, 183 (81,7%) учур, бир түтүктүү, учу чыгарылган колостома жасалды. 36 (16,1%) учурда, капталы чыгарылган колостома жасалды. Өзүнчө эки түтүктүү, учу чыгарылган жана капталы чыгарылган колостомаларга 5 (2,2%) учур туура келди. 108 (48,2%) пациентте кабылдоо болду. Эң, көп кездешкен кабылдоо болуп, жергиликтүү хирургиялык инфекция, 51 (23,3%) учур, катталса, 23 (10,5%) учурда ооруукананын ичиндеги пневмония, 17 (7,8%) учурда жараттагы тигиштин ажырап кетиши, 15 (6,8%) учурда ичегинин жабышма өтпөй калуусу, 13 (5,9%) учурда колостоманын ретракциясы кездешти.Леталдуулук 8,5% ды түздү. 

  • ХОЛЕЦИСТИТТИН ДЕСТРУКТИВТYY ТYРYНДӨ ЖАРААТТЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫ БОЖОМОЛДОО

    Ж.Ж. Толоров
    57-61 84
    Аннотация

    Корутунду. Иштин максаты- Холециститтин деструктивтүү түрүндө,оорулууларды операциялык дарылоодо, жараттын ырбоосун алдын алуу боюнча божомолдоо иш-чаралардын жыйынтыгын жакшыртуу. Божомолдоо учун колдонулган көрсөткүчтөрү:Лейкацитардык уулануулардын көрсөткүчтөрү, С-реактивтик белок жана жараттын эхометриясы. Жарааттын ырбоосун божомолдоо көрсөткүчтөр колдонулган иш чараларын алдын алууда колдонулган божомолдоонун эсебинен жарааттын ырбоосу 28,5тен 4.0% кыскарганы байкалды.

  • ӨПКӨ БУУЛЛАЛАРЫНЫН ПАЙДА БОЛУ ЖАНА ЖАРЫЛУУ НАТЫЙЖАСЫНДА КЕЛИП ЧЫККАН ПНЕВМОТОРАКСТЫ НАРКОЗ БЕРYY ЖОЛУ МЕНЕН АНАЛИЗДӨӨ

    Г.У. Толбашиева, Ж.А. Чынгышова, А.Т. Осмонова, А.А. Аликжанов
    62-66 126
    Аннотация

    Корутунду. Бул макалада өпкө буллаларынын пайда болу жана жарылуу натыйжа­сында келип чыккан пневмоторакс оруусу менен ооруган 47 бейтапты наркоз берүү жолу менен торакотомия жасалганы көрсөтүлдү.

  • БАШ МЭЭНИН ООР ЖАРАКАТЫНДАГЫ ЖАГЫМСЫЗ АКЫБЕТИНИН ТОБОКЕЛ ФАКТОРЛОРУ

    Т. Абдыкапар уулу, А.Т. Бакасов, Ж.И. Кудайбердиева, Т.С. Калыков
    67-75 93
    Аннотация

    Баш мээ жаракатынан жабыркаган бейтаптардын тайпаларында жагымсыз акыбеттин тобокел факторлорун изилдөө боюнча ретроспективдүү иш жүргүзүлгөн. Изилденген тайпаларда акыбетке таасири бар факторлор каралган: жаракат алуунун механизми, айкалышкан баш мээден сырткаркы жаракаттардын бар экендиги, артериалдык гипотензия, аң-сезимдин операцияга чейинки деңгээли, компьютердик томографиянын маалыматы, баш сөөк ичиндеги басымдын деңгээли жана операциядан кийинки мезгилдеги татаалдашуулар.

ОФТАЛЬМОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

АКУШЕРДИК МАСЕЛЕЛЕРИ

СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

ЭКСПЕРТТИК ИШМЕРДИГИ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ЖАШ БАЛАНЫН ӨЛYМYНYН АНЫКТАЛБАГАН СЕБЕБИ. СОТТУК - МЕДИЦИНАСЫНЫН БААСЫ (эксперттик практикадан)

    М.Ш. Мукашев, Б.А. Асанов, А.Э. Турганбаев, Б. Токтосун у.
    117-121 89
    Аннотация

    Корутунду. Боордун тубаса патологиясы же болбосо түтүкчөлөрүнөн өттүн өтпөй калышы оору, көпчүлүк учурда - 90% га чейинкиси өлүмгө дуушар кыла турган оору болуп, клиникалык жана морфологиялык аныктоодо кыйынчылык туудурат. Өт түтүкчөлөрүнүн жолдору жабык болгон (билиарная атрезия) чанда жолугуучу пато­логия жана ал эки жол менен мүнөздөлөт: өт чыгаруучу түтүкчөлөрүнүн жолдорунун толук жоктугу жана жай сезгенүү процесси. Мындай патологияны тирүү кезинде клиникалык аныктоо кыйындык туудурат. Бул ооруну тирүү кезде аныктоонун кыйынчылыгын жана аны аныктоо боордун кесимдисин гистологиялык изилдөө гана аныкташ мүмкүнчүлүгүн эксперттик практикада көргөзүлдү. Жогоруда айтылган окуядагы боордун тубаса патологиясы же боордун ички түтүкчөлөрү өрчүбөй калган учурда 2 жаштагы баланын тез арада өлумгө дуушар болушуна алып келди. 

  • УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН ТУУРА ЭМЕС БАГУУДА ЖАРАЛГАН СОТТУК МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА УКУКТУК КӨЙГӨЙЛӨРY

    М.Ш. Мукашев, Б.А. Асанов, А.Э. Турганбаев, Б. Токтосун у.
    122-130 82
    Аннотация

    Корутунду. Төрөлүүдөгү корсөткүчтордүн төмөндөшү менен жашоонун узарышы жана жогорулашы дүйнөлук маштабта 60 жаштан жогорку жаштагы адамдардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Мындай жагдай биздин өлкөдө да байкалат. Буга далил катары 700 дөн ашуун кары -картандардын сегиз карылар үйүндө жашап жатканы күбө. Yй шарттарында ишенимдүү адамдардын карамалыгында турган улгайган жана картан адамдардын саны белгисиз. Аларды туура эмес багууда жана аларга орой мамиле жасагандын кесепетинде ар кандай оруулар пайда болот, алиментардык дистро­фия, кахексия, жатан жаралары (пролежни) түрдөгү зыян келтирилген жагдайлар түздөн-түз өлүмгө алып келүүнүн себеби болот. Кары-картаңдардын организминдеги мындай өзгөрүүлөрдү далилдеш соттук-медициналык эксперттерге тийиштүү иш. Ал эми укук сактоо жана укук колдонуучулар болгон иштин юридикалык баасын бериш керек. Улгайган жана картайган адамдарга орой мамиле жана туура эмэс багуу жөнүндө мыйзам ченеминде юридикалык жоопкерчиликти киргизүү сунушталат. 

БИЛИМ БЕРYY ЖYРYМY