ТЕРМОМЕХАНИКАЛЫК ФОРМА ЭС ТУТУМУ БАР ФИКСАТОРЛОРДУ КОЛДОНУУ МЕНЕН КҮҢ (ИЙИН) ЖИЛИКТИН ЖОГОРКУ УЧУНУН ОСТЕОСИНТЕЗИ
DOI:
https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-220Аннотация
Травматология жана ортопедиядагы эң актуалдуу маселелердин бири болуп күң (ийин) жиликтин проксималдык учунун сыныктарын хирургиялык дарылоо маселеси болуп саналат.
Күң (ийин) жиликтин проксималдык учунун сыныктары бардык күң жилик (ийин) сыныктарынын 80%ын түзөт. Күң жиликтин (ийин) проксималдык учу сынганда ар кандай пластиналар, сөөк ичиндеги стержендер, бурамалар, спицалар, металл айрылар, зым илмектер ж.б.у.с. фиксаторлор колдонулат. Бул фиксаторлор, эреже катары, күң жиликтин (ийин) проксималдык учун жетишерлик бекем остеосинтезди камсыз кыла албайт, ошондуктан, операциялардан кийин, айрыкча улгайган бейтаптарда, гипс менен жабыркаган колун кошумча тышкы иммобилизациясы жүргүзүлөт.
Хирургиялык практикада термомеханикалык формадагы эс тутумга ээ материалдан жасалган металл конструкцияларды жана импланттарды колдонуу белгилүү, алардын артыкчылыгы - материалдардын организмге жогорку биологиялык шайкештиги, жакшы фиксациялоо, дарылоонун бүткүл мезгили үчүн бекем компрессияны камсыз кылуу жана бул металл конструкцияларды алып салуу боюнча операциялар талап кылынбайт.
15 жаштан 72 жашка чейинки 6 бейтаптын термомеханикалык формадагы эс тутуму бар фиксаторлордун жардамы менен күң жиликтин проксималдык учундагы жаракаттарды хирургиялык дарылоо тажрыйбасы Клиникалык тез жаздам ооруканасынын травматология бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн. Мониторингге алынган 6 бейтаптын ичинен 5 (83,4%) пациентте эң жакшы, жакшы, канааттандырарлык жыйынтыктары алынган, 1 (16,6%) пациентте дарылоонун канааттандырарлык эмес натыйжасын алдык.
Ключові слова:
остеосинтез, формалык эс тутуму бар S формасындагы штапельдер, термомеханикалык эс тутуму бар штапель-пластинка, интрамедуллярдык фиксатор, ички чыңалуу остеосинтезиПосилання
1. Котенко В.В., ред. Руководство по остеосинтезу фиксаторами памятью формы, в 3-х частях. Новокузнецк; 1996. 94 с.
2. Нурланов С.К., Напряженный внутренний и чрескостный остеосинтез плечевой кости у детей школьного возраста [Автореф. дисс.]. Новокузнецк; 2002:45-47.
3. Войтович А.В., Ненашев Д.В., Варфоломеев А.П. и др. Показания для применения монополюсного эндопротезирования плечевого сустава. Тезисы, докладов зональной научно-практической конференции. Новгород; 1998:12-13.
4. Ласунский С.А. Лечение переломо-вывихов проксимального конца плечевой кости у лиц пожилого и старческого возраста. [Автореф. дис.]. Л.; 1988. 16 с.
5. Шильников В.А., Войтович А.В., Неверов В.А., Ненашев Д.В., Байбародов А.Б., Ярмилко А.В. Субхондральное эндопротезирование при переломах проксимального отдела плечевой кости. Травматология, ортопедия России. 2002;1:47-49.
6. Шапошников Ю.Г., ред. Травматология и ортопедия: Руководство для врачей в 3-х томах. М.: Медицина; 1997.
7. Анаркулов Б.С., Джумабеков С.А., Шамбетов Ж.З., Омурбеков Т.О. Анализ детского травматизма в Кыргызской Республике. Вестник КГМА им. И.К. Ахунбаева. 2015;2(1):127-133.