Башкы редактор
Том 2 № 2(1) (2013): КММАнын ЖАРЧЫСЫ
Бардык чыгарылыштар
СТУДЕНТТЕРДИН ИШТЕРИ
-
БАТКЕН ОБЛАСТЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МЕКЕМЕСИНДЕГИ ЭФФЕКТИВДYY ПЕРИНАТАЛДЫК КАРАП-ТЕЙЛӨӨНYН МОНИТОРИНГИ
АннотацияБул мониторингде перинаталдык медициналык жардамга мекеменин деңгээлинде жалпы жана жүргүзүлгөн ыкмаларга баа берилген.
-
И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫНЫН (КММА) ЖАНА Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУРУЛУШ ТРАНСПОРТ ЖАНА АРХИТЕКТУРА УНИВЕРСИТЕТИНИН (КМКТАУ) СТУДЕНТТЕРИНИН АРАСЫНДАГЫ ООРУШТУ САЛЫШТЫРУУ
АннотацияОоруга баа бериш үчүн, студенттик поликлиникада врач-терапевттин кароосуна алынган И.К.Ахунбаев атындагы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) бардык факультеттеринин биринчиден үчүнчү курска чейинки студенттердин амбулатордук карталары анализденген. Башка ЖОЖдун студентерине караганда медик-студенттердин арасында оорулардын тарашы бир канча жогору экендиги байкалды. Башка техникалык ЖОЖдун студенттерине салыштырмалуу, орто эсеп менен медик-студенттеринен ооруусунун татаалдыгы эки эсе жогору, бул режимдин бузулушу (уйкунун аздыгы, туура эмес тамактануу, аз кыймылдоо жана башка ушул сыяктуу) менен байланыштуу болушу мүмкүн. Кырдаалга жараша ден-соолукка таасир тийгизген социалдык – гигиеналык себептер жана окуу процессин терең анализдеп, көрсөтулгөн даражага калкка жана окуп жаткан жаштарга медициналык жардам көрсөтүү керек экен деп эсептейбиз.
-
КЭЭ БИР МИАСТЕНИЯНЫН АСПЕКТТЕРИ
АннотацияБул макалада миастениянын диагностикасынын өнүгүүсүнө салым кошкон тарыхый ачылыштар жөнүндө сөз болот. Ошондой эле булл оорунун актуалдыгы каралат анткени азыркы учурда көбүнчө жаштар, өзгөчө жаш кыздар чалдыгат. Миастениянын клиникалык өзгөчөлүктөрү жана диагностикалык методдору көрсөтүлмөкчү. Миастениянын кеч диагностикалык үлгүсү.
-
УЛГАЙГАН ЖАШТАГЫ АДАМДЫН РЕЙНО СИНДРОМУНУН КАУЗАЛГИЯСЫ БЕЛГИСИЗ СЕБЕПТЕР МЕНЕН БАШТАЛГАН АК КАН ООРУСУНУН МАНИФЕСТАЦИЯСЫ КАТАРЫ КАРАЛЫШЫ
АннотацияНазарыныздарга ооруканаларда өтө сейрек кездешүүчү, сол колдун манжаларынын тусунун өзгөрүшү жана каузалгия менен, сезгенүү сезими жана трофикалык жактан өзгөрүштөр менен коштолгон Рейно синдрому изилдөөгө алынган. Габапентинди кабыл алган сон, бейтаптын ооруган жери басандады, теринин тусу калыбына келди, бирок кандын текшерүүсүндө жогоруланган лейкоцитоз байкалды. Кызыл чучуктун изилдөөсүндө мегакариоциттердин өсүүшү байкалгандыктан миелолейкоздун далили болуп кабыл алынды. Туруктуу ооруу жана акропарестезиялар гемобластоздордун белгилери болуп саналат.
-
БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ДАРЫКАНАЛАРДЫН САПАТТУУ ТЕЙЛӨӨСҮ: ЭКИ ЖЫЛДА ЭМНЕ ӨЗГӨРҮЛДҮ?
АннотацияМакалада Бишкек шаарындагы дарыкана мекемелеринде 2011жана 2013 жылдар үчүн фармацевт тарабынан сатып алуучуларга билимдүү профессионалдык кеңеш берүү жана дары керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө баа берүүнү изилдөөнүн натыйжасы көрсөтүлгөн.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КУЙҮДҮРГҮНҮН ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
АннотацияКыргыз Республикасындагы күйдүргүнүн эпидемиялык туруктуулугуна байланышту анын экономикалык жана эпидемиологиялык мааниси өсүүдө.
-
КУРЧ АППЕНДИЦИТТИН КАБЫЛДООСУНДА АППЕНДИКУЛАРДЫК ЖЕТҮНҮН ПАРАРЕКТАЛДЫК КОНВЕРСИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
АннотацияБул макалада курч аппендицит перитонит болуп кабылдоосунда хирургиялык жетүү, тактап айтканда, параректалдык аппендикулардык конверсиялык жетүү, планиметрия стереметрия негизинде мүнөздөлөт.
-
ОРТОПЕДИЯЛЫК ЖАНА ТЕРАПИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯ КЛИНИКАЛАРЫНДА ИШТӨӨНҮ ҮЙРӨТҮҮ ҮЧҮН ЖАСАЛГАН ЖАСАЛМА ТИШТЕРИ БАР АДАМДЫН БАШЫНЫН МУЛЯЖЫ
Аннотациястоматология факультетинин студенти пациенттер менен иштер алдында, мугалим жасала турган жумуштардын клиникалык баскычтарынын бардыгын тактап, айтып, анан өзү жасап көргөзөт. Мында аспаптарды (күзгүнү, зондду, учтукту кесүүчү аспаптары менен) кантип кармоо керектигин, колду кантип таянууну түшүндүрөт, көргөзөт. Студентке канчалык айтпасын, көргөзбөсүн, ал өзү биринчи жолу иштеши коркунучтуу болот. Кокустан колу тайып кетсе тиштин бүйлөсүн, эринди, ууртту же тилди кесип алышы мүмкүн. Ошондуктан, биринчи жолу студент жумушту (тишке жасалма коронка жасарда, кыпчык, кыт коюуда, калып алууда) адамдын башынын муляжында баштап, көнүп, анан пациент менен иштей турган болсо, студент коркпой, колу ыңгайлашып, ыкталып иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
-
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАЛДАРДЫН КАН ООРУУГА ЧАЛДЫГУУСУНУН АНАЛИЗИ
Аннотациябул илимий иликтоодо балдардын кан ооруларынын санына салыштырмалуу аныктоо жургузулгон. Изилдоонун негизинде балдарда кобунчо геморрагиялык васкулит жана тромбоцитопения оорулары жолугары айкындалган.
-
БАЛДАРДАГЫ РЕАККТИВДYY АРТРИТТИН КЛИНИКА-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АСПЕКТТЕРИ
АннотацияТөмөнкү макалада реактивдүү артритке чалдыкккан 39 баланын оору тарыхтарын талдоо жыйынтыктары келтирилген. Курак жана жыныстык клиника-эпидемиологиялык талдоого ылайык, реактивдүү артрит 9-16 жаштагы балдарда көбүрөөк кездешет. Дарттын оор түрү мектеп жашындагы балдарда көбүрөөк болгону аныкталган. Муундук синдром негизинен тизе жана шыйрак муундары олигоартрити менен мүнөздөгөн.
-
АЗЫРКЫ МЕЗГЕЛДЕГИ СИБИР ЖАРАСЫНЫН ОЗГОЧОЛУКТОРУ
АннотацияМакала Кыргыз Республикасындагы ооруга байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды чагылдырган адамдардагы күйдүргүнүн көйгөйлөрүнө жана профилактикалык иш-чараларды өркүндөтүү үчүн агымдын клиникалык өзгөчөлүктөрүнө багытталат.
-
БАЛА ТОНУНУН КАПИЛЛЯРДЫК ГЕМАНГИОМАСЫ (ТАЖРЫЙБАДАН БАЙКОО)
АннотацияБул статьяда бала тонунун капиллярдык гемангиомасынын тажрыйбадан алынган 2 байкоосу жазылган.
-
БУЛЧУНДУУ ТИПТЕГИ АРТЕРИЯЛАРДЫН СТЕНКАСЫНА АКТИВДУУ КЫЙМЫЛДУУЛУКТУН ТААСИРИ
АннотацияБул макалада жаныбарлардын кыймылдуу активдуулугу менен байланышкан тажрыйбадан кийин чычкандар тобунун артерия капталдарынын морфологиялык озгоруулору тууралуу баяндалат.
-
ЖЫТЫНДЫН АРТЕРИЯСЫНЫН ЭМБОЛИЗАЦИЯСЫ ЖАТЫНДЫН МИОМАСЫНДА
АннотацияЖытындын артериясынын эмболизациясы 18 жаштан 48 жашка чеин 86 айымдарга откорулон. Жатын 7-28 жумага чеин чонойгон. Алардын баардыгында оперативдуулук кийлигишууго бир нече корсотуулор бар эле. ЭЖАнын артыкчылыктары: жатынды сактап калуу, бардык туйумдорго таасир кылуу, кичинекей майып болуучулук, кан жоготуусу жок, миоманын белгилерине карата натыйжалуулугу 85-95%, жакшы косметикалык натыйжа, реабилитациянын кыска мооноту.
-
ҮЙЛӨӨ АСПАПТАРДА ОЙНОГОН МУЗЫКАНТТАРДАГЫ СТОМАТОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРДЫ АНЫКТОО ЖАНА АЛАРГА ПРОФИЛАКТИКА ЖҮРГҮЗҮҮ
АннотацияҮйлөө аспаптарда ойногон музыканттардын фронталдык катардагы топтордо жайгашкан тиштеринин пародонта жана катуу ткандарынын (мүлктөрүнүн) начарлоо жана бузулуу себептерин аныктоо, талапка ылайык, аларга атайын адистештирилген профилактикалык жана дарылоо иш аракеттерин жүргүзүү.
-
ӨНӨКӨТ БООРДУН ВИРУСТУК СЕЗГЕНҮҮСҮ МЕНЕН БӨЙРӨК ООРУСУНУН БАЙЛАНЫШЫ
АннотацияӨнөкөт боордун вирустук сезгенүүсү менен бөйрөк оорусунун экөөнүн ортосундагы болгон мамилени изилдөө үчүн биз УКТБда нефрология бөлүмүндө стационардык дарылоо алып жаткан 47 бейтапты кароодон өткөздүк. Бардык бейтаптар клиникалык, инструменталдык изилдөөлөрдөн өтүштү, ошондой эле кан жана заара анализдери дагы жасалды. Изилдөөнүн жыйынтыгы төмөндөкүдөй болду: өнөкөт боордун вирустук сезгенүүсү жана бөйрөк оорусу бар бейтаптарда кан аздуулуктун көрсөткүчтөрү оорураак экен, бул боордун кошо жабыркоосуна байланыштуу дейбиз, себеби боордон кошумча ЭПО бөлүнүп чыгат. Дагы протеинуриянын көрсөткүчтөрү бөйрөк оорусу гана бар бейтаптарда жогорураагы байкалды.
-
ХИРУРГ ДАРЫГЕРЛЕРДИН ЖУМУШУНУН КЫЙЫНДЫГЫНА ГИГИЕНАЛЫК БАА БЕРҮҮ
АннотацияБул изилдөөдө, Бишкек шаарынын №1 шаардык клиникалык ооруканада эмгектенген 30-хирург дарыгерлердин жумушунун кыйындыгына гигиеналык баа берүүдөгү жыйынтык көрсөтүлгөн.
Изилдөөдөгү алынган жыйынтыктар, хирург даарыгерлердин эмгеги бир кыйла кыйын экенин далилдейт, жана жумуш шарттары зыяндуу – класс 3, даража 3 катарында мүнөздөлөт. Кыйла кыйындатылган эмгек организмде туруктуу функционалдык өзгөрүүлөргө жана кесиптик оорулардын көбөйүшүнө алып келет. Андан тышкары оорунун баштапкы белгилери же көпкө созулган экспозиция алдында пайда болгон кесиптик оорулардын жеңил формаларын жаратат. -
УГУУНУ ТЕКШЕРҮҮ ОБЪЕКТИВДҮҮ МЕТОДДОР
АннотацияБул иште «сенсоневральная жана кондуктивная тугоухость» , ошондой эле угуунун бузулушун өз убагында табуу жана коррективдөө методдору жөнүндө маалымат берилет.
-
КАРЫГАН АДАМДАРДЫН ЖУРОК ЛИМФАЛЫК ТАМЫРЛАРЫНЫН ЛИМФАНГИОНДОРУ
АннотацияТамыр системасынын озгочолугун билген учурда гана анын конструкциясы жана тузулушу тушунуктуу болот, анын бирден бир болугу- озуно гана тиешелуу функцияларын аткарган, ошондой эле норма жана патология кезинде органдарга жана бутундой организмге жашоо шартын тузо турган лимфалык тамыр системасы. Карыган адамдардын (75-90жаштагы) журогундогу сол лимфалык тамырларынын жыйындысынын лимфангиондору 15 адам олукторунун материалдарынан алынып изилденген. Изилдоолордун натыйжасында сол лимфалык тамырларынын жыйындысынын интра- жана экстраоргандык тамырларында формасы жана тамыр системасынын капталынын тузулушу чон озгорушторго учурашы тастыкталган
-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НАРЫН ЖАНА ТАЛАС ОБЛАСТАРЫНДАГЫ КЕЧИКТИРИЛГИС ХИРУРГИЯЛЫК ЖАРДАМДЫ БААЛОО
АннотацияБул макалада калкка региондо көрсөтүлгөн кечиктирилгис хирургиялык жардамды анализ жүргүзүлгөн.