ЭжБКУБ КЛИНИКАСЫНЫН МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА, КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ АТРЕЗИЯСЫ БАР БАЛДАРДЫ ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

DOI:

https://doi.org/10.54890/.v5i5.1246

Аннотация

Актуалдуулугу. Макалада ЭжБКУБ клиникасынын базасында хирургиялык патология менен неонаталдык реанимация бөлүмүнө ушул патология менен жаткырылган кызыл өңгөчтүн атрезиясы менен ооруган балдарды дарылоонун маалыматтары жана натыйжалары келтирилген.
Изилдөөнүн максаты. Кызыл өңгөчтүн атрезиясынын ар кандай түрлөрү боюнча хирургиялык коррекциялоо ыкмаларын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы дарылоонун натыйжаларын талдоо.
Материалдар жана ыкмалар. 2016-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек шаарындагы Эне жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунун базасында хирургиялык патологиясы бар ымыркайлардын реанимация бөлүмүнө кызыл өңгөч атрезиясы менен 62 наристе түшкөн.

Жыйынтыктар жана талкуулар. Бул патологиянын структурасында дээрлик бардык балдар 38-39 жумалык кош бойлуулук мезгилинде толук кандуу төрөлүшкөн. Бирок 14 жаңы төрөлгөн баланын жатын ичиндеги өнүгүүсү кечеңдеген. Бардык ымыркайлар жашоосунун биринчи күнүндө неонаталдык реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Кызыл өңгөчтүн атрезиясы менен Чүй облусунан 31, Бишкек шаарынан 19, Ысык-Көл облусунан 3, Нарын облусунан 2, Талас облусунан 1, Ош облусунан 3, Баткен облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 2 ымыркай төрөлгөн.
Корутунду. Учурдагы дарылоо ыкмалары, операцияга чейинки катуу даярдык жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы жогорку технологиялык операциялар жана неонаталдык реанимациядагы ийгиликтер кызыл өңгөчтүн атрезиясы менен ооругандарды дарылоодо жакшы ийгиликтерге жетишти.

Ключові слова:

кызыл өңгөчтүн атрезиясы, трахеофагеалдык фистула, ымыркайлар, тубаса кемтиктер, торакотомия.

Посилання

1. Российская ассоциация детских хирургов. Атрезия пищевода. Клинические рекомендации. Москва; 2015. 38 с.

2. Ротенберг С., Козлов Ю.А. Атрезия пищевода – современное состояние проблемы (обзор литературы по базе PUBMED). Российский вестник детской хирургии, анестезиологии и реаниматологии. 2020;10(3):327-338. https://doi.org/10.17816/psaic667

3. Машков А.Е., Щербина В.И., Тарасова О.В., Филюшкин Ю.Н., Ермилова Е.А., Полякова О.В. Хирургическая тактика при различных формах атрезии пищевода у детей. Детская хирургия. 2013;4:29–31.

4. Аксельров М.А., Емельянова В.А., Разин М.П.,Галкин В.Н., Сухих Н.К. Большой диастаз приатрезии пищевода: пути решения проблемы(обзор литературы). Вятский медицинскийвестник. 2018;1(57):57-60.

5. Барская М.А., Хасянзянов А.К., Новоженов Е.Н., Осипов Н.Л., Ямалиев А.Т. Результаты лечения детей с атрезией пищевода. Современные проблемы науки и образования.2016;6. Режим доступа: https://science-education.ru/ru/article/view?id=25694

##submission.downloads##

Жарыяланганы

2024-02-27

Як цитувати

Акментьева, Т., К. Узакбаев, і Н. Гаглоева. «ЭжБКУБ КЛИНИКАСЫНЫН МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА, КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ АТРЕЗИЯСЫ БАР БАЛДАРДЫ ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ». Евразиялык саламаттыкты сактоо журналы, вип. 5, вип. 5, Лютий 2024, с. 76-80, doi:10.54890/.v5i5.1246.

Номер

Розділ

ПЕДИАТРИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ