L-АРГИНИН ДАРЫСЫНЫН БИЙИК ТООЛУУ ДИЗАДАПАТАЦИЯЛАРГА БОЛГОН ТААСИРИ

DOI:

https://doi.org/10.54890/.v2i2.22

Аннотация

Максаты: деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктиктеги түндүк Эңилчек (Чыгыш Тянь-Шань) базалык альплагеринде, L-аргинин дарысынын бийик тоолуу дизадаптацияга тийген таасирин салыштырмалуу изилдөө.Материалдар жана ыкмалар: Лейк-Луис сурамжылоосунун жардамы менен коюлган, бийик тоолуу дизадаптация диагнозуна кабылган 28 адамдын кандын кычкылтек менен камсыздалышы (SрO2), артериалдык кан басымы жана жыйрылуу жыштыгы 4100 бийиктикте 24 саат ичине текшерилди. Негизги топ 16 адамдан түзүлгөн жана алар аспартат L-аргинин дарысын пероралдык колдонуу үчүн суюк эритме түрүндө (Тивортин дарысы, өндүрүш Юрия-Фарм, Украина) 1 грамм (5 мл) дозасында күнүнө 8 жолудан кабыл алышкан. Ал эми, контролдук топ 12 адамдан турган жана алар Тивортин дарысын кабыл алышкан эмес.                                                                                                                     Жыйынтыктар: контролдук топко салыштырмалуу аспартат L-аргинин дары-
сын кабыл алган негизги тобундагы адамдарда бийик тоолуу дизадаптациянын симптомдорунун тез токтотушу белгиленген. Бир эле учурда, аларда гемодинамика жана SрO2 көрсөткүчтөрүндө да жагымдуу жылыштар байкалган (артериалдык кан басымдын төмөндөшү жана жүрөк жыйрылуусунун жайлашы). Негизинен, Тивортин кабыл алган адамдар дарынын терс таасирлерин сезишкен эмес.
Корутунду: аспартат L-аргинин дарысы пероралдык колдонуу үчүн суюк
эритме түрүндө бийик тоолуу аймагында оптимизациялоо үчүн сунушталууга тийиш. Ар кандай даражадагы курч кармаган тоо оорусунда бул препараттын натыйжалуулугун изилдөөсү максатка ылайык

Ключові слова:

бийик тоолуу аймактагы адаптация, бийик тоолуу дизадапта- ция, L-аргинин, Тивортин

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2021-01-05

Як цитувати

(1)
Кошукеева, А.; Карашева, Н.; Бримкулов, Н. L-АРГИНИН ДАРЫСЫНЫН БИЙИК ТООЛУУ ДИЗАДАПАТАЦИЯЛАРГА БОЛГОН ТААСИРИ. ЕЖЗ 2021, 2, 18-27.

Номер

Розділ

ИЧКИ МЕДИЦИНА