ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДИН S-100B ПРОТЕИН ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖОЛУ МЕНЕН ЖЕҢИЛ БАШ МЭЭ ЖАРААТЫНЫН ДИАГНОСТИКАСЫ
DOI:
https://doi.org/10.54890/.v5i5.690Аннотация
Корутунду. Эмгектин максаты: Бейтаптардын канындагы S-100B протеин деңгээлинин жеңил баш мээ жараатынын даражасын аныктоодогу баалуулугун талдоо.
Материал жана методдор: Бейтаптардын канындагы S-100B протеин деңгээлин жеңил баш мээ жараатынан жапа чеккен жана консервативдүү дарылоо алган бейтаптарда аныктоо боюнча Улуттук Госпиталдын нейрохирургия клиникасында 2012 жылдан 2017 жылга чейин изилдөө жүргүзүлгөн. Бардык бейтаптарга клиникалык-неврологиялык, мээнин КТ/МРТ изилдөөлөрү жана электроэнцефалография жасалган. S-100B протеин деңгээли бейтаптар клиникага келээри менен, 24 жана 48 сааттан кийин аныкталган. Клиникалык-инструменталдык жана S-100B протеин деңгээлин аныктоодогу алынган жыйынтыктарга салыштырма талдоо берилген.
Натыйжалар жана талкуу: Жарааттан кийинки биринчи 6 саат аралыгында S-100B протеиндин жогорку көрсөткүчтөрү (> 0,105 мкг/л) 11 (58%) бейтапта аныкталган. S-100B протеиндин жогорулашы мээнин структуралык зыянга учуроосу (эзилүүсү) бар экендигин белгилеген. S-100B протеиндин жогорку көрсөткүчтөрү табылган бейтаптарда мээнин КТ изилдөөсү 73% жана МРТ изилдөөсү 100% учурда эзилүү өзгөрүүсү бар экендигин көрсөткөн. S-100B протеиндин нормалдык көрсөткүчтөрү аныкталган бейтаптарда КТ жана МРТ изилдөөлөрү эч кандай патологиялык өзгөрүштү тапкан эмес. S-100B протеиндин деңгээли менен ЭЭГ изилдөөсүндөгү аныкталган өзгөрүүлөр ортосунда кандайдыр бир көз карандылык табылган жок (р > 0,05). Жыйынтыктар: S-100B протеин нерв тканынын зыянга учуроосунун жогорку сезимтал биохимиялык маркери болуп саналат. Анын кандагы курамынын жогорулашы жеңил баш мээ жараатында мээ эзилүүсүн тастыктаган кошумча критерий болуусу мүмкүн.
Ключові слова:
жеңил баш мээ жарааты, биохимиялык маркер, S100B протеиниПосилання
1. Корниенко В.Н., Васин Н.Я., Кузьменко В.А. Компьютерная томография в диагностике черепно-мозговой травмы. - М.: Медицина, 1987. - C. 288.
2. Лебедев В.В., Крылов В.В. Неотложная нейрохирургия: Руководство для врачей. - М.: Медицина, 2000. - С. 568.
3. Лихтерман Л.Б., Потапов А.А. Классификация черепно-мозговой травмы / / В кн.: Клиническое руководство по черепно-мозговой травме. - М. «Антидор», 1998. - Том 1. - С. 47-128.
4. Мамытов М.М., Ырысов К.Б., Мамытова Э.М. Дифференцированный подход в лечении ушибов головного мозга // Вестник неврологии, психиатрии и нейрохирургии (Москва), 2014. - №12. - С. 43-48.
5. Мамытов М.М., Ырысов К.Б., Мамытова Э.М. Нейрохирургические проблемы очаговых поражений головного мозга. - Бишкек: Алтын тамга, 2010. - 190 с.
6. Мамытов М.М., Ырысов К.Б., Мамытова Э.М. Факторы дифференцированного подхода в лечении тяжелых очаговых повреждений головного мозга / / Лжарська справа, 2012. - №6. - С. 68-73.
7. Потапов А.А., Лихтерман Л.Б., Зельман В.Л. Доказательная нейротравматология. - М.: Анти- дор, 2003. - С. 517.
8. Ырысов К.Б., Азимбаев К.А., Ырысова М.Б. Магнитно-резонансная томография в диагностике нейроструктурных нарушений при тяжелой черепно-мозговой травме //Актуальные проблемы гуманитарных и естественных наук. - 2016.- №11-2. - С. 126-129.
9. Ырысов К.Б. Значение дополнительных методов исследования при черепно-мозговой травме // I Международная научно-практическая конференция «Актуальные вопросы медицины». - Баку, Азербайджан. 30-31 марта 2012. - С. 69.
10. Akhtar J.I., Spear R.M., Senac M.O. Detection of traumatic brain injury with magnetic resonance im aging and S-100B protein in children, despite normal computed tomography o f the brain // Pediatr. Crit. Care Med. - 2003. - Vol. 4 (3). - P. 322-326.
11. Biberthaler P., Mussack T., Wiedemann E. Evalua tion o f S-100B as a specific marker for neuronal damage due to minor head trauma // World J. Surg. - 2001. - Vol. 25 (1). - P. 93-97.
12. de Boussard C.N., Lundin A, Karlstedt D. S100 and cognitive impairment after mild traumatic brain in jury // J. Rehabil. Med. - 2005. - Vol. 37. - P. 53-57.
13. Hermann M., Jost S., Kutz S. Temporal profile of release o f neurobiochemical markers o f brain damage after traumatic brain injury is associated with intra cranial pathology as demonstrated in cranial computerized tomography // J. Neurotrauma. - 2000. - Vol. 17 (2). - P. 113-122.
14. Ingebrigtsen T., Romner B., Marup-Jensen S. The clinical value o fserum S-100 protein measurements in mi nor head injury: a Scandinavian multicentre study // Brain Inj. - 2000. - Vol. 14 (12). - P. 1047-1055.
15. Korfias S., Stranjalis G., Papadimitriou A. Serum S-100B protein as a biochemical marker o f brain in jury: a review o f current concepts // Curr. Med. Chem. - 2006. - Vol. 13 (30). - P. 3719-3731.
16. Moore B.W. A soluble protein characteristic of the nervous system // Biochem. Biophys. Res. Comm. 1965. - Vol. 19. - P. 739-744.
17. Muller K, Townend W, Biasca N. S100B serum level predicts computed tomographyfindings after minor head in jury//! Trauma. - 2007. - Vol. 62 (6). - P. 1452-1452.
18. Romner B., Ingebrigtsen T., Borgesen S.E. Traumatic brain damage: serum S-100 protein measure ments related to neuroradiologicalfindings // J. Neurotrauma. - 2000. - Vol. 17 (8). - P. 641-647.
19. Sedaghat F., Notopoulos A. S100 protein family and its application in clinical practice // Hippokratia.- 2008. - Vol. 12 (4). - P. 198-204.
20. Stranjalis G., Korfias S., Papadimitriou A. Elevated serum S-100B protein as a predictor o f failure to short-term return to work or activities after mild head injury // J. Neurotrauma. - 2004. - Vol. 21 (8).- P. 1070-1075.