ДЕН СООЛУК – БИРИНЧИ БАЙЛЫК

Аннотация

Макалада ден соолуктун маанисин түшүнүүгө, анын таасирин эске алууга арналган.Адамдын ден соолугуна байланыштуу бир нече факторлор бар. Алар: ден соолук, жашоо образы, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктар, объективдүү жана субъективдүү факторлор. Мазмунда макала заманбап адамды сергек жашоо образына алып баруу, анын ден соолугун жакшыртуу, сактоо менен байланышкан көйгөйлөрдү жана милдеттерди баса белгилейт.Бул көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттин, саламаттыкты сактоонун, инсанды социалдаштыруу мекемелеринин жана агенттеринин, ошондой эле жеке адамдардын өздөрүнүн аракеттери менен социалдык топтордун биригуусу зарыл экени баса белгиленет.Коомдун бардык катышуучуларынын биргелешкен аракеттери аркылуу гана сергек жашоо образын калыптандыруу, оорулардын алдын алуу жана ар бир адамдын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча натыйжалуу чараларды камсыз кылууга болот. Ден соолукка кам көрүү ар бир инсандын жеке жоопкерчилиги гана эмес, бүтүндөй коомдун бүгүнкү жана келечектеги глобалдык милдети экенин түшүнүү маанилүү.
Ден соолукту билдирүүчү көрсөткүчтөр ар бир кишинин жашына, жынысына, тамактануусуна, жашоо шартына, иштеген ишине жараша өзгөрүлүп турат. Ошондуктан ден соолук ар бир кишинин субъективдүү абалын жана антропометриялык, клиникалык, физиологиялык, биохимиялык көрсөткүчтөрүн белгилеп, аны менен бирге жынысын, жашын, климаттык шартын эске алып аныкталат. Мисалы, өрөөндө жашаган дени соо киши бийик тоолуу жерге барганда бийик тоо шартындагы кычкылтектин жетишсиздигине жана атмосфералык басымдын төмөндүгүнө көнө албай бир топко өзүн начар сезет. Ошондуктан бийик тоолуу жерге адаптация болгондо ал өзүн ооругандай сезет, организмдин ыңгайлануу механизмдери өтө күчөйт, бирок ден соолук бул учурда бузулбайт.

Ключові слова:

ден соолук, физикалык ден соолук, психикалык ден соолук, социалдык ден соолук, фактор, туура тамактануу, сергек жашоо образы, магниттик талаа.

Біографія автора

Ж.А. Дуйшөналиева, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Кыргыз тили кафедрасы

Посилання

1. Ашмарин Б.А. Теория и методика физического воспитания: учебник. М.: Просвещение; 1990. 287 с.

2. Матвеев Л.П. Теория и методика физической культуры. Введение в предмет: Учебник для высших специальных физкультурных учебных заведений. 3-е изд. СПб.: Лань; 2003. 160 с.

3. Курамшин Ю.Ф. Теория и методика физической культуры: учебник. М.: Советский спорт; 2003. 464 с.

4. Козырева П.М., Низамова А.Э., Смирнов А.И. Счастье и его детерминанты (статья 2). Социологические исследования. 2016;1:66-76.

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2024-07-04

Як цитувати

Дуйшөналиева, Ж. «ДЕН СООЛУК – БИРИНЧИ БАЙЛЫК». Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы, вип. 2, вип. 2, Липень 2024, с. 167-70, https://vestnik.kgma.kg/index.php/vestnik/article/view/1347.