Башкы редактор
Том 1 № 1 (2020): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
ФАРМАЦИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
МАКРОСКОПИЧЕСКОЕ И МИКРОСКОПИЧЕСКОЕ ИССЛЕДОВАНИЕ ЛЕКАРСТВЕННОГО РАСТИТЕЛЬНОГО СЫРЬЯ СИНЕГОЛОВНИКА ПЛОСКОЛИСТНОГО (ЛАТ. ERYNGIUM PLANUM L.)
АннотацияОбъектом исследования является надземная часть Eryngium planum L. Синеголовник плосколистный – многолетние травянистые растения семейства Зонтичные (Apiaceae).
Микроскопическое исследование растений рода Eryngium planum L. проводилась соглосно методике. Фиксацию проводили в 70% спирте по методике Страсбурге-Флеминга (спирт, глицерин, вода 1:1:1).
Представленные исследования макроскопических и микроскопических признаков необходимые для идентификации лекарственного сырья Eryngium planum L. Морфологические признаки, как качественные, так и количественные, по большей части находятся в соответствии с литературными данными.
ИЧКИ МЕДИЦИНА
-
И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММА СТУДЕНТЕРИНИН ДАРЫЛОО ДЕНЕ-ТАРБИЯ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН АТАЙЫН МЕДИЦИНАЛЫК ТОПТОРДУН ФИЗИКАЛЫК АБАЛЫ
АннотацияИзилдөөлөрдө бардыгы болуп 60 студент катышты Алардын ичинен 30 студенттер дене тарбия сабагындагы негизги топтор, ошондой эле 30 студенттер атайын медициналык топтор. Изилдөөнүн натыйжасында атайын медициналык топтордо физикалык сапаттарын өнүктүрүүнүн оң динамикасы жана иштөө жөндөмдүүлүгү бир кыйла жогорлогону байкалат.
-
КАЛИЙ ЙОДИДДИ ТҮРДҮҮ ЫКМАЛАР АРКЫЛУУ КОЛДОНУУДА ФУНКЦИОНАЛДЫК ДИСПЕПСИЯ МЕНЕН КОШТОЛГОН ЭНДЕМИКАЛЫК БОГОКТОН ЖАБЫРКАГАН ООРУЛУУНУН ЖАШОО САПАТЫНЫН САЛЫШТЫРМАЛУУ АНАЛИЗИ
АннотацияБул илимий эмгекте эндемикалык богок менен кошо функционалдык диспепсия менен ооруган адамдардын жашоо сапаты калий йодиддин колдонуу ыкмасынан көз каранды болгондугу жана 6 айдан бери үзгүлтүксүз пероралдык колдонуудан кийин төмөндөгөнү аныкталды. Проспективдик динамикалык когорталык изилдөөнүн жүрүшүндө ашказан жактан ыңгайсыздык жана оорунун сезилиши улам күчөгөндүктн эсебинен оору сезиминин шкаласынын өзгөрүүсу аныкталды. Ар бир оорулууга индивидуалдык принциптин негезинде жекече мамиле түзүү керектигин эске алып, эндемикалык богок менен кошо функционалдык диспепсия болгон учурларда трансдермалдык ыкма менен калий йодидди колдонуу методикасы түздөн-түз көрсөтүлүүсү абзел.
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
ПОРТАЛДЫК ГИПЕРТОНИЯ СИНДРОМУНУН КАБЫЛДООЛОРУНУН ДИАГНОСТИКАСЫНЫН ЖАНА КОНСЕРВАТИВДҮҮ ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияБул баяндама макала порталдык гипертензия синдромунун кабылдоосу кызыл өңгөчтун варикоздуу кеңейген веналарынын каноосунун диагностикалык өзгөчөлүктөрүн жана ар кандай дарылоо ыкмаларын толук изилдөөгө арналган, бүгүнкү күнгө чейинки бул маселени камтыган адабияттарды толук талдоо жүргузүлгөн. Кыскача порталы гипертония синдромунун классификациясы көрсөтүлгөн, кызыл өңгөчтун варикоздуу кеңейген веналарынын, эндоскопиялык көрүнүшү сүрөттөлгөн.
-
ӨТ БАШТЫКЧАСЫНЫН ӨНӨКӨТ ТАШ ООРУСУН ЛАПАРОСКОПИЯЛЫК ХОЛЕЦИСТЭКТОМИЯ ЫКМАСЫ МЕНЕН ДАРЫЛОО ЖАНА СЕЗГЕНҮҮЛӨРҮН АЛДЫН АЛУУ ИШ ЧАРАЛАРЫ
АннотацияБул иштин максаты – өт баштыкчасынын өнөкөт таш оорусу менен ооруган бейтаптарды лапароскопиялык холецистэктомия ыкмасы менен дарылоонун натыйжалары. 261 оорулууга эндотрахеалдык наркоз менен 3 жана 4 портту лапароскопиялык холецистэктомия ыкмасы менен операция жасалды. Операция учурунда сезгенүүлөр болгон эмес, ал эми кийинки мезгилдерде 5 оорулууда пайдаланды. Сезгенүүлөрдүн алдын алуу максатында орто курактагы бейтаптарга (160 адам) антибиотикопрофилактиканы операцияга чейин жана операциянын аягында киргизүүнү, операциянын аягында боордун астын хлорид натрийдин озон эритмеси менен суугарууну сунуш кылдык. Карыган жана улгайган адамдарга (101) операциянын акырында боордун тегерек связкасына антибиотик жана лимфотроптук аралашманы куйууну колдондук. Операциянын негизги этабы бүткөндөн кийин оорунун сезгенүүсүн азайтуу максатында диафрагманын оң капталына, өттүн ордуна, троакарлык жараларга лидокаин эритмесин куйууну сунуш кылдык. Операциядан кийинки сезгенүүлөр 1,9% түздү (5 адам).
-
КАРЫ ЖАНА УЛГАЙГАН ЖАШТАГЫ БЕЙТАПТАРДЫ ПОЛИМОРБИДНИКАЛЫК ШАРТТАРДА КУРЧМҮНӨЗДӨГҮ АБДОМИНАЛДЫК ПАТОЛОГИЯНЫ ДАРЫЛОО
АннотацияИзилдөөнүн максаты кары жана улгайган бейтаптардын полиморбидникалык шарттарда абдоминалдык патологиядагы дарылоо тактикасын көрсөтүү. Ноябрь 2018 баштап 2019 жылга чейин,ичкөңдөйдөгү курчмүнөздөгү оорулардын 60 жаштан жогору 64 бейтапка байкоо жүргүзүлдү, алардын ичинен коштоп жүргөн оорулары аныкталды. Операциянын көлөмүн жана мөөнөтүн тандоо коштоп жүргөн оорулардын мүнөзүнө жараша тура келет.Бардыгы операция болду. Операциядан кийинки кабылдоолор 13 бейтапта (20,3%) пайда болду, 3 бейтап (4,7%) каза болду.
-
СИГМА СЫМАЛ ИЧЕГИНИН ТОЛГОНУШУНУН ДАРЫЛОО-ДИАГНОСТИКАЛЫК АСПЕКТЕРИ
АннотацияИзилдөөдө сигма сымал ичегинин толгонушунун диагностикасынын жана дарылоосунун өнүгүүсүнүн негизги жолдорун изилдөөнүн жыйынтыктары берилди. Сигма сымал ичегинин толгонушуна таасир берүүчү факторлор жана себептери изилденди. Бул категориядагы оорулуулардын анамнезинин өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Сигма сымал ичегинин толгонушунун негизги клиникалык, рентгенологтялык белгилери аныкталды. Визуализация обламтындагы технологиялык жетишкендиктер диагностика процессин оптимизация кылууга шарт түзөт. Айрым консевативтик чаралар толгонуунун симтоматикаларын басаңдатуу максатында колдонулганына карабастан, ичегини кесип салуу толгонуунуу дарылоодо негизги ыкма болуп саналат. Жоон ичегинин толгонушу боюнча жасалган кечиктирилгис операциялардын жыйынтыгында өлүм жана кабылдоолор көп кездешет. Кыргыз Республикасынын Улуттук хирургия борборунда сигма сымал ичегинин толгонушу боюнча жасалган кечиктирилгис операциядан кийин өлүм 20.8%, ал эми алдын-ала декомпрессия кылынып, элективдик процедура жүргүзүлүп, андан кийин операция жасалгандан кийин өлүм 7.7% болду. Өлүм кечиктирилгис операциялар (р<0,01) менен жоон ичегинин некрозунун (р<0,05) ортосунда корреляция болду. Жана дагы башка дарылоонун анча инвазивдик эмес ыкмалары колдонулат. Эндоскопиялык ректопексиянын, сигма сымал ичегинин экстраперитонизация-сынын, лапароскопиялык ректопексиянын жана мезосигма-пликациянын натыйжалуулуктары байкалды. Жоон ичегини кесүүдө лапароскопиялык жолдор ийгиликтүү колдонулду.
-
ПОРОКИ РОТАЦИИ И ФИКСАЦИИ ТОЛСТОЙ КИШКИ У ДЕТЕЙ, СИМУЛИРУЮЩИЕ ОСТРЫЙ АППЕНДИЦИТ
АннотацияПредставлены анализ клинических проявлений 134 больных с пороками ротации и фиксации толстой кишки в возрасте от 1 года до 15 лет. Изучены причины и особенности клинических проявлений заболеваний, симулирующий острый аппендицит.
-
БАЛДАРДЫН ГИДРОЦЕФАЛИЯ ООРУУСУН ТОЛУК НУР УСУЛДАРЫ АРКЫЛУУ АНЫКТОО
АннотацияБул макалада балдардын гидроцефалия ооруусунун негизги көрүнүштөрүн комплекстүү түрдө изилдөөсү жана алардын натыйжалары көрсөтүлдү.
СТОМАТОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
МУМИЕ КОШУЛГАН ДАРЫСЫН ӨНӨКӨТ АПИКАЛДЫК ПЕРИОДОНТИТТЕ КОМПЛЕКСТИК ДАРЫЛООДО ЭЛЕКТРОФОРЕЗ МЕНЕН КОЛДОНУУ
АннотацияБүгүнкү күнгө чейин периодонттун оорулары тиштин оорулары боюнча кайрылууда, тиштин кариеси жана пульпиттен кийин, үчүнчү орунда турат. ВОЗдун маалыматына жараша периодонт оорулары учун тиш жоготуу алда канча көп башка себептерге салыштырганда. Биздин изилдоөөдө өнөкөт апикалдык периодонтитти дарылоодо дары «мумийод» электрофорези натыйжалуулугу 12 айдан кийин 84% чейин.
САЛТТЫК МЕДИЦИНА
-
БЕШИК ЫРЫНЫН НАРИСТЕНИН ДЕН СООЛУГУНА ТИЙГИЗГЕН ПАЙДАСЫ
АннотацияБул макалада бешик ырынын наристенин ден соолугуна тийгизген пайдасы, ымыркайдын калыптануусундагы ролу туурасында сөз болмокчу. Учурда көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин сөздүн магиялык күчүн дүйнөлүк окумуштуулар айтып келишүүдө. Бул изилдөөгө таянсак, ар бир айтылган сөз, ойлогон ой иш жүзүнө аша алат.
ЖАЛПЫ ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРЫ
-
ОРТО АЗИЯГА АВГАНДЫК КОРКУНУЧТАР ТУУРАЛУУ МИФТЕР
АннотацияБорбордук Азияда чыр-чатактын таасири Ооганстандын чыр-чатак жана мүмкүн болгон жагдайлар тууралуу билүү, аймакта СССР мусулман республикалардын динчилдиктин экенин көрсөтөт.