Башкы редактор
Журнал жөнүндө
|
«Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы» - илимий медициналык рецензияланган журнал. Бул журнал 2009-жылы негизделген. «И.К. АХУНБАЕВ атындагы КММАнын жарчысы» деген аталыш менен 2023-жылга чейин басылып чыгарылган. 2024-жылы «Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы» болуп өзгөртүлгөн. Журналдын чыгуу мезгилдүүлүгү: жылына беш чыгарылыш. Негиздөөчүсү: И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн (Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн № 000478, датасы 2024-ж. 20 февраль). Журнал илимдин кандидаты жана доктору окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктары жарыялануучу УАКтын алдыңкы илимий рецензияланган журналдарынын жана басылмаларынын тизмесине киргизилген. Журналдын индексацияланышы Журнал, башка мезгилдүү басылмаларда, орус, кыргыз жана англис тилдеринде мурда жарыяланбаган, оригиналдуу макалаларды гана жарыялайт. Макаланын үстүндө иштөөдө редакторлор “Авторлор үчүн эрежелер” бөлүмүн изилдөөнү сунуштайт. Бул жерден сиз макаланы жарыялоого даярдоо жана аны мазмундуу жана кызыктуу кылуу боюнча маалымат таба аласыз. |
Учурдагы чыгарылыш
ХИРУРГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
-
Кайра маммопластикада эмчек учу-ареола комплекси ишемиясынын жогорку корконучу бар учурларда бейтапты жүргүзүү тактикасы
АннотацияАкыркы он жылдыктарда Кыргызстанда пластикалык хирургия олуттуу өнүгүүгө жетишти. Бирок, операциядан кийинки жетишсиз байкоо шартында, саламаттыкты сактоо мекемелери эски импланттардын узак убакыт денеде болушу менен байланышкан татаалдашуулар менен көп жолугууда. Импланттардын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан сайын (орточо 10-15 жыл), алардын эскиришине, капсулярдык контрактурага, деформацияга, риплингге, ошондой эле интракапсулярдык жана экстракапсулярдык жарылууларга байланыштуу учурлар көбөйүүдө. Импланттардын эскиришине жана татаалдашууларына байланыштуу кайра маммопластика жасоолордун саны өсүүдө, бул эмчек учу ареола комплекси ишемиясынын коркунучун жогорулатат. Учурда колдонулуп жаткан тобокелдикти баалоо шкалалары экинчи операцияларга мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү толук эске албайт. Ошондуктан бул изилдөөнүн максаты – жогорку тобокелдикке ээ болгон бейтаптын клиникалык мисалында модификацияланган эмчек учу-ареола комплекстин ишемиясы тобокелдигин баалоо шкаласынын эффективдүүлүгүн жана көп факторлуу дарылоонун натыйжалуулугун көрсөтүү болуп саналат. Бул ыкма шкаланы кеңири контингентте валидациялоодон кийин жогорку тобокелдиктеги бейтаптарда ишемиялык татаалдашуулардын оордугун азайтууга жардам бериши мүмкүн
-
Боордун альвеолярдык эхинококкозу менен ооруган бейтаптардага операцияга чейинки мөөнөтө 3D моделдөө менен КТ-волюметрияны колдонуу
АннотацияБоордун альвеолярдык эхинококкозу-инфильтративдүү өсүү мүнөзүнө ээ болгон өнөкөт
паразитардык оорусу, ал боор паренхимасынын прогрессиялык бузулушуна, ошондой эле кан тамырдык жана өт жолдорунун жабыркашына алып келет. Оорунун узакка созулган жүрүшүндө боордун жалпы көлөмүнүн компенсатордук чоңоюшу байкалат, бул резектабилдүүлүктү баалоодо жана хирургиялык тактиканы аныктоодо маанилүү диагностикалык көрсөткүч болуп саналат. Операцияга чейинки пландаштырууда негизги параметрлердин бири – операциядан кийин калуучу боор көлөмү, ал боордун морфологиялык резервин чагылдырып, операциядан кийинки боор жетишсиздигинин пайда болуусунун коркунучун алдын ала баалоого мүмкүндүк берет. Изилдөөнүн максаты – боордун альвеолярдык эхинококкозу менен ооруган бейтаптарда компьютердик томографияга негизделген волюметриянын жана виртуалдык резекциянын операцияга чейинки пландаштыруудагы диагностикалык маанисин аныктоо. Изилдөөгө 2023-2025-жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы медициналык борборлордо текшерүүдөн өткөн, диагнозу тастыкталган 59 бейтап киргизилди. Бардык бейтаптарга контрасттык күчөтүү менен мультиспиралдык компьютердик томография жүргүзүлүп, алынган маалыматтар LiverAnalysis+ программалык комплекси аркылуу иштелип чыкты. Боордун жалпы көлөмү, жабыркаган ткандардын көлөмү, болжолдуу резекция көлөмү жана операциядан кийин калуучу боор көлөмү эсептелди. Операция жасалбаган бейтаптарда боордун орточо жалпы көлөмү 2008 см³ түзүп, оорунун узакка созулган өнүгүүсүнө мүнөздүү компенсатордук гипертрофияны чагылдырды. Мурда хирургиялык кийлигишүү жасалган бейтаптарда бул көрсөткүч төмөн болуп, орточо 1635 см³ түздү. Операция жасалбаган топто келечектеги калуучу боордун орточо көлөмү 1162 см³ (57,9 %), ал эми операция өткөн бейтаптарда 774 см³ (49,7 %) болду. Операция өткөн бейтаптардын үчтөн биринде келечектеги калуучу боор көлөмү критикалык деңгээлден (<30-40 %) төмөн болуп, операциядан кийинки боор жетишсиздигинин пайда болуусунун жогорку коркунучун көрсөттү. Алынган жыйынтыктар
компьютердик томографиялык волюметрия жана виртуалдык резекция боордун альвеолярдык эхинококкозун хирургиялык дарылоону пландаштырууда хирургиялык коркунучтарды баалоонун маанилүү жана милдеттүү куралы экенин тастыктайт
КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО
-
Кыргыз республикасынын И. К. Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «тамактануу жана биотехнологиялар институтун» түзүүнүн актуалдуулугу, стратегиялык милдеттери жана өнүгүү келечеги
АннотацияКыргыз Республикасында туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери азыктанууга байланышкан бузулуулардың «кош жүгү», микронутриенттердин жетишсиздигинин жогорку деңгээли жана алиментардык көз каранды жугуштуу эмес оорулардын кеңири таралышы, айрыкча балдар жана калктын аялуу катмарлары арасында, сакталып турушуна байланыштуу стратегиялык мааниге ээ болууда. Тамактануу боюнча адистештирилген институттун жоктугу бул тармактагы мамлекеттик саясатты илимий жактан коштоп турууну чектеп келет. Бул иштин максаты – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын базасында туура тамактануу жана биотехнологиялар тармагында системалуу илимий-билим берүүчү жана клиникалык-өндүрүштүк борбор катары Тамактануу жана биотехнологиялар институтун түзүүнүн зарылдыгын негиздөө болду. Изилдөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикалык маалыматтарына, микронутриенттик статус боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктарына, ченемдик-укуктук документтерге, ошондой эле эл аралык уюмдардын отчетторуна аналитикалык жана системалуу талдоо жүргүзүлдү. Эл аралык тажрыйбадагы тамактануу институттарынын иштөө моделдерине салыштырма талдоо жана илимий публикацияларга контент талдоо колдонулду. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын потенциалын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун диетология бөлүмү менен интеграциялоо тамактануу жаатындагы саясатты илимий жактан камсыз кылуунун институционалдык туруктуу моделин түзүүгө мүмкүндүк берери аныкталды. Тамактануу жана биотехнологиялар институтунун максаттары, миссиясы, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, милдеттери жана уюштуруучулук түзүмү алиментардык көз каранды оорулардын алдын алууга, клиникалык нутрициологияны жана диетологияны, биотехнологияларды өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган. Тамактануу жана биотехнологиялар институтун түзүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун бекемдөөгө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана калктын жашоо сапатын жана узактыгын жакшыртууга өбөлгө түзгөн стратегиялык жактан негиздүү жана өз убагындагы кадам экендиги далилденди

