Том 5 № 5 (2016): КММАнын ЖАРЧЫСЫ

					##issue.viewIssueIdentification##
Жарыяланганы: 2016-05-14

Бардык чыгарылыштар

САЛАМАТТЫК САКТООНУ УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АЙДАРАЛИЕВ АКМАТБЕК АЙДАРАЛИЕВИЧТИН - 100 ЖЫЛДЫГАНА КАРАТА

    Н.К. Касиев , О.А. Болбачан , А.Г. Кошмуратов
    8-10 42
    Аннотация

    Корутунду: профессор А.А. Айдаралиевдин окумуштуу катары, саламаттык сактоодогу уюштуруучулук жана медициналык билим беруу тармагындагы кошкон салымы жана иштерине баа берилди.

  • ЭЛ АРАЛЫК ЖОГОРКУ МЕДИЦИНАЛЫК МЕКТЕБИНИН КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО КАФЕДРАСЫНЫН ПРОФЕССОР АКМАТБЕК АЙДАРАЛИЕВДИН ОКУТУУЧУЛУГУН УЛАНТУУСУ

    Ч.Т. Сулайманова , К.О. Джусупов
    11-14 18
    Аннотация

    Корутунду: Макалада Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинде окутуунун мисалында, коомдук саламаттык сактоонун заманбап түшүнүгү жана келечегин өнүктүрүүсү көрсөтүлгөн. Илимдин башында улуттук коомдук жана саламаттык сактоо уюмдарынын негиздөөчүсү, медициналык тарыхчы, көрүнүктүү окумуштуу, доктур, ага окутуучу А.А. Айдаралиев турган.

  • КЫРГЫЗСТАНДА КООМДУК САЛАМАТТЫКТЫ САКТООНУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯСЫ

    М.М. Каратаев
    14-22 17
    Аннотация

    Бул макалада өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын учурдагы абалы жөнүндө кыскача талдоо тартууланат, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо стратегиясын иштеп чыгуу боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн. Абдан натыйжалуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо моделдин мүнөздөмөсү берилген: базар экономикасы учурунда, мамлекеттик же социальдык камсыздандыруубу? Ал саламаттык сактоо системасында экономикалык талдоо ыкмасынын артыкчылыгы белгиленди.

  • СОСТОЯНИЕ И ПЕРСПЕКТИВЫ РАЗВИТИЯ ЗДРАВООХРАНЕНИЯ В РЕСПУБЛИКЕ КАЗАХСТАН

    С.Р. Жакенова , А.М. Гучияев
    22-27 20
    Аннотация

    В данной статье отражены результаты по целевым индикаторам и структурным преобразованиям, которые были достигнуты благодаря внедрению программы развития здравоохранения «Саламатты Казахстан» на 2011-2015 годы. Такими являются: увеличение продолжительности жизни, снижение общей, материнской, а так же младенческой смертности, снижение роста заболеваемости туберкулезом, внедрение комплекса современных инструментов управления и финансирования и т.д. В связи с успешным окончанием программы «Саламатты Казахстан» на 2011-2015 годы, была разработана и принята новая программа развития здравоохранения Республики Казахстан «Денсаулык» на 2016-2020 годы. Программа «Денсаулык» будет направлена на закрепление и развитие достигнутых результатов и решение проблем в вопросах охраны здоровья в соответствии с новыми вызовами, а также станет основой для планомерного развития отрасли до 2050 года.

  • КООМДУН ЗАМАНБАП ӨHYГYY ЭТАБЫНДА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО СИСТЕМАСЫНЫН ПЕРСПЕКТИВДҮҮ ӨHҮГҮҮCҮ: АНАЛИТИКАЛЫК КӨРYНYШY

    Н.Ю. Стасевич
    27-33 18
    Аннотация

    Макалада дүйнө жүзүндө кезигүүчү саламаттыкты сактоо системасынын өнүгүүсүнүн негизги заманбап модели чагылдырылган. Россиядагы милдеттүү медициналык саламаттык сактоо системасынын алдында турган меселеге мунөздөмө берилген. Россиянын саламаттыкты сактоо системасында кездешкен заманбап маселелер жана аларды чечүү жолдору көрсөтүлгөн.

  • МЕДИЦИНАЛЫК ЭРРАТОЛОГИЯ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМДЫН САПАТЫН БААЛООНУН СИСТЕМАСЫН КУРУУДАГЫ ПАЙДУБАЛЫ

    Г.А. Комаров , А.К. Конаныхина
    33-37 30
    Аннотация

    Азыркы медицина илиминде медициналык жардамдын сапатын баалоо системасын түзүүдө артыкчылыктуу багыттын бири болуп бүгүнкү күндө медициналык эрратология саналат. Медициналык жардам көрсөтүүнүн жагымсыз натыйжаларын аныктоо жана тизмесин түзүү маанилүү аспекти болуп саналат. Максаттуу каралууга тийиш болуп бардык жагымсыз жыйынтык менен бүткөн медициналык жардам көрсөтүү саналат. Медициналык адашуулар көбүнчө жагымсыз жыйынтыктын себеби болуп саналат. Медициналык жаңылуулар келип чыгышы боюнча: дарыгерлик, системдик жана дарыгерлик, системдик менен байланышкан болуп бөлүнөт.

  • САЛАМАТТЫКТЫ САКТООНУН УЮШТУРУЧУЛАРЫНЫН КАДРЛАРДЫ БАШКАРУУНУН ПОТЕНЦИАЛЫН ЖАКШЫРТУУНУН ЖОЛДОРУ

    А.Р. Габриелян , С.Ф. Торубаров , С.Н. Перосов , Д.В. Русак , В.В. Финогенов
    38-42 13
    Аннотация

    Россия коомунун заманбап өнүгүүсү бүтүндөй саламаттык сактоо системасына таасирин тийгизди. Биринчиден, медициналык жардамдын сапатына көптөгөн жаңы талаптар пайда болууда, экинчиден саламаттык сактоонун финансылык абалы начарлоодо. Мамлекеттик медициналык мекемелер оор абалда калууда, алардын иш- аракетин жакшыртуунун жолдорун издөө маселеси айкын коюлууда. Дарылоо мекемесинин иш-аракетинин объективдүү курамын (экономикалык, социалдык, политикалык) өзгөртүү кыйын, субъективдүү курамына гана таасир этүүгө болот (коллектив, анын потенциалы, жетекчиликтин эффективдүүлүгү). Бул башкаруу иш-аракетин жакшыртуу маселесин алып чыгат.

  • КООМДУК САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫНДА КАДРДЫК БАШКАРУУНУН ПОТЕЦИАЛЫН ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫН НЕГИЗДӨӨ

    Л.М. Маликова , С.Н. Петросов , Ю.Н. Учайкин , В.В. Финогенов
    43-48 12
    Аннотация

    Саламаттыкты сактоонун кадрдык саясатын ишке ашыруунун бирден бир концептуалдык меселеси болуп адамдык рессустарды илимий заманбап башкаруунун теориясына, талабына жана принцибине ылайык “саламаттыкты сактоонун кадрдык кызматын реформалоо ” саналат. Концепциада көрсөтүлгөндөй, кызматкерлерди башкаруу маселелери жалдоонун заманбап технологиясы аркылуу жана кызматкерлерди диагностикалоо, жумуш ордунун талабына, жумушчунун патенциалына ылайык кадрларды компетентүү бөлүштүрүү, кызматкердин профессионалдык өсүүсүн камсыздоо менен чечилиши зарыл.
    Маанилүү маселелердин бири болуп саламаттыкты сактоонун уюштуруучуларынын ар башка тобунун профессионалдык мүнөздөмөсүн изилдөө жана коомдук саламаттыкты сактоонун катмарында кадрдык башкаруунун потенциалын оптималдаштыруу боюнча сунуштарын иштеп чыгуу саналат.

  • ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ДИСТАНТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ЫКМАЛАРДЫ КОЛДОНУУ

    Г.А. Комаров, К.Т. Маматова, В.П. Алексеев, О.Ж. Узаков, А.К. Конаныхина
    48-52 12
    Аннотация

    Бул макалада россиядагы врачтардын квалификациясын жогорулатуу институту тарабынан дистанттык ыкмалардын колдунуунун негизинде үзгүлтүксүз медициналык билим берүүнүн маселеси каралган жана анын ынгайлуу жактары талкууланган. Өзгөчө врачтарга билим берүү тарабында көзкаранды көлкөлөрдүн арасында эски байланыштарды жана мамилелерди кабылына келтирүү маселеси каралган.

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТТЫН ӨHYГYY ТАРЫХЫНЫН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ

    О.Д. Джумагулов
    52-55 85
    Аннотация

    Кыргыз Республикасындагы офтальмологиянын пайда болушу жана өнүгүүсү Россия менен СССР дин революцияга чейинки мезгилине туш болот. Мынды Санкт-Петербургдагы асиздерге камкордук көрүүчү Кеңеши жана РСФСР деги Наркомздрав чоң роль ойногон. Көз клиникасы уюштурулганда, 1939-жылдан тартып, өздөрүнүн офтальмология боюнча кадрларын даярдоо иши башталган. Республиканын офтальмологиялык кызматынын негиз салуучусу профессор О.А. Дудинов болгон.
     

  • ТАЖИКСТАНДА УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН ДЕН СООЛУГУНУН СОЦИАЛЬДЫК ЖАНА ГИГИЕНАЛЫК БААЛОО

    С.Ф. Шарипов , К.Н. Дабуров
    55-61 17
    Аннотация

    Тажикстанда улгайган негизги маселе чектейт же активдүү жашоо жок саламаттык сактоо болуп саналат. Изилдөөнүн максаты: Тажикстанда улгайган адамдардын ден соолугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн коомдук-гигиеналык жактарын баалашпайт. Биз саламаттык сактоо уюмдарынын отчеттуулук жана жазуу ыкмаларын колдонгон, дарылоо жана коомдук экспертиза агенттиги жана статистика боюнча мамлекеттик кызматы 600 мезгил ичинде улгайган адамдар 2010-2014. Кан айлануу системасы оорулары ээлеген 34,2% оорулардын биринчи класстын арасында ооруларынын түзүмүндө. Тамак эритүү системасын (15,1%), оору болуп чыкты экинчи орунда, андан кийин - таяныч жана бир байланыш кыртышы (13,2%) оорулары, эндокриндик оорулар, тамак-аш жана зат алмашуу оорулар (11,3%), оорунун дем алуу органдары (10,5%). жалпы өлүмдөрдүн түзүмүндө оорулардын түрлөрүнүн үлүшү 73,8% ды түзгөн. Корутундулар.Карыганда, түзүмүн оорусунун курч оорулардын санын азайтуу жана өнөкөт патологиялык жараяндардын жакшыртуу менен байланыштуу оорулардын санын көбөйтүү менен өзгөрөт.

  • САЛАМАТТЫК САКТООДОГУ МЕНЕДЖМЕНТ - ЗАМАНБАП МЕДИЦИНАЛЫК УЮМДАРДЫ БАШКАРУУНУН АЖЫРАГЫС БӨЛYГY

    С.А. Столяров , А.В. Таненкова
    62-64 22
    Аннотация

    Россияда Саламаттык сактоо менеджерлерин даярдоо актуалдуу болуп эсептелет, анткени, бул менчиктин бардык түрлөрүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилиги астында башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу аракетинин көлөмүн жана алардын натыйжалуулугун жогорулатат.

  • ОЦЕНКА ЗАБОЛЕВАЕМОСТИ ВРАЧЕЙ ОБЩЕЙ ПРАКТИКИ ПО ДАННЫМ ВУТ И МАТЕРИАЛАМ СОЦИОЛОГИЧЕСКОГО ИССЛЕДОВАНИЯ

    Л.И. Сейдуанова
    65-68 12
    Аннотация

    В работе изложены результаты анализа заболеваемости с временной утратой трудоспособности и материалов анкетного опроса врачей общей практики (семейной медицины) поликлинических учреждений г.Алматы. В течение 2013­ 2015гг. отмечен рост показателей заболеваемости с временной утратой трудоспособности врачей общей практики с 62,4 до 91,6 случаев нетрудоспособности, по дням нетрудоспособности - от 399,4 до 769,4; средняя длительность одного случая нетрудоспособности - с 6,4 дня до 8,4 дня. Установлено, что среди причин временной нетрудоспособности у врачей общей практики доля «заболевания» значительно выше, чем у лиц контрольной группы, а также по числу и случаям в основной группе превышают в 1,5 раза выше, чем в группе контроля. Результаты исследования свидетельствуют о необходимости принятия комплексных мер по преодолению причин низкого уровня медицинской активности, особенно, в стадии формирования хронической патологии у молодых специалистов после окончания медицинского ВУЗа.

НЕГИЗГИ МЕДИЦИНА

  • БИЙИК ТООДО КЕСИПТИК КЫЗМАТЫНДАГЫ СЫРТКЫ ДЕМ АЛУУНУН ИШ АРАКЕТИНЕ КӨНҮГҮСҮНҮН ӨЗГӨРҮШТӨРY

    А.С. Шаназаров , Д.Ш. Чынгышпаев , Ш.Ю. Айсаева
    69-74 22
    Аннотация

    Вахталык жумушчулардын жана аскер кызматчылардын бийик тоодо (3600 м ) кыска жана узак мөөнөттүү иш аракеттенген кезде сырткы дем алуунун көнүгүү өзгөрүүлөрүнүн көрсөткүчтөрү менен дем алуу жана дем чыгаруу Чон бийиктикте узак мөөнөт (1,5-2 жыл) эмгектенген аскер кызматкелернин сырткы дем алуу системасындагы көнүгүү өзгөрүүлөрү дем алуунун ылдамдык бөлүгүнүн эсебинен, вахтовиктердики болсо паттерн-дем алуунун көлөмүнүн жогорулоосу аркылуу ишке ашат. Натыйжада, вахтовик жумушчуларга караганда, ушул мөөнөттө аскер кызматкелеринин дем алуу резервинин көлөмү өзгөчө төмөн.

  • ЧОҢ АДАМДАРДЫН КЫЗЫЛ КЕМИГИНИН МОРФОФУНКЦИОНАЛЬДЫК ТYЗYЛYШYНYН КӨРYНYШY

    Т.С. Абаева
    75-78 22
    Аннотация

    Чоң 17 адамдын өлүгүндө сөөктүн кызыл кемигинин түзүлүшүн изилдөө. Сөөктүн кызыл кемиги борбордук кан жаратуу органы, анын ичиндө өзүн колдоочу стромалдык клетка бар, ошондой эле гемопоэтикалык тулкулук клеткалар болот. Изилдөө ыкмасына төшкө жоон ийне менен пункция кылып, андан кийин краскаланат. Айнектин бетине сүйкөлгөн кемикти эсептептөө менен миолограмма түзүлөт. Биздин изилдөөбүздө Карабалта шаарында жашагандардын миограммасынын көрсөтмөсүнүнөн лимфоциттердин, сегменотоядерныйлардын жана жаштарынын (юнные) көрсөтмөлөрүнүн көбөйгөнүн далилдейт, ал эми эритробластардын гранулоцитардык өсүүсү бир аз азайганын. Тышкы жана ички таасирлердин касиетинене жана демографиялык факторлодун таасирине байланыштуу.

  • БИЙИК ТООНУН ТАБИГЫЙ ШАРТТАРЫНА КӨНҮҮГҮДӨ ТАКТИВИНДИН ИММУНИТЕТТИ ЖОГОРУЛАТУУ ЭФФЕКТИСИ

    Ж.С. Тумонбаева , К.А. Собуров
    78-81 15
    Аннотация

    Макалада тоо жеринде ар кандай меенетте кенугуунун эксперименталдык жаныбарларга тактивинди бергенден кийин иммундук статусуна жана спецификалык эмес резистенттуулугуне тийгизген таасирлерин изилдоосунун натыйжалары корсотулгон. Тактивинди жаныбарларга бийик тоодо езгече кенугуунун 5-чи кунунде бергенде иммундук жетишсиздиктин темендешун алдын алат.

ГИГИЕНА ЖАНА ЭПИДЕМИОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЕСИПТИК ПЕСТИЦИДТЕРДИН ТААСИРИ ЖАНА ОНКОЛОГИЯЛЫК МЕНЕН ООРУГАНДАРДЫН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ

    А.А. Айрапетян
    82-85 14
    Аннотация

    Корутунду. Армениянын жогору өнүккөн айыл чарба жергесинде изилдөө «иш-контроль» аттуу изилдөө өткөрүлдү. «Иш» тобу ар кандай чектөө шишик менен ооругандар, «контроль» тобуна жаш курагы, жынысы, жашаган жери жана башкалары менен ылайык жашоочулар киргизилген. Айлана-чөйрөнүн объектилеринин фитотоксикалык активдүүлүгүн жүргүзүлдү. Агрохимикаттарды кыркалары менен жана алардын өлчөмү жана рак оорусунун ортосундагы бекем байланыш аныкталган жок. Ошондой эле «иш» жана «контроль» тобтодун арасында айлана-чөйрөнүн объектилеринин мутагендүү активдүүлүгүнүн денгээлдеринде айырмачылыктар жок. Бирок, эки тобто тен кээбир фитотоксикалык активдүүлүгү бир аз жогорулагандыгы катталган, топ-топ болуп жазылып калган. Ал эми, агрохимикаттардын сактоо жана пайдалануунун ыкмалары, оруп-жыюу жана пестицидтер менен дарылоодон кийинки жумушка чыгуу мөөнөтү рак оорусунун келип чыгуусуна таасир себеп катары каралышы мүмкүн.

  • ОНКОЛОГИЯЛЫК БЕЙТАПКАНАДА САЛАМАТТЫК САКТОО КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ДЕН-СООЛУГУНА ӨНДҮРҮШ ЧӨЙРӨСҮНҮН ХИМИЯЛЫК ФАКТОРЛОРУНУН ТААСИРИ (СЕРЕП)

    Б.Н. Иманкулова , К.О. Джусупов
    85-91 37
    Аннотация

    Макалада цитостатика менен иштеген саламаттык сактоо кызматкерлеринин өндүрүштүк чөйрөсүндө химиялык факторлорду гигиеналык баалоо боюнча жарыяланган изилдөөлөрдүн акыркы жылдардагы жыйынтыктары берилген. Жумушчу аймактагы абанын химиопрепараттар менен булгануу коркунучун далилдеген маалыматтар келтирилген. Кыргызстандагы онкологиялык бейтапканаларда эмгек шарттарын гигиеналык баалоону өткөрүү зарылдыгы негизделген.

  • АРАЛ КӨЛҮНҮН ТУРГУНДАРЫНЫН АРАСЫНДА МИТЕ ООРУЛАРЫНЫН ЖАНА КУРЧ БАКТЕРИЯЛЫК ИЧЕГИ-КАРЫН ООРУЛАРЫНЫН ТАРАЛЫШЫНЫН ГИГИЕНАЛЫК БААЛОСУ

    Л.К Ибраева , K.K Тогузбаева , С.Ш. Шаяхметов , М.С. Нурсейтов , Б.К. Оразумбекова , Д.Н. Калдыбай
    92-94 10
    Аннотация

    Макала мите ооруларынын жана Кызылорда жана Караганда региондордун тургундарынын арасында курч бактериялык ичеги-карын ооруларынын таралышынын гигиеналык баа берилген. жылдар 2004-2013 учун Кызылорда жана Караганда аймактарда объектилерди бактериялык жана мите булганышы бир мунез талдоонун маалыматтары жана мите айлана-чейренун булганышы, ез изилдеенун натыйжалары.

  • «АЗГЫР» ПОЛИГОН АЙМАГЫНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА ДЕМОГРАФИЯЛЫК БАА БЕРYY

    У.И. Кенесариев, А.Е. Ержанова, М.К. Амрин, А.Е. Бухарбаева , С.Б. Кулов, Н.О. Хамитова, Ж.А. Айбасова
    95-101 17
    Аннотация

    Жыйынтык. макала Казакстан Республикасынын аймагында жайгашкан атомдук бурчтугу «Azgyr» аймагынын калкынын жана ден соолук көрсөткүчтөрү, dannyemonitoringovyh изилдөө берет. Ошентип, изилдөө аймагындагы ден-соолук жана кубулуштарды абал жагымсыз деп мүнөздөлөт. динамикасы бала калктын улушу байкалган, ошондой эле, тукум улоо курактагы аялдар. 2015-жылы калктын бул категориядагы пайыздык өлкө, регион, райондук жана контролдоо төмөн болгон. 2006-жылы да бир аз башкача сүрөт бар болчу. Бирок, негизинен, төмөнкү төрөлүшү учун, мезгил ичинде калктын табигый өсүшүнүн төмөндөшү бар. калктын табигый өсүшүнүн жалпы өлкөнүн, аймактын, райондук жана айылдык башкаруу учун кыйла төмөн болуп калууда.

  • ТАЖИК РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЛКЫН ИЧYYЧҮ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДY ЧЕЧҮҮ

    К.Н. Дабуров , Г.Д. Азимов
    101-105 22
    Аннотация

    Корутунду. Калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу азыркы учурда өтө актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Изилдөөнүн максаты. Тажикстанда ичүүчү суу менен камсыз кылуу абалына баа берүү жана анын стратегиясын жакшыртуу.
    Материалдар жана ыкмалар. 2005-2015-жж. МСЭКБ тарабынан өлкөнүн 346 ичүүчү суу менен камсыздоо түзүлүштөрү жана ичүүчү суунун лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары колдонулган.
    Изилдөөлөрдүн натыйжалары жана аларды талкуулоо. Өлкөдө калкты борборлошкон ичүүчү таза суу менен камсыздоо орточо 58,1% ды түзөт. 2006-жылы Тажик Республикасында 2008-2020жж. калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча Улуттук Программасы бекитилген.
    Корутундулар. Жалпысынан өлкө боюнча калкты коопсуз таза суу менен камсыз кылуу өзгөчө айыл жергесинде төмөнкү деңгээлде. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы оң тараптуу өзгөрүүлөр коомдук-тиричилик жана санитардык-эпидемиологиялык абалындын жана жашоонун жакшыруусуна алып келет.

  • АРМЕНИЯДАГЫ КЭЭ БИР ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫН АЙЛАНА-ЧӨЙРӨСҮНҮН АБАЛЫ ЖАНА МУТАГЕНДИК ФОНУ.

    Н.С. Татевосян , С.Б., Погосян , С.А. Мурадян , Б.Г. Хачатрян , А.А. Гулоян , А.Н. Джанджапанян
    105-111 21
    Аннотация

    Көптөгөн изилдөөчүлөр ксенобиотиктердин мутагендик зыяндуулугун, айлана-чөйрөдө айланышын жана аны булгоосун далилдеген, андыктан азыркы учурда айлана-чөйрөнү изилдөө жана анын адамдардын ден-соолугунун коопсуздугуна байланыштуу суроолор өтө маанилүү. Хлорорганикалык пестицидтердин ү-ГХЦГ, ДДТ (ДДЕ,ДДД), жер үстүндөгү активдүү заттардын, жана мүмкүн болгон мутагендик курамдын мониторингинин маалымыттарынын негизинде Армениянын тоо этегиндеги аймактарында (марз Лори) айлана-чөйрөнүн булганышынын чыныгы деңгээлине талдоо жүргүзүлгөн (топурак, ылай).
    Салыштырмалуу жогорку деңгээлдеги айлана-чөйрөнүн булгагычтары жана алардын кездешүү жыштыгы Спитак районунда алынган пробада байкалган. Бирок алар гигиеналык стандарттан көтөрүлгөн эмес. Фитотоксиндик активдүүлүктү комплекстик изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, жер үстүндөгү активдүү заттардын, хлорорганикалык пестициддердин иш жүзүндөгү деңгээлинин булгагычтарынын жыштыгын аныктоодо, салыштырмалуу төмөнкү көрсөткүч Степановс районунан байкалган, эс алуу аймактары жана калктын ден-соолугун чьңдоону кеңейтүү жанан өстүрүү көз карашы боюнча өзүнө көңүл бурдурат.

  • БИШКЕК ШААРЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО УЮМДАРЫНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ТАШТАНДЫЛАРДЫ БАШКАРУУ ЫКМАСЫН ОПТИМАЛДАШТЫРУУСУНУН ЭТАПТАРЫ

    Г.А. Джумалиева , А.А. Кравцов , Ж.Б. Куржунбаева , Н.О. Соромбаева
    112-117 22
    Аннотация

    Корутунду. Бишкек шаарында 55 саламаттык сактоо уюмдарында медициналык багыттагы буюмдарды зыянсыздандыруу аракеттери уюштурулган. Ал уюмдар өзгөчө өтө жугушуу мүмкүн болгон ар кандай колдонулган медициналык таштандыларды зыянсыздандыруу эффективдүү иштелип чыккан. Ал медициналык таштандыларды гравитацияланган автоклавда ВК-75 маркасында жүргүзүлөт. Ошол иштелип чыккан ыкмасы саламаттык сактоо уюмдарынына өтө пайдалуу экономикалык багыттарды алып келет. Анткени ал дезинфектантарды 34% төмөндөтөт, 8% жугуштуу таштандылар көлөмүн азайтат. Ал эми шприцтин желим бөлүктөрү кайра иштетилип, башка буюмдарды чыгаруу мүмкүнчүлүктөр бар, кошумча каражат алынат.

КЕСИПТИК ООРУЛАРЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СУРМА МЕНЕН ИШТЕГЕН ЖУМУШЧУЛАРЫНА ТОКСИКАЛЫК ТААСИРИ

    Ч.Т. Сулайманова , Ч.К. Чонбашева
    118-122 26
    Аннотация

    Коротунду. Сурманын токсикалык таасирин көрсөткөнгө 100 жумушчу каралган. Нерв, жүрөк, дем алуу, тамактануу системасында, териде өзгөрүүлөр табылган. Сурманын өскөн мазмуну канда, заарада жана чачта табылган. 35-е өнөкөт сурма уулануу, кесиптик оору деп дайындалган. Алдын ала иш чаралар сунуш кылынат.

  • КЕСИПТИК ООРУЛАРДЫН ӨРЧYYСYН ЗЫЯНДУУ ӨНДҮРҮШТҮК ФАКТОРЛОРДУН ӨЛЧӨМДҮК ЖҮКТӨӨНҮ ЭСЕПТЕП ЧЫГАРУУНУН НЕГИЗИНДЕ АЛДЫН АЛА АЙТУУ

    А.А. Исмаилова , А.А. Мусина
    122-126 14
    Аннотация

    Корутунду. Патологиялык бузулуулардын калыптануусу организмдин ар кандай функционалдык системаларынын көнүп кетүүсү жана зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен көз каранды. Зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасирин эске алуу менен эмгекчилердин ден соолук көрсөткүчтөрүн кесиптик тобокелге баа берүү кесиптик оорулардын чыгып келүүсүн алдын ала айтууга жана зыяндуу өндүрүштүн эмгекчилеринин ден соолугун сактоого, эмгек шарттарын жакшыртууга арналган башкаруу чечимдерин иштеп чыгууга багытталган.

  • КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛТЫНЧЫГАРУУ КОМБИНАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРДЫН ООРУСУ

    Ч.К. Чонбашева , Ч.Т. Сулайманова , К.И. Аширбаева
    126-131 16
    Аннотация

    Корутунду: Mезгилдүү медициналык кароонун натыйжасы менен кесиптик жана кесипменен байланыштуу оорулардын салыштыр масалмагын көрсөтүлгөн;диспансердик каттоо группалар бөлүнгөн;ооруларды налдыналуу жана реабилитациялоо системасы негизделген.

  • ФОСФОР КОШУЛМАЛАРЫ МЕНЕН ӨНӨКӨТ УУЛАНГАН БЕЙТАПТАРДЫН СӨӨК ЗАТ АЛМАШУУСУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ.

    С.К. Карабалин , К.К. Тогузбаева , А.Б. Молдогасимова
    131-135 18
    Аннотация

    Макалада рентгенологиялык жана биохимиялык изилдөөлөрдүн негизинде фосфор кошулмалары менен кесиптик өнөкөт ууланган бейтаптардын сөөк зат алмашуусунун натыйжалары берилген. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй,текшерүүдөн өткөн бейтаптардын кээ бирлеринде гана сөөк тыгыздыгынын өзгөрүшү байкалган жана деңгээли боюнча айырмаланат,бейтаптар эки топко бөлүнгөн: 1- сөөк тканыны нормалдуу тыгыздыкка ээ адамдар; 2 - сөөк тканынын тыгыздыгынын көрсөткүчү төмөн адамдар. Сөөк тканынын тыгыздыгына жараша сөөк зат алмашуусунун биохимиялык белгилеринин өзгөчөлүктөрө изилденген,фосфор кошулмалары менен өнөкөт ууланган бейтаптарга дарылоо алдын алуу чараларын жүргүзүүдө жана медико-социалдык экспертиза жөнүндө суроолорду чечүүдө чыккан жыйынтыкты эске алуу зарыл.

  • КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЕСИПТИК ПАТОЛОГИЯ КЫЗМАТЫН УЮШТУРУУДАГЫ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА АЛАРДЫ ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ

    С.К. Карабалин
    135-140 28
    Аннотация

    Макалада Казакстанда кесиптик ооруларды алдын алуудагы жыйынтыгы сунушталган. Кесиптик патологиялык кызматын уюштурууда укуктук-нормативдик документтештирүү жана өлкөдө иштеген калктын ден-соолугун чындоо талданды. Саламаттыкты сактоонун алгачкы баскычында эмгектенгендердин ден-соолугун чыңдоодо медициналык камсыздоонун жана тейлөөнүн жаңы формасын түзүү мүмкүнчүлүгү талданды. Кесиптик билим берүүнүн чегинде дипломго чейинки жана дипломдон кийинки баскычтарда жогорку квалификациялуу дарыгер кадрларды даярдоодо үзгүлтүксүз кесиптик патология боюнча суроолор каралды. Кесиптик патологиялык кызматты жакшыртууда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Эл аралык эмгек уюмунун сунуштарынын чегинде Казакстан республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандарттары тарабынан билим берүү программалары боюнча: бакалавриат, интернатура, резидентура, магистратура жана докторантура кайра каралууда тиешелүү сунуштар киргизилди.

КЛИНИКАЛЫК МЕДИЦИНАНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

  • АТОПИКАЛЫК ДЕРМАТИТ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДЫН ДАРЫЛООДОГУ ЖАНЫ ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР

    О.Ж Узаков , Ш.А. Сулайманов, Ж.К. Муратова , М.Б. Жуманалиева
    141-146 16
    Аннотация

    Макалада балдардын атопиялык дерматитинде колдонулуучу лейкотриен рецепторлорун басаңдатуучу - монтелукастты (Синглон) колдонуу боюнча жаңы маалыматтар келтирилген.

  • YЙ-БYЛӨЛYК ЖЕР ОРТОЛУК КӨЛДYК БЕЗГЕК АРМЕНИЯДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ПРОБЛЕМА

    T.A. Авагян
    147-151 22
    Аннотация

    Yй-бүлөлүк жер ортолук көлдүк безгек (ҮБЖОКБ), ошондой эле мезгил-мезгили менен оорунун клиникалык серозит жана амилоидозу менен коштолуучу ысытма курч эпизоддордун түрүндө байкалат бир аутосомалык жаткан кризистик куума оору болуп саналат, деп аталган. YБЖОКБ дүйнө жүзү боюнча, бирок жүйүттөр менен армян өзгөчө жайылган болот. Жайылышы боюнча, саламаттык сактоо, коомдук жана экономикалык кесепеттери боюнча YБЖОКБ Армениянын ден соолугу үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат. Анткени оорунун тукум куучулук жаратылышы жана жаш үй-бүлөлөр үчүн мүмкүн, бул болсо сунушталган генетикалык тестирлөөнүн жана жактоочулардын атайын алдын алуу жок.

  • ОФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ГОСПИТАЛИЗАЦИЯЛОО МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА ЖАБЫК БУРЧТУУ ЖАНА АЧЫК БУРЧТУУ ГЛАУКОМА ООРУСУНУН ЖАЙЫЛЫШЫ

    Г.Т. Карашева , М.А. Медведев
    151-155 31
    Аннотация

    Корутунду. 2011-жылдан баштап 2015-жылга чейинки Улуттук госпиталдын №2 көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн бейтап баяндары ретроспективдик талдоодон өткөрүлдү, ошонун арасынан глаукома оорусунан жабыркаган 461 бейтап аныкталды. Ачык бурчтуу глаукома менен жабык бурчтуу глаукома оорусу бар бейтаптардын ара катышы 78,7% (363 бейтап) жана 21,3% (98 бейтап) түздү, бул борбордук азия боюнча белгилүү маалыматтардан айырмаланат. Негизинен глаукома оорусу өрчүү стадиясында, улгайып калган адамдарда аныкталат, көпчүлүк учурда көздүн ичиндеги басымды компенсациялоо амбулаториялык шарттарда жетишүүгө мүмкүн эмес. Бул көйгөй Кыргыз Республикасында андан аркы изилдөөлөрдү жүргүзүнү жана уюштуруу иш чараларын жакшыртууну талап кылат.

  • МЕХАНИКАЛЫК САРЫК МЕНЕН ООРУЛУУЛАРДА УЛЬТРА ДОБУШТУК ТОМОГРАФИЯНЫН КОНТРОЛУ АСТЫНДА ТЕРИ АРКЫЛУУ БООР АРКЫЛУУ ЭНДОБИЛИАРДЫК КИЙЛИГИШҮҮЛӨР

    Ш.М. Чынгышпаев , Т.А. Ермеков , А.Э. Раимкулов , К.Р. Осмоналиев
    155-158 14
    Аннотация

    Корутунду. Иште механикалык сарыкта тери аркылуу боор аркылуу энобилиардык кийлигишүүлөрдүн оорлошууларынын санын азайтууда ультра добуштук томография методунун натыйжалуулугу көрсөтүлгөн. Авторлор тарабынан андан аркы рентентелевизиондук контролдоо менен, ар кандай режимде ультра добуштук томографиянын контролу алдында боор ичиндеги өт түтүктөрүнүн пункциясы аткарылган. Механикалык сарык менен оорулууларда тери аркылуу боор аркылуу эндобилиардык кийлигишүүлөрдү өткөрүү үчүн ультра добуштук томографияны колдонуу өт түтүгү-бутаны тандоо жана пункцияны аткаруу үчүн натыйжалуу жана коопсуз метод болуп саналат.

  • АРМЕНИЯДАГЫ АЙЫЛДЫК АЯЛДАРДЫН ОРГАНИЗМИНДЕГИ ТАНДАЛГАН ХЛОРОРГАНИКАЛЫК ПЕСТИЦИДДЕРДИН МОНИТОРИНГИ, ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ЖАНА БИР ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ФИЗИКАЛЫК ӨРЧYYСYНYН КӨРСӨТКҮЧҮ

    Н.С. Тадевосян
    159-164 18
    Аннотация

    Арагацотн областынын айылдык аялдарынын организминдеги кээ бир хлорорганикалык пестициддердин (ХОП) кармалуу деңгээлинин жана алардын кош бойлуулукка, төрөткө, ымыркайлардын жана бир жашка чейинки балдардын физикалык өрчүүсүнө тийгизген жагымсыз таасирине изилдөөлөр жүргүзүлдү (2005-2008жж). Алдын ала даярдалган сурамжылоо баракчалары менен түз сурамжылоо методу аркылуу интервью жана жоопкерлердин (n=120) эмчек сүтүнүнөн алынган пробаларында ХОПге (ү-ГХЦГ, ДДТ, ДДЕ, ДДД) хромотографиялык аныктоо жүргүжүлдү. Эмчек сүтүнүн пробасында ХОПдин өз-өзүнчө жана топтому менен кармалышынын айырмачылыгынын статистикалык мааниси төрөттүн иреттүүлүгүнө көз карандылыгы аныкталган эмес. ХОПдин кармалышынын топтому алгачкы төрөгөн аялдарда кайра төрөгөн аялдарга салыштырмалуу бир канчага жогору болгон (11%). Ымыркайлардын жана бир жашка чейинки балдардын физикалык өрчүү көрсөткүчү, жынысы, төрөттөрдүн иреттүүлүгү энелердин эмчек сүтүндөгү ХОПдин кармалышынын деңгээлинен көз карандылыгы байкалган эмес. Шаар (Ереван) жана айылдык (Арагацотн обл) аялдардын эмчек сүтүнүн пробасында ХОПдин кармалышын салыштырууда көрүнгөндөй кээ бир ХОПдин (ДДТ,ДДД) кармалышы
    айылдык аялдарда дээрлик жогору.

  • ХАРАКТЕРИСТИКА РАСПРОСТРАНЕННОСТИ И ВОЗРАСТНОЙ СТРУКТУРЫ ДЕТСКОЙ ИНВАЛИДНОСТИ В РЕСПУБЛИКЕ АРМЕНИЯ

    А.К. Айрапетян , Г.Г. Саканян , А.А. Григорян
    165-167 14
    Аннотация

    Представленная работа является фрагментом исследования по изучению проблемы детской инвалидности в РА и посвящена медико- статистическому анализу некоторых ее аспектов. Материалом исследования явились данные статистического учета детей-инвалидов в возрасте 0-17 лет, предоставленные Агенством медико-социальной экспертизы Министерства труда и социальных вопросов РА. Проведенный медико-статистический анализ выявил значительную вариабельность уровня общей инвалидности и инвалидности детей по отдельным нозологиям в республике. Согласно полученным данным во всех возрастных группах детей первое место среди инвалидизирующей патологии занимают заболевания нервной системы. Второе ранговое место среди детей 0-4 лет занимают врожденные аномалии. Во всех старших возрастных группах на второе место выходят психические расстройства и нарушения поведения, а третье место занимают врожденные аномалии. У детей 0-4 лет психические расстройства и нарушения поведения переходят на третье ранговое место.
    Полученные данные представляют важность для разработки научно-обоснованных мероприятий по профилактике детской инвалидности в РА и совершенствования медико-социальной помощи детям с ограниченными возможностями.