Том 4 № 4(1) (2013): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2023-02-17

Бардык чыгарылыштар

СИЗДИ ТАЛКУУЛООГО ЧАКЫРАБЫЗ

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨНӨКӨТ ООРУЛАРДЫ ДАРЫЛООДОН АЛЫНГАН САБАКТАР: МЕДИЦИНАЛЫК БЕЛИМ БЕРҮҮГӨ ТИЙГИЗГЕН ТАСИРИ

    Давид Беран, Луи Лутан, Аида Абдраимова, Гульгун Мурзалиева
    7-13 12
    Аннотация

    Корутунду: Өнөкөт жугуштуу эмес оорулар буткул дуйнөдө анын ичинде Кыргызстанда дартка чалдыгууга жана өлүмгө алып келген негизги себептердин бири болуп эсептелет. Маалыматтар көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды дарылоо олуттуу маселелердин бири болуп калууда, бул көйгөй менен бүткүл дүйнөдөгү саламаттык сактоо системасы бет келишүүдө, ошондуктан ар бир саламаттык сактоо системасы бул маселени жергиликтуу шарттарга ылайык келе тургандай чечуусу керек. Бул макалада «Кант диабети» боюнча Кыргызстанда мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын мисалында өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды талаптагыдай кароо учун зарыл болгон элементтер каралат. Кыргызстанда өнөкөт жугуштуу эмес ооруларда жардам берүүнүн бир кыйла начар элементтери болуп «Бейтапты окутуу жана анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» жана «Дарылоодо жолун жолдоочулук» экендиги көрсөтүлөт. Өнөкөт оор абалдар кебейген ушундай мезгилде Кыргызстандагы медициналык билим беруу оптималдаштырууга муктаж деген жыйынтык чыгарсак болот. Көп тармактар боюнча окутууну жакшыртуу, клиникалык көндүмдөрдөн жеке инсандык мамиленин көндүмдөрүнө чейин, анын ичинде коомдук саламаттык сактоо маселелерине окутуунун зарылдыгы талап кылынат. Медициналык билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр жана кайра куруулар саламаттык сактоо системасында өнөкөт жугуштуу эмес оорулар учурунда жардам берүүнү уюштурууга өз таасирин тийгизбей койбойт.

МЕДИЦИНАНЫН МАНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • ФИЗИОТЕРАПИЯ ЖАНА ДАЛИЛДЕНГЕН МЕДИЦИНА ПРИНЦИПТЕРИ

    Р.Д. Алымкулов, Дж.К. Сманова, С.С. Исраилова, Г.М. Саралинова
    14-16 14
    Аннотация

    Резюмеси. Бул илимий макалада оорулууларды дарылоодо, алдын алууда жана кайра калыбына келтирүүдө физикалык факторлорду жазып берүүнүн патогенетикалык негиздери жөнүндөгү окумуштуулардын пикирлери келтирилген. Далилденген медицинанын жалпы принциптеринен келип чыккан далилденген физиотерапиянын негизги түшүнүктөрү берилген.

  • ВРОЖДЕННАЯ ПАТОЛОГИЯ НОВОРОЖДЕННЫХ В УКРАИНЕ И ЕЕ ПРОФИЛАКТИКА

    О.И. Тимченко, О.В. Линчак , Э.М. Омельченко, О.В. Процюк , T.M. Поканевич, В.А. Галаган, E.A. Полька, О.В. Сизоненко, О.И. Максиян, Г.А. Качко, Н.В. Позмогова, Л.Р. Педан
    17-25 4
    Аннотация

    Резюме: Задачи исследования состояли в рассмотрении распространенности врожденных пороков (ВПР) развития среди новорожденных в областях Украины, выявлении факторов риска их возникновения, оценке эффективности методов первичной и вторичной профилактики.
    По данным М3 Украины рассчитана частота ВПР среди живо-, мертворожденных и плодов, абортированных вследствие ВПР, за 2002-2011 гг. Проведено эпидемиологическое исследование «случай-контроль».
    Распространенность ВПР среди живо-, мертворожденных и абортов по генетическим показаниям составила (26,83±0,08) % за 2002-2011 гг. и колебалась по областям. Выделены приоритетные факторы возникновения ВП Р- хроническая инфекционная и неинфекционная, в т.ч. эндокринная, патология матери, ее курение, профессиональные вредности и возрасг.
    Показана эффективность первичной и вторичной профилактики ВПР.

  • ЫМЫРКАИ БАЛДАРДЫН СУУ ЧЕЧЕК ДАРТЫНЫН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА КЛИНИКАЛЫК ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ

    Н.Э. Сулайманова, A.K. Жакеева, А.Р. Раимбердиева, М.К. Мамбетова
    26-29 10
    Аннотация

    Кортундуу: Бул илимий жумушта 66 баланын оорулуунун баракчасы изилденген. Суу чечек дартынын клиникалык жана эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү такталды.

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛТЫН ЧЫГАРУУ КОМБИНАТЫНЫН КАРООСУНУН НАТЫЙЖАСЫ

    Ч.К. Чонбашева, Ч.Т. Сулайманова, К.И. Аширбаева, Г.У. Джапаева, Б.Э. Тюреканова
    30-35 8
    Аннотация

    Макалада мезгилдуу медициналык кароонун натыйжасы менен рудадан алтын чыгаруу жумушчулардын ден-соолук абалын изилдеген. Зыяндуу ишканада иштегендердин арасында кесиптик жана кесип менен байланыштуу оорулардын салыштырма салмагын көрсөтүлгөн; диспансердик каттоо группалар бөлүнгөн; оорулардын алдын алуу жана реабилитациялоо системасы негизделген.

  • БООРДУН АЛЬВЕОКОККОЗУ: КАЙРАДАН ОПЕРАЦИЯ ЖАСОО МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

    А.И. Мусаев, А.Ж. Акешов, А.А. Акматов
    36-38 3
    Аннотация

    Корутунду: башында операция кылуу мумкунчулугу жок болгон, альвеококкоз менен ооруган 4 оорулуунун кайрадан операция жасалышынын байкоосу корсотулгон.

  • ТИЗЕ МУУНУНУН КОЛЛАТЕРАЛДЫК БАЙЛАМТАЛАРЫНЫН ЖАНЫ ЖАРАКАТТАНУУСУН АНЫКТОО ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК ДАРЫЛОО

    Э.А. Байгараев
    39-42 3
    Аннотация

    Корутунду. Бул иште БИИТОБ догу муундар жана жаракаттар №1,2,3,4 болумдорунун 2011-2012 жылдарындагы тизе муунунун коллатералдык байламталарынын жаны жаракаттанган 50 бейтабынын дартын аныктоо алгоритими жана операциялык дарылоосу корсотулгон. Бейтаптардын курамын 17 жаштан 52 ки жашка чейинкилер тузот.

  • БООРДУН ПАРАЗИТАРДЫК ООРУЛАРДАГЫ КАН АЙЛАНУУСУНУН БУЗУЛУУСУ

    А.С. Бейшеналиев, Ж.А. Кочконбаев, А.А. Кудайбердиев
    43-45 7
    Аннотация

    Боордун эхинококкоз оорусу менен ооруган 105 бейтапты изилдоо(70 аялдар жана 35 эркектер). Бейтаптардын жашы 16-дан 72 жашка чеинки(72,3%), бирок эн кобу 21 жаштан 50 жашка чеин 76 киши(72,5%).

  • ЖҮРӨКТҮН КОРОНАРДЫК ООРУ СУ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАРДЫН ТИРЕОИДДИК СТАТУСУН ЖАНА КОРОНАРОАНГИОГРАФИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ИЗИЛДӨӨ

    Г. Дуйшеева, Н.С. Леонтьева, З.Т. Саткыналиева, P.P. Калиев
    46-50 4
    Аннотация

    Корутунду. Коронароангиографиянын жыйынтыгы менен калкан безинин гипофункциясын изилдөө учун 34 бейтаптын оорусунун тарыхына ретроспективдуу анализ жүргүзүлгөн. Бардык бейтаптардын тиреотроптук гормондору изилденген. Калкан безинин кызматы сакталган бейтаптарга Караганда, субклиникалык гпиотиреоз менен ооругандардын КАГнын жыйынтыгы начар чыккан.

  • ГИПОФИЗ АДЕНОМАЛАРЫН АНЫКТОО ЖАНА НЕЙРОХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ДАРЫЛОО

    С.К. Каримов, К.Б. Ырысов, М.М. Мамытов
    51-54 5
    Аннотация

    Корутунду: Авторлор тарабынан гипофиз аденомаларынан жабыркаган 63 бейтаптын компьютердик жана магниттик резонанстык томографиялык изилдөө жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Бейтаптардын ичинен 52си хирургиялык ыкма менен дарыланылган. Хирургиялык ыкмалар жана хирургиялык дарылоонун жыйынтыктары сүрөттөлгөн.

  • МЕЛЛОРИ-ВЕЙСС СИНДРОМУНДА АЙРЫЛЫП КАН АГУУ МЕХАНИЗМИНИН ПАИДА БОЛУУ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

    А.Т. Кудайбердиев
    55-58 4
    Аннотация

    Корутунду: Бул макалада Меллори-Вейсс синдромунда айрылып кан агууда биофизикалык, топографо-анатомиялык жана физиологиялык механизмдердин өзгөчөлүгү камтылды. Ашказандын жана кызыл өзгөчтүн курсак бөлүгүнүн тамырлары жана ашказан кызыл өзгөч бөлүгүнүн калындыгы менен кызыл өзгөч-ашказан өтмөгүндөгү айрылуунун бири-бири менен байланыш закон ченемдүүлүгү ар кандай жаштагы жана жыныстагы оорууларда изилденди

  • ТАЖРЫЙБАДА ЖАБАШУУГА КАРШЫ КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО

    Н.Н. Маматов
    59-63 8
    Аннотация

    Рандомизировалык параллелдик көзөмөлдөнгөн изилдөөдө курсак көндөйүндө операция убагында жабышууну алдып алуу учун көп компоненттүү Левомеколь майын колдонуунун тажрыйбалык тактоосу жургузулду. Тажрыйбалык изилдөө «Вистар» тобуна кирген 60 келемишке жүргүзуүдү. Көзөмөл тобунда салыштыруу учун Женчевский аралашмасы жана NaCl физиологиялык суюктугу колдонулду. Курсак көндөйүндө операция убагында
    жабышууну алдып алуу учун Левомеколь майын колдонуу жогорку натайжалуу экендиги далилденди.

  • ОЦЕНКА КАЧЕСТВА ЖИЗНИ БОЛЬНЫХ С ДЕФЕКТОМ СРЕДНЕЙ ЗОНЫ ЛИЦА

    А.А. Есиркепов , Айдана Габит, А.С. Мамеков
    64-67 6
    Аннотация

    Резюме: Было обследовано 84 больных проходивших лечение в стоматологической клинике КазНМУ им. С.Д.Асфендиярова. Целю исследования было определение качества жизни больных с дефектом средней зоны лица до оказания ортопедической стоматологической помощи. В зависимости от характера дефекта челюстно- лицевой области больные были распределены на 3 клинические группы. Исследование с использованием функциональных проб и карты обследования больных с дефектом средней зоны лица позволило определить степень функциональных, анатомических нарушений и показало, что качество жизни больных в значительной степени ухудшается. Деформация лицевого скелета, обезображивание лица и нарушения жизненно важных функции отрицательно сказывается на психическом состоянии человека и приводит к социальной дезадаптации. Предложенные авторами карта обследования и функциональные пробы могут быть использованы для определения качества жизни больных с челюстно- лицевым дефектом до и после ортопедического лечения.

  • КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН ООРУГАНДАРДЫН ӨНӨКӨТ ОСТЕОМИЕЛИТИН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫНА ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

    А.Ж. Мамышов
    68-71 2
    Аннотация

    Резюме: кант диабетине чалдыккан 106 оорулуунун өнөкөт остеомиелитин оперативдүү дарылоонун натыйжалары талданган. Кант диабетине чалдыккан оорулуулардын өнөкөт остеомиелитин дарылоонун комплекстүү ыкмасы дарылоонун салттуу ыкмаларына салыштырганда кыйла натыйжалуу болуп чыкты, бул ыкма рецидивдерди жана дарылоонун орточо мөөнөттөрүн 2,5 эсе кыскартууга мүмкүнчүлүк берген.

  • ТОКСОКАРОЗ ООРУСУНДАГЫ ЦИТОКИНДИК БАЛАНСТЫН АБАЛЫ

    А.Э. Мергенов
    72-74 3
    Аннотация

    Сунуш кылынган статьяда токсокароздун ке тҮрдө жайылган кезинде ооруларда цитокиндин ар кандай фунциялардындагы (ФНО-а, ИЛ-6 жана ИЛ-4) дисбалансы белгиленгендиги көрсөтүлгөн, алар иммундук жана сезгентүүчү реакциялардын каскадына түрткү берип жана оорунун катуу формаларын козготушат.

  • ЧОҢ ЖАНА ИРИ ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ ВЕНТРАЛДЫК ЧУРКУГА ПЛАСТИКАНЫН КӨЛӨМҮН ТАНДООНУН КРИТЕРИЙЛЕРИ

    А.И. Мусаев, О.Ж. Токтогулов
    75-77 2
    Аннотация

    82 оорулуунун чоң жана ири операциядан кийинки вентралдык чурку суну пластиканы тандоонун критерийлери көрсөтүлдү. Критерий катары сырткы дем алуунун көрсөткүнчтөрү, чуркунун сонографиясынын маалыматгары жана ич көңдөйүнүн антропотриясы колдонулду.

  • ЭРТЕ ЖАШТАГЫ БАЛДАРДЫН КУРЧ ПНЕВМОНИЯНЫН ЭТИОЛОГИЯСЫ

    С. Дж. Боконбаева, С.Т. Нуржанова, А.А. Какеева
    78-82 2
    Аннотация

    Эрте жаштагы балдарда курч пневманиянын этиологиясы изилденди. Какырыктын бактериологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары жана оорулуу балдарда курсактагы кезинде жугузулган инфекцияны кандын иммуноферменттик анализдери чагылдырылды.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КЕНЕ ЭНЦЕФАЛИТИНИН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АСПЕКТЕРИ

    Б.И. Омуркулова
    83-85 3
    Аннотация

    Сунуш кылынган статьяда Кыргыз Республикасындагы азыркы замандагы кене энцефалитинин (КЭ) кээбир эпидемиологиялык аспектери каралган. Жаратылыштагы очокторунун активдүүлүгүнүн сакталгандыгына байланыштуу КЭ менен ооруп калуучулуктардын дегээли бир калыпта калууда. Жылдык журуусу жазгы-жайкы сезондуулугу менен мүнөздөлөт. Азыркы мезгилде оорунун клиникалык көрүнүшү анын нервдер формасы көбүрөөк кездешкендигине байланыштуу оорунун жүрүүсүнүн оордошу менен мүнөздөлөт. Тобокелдик топко активдүү эмгеке жөндөмдүү жаштагылар киришет. КЭ оорусунун алдын алуу үчүн эл арасында кеири санитарды-агартуу иштерин жүргүзүү зарыл.

  • ОСОБЕННОСТИ ДИАГНОСТИКИ И ЛЕЧЕНИЯ БОЛЬНЫХ С РЕТЕНЦИЕЙ КЛЫКОВ И РЕЗЦОВ ВЕРХНЕЙ ЧЕЛЮСТИ

    А.Д. Мамеков, А.С. Рузденова, Д.А. Мамекова
    86-90 7
    Аннотация

    Проведено изучение особенностей диагностики и лечения больных с ретенцией клыков и резцов верхней челюстей у 24 больных в возрасте 14-24 лет, а также проанализированы 45 рентгенограмм больных, обратившихся по поводу не прорезывания постоянных зубов верхней челюсти. Установлено, что ортопантомаограмма позволяет распознать только мезиодистальный наклон клыка. Прицельные периапикальные снимки позволяют получить наиболее важную информацию о ретинированных зубах. Метод Кларка наиболее точно выявляет место залегания ретинированного клыка, поэтому врач- ортодонт, направляя пациента к хирургу-стоматологу, может указать место хирургическое обнажение ретинированного клыка с той стороны, ближе к которой он залегает.
    Прогноз ортодонтического лечения ретинированных зубов с хорошо выраженной периодонтальной щелью благоприятен. При применении комплексного лечения особую трудность представляет фиксация лигатуры на ретинированном зубе. Надежные результаты дает применение металлического колпачка с крючками или петлей, фиксируемый на коронке ретинированного зуба.

  • СТУДЕНТ-МЕДИКТЕРДИН АРАСЫНДА ЖУГУШТУ ЭМЕС ООРУЛАРДЫН РИСК ФАКТОРЛОРУ

    С.С. Сыдыкова, С.А. Джаныбекова, Т.К. Мергенбаева, И. Ташева, Н.Н. Бримкулов
    91-95 4
    Аннотация

    Бул изилдөөнүн максаты - студент-медиктердин арасында жугушту эмес оорулардын негизги риск факторлорунун кездешүүсүн аныктоо. изилдөөдө КММАнын 1-6 курсунун 643 студентикатышты, алардын ичинде 234 жигиттер жана 409 кыздар, ортожашы 20,1±2,2. Журум-турум риск факторлорун анкета турунде атайын иштеп чыгарылган «Ден-соолукту бекемдөө картасы» менен изилденди. Студенттердин канбасымын, дене салмагынын
    индексин өлчөө, кандагы кант менен холестериндин денгээлин аныктоо менен биологиялык риск факторлору изилденди. Студенттердин арасында жугушту эмес оорулардын риск факторлорунун кездешүүсү өтө бийик эмес аныкталды. Ошону үчүн студент-медиктерди жугуштуу эмес оорулардын алдын-алуу суроолорун окутуусун күчөтүү жана чынден-соолукта жашоого үйрөтүү керек.

  • ТИШТЕРДИ УСТУПСУЗ ЖОНУУНУН МЕТАЛЛОКЕРАМИКАЛЫК ТИШКАПТАРДЫ ЖАСООДОГУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

    Э.О. Исаков
    96-98 5
    Аннотация

    Макалада металлокерамикалык тишкаптардын учу н тиш бүйлөөсүнүн ичине жайгаштыруудагы пародонттун жабыркылануусун азайтуу чагылдырылган.

  • МЕТАЛЛОКЕРАМИКАЛЫК ПРОТЕЗДЕРДИН КЕРАМИКАЛЫК ОБЛИЦОВКАЛАРЫНЫН СЫНЫП КАЛУУЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ОЦДОО

    Э.О. Исаков
    99-102 1
    Аннотация

    Макалада керамикалык облицовкалардын сынып калуусунун себептерн жана аларды калыбына келтирүүнүн жармаштыруу технологиясы каралган.

  • КАШКА ЖИЛИКТИН МОЮНЧАСЫНЫН СЫНЫГЫН ЗАМАНБАП МЕЗГИЛИНДЕ ДАРЫЛОО

    Б.Т. Суеркулов, С.А. Джумабеков, Б.Н. Калчаев, Э.А. Байгараев
    103-105 4
    Аннотация

    Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдоо борборунун базасында 2011 жана 2012 жылдардын аралыгындагы бейтаптардын жамбаш муунун кашка жилик моюнчасынын сынышы боюнча биполярдык эндопротездоодогу козомол натыйжасы чыгырылды. Жогорудагы корсотулгон аралыкта жашы 61ден 83 ко чейинки 25 бейтапка жамбаш муунун алмаштырдык. Эндопротездоодо ”NARANG“ фирмасынын имплантанттары колдонулду. Бейтаптардын 6 айдан 1жылга чейинки аралыкта 23но жакшы жана 2но канатаандырарлык деген кийинки натыйжасын алынды. Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдоо борборунун базасында 2011 жана 2012 жылдардын аралыгындагы бейтаптардын жамбаш муунун кашка жилик моюнчасынын сынышы боюнча биполярдык эндопротездоодогу козомол натыйжасы чыгырылды. Жогорудагы корсотулгон аралыкта жашы 61ден 83 ко чейинки 25 бейтапка жамбаш муунун алмаштырдык. Эндопротездоодо ”NARANG“ фирмасынын имплантанттары колдонулду. Бейтаптардын 6 айдан 1жылга чейинки аралыкта 23но жакшы жана 2но канатаандырарлык деген кийинки натыйжасын алынды.

  • ОМУРТКАНЫН ТАТААЛДАШКАН ЖАРААТТАРЫН ХИРУРГИЯЛЫК ДАРЫЛООДОГУ ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ЫКМА

    Ж.Т. Ташибеков, К.Б. Ырысов, М.М. Мамытов
    106-110 1
    Аннотация

    Авторлор омуртканын жана жулундун кокурок жана бел болугундогу жарааттары бар 102 бейтаптын дарылоо жыйынтыктарын изилдешкен. Жабык реклинация жана динамикалык байкоо ыкмасы колдонулуп, оптималдуу хирургиялык ыкма деп табылган. Дарылоо жыйынтыктары на таянып, айрымалоо диагностикалык белгилер жана ар кандай хирургиялык ыкмалардын эффективдуулугу аныкталган.

  • TYШHTYK КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАХТА ӨCTYPYYЧҮ АЙМАКТАРЫНДА ТЕМИРЖЕТИШСИЗ АЗ КАНДУУЛУКТАН ЖАБЫРКАГАН ЭРТЕ ЖАШТАГЫ БАЛДАРДЫН ИММУНОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛYKTӨPY

    К.Т. Турдубаев, Э.К. Турдубаева
    111-113 12
    Аннотация

    Туштук Кыргызстандын пахта өстүрүүчү региондорунда жашаган темиржетишсиз азкандуулук менен жабыркаган эрте жаштагы балдарда иммундук системасын изилдөөнүн жйынтыктары берилди. Организмге антропогендик факторлордун (пестициддер, химикаттар) тийгизген таасаринин натыйжасында гуморалдык иммунитет өзгөрүүсү мүмкүн.

  • ЧУРАЙ АЙМАГЫНДА ЖАИГАШКАН ДЕРМАТОФИТИЯ ИЛДЕТИНИН ПАТОМОРФОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨРҮЛҮШҮЖАНА КОМПЛЕКСТИК ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАСЫ

    М.Б. Усубалиев, Ю.В. Козьмина
    114-120 1
    Аннотация

    Макалада чурай аймагында жайгашкан дерматофития илдетинин патоморфологиясы жана комплекстик дарылоо ыкмасынын жыйынтыгы берилген.

  • БАЛДАРДЫН ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН БӨЙРӨКТҮН ФУНКЦИЯСЫНЫН БҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА АНЫН КАБЫЛДРО ООРУЛАРЫ МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШЫ

    И.М. Штрафун, Э.Ш. Алымбаев, Х.Р. Ахмедова, В.Г. Шишкина
    121-123 2
    Аннотация

    Заара чыгаруу системасынын функциясы бузулган дарттардын тъзъмънде (структурасында) негизги симптомдору болуп тез-тез заара ушатуу (55,3%) жана тун ичинде табарсыктын боштугу (43%) эсептелген табарсыктын нейрогендүү дисфункциясы (60%) үстөмдүк кылат. Басымдуу учурларда бөйрөкко суук тийүүнүн курч жана өнөкөт оорулары гиперрефлектордук типтеги, адаптацияланбаган вариантгагы жана негизинен орто жаш-курак тобуна таандык балдардын арасында кездешкен (р<0,05) табарсыктын нейрогендүү дисфункциясынын фонунда калыптанат.

  • ВИТАПРОСТ ДАРЫСЫНЫН,ӨНӨКӨT АБАКТЕРИАЛДЫК ПРОСТАТИТИ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРГА БОЛГОН ЭФФЕКТҮҮЛҮГҮ

    А.Ч. Усупбаев, Е.П. Еганов, Н.Ж. Садырбеков
    124-128 4
    Аннотация

    Бул статияда өнөкөт простатити менен ооруган бейтаптардын «Витапрост» дарысынын фармакологиялык эффектүүлүгү каралган. Терапевтик эффектиси он таасир этиш үчүн эркек жыныстык бези менен ооруган ооруларга доплер-ультраүндүк изилдөөлөр дарыланганга чейин жана дарылангандан кийин жүүргүзүлгөн.

  • ӨПКӨ ГИПЕРТЕНЗИЯСЫ ТУБАСА ЖҮРӨК КЕМТИГИ

    С.М. Шахнабиева
    129-135 2
    Аннотация

    Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илим-изилдъъ институтунун (ЖХжОТИИИ) консультациялык-диагностикалык бөлүмүнүн базасында 5826 амбулаториялык байкоонун медициналык карталарына талдоо жүргүзүлдү.
    Биринчи жолу Кыргыз Республикасында кайрылуулар боюнча тубаса жүрөк кемтигине (ТЖК)жана ТЖК менен өпкө гипертензиянын даражасы региондор боюнча түзүмдүк бөлүштүрүлүшүнө, хирургиялык коррекцияга чейин жана кийин жүрүктүн ремоделдөөсүн баалоого талдоо жүргүзүлдү.

  • ТӨРӨТТӨН КИЙИНКИ ЭНДОМЕТРИТ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН АЯЛДЫ ДАРЫЛООДО АНТИБАКТЕРИАЛДЫК ПРЕПАРАТТАРДЫ КОЛДОНУУГА АНАЛИЗ КЫЛУУ ЖАНА БАА БЕРҮҮ

    И.У. Исмаилова
    136-141 3
    Аннотация

    Көп учурларда төрөттөн кийинки эндометритти дарылоодо антибактериалдык препараттарды колдонуу схемасы КР ССМнин клиникалык протоколунун сунуштарына карты келе тургандыгы аныкталды. Применение Төрөттөн кийинки эндеометрит менен ооруган бейтапка цефазолиндн колдонуу дагы рационалдуу эмес, анткени бул дары каражаты операция алдындагы профилактика учун колдонулат.

  • ИОМЭКТОМИЯ БОЛГОН АЯЛДАРДЫН РЕПРОДУКТИВТУУ ДЕН-СООЛУГУ

    А.А. Аскеров
    142-144 5
    Аннотация

    статьяда 195 миомасы бар аялдардын дарылоо жыйынтыгы корсозулгон. Миомэктомия учрундагы убакыт узактыгы кансыроо колому, кайра пайда болуу коркунучу миома шишиктеринин санынан жана жайгалышканынан коз каранды. Кош бойлуулук жоготуу коркунучу миомэктомия учрундагы жатындын ичине кирген учурда эки эссе кобуроок жолугушат.

  • МЕНОПАУЗАДАН КИЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ ЖАТЫНДЫН ЛЕЙОМИОМАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

    А.А. Аскеров
    145-147 4
    Аннотация

    статьяда менопаузадан кийинки мезгилдеги жатындын лейомиомасынын озгочолугун изилдоо боюнча жыйынтыктар корсотулгон. Миомасы регресс болбогон аялдар кеч менопаузага дуушар болушкан. Аларда салыштырмалуу кобуроок башка гинекологиялык оорулар (эндометриоз, эндометрийдин гиперплазиясы) кездешет.

МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • САБАКТЫ САПАТТУУ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ СТУДЕНТТЕРДИН БАШТАПКЫ БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИН ӨТКӨРГҮЧ КАТАРЫ АНЫКТОО

    М.С. Молдобаева, Н.Т. Толомбаева, P.M. Аттокурова, Ч.А. Муратова, Б.С. Жалилова, Ж.К. Апышова, Г.О. Наркулова
    149-155 5
    Аннотация

    Студенттердин информациалык бөлүктү сапаттуу өздөштүрө алыштары үчүн алардын билим деңгээлин аныктоо керек. Кыргыз Медициналык Академиянын 2-курсунун студенттеринин билим деңгээлин билүү үчүн эн негизги сабактарды өздөштүрүүдө анализ жүргүзүлдү. Дарылоо факультетинин 2-курс 289 студенттеринен сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоо анкета түрүндө нормалдуу анатомия жана физиология сабактарынан суроолорду, студенттердин кайра тапшыруу укуктарын жана оорулуулар менен болгон баарлашуу мүмкүнчүлүгүн камтыган. Текшерүүнүн натыйжасында 2-курс дарылоо факультенин 289студенттин ичинен: 2011-2012 окуу жылында 11% кана студенттер оорулуулар менен баарлашуу мүмкүнчүлүктөрү болгон; 2010-2011 окуу жылында студентердин 18,3% эн негизги сабактар боюнча азыркы убакытка чейин жүрөктүн анатомиялык көндөйлөрүнүн санын билишпейт; 2010-2011 окуу жылында студенттердин 15% 2 курстагы экзамендер жөнүндө маалыматтары жок экендиги, 2011-2012 окуу жылында 77% чейинки суралган студенттер экзамен кандай формада өтүшүн, 2011 -2012 окуу жылында 94,6% студенттер экзаменди кайра тапшыруусу чектелген экенин билбегендиктери аныкталган. Ошентип 2-курс студенттеринин үстүнөн жүргүзүлгөн байкоо, нормалдуу анатомия жана физиология сабактарынан билим деңгээлинин төмөндүгү жана оорулуулар менен болгон баарлашуу мүмкүнчүлүгүнүн начарлыгы, а кээ бир студенттер болсо окуп жаткан жылында кайсы сабактардан сынактарды тапшырарынан кабары жок экен. Ошентип, жүргүзүлгөн байкоо студенттердин кийинки курстарда клиникалык сабактардын өздөштүрүүшүсүнө да терс таасирин тийгизет.