БУТТУ УЗАРТУУНУН ОПЕРАЦИЯЛЫК ЫКМАСЫН ОПТИМИЗАЦИЯЛОО

DOI:

https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-57

Аннотация

Бутту узартууда А.И. Блискуновдун жана Г.А. Илизаровдун аппараттары эң көп колдонулууда. Бул ыкмаларды пайдаланууннун терс жактары болуп ыңгайсыз аппаратты узартылып жаткан бутта көп убакытка чейин алып жүрүү, сөөк сыныктарынын экинчи катардагы жылышып кетүүсү, спицалардын ордунда остеомиелиттин пайда болуусу, жанындагы муундардын контрактурасы, импланттардын жана шаймандардын жогорку технологиялык деңгээли жана хирург-ортопеддин жогорку квалификациясына болгон талаптар болуп эсептелет. Биз буттун узун сөөктөрүн комбинациялап узартуунун жаңы ыкмасын иштеп чыгып клиникалык тажрыйбага киргиздик (КР № 140 19.08.2011 жылдагы ойлоп табуу патенти, № 41/12 30.11.2012ж., жана № 45/12 04.12.2012 ж., рационализатордук сунуштамалардын күбөлүгү). Жаңы ыкманын негизинде сөөк сыныктарын фиксация жана дистракция эки ыкмасынын айкалышы жатат: сөөк аркылуу сыныктын очогунан сырткары остеосинтездөө аппаратын жана сөөк үстүнөн остеосинтездөөнү колдонуу. Бишкек ш. ТМЖБКО шартында бул ыкма 49 оорулууга пайдаланылган, алардын орточо жаш курагы 23.8 жашты түздү. Сыныктын очогунан сырткаркы остеосинтез (Илизаров аппараты) менен оригиналдуу түзүлүштөгү сөөк үстүнкү пластинаны комбинациялоо узартуунун акыркы натыйжаларын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Ошондой эле адаттагы колдонулган ыкмаларда кезиккен кабылдоолордун саны да азайган (спицанын ордунун остеомиелити, сөөк фрагменттеринин жылышып кетүүсү, алсыз сөөк регенератынын пайда болуусу, жалган муун, десмо- жана миогендик контрактуралар).

Ключові слова:

буттун кыскаруусу, Илизаров аппараты, сөөк үстүнөн остеосинтези, бутту узартуу

Біографії авторів

С.А. Джумабеков, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасы

Т.М. Кулуев, Клиникалык медициналык тез жардам беруу ооруканасы, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасы

Посилання

1. Артемьев А.А., Ивашкин А.Н., Кашуб А.М., Соловьев Ю.С., Гулулян Г.Г. Особенности хирургического лечения посттравматической разной длины нижних конечностей у взрослых пациентов. Неотложная медицинская помощь. 2020;9(4):573–579.

2. Артемьев А.А., Брижань Л.К., Давыдов Д.В., Бытдаев З.М., Кашуб А.М., Шипулин А.А. и др. Место эстетической хирургии нижних конечностей в современной ортопедии. Гений Ортопедии. 2021;27(1):59–67. https://doi.org/10.18019/1028-4427-2021-27-1-59-67

3. Маматалиев А.А. Современное лечение переломов проксимального отдела в Кыргызской Республике. Вестник КГМА им. И.К. Ахунбаева. 2019;1:102-107.

4. Rogala EJ, Wynne-Davies R, Littlejohn A, Gormley J. Congenital limb anomalies: frequency and aetiological factors. Data from the Edinburgh Register of the Newborn (1964-68). J Med Genet. 1974;11(3):221-233. https://doi.org/10.1136/ jmg.11.3.221

5. Fuller CB, Shannon CE, Paley D. Lengthening Reconstruction Surgery for Fibular Hemimelia: A Review. Children (Basel). 2021;8(6):467. https://doi.org/ 10.3390/children8060467

6. Попков А.В., Аранович А.М., Попков Д.А. Особенности оперативного лечения детей с врожденной гемимелией малоберцовой кости. Гений ортопедии. 2013;(1):55-60.

7. Леончук С.С., Неретин А.С., Мурадисинов С.О., Сазонова Н.В., Попков Д.А. Рентгенологические особенности стопы у пациентов с врожденной гемимелией малоберцовой кости. REJR. 2021;11(2):219-226. https://doi.org/ 10.21569/2222-7415-2021-11-2-219-226

8. Cheng JC, Cheung KW, Ng BK. Severe progressive deformities after limb lengthening in type-II fibular hemimelia. J. Bone Joint Surg Br. 1998;80(5):772-776. https://doi.org/10.1302/0301-620x.80b5.8475

9. Mingazov E, Gvozdev N, Popkov A, Journeau P, Popkov D. Preliminary Results of Bone Lengthening over Telescopic Titanium Intramedullary Rod. Case Rep Orthop. 2023;2023(1):4796006. https://doi.org/10.1155/2023/4796006

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2024-10-30

Як цитувати

Джумабеков, С., і Т. Кулуев. «БУТТУ УЗАРТУУНУН ОПЕРАЦИЯЛЫК ЫКМАСЫН ОПТИМИЗАЦИЯЛОО ». Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы, вип. 4, вип. 4, Жовтень 2024, с. 57-63, doi:10.54890/1694-8882-2024-4-57.

Номер

Розділ

ТРАВМАТОЛОГИЯ ЖАНА ОРТОПЕДИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ