Том 4 № 4(2) (2013): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-02-17

Бардык чыгарылыштар

ПЕДИАТРИЯНЫН АКЫРКЫ МАСЕЛЕЛЕРИ

БАЛДАРДЫН ИНФЕКЦИЯСЫ

БАЛДАР ХИРУРГИЯСЫ

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭРТЕ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН ТАМАК- АЗЫККА КОЗ КАРАНДЫ ОРУУЛАРЫНЫН ТУРЛОРУ

    А.А. Анарбаева
    49-53 13
    Аннотация

    33,7 пайыз жаш балдарда тура эмес азыктануунун кесепетинен пайда болгон оорулар кездешет, анын ичинде белоктук-энергетикалык жетишпестик 28,5 пайызды, ашыкча салмактуулук - 5,2 пайызды түзөт. Белоктук- энергетикалык жетишпестиктин эң көп кездешкен түрү кыска бойлуулук болуп эсетелет (22,8%).сейрек кездешүүчү түрлөрү бул салмактын жетишпестиги (4,2 пайыз), өтө эле арыктап кетүү (1,5 пайыз). Шаардык балдарга (2,9 пайыз) караганда айыл жергесинде жашаган балдарда (5,7 пайыз) оор даражадагы кыска бойлуулук дээрлик эки эсе көбүрөөк кездешет. 6-ай курактагы маалыматка салыштырмалуу 3 жашта салмактын жетишпестигинин таралышы 3 эсе, кыска болуулуктун таралышы 5,8 эсе көбөйөт

  • КЫРГЫЗСТАНДА АЙЫЛ ЖЕРГЕСИНДЕ ЖАШАГАН 2 ЖАШКА ЧЕИИН БАЛДАРДЫН АРАСЫНДА АЗ КАНДУУЛУК МЕНЕН ООРУСУ

    А.З. Исмаилова
    54-57 23
    Аннотация

    Кыргызстанда айыл жергесинде жашаган 6 айдан 2 жашка чейинки балдардын 50,6 пайызы аз кандуулук менен ооруйт, ал эми 62,0 пайыз балдарда темирдин жетишсиздиги кезигет. 12-18 ай курактагы балдарда аз кандуулук эң көп кездешет. Аз кандуулукун негизги себептери болуп 6 айга чейинки балдарды жалаң гана эмчек сүтү менен багуу, 2 жашка чейин эмчек эмизүү тажрыйбаларын эң эле аз колдонуу жана 6 айдан кийинки балдардын кошумча тамагынын сапатынын талапка жооп бербегендиги болуп эсептелет.

  • БАЛДАРДА РЕФЛЮКС-ЭЗОФАГИТ МЕНЕН АЙКАЛЫШКАН БРОНХИАЛДЫК АСТМАНЫ АНТИРЕФЛЮКСТУК ТЕРАПИЯ МЕНЕН ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНА АНАЛИЗ

    Г.Ш. Маймерова, Х.Р. Ахмедова, В.Г. Шишкина
    58-61 11
    Аннотация

    Гастроэзофагеалдык рефлюкс (ГЭР) симптомдору менен айкалышкан бронхиалдык астмасы (БА) бар 26 бала, ашказан-ичеги трактындагы оорулары (ашказанында, он эки эли ичегисинде жарасы бар жана гастриттен жабыр тарткан 15 бала) жана изоляцияланган бронхиалдык астмасы бар (15 бала) балдар текшерилген. Далилденген ГЭР бар бейтаптардын комплекстүү дарылоосуна антирефлюкстук терапия белгиленген. Антирефлюкстук препараттарды алган оорулууларда ингаляциялык глюкокортикостероиддерди жана бронхолитикалык препараттарды колдонууга талабы азайганы далилдүү аныкталган. Бул БА клиникалык симптомдорунун өнүгүүсүндө ГЭРдин патогенетикалык ролун күбөлөндүрөт.

  • YЧ ЖАРГАКТУУ КЛАПАНДЫН СЕЙРЕК КЕЗДЕШҮҮЧҮ ИНФЕКЦИЯЛЫК ЭНДОКАРДДЫН АЛГАЧКЫ БУЗУЛУШУ ЖӨНҮНДӨ

    Т.О. Омурбеков, С.Ж. Боконбаева, Ж.Ж. Анакеева
    62-64 11
    Аннотация

    Бул статьяда инфекциялык эндокардит менен ооруган баланы байкоо жана сакайтуунун жыйынтыгы чагылдырылган.Ушул ооруга алып келүүчү себептер жана ага байланышкан факторлор айгинеленди. Шаардык стационардын шартында салыштырмалуу өтө сейрек кездеше турган ооруну дарылоо тажырыйбасы көргөзүлдү.

  • БАЛДАРДЫН АРАСЫНДАГЫ НЕФРОТИКАЛЫК СИНДРОМ

    Н.А. Бейшебаева, М.В. Кирсанова, Э.О. Татыгулова
    65-67 13
    Аннотация

    Тез-тез кайталануучу жана стероидге муктаж нефротикалык синдром менен ооруган 15 балдарга селлсепт цитотоксикалык дарылоо жүргүзүлдү. 1 жылга чейинки узак мөөнөттүү дарылоонун негизинде 90%, ал эми дарылоо токтотулгандан кийин 2 жылга чейин 10% оорулулардын нефротикалык синдромунун толук басаңдашы 60%га жетти. Цитотоксикалык дарылоонун негизинде оорунун кайра жаңыланышы оорулуулардын 26%ында белгиленди.

  • ДАУНА СИНДРОМУ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРУУ

    В.В. Жихарева, Н.М. Турдалиев
    68-71 11
    Аннотация

    Статья өзүнө хромосомдук аномалиялар жөнүндө кыскача маалымат, жана Дауна оорусунунун клиникасын камтыйт. Дауна оорусу менен ооруган балдардын калыбына келтирүүсү боюнча суроолор жана ушул ооруда кортексинди колдонуу тажырыйбасы каралды.

  • БАЛДАРДЫН ТРОМБОЦИТОПЕНИЯ ООРУСУ

    Б.Э. Исаева
    72-75 13
    Аннотация

    Геморрагиялык диатездеринин ичинде тромбоцитопениялар 2-орунда тургандыгы көрсөтүлгөн.  Тромбоцтиопениянын түрлөрү балдардын жашына көз каранды болуп, өнөкөт түрү көбүнчө 11-15 жаштагы өспүрүмдөрдө аныкталаары белгиленген. Тромбоцитопения менен ооруган 90,8 пайыз балдарда кошумча дарттар кездеше тургандыгы далилденген. Ал эми өнөкөт ЦМВ, I-11-типтеги жөнөкөй герпестин вирусу, микоплазма, уреаплазма сыяктуу инфекциялар 78,1 пайыз балдарда аныкталган жана алардын тромбоцитопениянын агымына терс таасирин тийгизиши божомолдонгон.

  • БАЛДАРДА АШКАЗАНДЫН ЖАНА ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРА ООРУУСУН МААСТРИХТ IV ЭЛ АРАЛЫК КОНСЕНСУСУНУН КЕЦЕШТЕРИН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ДИАГНОСТИКАЛОО ЖАНА ДАРЫЛОО

    Э.Ш. Алымбаев, Г.К. Кожоназарова, Н.Ш. Андреева, Х.Р. Ахмедова, В.Г. Шишкина, А.Б. Джетыбаева, Г.Ш. Маймерова
    76-81 10
    Аннотация

    Дүйнө жүзүндө ашказандын жана он эки ичегинин жара оорусунун өсүшү терапевттерди гана эмес, педиатрларды да тынчсыздандырууда. Анткен менен маалыматты иштеп жүргөн дарыгерлерге жеткирүү бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Маастрихт-4 кеп-кеңештерин анализдөө жана аларды клиникалык тажрыйбада жайылтуу заманбап медицинанын стратегиялык милдети болуп эсептелет. Кеп-кеңештер Н. Pylori менен ассоциацияланган ооруларды диагностикалоодо жана дарылоодо иштеп журген дарыгерлерге конкреттүү жардам берүү үчүн иштелип чыгарылган. Бул макалада Маастрихт-4 макулдашуусунун негизги маселелери келтирилип, алардын Кыргызстандын шартгарында балдардагы жара ооруларын диагностикалоого жана дарылоого тийиштүү учурлары өзүнчө бөлүнүп каралган.

  • Ө3 УБАГЫНДА ТӨРӨЛГӨН ЖАНА ТАМАКТАНУУСУ ЖЕТИШСИЗ БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ 2 ЖАШАР БАЛДАРДЫН ӨCYY KӨPCӨTKYЧTӨPYHYH ДИНАМИКАСЫ

    Д.К. Кудаяров, К.А. Кудайбергенова, Л.М. Нарицына
    82-85 13
    Аннотация

    Бишкек шаарында жашаган 2 жашка чейинки 395 бала изилденген, алардын ичинен 257 баланын салмагы аз болгон, ал эми 138 баланын салмагы менен катар бою да жетишсиз болгон. Салмагы аз балдардын ичинен 35,1% I даражада, 61,3% II даражада жана салмагы менен бою да жетишсиз балдардын ичинен 37% I даражада, 62% II даражада тамактануулары бузулган деп аныкталган. Түйүлдүктүн өсүшүнүн начарлаш белгилери менен төрөлгөн 2 жашка чейинки балдардын ичинен клиникалык түрүнө жана оордугуна карабастан дисгармониялык жана өтө оор дисгармониялык өсүү менен балдар көп кездешет.

  • БАЛДАРДА АЛЛЕРГИЯЛЫК ООРУЛАРДЫН ӨTYШYHYH ӨЗГӨЧӨЛYKTӨPY ЖАНА АЛАРДЫН ИММУНОПАТОЛОГИЯЛЫК ПРОФИЛАКТИКАСЫ

    М.Е. Ашералиев, Г.Ш. Маймерова, Н.Э. Джанузакова, С.Э. Омушева
    86-89 18
    Аннотация

    Изилдөөнүн максаты туруктуу стресс шартында мегаполисте жашаган балдардын иммундук статусунун абалын текшерүү болуп саналат.

  • БАЛДАРДЫН ЦЕРЕБРАЛДЫК ШАЛ ООРУСУНУН ГЕМИПЛЕГИЯЛЫК ФОРМАСЫ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДЫН ЛИМФОТРОПТУК ДААРЫЛООНУН ЭЛЕКТОРМИОГРАФИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

    Е.Б. Марценюк
    90-94 15
    Аннотация

    Лимфотроптуу терапиянын биринчи эки курсу максималдуу кыскартууга жөндөмдүү келген булчуң ткандарынын көлөмүнүн көбөйүшүнөн улам, шал болгон жагына шал болбогон булчуңдун төрт болгугунун кучун чонойтту. Буттун таман булчундарынын , жамбаштын төрт бөлүктүү булчуңдары ийин булчуңдарынын жана манжанын жалпы бүктөгүчтөрүнүн булчуң күчү булчуң ткандарынын көлөмүнүн көбөйүшүнөн улам , калыптанган нейро булчуң берүү аркылуу максималдык жүк менен иштөөгө мүмкүндүк берет.

  • КЛИНИКАЛЫК-ЭЛЕКТРОЭНЦЕФАЛОГРАФИЯЛЫК КОРРЕЛЯТТЫ ЭСЕПТӨӨ МЕНЕН ВЕСТА СИНДРОМУ БАР БАЛДАРДЫН ТАЛМАГА КАРШЫ ПРЕПАРАТТАРЫН ТАНДООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

    Е.Б Марценюк, В.В. Жихарева, Г.П. Иванова, Г.В. Афанасенко
    95-99 12
    Аннотация

    Веста синдрому бар 83 балага талдоо жүргүзүлдү.Электроэнцефалограммадагы гипсаритмиянын тибине жараша талмага каршы терапияны тандоо жүргүзүлдү. Веста синдрому бар балдарга көпчүлүк учурда электроэнцефалограммадагы гипсаритмия атиптүү мүнөзгө ээ болгону далилденди, бул дарылоого эки же андан көп талмага каршы препараттарды дайындоону талап кылат.

  • СЕМИЗ БАЛДАР ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН АРАСЫНДА МЕТАБОЛИКАЛЫК СИНДРОМУНУН ЖЫШТЫГЫ

    Э.Ш. Алымбаев, Б.А. Онгоева, Н.А. Андреева, Ф.Б. Исакова, Н.Н. Кушубекова, Н.К. Джунушалиева
    100-103 13
    Аннотация

    2013 ж 10 айдын ичинде Эне Жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунун эндокринология бөлүмүнө госпитализацияланган бейтаптардын арасынан дене салмагынын индексинин (ДСИ) >90 перцентили негизинде коюлган өспүрүмдөрдүн 9%да семирүү аныкталган. Жалпы семиз өспүрүмдөрдүн санынан 81,25%ы абдоминалдык семирүүгө ээ (бел айланасынын БА >90 перцентилине ээ болгон бейтаптар).28,2% (11) бейтапта Эл аралык Диабеттик Федерациясынын (ЭДФ) эки белгиси менен жана абдоминалдык семирүүнүн айкалышы байкалган, б.а. метаболикалык синдром (МС) аныкталган. Бул корутунду башка Азия мамлекеттеринде өткөрүлгөн изилдөлөрү менен туура келишет.

  • ЫМЫРКАЙ УЧУРУНДА УЗАРЫП КЕТКЕН САРЫ ООРУЛАР

    С.Дж. Боконбаева, Е.Г. Ким, Г.П. Афанасенко
    104-107 10
    Аннотация

    Ымыркай учурунда узарып кеткен сары оорунун неонатологиянын эң оорчундуу кыйынчылыктары. 660 ымыркайлар гипербилирубинемия синдрому менен текшерүүдөн өттү. Макалада ымыркай учурунда узарып кеткен сары оорунун себептери жана өтүүсүнүн өзгөчөлүктөрү изилденген, жана дагы риск факторлорунун пайда болушунун себептери табылды.

  • КРСУНУН МЕДИЦИНАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН ПЕДИАТРИЯ, МЕДИЦИНАЛЫК ГЕНЕТИКА, БАЛДАРДЫН ХИРУРГИЯСЫ КАФЕДРАСЫНЫН ПЕДИАТР АДИСТЕРИН ДАЯРДОО ЖАНА ОКУУ-ПЕДАГОГДУК, ИЛИМИЙ ИШМЕРДИГИН ОПТИМАЛДАШТЫРУУ

    С.Дж. Боконбаева, Н.М. Алдашева, Х.М. Сушанло, В.В. Василенко, Г.П. Афанасенко, Е.Г. Ким
    108-113 20
    Аннотация

    Бул статьяда студенттерди педиатрия адистиги боюнча коп тепкичтүү даярдоо, «Кыргызстанда балдардын экопатологиясы» илимий мектебинин алкачында кафедранын негизги илимий жетишкендиктеринин өзгөчөлүктөрү чагылдырылды. Балдардын ден-соолугуна таасир берчү кооптуу-факторлор жетишүү белгиленди.

ПЕРИНАТОЛОГИЯ