ОМУРТКА ТУТУМУНУН КӨКҮРӨК ЖАНА БЕЛ БӨЛҮМҮНҮН СЫНЫКТАРЫНЫН ЖАНА ӨНӨКӨТ ЖАРАКАТТАРЫН ДАРЫЛОО
DOI:
https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-64Аннотация
2015-жылдан 2024-жылга чейин БШИИТОБ жана КМТЖБО нын омуртка патологиясы бөлүмүндө көкүрөк жана бел омурткаларынын жаракаттары жана өнөкөт жаракаттары бар 573 бейтапка вентралдык жана дорсалдык стабилдештирүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу менен хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн.
Операция жасалган 573 бейтаптын ичинен 396 эркек (69,1%) жана 177 аял (30,9%) болгон. Бейтаптардын жаш аралыгы 18 жаштан 68 жашка тузгөн Операцияга чейинки мезгилде бейтаптардын баардыгы, омуртка тутумунун рентген изилдөөсүнөн, компьютердик томографиядан (КТ), магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) өтүшкөн. Өнөкөт жаракат менен ооруган бейтаптарда нерв-булчуң өткөргүчтүгүн баалоо үчүн ийне электронейромиографиясы жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жаракаттар Ф. Магерл жана башкалар, ошондой эле Ф. Денис боюнча классификацияланган. Жабыркаган омуртка бөлүмүндөгу кифоз өлчөнүп, орточо чени 20,1º ± 2,7º болгон. Бардык бейтаптар (n- 573) жасалган хирургиялык ыкмага ылайык 4 топко бөлүнгөн. Ыкмалардын ар биринин натыйжалуулугу бааланган, аларды колдонуунун түзмө-түз көрсөткүчтөрү аныкталган жана жабыркаган сегменттерди бекитүү үчүн конструкцияларды колдонуудагы өзгөчөлүктөр изилденген.
Неврологиялык бузулуулардын азаюу даражасын баалоо операцияга чейин жана операциядан кийин Н. Франкель боюнча жүргүзүлгөн, мында кыймыл-аракет жана сезүү бузулууларынын оордугу жана көрүнүшү боюнча топторго градация бар. Ошондой эле, оорунун интенсивдүүлүгү визуалдык аналогдук шкала (VAS) жана Освестри Индекси (ODI) майыптык көрсөткүчү менен аныкталган.
Операция болгон бардык бейтаптарда дарылоонун жакынкы клиникалык натыйжаларын изилдөө жүргүзүлдү: 467 (81,5%) учурда жакшы натыйжалар алынган; канааттандырарлык – 87 де (15,2%), канааттандырарлык эмес – 19 да (3,3%). 1 жыл же андан көп убакыт өткөндөн кийин 359 (62,6%) бейтапта клиникалык натыйжалар бааланган; 301 и (83,4%) жакшы жыйынтыкка, 58 и (16,2%) канааттандырарлык жыйынтыкка ээ болушкан.
Ключові слова:
омуртка өткөөлүнүн травмадан кийинки ичкерүүсү, омуртканын кабылдаган туруксуз сыныктары, транспедикулярдык бекитүү, транскорпоралдык бошотуу, динамикалык буралуучу кейдж, аутосөөкПосилання
1. Макиров С.К., Юз А.А., Джахаф М.Т. Методика оценки параметров сагиттального позвоночно-тазового баланса. Хирургия позвоночника. 2015;12(3):55-63.
2. Mannil M, Burgstaller JM, Held U, Farshad M, Guggenberger R. Correlation of texture analysis of paraspinal musculature on MRI with different clinical endpoints: Lumbar Stenosis Outcome Study (LSOS). Eur Radiol. 2019;29(1):22-30. https://doi.org/10.1007/s00330-018-5552-6
3. Афаунов А.А., Басанкин И.В., Кузьменко А.В., Шаповалов В.К. Осложнения хирургического лечения поясничных стенозов дегенеративной этиологии. Хирургия позвоночника. 2016;13(4):66-72.
4. Никитин А.С., Гринь А.А. Сочетание дегенеративного стеноза позвоночного канала с деформацией позвоночника на поясничном уровне. Обзор литературы. Нейрохирургия. 2018;20(3):91- 103. https://doi.org/10.17650/1683-3295-2018-20-3-91-103
5. Прудникова О.Г., Хомченков М.В. Динамическая межостистая фиксация при спинальном поясничном стенозе: компромисс или вариант решения? Гений ортопедии. 2018;24(1):64-9. https://doi.org/10.18019/1028-4427-2018-24-1-64-69
6. Petersen T., Laslett M., Juhl C. Clinical classification in low back pain: bestevidence diagnostic rules based on systematic reviews. BMC Musculoskelet Disord. 2017;18(1):188. https://doi.org/10.1186/s12891-017-1549-6
7. Arendt-Nielsen L, Skou ST, Nielsen TA, Petersen KK. Altered Central Sensitization and Pain Modulation in the CNS in Chronic Joint Pain. Curr Osteoporos Rep. 2015;13(4):225-234. https://doi.org/10.1007/s11914-015-0276-x
8. Млявых С.Г., Алейник А.Я., Боков А.Е., Растеряева М.В., Кутлаева М.А. Клинико-рентгенографические корреляции (по данным компьютерной томографии) у пациентов с дегенеративным поясничным стенозом позвоночника. Медицинская визуализация. 2017;21(5):124-30. https://doi.org/10.24835/1607-0763-2017-5-124-130
9. de Schepper EI, Koes BW, Veldhuizen EF, Oei EH, Bierma-Zeinstra SM, Luijsterburg PA. Prevalence of spinal pathology in patients presenting for lumbar MRI as referred from general practice. Fam Pract. 2016;33(1):51-56. https://doi.org/10.1093/fampra/cmv097
10. Iwahashi H, Yoshimura N, Hashizume H, Yamada H, Oka H, Matsudaira K, et al. The association between the cross-sectional area of the dural sac and low back pain in a large population: The Wakayama Spine Study. PLoS One. 2016;11(8):e0160002. https://doi.org/10.1371/journal.pone.0160002
11. Lee CY, Wu MH, Li YY, Cheng CC, Hsu CH, Huang TJ, et al. Intraoperative computed tomography navigation for transpedicular screw fixation to treat unstable thoracic and lumbar spine fractures: clinical analysis of a case series (CARE-compliant). Medicine (Baltimore). 2015;94(20):e757. https://doi.org/10.1097/ MD.0000000000000757
12. Крылов В.В., Гринь А.А., Луцик А.А., Парфенов В.Е., Дулаев А.К., Мануковский В.А. и др. Рекомендательный протокол лечения острой осложненной и неосложненной травмы позвоночника у взрослых (Ассоциация нейрохирургов РФ). Часть 1. Вопросы нейрохирургии им. Н.Н. Бурденко. 2014;78(6):60-7.
13. Дулаев А.К., Кутянов Д.И., Мануковский В.А., Паршин М.С., Искровский С.В., Желнов П.В. Выбор тактики и технологии инструментальной фиксации при изолированных неосложненных взрывных переломах грудных и поясничных позвонков. Хирургия позвоночника. 2019;16(2):7-17. https://doi.org/10. 14531/ss2019.2.7-17
14. Джумабеков С.А., Мамырбаев С.Т., Атакулов Н.А., Беков М.Ж. Результаты эндопротезирования межпозвонкового диска при заболевании смежного сегмента поясничного отдела позвоночника. Вестник КГМА им. И.К. Ахунбаева. 2023; 4:169-180. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_4_169